(Галат 5:16-26, 6:6-18) “Мен болсо муну айтамын: Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар. Анткени күнөөкөр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо күнөөкөр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер өзүңөр каалаганды жасабайсыңар. Эгерде силер Рухтун жетеги менен жашап жатсаңар, анда мыйзамдын бийлиги астында эмессиңер. Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу, жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт. Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок. Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан. Эгерде биз Рух аркылуу өмүргө ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы. Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы.”“Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин өзүнүн насаатчысы менен бөлүшсүн. Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот. Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат. Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз. Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы. Элчинин мактанычы – Машайактын айкаш жыгачы. Карагылачы, мен өз колум менен, чоң тамгалар менен жазып жатам. Адамдык табияты боюнча беделдүү болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоолору үчүн гана силерди сүннөткө отурууга мажбур кылып жатышат. Анткени сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат. Мен болсо Теңирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дүйнө үчүн, бул дүйнө мен үчүн айкаш жыгачка кадалган. Анткени Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу же сүннөткө отургузулбоо маанилүү эмес, жаңы адам маанилүү. Ушул эреже боюнча жашагандардын бардыгына жана Кудайдын Ысрайыл элине Кудай тынчтыгын берип, ырайымын төгө берсин! Мындан ары эч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Теңир Ыйсанын жараатын өзүмдүн денемде алып жүрөм. Бир туугандар, биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуңар менен бирге болсун! Оомийин!”
Биз Рухта жүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек?
Биз жакшы кабарды таратып жана аны менен жашашыбыз керек.
Апостол Пабыл Галаттырктарга Ыйык Рух жөнүндө жазган. Галат 5:13-14, “Бир туугандар, силер эркиндикке чакырылгансыңар, бирок эркиндигиңер күнөөкөр табиятыңарды канааттандырууга негиз болуп бербесин, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла. Анткени бүт мыйзам ‘Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныњды да ошондой сүй деген бир сөз менен жыйынтыкталат.’”
Кыскасын айтканда бул жерде керемет жакшы кабарга ишенгенден кийин, биз бул эркиндикти колдонуп дене кумарларын аткарбашыбыз керек, бирок жакшы кабар менен жашаш үчүн бири-бирибизди сүйүп жана кызмат кылышыбыз керек дейт. Кудай бизди бардык күнөөлөрдөн куткаргандыктан, биз жакшы кабар таратышыбыз керек. Пабыл айтат “Бирок бири-бириңер менен тиштешип, бири-бириңерди жеп жатсаңар, абайлагыла, бири-бириңерди жеп-жутуп койбогула” (Галат 5:15).
Ыйык Рухка Толу Үчүн Рухта Жүр
Галаттыктар 5:16 аятта Пабыл айтат, “Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар” дейт. 22-26 аяттарда ал айтат, “Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок. Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан. Эгерде биз Рух аркылуу өмүргө ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы. менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы.” Пабыл эгерде биз Рухта жүрсөк, Рухтун жемишин беребиз дейт. Ыйык Рух биздин Рухта жүрүшүбүздү талап кылат. Бирок биз денеде жашайбыз.
Биз адамдар денеде төрөлгөнбүз жана Рухтун жемишин бере албайбыз. Биз Рухта жүргөнгө аракет кылсак дагы, биздин табият өзгөрбөйт. Ошондуктан керемет жакшы кабарга ишенип Ыйык Рухту алгандар гана Рухта жүрүп, Рухтун жемиштерин бере алышат.
Качан бизге Ыйык Жазуу Рухта жүр дегенде, башкалар дагы күнөөлөрдөн кечирим алышы үчүн жакшы кабар тарат дегенди түшүндүрөт. Эгерде биз керемет жакшы кабар үчүн жашасак, биз Рухтун жемишин бере алабыз. Башкача айтканда, бул жерде адамдык табияттын өзгөрүшү жөнүндө айтылып жаткан жок. Качан биз керемет жакшы кабарда жүрсөк, биз төмөнкү Рухтун жемиши бере алабыз, сүйүү, кубаныч, тынчтык, боорукердик, жакшылык, ишенидүүлүк, момундук жана өзүн өзү токтото билүү. Рухтун жемиши бизге башкаларды күнөөлөрүнөн куткарып жана түбөлүк өмүргө ээ кылууга жардам берет.
