• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-7] Ыйык Рухтун Сенин Ичиңде Жашашына Шарт Түзгөн Жакшы Кабар (Ышайа 9:6-7)

Ыйык Рухтун Сенин Ичиңде Жашашына Шарт Түзгөн Жакшы Кабар(Ышайа 9:6-7)
“Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат. Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.”
 

Ыйык Рухтун ишенгендердин ичинде жашашына эмне себеп болот?
Суу жана Рух керемет жакшы кабары
 
Ыйык Рухту алуу үчүн биз, суу жана Рух жакшы кабарына ишенишибиз керек. Биздин Теңирдин аты Кереметтүү, Кеңешчи, Кудуреттүү. Биздин Теңир Өзүн асманга баруучу жол деп атайт. Ыйса Машайак бардыгына керемет жакшы кабарды белек катары берди. 
Бирок, бул дүйнөдө көптөгөн адамдар дагы эле караңгылыкта жашашат. Алар бул караңгылыктан кутулууга аракет кылышса дагы, керемет жакшы кабарды билишпегендиктен күнөөдөн кутула алышпайт. Тескерисинче алар жалган окутууларга ишенип өлүмгө дуушар болушат. Ал эми чындыкты издегендер кермет жакшы кабарды табышып өмүрүн Кудайдын батасында жашашат. Мен үчүн аларга керемет жакшы кабарды таап калышына жардам берүү жана күнөөлөрүнөн куткаруу Кудайдын чоң батасы. 
Ошондуктан Анын батасы болбосо күнөөдөн куткарылуу мүмкүн эмес болмок. Эгерде биз Теңир менен таанышып Ыйык Рухту алсак бул биз үчүн чоң бата болот. Тилекке каршы, көптөгөн адамдар керемет жакыш кабарга ишенүү аркылуу келүүчү жакшы кабарды билишпейт. 
Кудайдын батасы Анын жалгыз Уулу Ыйса Машайак берген керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу келет. Ыйса бизди дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарат жана Өз ырайымы менен бата берет. Эч ким биздин жүрөгүбүздөгү күнөөдөн куткара албабйт жана айыпты өчүрө албайт. Ким өз күнөөлөрүнөн жана түбөлүк азаптан өзүн өзү куткара алат?
Кудай бизге айтат, “Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы – өлүмгө алып баруучу жол” (Накыл 16:25). Адамдар өз диндерин өздөрү жаратып алышып, өлүмгө жана талкаланууга бара жатышат. Көптөгөн диндер өз адилеттиги жана адамдарды күнөөдөн куткаруу жолдору менен мактанышат, бирок жалгыз гана суу жана Рух жакшы кабары адамдарды күнөөдөн куткара алат. Күнөөкөрлөрдү күнөөдөн куткара ала турган Куткаруучу Ыйса гана.
Жакан 14:6, аятта Теңир мындай дейт, “Мен жол, чындык, жана өмүрмүн.” Өлүмгө бара жаткандар үчүн Ал Өз денесин жана канын берген. Ал дагы Өзүн өмүргө баруучу жол деп айткан. Кудай эгерде ким Ыйсанын керемет жакшы кабарына ишенбесе, ал Асман Падышачылыгына кире албайт дейт. 
Биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенишибиз керек, Ага Куткаруучу катары ишенип күнөөлөрүбүздөн кечирим алып Асман Падышалыгына кирели.
 
 

Бир жолу байыркы Ысрайылда!

 
“Узиянын уулу, Жотамдын уулу, Жүйүт падышасы Ахаздын убагында Сирия падышасы Ретсин менен Ысрайыл падышасы Ремалиянын уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн, ага каршы согуш ачышты, бирок басып ала алышкан жок” (Ышайа 7:1). 
Башында Ысрайыл бир эл болгон. Бирок, Ысрайыл түндүк жана түштүк болуп бөлүнүп кеткен. Кудайдын ибадатканасы Иерусалимде түштүк Жүйүт аймагында болчу, ал жерде Сулаймандын баласы Рехабам башкарып турган. Кийин, Жеробам, Сулаймандын кызматчыларынын бири түндүккө дагы бир падышачылык орнотуп Ысрайыл бөлүнүп кетет. Ошол күндөн баштап Кудайга болгон ишеним бузулуп кеткен. Ишенимдин бузулуп кетиши бүгүнкү күндөгү жалган окутуулардын булагы болуп калды. Жеробам жалган окутуулардын негиздөөчүсү болуп калды. Ал өз тактысын кармап калуу үчүн Кудайдын мыйзамын өзгөртүп, жалган окутуулардын атасы болуп калды. Ал Түндүк Ысрайылдагы өз эли үчүн башка дин ойлоп чыкты жана Жүйүткө Түштүк Падышачылыкка кол салууга да аракет кылды. Арадан 200 жыл өтсө да ал падышачылыктардын кастык мамилеси өзгөрүлгөн жок.
Анан, Кудай Ышайага сүйлөдү, “Сирия, Эпрайым жана Ремалия уулу сага каршы жамандык ойлоп, мындай деп жатышат: ‘Жүйүткө барып, бүлгүн салып, басып алалы, ал жерге Табейалдын уулун падыша кылып коёлу.’ Бирок Теңир мындай дейт: ‘Бул оюңар ишке ашпайт жана ордунан чыкпайт. Анткени Сириянын борбору – Дамаск, ал эми Дамасктын башчысы – Ретсин. Бирок алтымыш беш жылдан кийин эпрайымдыктар эл болуудан калат. Эпрайымдыктардын борбору – Самария, ал эми Самариянын башчысы – Ремалия уулу. Эгерде ишенбесеңер, анда туруштук бере албайсыңар.” (Ышайа 7:5-9).
Ошол кезде, Кудай Ахаз Падышага Ышайа аркылуу пайгамбарчылык кылды, бирок падыша Ага ишенбей койду. Aхаз Сирия падышачылыгына каршы тура албайм деп сана тартып, Ысрайыл менен Сириянын чоогу кол салганы жатканын угуп корккондон титиреп кетти. Бирок Кудайдын кызматчысы Ышайа, келип ага айтты, “Алтымыш беш жылга жетпей түндүк Ысрайыл талкаланат. Ал эми эки зулум падышанын ою ишке ашпайт.” 
Кудайдын кызматчысы Ахаз падышага Кудайдан жышаан изде деди. “Кудай-Теңириңден өзүңө жышаан сура. Жышаанды түпкүрдөн же жогорудан көрсөтүүсүн сура” (Ышайа 7:11). “Ошондо Ышайа мындай деди: ‘Дөөттүн тукуму, уксаңар боло! Адамдарды кыйнаганыңар аз келгенсип, менин Кудайымды да кыйнагыңар барбы? Ошон үчүн силерге Теңир Өзү аян берет: Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, Ага Эмануел деген ат коюшат’” (Ышайа 7:13-14). Ал ушундай деп пайгамбарчылык кылды: Ал Өз элин күнөөдөн куткарууну каалайт.
 
