(Эл иш 1:4-8)
“Анан Ыйса аларды чогултуп, мындай буйрук берди: Иерусалимден кетпегиле, Атанын убадасын, Менден эмнени уксаңар, ошону күткүлө. Анткени Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер бир аз күндөн кийин, Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр. Ошондуктан алар бир жерге чогулушканда, Ыйсадан: ‘Теңир, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?’ – деп сурашты. Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: ‘Атанын Өз бийлиги менен белгилеген убакыттарын, мөөнөттөрүн билүүнүн силерге кереги жок. Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар.’”
Ыйык Рух Кудайдан келген белекпи же адмд өз иши менен ала ала турган нерсеби?
Ал күнөөсүнөн кечирим алган адамга берилет,жана бул Кудайдын убадасынын аткарылышы.
Бир жолу сыйынуу аркылуу Ыйык Рухтун отун алган сыяктуу болдум. Бирок ал от көпкө узаган жок, ал чогулган күнөө менен беттешкенде жок болду. Азыр силерге Ыйык Рухтун чындыгын көрсөтүүнү каалайм, ал бизде түбөлүккө жашайт, ал күнөө менен беттешкенде эле өчүп кала турган жалган Рух эмес, бирок ал чыныгы жакшы кабар аркылуу келет. Бирок бул китеп аркылуу силер ала турган Ыйык Рух сыйынуу аркылуу ала турган Ыйык Рух эмес, бирок суу жана Рух жакшы кабары аркылуу келе турган Ыйык Рух.
Мен сени [1]адамдын ичинде жашай турган Ыйык Рухту алууга жетектегим келет. Сен мен сага айтып жаткан кабарды Ыйык Рух айтып жатканын билесиң. Азыр сенин Ыйык Рухту алышың Кудайдын зор каалоосу. Ушул бир китеп аркылуу эле сен Ыйык Рух жөнүндө үйрөнүп жана аны ала аласың. Эгерде сага бул китеп жетиштүү болбосо, мен мурунураак жазган эки китепти оку деп кеңеш берем. Ал китептер аркылуу Кудайдын алдында жеткилең ишенимди аласың.
| 1Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу кайрадан төрөлгөн адамдардын ичинде жашайт. Качан ал ыйык адамга келгенде, Ал анда түбөлүк жашайт, жана жакшы кабарга ишенип жүрсө андан эч качан кетпейт. Ал ыйыктарга ишеним берет, Ыйык Жазуудагы Кудайдын эркин таанытат, бул дүйнөдөн мурас болгон азгырыктарды жана кыйынчылыктарга жеңгенге күч берет жана Рухтун жемиштерин ашып ташыгы менен берүүгө жетелейт. Ыйык Рухтун жашашы менен Кудай ыйыктардын денесин Кудайдын ибадатканасы катары даңктайт (Эл иш 2:38-39, Жакан 14:16, 16:8-10, 1 Корунтуктар 3:16, 6:19, Галаттыктар 5:22-23). |
Көптөгөн адамдар Ыйык Рухту Элүүнчү күнү Ыйсанын шакирттери алган сыяктуу алууну каалашат. Көптөгөн адамдар ушул ыкманы колдонуп көп суммадагы акча жасашат. Алар Ыйык Рухту адам өз иши менен алууга мүмкүн сыяктуу кылып көрсөтүшөт. Алар көрүнүштөрдү алууну, кереметтерди жасоону, Ыйсанын үнүн угууну, тилдерде сүйлөөнү, ооруларды айыктырууну жана жиндерди кубалоону каалашат. Бирок, алардын жүрөктөрүндө күнөө бар, жана алар жиндердин таасиринин алдында жүрүшөт (Эфес 2:1-2). Азыр дагы адамдар жиндердин күчүнүн алдында экенин билбей жашашат. Ошондуктан шайтан аларды ар кандай ыкмаларды колдонуу менен жалган кереметтер менен алдап ээрчитет.
Ыйса Өзүнүн шакирттерине буйрук берген “Иерусалимден кетпегиле, бирок Атанын Убадасын күткүлө.” (Эл иш 1:4) Элчилердин иштериндеги Ыйык Рухту алуу “өзүлөрүн арноо” же “тобо кылып сыйынуу,” аркыуу болгон эмес бирок Ыйык Рухту берем деген “Кудайдын убадасын күтүү” аркылуу болгон. Бул аяттардан биз үйрөнө турган нерсе бул, Ыйык Рухту адамдар сыйынуу аркылуу ала алышпайт. Бул Кудайдын белеги, муну Кудай Ата жана Ыйса адамзатка берген кереметтүү суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу алса болот. Ыйса берген жакшы кабарга ишенүү аркылуу гана Ыйык Рух биздин ичибизде чындап жашайт. Кудай бизге суу жана Рух чындыгын бергенинин себеби биздин Ыйык Рухту алышыбызды каалаган (1 Жакан 3:3-5).
