• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-9] Бизди Тазалаган Ыйсанын Чөмүлүүсүнүн Жакшы Кабары (Эфес 2:14-22)

Бизди Тазалаган Ыйсанын Чөмүлүүсүнүн Жакшы Кабары(Эфес 2:14-22)
“Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады, душмандыкты Өз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экөөнөн Өзүнө бир жаңы адамды жаратыш үчүн, душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экөөнү бир Денеде Кудай менен элдештириш үчүн кылды. Ошентип, Ал келип, алыс болгон силерге жана жакын болгон аларга тынчтыкты жар салды. Анткени Ал аркылуу биз – алыс жана жакын болгондор бир Рух менен Атага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз. Демек, силер эми чоочундар жана келгиндер эмессиңер, ыйыктардын мекендештерисиңер жана Кудайдын Өз элисиңер, силер элчилер менен пайгамбарлардын пайдубалынын үстүнө курулгандарсыңар, ал эми бурчка коюлуучу негизги таш – Ыйса Машайак Өзү. Ошол Таштын үстүнө кыналып курулуп жаткан бүт имарат Теңирдин ыйык ийбадатканасы болуу үчүн бийиктеп келе жатат. Кудайдын турак жайы болуу үчүн, силер да Рух аркылуу ошол Таштын үстүнө курулуп жатасыңар.”
 
 

Жакырчылыктан Улам Асыраган Бала

 
Адамды Кудайдан эмне ажыраткан?
Өзү кылган күнөөсү.
 
