• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-4] Ыйсанын Шакирттери менен Окшош Ишенимде Болгондор (Эл иштери 3:19)

Ыйсанын Шакирттери менен Окшош Ишенимде Болгондор< Эл иштери 3:19 >
“Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла.”
 

Апостолдордо кандай ишеним болгон?
Алар экөөнө тең, Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенишкен. 
 
Ыйса Машайактын шакирттерин карасак, алар Ыйык Рухту алгандан кийинки ишеними менен ала элек кезиндеги ишенимдерин салыштырсак таптакыр башкача болгон. Алардын денелери өзгөрүлгөн эмес, бирок алар Ыйык Рухту алгандан кийин, Ыйсанын жарыгы аркылуу алардын жашоосу таптакыр өзгөргөн.
Мен жашаган шаарда кооз тоолор жана көлдөр бар. Мен андай кооздукту көргөндө, мен ыраазычылыкка толуп токтоно албай ушундай жаратылыш үчүн Теңирди даңктап баштаймын. Хрусталдай тунук суунун күнгө чагылышып жаркылдашы менин жүрөгүмдү козгоп дүйнө мага алтындан жасалгандай көрүнүп кетет.
Бирок ал кооздук көрүнбөй турган жерлер дагы бар. Кээ бир жерлерде асман көпкөк болуп, ачык болуп турса дагы, күндүн нурунан суу жаткан жерлер саз сыяктуу көрүнөт. Бул анча жагымдуу көрүнүш эмес. Ушундай көлдү көргөндө мен Теңирге керемет жакшы кабар аркылуу күнөөмдү тазалап Ыйык Рухун бергендиги үчүн рахмат айтамын. 
Саздак жердин үстү жарыкты чагылдыра албаган сыяктуу, биз дагы Кудайдын жарыгынан алыспыз жана күнөөкөр табиятыбыз менен белгисиз жакка жол тартып бара жатабыз. Эгерде Ыйык Рух биздин ичибизде жашаса, биз Кудайдын балдары катары таанылып жана жакшы кабарды башка адамдарга үйрөтөбүз. Жарыкты кабыл алып калгандыктан, биз дагы жаркырайбыз.
Ошол сыяктуу эле Ыйса тирилгенден кийин, Анын шакирттери Ыйык Рухту кабыл алып Кудайдын балдары жана жарыктын апостолдору болуп калышты. Ыйык Рухтун жарыгы бул чоң бата ошондуктан көп адамдары Ыйык Рухту алууну каалашат.
 
 