Дененин кумарлары жана Рухтун каалоолору
Пабыл айткан, “Анткени күнөөкөр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо күнөөкөр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер өзүңөр каалаганды жасабайсыңар” (Галат 5:17). Биз куткарылгандан кийин дене кумарлары жана Ыйык экөө тең биздин ичибизде жашап калгандыктан, ал экөө бири бири менен күрөшөт. Натыйжада экөөнүн бири жүрөгүбүздү толтурат.
Рух биздин жүрөктү керемет жакшы кабарды таратууга жана Теңирге кызмат кылууга болгон каалоону толтурат. Ал бизди руханий иштерди кылууга толтурат. Ал бизге жакшы кабар таратуу менен адамдарды күнөөдөн кутарууга жардам берет.
Экинчи жагынан, биздин дене кумарларыбыз козголуп Рухта жүрүүгө тоскоол кылат. Бул Рух менен дене кумарларынын ортосунда болгон күрөш. Качан адам дене кумарларына берилип кетсе ал денеси үчүн кам көрүп жашап калат. Дене Рухка каршы калоолорду салат. Алар бири бирине каршы, ошондуктан биз өзүбүз каалаган нерселерди кыла албай калабыз.
Анда Рухта жүрүү кандай болот? Анда кандай нерселер Кудайга жагат? Кудай жакшы кабарды таратуу Рухта жүрүү жана өмүр деп айтат. Ичинде Ыйык Рух жашагандарга алар руханий жашоодо жашасын деп, Ал аларга Рухта жүрүүгө каалоо берет. Кудай бизге берген осуят жакшы кабарды таратып башкалардын жанын куткаруу аркылуу Рухта жүрүү менен Рухтун жемиштерин берүү. Рухта жүрүү бул Кудайга жакан жашоо менен жашоо.
Рухта жүрүү үчүн биринчиден бизде Ыйык Рух жашашы керек. Эгерде Ыйык Рухту алууну кааласак биринчи биз жакшы кабарга ишенүү керек. Эгерде биз жакшы кабарга чын жүрөктөн ишенбесек, Ыйык Рухту албайбыз жана күнөөлөрдөн куткарылбайбыз, башкача айтканда Рухта жүрө албайбыз.
Рух бизге жакшы кабар таратууга, Теңирге кызмат кылууга жана Кудайды даңктаганга жардам берет. Бул каалоо Кудайга арнаган жана дүйнөгө жакшы кабар таратуучу жүрөктөрдөн келет. Ал дагы эмне болсо дагы жакшы кабар таратууну каалаган жүрөктөрдөн чыгат. Жакшы кабарга ишенгендер жана Ыйык Рухту алгандар күнөөлөрүнөн кечирим алгандан кийин Рухта жүрүп жана өзүлөрүн жакшы кабар таратууга арнай алышат. Бул жогорудан келген руханий мурас.
Ыйык Рухту алгандар дененин кумарлары аларда жашаса дагы Ыйык Рухка баш ийишет жана Рухта жашашат. Пабыл айткан, “Ыйык Рухта жүргүлө.” Ал бул аркылуу эмнени айткысы келген, ал биз Ыйса бизге берген суу жана Рух жакшы кабарын таратышыбыз керек жана башкалар күнөөлөрүнөн кечирим алуулары үчүн жардам беришибиз керек деген.
Кээде биз Рухта жүрүп деле, денеде иш кыла беребиз. Дене кумары жана Рухтун каалоосу жашообузда бири-бирине каршы күрөшөт, бирок биз ичинде Ыйык Рух жашагандар Рухта жүрүшү керек экендигин билишибиз зарыл. Ошондой кылуу аркылуу гана өмүрүбүздү Кудайдын батасында жашай алабыз. Эгерде ичинде Ыйык Рух жашаган адам Рухтун жемишин берүүдөн баш тартса, алар дененин жемишин берүү менен өлүмгө дуушар болушат. Алардын жемиши өлөт жана кубаныч алып келбейт. Эмне үчүн Рухта жашашыбыз керек экендигинин себеби ушул.