 

Кудайдын душманы ким?

 
Адамдын душманы күнөө, ал эми күнөө башында шайтандан келген. А бизди күнөөдөн Куткаруучу ким? Куткаруучу эч ким эмес, бирок Ыйса Машайак, Кудайдын Уулу. Адамдын денеси алсыз жана ал күнөө кетирбей коё албайт. Ал шайтандын бийлигинин алдында. Көптөгөн адамдар дагы эле көзүачыктарга барышат жана жашоолорун жалган пайгамбарлар кандай айтса ошондо жашоого аракет кылышат. Бул алардын шайтандын бийлигинин алдында жашап жаткандыгына болгон ачык далил.
Теңир Ышайага куткарылуу далилин берген, жана таза кыздан Эммануил деген Уул төрөлөт деген. Кудайдын планы боюнча Кудай Ыйсаны адамдын күнөөкөр денесине окшош денеде жиберип адамзатты шайтандын кишендеринен бошотсун деген. Пайгамбарчылыктын негизинде, Ыйса бул дүйнөгө адам болуп келип кыз Мариямдан төрөлгөн. 
Эгерде Ыйса бизге келбесе, анда биз дагы эле шайтандын бийлигинин алдында жашап жатмакпыз. Бирок Ыйса бул дүйнөгө келип Жакан аркылуу чөмүлүп жана айкаш жыгачта өлүп, бизге бардык күнөөкөрлөрдү күнөөдөн куткара турган керемет жакшы кабарды берди. Ошондуктан, көптөгөн адамдар керемет жакшы кабарга ишеништи, күнөөлөрүнөн кечирим алып Кудайдын балдары болуп калышты. 
Азыркы күндө дагы, көптөгөн окумуштуулар Ыйсаны адам же Кудай деп талашышат. Консервативдүү көз караштагы теологдор “Ыйса Кудай,” дешет, бирок жаңы теологдор Ыйса Жусуптун никесиз төрөлгөн баласы деп айтышат. Бул кандай гана кайгылуу көз караш!
Жаңы теологдор Ыйсанын суу үстүнөн басканына ишене алышпайт. Алар айтат, “Ыйса горизонттон ылдый жайгашкан жапыз дөңдө басып келе жаткан, анан анын шакирттери алыстан караганда Ыйса суунун үстүнөн басып келе жаткандай болуп көрүнгөн.” Азыркы күндөгү Жаңы теологодор богослов докторлору теологияны начар билишет. Алар Ыйык Жазуудан эмнени түшүнө алышса, ошого гана ишенебиз дешет. 
Дагы бир мисал, Ыйык Жазуу Ыйса 5,000 адамды эки балык жана беш нан менен тойгузган деп айтат. Бирок алар бул кереметке ишенбей карашат. Алар аны мындай деп түшүндүрүшөт. “Адамдар Ыйсаны ээрчип жүрүп ачкадан өлгөнү калышкан. Анан Ыйса шакирттерине калган тамактын бардыгын чогулткула деди. Анан бир бала өз ыктыяры менен тамагын ага берди, аны көргөн чоң кишилердин жүрөктөрүнө тийип бардыгы тамактарын беришкен. Качан алар бардык тамактарын чогултуп жешкенден кийин, он эки себет тамак ашып калган.” Мындай теологдор Кудайдын сөзүн өздөрүнүн түшүнүгүнө чактап чечмелешет.
Кудайдын чындыгына ишенүү деген бул Кудай берген керемет жакшы кабарга ишенүү. Ишеним бул кандайдыр бир түшүнкүтүү нерсеге ишенип, түшүнүксүз нерсеге ишенбей койуу эмес. Биз түшүнсөк да түшүнбөсөк да, Ага ишенип Анын сөздөрүн кандай жазылса, ошондой кабыл алышыбыз керек. 
Ыйсанын Адам Уулу болуп келишинин себеби Ал бизди бардык күнөөлөрүбүздөн куткаруу үчүн келген. Ыйса, Кудай болуп туруп, жерге бизди куткаруу үчүн келди. Ышайа Ал бизге Адам Уулу болуп келип таза кыздан төрөлөт деп пайгамбарчылык кылган.
Башталыш китебинде 3:15, Теңир жыланга айтат, “Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуњардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың.” Мунун мааниси Кудай Ыйсаны адам кебетесинде жиберип, адамзатты күнөөлөрүнөн куткарууну пландаган.
Ыйык Жазууда жазылган, “Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда? Өлүмдүн уу тиши – күнөө, ал эми күнөөнүн күчү – мыйзам” (1 Корунтуктар 15:55-56). Өлүмдүн уусу күнөө. Качан адам күнөө жасаганда, өлүм аны кул кылып алат. Бирок биздин Теңир убада кылган, “Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт.” Мунун мааниси Ыйса шайтан алып келген күнөөнүн уусун талкалайт дегенди билдирет. 
Ыйса бул дүйнөгө келди, дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүү үчүн чөмүлдү жана айкаш жыгачка кадалып алар үчүн соттолду. Ал керемет жакшы кабарга ишенген бардык адамдарды куткарды. Качан Адам менен Обо күнөө кетиришкенде, Кудай адамзатты шайтандын бийлигинен куткарам деп убада кылган. Азыркы күндө, Кудайдын душмандары, керемет жакшы кабарга ишенбегендер.
 
