• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-3] Cен Ыйсага Ишенгенде Ыйык Рухту Алдың Беле? (Эл иш 19:1-3)

2021.05.01 228
Cен Ыйсага Ишенгенде Ыйык Рухту Алдың Беле?
(Эл иш 19:1-3)
“Аполос Корунтта жүргөн убакта Пабыл бөксө тоолордун үстүдө жайгашкан өлкөлөрдү аралап өтүп, Эфеске келди да, ал жерден бир нече шакиртке жолугуп: ‘Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?’ – деп сурады. Алар болсо ага: ‘Ыйык Рухтун бар экенин да уккан эмеспиз’, – деп жооп беришти. Ошондо Пабыл алардан: ‘Анда силер кайсы чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлдүңөр эле?’ – деп сурады. Алар ага: ‘Жакандын чөмүлдүрүүсү менен’, – деп жооп беришти.’”
 

Эмне үчүн Жазууда, “Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар ээ болушат?” деп жазылган.
Себеби адамдар Асман Падышалыгын Ыйса бардык күнөөлөрдү өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу жок кылды деп айткан керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу ала алышат. 
 
Пабыл кандай жакшы кабарды тараткан? Ал Анын чөмүлүүсү жана Каны деген жакшы кабарды тараткан. Эл иштери 19:1 аятта жазылган, “Аполос Корунтта жүргөн убакта Пабыл бөксө тоолордун үстүндө жайгашкан өлкөлөрдү аралап өтүп, Эфеске келди да, ал жерден бир нече шакиртке жолугуп: ‘Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?’” – деп сурады Бул адамдар Ыйсанын чөмүлүүсүн билбей эле Ыйсага ишенип жүрүкөн. Алар Ыйык Рухка ээ кыла турган кереметтүү жакшы кабарды билишчү эмес. Ошондуктан Пабыл суроо берген, “Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?” бул Эфестеги ишенгендердин кээ бири үчүн тааныш эмес болчу. Башка адамдар алардан мындай деп сурайт эле, “Ыйсага ишендиңер беле?” Бирок Пабыл алар Ыйык Рухту алып ишенимин жаңыртуу үчүн суроону өзгөчө берди. Пабылдын тапшырмасы Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны болгон кереметтүү жакшы кабарды таратуу болгон. Пабыл, Петир жана Жакан дагы Жакан чөмүлдүрүүчү аркылуу Ыйсанын чөмүлүүсүн күбөлөндүрүшкөн. 
Чөмүлүү жакшы кабары тууралуу апостолодордун күбөлүктөрүн карап көрөлү. Биринчи Пабыл күбөлөндүрөт, “Албетте, жок! Биз күнөө үчүн өлгөнбүз, кантип дагы эле күнөө кылып жашай бермек элек? Же силер Машайак Ыйсага чөмүлдүрүлгөн биз – баарыбыз Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлгөнүбүздү билбейсиңерби?” (Рим 6:2-3) жана “Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер” (Галат 3:27).
Апостол Петир дагы Ыйсанын чөмүлүүсү жакшы кабарын күбөлөндүргөн 1 Петир 3:21, аятта жазылган, “Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берү.”
Апостол Жакан бул керемет жакшы кабар жөнүндө күбөлөндүрөт 1 Жакан 5:5-8. “Дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким жеңе алат? Кудайдын Уулу жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөр Ал – суу жана кан менен келген Ыйса Машайак. Ал суу менен гана эмес, суу жана кан менен келди. Ал жөнүндө Рух күбөлөндүрөт, анткени Рух – чындык. Ошентип, асманда үчөө күбөлөндүрөт: Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Бул үчөө бир. Жерде үчөө күбөлөндүрөт: рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.”
Кереметтүү жакшы кабардын аткарылышы үчүн Жакан Чөмүлдүрүүчү абдан маанилүү роль ойногон. Ыйык Жазуу Жакан Чөмүлдүрүүчү тууралуу мындай деп айтат Maлахия 3:1-3 жана Матай 11:10-11. Жакан Чөмүлдүрүүчү адамзаттын өкүлү болгон жана ал жөнүндө Эски Осуятта Илияс келет деп пайгамбарчылык кылышкан. Эски Осуятта, кол койуу аркылуу адамзаттын күнөөсү жүктөлгөндөн кийин курмандыкка чалынуучу мал мууздалган. Жаңы Осуятта Ыйса өз чөмүлүүсү менен бардык күнөөлөрдү мойнуна жүктөп, күнөөлөр үчүн төлөө максатында айкаш жыгачка кадалган. Иордан дарыясындагы чөмүлүү аркылуу Жакан Чөмүлдүрүүчү адамзаттын күнөөсүн Ыйсага жүктөгөндүктөн Ыйса адамзатты куткарды.
