(Жакан 7:37-38)
“Майрамдын акыркы – эң улуу күнү Ыйса эл алдында туруп, бийик үн менен мындай деди: ‘Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин. Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат.’”
Ыйык Рухтун тирүү суусун ким иче алат?
Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачы деген керемет жакшы кабарга ишенгендер
Ким керемет жакшы кабарга ишенсе ошолордун жүрөктөрүнөн тирүү суунун агымдары чыгат. Жакан 7:38 айтат, “Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат.” Бул Кудай бизге берген керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу биз чыныгы куткарылууга жана күнөөлөрдөн болгон кечиримге ээ боло алабыз дегенди билдирет.
Качан Ыйык Рух бизге келет? Ыйык Рух ким Ыйса күнөөлөрдү Жакан аркылуу чөмүлүү алуу аркылуу алып кеткен деген жакшы кабарга ишенсе ошого келет. Ошол адам Ыйык Рухтун тирүү суусун иче алат. Ким керемет жакшы кабарга ишенсе анда Ыйык Рух жашайт, ал адам руханий тирүү суунун агымын, анын кургап калган жүрөгүнө келгенин сезет жана ар дайым Кудайдын сөзүн угат.
Ыйык Рухтун тирүү суулары, Теңир күнөөкөрлөрдү күнөөлөрүнөн куткаруу үчүн келди деп айткан суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендердин жүрөктөрүнөн агат. Ыйык Рух чындык жана Аны суу жана Рух жакшы кабарынан бөлүүгө болбойт, Ал Кудайдын сөзүнө ишенген адамдардын үстүндө болот.
Ыйык Рухтун тирүү суусунан ичүүнү каалагандар Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны тууралуу айткан жакшы кабарга ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим алуулары зарыл. Ыйык Рухтун бул тирүү суусу Кудайдын сөзүнө ишенгендерде бар. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендерден Ыйык Рухтун тирүү суусу дарыядай болуп жүрөктөрүнөн ашып ташып агат. Азыркы күндө дагы, Ыйык Рухтун тирүү суусу Ыйса Машайактын чөмүлүү жана айкаш жыгачта төгүлгөн каны жөнүндө айткан жакшы кабарга ишенгендердин жүрөктөрүнөн булактай агат.
Бирок, бул чындыктарга ишенбеген адамдардын жүрөктөрүнөн Ыйык Рухтун тирүү суусунун бир тамчысы дагы чыкпайт. Мен суу жана Рух чындыгын таанып билип, ишенип калганга чейин, жүрөгүмдөн руханий суунун жүрөгүмдөн бир да тамчысы чыкчу эмес. Ошол кезде, мен Машайакка абдан ишенсем дагы, мен Ыйык Рухтун тирүү суусунун маанилүүлүгүн билчү эмесмин, анткени менин ичимде Ыйык Рух жашачу эмес. Бирок, азыр менде суу жана Рух керемет жакшы кабары бар, жана Ыйык Рухтун тирүү суусу менин жүрөгүмдө эркин агат.
Эми Ыйык Рухтун тирүү суусу менин жүрөгүмдөн жана Кудайдын сөзүн угуп ишенгендердин жүрөгүнөн агат. Ыйса айткандай эле, “Ким суусаса, Мага келип ичкиле,” суу жана Рух жакшы кабарына ишенип жогорудан төрөлгөн машайакчы аркылуу Ыйык Рухтун тирүү суусу башкаларды сергитет. Азыр тирүү суу менин жүрөгүмдөн менин суу жана Рух жакшы кабарга болгон ишенимим менен бирге агат, жана башкалардын келип ичүүсүнө жол берет. Кудай Ыйык Рухтун тирүү суусун менин жүрөгүмдөн дарыядай агызат. Ичинде Ыйык Рух жашаган адамдарда да ошондой болот.
Аян китебинде жазылгандай, аны кабыл алган адамдан башка аны эч ким билбейт, Ыйык Рух жана тирүү суунун сыры суу жана Рух жакшы кабарын билип жана ага ишенгендерге гана белгилүү. Ошондуктан, сен Ыйык Рух жашаган адамдарды таанып биле алышың керек. Сен Ыйык Рух Ыйсанын жакшы кабарына ишенгендерге гана берилээрин билишиң зарыл.
Мен айкаш жыгачтагы канга гана ишенчүмүн
Мен Ыйсанын айкаш жыгачта төккөн канына он жыл ишенсем дагы, жүрөгүмдө күнөө жашачу. Ошол кезде, мен күнөөм Ыйсанын каны аркылуу гана кечирилген деп ишенчүмүн. Бирок, мындай ишеним менен мен күнөөлөрдөн кечирим дагы, Ыйык Рухту дагы ала алганым жок, бирок менин жашоомдо боштук жана баш аламандык гана болгон. Менин Ыйсага ишенгенимди билдирген белги жалгыз гана жыйынга катышуум болгон.
