• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-6] Ыйык Рух Ичиңде Жашайт деп Ишен (Maтай 25:1-12)

Ыйык Рух Ичиңде Жашайт деп Ишен< Maтай 25:1-12 >
“Ошондо Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: он кыз колдоруна чырактарын алып, күйөөнү утурлап чыгышат. Алардын бешөө акылдуу, бешөө акылсыз эле. Акылсыздары чырактарын ала чыгышканы менен, майын албай чыгышат. Акылдуулары болсо чырактары менен кошо идиштерине май да ала чыгышат. Күйөө кечиккенинен улам, баары үргүлөп, уктап калышат. Бирок түн ортосунда ‘Күйөө келе жатат, аны тосуп чыккыла’ деген кыйкырык чыгат. Ошондо кыздар тура калып, чырактарын оңдошот. Акылсыздары акылдууларга: ‘Чырактарыбыз өчүп баратат, бизге майыңардан кайрылышкылачы’, – дешет. Акылдуулар: ‘Бизге да, силерге да жетпей калбашы үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла’, – дешет. Алар май сатып алганы кеткенде, күйөө келип калат. Даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тоюна киришет, алардын артынан эшиктер жабылат. Андан кийин берки кыздар келип: ‘Кожоюн! Кожоюн! Эшикти ач!’ – дешет. Ал: ‘Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен силерди тааныбайм, – деп жооп берет.’”
 
 

Ичинде Ыйык Рух жашаган кыздар кимдерди түшүндүрөт?

 
Ыйык Рух кимдерге келет?
Ал Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенип күнөөсүнөн кечирим алгандарга келет.
 
Жогорудагы аяттарда, беш акылдуу жана беш акылсыз кыз жөнүндө айтылат. Беш акылсыз кыз акылдуу кыздардан майларын бөлүшүүнү сурашат. Бирок акылдуулар акылсыздарга айтышат, “Бизге да, силерге да жетпей калбашы үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла.” дейт. Качан акылсаздар май сатып алууга кеткенде, чырагында майы бар кыздар үйлөнүү тоюна кирип кетишет. Биз Теңирге кантип май даярдай алабыз? Биз жүрөгүбүздөгү күнөөлөрдөн кечирим алып Аны күтүшүбүз керек. 
Адамдардын ичинен эки түрдүү ишенимди тапсак болот. Алардын бири күнөөлөрдөн кечирим алып бере турган жакшы кабарга ишенүү. Бул бизди Ыйык Рухту алууга жетектейт. Башкалар бирөөлөр чыгарган диний ишенимдерге ишенишет – алар үчүн Теңирдин күнөөлөрүн кечирген кечирбегенинин айырмасы жок.
Өздөрүнүн диний ишенимдерин кармангандар керемет жакшы кабарды кабыл алышпайт. Ыйык Рухту алуу үчүн бир үйдөн экинчи үйдү кыдырып жүргөндөр, күйөө келе жатканда май сатып алганы кеткен акылсыз кыздар сыяктуу өзүлөрүн өзүлөрү алдап жүрүшөт. Андай адамдар Акыр Заман келгенге чейин керемет жакшы кабарга ишенүү керектигин укканды каалашпайт. Алар өздөрүнүн Кудайга болгон умтулуулары менен Ыйык Рухту алууну каалашат. Ыйык Рухту алуу үчүн көп күч жумшаган бир дьякондун сөздөрүн карап көрөлү. Бул сөздөр силерге жардам берет.
“Мен Ыйык Рухту алуу үчүн бардыгын кылдым. Мен өз ишенимиме өзүмдү арнасам Ыйык Рухту ала алам деп ойлодум, ошондуктан Ыйык Рухту алуу үчүн сыйынуу үйдөн сыйынуу үй кыдырдым. Ошол сыйынуу үйлөрдүн бириндеги кызматта электрондук пианино жана барабан ойнолуп жатты. Чогулушту жетектеп жаткан пастор Ыйык Рухту алууну каалагандарды бирден чакырып чекеге алаканы менен чапканда алар тилде сүйлөп калып жатты. Алар микрофонду кармап алып чуркап жана кыйкырып жатты “Кабыл ал от, от, от” деп жана колун адамдардын баштарына коюп жатты ошондо кээ бир адамдар жыгылып жатышты. Бул чын эле Ыйык Рухту алуубу деп шектенсем дагы бул чогулушка көнүп калган элем. Бирок буга карабастан, мен Ыйык Рухту ала алган жокмун.