Кудай адамзатты күнөөлөрүнөн куткаруу үчүн эки улуу ишти пландап койгон жана Ал экөөнү тең аткарды. Биринчи Ыйса Кыз Мариям аркылуу бул дүйнөгө денеде келиши керек болчу, анан Ал дүйнөнүн күнөөсү алуу учүн чөмүлүп жана айкаш жыгачка кадалышы керек болчу. Экинчиси Жакан Чөмүлдүрүүчү Элизабеттен төрөлүшү керек болчу. Адамзатты күнөөдөн куткаруу үчүн Кудай ушул эки нерсени аткарды. Бул Үч Бирдиктүү Кудай аркылуу пландалган иш болчу. Кудай Жакан Чөмүлдүрүүчүнү Ыйсадан алты ай мурун жөнөттү, анан Ыйса Машайкты жөнөттү, Ал адамзаттын Куткаруучусу, бул аркылуу адамзатты күнөө үчүн болгон соттон куткарды. 
Ыйса Жакан Чөмүлдүрүүчү тууралуу күбөлөндүрөт Матай 11:9. “Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коёюн, ал пайгамбардан да чоң.” Андан кийин, дүйнөнүң күнөөсүн Ыйсага жүктөгөн Жакан Чөмүлдүрүүчү кийинки күнү мындай деп күбөлөндүрдү, “Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кете турган Кудайдын Курмандык Козусу!” (Жакан 1:29).
Биз көбүрөөк билишибиз үчүн Ыйык Жазуу Ыйсаны Чөмүлдүргөн Жакан жөнүндө көп жазган. Жакан Чөмүлдүрүүчү бул дүйнөгө Ыйсадан мурун келген. Анын ролу Кудайдын планы болгон керемет жакшы кабарды ишке ашыруу болчу. Ыйык Жазуу Ыйса Кудайдын эркин аткаруу үчүн Жакандан дүйнөнүн күнөөсүн алды ал эми Жакан Ыйсага дүйнөнүн күнөөсүн жүктөдү дейт. 
Ыйсаны Чөмүлдүргөндүгү үчүн биз аны Жакан Чөмүлдүрүүчү деп атасак болот. Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсүнүн мааниси кандай? “Чөмүлүү” деген сөз “жуу” деген маанини билдирет. Эгерде дүйнөнүн бардык күнөөлөрү чөмүлүү аркылуу Ыйсага өтсө, анда алар жуулду. Ыйсанын чөмүлүүсүнүн дагы бир мааниси “кол койуу” бул Эски Осуяттагы күнөө үчүн курмандык алып келгенде аткарылган. Чөмүлүүнүн руханий мааниси “өткөрүү” “жуунуу” же “көмүлүү.” Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсү бул дүйнөдөгү адамдардын бардыгынын күнөөлөрүн Өзүнө жүктөө үчүн кылган иш болгон.
Ыйсанын чөмүлүүсү кол койуу менен бирдей мааниге ээ, Эски Осуятта курмандыкка ушундай жол менен күнөөлөрдү жүктөшчү. Башкача айтканда, Ысрайыл эли күнөөлөрдөн кечирим алуучу күнү башкы ыйык кызматчынын курмандыктын үстүнө кол койуусу аркылуу бир жылдык күнөөсүн курмандыкка жүктөшчү. Эски Осуяттагы бул курмандык Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы өлүмү менен бирдей функцияны аткарган. 
Кудай бул күндү Ысрайылдын күнөөсүн алуу үчүн белгилеген. Жетинчи айдын онунчу күнү, башкы ыйык кызматчы элдин бир жылдык күнөөсүн курмандыктын башына кол койуу аркылуу жүктөгөн. Бул Кудай белгилеген курмандык алып келүү системасы болгон. Бул курмандыкка күнөөлөрдү жүктөөнүн жалгыз жолу болгон, бул Кудай аркылуу коюлган түбөлүк мыйзам. 