Ошондо мен ишенимим тууралуу чындап ойлой баштадым. ‘Мен чын эле Ыйык Рухту алдымбы?’ Качан мен биринчи жолу Ыйсага ишенгенде, менин Ага болгон сүйүүм күйүп жанып, ал эмес мен тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн алгам. Андан кийин мени менен эмне болду? Сезимдердин күйүп жанышы бул Ыйык Рухту алуунун белигиси эмес экендигин билдим жана мен Ыйык Рухту таптакыр албаганымды түшүндүм. Мен Ыйсага ишенсем дагы Ыйык Рухтун тирүү суусу менин жүрөгүмдө жок эле.
Менин ишенимим [4]Кальвинизмге негизделгендиктен, жүрөгүм ысыкпы же муздакпы мен үчүн айырмасы жок болчу. Мен жооп бериш керек болгон суроолор төмөнкү суроолор эле:
4Машайакчылардын Ыйык Жазуу чечмелөө системасы Жон Кальвин аркылуу негизделген. Бул куткарылуунун алдын ала белгиленишине басым коюлат. Армининдерге жооп берүүдө Кальвинизмдин беш түрү чыккан. Кальвинизим мындай окутат: 1) Толук бузулуу: адамга күнөө таасир эткенден кийин анын турган турпатынын бардыгына анын таасири тийген: дене, жан, акыл, жана сезимдер, 2) Татыксыз болсо да берилген белек: Кудайдын адамга кылганы толугу менен Кудайдын эрки жана адам ага эч кандай таасир тийгизе алган жок. Адам толугу менен татыксыз болду, 3) Чектелген куткарылуу: Машайак жерде жашагандардын бардыгынын күнөөлөрүн алып кеткен эмес, Ал куткарылуу үчүн тандалгандардын гана күнөөсүн алып кеткен, 4) Тоскоолдук кыла алгыс ырайым: Кудай бирөөнү куткарууга чакырса ал каршы чыга албайт, 5) Ыйыктардын туруктуулугу: Куткарылууну жоготуу мүмкүн эмес. Бирок булардын окутуусун суу жана Рух жакшы кабарынан айырмасы чоң, өзгөчө чектелген куткарылуу тууралуу окутуусунун айырмасы чоң. |
(1) Ыйык Рух менде жашайбы? ─Жок. Анын менде жашай тургандыгына көзүм жетпейт.─
(2) Менде күнөө барбы? ─Ооба, бар.─ Ошондо мен Ыйсанын айкаш жыгачта кан төккөнүнө ишенсем деле чынында эле менде күнөө бар болчу. Мен Ыйсага ишенип, күн сайын сыйынып, тобо кылсам да жүрөгүмдө күнөө бар эле. Жүрөгүмдөгү күнөө канчалык аракет кылсам дагы толук тазаланган жок.
‘Мен кантип Ыйык Рухту ала алам?’ ‘Жүрөгүмдөгү күнөөнү кантип жууй алам?’ Мени кыйнаган ушул эки проблема Ыйсага ишенгенден кийин деле жайыма койгон жок. Мен Ыйсага ишенгенден кийин тилдерде сүйлөөчүмүн жана күнөөм Ыйса кан төккөндүктөн улам кечирилген деп ойлоочумун.
Бирок, убакыт өткөн сайын, жүрөгүмдө уламдан улам күнөө көбөйө берди. Менде күнөө толуп калды. Мен жалгыз эле Ыйсанын канына ишенип жаткандыгымдан улам тобо кылып сыйынуу же орозо кармоо менин күнөөлөрүмдү жууп кете алган жок. Мен күнөөм жөнүндө ойлонуп көп санаа тарттым. Канчалык көп санаа тарткан сайын, ошончолук күчөп башкаларга Ыйса жөнүндө жакшы кабар айттым. Мен Анын канына таянып жыйынга көбүрөөк барып өзүмдү Ыйсага кызмат кылууга көбүрөөк арнадым.
Бирок, убакыт өткөн сайын, менин жүрөгүмдөгү күнөөлөр мени чыныгы ишенимден алыстатып жатышты. Ыйсага ишенүү мурункудан дагы оорураак болуп калды. Мен Ыйсанын канына көбүрөөк таянууга аракет кылып, өзүмдү Кудайга арноого көбүрөөк аракет кыла баштадым. Бирок, жүрөгүмдөгү боштондук күчөгөндөн күчөй берди. Мындай ишеним мени боштукка жана тажатма уйку сыяктуу абалга алып келди, акыры сырткы нерселер үчүн кам көрүүчү эки жүздүү машайакчы болуп калдым. Өзүмчө ойлондум, ‘Ыйсага ишенүү бардык адамдар үчүн эле ушул сыяктуу! Бул жалгыз мен эле эмес’ менин ишенимим туура эмес экендигин мойнума алгым келген жок. Бирок, Ыйсанын каны жана тобо кылып сыйынган сыйынуум менин күнөөлөрүмдү жууп кете алган жок.
