• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-2] Өз Аракети Аркылуу Ыйык Рухту Сатып Алса Болобу? (Эл иштери 8:14-24)

2021.05.01 197
Өз Аракети Аркылуу Ыйык Рухту Сатып Алса Болобу?(Эл иштери 8:14-24)
“Иерусалимде калган элчилер самариялыктардын Кудай сөзүн кабыл алганын угушканда, аларга Петир менен Жаканды жиберишти. Экөө келишти да, аларга Ыйык Рух берүүсүн сурап, Кудайга сыйынышты. Анткени алардын эч кимисине Ыйык Рух түшө элек болчу, болгону, алар Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүшкөн эле. Эки элчи самариялыктардын үстүнө колдорун коюшканда, алардын үстүнө Ыйык Рух түштү. Элчилердин кол коюусу аркылуу Ыйык Рух берилерин көргөндө, Шымон аларга акча алып келип: ‘Мага да ушул бийликти бергилечи, мен кимдин үстүнө колумду койсом, анын үстүнө Ыйык Рух түшсүн’, – деди. Бирок Петир ага мындай деди: ‘Күмүшүң менен кошо жок бол, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң. Бул иште сенин тиешең да, үлүшүң да жок, анткени сенин жүрөгүң Кудайдын алдында таза эмес. Ошондуктан бул күнөөң үчүн Теңирден кечирим сурап сыйын, балким, Ал жүрөгүңдөгү жаман оюңду кечирер. Анткени мен сенин көрө албастык кылып жатканыңды жана күнөөнүн кишенинде экендигиңди көрүп турам.’ Ошондо Шымон: ‘Айткандарыңардын эч бири башыма түшпөш үчүн, мен үчүн Теңирге сыйынгылачы, – деди.’”
 

Адам кол койуу аркылуу Ыйык Рухту ала алабы?
Жок. Ал суу жана Рух жакшы кабарын кабыл алышы керек.
 
Мен “Адам өз иш аракети менен Ыйык Рухту ала алабы” деген тема менен бөлүшөйүн. Биринчи жыйындын убагындагы Кудайдан күч алган апостолдор Ал аркылуу ар кандай жерлерге жиберилген. Элчилердин иштеринде апостолдор кол койгондо ишенгендердин үстүнө Ыйык Рух түшкөн бир нече окуя жазылат. Ыйык Жазуу айтат, “Апостолдор Ыйсага ишенсе дагы Ыйык Рухту ала электердин үстүнө кол койгондо алар Ыйык Рухту алышты.”
Анда алар кантип кол койуу аркылуу Ыйык Рухту алышты? Ал кезде Кудайдын сөзү дагы эле жазылып жаткан жана Кудай апостолдорго Өзүнүн ишин аткаруулары үчүн өзгөчө күч берген. Ал апостолдор менен болуп ал аркылуу көптөгөн кереметтерди жасаган. Бул өзгөчө убакыт болгон, ошондо Кудай адамдар өз көздөрү менен көрүп Ыйсанын Кудайдын Уулу жана Куткаруучу экендигине ишенсин деп кереметтерди кылган. Ыйса Машайактын Кудай, Кудайдын Уулу жана Куткаруучу экендигин көрсөтүү үчүн Ыйык Рухтун күч менен иштеши Кудай үчүн жана апостолдор үчүн зарыл эле. Биринчи жыйындын убагында Ыйык Рух керемет жана жышаандар аркылуу иштебесе, Ыйсанын Куткаруучу экендигине эч ким ишенмек эмес.
Бүгүнкү күндө Ыйык Рухту көрүнгөн жышаандар менен жана кереметтер менен алуунун зарылчылыгы жок, себеби Ыйык Жазуу жазылып бүттү. Азыр Ыйык Рухту ишеним менен алабыз. Башкача айтканда жакшы кабардын чындыгына ишенүү аркылуу алабыз. Кудай Ыйык Рухту Кудайдын алдында чындыктын жакшы кабарына ишенгендерге берет. Ыйык Рух Ыйса бул дүйнөгө чөмүлүү жана кан менен келген деп Кудайдын сөзүнө ишенгендерге гана келет.
Бүгүнкү күндө, көптөгөн пасторлор элди көзгө көрүнгөн жышаандар Ыйык Рухту алуунун белгиси деп окутушат. Алар элди дагы Ыйык Рухту ошол жол менен алууга жетелейт. Алар адамдарды туура эмес окутуп алдашат жана тилдерде сүйлөө Ыйык Рухтун келишинин белгиси деп айтышат. Бул пасторлор өзүлөрүн керемет жышаандарды аткарган апостолдорбуз деп эсептешет, алар өз сезимдери менен жышаандарды сезүүнү каалаган дин фанаттарынын көңүлүн өздөрүнө бурат. 
Бул фанатизм бүткүл дүйнөдөгү машайакчыларга тарады жана көптөрү алардын ишенимин карманышат жана ичине жиндерди киргизип алышат. Азыр дагы, дин фанатизминин таасириндеги адамдар кол койуу аркылуу башкаларга Ыйык Рухту алдырабыз деп ойлошот.
Алар негизги темадагы сыйкырчы Шымонго окшоп алданып калышат. Алар өздөрүнө өздөрү ыраазы болушуп жана ач көздүк кылып, өз иштери менен адамдардын баштарын айлантышат. Мындай жалган окутуулар Ыйык Рухту алуучу чындык жолдон адамдарды адаштырышат.
Бүгүн дагы, жалган пайгамбарлар Кудайдын ишин кылымыш болуп, диний иш аракеттери менен шайтандын иштерин аткарып жатышат. Машайакчылар Кудайдын сөзүнө, Ыйык Рухту алуу жөнүндөгү билимге жабышышы керек. Элүүнчү де аталган адамдар, Ыйык Рухту алганда көрүнгөн жышаандарга басым кылышат, алар ошол жалган ишенимин ташташы керек, Кудайдын сөзүнө кайрылып чындыкка ишенүүлөрү керек, ошондо алар Ыйык Рухту алышат.
Шымон ошол убакта Самариядагы белгилүү сыйкырчылардын бири болгон. Качан ал Ыйсанын шакирттери элдерге Ыйык Рухту кабыл алдырып жаткандыгын көрүп, ал дагы акчага Ыйык Рухту сатып алууну каалады. Ушундай иштеги адамдар бул шайткандын кулдары жана анын иштерин кылышат. Шымон Ыйык Рухту алууну каалады бирок анын каалоосу ач көздүктөн улам болгон каалоо эле. Биз мындай ишеним менен Ыйык Рухту алууга мүмкүн эмес экендигин көрөбүз. 
Шымон өзүмчүлдүгү менен Ыйык Рухту акчага сатып алууну каалады. Бирок аны Петир Кудайдын кызматчысы тилдеди. Шымон Ыйсага ишенген адам болсо дагы, ал күнөөлөрүнөн кечирим алуу менен Ыйык Рухту алган адам эмес болгон. Башкача айтканда, ал жердик нерселерди берүү менен Ыйык Рухту аламын деп ойлогон. 
Ал сыртынан Ыйсага ишенген адам катары көрүнсө дагы, анын ичи Ыйсанын чыныгы сөзү менен эч кандай байланышы жок эле. Анын ордуна анын ичи толо ач көздүк болгон. Петир, Шымондун оюн билгенден кийин, Кудайдын белеги болгон, Ыйык Рухту жөнөкөй акчага сатып алууну каалаганы үчүн Шымонду тилдеди. Ал Шымонго акчаң менен кошо өл деди.
Азыр дагы, ичинде жини бар жалган пайгамбарлар алар кылган иштердин бардыгы Ыйык Рухтун керемети деп элди алдашат. Биз ушундай күчтү алууну каалап Ыйык Рухту сурап сыйынган адамдарды көп жолуктурабыз. Жердик ач көзүк менен сыйынып эч ким Ыйык Рухту ала албай тургандыгыңды эсиңе түйүп кой.
Сенин айланаңда дагы харзиматтар барбы? Сен андай адамдардан абайлашың керек. Алар фанат ишенимдери менен келишет. Алар жиндерди кубалай алабыз, жана кол койуу аркылуу Ыйык Рухту алдыра алабыз деп айтышат. Бирок алардагы күч Ыйык Рухтун күчү эмес, алардагы күч бул жиндердин күчтөрү. Кол койуу аркылуу Ыйык Рухту алдым деп айтып жүргөндөр өзүлөрү дагы жиндерди ичине кабыл алышкан жана башкалардын дагы жиндерди кабыл алуусуна себеп болуп жүрүшөт.
Суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендердин ичине Ыйык Рух чындап жашап калат (1 Жакан 5:3-7). Ыйык Жазууда суу жана Рух жакшы кабары так жазылса дагы, адамдар жүрөгүндө күнөөсү бар болгондуктан, Кудайга жышаандар, транс, тилдерде сүйлөө, аян көрүү жана жиндерди кубалоо аркылуу жетүүнү каалашат. Ошондуктан жалган пайгамбарлар көптөгөн адамдарды алдап шайтандан болгон машайакчылыка ишендирип койду.
Петир Шымонду мындай деп тилдеди; “Күмүшүң менен кошо жок бол, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң. Бул иште сенин тиешең да, үлүшүң да жок, анткени сенин жүрөгүң Кудайдын алдында таза эмес. Ошондуктан бул күнөөң үчүн Теңирден кечирим сурап сыйын, балким, Ал жүрөгүңдөгү жаман оюңду кечирер. Анткени мен сенин көрө албастык кылып жатканыңды жана күнөөнүн кишенинде экендигиңди көрүп турам.” Бүгүнкү күндө ушундай кызматчылар бар экенин көрүп кайгыдан үшкүрөбүз. Алардын көбүнчөсү харзиматтар. Алар өз жамаатынан акча талап кылышат. Биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алып жана жогоруда жазылган адамдардан алыс болушубуз керек (Maтай 3:15, 1 Петир 3:21, Жакан 1:29, Жакан 19:21-23).
 