Апостол Пабылдын ишеними

 
Апостол Пабылдын ишеними кандай болгон? Пабыл, өзү жөнүндө ошол убактагы улуу мыйзам окутуучу Гамалиилден билим алгам деп айткан. Бирок ал мыйзам аркылуу куткарылуу ала албагандыгын мойнуна алып, биздин Куткаруучу Ыйсаны куугунтуктаганын айткан. Бир күнү ал Дамаскка бара жатып Ыйсага жолугат жана Анын жакшы кабарын таратуучу болуп калат. Ал Ыйсага бул дүйнөгө келген жана дүйнөнүн күнөөсүн тазалаш үчүн Жакан аркылуу чөмүлүү алып жана ал күнөөлөр үчүн соттолуп айкаш жыгачта кан төккөн Кудайдын Уулу катары ишенип калат. Башкача айтканда Пабылдын жүрөгүндө, күнөөлөрдөн болгон кечиримге ишеним болгон. 
Ыйсанын шакирттери Ыйсанын алардын күнөөлөрүн кечирүү үчүн Жакандан алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта кан төккөндүгүнө ишенишкен. Пабыл ушул ишенимди шакирттер менен бөлүшкөн жана бардык күнөөлөрүнөн куткарылган. 
Пабыл Галаттыктарга мындай деген 3:27, “Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер,” деп куткарылуу үчүн Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенүү керек экендигин айткан. Петир дагы, айткан 1 Петир 3:21, “Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү.” жана ал бул аят аркылуу Ыйсанын чөмүлүүсү болгон керемет жакшы кабарды көрсөткөн. Ыйсанын шакирттери Анын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн тазалап кетти деп ишенишкен. Алар күнөөлөрүнөн кечирим алып, чындыкка ишенишип, мыйзамдын каргышынын алдында болушкан эмес. 
Алар Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенишкен. Бул ишеним шакирт болуу үчүн зарыл болгон. Эл иштери 1:21-22, аяттарда жазылган, “Ошондуктан бизге бир адам кошулуп, Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенин биз менен бирге күбөлөндүрүүсү керек. Ал адам Теңир Ыйса биздин арабызда жүргөн убакта, башкача айтканда, Жакан сууга чөмүлдүрө баштаган күндөн тартып, Ыйса биздин арабыздан асманга көтөрүлүп кеткен күнгө чейин биз менен чогуу жүргөндөрдүн бири болуусу керек.” Ыйсаны шакирти болу Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнөн башталат. 
Биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алуу үчүн ишенүүчү чындык бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачта төккөн каны. “Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер.” (Галаттыктар 3:27) Ошондуктан Пабыл дагы Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенген. 
Келгиле Тит 3:5 аятты карап көрөлү. “Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды.” “Кайра төрөлтүү үчүн жуунуу” деген фраза бар мунун мааниси Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөсү жуулган дегенди билдирет. Ошол сыяктуу эле, эгерде сен күнөөлөрүңдөн кечирим алууну кааласаң, анда сен Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсү аркылуу сенин күнөөлөрүң Ыйсага өткөн деп окуткан керемет жакшы кабарга ишенүүң керек. Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы жана кан төгүшүнүн себеби, Анын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнө жүктөп алгандыгы болгон. Бул чындыкка ишенүү Ыйык Рухту алуу үчүн жетиштүү факт. Пабыл өзү дагы Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишене тургандыгын айткан. 
Келгиле Эврейлер 10:21-22, аяттарды карап көрөлү, “Кудай үйүн башкарган улуу Ыйык кызмат кылуучубуз бар, ошондуктан жүрөгүбүздө булганган абийирден кан чачуу менен тазалап, денебизди таза сууга жууп, Кудайга таза жүрөк жана бекем ишеним менен жакындайлы.” Бул жерде, “таза сууга жууп” деген Ыйсанын адамзаттын күнөөсүн тазалоо үчүн Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүн айтып жатат. 
Ошондуктан, Эски Осуяттан жана Жаңы Осуяттан, Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны жөнүндө жазылган жакшы кабарды тапсак болот. Сен дагы Пабыл ишенген ишеним менен бөлүшүшүң керек.
Бүгүнкү күндө көптөгөн машайакчылар Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөн чөмүлүүсү аркылуу бүткүл дүйнөнүн күнөөсү тазаланганын билбей куру бекер ишеним менен ишенишет. Кээ бир теологдор адам күнөөсү кечирилиши үчүн өзүлөрү сууга чөмүлүүлөрү керек деп талашып тартышышат. Бул божомол Ыйык Жазууда жазылган суу жана Рух жакшы кабарын түшүнбөстүктөн чыкса керек. Биздин күнөөлөр жөнөкөй сууга чөмүлүп койуу церемониясы менен эле кечирилбейт. Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына болгон ишеним биздин бардыгыбыздын күнөөлөрүбүздү тазалайт. Жалгыз гана керемет жакшы кабарга, Анын каны күнөөлөр үчүн төлөө максатында төгүлгөндүгүнө ишенгендердин күнөөсү кечирилет. Ушул ишенимге ээ болгондор гана Ыйык Рухту ала алышат. 
“Ошондуктан жүрөгүбүздү булганган абийирден кан чачуу менен тазалап, денебизди таза сууга жууп, Кудайга таза жүрөк жана бекем ишеним менен жакындайлы” (Эврейлер 10:22). Эврейлерди жазган автор бизге таза жүрөк жана бекем ишеним менен Кудайга жакындайлы дейт. Сен дагы Ага таза жүрөк жана керемет жакшы кабарга болгон бекем ишеним менен жакындасаң болот. 
Бүгүнкү күндө, машайакчылар Ыйык Рухту алабыз деп үмүттөнүшөт. Бирок Ыйык Рух күнөөсү кечирилгендердин гана ичинде жашайт. Муну көптөрү билбейт жана Ыйык Рухту суу жана Рух жакшы кабарына ишенбей туруп эле алууу каалашат. Ыйса ишенип бирок суу жана Рух жакшы кабарына ишенбегендер Ыйык Рухту ала алышпайт. Себеби алардын жүрөктөрү таза эмес.
Пабыл Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана Анын айкаш жыгачта төккөн канына ишенген, ошондуктан ал Ыйык Рухта алган. Ошондуктан, ал бул ишенимди таратып, аны жалган окутуу деп айыпташкан. Бирок Ыйык Рух анын ичинде жашагандыктан, өмүрүнүн аягына чейин ал суу жана Рух жакшы кабарын тараткан. “Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам” (Филиптиктер 4:13). Ал Кудайга кеткенге чейин, Ал Кудайга кызмат кылып, Ыйык Рухтун коргоосунда жашаган. Пабылдыкына окшош ишенимге ээ болгондор гана Ыйык Рухту ала алышат. 
Келгиле Пабылдын ишенимин карап көрөлү. Колостуктар 2:12, аятта жазылган, “Силер сууга чөмүлдүрүлгөндө, Аны менен бирге көргө коюлгансыңар, Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын күчүнө ишенүү аркылуу Аны менен бирге тирилдиңер.” Ал Жакан аркылуу чөмүлгөн Ыйсага ишенип күнөөлөрүнөн кечирим алган.
 