“Арун эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысрайыл уулдарынын бардык мыйзамсыздыктарын, кылмыштарын, күнөөлөрүн ачык айтып, аларды текенин башына жүктөп, дайындалган бир адам менен чөлгө кетирет. Теке алардын бардык мыйзамсыздыктарын өзүнө жүктөп, адам бара алгыс жерге алып кетет. Ал текени ошентип чөлгө коё берет” (Лебилер 16:21-22).
Эски Осуятта күнөөкөр колун курмандыктын үстүнө коюп кечирим алуу үчүн күнөөлөрүн ага жүктөгөн. Күнөөлөрдөн кечирим алуу күнү, башкы ыйык кызматчы Арун, бүткүл Ысрайылдын өкүлү катары, курмандыктын башына колун коюп, Ысрайылдын күнөөсүн ага жүктөгөн. Күнөөлөр жүктөлгөндөн кийин курмандык малы өлтүрүлгөн.
Мунун Жаңы Осуятта Ыйса алган чөмүлүү менен мааниси бирдей (Baptisma Грек тилинен мааниси “жуулу, көмүлүү, өткөрүү”). Эски Осуятта башкы ыйык кызматчы колун курмандыктын башына коюп Ысрайылдын күнөөлөрүн жүктөгөн сыяктуу, Ыйсанын Жакан Чөмүлдүрүүчү аркылуу алган чөмүлүүсү аркылуу адамзаттын күнөөсү Ыйсага өткөн. Биздин күнөөлөрүбүздү жок кылуу үчүн Ыйса айкаш жыгачта өлгөн. Бул кереметтүү чындык жакшы кабар. 
Башкы ыйык кызматчы Арун Ысрайыл элинин ордуна курмандык чалган сыяктуу эле, Арундун тукумунан чыккан Жакан Чөмүлдүрүүчү, адамзаттык өкүлү катары Ыйсаны чөмүлдүрүп, адамзаттын күнөөсүн Ага жүктөгөн. Ыйык Жазууда Кудай Өзүнүн сүйүү планын сүрөттөп жазган Забур 50:4-5, “Ал Өз элин соттоо үчүн, жогорудан асман менен жерге чакырык салып жатат: Курмандыктын жанында Мени менен келишим түзгөн Менин ыйыктарымды чогулткула.” Оомийн, Аллелуя.
Жыйындын тарыхын карасак биринчи жана экинчи кылымдарда Рождество майрамы майрамдалбагандыгын көрөбүз. Биринчи машайакчылар жана Ыйсанын шакирттери 6-Январды Жакан Чөмүлдүрүүчү аркылуу Иордандан “Ыйсанын Чөмүлүү Күнү” катары майрамдашкан. Эмне үчүн өздөрүнүн ишениминде алар Ыйсанын чөмүлүүсүнө басым жасашкан? Жооп – бул машайакчылык жана апостолдордун салтынын ачкычы болгон. Бирок мен силер ишенүүчүлөрдүн чөмүлүүсү менен Ыйсанын чөмүлүүсүн чаташтырбайт деп үмүттөнөм.
Бүгүнкү күндөй эле ишенгендердин чөмүлүүсү менен Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсүнүн мааниси таптакыр бөлөк. Ошондуктан, эгерде биз Ыйык Рухту алууну кааласак, Ыйсанын шакирттери менен бирдей ишенимде болушубуз керек. Биз бардыгыбыз Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алышыбыз керек. 
Эгерде биринчи жыйын чөмүлүүнү маанилүү ритуал катары көргөн болсо, бул алардын Ыйсанын чөмүлүүсү болгон негизги ишениминен улам болгон жана биз дагы бүгүн Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсүн биздин куткарылуу үчүн зарыл нерсе катары карашыбыз абзел. Бүгүнкү күндөн баштап биз Ыйса Жакандан алган чөмүлүүнүн натыйжасында айкаш жыгачка кадалган деген туура ишеним жана так билим менен жүрүшүбүз зарыл. Биз Ыйса чөмүлүп, айкаш жыгачка кадалып жана биздин Куткаруучу болуу үчүн тирилген дегенге ишенгенде Ыйык Рух биздин ичибизде жашап баштай тургандыгын эсибизге түйүп коюшубуз керек. Керемет жакшы кабар үчүн Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү менен айкаш жыгачта төгүлгөн кандын мааниси зор. 