Андан кийин, мен тоого чыктым да карагайды кармап алып таң атканча кыйкырып сыйынып ыйладым. Ал эмес үңкүргө дагы кирип алып сыйындып бирок дагы эле ишке ашкан жок. Анан, кырк күн түнү менен сыйынууну чечтим бирок Ыйык Рухту дагы эле ала алган жокмун. Бир күнү мени Ыйык Рух семинарына чакырышты. Семинар жумасына бир жолу өткөрүлчү жана жети жума болчу.
Семинар Кудайдын сүйүүсү, айкаш жыгач, Ыйсанын тирилүүсү, кол койуу, Рухтун жемиши жана руханий өсүш жөнүндө эле. Семинар аяктап калганда, семинарды алып барып жаткан адам менин башыма колун коюп Ыйык Рух келсин деп сыйынды, мен дагы анын айтканын кылдым. Мен өзүмдү таштап алаканымды асманга жайып кайра кайра “ла-ла-ла-ла” деп кыйкырдым, ошондо бөлөк тилде сүйлөй баштадым. Көптөгөн адамдар Ыйык Рухту алышың менен деп куттукташты. Бирок мен үйдө жалгыз отурганымда, мени коркунуч басты. Ошондуктан мен семинарда ыктыярчы болуп иштей баштадым. Колдон келишинче көп жумуш аткарышым керек деп, кызматымды кылуу үчүн өлкөнү кыдырып кызмат кылдым. Качан ооруларга колумду койсом алар айыгып калган сыяктуу көрүнсө дагы, алар кайра эле ооруп калып жатышты. Анан мен көрүнүш көрүп өзүмдүн пайгамбарчылык айтып жатканымды көрдүм. Таң калычтуусу, менин пайгамбарчылыктарым дайым чын чыкчу. Ошондон баштап, мени көптөгөн жерлерге чакырып башташты жана мен барган жерде майрам болчу. Бирок менден коркунуч кетпеди. Анан, бир күнү бир үн уктум, “Жер кыдырып жүргөнүңдү токтот, баргын дагы үй-бүлөңдүн куткарылуу алганына жардам бер.” Бирок мен, куткарылуу деген эмне экендигин билчү эмесмин. Мага башкалар, эгерде Ыйык Рухтун белектерин колдонбосоң ал кайра алып коёт деп айтышчу. Бир жагынан жөндөмдүүлүктөрдөн корксом экинчи жагынан аны колдонууну токтотуудан да корком. 
Бир күнү, шаман аял Ыйсага ишенүүнү каалагандыктан досторум менен ага бардым. Биз ага алдын ала келээрибизди айткан жокпуз. Бирок шаман аял эшикке дарбазасынын сыртына чыгып бизди күтүп турган экен, анан ал бизди көрүп айтты “Мен силердин келээриңерди билгем.” Ошол замат ал бизге суу чачып анан айта баштады, “Батыш шаманизми менен Чыгыш шаманизминин айырмасы жок!” Ал бизди “Ыйса шамандары,” деп атап бизди көрсөтүп айтты, “Бул адам коркуп жатат ал эми бул корккон жок.” Шаман аялдын айткан сөздөрү үстүмдөн муздак сууну куюп жибергенде тийди. Мен кылып жүргөн иштер бул шаман кылып жүргөн иштен эч кандай айырмасы жок экен деп ойлонуп жаттым. Менин жүрөгүмдө күнөө бар болгондуктан мен кылып жүргөн иштерим Ыйык Рухту алып келген эмес.”
Бул сөздөрдөн биз Ыйык Рухту алуу бул биздин иш аркылуу болбой тургандыгын үйрөнөбүз. Мындай ишеним Ыйык Жазууга негизделбегендиктен, ушундай диний жашоодо жашап жүргөндөрдүн чырагында майы жок.
Ыйык Жазуудагы чырак жыйынды ал эми май Ыйык Рухту түшүндүрөт. Ыйык Жазуу Ыйык Рухка ээ болбой туруп жыйынга баргандар да барбагандар да акылсыздар деп айтат. 