 

Байыркы убактан бери машайакчылык кандай өзгөрдү?

 
Келгиле азыр Ыйсада Ыйык Рухту алып шакирт болуп калган бир туугандын күбөлүгүн угуп көрөлү.
“Жашым өтүп бара жатса да мен төрөбөдүм, ошондуктан бата алууну издеп жыйындан жыйын кыдырдым. Ал эмес үйдө отурганымда да бала сурап бир же эки саат сыйынат элем. Акыры ошол адат диний салтка айланып да калды. 
Ушундай динчилдикте жашап жүргөн убагымда, мен өзүмдөн улуу бир аялга жолуктум. Ал аял балалуу болууну кааласаң мен кол коюп сыйынышым керек деди. Мен ал аял Кудайдын кабарчысы деп уккан элем, ошондуктан ага кол койууга жол бердим. Ошол убакта мен эч качан сезбеген бир нерсе сездим. Менин тилим буралып бөлөк тилде сүйлөй баштадым жана ысык энергия денемди каптаганын сездим. 
Мен муну Ыйык Рухту алдым жана сыйынуума жооп алдым деп түшүндүм. Колун башыма коюп сыйынган аял Ыйык Рухтан белек алган, пайгамбарчылык кылып, айыктыра ала турган аял сыяктуу көрүндү. Ал Кудайдын сөзү тууралуу эч качан билим албаса да, Ыйык Рухтун күчүн колдоно алчу, ал кол койуу аркылуу көптөгөн пасторлорго жана билим алгандарга Ыйык Рухту алууга жардам берген экен. 
Ошол күндөн баштап, мен ошол “[3]жаңылануу/Ойгонуу кыймылы.” деп аталган жыйынга катыша баштадым. Ошол чогулушта сыйынып жатканымда, денемди бир нерсе каптап Кудайга жана жакындарыма болгон сүйүүнү сездим. Ушул эле нерсе эстен танып тилде сүйлөп жаткан адамдар менен дагы болду. Ал жакта жини бар адамдар дагы бар эле, анан чогулушту жетектеп жаткан адам жиндерди кубалап жатты. Бул Жаңылануу/Ойгонуу кыймылынын максаты адамдарга денени дүркүрөтүү, пайгамбарчылык, жин кубалоо жана тилдерде сүйлөө аркылуу Ыйык Рухту алууга жардам берүү болчу. Бирок ушул нерселерди сезгениме карабастан, менде дагы эле күнөө бар болчу, ал жүрөгүмдөгү күнөөлөр мага коркунуч жана уялуу сезимдерин берип жатты. 
 
3Жаңылануу бул машайакчылык өмүрдүн табигый жана өтө зарыл бөлүгү, бул руханий жеткилеңдикте жеткирет, Рухтун жемиши аркылуу далилденет. Бирок кийинки жылдары, Ыйык Жазуу боюнча жеткилеңдикти түшүндүргөн “жаңылануу” деген терминнге башкача аныктама беришти. Алар “жаңылануу” дегенди эмоцияны башкара албай калуу, ар кандай көрүнүштөр деп Ыйык Жазууда жок окутууларды жана иштерди кошуп ташташкан. 
Жаңылануу жана ойгонуу кыймылы чыгарган окутуулар жана иштер ушундай: алар Ыйык Жазуудан чыгып харзиматтык кыймылдарга ашыкча басым кылышат, жалган көрүнүштөр, жалган окутуулар, жалган пайгамбарчылыктар, жалган жышаандар жана кереметтер, ж.б. Бирок, бул кыймылдардын бардыгынан коркунучтуусу алар адамдарды керемет жакшы кабар жолунан жана Ыйык Рухту алуу жолунан адаштырышат.
 
