• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-5] Ыйык Рух менен Баарлашууну Каалайсыңбы? (1 Жакан 1:1-10)

Ыйык Рух менен Баарлашууну Каалайсыңбы?(1 Жакан 1:1-10)
“Эң башында Өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз. Өмүр келди, аны биз көрдүк жана ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк Өмүрдү жарыялап жатабыз. Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле – Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле. Муну силерге кубанычыңар толук болуш үчүн жазып жатабыз. Кудай – жарык. Биз Машайактан уккан Жакшы Кабарды азыр силерге жарыялап жатабыз: Кудай – жарык, Анда эч кандай караңгылык жок. Эгерде Аны менен мамилебиз бар деп жатсак, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда жалган айтып жатабыз жана чындык боюнча мамиле кылган жокпуз. Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт. Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок. Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт. Эгерде күнөө кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сөзү биздин ичибизде жок.”
 

Ыйык Рух менен жакын баарлашууда болуу үчүн маанилүү нерсе эмне?
Биринчи биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенип жана күнөөлөрүбүздү ишеним аркылуу тазалоо керек.
 
Эгерде сен Ыйык Рух менен мамиледе болгуң келсе кичинекей эле бир күнөө мындай мамиле түзүүгө тоскоолдук кыла тургандыгын билишиң керек. Сен ойлошуң мүмкүн, ‘Теңирдин алдында кантип адамдын бир дагы күнөөсү болбосун?’ Бирок сен чын эле Теңир менен мамиле түзүүнү кааласаң анда сенин жүрөгүңдө эч кандай караңгылык болбошу керек. Ошондуктан, Теңир менен мамиледе болууда, күнөөлөрүңдөн тазалуу үчүн биринчи жакшы кабарга ишенишиң керек. 
Эгерде сен чын эле Ыйык Рух менен мамилелешүүнү кааласаң, сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенип күнөөңдөн тазаланышың керек. Эгерде сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенип аны жүрөгүңө кабыл албасаң, анда Ыйык Рух менен мамиледе боло алам деп ойлобой эле кой. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу жүрөгүңдөгү күнөөлөрдөн тазалангандан кийин гана Ыйык Рух менен мамиле түзүү мүмкүн болот.
Анын суу жана Рух жакшы кабары аркылуу ар бир адамдын акылындагы күнөөлөрдү тазалоого болот. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенгенден кийин Теңир бата катары Ыйык Рухту берет. Сен чын эле Теңир жана Ыйык Рух менен баарлашууда болууну каалайсыңбы? Күнөөңдөн тазалануу үчүн күнөөкөр экениңди бил жана керемет жакшы кабарга ишен. Ошондон кийин гана Теңир менен чыныгы баарлашууда боло аласың.
Эгерде сен Теңир менен баарлашууда болууну кааласаң, сен Ыйсанын Иордан дарыясынан алган чөмүлүүсүнө жана Анын айкаш жыгачта төккөн канына ишенүүң зарыл. Эгерде адамдар Ыйык Рух менен мамиле түзүүнү кааласа алар Ыйык Рух ким экендигин таанып билиши керек. Ыйык Рух Ыйык. Ал жакшы кабарга ишенгендердин гана ичинде жашайт.
Келгиле Ыйсанын Иордан дарыясынан алган чөмүлүүсүнө жана Анын айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу күнөөсүнөн тазаланып калган адамдардын күбөлүктөрүн угуп көрөлү.
“Бул дүйнөдө көптөгөн ар түрдүү адамдар өздөрүнүн ойлору жана жолдору менен жашашат. Мен дагы ошолордун бири болгом. Бала кезимден эл сыяктуу эле жашаган адам болгом, апамды ээрчип жыйынга барчумун жана Кудайга ишенчүмүн. Менин атам атеист болгондуктан мени ишенгендигим үчүн шылдыңдайт эле, бирок үйдөгү калган адамдардын бардыгы жыйынга барышчу. Жыйынга баруу менин жашоомдун маанилүү бөлүгү эле. 
Бирок, менин жаш кезимде, атамдын төшөккө жатып калганын көргөндө, өмүр жана өлүм, тозок жана бейиш жөнүндөгү ойлор мага келе баштады. Көп адамдар Кудайга ишенсең бейишке барасың жана Кудайдын баласы болуп каласың деп айтышчу, бирок менин буга көзүм жетпейт эле. Мен анын баласы болоорума көзүм жетпейт эле. Мен жакшылыкты көп жасасам асманга бара турганымды угуп, муктаж адамдарга көп жакшылык кыла баштадым. 
Бирок жүрөгүмдөн күнөөкөр экенимди билчүмүн. Башка адамдарга жакшы адам катары көрүнсөм дагы, бирок абийирим мени соттоп жатты. Ошол убакта жыйынга барып сыйынууну адат кылып алдым, ‘Мен чындып сенин балаң болоюн. Мага чындыкты көрсөт.’ Сыйынып жатканымда, качан анын сөздөрүн укканымда, мен сөздөрдү көрчү эмесмин жана түшүнчү эмесмин. Мен жашоомдогу күнөөдөң, боштуктан, өлүмдөн чарчап кеттим.