Анда кандай ишеним аркылуу менин күнөөлөрүм тазаланат? Менин күнөөлөрүм жалгыз гана Ыйса Иордан дарыясынан чөмүлгөндө күнөөм Ыйсага өткөн деген ишеним аркылуу гана тазаланмак эле. Матай 3:13-17 аяттарда ушундай деп жазылган. Анда эмне үчүн менин күнөөлөрүм Ыйсанын каны аркылу жуулуп кеткен жок? Мен Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөнү жөнүндө айткан керемет жакшы кабарды билчү эмесмин жана ишенчү эмесмин.
Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу бардык күнөөлөр жуулуп кеткенби? Ооба, туура. Ыйык Жазуу дагы бул жөнүндө күбөлөндүрөт, “Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт” (Жакан 3:3-5). Ыйса бул дүйнөгө келип Өзүнүн Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү менен дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алып кетти.
Мен дагы эле шектенүү менен такташ үчүн Эски Осуят жана Жаңы Осуятты салыштырып көрдүм. Натыйжада мунун чындык экенин көрдүм. Ыйса чөмүлгөндө менин бардык күнөөлөрүм Ага өтүп кеткен экен. Бул сөздөргө ишенүү аркылуу ыйыкталдым. Мен бул Ыйык Жазууда жазылган чындык жана дүйнөдөгү эң кереметтүү жакшы кабар экендигин билдим.
Дагы, мен Ыйсанын канына гана ишенүү аркылуу күнөөлөрүм жуулбагандыгын билдим. Себеби мен Ыйсанын Иордандан чөмүлүүсү аркылуу күнөөлөрүмдү алып кеткендигин билген эмесмин. Акыры мен чындыкты таптым. Акыры мен Ыйсанын бул дүйнөгө мен үчүн келип, чөмүлүүсү аркылуу бардык күнөөлөрүмдү Өзүнө алып, жана дүйнөнү күнөөдөн куткаруу үчүн айкаш жыгачка кадалганын билдим. Мен дагы Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны бул дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетти деген чындыкты билип жана ага ишендим. Эми мен Ыйса берген жакшы кабарга ишенип күнөөлөрүмдөн кечирим алып адилеттүү болуп калдым.
Менин күнөөмдөн жыйындын доктриналарды тазалаган жок, мени Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны тазалады. Бул чындык керемет жакшы кабарда. Мен бардык күнөөлөрүмдөн куткарылгам жана адилеттү болуп калгам, бул жалгыз Ыйсанын канына ишенүү аркылуу келген жок, бул менин куткарылышым үчүн Ыйсанын чөмүлүү алганына жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу болду.
Мен керемет жакшы кабарга ишенип баштаганда Кудайдын Ыйык Руху мага келгенине Кудайга ырахмат айткым келет. Азыр Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу менде Ыйык Рух жашайт.
Мага бул керемет жакшы кабарды берген, Ыйсанын апостолду тараткан жакшы кабарга ишендиргенине Теңирге рахмат. Мен керемет жакшы кабарга ишенип калгандыгым үчүн эле Кудай мага Ыйык Рухту берди. Мен бул жакшы кабарды дүйнөдөгү адамдарга сыймык менен таратамын. Мен силерге айтамын Ыйсанын канына гана ишенүү аркылуу күнөөңөрдөн кечирим ала албайсыңар!
Бирок Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу күнөөңөрдөн тазалана аласыңар. Керемет жакшы кабарды тараткандыгым үчүн Кудайдын алдында кыпындай дагы уялбайм. Мен бул керемет жакшы кабарды, суу жана Рух жакшы кабарын дүйнөдөгү адамдарга сыймык менен таратамын. Мен Теңирге ырахмат айтамын. Мен мага суу жана Рух жакшы кабарын берип, Ыйык Рухтун тирүү суусун ичирген Теңирге ырахмат айтамын.
Сынактар суу жана Рух жакшы кабары чыныгы жакшы кабар экендигин көрсөтөт
Сен күнөөлөрүңдөн кечирим жана Ыйык Рухту алдың беле? Сен жакшы кабардын чындык экенин кантип билесиң? Мен Ыйса берген керемет жакшы кабарга ишенгени жаткан адамдарды сынап тест өткөрүп көрдүм. Бир адамга Ыйсанын айкаш жыгачта төккөн каны тууралуу гана айтып бердим. Анан дагы Ыйса Машайактагы адамда бир да күнөө жок дедим. Дагы бир адамга Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны жөнүндө жакшы кабар айтып бердим. Натыйжада Ыйсанын каны аркылуу гана күнөөлөрдөн кечирим алган адам күнөөлөрүнөн ар дайым кечирим алып тура тургандыгын айтты. Бирок Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны керемет жакшы кабарга ишенген адам, азыр эле толук күнөөсү жок адам болуп калгандыгын айтты.