Биз “Рухта Жүр” дегенди уктук бирок кээ бир адамдар ойлошу мүмкүн “Мен Ыйык Рухту ичимден сезбесем кантип ошондой кыла алам?” Кээ бир адамдар эгер Кудай бизге көрүнүп сүйлөсө анан Ыйык Рухту тааныйт элек деп ойлойбуз. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Ыйык Рух бизге суу жана Рух жакшы кабары менен жашаганга каалоо берет.
Кээде Анын биздин ичинде жашап жатканына бекем ишенип бирок дене менен жашап жүргөндүктөн сезбей калган убактар болот. Кээ бирөөлөрү Ал биздин ичибизге кирип алып уктап жатат деп ойлогондор дагы болушу мүмкүн. Алар Ыйык Рухту алса дагы дене боюнча жашап жүргөндөр.
Ал адамдардын денесин бөпөлөп, ал эмнени айтса ошону гана жасашат, бирок аягында дененин аткарылбас талаптарынан азап чегишет. Ал эмес ичинде Ыйык Рух жашагандар дагы дене кумарлары менен жашоого азгырылышат, анткени алар бул табигый нерсе деп ойлошот. Бирок денеге баш ийгенден акыры дененин кулу болуп калышат.
Теңир бизге Рухта жашагыла дейт. Мунун мааниси керемет Жакшы Кабар менен жашагыла дегени. Дагы биз өзүбүздү суу жана Рух жакшы кабарына арнашыбыз керек дегени. Жакшы кабар менен кубанып жана аны менен жашоо бул Рух боюнча жашоо. Рухта жүрүүнү үйрөнүп жана ошондой жашоо менен жашашыбыз керек. Сен Рухта жүрөсүңбү?
Ичинде Ыйык Рух жашабаган адам Рухта жүрө алабы?
Жогорудан төрөлбөгөндөр Рухта жүрүүнүн маанисин билишпейт. Ошондуктан, көп адамдар Ыйык Рухту алууга аракет кылышат жана өз жолдору менен аракет кылышат. Алар Ыйык Рухту алууга болгон каалоо менен Ыйык Рухка толу окшош деп ойлошот.
Мисалы, качан адамдар кызматка чогулганда, кызмат өткөрүп жаткан адам үнүн катуу чыгарып сыйынат жана бардыгы Теңирдин атын чакырып катуу ыйлай башташат. Кээ бирлери Ыйык Рухка толгон өңдөнүп тилдерде сүйлөшөт, бирок эч ким, өзүлөрү дагы эмне деп айтып жаткандарын түшүнүшпөйт. Ошол убакта кээ бирлери жерге жыгылышат жана денелери титирей баштайт. Алар Ыйык Рухту алдык деп ойлошот, бирок чынында аларга жин кирип кетет. Андан кийин адамдар, “Теңир, Теңир!” деп кыйкырышат, көз жаштарын төгүп, алакан чабышат. Муну алар “Ыйык Рухка толуу” деп аташат.
Кызматчы кафедраны чапкылап тилде сүйлөйт, адамдар “Теңир! Теңир!” деп кыйкырышат. Алар ушундай атмосфераны жакшы көрүшөт, алардын кээ бирлери аян көрдүм, ал аяндан Эдем бакчасындагы жамандык менен жакшылыкты билүү дарагын жана Ыйсанын жүзүн көрдүм деп айтышат. Алар муну Ыйык Рухту алуу, Ага толуу жана аны менен жүрүү деп туура эмес түшүнүшөт. Мунун себеби алар Кудайдын сөзүн жана Ыйык Рухту туура эмес түшүнүшөт.