Анан мага жогорудан төрөлүшүм керек деген ой келди. Эгерде жогорудан төрөлсөм, мен мындай болбойм. Мындай ойлорго карабастан, мен жыйынга азыраак бара баштадым жана жаштык кезим да өтүп кетти. Мен жумуш табууну кааладым бирок бул мен ойлогондой оңой болгон жок. Мен капа болуп, канчалык жылмайууга аракет кылсам дагы жылмайа алганым жок. Өзүмдүн боштондукка толгон жүрөгүмдү карап, мен депрессияга түштүм. Ошол кезде, мен улуу агамдан жакшы кабар уктум.
“Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла” (Эл иш 3:19). Бул суу жана Рух жакшы кабары болчу. Мен жыйынга барып ал жактан Ыйса айкаш жыгачта менин күнөөлөрүм үчүн өлгөндүгүн уккан элем. Бирок бул жакшы кабар мага Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү алып кетүү үчүн Жакан аркылуу чөмүлүп жана биздин күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта соттолгон деп айтты. 
Мен өмүр бою жыйынга барып жүрүп, Кудайдын баласы болумуш болуп жүрдүм, бирок ал ишке ашкан жок. Мен Анын сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө аракет кылдым бирок аным да ишке ашкан жок. Бирок, суу жана Рух жакшы кабарын уккандан кийин менин жүрөгүмдү кыйнаган күнөөлөр жок болуп жүрөгүмө тынчтык келди. 
Мен Кудайга ишенсем жана жыйынга үзбөй барып турсам гана асманга бара алам деп ойлогом. Бирок Кудай мага суу жана Рух жакшы кабарын жөнөттү жана менин күнөөлөрүм кечирилди. Ал мага Ыйык Рухту белек кылды. Мен куткарылуу алганга чейин мен Ыйык Рух жөнүндө жана тилдерде сүйлөө деген түшүнүк жөнүндө уккан эмесмин. Мен жыйынга барып, жыйынга каалоо менен кызмат кылып жашасам эле Кудай мага бата берет деп ойлоочумун. Бирок менин күнөөлөрүм суу жана Рух жакшы кабары аркылуу кечирилгенден кийин гана мен Ыйык Рухту ала алаарымды түшүндүм.
Мурунку жашоомдо мен Кудайга ишенсем деле күнөөкөр болчумун. Мен Ыйык Рухту алуунун маанилүү экендигин түшүнбөй кайдыгер жашоо менен жашачумун. Бирок Анын кызматчысы аркылуу, Ыйык Жазуунун негизиндеги жакшы кабарды угуп, Ыйык Рух менде дагы жашайт деп ишендим. 
Куткарылуу алгандан кийин деле, Ыйык Рух менде жашаарына ишене албай жаттым. Бирок Анын сөздөрүн үзбөй окуу аркылуу Ыйык Рухту алганымды түшүндүм. Азыр бул чындык, жана Ыйык Рух менде жашаарына мен ишенем! Качан Ал менин күнөөмдү кечиргенде, күнөөсү жоктор гана Кудайдын балдары болуп Ыйык Рухту ала ала тургандыгын билчүмүн. 
Мен дагы Анын алдында жакшы көрүнүүгө же жакшы жүрүүгө болгон аракеттер мага Ыйык Рухту алууга жардам бербей тургандыгын түшүндүм. Кудай өзүнүн күнөөкөр экендигин билип эмне кылаарын билбей жаткандарга келет. Ал Ага муктаж болгондор жана Аны издегендер менен жолугат. 
Ал мага жакшы иштерди кылуу менен жөн гана Кудайга ишенип койуум менен асманга бара албастыгымды жана Ыйса Машайак бул дүйнөгө мени суу жана Рух жакшы кабары аркылуу күнөөлөрүмдөн куткаруу үчүн келгендигин көрсөттү. Ал Ыйык Рухту менин ичимде түбөлүк жашашы үчүн берди. 
Мен Теңирдин мени өз баласы кылып алгандыгы үчүн жана мага Ыйык Рухту бата кылып бергендиги үчүн ырахмат айтамын. Эгерде Теңир андай кылбаса, менин жүрөгүмдө дагы эле күнөө бар болмок жана мен түбөлүк тозокто күймөкмүн.”
Ошол сыяктуу эле, мен бир убакта Ыйсанын канына жана айкаш жыгачка гана ишенгем жана кааласам дагы Ыйык Рухту ала алган эмесмин.. Ошол кезде, Мен Ыйсага ишенгем бирок Ыйык Рухту алууга жүрөгүмдөгү күнөөм тоскоол кылган. Күнөөкөр Ыйык Рухту жүрөгүнө ала албайт. Бирок көптөгөн күнөөкөрлөр жүрөктөрү толо күнөө болсо дагы Ыйык Рухту алууга аракет кылышат. 
Эгерде сен чын эле Ыйык Рухту алгың келсе жана Аны менен мамилелешүүнү кааласаң, сен Рух жана суу жакшы кабарына ишенип куткарылуу алышың керек. Сен дагы эле күнөөкөрсүңбү? Анда ичинде Ыйык Рух бар адамдардан жакшы кабар уксаң болот. Ким Ыйык Рух менен мамилелешүүнү кааласа жүрөгүнөн суусап суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүсү керек.
Адилеттүүлөр гана жыйын аркылуу Ыйык Рухтун сөзүн уга алышат. Сен жакшы кабарды угуп ишенимдүү өмүр сүрсөң болот, ал эми жакшы кабарга ишенбей каргышка калып тозокко кетесиң.
Ошондуктан, сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенишиң керек. Эмне үчүн сен бул жакшы кабарга ишенишиң керек? Бул диндин мыйзамынан кутулуп ишенимиңди Кудайдын сөзүнүн негизинде суу жана Рух жакшы кабарына карай куруш үчүн зарыл. Ыйсанын шакирттери ушул жакшы кабар менен жашап, Ыйык Рухту алгандардын катарына кирген. Суу жана Рух жакшы кабары биринчи жыйындагы апостолдор ишенген жакшы кабар. Бардык машайакчылар Ыйык Рухту алуулары керек. Ошондо гана алар Кудайдын балдары боло алышат.
Суу жана Рух жакшы кабарына ишенбегендердин жүрөгүндө күнөө жашайт. Алар Ыйык Рух менен мамилелеше алышпайт. Аны менен мамилелешүү үчүн, алар биринчи Кудай берген суу жана Рух жакшы кабарына ишенип Ыйык Рухту алуулары керек.
 