Акылсыздар өздөрүнүн диний каалоолорун күндөн күнгө күчөп аткарышат. Башкача айтканда акылсыздар Кудайга болгон сокур сезимдери менен күйүшөт. Эгерде биздин сезимдерибиз 20 см ге барабар деп салыштырсак, жана сезимдерибиз күнүнө 1 см күйсө анда сезимдердин бардыгы күйүп бүтүшүнө 20 күн талап кылынат. Ишенгендердин сезимдери эртең мененки сыйынууларда, түнкү сыйынууларда, орозо кармап сыйынууда жана жыйынга барганда күчүнө кирет. Ушундайча кылуу менен алар сезимдерин өмүр бою жандырып жашашат. 
Алар өмүр бою сезимдерин жалындатуу менен алек болуп жүрө беришет. Алардын сезимдери Ыйсанын ысымынан жалындайт. Алар жыйынга баруу менен сезимдерин жалындатышат бирок алардын жүрөктөрү тынчсызданып дагы башка нерселерди издей берет. Мунун себеби алардын ишеними денелик сезимдерден келет. Ошондуктан алар оту өчүп калбас үчүн сезимдерин ар дайым жалындатып турууга муктаж. 
Бирок мындай ишеним менен алар бары бир деле Ыйык Рухту ала алышпайт. Сезимдердин жалындашы Ыйык Рухту алууга жардам бербейт. Ыйык Рухту алуу үчүн бардыгыбыз Кудайдын алдында туура ишенимде болушубуз керек. Ошондо гана Ыйык Рухту алууга татыктуу болобуз. Бизди Ыйык Рухту алууга татыктуу кыла турган ишенимди кантип алсак болот? Чындык Ыйсанын Иордандан алган чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу келген керемет жакшы кабарда. 
Теңир бизди “…жылан тукумдары” деп атайт (Ышайа 1:4). Биз муну мойнубузга алышыбыз керек. Башында эле адам 12 күнөө менен төрөлөт (Марк 7:21-23). Адам төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин күнөө кылбай коё албайт. 
Жакандан болгон жакшы кабарда 1:6-7 аяттарда жазылган: “Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле. Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калыш үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.” Жакан чөмүлдүрүүчү Ыйсаны чөмүлдүрүп жана Ага дүйнөнүн күнөөсүн жүктөп анан айткан, “Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу” (Жакан 1:29). Жакан Ыйсаны чөмүлдүргөндүгү үчүн биз бардык күнөөлөрүбүздөн куткарылганбыз. Эгерде Жакан Ыйсаны чөмүлдүрбөсө жана дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Курмандык Козусу деп жарыялабаса, биз Ыйса биздин күнөөлөрүбүздүн бардыгын айкаш жыгачка алып чыгып кеткендигин билбей калат элек. Анда биз Ыйык Рухту алуу жолун билбейт элек. Бирок Жакандын күбөлүгүнөн улам биз Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү алгандыгын түшүндүк жана Ыйык Рухту ала алабыз. 
Мындай ишеним менен биз Ыйсанын келишине толук даяр болгон колукту болобуз. Биз Ыйсага ишенген жана Ыйык Рухту алууга даяр турган кыздарбыз.
Сен суу жана Рух жакшы кабарына чын жүрөгүңдөн ишенесиңби? Ыйса Жакандан алган чөмүлүүсү менен сенин бардык күнөөлөрүңдү алып кеткендигине ишенесиңби? Ыйык Жазуу айтат, “Ишеним уккандан келет, ал эми угуу Кудайдын Сөзүнөн” (Рим 10:17). Ыйык Рухту алуу үчүн биз Ыйса Жакан аркылуу сууга чөмүлгөн жана айкаш жыгачта өлгөн деп ишенишибиз керек. Биз Ыйык Рухту Ыйса жерге адам болуп келип Жакан аркылуу чөмүлүү алып жана айкаш жыгачта өлгөндүгүнө ишенүү аркылуу гана ала ала тургандыгыбызды билишибиз керек. 