“Рухта жүр.” Кайрадан төрөлгөндөргө Кудай ушундай деп айтат. Мунун мааниси Ага жаккан иштерди кыл дегени. Пабыл дене кумары менен Ыйык Рухтун жемишин салыштырган, “Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок” (Галат 5:22-23).
“Рухта жүр” дегендин мааниси жакшы кабарды тарат жана башкаларды күнөөдөн куткар. Эгерде биз ушундай кылсак, биз Рухтун жемишин алып келе алабыз. Рухтун жемиштери бул сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүүлүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук жана өзүн өзү токтото билүү, качан гана керемет жакшы кабар боюнча жашаганда биз жемиш алып келе алабыз. Эгерде кимдир бирөө өзүн арнап жакшы кабар таратып жашаса, ал адам Ыйык Рухка толуп руханий жашоо менен жашай алат.
“ак көңүлдүк” деген жемиш жакшы иштерди кылуу дегенди билдирет. Ал дагы адеп ахлакты билдирет. Жакшы кабар үчүн жакшы иштерди кылуу, башкаларга пайдалуу иштерди кылуу бул ак көңүлдүк. Кудайдын көз карашы боюнча эң жакшы иш бул суу жана Рух жакшы кабарын башкалардын пайдасы үчүн таратуу.
“Боорукердик” бул башка адамдарга боор ооруу. Боорукер адам башкаларга жакшы кабар таратып чыдамдуулук менен кызмат кылат. Рухта жүргөн адам Теңирдин ишинин аткарылып жатканын көрүп кубанат, Анын ишин кылууну сүйөт, башкаларды сүйөт жана бардык нерседе ишенимдүү болот. Эч ким милдеттеме бербесе деле, ал адам өз ишине ишенимдүү болуп аны аткарат. Ал момун болуп өзүн өзү башкарып жүрөт. Ал адам Рухтун жемишин бере алат. Ичинде Ыйык Рух жашаган адам Рухта жүрүшү керек. Ошондой кылуу менен гана ал рухтун жемишин алып келе алат.
Сен дагы Рухта жүрүү менен Рухтун жемишин бере аласың. Эгерде андай кылбасаң, дененин кумары менен жашайсың. Ыйык Жазуу мындай дейт. Галат 5:19-21, “Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу, жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.”
Дененин иштери белгилүү
Дененин иштери белгилүү. Дененин иштери белгилүү алар “ойноштук” туура эмес жол менен жыныстык катнашта болуу. Экинчиси “нике бузуучулук.” Үчүнчү “ыпыластык” Төртүнчү “адепсиздик,” башкача айтканда дененин кумарларын аткаруу. Бешинчи “бутка табынуу” Кудайга эмес буттарга кызмат кылуу. Алтынчы “сыйкырчылык” Жетинчи “касташуу” Эгерде ичинде Ыйык Руху жок адам дене кумарлары менен жашаса, ал каалабаса дагы өзүнүн табияты ошондой болгондуктан башкаларды жек көрө берет. Сегизинчи “чыр-чатак” Бул досторуң жана туугандарың менен чатакташуу. Калгандары “көрө албастык, ачуулануу жана өзүмчүлдүк.” Бул мүнөздөрдүн бардыгы тең дене боюнча жашаган адамдардыкы.
Онунчу “келишпестик” Качан адам дене боюнча жашаганда, ал жыйындын ишин кыла албайт жана акыры жыйындан кетип калат. Он биринчи “жалган окутуу” Дене боюнча жашаган адам өз эркин жасайт. Бирок мындай жашоо Кудайдын эркине туура келбейт жана аягында кереметтүү жакшы кабардан бурулуп кетет. Жалган окутуу бул Ыйык Жазуудагы окутууну бурмалоо. Кудайдын сөзүнө ишенген жана Рухта жүргөн адам Кудайдын эркинен бурулбайт. “көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш ж.б” булар дененин иштери. Дене боюнча жашагандар акыры түбү ушундай иштерди кылышат. Ошондуктан Теңир айтат, “Рухта жүр” Биз, жогорудан төрөлгөндөр Рухта жүрүшүбүз керек.