 

Ыйык Жазууда Ыйык Рух Жөнүндө Кайра Кайра Жазылган

 
Ыйык Рух Ыйса тилигенден кийин келген. Азыр куткарылуу убагы жана ырайымдын убагы. Бирок суу жана Рух жакшы кабарына ишенбей Ыйык Рух менен мамилебиз жок жашасак бул абдан өкүнүчтүү. 
Ыйык Рух менен сенин мамилең барбы? Же күнөөлөрүңдүн айынан Ыйык Рух менен баарлаша албай калдыңбы? Анда Кудай берген суу жана Рух жакшы кабарына ишен. Эгерде суу жана Рух жакшы кабарына ишенсең, Ыйык Рух сенин ичиңде жашап баштайт жана сенин жолдошуң болот. Ыйык Рух ким суу жана Рух жакшы кабарына ишенсе ошолордун гана ичинде жашайт. Ыйык Рух өз эркин адилетүүлөрдүн жүрөктөрүнө ачып берет. Пабылдын Ыйык Рух менен болгон кызматы жакшы кабарды таратуу болгон.
Ыйык Рухту алган адамды кантип тааныса болот? Анын белгиси кандай? Белгиси суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендиги. Эгерде ал адам суу жана Рух жакшы кабарына ишенсе анда ал адамда Ыйык Рух жашайт. 
Керемет жакшы кабарга ишенбегендерде Ыйык Рух жашабайт. Ыйык Рух Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлүүсү аркылуу жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу келген кечиримге ишенгендерде гана жашайт. Ыйык Рух менен мамилелешүүнү каалайсыңбы?
Ыйык Рухту алуу үчүн жана Аны менен баарлашууда болуу үчүн кандай жакшы кабарга ишенүү керек экендигин билесиңби? Ал Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлүүсү аркылуу жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу кечирим бере турган жакшы кабар. Эгерде сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенбесең, сенин күнөөлөрүң кечирилбейт жана Ыйык Рух ичиңде жашабайт. Ыйык Рух адамдардын суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүсүн талап кылат.
Ыйык Рух күнөөкөрлөрдүн ичинде жашай албайт. Эгерде сен Ыйык Рухту алууну кааласаң, күнөөлөрүңдөн тазалануу үчүн керемет жакшы кабарга ишенүүң керек. Эгерде дагы Ыйык Рух менен баарлашууну кааласаң, жакшы кабарды таратууда ишенимдүү болушуң керек. Эгерде Ыйык Рухтун жетегинде жүрүүнү кааласаң, жакшы кабарды сүйүп кайда журсөң да аны таратууга аракет кылышың керек. Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарын тараткандар менен болот.
Ыйык Рух керемет жакшы кабарга ишенген адилеттүүлөргө гана берилет. Жалгыз гана керемет жакшы кабарга ишенген адилеттүүлөр Ыйык Рух менен мамилелешүүдө боло алат. Ыйык Рух кабыл ала турган керемет жакшы кабар бул Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны (1 Жакан 5:3-7).
Петир дагы керемет жакшы кабарга ишенген жана айткан, “Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү” (1 Петир 3:21). Ыйык Жазууда “суу” Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүн түшүндүрөт.
Ыйык Рухту алгандар керемет жакшы кабар аркылуу куткарылуу алган жана бардык күнөөлөрүнөн кечирилген. Керемет жакшы кабарга ишенгендер Атага рухта жана чындыкта Ыйык Рухтун жетеги менен табына алышат (Жакан 4:23). Ыйык Рух адилеттүүлөргө Ыйык Рухка толуп жашоого жардам берет. Ичинде Ыйык Рух жашагандар Теңирди даңктап түбөлүк жашашат. Ыйык Рух биз Кудайдын балдары болгондугубузга гарантия берет. Биз суу жана Рух жакшы кабары менен Ыйык Рухта түбөлүк жашасак болот.
 
 