 

Эмне үчүн Ыйса бул дүйнөгө төрөлгөн?

 
Кудай бизди күнөөдөн куткаруу үчүн мыйзамды жана керемет жакшы кабарды берген. Кудайдын мыйзамынын алдында, күнөөкөр болуп калышты. Мыйзам адамдар күнөөлөрүн билүүлөрү үчүн берилген. Качан адамдар күнөөгө жана мыйзамга кул болуп калышканда, биздин Теңир бул дүйнөгө келип мыйзам талап кылган адилеттикти аткарды. 
Ыйса мыйзамдын алдында төрөлгөн. Ал мыйзамдын убагында төрөлгөн. Адамдарга мыйзам керек болгонунун себеби, алар күнөөлөрүнөн кечирим алуу үчүн күнөөлөрүн билүүлөрү керек эле. Адамдар качан кийими булганып калгандан кийин гана андагы чаңды күбүшөт. Ошол сыяктуу эле, адамдар күнөөкөр экендигин билиши үчүн, аларга мыйзам керек болгон. Эгерде мыйзам жок болгондо, анда алар күнөөнү сезишмек эмес, жана Ыйсанын бул дүйнөгө келүүсү зарыл болмок эмес.
Эгерде сен Кудайдын мыйзамын билсең, анда Аны менен жолугуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз мыйзамды билгенбиз ошондуктан биз күнөөкөр экенибизди билип калдык. Качан гана биз күнөө жөнүндө билгенде Ыйса Машайак алып келген керемет жакшы кабарга ишендик. Эгерде Кудай бизге мыйзамды бербесе, анда биз күнөөкөр болмок эмеспиз жана сот да болмок эмес. Ошондуктан, Кудай бизге мыйзамды берип жана бизди куткаруу үчүн бизге керемет жакшы кабарды тааныштырды.
Жаратуучу менен жаратылыштын ортосунда болуш керек мыйзам бул куткарылуу мыйзамы. Бул сүйүүнүн мыйзамы. Кудай адамга айткан, “бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың” (Башталыш 2:17). Бул Кудай бизге берген мыйзам болгон, жана мыйзам Кудай бизди бардык күнөөбүздөн куткарган сүйүүнүн негизи болуп калды. Куткарылуу мыйзамынын пайдубалы бул күнөөлөрдүн кечирилиши. Кудай бизге Жаратуучуңармын дейт жана эмне болсо бардыгы Анын эрки менен болот. Мунун мааниси, Кудай Жеткилең Кудай жана адамдар керемет жакшы кабар аркылуу аткарыла турган куткарылуу мыйзамына ишенүүлөрү керек. 
Кудуреттүү Кудай жакшы. Кудайдын бул дүйнө үчүн болгон сүйүүсү Өз жалгыз Уулун курмандыкка берүүгө себеп болгон, Ал бардык күнөөкөрлөрдүн Куткаруучусу болуп калды. Эгерде Кудай бизди жаратып анан бизди куткаруу үчүн керемет жакшы кабарды бербесе, анда биз Ага нааразы болмокпуз. Бирок Кудай бизди талкалануудан куткарууну каалады ошондуктан куткарылуу мыйзамын орнотту. Мыйзам аркылуу күнөөбүздү көрүп Ыйсанын керемет жакшы кабарына ишенип баштадык. Качан биз Кудайдын мыйзамын бузганда, биз Кудайдын алдында күнөөкөр болуп таанылдык, анан биз бардыгыбыз күнөөкөрлөр катары Анын алдына тизе бүгүп ырайым жана кечирим сурадык.
Ыйса аялдан төрөлүп адамзатты күнөөсүнөн куткаруу үчүн келген. Ыйса бул дүйнөгө келип Кудайдын биз үчүн түзгөн планын аткарды. Биз Анын керемет жакшы кабарына ишенебиз. Ошондуктан биз Теңирди даңктайбыз.
Кээ бирөөлөр даттанышат, “Эмне үчүн Кудай мен ушунчалык алсыз кылып жаратты, мен тез эле күнөөгө жыгылып калам жана туура эмес кылгандыгым үчүн азап тартам?” Бирок Кудай биздин азап тартышыбызды каалаган эмес. Бирок биз Ыйсанын жакшы кабарына ишенбей койгондуктан, Ал биздин азап тартуубузга жол берди. Кудай бизге азап тартууну да, керемет жакшы кабарды да берди, бизге Анын балдары болу бийлигин берди. Бул анын планы болчу.
Бирок жиндер айтышат, “Жок! Жок! Кудай бул диктатор! Каалаганыңдай жаша. Көз карандысыз бол! Өз аракетиң менен тагдырыңды тургуз!” Жиндер дагы адамдын Кудайга болгон ишенимине тоскоол болууну каалашат. Бирок Кудайдан алыс жашагандар Кудайдын куткаруу планына тоскоолдук кылышат. Ыйса бул дүйнөгө келди жана шайтандын бийлигинин алдында жүргөндөргө күнөөдөн баш тарткыла деди. Биз Кудайдан алыс болуп жашабашыбыз керек. 
 