“Ыйык Рухтун Убадасы” деген сөз Жаңы Осуятта көп жолу айтылат. Петир элүүнчү күнү Ыйык Рухтан чөмүлгөндө айтат (Эл иш 2:38-39), “Ким кереметүү жакшы кабарга ишенип, күнөөлөрүнөн тазаланса ошолорго Кудай Ыйык Рухту берүүнү убада кылган.”
Ыйык Рух күнөөлөрүнөн кечирим алгандарга берилүүчү белек, жана Кудайдын убадасынын аткарылышы. Жаңы Осуяттагы Ыйык Рух Кудай менен адамдын ортосундагы сүйлөшүү аркылуу келбейт, бирок бул Кудайдын убадасы. Ошондуктан, Элчилердин ишинде жазылгандай, Ыйык Рух сыйынуу аркылуу келбейт (Эл иш 8:19-20).
Ыйык Рух Ыйса берген суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу гана келет. Ыйса Өзүнүн шакирттерине алар Ыйык Рухка ээ болушу үчүн Ыйык Рухту жиберем деп убада берген. “Анткени Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер бир аз күндөн кийин, Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр.” (Эл иш 1:5) Ошондуктан Анын шакирттери Кудайдын убадасынын аткарылышын күтүшкөн.
Ыйык Жазуудагы, Ыйык Рухту алгандардын ишенимин карап туруп, бул алардын өздөрүнүн иш аракеттери аркылуу эмес, бирок Кудайдын эрки аркылуу болгонун көрөбүз. Элчилердин иштериндеги Ыйык Рухтун шакирттерге келиши, адамдын кандайдыр бир аракети же руханий жетишкендикке жеткендиги үчүн болгон эмес.
Ыйык Рухтун шакирттерге келиши, Элчилердин иштеринде жазылгандай ишке ашты. Ал так Ыйса айткандай болду, “бир аз күндөн кийин.” Бул биринчи жыйындагы биринчи бата болгон. Ыйык Жазууну карап көрүп, биз Кудайдын убадасы орозо, сыйынуу же өзүн курмандыкка берүү аркылуу аткарылбагандыгын көрөбүз, бирок ал Ыйсага болгон ишеним аркылуу аткарылган. Ыйса көтөрүлүп кеткенден кийин, ишенгендер күнөөлөрдөн кечирим жана ошол эле убакта Ыйык Рухту алышты.
Ыйык Рух Ыйсанын Шакирттерине Ошол Замат Асмандан Түштү!
“Элүүнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту.” (Эл иш 2:1) Ыйсанын шакирттери чогулуп Кудайдын Ыйык Рухту жиберем деген убадасын күтүштү. Ошондо Ыйык Рух аларга келди.
“Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган үйдүн ичин толтурду. Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү. Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты” (Эл иш 2:2-4).
Ыйык Рух аларга “ошол замат асмандан” түштү. “Ошол замат” деген сөздүн мааниси бул адамдын эрки менен болбогондугун түшүндүрөт. “Асмандан” деген сөз Ыйык Рухтун кай жактан келгендигин түшүндүрөт, жана Ыйык Рухту адамдын иш аракети менен алса болот деген түшүнүккө каршы чыгат. “Асмандан” деген сөз Ыйык Рухту сыйынуу менен алса болот сөз бул мошенниктин сөзү экенин көрсөтөт.
Башкача айтканда, Ыйык Рух ошол замат асмандан келди деген сөздүн мааниси Ыйык Рухтун келиши тилдерде сүйлөө же өзүн курмандыкка берүү сыяктуу жердеги нерселердей болбойт дегенди түшүндүрөт. Ыйсанын шакирттери кереметтүү жакшы кабарды ар бир элге таратуу үчүн алгач тилдерде сүйлөшкөн. Мунун себеби, Ыйык Рухтун жардамы менен башка тилдерде жакшы кабар таратуулары үчүн болгон. Ар түрдүү улуттагы элдер өз эне тилдеринде шакирттердин сүйлөп жатканын угуп таң калышты, себеби шакирттердин көбү Галилеялыктар эле.
“Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү. Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты.” (Эл иш 2:3-4) Бул жерден биз Ыйык Рух “ар биринин үстүнө түштү” деген сөзгө терең маани беришибиз керек. Бир жерге чогулуп алып Ыйык Рухту күтүп жаткан шакирттер, суу жана Рух жакшы кабарына эбак ишенишкен болчу.