Он кыз жөнүндөгү окуя сыяктуу эле бүгүнкү күндө ишенгендер эки түргө бөлүнөт. Сен кайсыл тараптасың? Сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алышың керек. Сен жыйынга барып жүрүп деле Ыйык Рухтун сага келишин күтүп жүрөсүңбү? Анда сен Ыйык Рухту алуунун туура жолун билишиң керек. 
Кандай ишеним менен биз Ыйык Рухту ала алабыз? Сен Ыйык Рухту сезимдериң жана шаманизм менен ала аласыңбы? Эсиңди жоготуу абалына жетүү менен сен Ыйык Рухту ала аласыңбы? Диний фанаттарга ишенүү аркылуу Ыйык Рухту ала аласыңбы? Же күнөөлөрүңдөн кечирим сурап сыйынууң керекпи? Ыйык Жазуу качан Ыйса чөмүлгөндө жана суудан чыкканда Ыйык Рух көгүчкөн сыяктуу анын үстүнө түштү дейт. Ал бардык күнөөлөрдү алуу үчүн чөмүлгөн, жана биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн айкаш жыгачка кадала тургандыгын айткан. 
Биз куткарылуу үчүн жана Ыйык Рухту алуу үчүн Ыйса Жакан аркылуу чөмүлгөн. Бул чындык. Ыйса Жакан аркылуу чөмүлгөн, айкаш жыгачта бардык күнөөлөр үчүн соттолуп жана тирилген. Биз Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө ишенишибиз керек. Анын чөмүлүүсү аркылуу тазалангандарга Ыйык Рух көгүчкөн сыяктуу келгенин биз Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу көрө алабыз (Maтай 3:13-15).
Ыйык Рухту алуу үчүн Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө ишенишибиз керек. Качан адам күнөөлөрдүн кечирилишине ишенгенде Ыйык Рух ал адамдын үстүнө көгүчкөн сыяктуу тынч эле түшөт. Ыйык Рухту алгандар күнөөлөрдүн кечирилишине ишенүү аркылуу бул мүмкүн экендигин билишет. Күнөөлөрдөн кечирилүүгө чын жүрөгүнөн ишенгендерге Ыйык Рух түшөт.
Ыйса Машайак өмүрдүн наны жана шарабы катары келген (Maтай 26:26-28, Жакан 6:53-56). Ыйса чөмүлуп суудан чыккандан кийин, асмандан үч чыккан, “Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын” (Maтай 3:17).
Кудайга Үч Бирдик катары ишенүү оңой. Кудай бул Ата Уул жана Ыйык Рух. Ыйык Рух дагы Кудай. Биз үчүн Үч Бирдик Бир Кудай. 
Ыйык Рухту айкаш жыгачка ишенүү аркылуу гана же өз иш аракетиң менен гана ала албайт тургандыгыңа сен ишенишиң керек. Сен качан гана Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө ишенгенде гана Ыйык Рухту ала аласың. Чындык кандай гана жөнөкөй жана так! Күнөөдөн кечирим жана Ыйык Рухту алуу татаал эмес.
Кудай бизге жөнөкөй сөздөр менен сүйлөгөн. Катардагы адамдын акылы 110 менен 120 нын тегерегинде болот. Анын жакшы кабары катардагы адамдар түшүнүүгө жеңил. Ал эмес 4 же 5 жаштагы балдар дагы түшүнө алат. Эгерде Кудай бизге Ыйык Рух жөнүндө татаал сөздөр менен сүйлөсө биз түшүнө алмак белек? Кудай ишенгендердин күнөөсүн жөн гана кечирип жана Ыйык Рухту белекке берип койду.
Кудай бизге кол койуу же тобо кылып сыйынуу аркылуу Ыйык Рухту ала албайсыңар дейт. Ыйык Рух орозо кармасаң да, түндө того чыгып алып сыйынсаң да келбейт. Ыйык Рухту кабыл алуу үчүн кандай ишеним керек? Качан биз Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө жана кайра тирилгенине ишенгенде.
 
 

Биз чын эле буга ишенишибиз керекпи?

 
Эмне үчүн биз Ыйык Рухту алыш үчүн күнөөлөрдөн кечирим алышыбыз керек? Кудайдын Падышачылыгынын атуулдары болуу үчүн бизге Анын Руху керек. Ошондуктан Ыйык Рухту алуу үчүн биз Ыйсага биздин Куткаруучубуз катары, Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө ишенишибиз зарыл. 