Адам тозокко тиешелүү күнөөкөр болуп төрөлгөн
 
Бул дүйнөдө өзгөрбөгөн чындык жок. Бирок керемет жакшы кабар өзгөрбөс чындык. Ошондуктан, адамдар ошол чындыкка көз каранды болуп, шайтандын бийлигинен куткарыла алышат. Адамзат Адам жана Ободон күнөөнү мураска алган жана Машайак болбосо тозокко кетишмек. Бирок, Анын курмандыгы аркылуу, адамдар Кудайдын балдары болуу бийлигине ээ болушту. “Санаа тарткандын үстүндө караңгылык болбойт” (Ышайа 9:1). Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө жиберди жана керемет жакшы кабарга ишенгендер аркылуу даңкталды. 
“Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт” (Ышайа 9:2). Бүгүн, бул сөз сенде жана менде аткарылып жатат. Керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу, биз түбөлүк өмүр батасына ээ болдук, биз ага жер үстүндө ээ боло албайбыз. Ыйса Машайак адамзатты жана керемет жакшы кабарга ишенгендерди бардык күнөөлөрүнөн куткарды, Ал түбөлүк өмүр жана Асман Падышачылыгын берди.
 

Ал үмүтсүздөргө жакшы кабардын керемет жарыгын төктү
 
Адам, буу сыяктуу, бул дүйнөгө пайда болот да, бирок бат эле жок болот. Анын өмүрү бир мезгил эле жашай турган чөп сыяктуу. Чөп жылдын кандайдыр бир мезгилинде Кудайдын каалоосу менен бир нече айга чейин эле өмүр сүрөт. Биздин жашообуздагы түйшүктүн баары тең ошол чөпкө окшош маанисиз. Бирок Кудай биздин соолуп бара жаткан жаныбыз үчүн керемет жакшы кабарды берди жана бизди Өз балдары кылды. Бул кандай гана кереметтүү ырайым! Биздин маанисиз жашообуз Кудайдын сүйүүсү аркылуу түбөлүк жашоо болуп калды жана дагы биз Анын балдары болуу укугун алдык. 
Керемет жакшы кабарга ишенип Кудайдын ырайымына ээ болгон адамдын күбөлүгү. 
“Мен Кудайга ишенбеген үй-бүлөдө чоңойгом. Ошондуктан, мен апам эртең менен туруп асман менен жердин кудайына биздин үй-бүлөнүн жакшы болушу үчүн бир аяк сууну маңдайына коюп алып сыйынса жакшы болот эле деген ой менен чоңоюп өстүм. Чоңойгон сайын, мен жашоонун баалуулугун жана маңызын билбей, тирүү жүрсөм да өлсөм да айырмасы жок деген ой менен чоңойдум. Мен жашоонун маңызын билбегендиктен жалгыздыкта жашадым. 
Мен ушундай жашоодон чарчадым жана үйлөнүүгө шаштым. Менин үй-бүлөлүк жашоом жакшы болду. Менде эч кандай муктаждык жок болду, ошондуктан мен тынч жашоодо жашадым. Анан мен балалуу болдум ошондон баштап менде сүйүү пайда боло баштады. Мен өзүмдүн өзүмчүлдүгүмдөн арыла баштадым бирок жакындарымды жоготуп аламынбы деген коркунуч да келе баштады.
Ошондуктан, Мен Кудайды издей баштадым. Мен алсыз болгондуктан менин туугандарымды сактап жүрүү үчүн мага Кудуреттүү керек болду. Ошентип мен жыйынга бара баштадым бирок менин ишенимим апамдын ишениминен башкачараак болду, ал чөйчөктөгү суунун маңдайына отуруп алып сыйынса, менин сыйынуум коркунучтан болгон сыйынуу болду. 
Бир жолу, мен бир жергиликтүү кичинекей жыйынга бардым жана ал жакка барганымда, көзүмдөн жаш куюла баштады. Мен уялганымдан көз жашымды токтотууга аракет кылдым, бирок көзүмдөн жаш ага берди. Айланамдагы адамдар колдорун башыма коюшуп Ыйык Рухту алдың деп мени куттуктай башташты. Бирок мен абдан таң калдым. Мен Кудайдын сөзүн билчү эмесмин жана менин ишенимим алсыз болчу, анан мен бул Ыйык Рух деп ишенип калдым.
Мен катышкан жыйын Элүүнчү-Харзимат Кыймылына тиешелүү жыйын эле, ал жакта көптөрүндө менде болгондой сезимдер болуп жана бардыгы тең тилдерде сүйлөшчү эле. Бир күнү, мени ойгонуу чогулушуна чакырышып Ыйык Рухка толгон пастор ал чогулушту өткөрөт дешти. Пастор көптөгөн адамдарды чогултуп, кимдир бирөөндө синусит оорусу бар экендигин жана анын ал ооруну айыктырууга күчү бар экендигин айтты. Бирок, мен синусит оорусун ооруканадан деле айыктырса болот деген ой менен, көбүрөөк анын Ыйык Рухту кантип алгандыгына кызыгып калдым. Пастор ийгиликтүү айыктыргандан кийин, ал мектеп окуучусунун университеттеги экзаменден өтөөрүн же өтпөй кала тургандыгын айта ала тургандыгы менен мактана баштады. Көп адамдар Кудайдын даңктагандай ал адамды даңктай башташты.
Бирок мен аны түшүнгөн жокмун. Мен ал пастордогу күч Ыйык Рухтун күчү деп айта албаймын. Мен анын синуситти айыктырганы же бирөөнүң экзамени тууралуу айтып бергени маанилүү эмес деп ойлодум. Ошентип, анын кереметтерин Ыйык Рухтуку деп кабыл алган жокмун.
Менин түшүнүгүмдөгү Кудайдын сүйүүсү жана күчү мен көргөндөн башкача эле. Ошондуктан, мен ал жыйынга барууну токтоттум жана ошол пастордун күчүнө ишенгендерден алыстап баштадым. Ошондон кийин, мен тынчыраак жыйынга барып баштадым, мен аларды Кудайдын сөзүнө жакыныраак деп тандап алдым. Мен ал жактын мыйзамды үйрөнүп өзүмдүн мыйзамсыз экендигимди билдим. Мен Кудайдан коркуп баштадым жана мен Анын алдына бара албастыгымды жана Ыйык Рухтун мени менен иши жок экендигин билдим.
Ышайа 59:1-2 аяттарда жазылган, “Куткарыш үчүн Теңирдин колу кыскарган жок, угуш үчүн Анын кулагы катуу болуп калган жок. Бирок мыйзамсыздыгыңар силерди Кудайыңардан бөлүп салды. Ал силерди укпаш үчүн, силердин күнөөңөр Анын жүзүн силерден буруп жатат” Менин абалым ушундай болду. Мен кылган же ойлогон нерселердин бардык күнөө болгондуктан менин Анын баласы болуп Ыйык Рухту алышым мүмкүн эмес болду. 