Ал Ыйса күнөөлөрүн алып жана алар үчүн жазалангандыгы үчүн жүрөгүндө эми күнөө жок экендигин айтты. Ал Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны жакшы кабарына ишенип Ыйык Рухту кабыл алды.
Ал адамдын жүрөгүмдө эми күнөө жок деп айта алышынын себеби, ал керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алып калган эле. Ыйык Рух аны жүрөгүндө күнөө жок экендигине ишендирди. Кудай Ыйык Рухту Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенгендердин баарына берет. Ыйык Рух кимдердин ичинде жашайт? Ыйык Рух Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенген адамга берилет.
Көптөгөн адамдар Элүүнчү күндөгү жогорудан болгон кереметти көрүп алышып, аны туура эмес түшүнүү менен эле чыныгы жакшы кабарды четке кагып коюшкан. Адамдар эгерде көп сыйынуу менен Ыйык Рухту издешсе эле Ыйык Рухту ала алабыз деп ойлошот. Көптөгөн убактар бою, дүйнө жүзүндөгү машайакчыларда Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү деген чындык жөнүндөгү бир дагы түшүнүк болбоду. Бирок, азыр Ыйык Рухту алган Кудайдын көп кызматчылары, суу жана Рух жакшы кабарын таратып Ыйык Рухту алууга жардам берип келе жатышат. Натыйжада көптөгөн адамдар керемет жакшы кабарга ишенип Ыйык Рухту кабыл алып келе жатышат.
Кудай керемет жакшы кабарга ишенген адамдарга Ыйык Рухту берет. Ыйык Жазуу, айтат, “Акыркы күндөрдө мындай болот, – дейт Кудай, – Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм” (Эл иш 2:17). Бирок, керемет жакшы кабарды билбей туруп Ыйык Рухту алууга аракет кылуу бул чоң жаңылыштык. Ыйык Рухту алуунун жолу Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү гана.
Кудай Асман Падышачылыгына кирүү үчүн Рухтан жана суудан төрөлүү керек деп айтып жаткандан кийин, жогорудан төрөлгөндөр гана Ыйык Рухту белекке ала алышат, Асман Падышачылыгына кирүү үчүн Ыйык Рухка ээ болуу керек экендигине эч шек жок. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенбей туруп кантип Асманга бара алам деп ойлойсуң? Керемет жакшы кабарына ишенбей туруп Асманга барууга жол жок. Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү акрылуу гана Ыйык Рухту ала аласың. Биз бир нерселерди сатып алганда акча төлөгөн сыяктуу эле, Ыйык Рухту алуу үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ишенишибиз керек.
Ыйык Рухту алууну кааласаң биринчи суу жана Рух жакшы кабарын билип жана ага ишен. Ошондо сен Ыйык Рухту ала аласың. Сен Ыйык Рухту суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу гана ала аласың.
Мен керемет жакшы кабарына ишенгениме бир топ убакыт өттү, жана бул жакшы кабардын дүйнөдөгү эң баалуу жакшы кабар экендигине күндөн күнгө күчтүрөөк ишенип келем. Мен Кудайга ыраазымын. Сен дагы ушундай деп ойлойсуңбу? Ким Ыйык Рухту алса, ал Кудайдын чоң батасына ээ болду.
Мен керемет жакшы кабарга ишенип, Ыйык Рухту кантип алуу керектигин силерге айтып берип жатам. Адамдар Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу гаан Ыйык Рухту алууга татыктуу боло алышат.
Жакан 7:38, аятта айтат, “Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат.” Мунун мааниси Машайак бизге берген керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу күнөөлөрдөн кечирим алып жана Ыйык Рухка ээ боло алабыз. Ошондо Ыйык Рухтун тирүү суусу жүрөктөрүбүздөн дарыя болуп агат. Керемет жакшы кабарга ишенген адамдар Руханий суунун агып жатканын көрүшөт.
Мен суу жана Рух жакшы кабарына ишене элек кезимде Ыйсага берилген ишенүүчү болсом дагы, жүрөгүмдөн тирүү суунун агымдары акчу эмес. Качан, суу жана Рух жакшы кабарына ишенип калгандан кийин, менин жүрөгүмдөн Ыйык Жазууда жазылгандай тирүү суунун агымдары ага баштады. Тирүү суунун агымдары Кудай берген суу жана Рух жакшы кабары менен бирге акты. Жылы бою Ыйык Рухтун тирүү суулары менин жүрөгүмдөн тынбай ашып ташып агат. Мен Ыйык Рухту кабыл алгандан кийин жакшы кабар таратуучу болуп керемет жакшы кабарды тарата баштадым.
Керемет жакшы кабарга ишенип Ыйык Рухту алгандан кийинки менин ишенимим
Мен жыйырмага жаңы чыкканда күздүн аягы эле. Ошол күздө эмнегедир өлүм тууралуу ар дайым ойлончу болдум. Ошол жылдары менин жашоомдо жүрөгүмдөгү күнөөмдөн улам көптөгөн баш аламандык, боштук жана караңгылык болуп турду. Мен кайда бурулаарымды билбей туура эмес тарапка бара жаткам. Менин денемде оорулар көбөйүп жүрөгүмдөгү боштуп өскөндөн өсүп жатты.