 

Харзиматтар кол койуу аркылуу иштешет!

 
Биз мындай ишенимден алыс качышыбыз керек. Кээ бир адамдар кол койуу аркылуу күч алуу менен Ыйык Руту алабыз деп ойлошот. Алар Ыйык Жазууда элдердин апостолдордун кол койуусу аркылуу Ыйык Рухту алганын көрүп, алар да ошондой кылууну каалашат. Кээ бир адамдар кол койуу аркылуу Ыйык Рухту бере ала тургандай кылып өзүлөрүн көрсөтүшөт. Мындай адамдардын бар экендигин биз билип койушубуз керек. 
Бирок, биз бул ишеним биринчи жыйындагы апостолдордун ишениминен башкача экендигин эсибизге тутуп коёлу. Азыркы убакта көптөгөн машайакчылар суу жана Рух чыныгы жакшы кабарына ишенишпейт. Алар Кудайга ишенебиз деп айтышат, бирок алар өзүлөрүн жана башкаларды алдап жатышат. Бирок, күнөөкөр Ыйык Рухту ала албайт жана башкаларга да бере албайт. Эгерде кимдир бирөө күнөөкөр адамга Рух келди десе, ал Рух Ыйык Рух эмес; ал Өзүн чыныгы Рух кылып көрсөтүп жаткан шайтандын руху. 
Биринчи жыйындын убагындагы апостолдор Ыйса Машайактын адамзаттын күнөөсүн чөмүлүү аркылуу Өзүнө алып алар үчүн айка жыгачта кан төккөн Куткаруучу экенин билишкен. Алар Ыйса Машайактын адамзаттын күнөөсүн чөмүлүү аркылуу Өзүнө алып алар үчүн айка жыгачта кан төккөнүнө ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алышкан. Алар башкаларга Ыйык Рухту алууга жардам берүү үчүн суу жана Рух жакшы кабарын таратышкан. 
Бирок азыркы күндө, көптөгөн машайакчылар жалган ишенимдерге ишенип жаңылып калышты. Бүгүнкү күндө күнөөкөр кызматчынын кол койуусу аркылуу күнөөкөр адам Ыйык Рухту ала алабы? Мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес. Көптөгөн адамдар жүрөктөрүндө күнөө бар болсо дагы Ыйык Рухту алганбыз деп айтышат. Ал өз козуларына сыртынан жакшы кайтаруучуга окшоп көрүнсө дагы бирок, жүрөгүндө күнөө жашаса ал эч кимге Ыйык Рухту алууга шарт түзүп бере албайт. 
Буга карабастан, көптөгөн адамдарда туура ишеним бар. Ошол себептен көптөгөн жалган пайгамбарлар адамдарды тозокко жетелешет. Мындай окутууларды окуткан адамдар жалган окутуучулар экендигин билишиң керек. Бул адамдар шайтандын кишенинде жүргөн адамдар.
Эгерде адамдын жүрөгүндө күнөө бар болсо, Ыйык Рух анын ичинде жашайбы? Буга болгон жооп, “жок.” Анда жүрөгүндө күнөө бар адам башкаларга Ыйык Рухту бере алабы? Бул суроого дагы жооп “жок.” Анда жүрөктөрүндө күнөө жашаса дагы, харзиматтар кантип керемет жышаандарды көрсөтүп жатышат? Муну жиндер кылат. Ыйык Рух күнөөкөрдүн ичинде эч качан жашай албайт. Ал суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендердин гана ичинде жашайт. Сага келген рухтун Ыйык Рух экендигин так билесиңби?
Жакан 3:5, аятта Ыйса мындай дейт, “Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт.” Ошон үчүн Ыйык Рухту суу жана Рух чыныгы жакшы кабарына ишенүү аркылуу алуу мүмкүн. Бүгүнкү күндөгү машайакчылардын жаңылыштыгы бул, алардын күнөөкөр кызматчылардын кол койуусу аркылуу Ыйык Рухту ала алабыз деп ишенүүсүндө. Бул чоң жаңылыштык. Бүгүн, көп машайакчылар жана кызматчылар Ыйык Рух кол койуу аркылуу келет деп ишенишет.
 