Кореядагы согуштун аяктаганына жарым кылым өттү. Бирок бул кореялык адамдарга чоң жарат калтырды. Кореядагы согуштан кийин көптөгөн жаш балдарды башка өлкөдөгүлөр багып алышты. Бириккен Улуттар күчү келип ошол убакта чоң жардам берсе дагы, аскерлер кеткенден кийин көптөгөн балдар атасыз калышты. 
Көптөгөн БУУнун аскерлери үйлөрүнө кайтышканда бул жактагы үй-бүлөлөрүн балдарын таштап кетишти. Ал балдардын көбү кайрадан жетимдер үйлөрүн таштап чет өлкөлөргө асырап алууга жиберилишти. Бактыга жараша балдарды асырап алган адамдардын чыкканы жана жакшы тарбияда өскөнү абдан жакшы болду.
Асырап алган балдар кийин ата-энелеринен башкача экенин билишти чоңойгондо алыскы Корея деген өлкөдөн асырап алышкандыгын билишти. ‘Эмне үчүн мени ата-энем таштап кетти? Алар мени жек көргөндүктөн ушул өлкөгө жөнөтүштүбү?’ Жаш болгондуктан бул балдар эмне болгондугун түшүнө алышкан жок. 
Алардын ата энесине болгон жек көрүүсү көрүүгө болгон каалоосу менен бирге өсө берди. ‘Менин ата-энем кандай болду экен? Алар мени эмнеге ташташты болду экен? Алар мени жек көргөндүгү үчүн ушундай кылыштыбы? Жок, кандайдыр бир себеп болсо керек.’ Аларда көп түшүнбөсүктөр болуп кээде жек көрүү болсо керек. Кээде алар бул жөнүндө таптакыр ойлонбой коюп кутулушат. Кээде алар муну билгенче эле убакыт өтүп, алар чоңоюп калышат. Алар үйлөнөт, балалуу болуп үй-бүлө куруп кетишет.
Мен бул балдар жөнүндөгү жергиликтүү телевидениеден кызыгып көрдүм. Ал программадан журналист Германияда жашаган асыранды аялдан интервью алды. Ал аял ошол убакта 20 жашка чыгып теологияны окуп жаткан кези экен. Биринчи, ал аял журналист менен жолугушуудан качкан, себеби башка адамдар анын асыранды экенин билишин каалаган эмес. Журналист бул интервью чет өлкөгө балдарды асыроого жибербөөгө жардам бере тургандыгын айтып жатып ал аялды көндүрөт. 
Журналисттин бир суроосу мындай болду, “Эгерде өз ата-энеңе жолугуп калсаң эмне айтат элең? Эмнесине кызыгат элең?” Анда ал аял жооп берди, “Мен эмне үчүн алар асыроого бергенин түшүнбөйм. Мен алардан мени жек көрөсүңөрбү, деп сурайт элем.” Анын апасы телевизордон ал аялды көрүп, станция менен байланышып, кызына жолугууну каалагандыгын айтат. Ошентип экөө жолугат.
Апасы эртең менен эрте аэропортко барып кызынын келишин күтөт. Кызы качан аэропорттон чыкканда, апасы эч нерсе кылбастан ыйлап тура берет.
Бул эки адам эч качан бетме бет жолуккан эмес. Апасы чоңойгон кызын биринчи жолу телевизордон көрөт. Алар ар башка тилдерде сүйлөшсө дагы, алардын жүрөктөрү бири бири менен сүйлөшөт, алар бири биринин сезимдери менен сүйлөшүп жатышты. Алар бири бирине жүздөрүн тийгизип жатканда апасы кылган иши үчүн кечирим сурады. Ал өкүнгөнүн айтып ыйлап жатты.
Апасы кызын үйүнө алып келип, экөө бирге тамактанат. Албетте, кызы немис тилин гана билет ал эми апасы корейче гана сүйлөгөндүтөн алар пикир алыша алган жок. Бирок алар эне бала болгондуктан бири бирине кандайдыр бир жолдор менен түшүндүрүп жатышты. Алар сөзү жок тилдер менен сүйлөшүп жатышты жана өзүлөрүн жаңсоо, бири биринин жүзүнө тийүү жана көздөрү менен жүрөктөрү менен түшүнүшүп жатышты.
Кызы Германияга келгенде төрөгөн энеси аны сүйөөрүн түшүндү. Ал өлкөдөн кетээрдин алдында ошол эле журналист аны менен кайра сүйлөшөт. “Апам эмне үчүн мени асыроого бергендигин суроонун кажети деле болгон жок. Апам азыр деле жакыр адам экен. Бул өлкөдөгү бай адамдар абдан бай болгондуктан чет элдик автомобилдерди айдашат, бирок менин энем дагы эле жакырчылыкта жашайт.” деп сөзүн улантты, “мен апамдан бул суроону сурабасам дагы, андан жооп ала албасам дагы, ал мени жакырчылыктан куткаруу үчүн жөнөткөндүгүн көрдүм. Ошондуктан мен андан бул суроону сураган жокмун, жана бардык шектенүүлөр жана жек көрүү сезими азыр менден кетти.” 
 
 