Мен Кудайдан коркконумдан тобо кылып сыйына бердим. Эч ким мага айтпаса деле Кудайдын алдында татыктуу тургум келди. Мен күнөөкөр болгондуктан, көбүрөөк кечирим сурап сыйына бердим. Бирок бул сыйынуулар күнөөлөрүмдү жууп кете алган жок. Мен ага күнөөкөр экендигимди чын дилимден көрсөтүүнү кааладым. Ошондон баштап, мен Кудайга арыздана баштадым. Мен Анын алдында жеткилең болгум келет, бирок мен Анын алдында бир заматта жеткилең боло албайм, ошентип менин күнөөлөрүм жана арыздануум чогулуп калды. 
Ошентип динчилдик, баш аламандыкта жашап жүргөндө атамдын жүрөгү приступ берди. Ал өлөөр алдында 40 күн операция бөлмөсүндө азап чекти. Бирок мен атам үчүн сыйына алган жокмун. Мен күнөөкөр болчумун, ошондуктан эгерде сыйынсам анын оорусу күчөп кетет деп ойлодум. Мен ишенимимдин алсыздыгына капа болуп, Кудайды ээрчийин десем, Аны да ээрчий алган жокмун, ошентип мен арыздануумду уланта бердим да, акыры Андан кетип калдым. Менин динчил жашоом ушундайча аяктады. Эгерде Ага ишенсем деп ойлодум, Анын Руху менде жашайт жана мен тынчтык табамын, бирок андай болгон жок. Андан кийин менин жашоом көбүрөөк маанисиз боло баштады жана мен бактысыз болуп коркунучта жашап жаттым.
Бирок Теңир мени таштаган жок. Ал мени Кудайдын Сөзү аркылуу чындап Ыйык Рухту алгандар менен жолуктурду. Мен ал адамдан Ыйса бизди күнөөлөрдү алуу үчүн Жакандан чөмүлүү алгандыгын жана алар үчүн соттолуп айка жыгачка кадалганын үйрөндүм. Ошондуктан, дүйнөнүн бардык күнөөлөрү, менин күнөөм да, кечирилген. Качан мен муну түшүнгөндө, мен күнөөлөрүмдүн тазаланганын көрдүм. Кудай күнөөлөрүмдөн кечирим алууга жардам берди, Ал мага Ыйык Рухту берип мага тынч өмүр берди. Ал менин акырын жетеледи, мага жамандык менен жакшылыкты түшүндүрдү жана бул дүйнөнүн азгырыктарын жеңүүгө күч берди. Ал менин сыйынууларыма жооп берди жана мага адилеттүү жашоо менен татыктуу жашоого жардам берди. Ыйык Рухту бергени үчүн мен Кудайга чындап ырахмат айтамын.”
Ар бирибиз Кудайдын ырайымына жана Ыйык Рухка ээ болсок болот. Мен Теңирге керемет жакшы кабарды бергени үчүн рахмат айтамын. Кудай адилеттүүгө ушундай бакыт берген. Адилеттүү адамдын жүрөгүндө кубаныч бар. Теңир бизге түбөлүк бакыт берди. Биз Кудайдын куткарылуусу кандай баалуу экендигин билебиз, анда сүйүү жана ырайым бар жана биз Ага ыраазыбыз. Теңир Асмандын жакшы кабары аркылуу бизге бакыт берди. Бул нерсени акчага сатып ала албайсың. Кудай бизге Ыйык Рухту жана керемет жакшы кабарды жиберди жана бизди кубанычтуу кылды. Керемет жакшы кабар бизди бактылуу кылат. Теңир бизге керемет жакшы кабарды берди жана Ал адилеттүүлөрдүн баталуу жашап жатканын көрүп кубанат.
Луканын жакшы кабарында, Мариям айтат, “Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт. Ошондо Мариям: Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун, – деди. Ошондон кийин периште анын жанынан кетти” (Лука 1:37-38). Качан Мариям Кудайдын сөзүнө ишенгенде, Анын периштеси айткандай, Ыйса бойго бүткөн, жана ишеним аркылуу, адилетүү адамдын жүрөгүнө керемет жакшы кабар келет.
“Анткени Сен аны эзген моюнтурукту, аны урган таякты, анын эзүүчүсүнүн камчысын Мидианды талкалагандай талкалайсың” (Ышайа 9:4). Шайтан бардык капаны, оорууну, кыйналууну биздин жашообузга алып келет бирок биз алсыз болгондуктан аны жеңе албайбыз. Бирок Кудай бизди сүйөт жана шайтанга каршы күрөшүп аны жеңген. 
“Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат. Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат” (Ышайа 9:6-7).
Кудай Ыйса алып келген керемет жакшы кабар аркылуу Өз балдары катары бизди даңктайм деген. Ал Өз убадасы боюнча шайтанды жеңди жана бизди шайтандын бийлигинен куткарды. 
Теңир жерге келди жана Өз бийлиги менен күнөөнү алып кетүүнү убада кылды. Ошондуктан биз Теңирибизди Кереметтүү деп атайбыз. Ал биз үчүн көп кереметтүү нерселерди жасады. Кудайдын Адам Уулу болуп бул дүйнөгө келиши бул сыр. “Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз, – дейт Теңир. – Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам” (Ышайа 1:18). 
Теңир бизди күнөөбүздөн куткарып түбөлүктүү кечирим берем деп убада кылган. Ыйсанын аты Кереметтүү жана Ал биз үчүн керемет иштерди жасайт. “Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат.” Кудай, биздин Кеңешчи катары, бизди керемет жакшы кабар менен куткарууга убада берген жана бизди күнөөлөрүбүздөн түбөлүк куткарууну пландаган. 
Кудайдын акылсыздыгы адамдын акылынан чоң. Адамды куткаруу үчүн Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта өлүүсү Анын аркылмандуу планы болгон. Бул Анын биз үчүн жасаган сырдуу иши, бирок бизди сүйүү мыйзамы бардык күнөөлөрдөн куткарды. Сүйүү мыйзамы бул чындык жашкы кабары жана ал бизди суу жана Анын каны аркылуу Ыйык Рухту алууга жетелейт.
Ышайа 53:10 аятта Теңир айтат, “Бирок ТЕҢИР Анын кыйналуусун туура көрдү.” Ыйса Кудайдын эрки боюнча Өз жанын биз үчүн курман кылды. Ал дүйнөнүн күнөөлөрүн, Өз Уулу Ыйса Машайакка жүктөдү, жана алар үчүн соттолуп айкаш жыгачта азап чекти. Адамды бир отоло күнөөсүнөн куткарган керемет жакшы кабар ушул. Машайак биз үчүн Өз өмүрүн берди, күнөө үчүн төлөдү жана бизге куткарылуу батасын берди.
 