 

Кол койуу менен чыныгы күнөөлөрдүн кечирилишинин айырмасы

 
“Кол койуу” бул өзүндө болгон нерсени башка бирөөгө өткөрүү. Мындайча ой жүгүртүп көрөлү: Эгерде биз микрофонго сүйлөсөк, үн кабельдер аркылуу усилительге барат жана ал колонкалардан чыкканда элдин бардыгы аны уга алышат. Ошол сыяктуу эле, Эски Осуятта, качан күнөөкөр колун курмандыктын башына койгондо, анын күнөөлөрү курмандыкка өтөт жана ал кечирим алат. Ошол сыяктуу эле, Кудайдын кызматчылары адамдарга кол койгондо Кудайдын күчү аларга өтөт. Ошон үчүн, кол койуунун мааниси “өткөрүү, которуу” дегенди билдирет. 
Харзиматтар кол койуу аркылуу адамдарга Ыйык Рухту беришпейт, алар элге жиндерди беришет. Сен жиндин күчүнө ээ болгон адам, кол койуу аркылуу башкаларга жиндерди өткөрө тургандыгын эсиңе тутуп койушуң керек. Качан ичинде жини бар адам колун башка бирөөнүн башына койсо, анын ичиндеги жин башка адамга өтөт, себеби шайтан күнөөкөрлөр аркылуу иштейт. Ошондуктан, Ыйык Рухту алууну каалаган адамдардын бардыгы суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүлөрү керек. Эгерде күнөөлөрүнөн кечирим албаса ичинде жини барларды Ыйсага ишенсе деле шайтан башкарат. 
Эгерде ким ичинде жини бар адамга кол койдурса, анын ичине дагы жиндер кирип кетет жана ал дагы жалган кереметтерди жасап калат. Биз жиндер кол койуу аркылуу кирээрин, ал эми Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабары арклыуу келээрин билишибиз зарыл. 
Кол койуу бул бир нерсени өткөрүү үчүн Кудай тарабынан коюлган ыкма. Бирок шайтан кол койуу аркылуу жиндерди таратууга колдонот. Бүгүнкү күндөгү машайакчылардын Ыйык Рухтун күчүн акчага сатып алууга кылган аракеттери чоң көйгөй.
 
 

Көп машайакчылар Ыйык Рух жөнүндөгү чындыкты туура эмес түшүнүшөт

 
Ыйык Рухту кантип алса болот деген суроого көптөгөн адамдар тобо кармап сыйынып, тобо кылыш керек деп жооп беришет. Бул туура эмес. Сен Кудайга кандайдыр бир атайы сыйынуулар менен сыйынганда Ыйык Рух сага келеби? Жок. Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендерге гана келет. 
Себеби Кудай чындык, Ал Ыйык Рухту алуунун ыкмасын орноткон. Жүрөгүндө күнөө бар адамдын ичинде Ыйык Рух жашайбы? Сөзсүз жок. Кол койуу аркылуу эч ким Ыйык Рухту ала албайт. Кимдир бирөө күчүнүн болушунча сыйынса, ойгонуу чогулуштарына катышса, Ыйык Рухту алып калышы мүмкүнбү, Ыйык Рух анда келбейт. Күнөөкөрлөрдүн Ыйык Рухту ала албастыгы анык. Күнөөкөрлөр Ыйык Рухту суу жана Рух жакшы кабарына ишенсе гана белек катары ала алышат. 
Суу жана Рух жакшы кабарын билбеген адам Ыйык Рухту ала албайт. Азыркы убакта суу жана Рух жакшы кабары машайакчылык китептер аркылуу, жыйын чогулуштары аркылуу, интернет аркылуу жана электрондук китептер аркылуу ушунчалык тездик менен тарап жатат. Ошондуктан, ким чыныгы жакшы кабарды издесе жана ишенсе Ыйык Рухту ала алат. Эгерде сен Ыйык Рухту ала элек болсоң, Аны алуу үчүн сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенишиң зарыл.
 

Жалган ишенимдин негизги мисалы!
 