Адамдар жүрөгүндөгү күнөөдөн улам Кудайдан ажырап калышкан

 
Эмне үчүн биз Кудайдан ажырап калганбыз жана эмне үчүн биз Ага кайрадан жакындай албайбыз? Асыроого кеткен аял апасы аны жакырчылыктан куткаруу үчүн кетиргенин түшүндү. Кудай дагы ошондой кылдыбы? Кудай бизди Өз бейнесинде жараткан. Бизди Андан эмне ажыратты? Буга жооп шайтан адамды күнөө жасоого азгырды жана күнөө бизди Кудайдан ажыратты.
Башында Кудай адамды Өз бейнесине окшоштуруп жараткан жана Өзүнүн жаратылышы катары сүйгөн. Адам Кудайдын сүйүүсүнөн жаралып башка жаратылышка караганда көбүрөөк сүйүүгө ээ болгон. Бирок, шайтан деген күнөө кылган периште адамды Кудайдан ажыраткан. Шайтан адамды Кудайдын сөзүнө ишенбөөгө азгырган, жана жамандык менен жакшылыкты таанытуучу дарактын жемишинен жедирген. 
Ошентип күнөөсүнүн айынан адам Кудайдан ажырап калган. Адам Кудайга баш ийбей койгон. Адам Кудай уруксат берген, түбөлүк өмүр берүүчү өмүрдүн дарагынан жеген жок, тескерисинче Кудай тыюу салган жамандык менен жакшылыкты таанытуучу дарактан жеп алды. Натыйжада адам Кудайдан ажырап калды.
Анан күнөө анын жүрөгүндө жашап калды да акыры ал Кудайдан ажырады. Анан көп убакытка чейин адам Кудайдан бөлөк жашап, анан арыздана баштады, “Эмне үчүн бизди жаратып туруп анан Кудай таштап кетти? Эмне үчүн ал бизге күнөө кылууга жол берди? Бизди алсыз кылып коюп анан эмне үчүн бизди тозокко кетирет? Башында эле бизди жаратпай койсо жакшы болмок.” Биз жогорудан төрөлгөнгө чейин ушул сыяктуу көптөгөн суроолор, кызыгуу, шектенүү, жек көрүү менен жашап келдик.
Мен качан асыранды аялды телевизордон көргөндөн кийин, анын апасы менен болгон мамилеси менен адам менен Кудайдын мамилеси окшош экендигин түшүндүм. Эч кайгы, туура эмес түшүнүү, каргыш же күнөө Кудайдан ажырата албайт. Мен дагы адам менен Кудайдын мамилеси сүйүүгө негизделген болсо дагы туура эмес түшүнүүлүөр келип чыгышы мүмкүн экендигин түшүндүм.
Апасы кызын жек көргөндүктөн улам кетирбеген сыяктуу эле, Кудай дагы адамды жек көргөндүктөн эмес, күнөөнүн айынан кетирүүгө туура келген. Кудай үчүн адамды, адам үчүн Кудайды жек көрө турган эч кандай себеп жок. Биз бири бирибизди сүйөбүз. Адамдын Кудайдан ажырап калганынын себеби, адам шайтанга алданып күнөөкөр болуп калды. 
 