Жүрөгүмдөгү күнөөлөрдөн улам, мен кайгыга чөгүп кеттим. Менде өмүрүмдүн аягын, Кудайдын сотун күтүп күнөөлөрүмдүн кечирилишин суроодон башка айла калбады. “O Теңир, мен өлгөнгө чейин ишенимим аркылуу күнөөлөрүмдөн кечирим алгым келет. Дагы, менин денемдеги ооруларды айыктырчы! ”
Ошондо менин жүрөгүмө жаңы үмүт келе баштады. Менин жүрөгүм Кудайга суусады, жана мен күйүп жанып баштадым. Бул менин жүрөгүмдө күйүп жанып жаткан жаңы үмүт эле. Ошол күндөн баштап мени жаңы динчил жашоону баштадым, Ыйсанын айкаш жыгачта өлүшү мени күнөөлөрүмдөн куткарды.
Көп узабай, мен тилдерде сүйлөй баштадым. Кийинчерээк көз жашымды төгүп Ыйсанын айкаш жыгачта төккөн каны тууралуу ойлоно бердим. Мен Анын айкашы жыгачта мен үчүн кан төккөнүнө ыраазы болуп жаттым.
Ошондон кийин мен эски жашоомду таштап Жекшемби күндү ыйык кармоо үчүн ал күнү иш жок болгон жаңы жумуш таптым. Ошондо жүрөгүмө Ыйсага болгон сүйүү толуп турду, жана Ыйсанын айкаш жыгачта мен үчүн кан төккөнүн эстеп ыраазычылыгым ашып ташып турду. Менин динчилдигим улам улам өсүп жатты, бирок ал Ыйсанын айкаш жыгачта төккөн канына гана негизделген эле.
Бирок, убакыт өткөн сайын Ыйса менен болгон жашоом алсыздыгым жана күнөөлөрүмдүн айынан алсырай баштады. Менин күнөөлөрүм толугу менен жуулуп кеткен эмес, себеби мен Анын канына гана ишенчүмүн. Мен күнөөлөрүмдү тобо кылып сыйынуу аркылуу жууп кетирүүгө аракет кылдым. Бирок, менин кечирим сурап сыйынуу аркылуу күнөөлөрүмдү тазалайм деген үмүтүм ишке ашкан жок. Себеби мен Кудайдын мыйзамдарын аткара алган жокмун. Менин күнөөлөрүм көбөйгөндөн көбөйө баштады.
Менин күнөөлөрүм сыйынуу жана тобо кылуу аркылуу жуулуп кетпесе да, мен сыйынууну уланта бердим. Мен күнөө кылган сайын сыйынуу жана тобо кылуу аркылуу күнөөлөрүмдү жууп кетире алам деп ишенчүмүн. Канчалык динчил жашоодо жашоону уланткан сайын, алсыз болгондуктан күнөөм ошончолук көбөйө берди. Мен ал күнөөлөрдөн азап тартуум да күчөп жатты.
Мен фарисей машайакчы болуп калдым, жүрөгүмдөгү күнөөмө карабастан мен дьякон кийин жакшы кабарчы болуп шайландым. Мени качан күнөөм кыйнаганда, жанымды тазалоонун жалгыз жолу ушул деп, жакшы кабар таратууга жөнөчүмүн. Бирок мындай доктринага негизделген ишеним аркылуу менин жаным тазаланчу эмес.
Мени шайтан кишендеп алган эле. Мен күнөөлөрүм үчүн өзүмдү айыптап баштадым жана күнөөлөрүм үчүн өлүшүм керек деген да ишеним болду. “Сен күнөө кетирдиң, туурабы?” деп шайтан мени айыптап жана кыйнай берди.
Менин ишенимим талкаланууга аз калган эле. Мен күнөөлөрүмдү Ыйсанын канына болгон ишеним жана тобо кылуу менен тазалай албастыгымды сездим жана акырып кайгыга түштүм.
Теологиялык семинариядан Кальвинизмди окуп, мен Ыйсанын чөмүлүүсүнүн маанисине кызыгып калдым. Көп профессорлордон Ыйсанын Жакан аркылуу Иордандан чөмүлүүсүнүн мааниси кандай болгон деп сурадым. Бирок алардын жооптору көнүмүш жооптор эле, мисалы Ал өзүнүн момундугун көрсөтүү үчүн чөмүлгөн же Өзүнүн Кудайдын Уулу экендигин жарыялаган. Бирок, бул жооптор мени канааттандырган жок.
Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлдүрүлүүсү мага керемет жакшы кабарды таанытты
Семинариядан окугандан кийин, менин күнөөлөрүм тазаланган жок, менин кыйналуум уламдан улам күчөй берди. Анан бир күнү мен Ыйсанын эмне үчүн чөмүлгөнүн түшүндүм жана Ал эмне үчүн бул иш аркылуу адилеттикти аткаралы деп айтканын билдим. Бул Ыйсанын Иордан дарыясынан чөмүлүүсү жөнүндөгү керемет жакшы кабар болчу. Кудай бул чындыкты мага жазылган сөзү аркылуу ачып берди.
Керемет жакшы кабар жазылган Кудайдын сөзүн кайра кайра окугандан кийин акыры, менин күнөөлөрүм Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу менин күнөөлөрүм Ыйсага жүктөлгөндүгүн билип, чындыкты таптым.
Мен мунун Мага Ыйык Рух чындап келгенде билдим. Мен качан бул керемет жакшы кабарды түшүнүп жана ишенгенде менин күнөөлөрүм кечирилди. Мени кайгыга түрткөн күнөөлөрүмдүн бардыгын керемет жакшы кабар жууп кетти. Бир убакта тобо кылып сыйынуу аркылуу күнөөлөрүмдү жок кыла алган эмес элем. Мен Теңирге чын жүрөктөн ырахмат айтамын.
Мен Ыйсанын айкаш жыгачтагы каны аркылуу гана күнөөлөр жуулуп кетпейт деп чындыкты айтып жатамын. Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлүүсү менин күнөөмдү кечирди. Азыр бардыгы суу жана Рух жакшы кабары аркылуу бардык күнөөлөрдүн жуулуп кете тургандыгына ишенүүлөрү керек. Азыр менде Ыйык Рух жашайт себеби мен суу жана Рух жакшы кабарына ишенем, Ал Уулу аркылуу күбөлөндүргөн Кудайдын сөзү менин жүрөгүмдөгү бардык күнөөлөрдү жок кылды. Мен керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу көгүчкөн сыяктуу Ыйык Рухту кабыл алдым.
Ошол күндөн баштап Ыйык Рух жүрөгүмдө иштей баштады, мага руханий иштерди кылууга, башкача айтканда керемет жакшы кабарды таратууга жардам берет. Азыр жүрөгүмдө күнөө жок. Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү жана каны күнөөмдүн кечирилгенин күбөлөндүрөт жана мага Ыйык Рухту берди. Аллилуйя! Мен Теңирди даңктайм. Ыйык Рух көгүчкөн сыяктуу акырын мага түштү, жана мен суу жана Рух жакшы кабарына ишенгенден баштап менде жашай баштады. Ал кээде жүрөгүмдө көгүчкөн сыяктуу кээде ысык мештей иштейт.
Эгер сен азыр суу жана Рух жакшы кабарына ишенсең сен дагы Ыйык Рухту ала аласың. Мени менен чоогу суу жана Рух жакшы кабарын кабыл алып, Ыйык Рухка ээ болууну каалабайсыңбы? Дүйнөгө мени менен суу жана Рух жакшы кабарын таратып иштөөнү каалабайсыңбы? Суу жана Рух жакшы кабары сени ыйыктап жана Ыйык Рухту берет. Жакшы кабардагы Кудайдын адилеттиги ишенимден ишенимге ачылат. Ошондуктан Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендерге берилет.
Ыйык Рух мен үчүн кылган кереметтүү нерселер
Ыйык Рухту алгандан кийин, керемет жакшы кабарды таратуу үчүн жаңы жыйында иштей баштадым. Ыйык Рух жакшы кабарды күч менен таратууга жардам берди.
Бул төмөнкү окуя болгон убакта болду. Мен жашаган шаарда, чет элдик сатып алуучулар менен бизнес кылган тигүүчү бар болчу. Ал адам дьякон эле. Бир жолу ал өз бизнесин кылуу үчүн жергиликтүү мейманканага бирөө менен токтоп калат жана биздин жарыяны көрөт. Ал чакырык анын көңүлүн бурат жана ал мени менен байланышууга аракет кылат. Ал мени менен жолуккандан кийин көптөн бери күнөөдө жашап келгенин айтты. Беш саат суу жана Рух жакшы кабарын айтып бергенден кийин, ал күнөөлөрдөн кечирим алуу чындыгын түшүндү. Ал жогорудан төрөлдү, жана Ыйык Рухту алды.
Мен жыйын үчүн имарат издеп жүргөндө дагы бир мындай окуя болду. Мен сонун кенен имарат таптым. Бирок ал кезде менде жыйын чогулуу үчүн имараттын арендасы үчүн төлөөгө жетиштүү акча жок эле. Менин каражатым чак болгондуктан ал имараттын арендасын төлөө мен үчүн мүмкүн эместей көрүндү. Бирок, Ыйык Рух мага, “күчтүү бол, ишен” деди. Ыйык Рухтун жардамы менен ал имаратты алып Анын ишин кыла баштадым. Ошол күндөн баштап Ыйык Рух мага суу жана Рух керемет жакшы кабарын тараттырды. Ыйык Рух менин жүрөгүмдө жашап башкаларга керемет жакшы кабарды таратууга шыктандырып турду. Анан керемет жакшы кабарды угуп жана ишенип Ыйык Рухту алып жаткандарды көрүп жаттым.