Ошондуктан, качан мен сыйынганда, күнөө көйгөйүн чечүү үчүн катуу сыйынып жаттым. Мен күнөө кылганымды мойнума алдым бирок адамдар мен периште катары эсептеп жатышты. Мен жакшы ишеним менен жүрөм деп ойлогом, бирок мен жаңылышкан болчумун. Эгерде мен өз катамды түшүнбөсөм, Ыйык Рухту албай калат элем.
Андан кийин, мен суу жана Рух жакшы кабарын таратып жүргөндөргө жолуктум жана Кудайдын сөзүнө ишенүү аркылуу күнөөлөрүмдөн кечирим алдым. Азыр мен чындап бактылуумун. Мен суу жана Рух жакшы кабарына ишенем жана Ыйык Рухту алдым. Мен Кудайга ыраазымын. Мен дүйнөдөгү бардык эле машайакчылар керемет жакшы кабарга ишенип Ыйык Рухту алып калышын каалайт элем. Мен Теңирге ырахмат айтам.”
Биз бул окуядан Ыйык Рухту алуу үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү керек экендигин түшүндүк. Эгерде сен күнөөлөрүңдөн кечирим алууну кааласаң, анда сен Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө ишенүүң керек. Келгиле Эфестиктер 4:5 аятты карайлы. “Бир Теңир, бир ишеним, бир чөмүлүү.” Бул аят биз ишенген Теңир бирөө, чөмүлүү бирөө деп жатат. Ыйык Рухту алуу үчүн бардыгыбыз Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүүбүз керек. Эгерде ишенбесек, анда Ыйык Рух биздин ичибизде жашабайт.
Бир убакта кээ бир адамдар Ыйыктык жана Тазалык Кыймылы ыйыктык Ыйык Рухту алууга жардам берет деп окутушкан. Бирок, сен биз ошол кыймылга кошулсак Ыйык Рухту алабыз деп ойлойсуңбу? Сен ошол Ыйыктык жана Тазалык Кыймылына кошулуу аркылуу Ыйык Рухту алдың беле? Эгерде ушундай кылуу мүмкүн болсо сен ага ишенсең болот. Бирок эгерде Ыйык Рух ошондой адамдарга келсе, анда Ыйсанын жер үстүнө келип жана бизди күнөөлөрдөн куткаруусунун зарылчылыгы жок болчу анда Ага Жакандан чөмүлүү алып жана айкаш жыгачта кан төгүүсүнүн кереги жок эле да. 
Ыйык Рухту алуу кечирим берүүчү Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын каны жакшы кабарынан болгон белек. Ыйык Рух күнөөсүнөн тазаланган жана чыныгы жакшы кабар аркылуу кечирим алгандарга болгон белек.
Жаңылануу/Ойгонуу кыймылына ишенгендердин арасынада тобо кылып сыйынуу аркылуу дагы Ыйык Рухту ала алабыз деп ишенгендер бар. Алар адамдын жүрөгүндо күнөө бар болсо дагы, эгер алар тобо кылып сыйынса Ыйык Рухту ала алышат дейт.
Дүйнө жүзүнө жайылган Элүүнчүлүк-Харзиматтык Кыймыл, 1800-жылдыра Кошмо Штаттарда башталган. Бул кыймыл Индустриалдык Революциядан кийин адамдардын этикасы жана моралдык баалуулуктары бузулгандан кийин башталган. Улуу Кайгы убагында адамдардын жүрөктөрү бошттукка толуп турганда бул кыймыл абдан өскөн. Ошол убактан баштап, ишеним Кудайдын сөзүнө негизделбей жаңы диний кыймылдар чыга баштаган. Бул Ыйык Рухту алуу максаты менен кылынган, Кудайдын иштерин өз көзү менен көрүү жана Кудайдын күчүн дене жана акыл менен таануу үчүн кылынган Элүүнчүлүк-Харзиматтык Кыймыл болгон.
Бирок бул кыймылдын жаңылыштыгы алар ишенүүчүлөрдү Кудайдын сөзүнөн алыстатышат жана денелик жактан бата алуу үчүн бап болуп турган дин. Натыйжада бул кыймылга кошулгандар шаманизмдин жактоочулары болуп калышат. Бүгүнкү күндө дагы, Элүүнчүлүк-Харзиматтык Кыймылына баргандар Ыйсага ишенген адамдар бай болушу керек, ооруларынан айыгышы керек бардык жагынан жетишиши керек, Ыйык Рухту алып тилдерде сүйлөшү керек жана башкаларды айыктырышы керек деп ишенишет. Элүүнчүлүк-Харзиматтык Кыймыл бүткүл дүйнөгө тарады. Бул кыймыл адамдарга Ыйык Рухту алууга жана керемет жакшы кабарга ишенүүгө тоскоолдук кылат. 