Кудай бизди Ыйса аркылуу кучактады
 
“Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар. Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады, душмандыкты Өз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экөөнөн Өзүнө бир жаңы адамды жаратыш үчүн, душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экөөнү бир Денеде Кудай менен элдештириш үчүн кылды” (Эфес 2:13-15). Теңир Жакандан чөмүлүү алгандыгынын себеби дүйнөнүн күнөөсүн алып жана осуят мыйзамын жокко чыгаруу болгон. Анан Ал айкаш жыгачта кан төгүп адамдарды күнөөдөн куткарып жана Кудай менен элдештирген. Ал аркылуу элдешкендерди Кудай кучагына алды.
Дүйнөнү суусу жок элестетип көрдүң беле? Көп эмес убакыт мурун мен, Инхон деген шаардагы чогулушка катыштым, ал Кореядагы эң чоң порттордун бири. Ал жердги суу насосу бир нече күн иштебей калды анан мен, ‘Адамдар суусу жок өлүп калат’ деп ойлодум. 
Эгерде Кудай бул дүйнөдөнү сууну бир айга эле токтотуп койсо, шаарлар жаман жытка толуп, кир болуп адамдар суусайт эле. Биз Кудай берген суунун баркын билишибиз керек. Суу кандай адам баласына зарыл болсо, Ыйсанын Иордан дарыясынан алган чөмүлүүсү ошондой эле зарыл.
Эгерде Ыйса бул дүйнөгө келип Жакан аркылуу чөмүлүү албаса, анда ишенгендер кантип күнөөсүнөн кечирим алышмак? Адамдар суусу жок жашай албаган сыяктуу эле, Жакан Ыйсаны чөмүлдүрбөсө бардыгы күнөөлөрү менен өлүшмөк.
Бирок Ыйса чөмүлүүсү аркылуу биздин күнөөлөрдү алды жана азыр биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алып куткарылганыбызды билебиз. Биздин ишеним үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү маанилүү. Дагы Анын чөмүлүүсү Ыйык Рухту алуу үчүн дагы зарыл.
Ыйсанын шакирти Петир айткан, “Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү” (1 Петир 3:21). Петир Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп жана биздин күнөөлөрдү жок кылуу үчүн айкаш жыгачта кан төктү. Дүйнөнүн күнөөсүн жууп кеткен Ыйсанын чөмүлүүсү чыныгы жакшы кабар. 
Азыр келгиле жез жуунгучту карап көрөлү Чыгуу 30:17-21. “Теңир Мусага дагы мындай деди: ‘Жуунуу үчүн жезден жуунгуч жаса, анын түбү да жез болсун. Аны жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой. Арун жана анын уулдары ал жуунгучтан суу алып, колу-бутун жуушсун. Алар жыйын чатырына кирер алдында, же болбосо кызмат кылыш үчүн курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, Теңирге курмандык чаларда, өлүп калбаш үчүн, сууга жуунушсун. Өлүп калбаш үчүн, алар колдорун, буттарын жуушсун. Бул мыйзам Арунга жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.’”
Осуят чатырында жез жуунгуч бар болгон, ал осуят чатыры менен курмандык чалынуучу жайынын ортосунда жайгашкан, анда жуунуу үчүн суу куюлган болчу. Эгерде бул жуунгуч осуя чатырында жок болсо, анда курмандык чалган ыйык кызматчы кир болмок.
Бардык адамдар үчүн курмандык алып келип курмандыкка колун коюп жана аларды союп жаткан ыйык кызматчылар канчалык кан жана топурак болушмак? Эгерде жуунгуч жок болсо ыйык кызматчылар абдан кир болушмак.
Кудай аларды таза болсун жана өзүнө жакын болсун деп жуунгучту койгон. Күнөөкөрлөр кол койуу аркылуу курмандыктын башына күнөөлөрүн жүктөшкөн жана аларды өздөрүнүн ордуна курмандыкка чалышкан. Кудай ыйык кызматчылар ыйык жайга кирээрде жуунушу үчүн жуунгучту койгон, жуунбаса алар өлүп калышмак. Ал эмес ыйык кызматчы жаныбардын канына боёлгон боюнча ыйык жайга кире алчу эмес. Ошондуктан ыйык кызматчы курмандык алып келүү үчүн жана Кудайга жакын келүү үчүн кирин жууп тазалаган.
 
 