Качан биз жалган рухтарды алган адамдарды карап көрсөк биз аларда шайтандын жашаганын көрөбүз. Адамдар Ыйык Рухту алууну ушунчалык каалагандыктан “Ыйык Рухту алуу ойгонуу чогулуштарын” өткөрүшөт. Мындай чогулуштардан адамдардын кол чаап, ыйлап тобо кылып жана орозо кармап сыйынгандарын көрөбүз. Насаатчы ушундай сыйынуулар менен сыйынбасаңар Ыйык Рух келбейт деп айтат. Адамдар, “Теңир!” деп кыйкырып фанаттар катары сыйынышат. 
Ушундай кылуу менен бул фанаттар Ыйык Рухту ала алышабы? Жок. Сен бул чогулуштардан адамдардын кыйкырып жыгылганын, титирегенин жана ар кандай үндөрдү чыгарышкандарын көрөсүң. Кээ бирлери жерде жыгылып жана жана титиреп ар кай жерде жатышат, алар кыйкырып тилдерде сүйлөшөт. Кимдир бирөө чогулушун убагында катуу кыйкырат жана чогулуштагы адамдардын эмоциялары күйүп жанып баштайт. Кээ бирлери титиреп тилдерде сүйлөп баштайт. Адамдар бул Ыйык Рухтун келгенинин белгиси деп айтышат. Бирок шайтан өз ишин кылганда эмне болоору тууралуу ойлон. Бул Ыйык Рухтун ишиби? Албетте жок. .
 

Шайтан көп машайакчыларды алдайт.
 
Бүгүнкү күндө, көптөгөн машайакчылар шайтан каалагандай динчил жашоо менен жашашат. Шайтан аларды күчтүү кызматчынын кол койуусу аркылуу Ыйык Рухту ал деп алдайт. Көп машайакчылар буга доктрина катары ишенишет. Шайтан болгон күчүң менен сыйынсаң Ыйык Рухту аласың деген ойду аларга себет. Шайтан мындай ишеними бар адамдарды эки, үч эсе көбөйтүүгө аракет кылат. 
Ошондуктан көп адамдар суу жана Рух жакшы кабары тууралуу билбейт жана билүүгө да аракет кылышпайт. Шайтан суу жана Рух жакшы кабарына ишенбей жана билбей калышыбыз үчүн бизге берген ойлордон качышыбыз керек. Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендерге гана келет. Сен буга ишенишиң зарыл.
 

Машайакчылардын Ыйык Рух тууралуу туура эмес түшүнүгү
 
Харзиматтык машайакчылыкты жактагандардын ишениминде көп түшүнбөстүктөр бар. Алар жүрөгүндө күнөө бар болсо дагы Ыйык Рухту алууга аракет кылышат. Алар жүрөгүндө күнөө бар болсо дагы Ыйык Рухту алабыз деп жаңылыш ишенишет. Бирок, суу жана Рух жакшы кабарына ишенбеген адам Ыйык Рухту ала албайт.
Экинчиден, адамдардын текебердиги Ыйык Рухту алууга тоскоол кылат. Анда текебер эмес адамдар Ыйык Рухту ала алышабы? Бул дүйнөдө аз да болсо текеберчилиги жок адам барбы? Кудай кечирбей турган текебер адам бул Кудайдын сөзүнө өз оюн кошкон адам. Көп адамдар Ыйык Рухту суу жана Рух жакшы кабарын четке кагып өз аракети менен алууга аракет кылышат. Бирок, Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарына ишенген адамдарга гана келет.
Үчүнчүдөн, Ыйык Рух күнөөсүн болгон күчү менен мойнуна алган адамга келет деп айтышат. Ошондуктан алар Ыйык Рухту алууну каалаганда, күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла деп ишендирип койгон. Бирок Ыйык Рух кимдир бирөө күнөөсүн мойнуна алып койсо эле келбей тургандыгын эсиңден чыгарба. Көптөгөн машайакчылар бүгүн Ыйык Рухту алууга суусашат бирок алар Ыйык Рухту ала алышпайт себеби алардын жүрөгүндө дагы эле күнөө бар. Адам мындай каалоосу менен шайтанга жем болот.
Төртүнчүдөн, кээ бирлери Кудайдын алдында чын жүрөктөн бата сурап сыйынсак Ыйык Рухту алабыз дешет. Бирок Ыйык Рухту сурануу менен ала албайбыз. Бул жаңылыштык. 
Бешинчи, кээ бирлер Ыйык Рухту алууну кандайдыр бир руханий күчтөр менен чаташтырышат. Тилдерде сүйлөө өзгөчө Ыйык Рухту алгандын белгиси катары эсептелинет. Бирок Ыйык Рух бирөө тилдерде сүйлөп же жин кубалап баштаса эле келип келбайт. Күнөө шайтанга тиешелүү. Кандайдыр бир күчкө ээ болгон адам жүрөгүндө күнөө бар болсо деле Ыйык Рухту ала алабы? Дагы айтам, бул шайтан алып келип жаткан зыян.
Ыйса бизге берген суу жана Рух жакшы кабары гана Ыйык Рухту алуунун жалгыз жолу. Эгерде сен Ыйык Рухту жана күнөөдөн кечиримди башка жолдор менен ала алам десең терең жаңылышасың. Мен сени жаңылыш ишенимдерден бошонуп руханий ой жүгүртүүгө жана туура ишенимге ээ болот деп ишенем.
Бүгүнкү күндөгү машайакчылардын ичинде жин бар деп айтканым апырткандык эмес. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн машайакчылар жиндердин бийлигинин алдында жүрүшөт, себеби алар Ыйык Рухту ойгонуу чогулуштары жан кол койуу аркылуу алууга аракет кылышат. Алар Ыйык Рухтун күчүн алганбыз деп айтышкан сыйынуу үйлөрдөгү жетекчилерге, башкы дьяконго, ойгонуу чогулуштун өткөрүүчүлөргө же пасторлорго барышат. Аларга адамдар кол койуу аркылуу Ыйык Рухту алабыз деген үмүт менен барышат. Бирок, Ыйсага канчалык күчтүү ишенсе да эч ким Ыйык Рухту ушундай жол менен ала албайт. Башкача айтканда, Кудайдан башка эч ким Ыйык Рухту сага бере албайт.
Шымон, сыяктуу көп адамдар Ыйык Рухту сатып алууну каалашат. Алар жакшы кабарга эмес, жердик нерселерге ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алууга аракет кылышат. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн машайакчылар ушундай ойду карманып алышкан. Ыйык Рух Аны кабыл алууга жарактуу болгон адамдарга гана келет. Ыйык Рухту алуунун жалгыз жолу суу жана Рух жакшы кабары жана чындыктын жообу жалгыз ушул гана (Эл иш 2:38).
Ыйык Рухту кол койуу аркылуу кабыл алуу биринчи жыйындын убагында аз гана убакытка болгон. Аз убактыттан кийин Ыйык Рух адамдар суу жана Рух жакшы кабарына ишенээри менен эле келип калган. Ошондуктан, Кудайдын сөзүнө ишенүү аркылуу келип иштеген Ыйык Рухтун ишетеринен башка иштердин бардыгы шайтандыкы. Кудай жиндер бул шайтандын кызматчылар деп айтат, шайтан ушунчалык акылмандуулук менен иштегендиктен адамдар Ыйсага ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим ала албай калышты. Шайтан адамдарга Ыйсага ишенсең жана кол койдурсаң Ыйык Рухту аласың деп жалган айтат. Ушундай жалганчылык жолдор менен шайтан дүйнөдөгү өз териториясын кеңейтип келе жатат.
Ичинде жиндери бар адамдардын симптомдорун карап көрөлү. Биринчи, жини бар, көзүачык же шамандардын симптомдорун карап көрсөк алардын титирегенин, транска түшүп эси акылын жоготуп жыгылып калгандарын көрөбүз. Анан алардын тилдери буралып ооздору өздөрүнө баш бербей кандайдыр би белгисиз сөздөр чыга баштайт. Алар таң калычтуу башка тилдерде сүйлөп башташат. 
Жин кирип кеткен машайакчылар да сыйкырчылар да кол койуу аркылуу өздөрүнүн санын көбөйтүшөт. Харзимат спикер микрофонду алып, “От менен, от менен, от менен” деп кыйкырганда эл толкуп өздөрүн өздөрү башкара албай калышат. Ага кол койдуруу үчүн адамдар алдыга чыгышат. Алардын денелери титиреп тилдерде сүйлөп башташат. Бул симптомдор Ыйык Рухтун ишин аткарымыш болуп жаткан жиндердин иштери.
Ичинде жини бар адамдар башка диндерде шаман, көзүачык деп аталат, жана кол койуу аркылуу ичине жин кирип кеткен машайакчыларга симптомдору окшош болот. Бирок, адамдар ага карабастан муну туура эмес түшүнүшөт. Бул машайакчылар терең адашышкан, себеби алар ушундай нерселер аркылуу Ыйык Рухту алдык деп ойлошот.
 