Кудай эмне үчүн Ыйык Рухту күнөөсүнөн кечирим алгандарга гана берет? Себеби Ал Өз элин Аны менен мөөрлөйт. Ыйсага ишенгендерди мөөрлөө бул Ыйык Жазууда жазылган, Ал аларга Ыйык Рухту гарантия катар берет. 
Көптөгөн адамдар туура эмес ишеним менен жүрүшөт. Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенип Ыйык Рухту алуу абдан оңой. Ыйык Рухту алгандар үчүн бул оңой бирок күнөөсү кечириле электер үчүн бул мүмкүн эмес. Алар чындыкты билишпейт жана эстерин жоготуп, фанаттык иштерди кылышып, Ыйык Рухту алуунун башка жолдорун издешет. Алар шайткан сееп кеткен үрөндөн улам баш аламандыкка чөгүп калышты жана куру ишенимдерге кирип кетишти.
Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө ишенгендерде жана күнөөлөрүнөн кечирим алгандарда Ыйык Рух жашайт. Кудайдын куткарылуусуна ишенгендер гана, “Менде күнөө жок.” деп айта алышат. Эгерде адам суу жана Рух жакшы кабарына ишенбесе, алар күнөөм жок деп айта алышпайт. Ошол сыяктуу эле, Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө ишенип күнөөлөрүнөн кечирим алгандарга кепил катары Кудай Ыйык Рухту берет. 
Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны биздин күнөөлөрдү алып кетти деп ким күбөлөндүрдү? Ыйса, Анын шакирттери, жана Ыйык Рух ушундай деп күбөлөндүрдү. Адамдарды күнөөлөрүнөн куткарууну ким пландады эле? Ыйык Ата. Бул планды ким ишке ашырды? Ыйса Машайак. Бул пландын аткарылышына ким гарантия берди? Ыйык Рух. 
Кудай бизди Өз эли кылып алууну каалаган ошондуктан бизди Ыйсанын каны жана чөмүлүүсү менен куткарган. Ошондуктан Үч Бирдик биздин акыры куткарыларыбызга гарантия берет жана күнөөбүздүн кечирилгенин далилдейт. 
Матай 3:17, аятта жазылган, “Бул Менин сүйүктүү Уулум Мен Ага ыраазымын.” Ичинде Кудайдын Ыйык Руху жашагандар Кудайдын уулдары. Алар Анын балдары. “Бул Менин сүйүктүү уулум, Мен ага ыраазымын.” Ыйса Өзү Кудай. Кудай Ата бизге айтат, “Эгерде сен күнөөлөрүңдөн кечирим алууну кааласаң, адамзаттын күнөөлөрүнүн бардыгы Ыйсага өткөндүгүнө ишен, Менин уулум Ыйык Рухту кабыл ал жана Менин балдарым болгула.” Буга ишенгендердин күнөөлөрү кечирилет жана Кудайдын уулдары жана кыздары болуп калышат. Аларды Өз балдары катары мөөрлөө үчүн Ал аларга Ыйык Рухту берет. Биз качан Ыйсанын чөмүлүүсүна жана канына ишенгенде гана күнөөлөрүбүздөн кечирим алабыз. 
Качан адамдар күнөөдөн кечирим берүүчү жакшы кабарды кабыл албаганда, алар биринчи күнөө кеткен ал эми күнүмдүк күнөөлөрдөн кечирим алуу үчүн ар дайым тобо кылып сыйынып туруу керек деп ишенишет. Эгерде алар ушундай деп ишенишсе анда Ыйык Жазуу түшүнүксүз жана баш аламан болуп калат. Ошондуктан, алардын шакирттердикинен башкача ишеним болуп калат.
Кээ бир адамдар Ыйык Рух “сыйынуу аркылуу.” келет деп айтышат. Бирок Ыйык Жазуунун көз карашы менен карагада бул туура эмес. Бул жагымдуу угулушу мүмкүн, бирок Ыйык Жазууда качан Ыйса Жакан аркылуу чөмүлгөндө, Ыйык Рух Анын үстүнө көгүчкөн сыяктуу келип конду дейт. Бул эмнени далилдейт, эгерде биз Ыйык Рухту алууну кааласак Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөнүнө жана Куткаруучубуз болуп калуу үчүн кайрадан тирилгендигине ишенишибиз керек. 