Ыйык Рух өзүн өзү алдагандар менен баарлашууда болбойт

 
Ыйык Рух күнөөкөрлөргө мындай дейт 1 Жакан 1:8, “Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок.” Ыйык Рух өзүн өзү алдагандарда жашабайт. Ыйык Рух күнөөкөрлөрдү айыптап айтат, “Эмне үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу аткарылган жакшы кабарга ишенген жоксуң?” 
Биз биринчи ишенип жана Ыйык Рухту алган жогорудан төрөлгөн машайакчылардын күбөлүктөрүн карайбыз. Бул адам суу жана Рух жакшы кабарына ишенет жана Ыйык Рухту алган. Бул аркылуу биз Ыйык Рух кимдерде жашай тургандыгын так көрсөтүүнү каалайбыз.
“Качан мен бул дүйнөгө эмне үчүн келгендигимди түшүнгөндө Кудай менин ичимде жашай баштады. Өзүмдү жашоомду карап көрүп, бул катаал дүйнөдө жалгыз жашай албастыгым Теңирди издөөмө түрткү болду. Мен Кудайды издечу эмесмин бирок Анын бар экендигине ишенчүмүн жана көрүнбөсө да Ал бар дечүмүн. Албетте мен өзүмө: ‘чын эле Ал барбы?’ деген суроону бергем. Ал жөнүндө ойлонгондо эле мени коркунуч басты, себеби Ал бардыгынын Жаратуучусу экенине мен бекем ишенчүмүн.
Кудайды четке каккандар менден дагы акылсыз адамдар болушчу. Мен ойлоочумун бардыгы күчтүү болгондуктан өздөрүнүн күчтөрү менен жеңип чыгышат, а мен болсо акылсыз, алсыз адаммын деп. Өлгөндөн кийин жашоо бар экендигине ишенгендиктен Кудайга урматтоо менен мамиле кылчумун. Мен өзүмдөн сурачумун, Асман Падышалыгында мен сыяктуулар үчүн орун бар болду бекен. Бул суроо Асман Падышачылыгына көбүрөөк умтулууга түрткү берди. Менин ата-энем динчил адамдарды басынтып карашчу жана менин бир туугандарым жыйынга каалоосу жок эле барышчу. 
Мен мектепте окуп жүргөндө жыйынга барган каалоом бат эле жоголуп кетет деп эсептешип, мага тоскоол болушкан жок. Мен ар кайсы жыйынга барып жүрүп акыры түбү биздин үйдөн алыс эмес жердеги, кичинекей жыйынга бара баштадым. Менин ал жыйынга барып баштаганымдын себеби ал жакта жакшы кабарга көбүрөөк көңүл бурулчу. 
Жыйындын пастору евангелисттик жыйындан болгондуктан Ыйык Жазуунун сөздөрүн бурмалоо үчүн эч нерсе кылчу эмес. Окуумдан кыйналгандыгыма карабай мен динге олутуу карап жашай баштадым. Мунун себеби жыйындагы адамдар менин бир туугандарымды бутпарастар деп шылдыңдашчу, мен өзүмдүн жыйыным чындык жыйын жана сөзсүз түрдө бейишке барам деп ишенчүмүн. Бул ишеним жакшы кабарга негизделген ишеним болгон. 
Мен күнөөкөрлөр Асман Падышачылыгына кире албастыгын билчүмүн, бирок башка жыйындагы адамдар менин жыйынымдагы адамдардын жүрөктөрү күнөөгө толтура экендиги тууралуу сүйлөшүшчү. Мен жыйынга келгенге чейин, менин жыйыныма келген адамдар дагы күнөөкөрлөр деп ойлогондуктан буга анча деле көңүл бурчу эмесмин. Бул жыйындагы адамдардын насаат сөздөрү мен мурунку уккан насаат сөздөрдөн айырмаланып турат эле. 