Керемет жакшы кабарды таратууга мүмкүнчүлүк берген Ыйык Рухка рахмат айтамын. Ыйык Рухтун мен кылган нерселерин жазсам өмүрүм жетпейт тургандыгын билем. Ыйык Рух менин жүрөгүмдөн тирүү суунун агымдарын агызат. Менин ичимде жашаганга ырахмат айтамын.
Ыйык Рух суу жана Рух жакшы кабары аркылуу Өзү менен чоогу жүргөн жыйын ачты
Бир жолу керемет жакшы кабарды таратуу үчүн чөлгө бардым. Анан Кудай мени бир кичинекей шаарга алып барды, ал жерден Кудайды издеп жаткан кичинекей топтогу адамдарды көрдүм. Кудай аларга жакшы кабарды айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алар угуп жана ишенишип, Ыйык Рухту кабыл алышты. Ыйык Рух аларды мени менен бирге чоогу иштөөчүлөр кылды, ошол күндөн баштап керемет жакшы кабарды бүткүл дүйнөгө ошолор менен чоогу айтып келе жатам.
Ал кезде алардын тобу абдан кичине эле, алар эч кандай диний деноминацияга тиешелүү эмес болушчу. Алар Кудайдын сөзү боюнча жашоону каалашты, бирок алар күнөөнүн кулу болушкандыктан, Кудайдан кечирим сурап ыйлашчу. Ыйык Рух мени ал адамдарга алып барып, керемет жакшы кабарды айттырды. Мен Ыйык Рухтун аларды да мени да жолугууга даярдап койгонун көрдүм. Кудай мага жакшы кабарды Лебилерде жазылган курмандык алып келүү системасын колдонуп суу жана Рух жакшы кабарын таратууга мүмкүнчүлүк берди, анан адамдар керемет жакшы кабардын сөздөрү аркылуу Ыйык Рухту кабыл алып жатышты.
Кудай Ыйык Рухтун жыйынын ошол ишенгендер менен курду. Керемет жакшы кабар аркылуу Ыйык Рух аларды Ыйсанын шакирттери кылды. Азыр улам, улам көбүрөөк койлор Ыйык Рухту алып жыйынга кошулуп жатат.
Ыйык Рух мени миссионердик мектеп ачып шакирттерди даярдоого түрткү берди. Ал мага Кудайдын сөзүн окутканга жардам берип башка адамдарга Кудайдын кызматчылары катары ишенимге баш ийип Кудайга кызмат кылууга жардам берди. Алар кайда барса да Кудай алар аркылуу керемет жакшы кабарды таратты жана алар аркылуу Кудай жыйындарды ачты. Ыйык Рух Өз кызматчыларын суу жана Рух керемет жакшы кабарын таратууга жетектеп жатты. Ыйык Рух, күнөөлөрүнөн кечирим алган адилеттүүлөрдү, жыйынга кошуп бул дүйнөдө адил жашоо менен жашоо батасын берди.
Шайтан байыртан бери эле адамдарды алдап келлген жана алдаганын уланта берет. Шайтан адамдарга тобо кылып сыйынуу, орозо кармоо жана кол койуу аркылуу Ыйык Рухту алууга мүмкүн деп айтат. Бирок бул туура эмес. Адамдар Ыйык Рухту тобо кылып сыйынуу жана кол койуу аркылуу ала албайт. Алар Кудай бизге берген суу жана Рух жакшы кабарына ишенип, күнөөлөрүнөн кечирим алгандан кийин гана Ыйык Рухту ала алышат. Ыйык Рухтун чыныгы жашашы ушундай. Ыйык Рух адамдарга Ыйык Рухту алууга жардам берүү үчүн, Ыйсанын шакирттерине суу жана Рух керемет жакшы кабарын тараттырчу.
Ыйык Рух бизге адабият аркылуу дүйнөгө кызмат кылууга шарт түздү
Пабыл өз каттарында керемет жакшы кабар тууралуу жазып кеткен сыяктуу эле, Ыйык Рух мен дагы суу жана Рух керемет жакшы кабарын жазуу аркылуу таратуумду каалады. Ошондуктан биз ишенгендерге Ыйык Рухту берүүчү керемет жакшы кабарды таратуу үчүн машайакчылык китептерди чыгарабыз. Биринчи жолу биз бир нече барактан турган трактаттарды гана чыгардык, бирок көп өтпөй керемет жакшы кабар жөнүндөгү китептерибиз дүйнөгө тарады.