Биз бул чындыкка ишенип Ыйык Рухту алганда Кудай эмне деп айтат? Ал айтат, “Сен Менин уулумсуң. Бул Менин сүйүктүү уулум, Мен ага ыраазымын.” Кудай келечекте күнөөлөрүнөн арыла тургандарга дагы ушул эле нерсени айтат. Бул чындык Кудайдын бизди балдары кылып алам деген убадасы. 
Бирок адамдар дагы эле Ыйык Рухту алуунун башка жолдору бар деп ойлонушат. Сен дагы Ыйык Рух өзүңдүн иш аракеттериң жана сыйынууң аркылуу келет деп ойлойсуңбу? Кудайды сөзү бул Кудайдын эрки жана Ал Ыйык Рухту күнөөлөрүнөн кечирим алгандарга берет. Ал айтат, “Мен Өз Уулумду Жакан аркылуу чөмүлдүрүп жана күнөөлөрүңөрдөн кечирим алышыңар үчүн айкаш жыкачта кан төктүрдүм. Мен Өз Улумду силердин Куткаруучуңар кылдым. Эгерде силер Менин Уулум аткарган күнөөлөрдөн болгон кечиримди кабыл алсаңар, анда Мен Ыйык Рухту жиберемин.”
Биздин Атабыз Өз каалаганын аткарат. Эгерде кимдир бирөө тизелеп туруп алып таң аткыча өпкөсү жарылгыча кыйкырса дагы Кудай Ыйык Рухту ага жибербейт. Ал ага мындай деп айтат, “Сен чындыкты кабыл албай, адашып жүрөсүң. Чыныгы ишенимди кабыл алмайынча Ыйык Рух берилбейт.”
Бул дүйнөдө адамдын чечими ар кандай кырдаалдарды өзгөртүшү мүмкүн, бирок күнөөлөрдүн кечирилиши жана Ыйык Рухтун берилиши тууралуу мыйзамдар эч качан өзгөрүлбөйт. Эгерде сен жалган ишенимге кабылсаң, кайрадан туура жолду табуу кыйын. Ыйык Жазуу баш ийбегендер үчүн Ыйса мүдүрүлүүчү таш дейт (1 Петир 2:8). 
Ыйсага ишенсе дагы Анын эмне үчүн чөмүлгөндүгүн билбеген адамдар жакшы кабардын жарымына гана ишенип жатышат жана сөзсүз түрдө тозокко кетишет. Ошондуктан, качан сен Ыйсага биринчи ишенгенде эле, сен Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны тууралуу билишиң керек. Качан сен күнөөлөрдөн кечирим алганда гана Ыйык Рухту аласың.
Келгиле Ыйсанын жер үстүндөгү өмүрү тууралуу ойлонуп көрөлү. Ыйса адам болуп келип Өз чөмүлүүсү менен бул дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алып кетти. Ал дагы айкаш жыгачта өлүп бизди тозоктун сотунан куткарды. Ким ага ишенсе Ыйык Рухту белекке алат. 
Ошондуктан, бардыгыбыз Ыйык Рухту алышыбыз үчүн туура жол менен жүрүшүбүз керек. Биз чындыктын сөзү боюнча ой жүгүртүүбүз зарыл. Биз качан ушундай кылганда, Ыйса сени сактайт жана батасын берет. Ким жүрөгүн бошотуп Анын сөздөрүнө ишенсе күнөөлөрүнөн кечирим алат жана Ыйык Рухка ээ болот. Дагы алар Ыйык Рухтун жардамы менен туура жолдо жүрүшөт. 
Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарылуу ишке ашкандыгына ишен. Ошондо гана биз Аны ишеним менен ээрчип жана күнөөлөрүбүздөн кечирим алып, түбөлүк өмүргө ээ болуп жана Ыйык Рухка ээ болуу батасына ээ болобуз. Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп жана биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алышыбыз үчүн айкаш жыкачта кан төккөн. Ыйса чыныгы жакшы кабарга ишенгендердин бардык күнөөлөрүн тазалап жана аларга Ыйык Рухту берген. Сен чыныгы ишенимге келүү аркылуу Ыйык Рухту ала аласың.