Бүгүнкү күндө көптөгөн машайакчылар бул аяттарды туура эмес түшүнүшөт, алар Ыйык Рух сыйынуу убагында шамалдын үнү сыяктуу үн менен келет деп ишенишет. Бирок Ыйык Рух жөнүндөгү бул туура эмес түшүнүк бул алардын баш аламандыкка кирип адашып калгандыгынан улам келген. Ыйык Рух адамдардын үстүнө түшкөндө ушундай үн береби? Жок, андай эмес.
Адамдар угуп жаткан үн бул шайтандын адамдардын жандарын талкалап жаткан үндөрү. Ал мындай үндөрдү качан жалган көрүнүштөрдү, туураган үндөрдү, жалган кереметтерди көрсөтүп, адамдарды адаштырып Ыйык Рух кылып өзүн көрсөтүп жатканда чыгарат. Адамдар адашып мындай нерселердин Ыйык Рухтун келиши деп түшүнүп алышат. Адамдар дагы Ыйык Рух “Сүффф~” деген үндөр аркылуу күчтүү шамал менен келген сыяктуу келет деп ойлошот. Алар шайтан аркылуу алданып жатышат. Ыйык Рухтун келиши Элчилердин иштеринде жазылгандай ишеним жана кереметтүү жакшы кабар аркылуу гана болгон.
Петирдин ишеними жеткилең болгондуктан ал Ыйык Рухту ала алган (1 Петир 3:21).
Элчилердин иштери 2 бөлүмдөгү окуяны майда чүйдөсүнө чейин жазуу менен Кудай алар суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендиктери үчүн Ыйык Рухту алышкандыгын көрсөтүүнү каалап жатат. Бирок адамдар “элүүнчү күндөгүдөй” Ыйык Рухтун келишин жогорудан келген белгилер жана ызы-чуу менен болот деп ойлошот.
Ошондуктан азыр ойгонуу чогулуштарында, Ыйык Рухту узакка сыйынуу, орозо, же кол койуу аркылуу алса болот деп ойлошот. Жин кирип кеткен сыяктуу абал, эси ооп жыгылуу, бир нече күн транста жүрүү, өзүн кармана албай теңселүү сыяктуу көрүнүштөр бул Ыйык Рухтун иштери эмес.
Ыйык Рух акылмандуу жана ал адамдын инсандыгын тебелебейт. Ал адамдын инсандыгын сыйлабай койбойт себеби Ал акылга, сезимге жана эркке ээ болгон Инсан. Качан адамдар суу жана Рух жакшы кабарына ишенгеде Ал аларга келет (Эл иш 2:38).
Петир Ыйык Рух аларга Жоел пайгамбардын алдын ала айтканындай келди деп күбөлөндүрөт. Бул Кудайдын убадасынын аткарылышы болчу, ким күнөөлөрдөн кечирим алса Ыйык Рух ошолордун үстүнө түшмөк. Башкача айтканда, Ыйык Рух ким Ыйсанын адамзатты куткаруу үчүн Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана айкаш жыгачка кадалганына ишенсе ошого түшөт. Петирдин сөзү жана Жоелдин пайгамбарчылыгы, биздин Ыйсанын эмне үчүн чөмүлгөнүн билип жана эмне үчүн биз ага ишенишибиз керектигин көрсөтөт. Бул чындыкты билүү аркылуу машайакчы Ыйык Рухту ала алат.
Петир күбөлөндүргөн бул жакшы кабарды билесиңби? (1 Петир 3:21) Же дагы эле сенде кереметтүү жакшы кабарга туура келбеген куру ишенимдериң барбы? Кудайдын планына карабастан, өзүңдүн иш аракеттериң менен Ыйык Рухту алууга аракет кыласыңбы? Адам канчылк көп сыйынса да, күнөөлөрүнөн тазаланууга аракет кылып тобо кылса да, Ыйык Рухту алуунун суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүдөн башка жол жок.
Сен суу жана Рух жакшы кабарын билбестен дагы эле Ыйык Рухту күтүп жатасыңбы? Сага Ыйык Рухту алууга жардам берүүчү Ыйсанын чөмүлүүсү менен айкаш жыгачта төккөн канынын маанисин билесиңби? Ыйык Рухту алуу суу жана Рух жакшы кабарына ишенгенден кийин гана мүмкүн экендигин сен билишиң керек. Кереметтүү жакшы кабар суу жана Рух жакшы кабарына ишенгенде гана Ыйык Рух сенин ичиңде жашайт. Бизге Ыйык Рухту алууга жардам берген суу жана Рух жакшы кабарын Кудай бизге бергендини үчүн, биз Ага ырахмат айтабыз.