Ыйык Рухту алуунун эң коопсуз жолу бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны деген кереметтүү жакшы кабарга ишенүү. Ыйсанын чөмүлүүсү адамзаттын күнөөсүн бир жолу тазалаган. Бул бизди Ыйык Рухту алууга жетелеген куткарылуу чөмүлүүсү. Кээ бир адамдар Ыйсанын чөмүлүүсүнүн күчүн билишпегендиктен, алар муну жөнөкөй гана церемония деп ойлошот.
Ыйсанын чөмүлүүсү бизге Анын дүйнөнүн күнөөсүн алып айкаш жыгачта азап тарткандыгын баяндаган керемет жакшы кабардын бир бөлүгү. Бул кереметтүү жакшы кабардын сөздөрүнө ишенген адам Теңирге тиешелүү жыйындын мүчөсү болуп калат, жана Ыйык Рух белеги менен ырахаттана алат. Күнөөсүнөн кечирим алгандар үчүн Ыйык Рух Кудайдан келген белек.
Өз чөмүлүүсү менен Ыйса “дүйнөнүң күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Курмандык Козусу” болуп калды (Жакан 1:29). Жакан 1:6-7 айтат, “Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле. Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калыш үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.” Ыйсага биздин күнөөлөрүбүздү алып кеткен Куткаруучубуз катары ишенүү үчүн биз Ыйык Жазууда жазылган Жакандын кызматын жана күбөлүгүн түшүнүшүбүз керек. Ошондо биз Ыйса Машайакка Куткаруучубуз катары ишене алабыз. Ыйык Рухту алуу үчүн, биз анын күбөлүгү аркылуу бекем ишенимде болушубуз зарыл. Ошондуктан, керемет жакшы кабар толук болушу үчүн биз Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана Анын айкаш жыгачта төккөн канына ишенишибиз керек.
Матай 11:12 аятта жазылат, “Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар ээ болушат.” Бул аят Ыйык Жазуудагы эң татаал аяттардын бири катары белгилүү. Бирок биз “Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн күнүнөн баштап” деген сөзгө көңүл бурушубуз керек. Бул Жакандын кызматы Ыйсанын бизди куткаруу үчүн кылган кызматы менен байланыштуу деп айтып жатат. 
Ыйса биздин Падышалыкка, ээ бербеген адам сыяктуу эле бекем ишеним менен киришибизди каалайт. Биз күн сайын күнөө кетиребиз, биз алсызбыз бирок мыйзамсыздыктарыбызга карабастан ал ишеним аркылуу Өз падышалыгына киргүүгө уруксат берди. Демек бул аяттын мааниси адамдар Ыйса Жакандан алган Өз чөмүлүүсү менен дүйнөнүн күнөөсүн алып айкаш жыгачта канын төктү деп жарыялаган керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу асман падышалыгын ала алышат. Башкача айтканда, бул аяттын мааниси Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны болгон керемет жакшы кабарга бекем ишенүү аркылуу Асман Падышалыгын алса болот дегенди билдирет.
Ыйсанын чөмүлүүсү биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетти, жана биздин ишеним Ыйык Рухту алганыбызга кепил боло алат. Биз жакындарыбызга, коңшуларыбызга, туугандарыбызга, тааныштарыбызга жана дүйнөдөгү ар бир адамга жакшы кабар айтышыбыз керек. Биз Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөсү Ага өттү деп жарыялаган жакшы кабарга ишенүүбүз керек. Ишеним аркылуу биз куткарылуу жана Ыйык Рухту ала алабыз. 
Ыйсанын чөмүлүүсү бардык күнөөлөрүбүздү алды жана Анын каны күнөөлөр үчүн болгон сот болду. Биз ишенбегендерге суу жана Рух керемет жакшы кабарын айтышыбыз зарыл. Ошондой кылсак гана, алар ишенип жана Ыйык Рухту ала алышат. Мен силердин буга ишенүүңөрдү каалайм. Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачына ишенүү аркылуу гана адам күнөөлөрүнөн кечирим алып, Ыйык Рухкка ээ боло алат.
Ар бир адам, суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу ичинде Ыйык Рух жашаган Теңирдин уулу жана бир тууган болууга акысы бар. Сенин керемет жакшы кабарга болгон ишенимиң Пабылдыкындай ишеним болушу керек. Ушул керемет жакшы кабарды бергендиги үчүн Теңирди даңктайм. Оомийин.