Жогорудан төрөлбөгөндөрдүн жүрөгүндө дене кумарынан башка эч нерсе жок. Ошондуктан алар “нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, жана бутка табынуучулук” кылышат. Жогорудан төрөлбөгөн жалган кызматчылар “сыйкырчылык” кылышат, ал эми аларды ээрчигендер алданып аларга көптөгөн суммадагы акчаларды беришет. Ким көп акча берсе аларды жыйындан маанилүүрөөк орундарга коюшат. Ким дене менен жашаса алар башкаларга “жек көрүүчүлүк” көрсөтөт. Алар жыйындарды көп деноминацияга бөлүшөт, өзүлөрүнүн деноминациялары менен мактанышып башкаларды жалган окутуу деп айыптайт. “ичи тардык, каардануу, өзүмчүлдүк, келишпестик, жалган окутуу жана көрө албастык” булардын бары жогорудан төрөлбөгөндөрдүн жүрөктөрүнөн чыгат. Эгерде ыйыктар дагы дене боюнча жашаса так ушундай болот.
Жогорудан төрөлгөн машайакчыларга Ыйык Рухтун жемиштерин берүүгө жардам берген Рух
Жогорудан төрөлгөндөр жакшы кабар таратып жашашы керек. Теңирди жалгыз ээрчип жашоо кыйын, ошондуктан Кудайдын жыйынына кошулуп алып анан жакшы кабар үчүн кызмат кылышыбыз керек. Биз чоогу сыйынып өз күчүбүздү жакшы кабар үчүн жашоого арнашыбыз керек. Рухта жүргөн адамдар суу жана Рух жакшы кабарды таратышат. Дене боюнча жашоо бул өзү үчүн гана жашоо, ал эми Рухта жашоо башка адамдардын жанын куткаруу үчүн жашоо. Көптөгөн жогорудан төрөлгөн машайакчылар ушундай керемет жашоо менен жашашат. Алар башкаларга жакшы болушу үчүн жашашат.
Бул жакшы кабар жөнүндө уга элек миңдеген адамдар бар. Биз Африкадагы, Азиядагы адамдарды дагы сүйөбүз. Биз Европадагы жана Америкадагы адамдарды алыскы аралдардагы адамдарды да сүйөбүз. Биз аларга суу жана Рух жакшы кабарын бөлүшүү аркылуу сүйүүбүздү көрсөтүшүбүз керек.
Биз Рухта жүрүшүбүз керек. Мындайларга каршы мыйзам жок. “Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок” (Галат 5:22-23). Буга каршы боло ала турган мыйзам барбы? Жок. Бул биз баш ийиш керек болгон Рухтун мыйзамы. Пабыл бизди Рухта жүргүлө деген. Теңир бизге окшогон күнөөкөрлөр үчүн жанын берсе, биз дагы башкаларга суу жана Рух жакшы кабарын айтып беришибиз керек. Башкаларды күнөөдөн куткаруу бул Рухта жүрүү. Биз Рухта жүрүшүбүз керек.
Пабыл Галаттыктарга жазган 5:24-26, “Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан. Эгерде биз Рух аркылуу өмүргө ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы. Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы.” Эгерде Рухта болсок биз жоголгондордун жанын куткаруу үчүн жашашыбыз керек. Биз Рухтун ишин аткарып Аны менен жүрүшүбүз керек. Кудай бизге берген Ыйык Рух Ыйса Машайак менен жашаганга жардам берет. Ыйык Рух сүйүүнүн Падышасы. Кудай биздин өзүнүн сүйүүсүнүн унаасы катары колдонот.