Алар эгерде биз Ыйсага туура ишенсек күнөөкөр болбойбуз деп сүйлөшүшчү. Күнөөсү жок адамдар гана асманга бара алышат да. Алар дагы Ыйса биз үчүн соттолуп айкаш жыгачка кадалган, демек биз эми күнөөкөрлөр эмеспиз, эми биз адилеттүүлөрбүз деп айтышчу. Башында мен буга ишенчү эмесмин, качан мен ойлонуп көргөндө маанисин түшүндүм. Мен жаш болгондуктан ойлоочумун, эгерде асман падышачылыгына кирүүнү кааласам, менин күнөөм жок болсо Теңир мени киргизет, себеби Кудай күнөөнү жек көрөт деп. 
Бул жыйын мен мурун барган жыйындардан башкачараак ишенчү жана алардын табынуу ритуалдары дагы башкачараак эле. Бирок асман бул тандалгандар гана кире ала турган жай болгондуктан, бул жыйындагылардын ишеними туура сыяктуу сезилди. Себеби ал жыйын Ыйсанын денесине жана канына басым жасап, ар бир жекшембиде нан сындырып, шарап ичишчү. Бул церемония Ыйык Жазууга туура келгендиктен мен кабыл алдым. Бирок кийин ал адамдар мунун чыныгы маанисин билбей эле катышып жаткандыгын билип калдым.
Мен Ыйык Рух ишенгендердин жана адилеттүүлөрдүн жүрөгүндө жашайт жана бардык сыйынууларды угат деп ишенчүмүн. Ошондуктан Ыйык Рух менде жашайт деп ишендим. Мен Кудай жанымда деп ушунчалык ишенгендиктен мен ишенген жакшы кабардан эч качан шектенчү эмесмин. Менде кыйынчылыктар болуп жаткан убакта, Кудай жанымда тургансып сүйлөшчүмүн. Мен эч кимге айта албаган нерселерди Ага айтканда Ал мени угуп жатат деп ишенчүмүн. Мен Ага ишенип жана Ага көз каранды болуп жашачумун.
Мен ойгонуу чогулуштарына тилдерде сүйлөө үчүн барган адамдарды түшүнчү эмесмин жана орозо кармап сыйынуу кызматтарына баргандарга күлчүмүн. Муну көрүп мен ойлодум, ‘Эмне үчүн алар Ыйык Рухту алуу үчүн мынчалык күч жумшап жатышат? Ыйык Рух күнөөдөн кечирим алганда эле келет жана эч качан кетпейт да. Алар күнөөкөрлөр болушу керек. Алар канча аракет кылышса дагы Ал аларга келбейт да. Менин аларга боорум ооручу. Мен аларды акылсыз деп эсептөөчүмүн. Ошондуктан менин ишенимим чыныгы ишеним башкалар ишенген жакшы кабар жалган деп ойлочумун. 
Менин текеберчилигим жетчү жерине жетти. Он жыл мен динчил болуп жашадым. Бирок убакыт өткөн сайын жүрөгүмдө ой пайда боло баштады. ‘Мен айкаш жыгачта төгүлгөн канга ишенүү аркылуу күнөөсү жок болуп калдым, башка ишенгендер дагы күнөөсүзбү? Алар чын эле жакшы кабарга ишенишеби?’ Эмне үчүн бул суроолорду өзүмө берип жатканымды билген жокмун. Бул суроолорду ойлонуп жүрдүм бирок эч кимден сурай алган жокмун. Бул жеке ишеним болгондуктан мен аны туура эмес колдонбошум керек эле. Бул суроону башка бирөөлөргө берүү бул одоно эле.
Бирок бул суроону мен өзүмө бере баштадым. Мен колледжте жүргөндө, менин диний түшүнүктөрүм тыюу салган иштерди кыла баштадым жана жүрөгүмдү караңгылык каптады жана ишенимим өчө баштады. Мен өзүм ишенген нерселерге көзүм жетпей баштады. ‘Мен өзүмдү адилеттүү адам деп атасам болобу? Чын эле Ыйса менин бардык күнөөлөрүмдү тазалады беле?’ Ушундай баш аламандыктарда мен мээси айланган өзүм тууралуу жана айкаш жыгач жакшы кабар тууралуу ойлондум. Бирок канчалык ойлонсом, ошончолук караңгылыкка батып жатым жана жыйын чогулуштарына барбай дагы калдым. Мен клубтагы иштеримди шылтоолоп койдум. 