Шайтан көзүачыкка окшогон машайакчылар аркылуу иштейт 
 
Шайтан ичинде жини бар адамдарга пайгамбарчылык айттырат. Алар мындай деп пайгамбарчылык айтышат, “Сен улуу жетекчи болосуң. Миңдеген койлор сени ээрчийт. Кудай сени келечекте тарбиялап жана сенден улуу жетекчини чыгарат.” Башкаларга мындай жалгандарды айтышат, “Сен Кудайдын укмуш кызматчысы болосуң. Сен Кудайдын татыктуу кызматчысы болосуң,” ушундай кылуу менен адамдарды өмүр бою шайтандын кызматчылары болуп жүрүп өтүүгө үндөйт.
Көзү ачыктар дагы башка адамдардын келечеги тууралуу пайгамбарчылык кылат. “Сен келечекте суудан абайлашың керек.” “сен көп акча табасың.” “Чыгыштан бай адам келет жана сага жардам берет.” Мисал үчүн алар ушундай нерселерди сүйлөшөт. Ичинде жини бар адамдын биринчи симптому бул анын жалган пайгамбарчылык кылуусунда. 
Анан алар өзүлөрү түшүнбөгөн тилдерде сүйлөп башташат. Алар титиреп туур эмес мүнөздөрү бар симптомдорун көрсөтүшөт. Эгерде сен шама же көзүачыкка жолуксаң, алардын жакшы мүнөздөрүн көрөсүңбү? Алар өзүнөн улуу адамдарга орой мамиле кылышат.
Ал эми, ичинде чындап Ыйык Рух жашаган адамдар Аны Ыйса Өз чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткендигине ишенүү аркылуу алышкан. Бул адамдар башкаларга дагы суу жана Рух жакшы кабарын билип жана ишенип күнөөлөрүнөн куткарылуу алып Ыйык Рухка ээ болууга жардам беришет. Алар өзүлөрү адилеттүү жашоого аракет кылышат, алардын мүнөздөрү таза жана жагымдуу жана башкаларды Кудай каалаган баталуу жашоого жетелешет. Алардын ою дүйнөгө бурулса Кудай аларды тилдеп таза сактайт. 
Күнөөлөрүнөн кечирим алып калган адилеттүү адамдар, мүнөзү жалган рухтар аркылуу талкаланган адамдардан өзгөчө. Эгерде ким күнөөлөрүнөн кечирим алып Ыйык Рухту кабыл алса алардын чынгы мүнөзү ордуна келет. Дагы адилеттүү адам кимдир бирөөндө жагымсыз абалдар болсо, алар үчүн Кудайдын сөзүнөн эмне керек деп кам көрөт, алар куткарылсын деп сыйынат, жана аларга жардам берүү үчүн көп нерселерин курмандык кылышат.
Экинчи жагынан биз ичинде жини бар адамдардын мүнөздөрүнүн бузулганын көрсөк болот. Шайтан аларды башкарат жана эркине баш ийдирет себеби алар титиреп калтыроо жана тилдерде сүйлөө Ыйык Рухтун белеги деп ойлошот. Бирок, бул нерселер Ыйык Рухтун белектери эмес.
Тилдерде сүйлөгөнүнө, кереметтерди жасап, пайгамбарчылык кылган күчтөрү менен сыймыктанган көптөгөн кызматчылар бар. Бирок алардын жүрөктөрүндө күнөө бар болсо, анда алардын күчү ичинде жин бар экендигин далилдейт. Ошондуктан, алар башкаларга Ыйык Рухту бере алышпайт, алар жиндерди гана бере алышат. Дагы, шайтан жалганчы болгондуктан, алардын кереметтери аз убакытка гана созулат.
Ыйык Рух менен жиндин айырмасы ачык көрүнүп турат. Башында Ыйык Рухтун иштери кереметтүү жөндөмдүүлүктөрдү жана башкача нерселерди сездирбесе дагы, убакыт өткөн сайын ал адилеттүүлөрдүн жүрөгүндө, Кудайдын күчүн таңда чыккан күндөй болуп өсө берет.
 