Пабыл айткан, “Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан” (Галат 5:24). Ал дагы ким жогорудан төрөлсө Ыйса менен чоогу өлгөн дейт. Ким чын эле жогорудан төрөлсө ал Ыйса менен чоогу өлгөн. Биз муну билбейбиз, бирок качан Ал биздин күнөөлөр үчүн өлгөндө биз дагы өлгөнбүз. Башкача айтканда, Ыйса Машайактын өлүмүнүн мааниси Аны менен сен жана мен дагы өлгөнбүз дегенди түшүндүрөт. Анын өлүмү биздин өлүм, Анын тирилүүсү биз дагы тириле тургандыгыбыз үчүн болгон гарантия. Сен жана мен ишеним аркылуу Ыйса Машайакта жашап жана өлөбүз. Бизде ишеним бар болуш керек. Биздин ишеним бизди Рухта жүрүүгө жетелейт.
Кудай бизге Рухта жүрүүгө күч берген. Ошондуктан, биз, күнөөсү кечирилгендер Рухта жүрүшүбүз керек. Ыйык Рухту алгандар күнөөлөрү кечирилгендиги үчүн ырахмат айтуулары керек жана өзүлөрүн жоголгондорго жакшы кабар айтууга арноолору керек. Бирөөнүн күнөөсү кечирилип ал жогорудан төрөлсө деле дене кумарлары менен жашаса, ал Теңирдин жыйынынан бөлүнүп, Ага кызмат кыла албай калат. Сен жана мен Теңир келе турган күнгө чейин суу жана Рух жакшы кабары менен жашашыбыз керек.
Эч качан текебер болуп кетпей Ыйык Рухтун толуктугунда жаша
Пабыл айткан, “Текебер болуп, бири бирибизди кыжырдантып, көрө албастык кылбайлы.” Текебердик деген эмне? Бул дененин кумарлары менен жашоо. Бул дүйнөдө көптөгөн адамдар текебердик менен жашашат. Көп адамдар акча чогултушат, башкалардан өйдө болу үчүн күрөшөт, дүйнөнүн кооздугун сүйүшөт жана бул дүйнө жана азыркы убак үчүн жашашат. Мунун эч кандай мааниси жок жана убакыт өткөндө алар чирип жок болот. Ошондуктан адамдар текебердик деп аталган дене кумары менен жашашат. Адамдарда байлык болсо дагы, алардын жүрөгүндө тынчтык жана канаатануу барбы? Дененин жемиштери бир күнү чирийт. Жердеги нерселер башкалардын дагы өзүнүн дагы жанына эч кандай пайда алып келбейт. Алар дене үчүн гана жакшы.
Ыйык Жазуу мындай дейт, “Бирөө мол себет, аныкына дагы кошулат; экинчи бирөө ашкере үнөмчүл, ошого карабастан жакырдана берет” (Накыл 11:24). Жогорудан төрөлбөгөндөр акча чогултууга аракет кылышат. Анткени дүйнөлүк нерселер алар үчүн бардыгынан маанилүү, аларда башкалар үчүн кам көрүүгө каалоо жок. Ошондуктан алар өзүлөрү жөнүндө кам көрүүнү гана каалашат. Бирок Ыйык Жазуу өзүнө керектүүдөн көп чогулткандар жакырчылыкка дуушар болот деп жазылат. Адамдар дене кумары боюнча иш кылышат, бирок натыйжада мунун аягы өлүм. Булардын бардыгы текеберчиликтин натыйжасы.
Рухтун каалоолорун аткарууну сүйгөндөр
Пабыл Рухта жашоону каалаган. Жана ал аны аткарган. Ал бизди Кудайдын сөзү менен жашоого үйрөткөн. Ал Галаттыктарга айткан. Галат 6:6-10, “Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин өзүнүн насаатчысы менен бөлүшсүн. Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот. Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат. Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз. Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы.”
Пабыл Кудайдын сөзүн билгендерге бардык жакшы нерселерди окутуучуларыңар менен бөлүшкүлө деген. Жакшы нерселер деп ал эмнени айткан? Мунун мааниси суу жана Рух жакшы кабары менен жашап, жоголгон жандарды утуп алуу менен Теңирге жаккыла деген. Жогорудан төрөлгөндөр окутуучуларына кошулуп Рухта бир ойдо жүрүүлөрү керек.