Кудайдын курмандык алып келүү системасы
 
Жакандан алган чөмүлүү аркылуу Ыйса канча күнөөнү Өзүн жүктөп алды эле?
Өткөн чактагы, учур чактагы жана келээр чактагы күнөөлөрдү башынан баштап аягына чейин
 
Ыйык Жазууда күнүмдүк күнөөлөр үчүн алынып келине турган курманыдк тууралуу жазылган. Күнөөкөр эч кынтыгы жок жаныбарды алып келип жана колун ал жаныбардын башына коюп ага күнөөлөрдү өткөргөн. Анан ал ошол курмандыкты союп анын канын ыйык кызматчыга берчү. Ыйык кызматчы ал курмандыктын канынан алып бүтүндөй өртөлүүчү курмандык чалуучу жайга барып анын мүйүздөрүнө кан сүйкөгөн, анан калганын курмандык чалынуучу жайга төгүп койгон. 
Ушундай кылуу аркылуу, ал өзүнүн күнүмдүк күнөөсүнөн кечирим алчу. Кол койуу өз күнөөлөрүн курмандыктын башына жүктөш үчүн аткарылган. Курмандык алып келүү системасы боюнча курмандык алып келгендер күнөөлөрүнөн кечирим алышчу. Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткенге чейин, курмандык алып келүү системасы күнөөлөрдөн арылуу жолу болуп келген.
Кудай Ысрайыл бир жылдык күнөөлөрүнөн дагы арылып туруусу үчүн Күнөөлөрдөн кечирим алуу күнүн белгилеп койгон. Курмандык алып келүү ар бир жетинчи айдын онунчу күнү болчу. Кудай Арунду башкы ыйык кызматчы кылып шайлаган, ал Ысрайылдын бир жылдык күнөөлөрүн курмандык эчкисинин башына жүктөөчү. Ритуал Кудайдын планы боюнча өткөрүлчү. Күнөөлөрдүн кечирилиши Анын акылмандуулугу жана адамзаттка болгон сүйүүнүн натыйжасы болгон. Бул Анын бийлиги.
“Бүтүндөй өртөлүүчү курмандык чалынуучу жайдагы мүйүздөрдүн” мааниси “Сот китеби” болгон (Аян 20:12), ал жакта адамзаттын күнөөлөрү жазылган. Ыйык кызматчынын мүйүзгө кан сүйкөгөнүнүн себеби Сот Китебиндеги күнөөлөрдү өчүрүү максатында болгон. Кан бул дененин өмүрү. Курмандык Ысрайылдын күнөөсүн алып кеткен жана курмандык эчкиси күнөөлөр үчүн өлгөн. Кудай күнөөлөр үчүн сот катары курмандыкты өлтүргөн. Бул Анын акылмандуулугунун жана сүйүүсүнүн белгиси болгон. 
Ыйса Машайак бул дүйнөгө келип Кудайдын планын аткарып бул дүйнөнүн күнөөсү үчүн болгон Курмандык болду. Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн Өзүн Курмандык кылуу менен алып кетти. Эгерде биз Анын убада сөздөрүн карасак, “Бирок ТЕҢИР Анын кыйналуусун туура көрдү” же “Ал дүйнөнүн күнөөсүн алды.” дегенди көрөбүз. 
“Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат. Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат” (Ышайа 9:6-7). 
Кереметтүү убада бул Ыйсанын Кудайдын эрки боюнча Ыйсанын дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүү аркылуу адамзатка тынчтык берүү болгон. Кудайдын убадасы сүйүү жана адамзатка тынчтык алып келүү болгон. Кудай адамзатка ушуну убада кылган жана Ал ошону аткарды.
Матай 1:18 аятта мындай дейт, “Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду.” “Ыйса” дегендин мааниси Куткаруучу, Ал Өз элин күнөөдөн куткарат. “Машайак” дегендин мааниси Майлаганган Падыша, Падыша. Ыйсада күнөө жок болгон, Ал биздин Падыша жана Куткаруучу Ал Өз элин күнөөдөн куткаруу үчүн таза кыздан төрөлгөн.
“‘Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат.’ Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым Кудай биз менен деп которулат” (Maтай 1:21-22).
 