Азыркы машайакчылык 500 жыл мурун чыккан Кальвин жана Лютердин ишениминен чыккан. Бирок машайакчылыкта Ыйык Рух жөнүндөгү окутуу бекем орногон эмес. Машайакчылыктын башталышынан бери эле, адамдар Ыйсага суу жана Рух жакшы кабарын түшүнбөй туруп ишенишкен. Барынан жаманы адамдар денелик сезимдерге көбүрөөк басым жасай башташкан. Бардык машайакчылар Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана биздин күнөөбүз үчүн соттолуп айкаш жыгачка кадалган деп окуткан керемет жакшы кабарга ишенүүлөрү керек. Бул ишеним сага Ыйык Рухту алганга жардам берет.
Бүгүн, машайакчылыктын бузулушуна себеп, адамдар Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенбей коюшту. Ыйса бизге чындыкты тааныгыла деген. Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү бул суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү. Эгерде сен Ыйык Рухту кабыл алууна кааласаң, анда сенин күнөөлөрүң кечирилиши үчүн Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишен. Ошондо сен Ыйык Рухту аласың.
Көптөгөн машайкчылар Ыйсанын канына гана ишенишет. Бирок Анын канына гана ишенгендер күнөөдөн куткарыла алышабы? Эгерде куткарыла алышат деп ойлосоң, анда сенде Ыйсанын чөмүлүүсү тууралуу толук билим жок. Андай болсо сенин жүрөгүңдө дагы эле күнөө бар. Качан гана Ыйсанын чөмүлүүсүнө канына бирдей ишенсең, ошондо гана күнөөлөрүңдөн кечирим алып жана Ыйык Рухту ала аласың. Ыйык Жазуу ушул гана дүйнөнү жеңгенге жардам берүүчү жакшы кабар деп айтат. “Жерде үчөө күбөлөндүрөт: рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир” (1 Жакан 5:8). Ошондуктан, Ал бизди күнөөдөн куткарууну каалагандыктан Кудай Жакан аркылуу Аны чөмүлдүрүп жана айкаш жыгачка кадалуусуна жол берген.
Көптөгөн машайакчылар Ыйсага ишенсе дагы күнөөлөрүнөн кечирим ала албагандыгынын себеби алар Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенишпейт. Бул эки нерсеге ким ишенсе күнөөлөрүнөн кечирим алат жана Ыйык Рухка ээ болот.
Качан адамдар күнөөлөрүнөн кечирим алгандыгын билгенден кийин, алардын жүрөктөрүнө тынчтык келет. Качан адамдын жүрөгүнө Ыйык Рух жашап калганда, тынчтык анын жүрөгүнө агып кирип жана агып чыгып турат. Биз качан бул чындыкка ишенгенде жана бул жакшы кабарды таратып Ыйык Рухту алганда Теңир менен жолугабыз. Биздин жүрөктөр буга чейин эч качан мындай тынчтыкты көргөн эмес. Биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенип баштаганда биздин жашообузду тынчтык каптап кубанычка толот. Биз керемет жакшы кабардан тескери бурулуп кете албайбыз. Ыйык Рух ар дайым биздин жүрөктөрүбүздө, ал бизди жакшы кабар таратууга үндөйт жана ишенген адамдарга Ыйык Рухту берет. 
Биз Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенгенде биз бата катары Ыйык Рухту алабыз. Ыйык Рухту алуу үчүн сен Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенишиң керек. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана биздин күнөөлөр үчүн жаза катары айкаш жыгачта төккөн канына ишенип баштоолору зарыл. Качан алар буга ишенгенде Ыйык Рухту ала алышат.