“Окутуучуларыңар менен жакшы нерселерди бөлүшкүлө.” Жакшы нерселер бул жыйын аркылуу башкаларды күнөөлөрүнөн куткаруу. Пабыл бардыгын бир ойдо, чоогу сыйынуу менен жана берилүү менен кылгыла деген. Биз Теңирдин ишин бирге кылышыбыз керек.
Пабыл айткан, “Алданбагыла, Кудай шылдың болбойт; адам эмнени сепсе, ошону орот.” “Шылдың болбойт” дегендин мааниси “мазактоо.” Ошондуктан “Алданбагыла, Кудай шылдың болбойт” дегендин мааниси бул Кудайды мазактабагыла дегени. Мисалы, адамдар Кудайдын сөзүнө жеңил карабашы керек, аларды бурмалап өз сөздөрүн кошпошу керек. Пабыл айткан, “Адам эмнени сепсе ошону орот.” Ким дененикин сепсе чирүүнү орот, ким Рухту сепсе түбөлүк өмүрдү орот.
Биз суу жана Рух жакшы кабары менен жашасак эмнени оробуз? Күнөөбүздөн куткарылуу жана түбөлүк өмүр алабыз. Биз башкалардын жанын куткарылууга жетелөө аркылуу Ыйык Рухтун жемишин, түбөлүк өмүрдү жана Кудайдын батасын алабыз.
Ал эми өз денеси үчүн жашаган адамдарчы? Алар чирүүнү жана акыры түбү өлүмдү оруп алышат. Алар өлгөндөн кийин эч нерсе калбайт. Адам бул дүйнөгө куру кол келген жана куру кол эле өлөт.
Эгерде башкалардын жанын күнөөдөн куткарып кызмат кылса, ал адам Рухтун жемишин жана түбөлүк өмүрдү алат. Бирок ал дененин кумарлары аркылуу жашаса чирүүнү оруп алат. Ал өзү каргыш алат жана башкаларга каргышты өткөрөт. Ошондуктан, Пабыл, ишеним менен жашоо жөнүндө бардыгын билген Пабыл дене боюнча жашабагыла деп кеңеш берген.
“Жакшылык кылуудан чарчабайлы, себеби ушундай кылуу менен чарчабасак убагы келгенде оруп алабыз.” Пабыл Кудайдын кызматчысы болгон жана Рухта жүргөн. Качан адамдар Ыйык Жазуудан анын Рухта жүргөнүн көрүшкөндө, кээ бирлери ага Ыйык Рух түзмө түз буйрук берип айткан деп ойлошот, “Пабыл, солго бар да бирөө менен жолук” же “Бул адамга жолобо.” Бирок бул туура эмес.
Ал башкаларга куткарылуу жакшы кабарын айтып алардын жанынын куткарылуусуна жардам берип Рухта жүргөн. Пабыл Рухта жүргөндөр менен чоогу Теңирге кызмат кылган. Машайакчылардын арасында Рухта жүрбөй, дененин кумарлары менен жашаган адамдар бар. Алар Пабылды кабыл албай, ага каршы чыгышкан. Ыйсанын шакирттерине каршы чыккандар жана аларды ушактагандар менен Пабыл эч байланышууну каалабайм деген.
Эгерде сен Рухта жүрүүнү кааласаң, сен жакшы кабар менен жашашың керек. Сүннөткө отургандар Пабылды куугунтукташкан. Галаттыктар 5:11 аятта жазылган, “Бир туугандар, эгерде мен дагы деле сүннөт жөнүндө жар салып жатсам, эмне үчүн мени куугунтуктап жатышат? Андай болсо айкаш жыгачтын азгырыгы токтойт эле да.” Сүннөткө отургандар айтышкан, “Эгерде бирөө Ыйсага ишенип калып жогорудан төрөлсө, алар сүннөткө отурушу керек. Эгерде сүннөткө отурбаса анда ал Кудайдын баласы эмес.” Эмне үчүн алар аны куугунтукташкан? Пабыл куткарылуу жана түбөлүк өмүр батасы Ыйсанын каны жана айкаш жыгач жакшы кабары аркылуу гана келет деп ишенген. Ал ушул нерселерди айткан.