Ыйсанын Чөмүлүүсү Дүйнөнүң Күнөөсүн Жууду

 
Ыйсанын Иордан дарыясынан алган чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрү Ага өттү. Анын суунун ичине кириши Анын өлүмүн, ал эми суудан чыгышы Анын тирилишин түшүндүргөн. Башкача айтканда, Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп дүйнөнүн күнөөсүн алган, күнөө үчүн төлөп айкаш жыгачта өлгөн. Анын өлүмү биздин күнөөлөр үчүн төлөө үчүн болгон, ал эми тирилүүсү бизге түбөлүк өмүр берүү үчүн болгон. 
Эгерде биз Ыйсанын бардык күнөөлөрдү чөмүлүү аркылуу алып кеткендигине ишенбесек, биздин жүрөктөрүбүз күнөөгө толо болмок. Анда кантип биз Кудайга жакындай алат элек? Күнөөлөрдөн кечирим алуу жакшы кабары доктрина же деноминация эмес, бул Кудайдын чындыгы.
Бизде толук билим болмоюнча туура ишеним менен ишене албайбыз, башкача айтканда эгерде Ыйсанын Жакандан алган чөмүлүүсүнө ишенбесек дүйнөнү жеңе албайбыз. Өмүр үчүн бардык тирүү жандыктарга суу керек болгон сыяктуу эле, биз Асман Падышалыгына барышыбыз үчүн күнөөлөрдөн кечирим алышыбыз керек. Адам баласын күнөөдөн куткаруу үчүн Ыйса чөмүлүп, айкаш жыгачта өлүп жана тирилген. Биз чын жүрөктөн ишенген суу жана Рух жакшы кабары ушул.
Ыйса айкаш жыгачка кадалып өлсө дагы, ал өлүмгө татыкттуу эч нерсе кылган эмес. Ал бул дүйнөгө биздин күнөөлөрдү жуу үчүн келген, 30 жашында чөмүлгөн, жана 33 жашында айкаш жыгачта өлүп биздин Куткаруучубуз болуп калган. Биз канчалык жийиркеничтүү жана күнөөкөр болсок дагы, Кудай бизди Өзүнүн балдары кылып алууну каалаган. Ыйса ошол үчүн чөмүлгөн. Ыйса бизге күнөөлөрдөн кечирим берип ошол эле убакта Ыйык Рухту берген.
“Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт, – деп жооп берди.” (Жакан 3:3-5). Ыйса биздин күнөөбүздү жуу үчүн чөмүлгөнүн сен билишиң керек. Ал эмес жогорудан төрөлгөн машайакчы дагы, Ыйса чөмүлүүсү менен биздин күнөөлөрдү алып кеткен деген чындык жөнүндө ойлонбосо, анын жүрөгү булганып калат. Биз денеде жашагандыктан күнүмдүк күнөөлөр менен булганып кетебиз. Ошондуктан Ыйсанын чөмүлүүсү, каны жана тирилүүсү тууралуу ойлонуп ишеним менен жашашыбыз керек. Бул ишеним бизди Асман Падышачылыгы келгенге чейин колдоп жүрөт.
Ыйса бизди куткаруу үчүн биздин күнөөлөр үчүн чөмүлүүгө аргасыз болгон. Дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарылуу үчүн керемет жакшы кабарга ишенүүдөн башка бизде жол жок.
Бизге суу жана Рух жакшы кабарын берген Теңирге биз ыраазычылык билдиребиз. Кудай бизге берген эң улуу белек бул Ал бизге Өзүнүн Уулун жиберип бизди Анын чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарган. 
Биздин жүрөгүбүздө күнөө бар болгондуктан биз Кудайга келе албай андан алыс жашап калганбыз. Адам менен Кудайды бөлүп турган дубалды талкалоо үчүн Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп жана айкаш жыгачта өлгөн. Анын чөмүлүүсү жана каны аркылуу Кудай менен адамдын ортосундагы байланыш ордуна келген. Биз ага Анын белеги үчүн ырахмат айтабыз. Жердеги ата-эненин баласына болгон сүйүүсү улуу, бирок Ыйса күнөөкөрлөрдү куткарган Кудайдын сүйүүсүнө салыштырып болбойт.
Ыйсанын чөмүлүүсү да, каны дагы маанилүү. Эгерде бул дүйнөдө суу жок болсо, бир дагы жан тирүү калмак беле? Ыйсанын чөмүлүүсү болбосо жүрөгүндө күнөөсү жок бир дагы адам болмок эмес. Эгерде Ыйса чөмүлүп жана айкаш жыгачта кан төкпөсө эч ким күнөөдөн кечирим ала алмак эмес. Бактыга жараша Ыйса чөмүлүп биз үчүн курмандык болду. Биз татыксыз болсок дагы Анын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту ала алабыз. 
Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенген адамдар Кудайга жакындап, сыйынып жана Аны даңктай алышат. Биз Анын балдары болуп калгандыктан азыр Кудайга табынып жана Аны даңктай алабыз. Бул Кудайдын ырайымы жана батасы. Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны жөнүңдө күбөлөндүргөн жакшы кабар бул керемет жакшы кабар. Бул керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу биз куткарылууну жана Ыйык Рухту ала алабыз.