Ушундай баш аламандыкта жүрүп мен акыры чындыкты таптым. Мен суу жана Рух жакшы кабарын уктум жана ал мага тим эле чагылгандай тийди. Ал мага ушунчалык таасир кылгандыктан мен ыйлай баштадым. Жакшы кабарды угуп, мен ишенип жүргөн нерселердин бардыгы жалган экенин түшүндүм.
Мен эч качан күнөөлөрүмдү Ыйсага жүктөбөптүрмүн. Мен Ыйса күнөөлөрүмдү алып кетти жана күнөөм жок деп куру бекер ишенип жүрүптүрмүн. Ыйса эмне үчүн бул дүйнөгө келип чөмүлүү алды? Себеби ал момун Кудайдын Козусу экендигин бизге көрсөтүүнү кааладыбы? Адам катары келгендигин далилдедиби? Же алдын ала Өзүнүн өлүмүн далилдедиби? Мен эч качан чөмүлүүнүн мынчалык чоң мааниси бар экенин билбептирмин. Чындык бул Ыйса адамзаттын өкүлү болгон Жакан аркылуу чөмүлүп биздин күнөөлөр Ага жүктөлдү.
‘Oо! Ошондуктан Ыйса Кудайдын козусу болуп жана биздин күнөөлөрдү алган турбайбы!’ Эми бардыгы түшүнүктүү болду. ‘Ыйса менин күнөөлөрүм үчүн айкаш жыгачта жазаланыптыр. Ошондуктан менин жүрөгүмдө күнөө жок экен.’ Мен качан суу (Ыйсанын чөмүлүүсү) жана кан (айкаш жыгач) жакшы кабарын түшүнгөндө, жүрөгүмдөгү күнөөлүү сезимдер жок болду. 
Эми мен күнөөсүз жана адилеттүү адаммын жана Ыйык Рух менин ичимде жашайт. Айкаш жыгачка ишенүү менин жүрөгүмдөгү күнөөлөрдү тазалаганга жетиштүү эмес экен. Эгерде сен өзүңдүн күнөөлөрүң Ыйсага өткөндүгүн так билбесең, сенин күнөөлөрүң кечирилбейт жана Ыйык Рух сенин ичиңде жашабайт. Мен Теңирге ыраазымын. Мен керемет жакшы кабар аркылуу Ыйык Рухту алдым. 
Эч кандай иш аракети жок эле, мен суу жана Рух жакшы кабары аркылуу кечирим алдым жана Ыйык Рух менде түбөлүк жашайт. Эми, мен өзүмдү күнөөсү жок адам деп атай алам Асман Падышачылыгы меники деп сыймыктана алам. Мен бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, Теңирге берген батасы үчүн ыраазычылык айтам. Аллелуя!”
Ыйык Рухту алгандар Кудайдын алдында күнөөм жок деп айта алышат. Ыйсага канча убак ишенсең да, Кудай берген керемет жакшы кабарга ишенбесең, анда жүрөгүңдө күнөө бар. Андай адамдар өздөрүн жана Кудайды алдап жатышат. Ал адамдар эч качан Теңир менен жолуккан эмес. Эгерде күнөөкөр адам Ыйык Рух менен мамилелешүүнү кааласа, биринчи ал өзүн алдаганды токтотуп күнөө кетиргенин мойнуна алышы керек. Ошондо анан ал суу жана Рух жакшы кабарына ишене алат. Керемет жакшы кабарга ишенгендер Ыйык Рухту алууга татыктуу.
Ыйык Рух күнөөкөрлөргө эмне дейт? Ыйсанын чөмүлүүсү жана канына ишенүү аркылуу күнөөңөрдөн кечирим алгыла дейт. Эгерде сен күнөөкөр болуп туруп күнөөм жок деп жатсаң, анда эч качан Ыйык Рухту ала албайсың. Эгерде жакшы кабарга ишенбей туруп күнөөм жок деп айтса ал, Кудайды жана өзүн өзү алдап жатат. Күнөөкөрлөр Рух жана суу жакшы кабарын таанып Ыйык Рухту алуулары керек. Ошондо гана алар Кудайдын сотунан куткарыла алышат.
 