Ичинде жини бар машайакчылар
 
Эмне үчүн көптөгөн адамдар Ыйык Рухту алууга аракет кылса дагы ичтерине жин кирип кетет?
Себеби алар жиндерди жалган пайгамбарлардын кол койуулары аркылуу алган.
 
Таң калычтуусу, жалган пайгамбарлардын кол койуусу аркылуу жиндерди киргизип алган ишенгендердин денеси жана жанынын талкаланганын көрөбүз. Бул адамдардын Кудайга тиешеси жок себеби алардын ишеними Ыйык Жазууга туура келбейт. Алар күчтөрүн колдонуп кызматтар колдору бошобойт, бирок алар ошол кызматтары менен көптөгөн адамдарды шайтандын кызматчылары кылып жаткандарын билишпейт. Эмне үчүн алар күчтөрүн машайакчылыка колдонуп иштешет? Себеби алардын күч деп атаган нерселери колдонбосо тез аранын ичинде эле жок болуп кетет. Ошондуктан алар жан үрөп иштешет. 
Алар тынымсыз Ыйсанын ысымынан сыйынып, кереметтерди жасап туруулары керек. “Мен жакшы кабар таратуу жөндөмдүүлүгүн алдым,” деп айткан адамдар тынымсыз жакшы кабар айтып туруулары керек, эгерде алар тынымсыз айтышпаса, алардын жалган кубанычтары тез эле жок болуп кетет. Эгерде алар тилдерде сүйлөө, айыктыруу, пайгамбарчылык сыяктуу жиндердин жөндөмдүүлүктөрүнө ишенимдүү болушпаса, башкача айтканда, эгерде алар шайтандын иштерине ишенимдүү болушпаса, анда шайтан аларды оорулуу кылып коюшу мүмкүн. Бул көзүачык же шамандардын шайтандын кызматын кылбай койсо оорулуу болуп калгандыгына окшош. Ошондуктан алар шайтан таштап кетип балаага калбайлы деп алган белектерин кызганыч менен колдонуулары керек. 
Мен Ыйса үчүн күйүп жанган бир адамды таанычу элем, ал Кудайдан абдан көп күч алган сыяктуу көрүнчү. Ал адамдарды Ыйык Рухка толууга чакырып ойгонуу чогулуштарын өткөрчү жана кол койуу аркылуу жиндерди куабап, кереметтерди жасап тилдерде сыйынып жана айыктырчу. Адамдар ага суктанып жана урматташчу. Миңдеген адамдар аны ээрчишти. Бирок, кийин ал Ыйсадан баш тартып айта баштады, “Ыйса Машайак ийгилик эмес. Ал Кудайдын Уулу эмес.” Ал Ыйсаны сөгүп өзүн кудай деп атады. Ал өз жүрөгүндөгү жана башка көптөгөн машайакчылардын жүрөгүндөгү Машайакты өлтүрдү.
Мындай адамдар суу жана Рух жакшы кабарын танышат, себеби шайтан алардын жетекчиси. Алардын ишеними башынан эле жаңылыштык болгон себеби алар апостолдор кандай ишенимге ээ болсо биз да ошол ишенимге ээ болдук деп ойлошкон, алар адамдарды тилдерде сүйлөтүшүп жана кол койуу аркылуу жиндерди кубалашкан. Алар Ыйык Рух жүрөгүбүздө жашайт деп бекем ишенишет. 
Алар Ыйык Рухту тобо кылып сыйынуу аркылуу мүмкүн деп ойлошкондуктан, адамдарга Ыйык Рухту алуунун ыкмаларын үйрөтүшөт. Бирок, Ыйык Рухту алуу үчүн болгон бул ыкма Кудайдын сөзүнүн негизинде эмес. Буга карабастан, алар эгерде ишенүүчү тилде сүйлөп жана пайгамбарчылык кылса, анда ал Ыйык Рухту алгандыгынын белгиси деп айтышат. Себеби көп адамдар Ыйык Рух жөнүндө түшүнүшпөйт, алар дагы жалган пайгамбарлардын сабактарып окуп аткарсак Ыйык Рухту алабыз деп ойлошот. Ошентип шайтан машайакчыларды жиндердин рухуна толтуруп, аларды башкарып алган. Бул ыкмалардын бардыгы тең эле шайтандын капканы.
Көптөгөн адамдар жалган пайгамбарлардын окутуусу аркылуу жиндер ичине кирип кеткен. Катардагы ишенгендер тажатма динчил жашоодо жашашат, ал эми жини бар адамдар жалган рухтардын күчтөрүн колдонуп жана күйүп жанып жашап жаткан сыяктуу көрүнөт. Алар кандай жөндөмдүүлүктөрдү көрсөтөт? Алар айыктыра алышат, тилдерде сүйлөшүп башкаларга кол койуу аркылуу алардын ичине дагы жиндерди киргизишет. Биз кол койуу бул бир нерсени башка бирөөнө өткөрүүдө колдонула тургандыгын билишибиз керек жана жиндердин падышачылыгы ушундай жол менен өсүп жаткандыгын билишибиз керек.
 

Жалган рухтар адамдын ач көздүгү аркылуу иштейт!
 
Шайтан биз окуган аяттагы Шымон сыяктуу адамдар аркылуу иштейт. Ал адамдар суу жана Рух жакшы кабарына ишенбей туруп эле кол койуу аркылуу Ыйык Рухту ала алабыз деп ойлошот. Азыркы күндө көптөгөн адамдар шайтанга алданып жүрүшөт, алар Ыйык Рухту тобо кылып сыйынуу, орозо кармоо жанa кол койуу аркылуу ала алабыз деп ойлошот. Бирок, алардын ичинде жин бар жана алар каргышка калган жашоодо жашап жүрүшөт.
Биз бүгүнкү күндөгү машайакчылык “кол койуу” аркылуу жиндердин адамдардын жандарында иштөөгө жардам берип жатат. Шымонго окшогон адамдар Кудайдын алдында жалган пайгамбарлар. Ыйсага ишенгендердин дагы, жүрөктөрүндө күнөө болсо, ичине жин кирип кетет. Ал адамдар жиндердин күчү менен кереметтерди жасай алышат. Шайтан адамдарды өзүнүн кызматчыларына кол койдурууга жетелейт, ошол аркылуу ал аларга да жиндерди киргизип өз падышачылыгын дүйнөгө жайылтат. Азыр, [2]Элүүнчү-Харзимат Кыймылы дүйнө жүзүндө официалдуу машайакчылык деноминациясы болуп эсептелет.
 