Ыйса Өз чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрүн алган
 
Матай 3:13-16 аяттарда жазылган, “Ошондо Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди. Жакан Аны токтотуп: ‘Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?’ – деди. Бирок Ыйса ага: ‘Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек’, – деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди. Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү.” 
Бул аятта Жакан Чөмүлдүрүүчү тууралуу жазылат. Эмне үчүн Ыйса Жакан аркылуу чөмүлдү эле? Ыйса Кудайдын планы боюнча дүйнөнүн күнөөлөрүн алуу үчүн чөмүлгөн.
“Бийлик кылуу Анын ийнинде” (Ышайа 9:6). Бул “бийлик кылуу” дегендин мааниси Ыйсанын Асманда жана бул дүйнөнүн падышасы катары бийлиги бар дегенди билдирет. Бул бийлик Ыйса Машайакка гана берилген. Ыйса адамзаттын күнөөсү алуу менен керемет иш аткарган. Анын Жакандан алган чөмүлүүсү керемет иш болгон. Ыйса “Анткени бардык адилеттикти ушундайча аткаруубуз керек” деген сөз менен эмне айткылысы келген, мунун мааниси дүйнөнүн күнөөсүн алып кеттүү туура деген.
Римдиктер 1:17 аят мындай дейт, “Кудайдын адилеттиги ишенимден ишенимге ачылат.” Кудайдын адилеттигин жакшы кабардан көрсөк болот. Суу жана Рух чындык жакшы кабары Кудайдын адилеттигин көрсөтөбү? Ооба! Чыныгы жакшы кабар бул Ыйса Өз чөмүлүүсү жана айкаш жыгачка кадалуусу аркылуу дүйнөнүн күнөөсүн алып кеткен. Суу жана Рух жакшы кабары Кудайдын адилеттигин көрсөткөн керемет жакшы кабар болуп калды. Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн кантип алып кетти? Ал дүйнөнүн күнөөсүн Иордан дарыясындагы Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү аркылуу алды.
“Бардык адилеттик” грек тилинде “dikaiosune.” Мунун мааниси Ыйса адамзаттын күнөөлөрүн эң адилеттүү жана керемет жол менен алып кетти дегенди билдирет. Мунун мааниси Ыйсанын дүйнөнүн күнөөсүн алышы адилеттүү жол болгон дейт. Дүйнөнүн күнөөсүн жок кылуу үчүн Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүү алган.
Кудай адамзатка тынчтык алып келүү үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү зарыл болгондугун билген. Эгерде Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп айкаш жыгачта кан төкпөсө биздин Куткаруучубуз боло алмак эмес. Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн алуу үчүн курмандык болду.
Ышайа 53:6 аятта Кудай айтат, “Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик, ошондо Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү.” Кудайдын эркин аткаруу үчүн Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн кабыл алуусу керек болчу. Ошол себептен Ыйса адамдын денесинде келип Жакан аркылуу чөмүлүү алды.
Ыйса Кудайдын эркин аткаруу үчүн, Өзүнүн өлбөс сүйүүсүн көрсөтүү үчүн адамзаттын күнөөлөрүн алып алар үчүн соттолуш керек болгон. Ыйса качан сууга кирип чыкканда Кудай айтты, “Ошондо асмандан “Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын” деген үн угулду” (Maтай 3:17). 
 

Бизге Наристе төрөлдү
 
“Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат” (Ышайа 9:6). Ыйса бул Кудайдын Уулу. Ыйса бул бүткүл жаратылышты жараткан Кудай жана Жаратуучу. Ал бир гана Кудуреттүү Кудайдын Уулу эмес, Ал Жаратуучу Тынчтыктын Төрөсү. Ыйса адамзатка бакыт берген Кудай.
Ыйса чындыктын Кудайы. Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү алды. Дүйнөдө күнөө барбы? Жок, күнөө жок. Биздин дүйнөдө күнөө жок деп айтканыбыздын себеби биз керемет жакшы кабарга ишенебиз, ал жакшы кабар Ыйса чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу дүйнөнүн күнөөсүн алып кеткен деп айтат. Ыйса бизге жалган айтпайт. Ыйса чөмүлүүсү жана каны аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн төлөгөн. Буга ишенгендерди Ал Өз балдары кылып алат жана аларга тынчтык берет. Ал бизди түбөлүк ишеним менен жашаган Өз балдары кылып алды. Мен Теңирди даңктайм жана Ага ырахмат айтамын.
 
 
Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна ала турган Кудайдын Козусу!
 
Жакан 1:29 аят айтат, “Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: ‘Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат!’” деди. Дүйнөнүн күнөөлөрүн алгандан кийин бир күндөн кийин Ыйса Жакандын маңдайына келди. Жакан Ыйсаны күбөлөндүрүп мындай деди, “Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат!” Ал дагы Жакан 1:35-36 аяттарда мындай деп күбөлүк кылат, “Эртеси күнү да Жакан өзүнүн эки шакирти менен турган эле. Ал өтүп бара жаткан Ыйсаны көргөндө: ‘Мына, Кудайдын курмандык Козусу! – деди!’” 
Эски Осуятта Кудай убада кылгандай Ыйса Кудайдын Козусу болуп келген Машайак болчу. Машайак Ыйса бизге Кереметтүү, Кеңешчи жана Кудуреттүү Кудай болуп келди жана биздин күнөөлөрдү алуу үчүн чөмүлдү. Бизге наристе төрөлдү. Ал дүйнөнүн күнөөлөрүн Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү аркылуу алды жана бизге күнөөлөрдөн кечирим жана тынчтык берүүчү Тынчтыктын Падышасы болуп калды. “Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат”
Адамдарда күнөөдөн куткарылуу жолу жок, күнөөлөр үчүн өлүшү керек эле. Адамдар сансыз күнөөлөрдү кетиришип, акыры тозокко түшүшмөк. Алар бактысыз жашоодо жашап келишкен; алар алсыз болгондуктан Кудайдын Падышачылыгына киребиз деген түшүнө да кирген эмес. Ыйса Машайак, биздин Кудай, Жакан аркылуу Иордан дарыясынан чөмүлүп бардык күнөөлөрдү алды жана алар үчүн айкаш жыгачта соттолду. Өлүм алдында Ыйса айтты, “Аткарылды” (Жакан 19:30). Бул Анын адамзаттын күнөөдөн жана өлүмдөн куткарылгандыгын күбөлөндүргөн кыйкыруу болгон, Ал керемет жакшы кабарга ишенген ар бир адамды толугу менен куткарды.
“Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат.” Дүйнөнүн күнөөлөрү кайда экендигин билесиңби? Алар Ыйса Машайактын денесиндеби? Бизди бул дүйнөдө басынтып жаткан бардык күнөөлөр кайда? Алардын бардыгы Ыйсага өтүп кеткен. Биздин күнөөлөр кайда? Алар Кудуреттүү Кудайдын денесинде.
 