 

Адилеттүү адам күнөөлөрүн мойнуна алып Ыйык Рух менен мамилелеше а лат

 
Мен суу жана Рух жакшы кабарга ишенип Ыйык Рухту кабыл алып калгандарга айтамын. Келгиле Кудай адилеттүүлөргө эмне айтканын карап көрөлү. 1 Жакан 1:9 аятта жазылган, “Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт.” Бул аят Ыйса биздин күнөөлөрдү алуу үчүн чөмүлүп жана айкаш жыгачкка кадалган деген жакшы кабарга ишенүү аркылуу күнөөлөрдөн кечирим алып бузулган жүрөктөрүбүздү тазаласак болот дейт. Адилеттүү адамдар күнөөлөрүн Кудайдын алдында мойнуна алат. Андан кийин гана алар Ыйык Рух менен мамилелеше алат. Адилеттүү адам күнөөлөрүн мойнуна алып анан керемет жакшы кабарга ишенүүсүн уланта берсе болот. 
Көп убакыт мурун эле, Ыйсанын чөмүлүүсү жана канын айткан керемет жакшы кабар биздин бардык күнөөлөрүбүздү тазалап кеткен жана ошондуктан, адилеттүү адам бул жакшы кабарга ишенип күнөөлөрүнөн эркиндикке чыгышы керек. Теңир алардын күнөөлөрүн суу жана Рух жакшы кабары аркылуу кечирип койгон. Адилеттүү адам күнөөлөрүнөн эркин болуу үчүн керемет жакшы кабарга ишениши керек. Адилеттүү адамдын жүрөгү булганган кезде, ал суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу жүрөгүн тазалап алат.
Биздин Теңир адилеттүүлөрдүн жүрөктөрүн Анын чөмүлүүсү жана каны аркылуу тазалап койгон. Ошондуктан, чындап ишенген адам күнөөлөрүнөн эркин болгон. Бирок адилеттүү адам, Кудайдын алдында күнөөлөрүн мойнуна алышы керек. Анан адилеттүү адам күнөөсүнөн арылыш үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ишениши керек. Ошондо, алар Ыйык Рух менен жаңы өмүрдө жашай алышат. Өздөрүнүн алсыздыктарына карабастан Теңирге караган адамдар суу жана Рух жакшы кабары аркылуу Кудай менен чыныгы мамиледе боло алышат.
 

Кантип биз Ыйык Рух менен чыныгы баарлашууда боло алабыз?
 
Ыйык Рух менен баарлашууда болууну каалаган адамдар көп. Бирок алар Ыйсага ишенишсе дагы буга кантип жетүүнү билишпейт. Көп адамдар суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алышып, ошондон баштап Ыйык Рух менен баарлашып жашашат. 
Ошондуктан, Ыйык Рух менен мамилелешүүгө жетүүнүн жалгыз жолу, суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү. Адилеттүү адам менен Ыйык Рухтун ортосундагы мамилеге чыныгы жакшы кабар аркылуу гана жетүүгө болот. Ал эми Ыйык Рух менен болгон баарлашуучу? Ага керемет жакшы кабардын чындык экендигине ишенүү аркылуу жетсе болот.
 