Менин ичимде жашаган Ыйык Рух улам улам көптөгөн адамдарды алып келип, алар китептерди окуу аркылуу керемет жакшы кабарга ишенип жана күнөөлөрүнөн кечирим алышып жыйынга кошулуп жатышты. Андан кийин, Ал биздин керемет жакшы кабарды ар кайсы тилдерде таратуубузга шарт түзүп жатат. Ал керемет жакшы кабарды 150 өлкөгө, анын ичинде АКШ га да таратууга жардам берди.
Ыйык Рух жыйынды дүйнө миссиясы үчүн сыйынууга шыктандырды жана биз керемет жакшы кабарды ар түрдүү улуттар жакшы кабарды угуп калуулары үчүн ар түрдүү тилдерге котордук. Ыйык Рух мага башка өлкөлөрдөгү жаңы шакирттер менен иштөөгө жардам берди жана алар менен чоогу керемет жакшы кабарын тараттык. Мен Ыйык Рухка ырахмат айтамын.
Ыйык Рух мага Орусияга жакшы кабар таратууга калоо салды. Ыйык Рух бизди сыйынууга жетектеп жана чындыкты издеп жаткан орус жакшы кабарчысы менен тааныштырып ал аркылуу керемет жакшы кабарын таратып баштады. Алар биринчи жолу керемет жакшы кабарды угушту. Анан алар, суу жана Рух керемет жакшы кабарын угуп ишенишкенден кийин, биз сыяктуу эле Ыйык Рухту кабыл алышты.
Алардын бири, Москвадагы улуттук университеттин профессору керемет жакшы кабарды уккандан кийин өз күбөлүгүн мага сунуш кылды.
“Менин Кудайга ишенгениме 6 жыл болду, бирок мен түшүнбөй эле ишенип жүрүптүрмүн. Бирок, суу жана Рух керемет жакшы кабарын уккандан кийин ишенимим бекемдеп, жүрөгүмө тынчтык келди. Теңирге рахмат. Мен буга чейин туура ишеним менен жашап келе жатам деп ойлогом. Менин диний жашоом биздин күнөөлөр үчүн өлгөн Ыйсанын канына ишенүү гана болгон. Бирок Кудай менин күнөөмдү тазалаганын билген эмесмин.
Анан мен Кудай бизге берген керемет жакшы кабарды тараткан, жогорудан төрөлгөн пасторлор менен жолуктум, жана өзүмдүн күнөөкөр экенимди билдим. Мен керемет жакшы кабар жөнүндө жана адилеттүүлүк жөнүндө көбүрөк билүүгө аракет кылдым. Ал чөмүлгөндө Ыйсага бардык күнөөлөрүм өткөндүгүн түшүндүм. Бул керемет жакшы кабары болчу. Менин биринчи күнөөм гана эмес бирок менин күнүмдүк күнөөлөрүм, келечекте кетире турган күнөөлөрүм да Анын чөмүлүүсү аркылуу Ага жүктөлгөн. Чындыктын жакшы кабарын угуп, ага ишенип мен улуу кубаныч алдым.”
Көптөгон орустар, бул профессор дагы, суу жана Рух жакшы кабарын кабыл алуу аркылуу Ыйык Рухту алышты. Азыр Ыйык Рухтун жыйыны ал жерде ачылган, жана Ыйык Рухтун иши аркылуу көптөгөн адамдар келип ишенип жатышат. Кудай бул нерселердин бардыгын ишке ашырды, ошондуктан мен Ыйык Рухка ырахмат айтамын.
Ичимде жашаган Ыйык Рух мени жогорудан төрөлгөн машайакчы кылып койду, бардык эле суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендер сыяктуу эле, мен дагы керемет жакшы кабарды дүйнөгө таратам. Ал китептерди англис тилине гана эмес бирок дүйнөдөгү башка тилдерге дагы которууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Ал бул жакшы кабарды дүйнөгө таратууга шарт түзүп берди. Мен Ыйык Рухка ырахмат айтамын. Сен дагы Ыйык Рухту алсаң болот. Кудай сенин Ыйык Рухту алышыңды каалайт.
Көптөгөн адамдар Теңирдин атын чакыруу менен же сыйынуу менен Ыйык Рухту алууну каалашат. Бирок, Ыйса бизге берген суу жана Рух жакшы кабарысыз Ыйык Рухту алууга аракет кылуу бул жаңылыштык. Суу жана Рух жакшы кабарысыз эле Ыйык Рухту алууга мүмкүн деп айткандар жалган окутуулар.
Ыйсанын шакирттери Ыйык Рухту Ыйса берген керемет жакшы кабарга ишенбей туруп эле кабыл алышты беле? Жок, андай эмес. Сен бүгүнкү күндө Ыйык рух суу жана Рух керемет жакшы кабарына ишенгендерде гана жашай тургандыгын жана алардын жүрөктөрүнөн Ыйык Рухтун тирүү суусунун агымдары ага тургандыгын билишиң керек. Азыр дагы, Ыйык Рухтун тирүү суусу керемет жакшы кабар менен кошо менин жүрөгүмдөн агып турат. Аллилуйя, Теңирге ырахмат.