2Батыш машайакчылыгы материалдык жактан өнүгүп баштагандан кийин 20-кылымдан кийин сууй баштады. Ошол эле убакта, мунун натыйжасында, көптөгөн машайакчылар мурунку жыйындары супсак болуп калгандыктан Ыйсага жакындоо жолдорун издеп башташты. Кээ бирлеринде руханий өсүш жок болду, кээ бири жай өстү, кээ бирлери болсо ишеним менен өзүнүн Ыйсага болгон жеке сүйүүсүн чаташтырып коюшту. 
Элүүнчү-Харзимат Кыймылы ушундай кырдаалда чыкты. Бул кыймылга тиешелүү адамдар тилдерде сүйлөө, пайгамбарчылык кылуу, кереметтерди кылуу кылып биринчи элүүнчү күндөгү окуяны туурашат. Алар ушундай сезимдер менен өзүлөрүн Ыйык Рухтун башкаруусуна тапшырат, бирок алардын окутууларынын жана кылган иштеринин көбүнчөсү Ыйык Жазууга негизделбейт. 
Өнүгүп бара жаткан дүйнөдө, бул кыймыл алардын муктаждыктарына жараша абдан өстү. Алардын жетекчилери дүйнөнү байлык батасы жана ден-соолук батасы жана диний сезимдер менен тартышат. Азыр Жаңы-Элүүнчүлөр деген кыймылдын окутуусу Жаңы Кылым Кыймылынын окутуусу менен бир болуп калды. 
 
Бул дүйнө акырындап аягына келе жатат. Акыркы күндөрдө жогорудан төрөлүүнү кааласак, биз шайтандын кандай иштей тургандыгын билип жана ага каршы турууну да билишибиз керек. Биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту белекке алып күнөөлөрүбүздөн куткарылышыбыз зарыл. Кудайдын Руху бизге кандайча келе тургандыгын билип биз чындыкка кайрылышыбыз зарыл. 
Кудай айткандай эле, “Менин элим билим жетишпегендиктен талкаланат.” (Ошуя 4:6), азыркы күндө көптөгөн чындык издөөчүлөр текеберчилигинин айынан талкаланып жатышат, харзиматтар алады туура эмес жакка жетелеп кетишет. Адамдар Элүүнчү-Харзимат Кыймылы чөлдө жайгашса дагы ал жакка барат элек деп айтышат. Эмне үчүн андай? Харзиматтар жалган күчтөрүн көрсөтүү менен, кол койуу менен алардын ичинде жиндерди киргизишет. Алардын таланттарынын бири, алар кол койуу аркылуу күйүп жанып диний жашоо менен жашап калышат.
Харзиматтардын дагы бир белгиси, алар жыйындарга көптөгөн акчаларды беришет жана фанат ишенүүчүлөр болуп калышат. Көптөгөн машайакчылар жиндердин күчтөрү менен жакшы кабар таратууну каалашат, бирок алар өзүлөрү билбестен тозокко кетип бара жатышат. Бул адамдар, шайтандын күтөрүнө куткарылуу белгиси катары бекем ишенишет, алар эч шектенбестен асманга барабыз деп ойлошот. Бирок алардын жүрөктөрүндө күнөө бар жана алар талкаланууга бара жатышат.
Эгерде аларга төмөнкү суроону берсе, “Ыйсага ишенсең деле сенин жүрөгүңдө күнөө барбы?” алар сөзсүз түрдө күнөө бар деп жооп беришет. Алар айтат, Ыйсага ишенсе деле адамдын ичинде күнөө жок болушу мүмкүн эмес.
Адамдар жүрөгүндө күнөө бар болсо дагы Асман падышачылыгына барабыз деген ойго жакын келишет, себеби алар жалган күчтөргө ээ болушуп жана Ыйсага болгон ишеним менен өзүлөрүн сооротушат. 
Бул кандай гана начар үмүт! Алар бекем ишенип жаткандыгынын себеби, аларда табигый эмес жөндөмдүүлүктөр бар. Алар тилдерде сүйлөшөт, аяндарды алып жана ооруларды айыктырышат, жана алар бул нерселер Ыйык Рухтун иши деп ойлошот. Ошондуктан алар бул нерселер аркылуу Ыйык Рухту жана куткарылууну алдык деп айтышат. 
Мындай адамдар куткарылуу жөнүндө толук билимге ээ болбогондуктан, алар көзгө көрүнгөн жөндөмдүүлүктөрдү көрмөйүнчө куткарылууга ишенишпейт. Ошондуктан, бул адамдар көзгө көрүнгөн куткарылуунун белгисин көрүүгө абдан аракет кылышат да, натыйжада шайтан аларды колдонуп баштайт. Бул адамдар суу жана Рух жакшы кабарына ишенбестен Кудайдан жоопту тобо кылуу, сыйынуу же курмандык кылуу аркылуу издешкендиктен Ыйык Рухтун ордуна жалган рухтарды алышат.
Шайтан адамдардын кулактарына шыбырап мындай деп айыптайт, “Сен күнөө кылдың, чынбы?” ошентип аларды өзүн-өзү айыптоого жыгат. Мен бир адамды билчүмүн, ал адам күнөөсүнөн кечирим алган, Ыйык Рухка да ээ болгон. Ал жогорудан төрөлөнүүнү алганга чейин ысык жана берилген машайакчы болчу. Бул адам тилдерде сүйлөп кереметтерди жасачу. Ал Ыйсага ишенсе дагы ыйлап таң атканга чейин тобо кылып сыйынчу, бирок жүрөгүндөгү күнөөсү аны кыйнай берди. Ошондо шайтан ага мындай деп шыбырай баштады. “Сен күнөө кетирдиң, ошондуктан жашабай эле өлгөнүң жакшы.” Шайтан бат баттан келип аны айыптай берди, аны кыйнап күнөөсүн эске сала берди. Шайтан аны өзүн өзү айыптап сотоого жеткирди. Бирок, ал жүрөгүндөгү күнөөнү мойнуна алгандан башка эч нерсе кыла алган жок. Ал керемет жакшы кабарды укканга чейин өзүн шайтандын айыптоосунан бошото алган жок.
Суу жана Рух жакшы кабарына ишебегендер шайтанга олжо боло тургандыгын сен билишиң керек. Күнөөлөрүнөн кечирим ала элек адамдын шайтанды четке какканга күчү жетет деп ойлойсуңбу? Суу жана Рух жакшы кабарын карманбаган адам шайтандын торуна түшүп азап тартат. Кудайдын суу жана Рух жакшы кабары шайтанды кубалоо үчүн зарыл. Ошондуктан, Ыйсага ишенген адам суу жана Рух жакшы кабарына дагы ишенүүсү керек, жана аны бүт дүйнөдөгү адамдарга таратуусу керек. Муну уккандар ага ишенип жана баш ийүүсү зарыл.
 