Ыйык Жазууда адам өмүрү өткөнчө күнөө кылат деп жазылган 
 
1 Жакан 1:10 аят айтат, “Эгерде күнөө кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сөзү биздин ичибизде жок.” Кудайдын алдында күнөө кылбаган адам жок. Ал эмес Ыйык Жазуу дагы айтат, “Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок” (Насаатчы 7:20). Бардык адамдар Кудайдын алдында күнөө кылган. Эгерде кимде ким күнөө кылган жокмун деп айтса, ал жалганчы. Адамдар өлгөнгө чейин өмүр бою күнөө кылышат, ошондуктан Ыйса бардык күнөөлөрдү алуу үчүн Жакан аркылуу чөмүлүү алышкан. Эгерде биз күнөө кылбасак, анда биз Кудайга Куткаруучу деп ишенбей эле коёлу.
Теңир күнөөм жок ойлогондорго айтат, “Менин сөздөрүм силерде жок.” Эгерде адам суу жана Рух жакшы кабарына ишенбесе ал талкаланууга татыктуу. Эгерде адилеттүү адам же күнөөкөр Кудайдын алдында күнөөм жок десе, ал адам керемет жакшы кабарга ишенүүгө татыксыз.
Теңир керемет жакшы кабарды бардыгына белек катары берген. Биз бардык күнөөлөрүбүздөн кечирим алуу үчүн күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып тобо кылып кечирим алганбыз. Ыйык Рух менен баарлашуу үчүн биз Кудай берген жакшы кабарга кайрылып келип ишенишибиз керек. Ыйык Рух менен суу жана Рух жакшы кабарында гана баарлаша алабыз, суу жана Рух жакшы кабарына ээ болгондор гана Кудай менен мамилеше алат. 
Адам менен Ободон мураска алган күнөөсүнөн улам адам баласы Кудайдан алыстап калган. Азыр күнөөнүн үрөнүн мураска алгандарда Кудай менен кайрадан баарлашууга үмүт бар. Кудай менен баарлашуу үчүн, суу жана Рух деген Теңирдин жакшы кабарына кайтып келишибиз керек жана Кудайдан бизди ажыраткан күнөөлөрдөн кечирим алышыбыз керек. 
Керемет жакшы кабарга ишенгендер күнөөлөрүнөн кечирим алат жана Кудай аларды Ыйык Рухка толтурат. Адилеттүү адам Кудай менен мамилеше алат, себеби алар Ыйык Рухту алышат. Ошондуктан күнөөлөрү үчүн Кудайдан ажырап калгандар, суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүлөрү керек. Ошондо гана алар Аны менен чыныгы мамилелешүүдө боло алышат.
Ыйык Рух керемет жакшы кабарга ишенгедерде гана жашайт. Биз Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу келээрин билебиз. Керемет жакшы кабарга ишенүү Кудайга жаңы жол ачты. Биринчи жана күнүмдүк күнөөлөрдөн улам бизди ажыратып турган дубалды Теңир талкалады жана суу жана Рух керемет жакшы кабары аркылуу Кудай менен баарлашууга жол ачты. 
Биз кайрадан Ыйык Рух менен болгон мамилени ордуна келтиришибиз керек. Ыйык Рухка чыныгы жакшы кабарды түшүнүп жана баш ийүү аркылуу ала алабыз. Керемет жакшы кабар аркылуу күнөөбүздөн кечирим алганда гана Ыйык Рух бизде жашап калат. Күнөөлөрүнөң кечирим албаган адамдар Ыйык Рух менен баарлаша алышпайт. Башкача айтканда, эч ким суу жана Рух жакшы кабарына ишенмейинче суу жана Рух жакшы кабарына ишене албайт. 
Ыйык Рух менен баарлашуу кыйын болуп жатса, биринчи суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу күнөөлөрүңдөн кечирим алышың керек. Ыйык Рух менен баарлашууну каалайсыңбы? Анда Ыйса чөмүлүүсү жана каны менен алып келген жакшы кабарга ишен. Ошондо гана күнөөлөрүңдөн кечирим алып, Ыйык Рухту сыйлык катары жүрөгүңө ала аласың. Бул керемет жакшы кабар сага Ыйык Рух менен баарлашууга жол ачып берет.