Төрөлгөндөн бери кылган күнөөлөр мүрзөгө кетти!
 
Биз өмүр бою күнөө кылабыз. Биз төрөлгөндөн баштап 20 жашка чыкканга чейин күнөө кылабыз. 20 жылдык күнөөлөрүбүз кайда кетти? Алары Ыйса Машайактын денесине жүктөлдү. Биздин 21 жаштан баштап 40 жашка чейин кылган күнөөлөрүбүз дагы Ыйсага өттү. Адам канча жыл жашабасын, өмүрү башталгандан баштап өлгөнгө чейин кылган күнөөлөрүнүн бардыгы Ыйса Машайакка өтүп кетти. Адам баласы кетирген күнөөлөрдүн бардыгы, Адамдан баштап жер үстүндөгү акыркы адамдын күнөөлөрүнө чейин Ыйсага өттү. Небере, чөбөрөлөрдүн күнөөлөрүн да Ыйсага өттү. Бардык күнөөлөр Ыйса чөмүлгөндө Ага өттү. 
Дүйнөдө дагы эле күнөө барбы? Жок. Бирөө да калган жок. Биз Ыйса Машайак берген керемет жакшы кабарга ишенип калгандыктан, дүйнөдө бир дагы күнөө калган жок. Жүрөгүңдө дагы эле күнөө барбы? Жок. Оомийн! Биз Ыйса Машайак биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетти деген керемет жакшы кабарга ишенебиз. Биз Кудуреттүү Ыйсаны бардык кылган керемет иштери үчүн даңктайбыз.
Ыйса Машайак жоголгон өмүрүбүздү бизге берди. Биз азыр керемет жакшы кабарга ишенебиз жана Кудай менен жашай алабыз. Ал эмес Кудайдын душманы болгон адамдар да – күнөөсүнөн улам караңгы токойдо жашынып жүргөн күнөөкөр да, азыр керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу куткарыла алат. 
Керемет жакшы кабар Теңир Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү, өлүмү жана тирилүүсү менен биздин бардык күнөөлөрдү жууп кетти деп окутат. Ыйсаны жакшы кабарына ишенүү аркылуу биз ыйыкталып жана Кудайдын балдары болуп калдык. Ыйса курмандык катары Өз денесин биздин күнөөлөр үчүн берди. Ал, Кудуреттүү Кудайдын Уулу, бул дүйнөдө эч кандай күнөө кетирген эмес, күнөөлөрдү Өзүнө алып Ага ишенгендердин бардыгын куткарды. Ышайа 53:5 аят айтат, “Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды.”
Ыйса дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алган, Ал баштапкы күнөөнү да күнүмдүк күнөөлөрдү да алган, Ал бир дагы күнөө калтырган эмес. Ал биздин күнөөлөр үчүн айкашы жыгачтагы өлүмү аркылуу төлөп бизди бардык күнөөлөрүбүздү куткарды. Ыйса керемет жакшы кабары аркылуу дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн жууп кетти. Биз Ыйса аркылуу жаңы өмүрдү табышыбыз керек. Бул керемет жакшы кабарга ишенгендер мындан ары рухта өлүк эмес. Биз азыр жаңы түбөлүк өмүргө ээ болдук, себеби Ыйса биздин күнөөлөр үчүн төлөдү. Ыйса Машайактын керемет жакшы кабарына ишенип калуу аркылуу биз Кудайдын балдары болуп калдык.
Ыйса Машайак Кудайдын Уулу экендигине ишенесиңби? Анын Куткаруучу экендигине дагы ишенесиңби? Мен ишенем. Ыйса Машайак биз үчүн Өмүр. Биз Ал аркылуу жаңы өмүрдү таптык. Биз күнөөлөрүбүздүн айынан өлүмгө учурамакпыз. Бирок Ыйса күнөөлөр үчүн Өзүнүн айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу төлөдү. Ал бизди күнөөнүн кулчулдугунан, өлүмдүн бийлигинен жана шайтандын кишендеринен куткарды. 
Теңир бизди күнөөлөрүбүздөн куткарган Кудай жана Ыйсага ишенип калган ар бир адамдын куткаруучусу. Эврейлер 10:10-12, 14 жана 18, аяттарды карасак Теңир бизди ыйыктаганын жана мындан ары кечирим алуунун зарылчылыгы жок экендигин көрөбүз. Биз Ыйсага ишенүү аркылуу Кудайдын Падышачылыгына кире алабыз. Биз өз күнөөлөрүбүз үчүн өлүшүбүз керек болчу, бирок биз азыр Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенүү аркылуу асманга кирип, түбөлүк өмүр менен ырахаттанып жашай алабыз.
“Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет” (Жакан 10:11). Биздин Теңир бул дүйнөгө бизди Өз чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы өлүмү, тирилүүсү аркылуу күнөөлөрдөн куткаруу үчүн келген. Бул чындыкка ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим алгандарга Ал Ыйык Рухту белек кылат. Ырахмат, Теңир. Сенин жакшы кабарың керемет жакшы кабар, ал жакшы кабар ишенгендерге Ыйык Рухту берет. Аллилуйя! Мен Теңирди даңктайм.