Мыйзамсыздык сыры азыр иштеп жатат!
 
Азыр бүткүл дүйнөдө шайтандын иш-аракеттери жүрүп жатат. Эгерде биз адамдарга Ыйык Рухту алууга жардам берген жакшы кабарды таратууну кааласак, анда Ыйык Рух жөнүндөгү туура эмес түшүнүктөрдү жок кылышыбыз керек. 
Биринчи биз Ыйык Рухтун кол койуу аркылуу келе турганы жалган экендигин аныктап кетишибиз керек. Биз “кол койгондо тилдерде сүйлөө, орозо кармоо жана тобо кылуу аркылуу ысык нерсени сезүү, Ыйсанын Өзү келип сүйлөшкөнү” шайтандын иштери деп күбөлөндүрүшүбүз керек. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу адамдар шайтандын жалганынан кутула алышат. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу гана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим ала алабыз. 
Биз шайтанды, “жалгандын атасын” суу жана Рух жакшы кабары аркылуу жеңишибиз керек. Шайтан дүйнө жүзүндөгү адамдардын бардыгын өзүн-өзү айыптоо кишени менен байлап алган, ошондуктан биз бул адамдарды чындыкта буруп, алардын сезимдери шайтандан болгон жалганы нерселер деп түшүндүрүшүбүз керек. 
Бүгүнкү күндө, Ыйык Рухту акчага сатып алууну каалган Самариялык Шымонго окшогон адамдар, жыйындарда кызмат кылышат. Алар сокурларды жетелеген сокурлар. Алар суу жана Рух жакшы кабарын билишпегендиктен жана жүрөктөрүндө күнөө бар болгондуктан адамдардарга куткарылуу жолун көрсөтө албайт. Алар түнкү сыйынууларды өткөрүү, тобо кылып сыйынууга чакыруу жана кол койуу аркылуу адамдардын ичтерине жиндерди киргизип жатышат. Бул адамдар жини бар адамдар, эгерде аларды Кудайдына сөзүнө кайрыганды кааласаңар, суу жана Рух жакшы кабары жөнүндө билим берип шайтандын иштерин талкалоо керек. Эгерде адамдар шайтандын стратегияларын билишпесе, алар билбестиктен шайтандан жапа чегип жүрө беришет. 
Мен айткандай эле, кол койуу аркылуу тилдерде сүйлөө, пайгамбарчылык кылуу сыяктуу иш аракеттер шайтандын иш аракеттери. Башкача айтканда харзиматтардын күчү шайтандын иши аркылуу келет. Биз аларды үйрөтүп аларга мындай деп айтуубуз керек. “Эгерде сенин ичиңде күнөө бар болсо сенин ичиңде шайтан иштеп жатат. Ичиңде күнөө бар болсо деле, ичимде Ыйык Рух жашап жатат деп ойлосоң, анда алданып жүрөсүң.” 
Апостолдордун ишеними жана Элчилердин иштери 8-бөлүмдө кол койуу аркылуу кабыл алган адамдар экөө бир эле категорияга кирет, себеби экөө тең Ыйсанын суу жана Рух жакшы кабарына ишенишчү. Бирок апостолдордун ишеними бүгүнкү күндө кол койуу аркылуу эле Ыйык Рухту алса болот деп ишенген машайакчылардыкынан башкача болгон. 
Күнөөлөрүнөн кечирим алган адам, башка бирөөнүн үстүнө кол койсо, ал адам Ыйык Рухту алабы? Жок. Ыйык Жазууда Кудайдын Руху суу үстүндө учуп жүрдү деп жазылган (Башталыш 1:2). Мунун мааниси, ким күнөөлөрдөн кечирим жана Ыйык Рухту алгысы келсе, ал суу жана Рух жакшы кабарын угуп жана ишенүүсү керек. Кудай Ыйык Рухту суу жана Рух жакшы кабарына ишенип жогорудан төрөлүп калган адамдарга белек катары жиберет. 
Эгерде биз Ыйык Рухту алуу үчүн кол койдуруу керек деп айтсак, анда Кудай күнөөлөрдөн куткаруу үчүн берген суу жана Рух жакшы кабарына каршы чыккан болобуз. Бир адам башка бирөөнө Ыйык Рухту бере алат деп ишенген адамдар шайтандын тузагына оңой түшөт. Мындай эч качан болбошу керек. 
Биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенгенде биздин бардык күнөөлөрүбүз кечирилген, муну Ыйык Рух күбөлөндүрөт. Ким суу жана Рух жакшы кабарына ишенсе, анын жүрөгүндө күнөө жашабай калат. Ал күнөө кылбагандыгы үчүн эмес, бирок анын суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендиги үчүн. Суу жана Рух жакшы кабары анын жүрөгүндө күнөө жок деп күбөлөндүрөт, Ыйык дагы ошондой деп күбөлөндүрөт. Кудайдын Руху ичинде жашабаган адам Ыйсаны Куткаруучу деп атай албайт.
Ичинде жини бар адамдар суу жана Рух жакшы кабары тууралуу билишпейт, алар муну талкууга да алышпайт. Алар суу жана Рух жакшы кабарын билишпейт дагы, алар чындыкты да ажыратып биле алышпайт. Алар Ыйык Рух кол койуу аркылуу келет деп ойлошот. Бирок Ыйык Рух эч качан кол койуу аркылуу келбейт. Сен шайтандын иштери дүйнөдөгү жыйындарга жалган окутуу менен абдан чоң таасирин тийгизип жатканын билишиң керек. Ошондуктан суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу чыныгы Ыйык Рухту кабыл алуу өтө зарыл.