Адамдарды адилеттүү жана кыла турган ишеним чындыкты үйрөнүүдөн жана аны жарыялоодон келет. Пабыл суу жана Рух жакшы кабары абдан маанилүү деп эсептеген. Ал чындыкты билгендер Рухта жүрө алышат жана алардын сүннөткө отургузулушу маанилүү эмес деп ишенген. Ал ушундай деп жарыялаган. Бирок сүннөткө отургузулгандар сүннөт бул адамдын ишениминин маанилүү бөлүгү деп ишенишкен. Бирок Кудай бергенден башка жакшы кабар жок жана биз ага эч нерсе кошпошубуз керек.
Качан Пабыл Рухта жүргөндө, аны жүйүттөр четке кагып жана куугунтукташкан. “Адамдык табияты боюнча беделдүү болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоолору үчүн гана силерди сүннөткө отурууга мажбур кылып жатышат. Анткени сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат. Мен болсо Теңирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дүйнө үчүн, бул дүйнө мен үчүн айкаш жыгачка кадалган. Анткени Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу же сүннөткө отургузулбоо маанилүү эмес, жаңы адам маанилүү” (Галат 6:12-15). Пабыл сүннөткө отургузулгандарга айткан, “бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат.”
Пабыл дене кумары менен жашагандарды тилдеген. Алар көп адамдарга жагынуу үчүн дененин кумарлары менен жашашкан. Бирок Пабыл алар менен мамилени үзгөн. Пабыл айткан, “Мен Теңир Ыйса Машайактын жакшы кабарынан башка нерсе менен мактанбайм.” Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн алуу үчүн чөмүлгөн жана Пабылды жана Теңир чакырган адамдардын бардыгын куткаруу үчүн айкаш жыгачта өлгөн. Пабыл айткан, “Мен үчүн бул дүйнө жана мен бул дүйнө үчүн Ыйса Машайакта айкаш жыгачка кадалган. Бирок Ыйса Машайакта сүннөткө отуруу жана отурбоо дагы маанилүү эмес, бирок жаңы адам маанилүү.” Пабыл, бул дүйнө үчүн өлүп Ыйса Машайак аркылуу жашаган.
Биз Ыйса Машайакта өлгөнбүз. Бирок кээде биз бул чындыкты унутуп калабыз. Биз буга ишенишибиз керек. Эгерде биз бул чындыкка ишенбесек, биз үй-бүлө жана дене кумарлары аркылуу байланып калабыз, бул бизге Теңир менен жашаганга жардам берет. Биздин денебиз алсыз ошондуктан үй-бүлөбүз дагы бизге Аны ээрчигенге жардам бере албайт. Жалгыз гана Теңир жардам бере алат. Бирок биз бул дүйнө үчүн айкаш жыгачка кадалганбыз. Кантип өлгөн адам жердеги адамдардын түйшүктөрүнө жардам бере алсын? Өлгөн адамдар бул дүйнөдөгү мүлктөргө ээ боло албайт.
Ыйса тирилди. Анын тирилүүсү бизге жаңы өмүргө төрөлүүгө жардам берди. Бизде эми жаңы иш, жаңы үй-бүлө, жаңы үмүт бар. Биз кайрадан төрөлгөн адамдарбыз. Биз, асмандын жоокерлерибиз, Кудайдын сөзүн таратуу жоопкерчилигин алганбыз. Пабыл руханий ыкмаларды колдонуп башкаларды куткаргандыгын айткан. Ал өлүп Ыйса аркылуу кайрадан төрөлгөндүгүн айткан. Келгиле биз дагы ошондой адам болууга аракет кылып күрөшөлү.
Пабыл Галаттыктарга айткан 6:17-18, “Мындан ары эч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Теңир Ыйсанын жараатын өзүмдүн денемде алып жүрөм. Бир туугандар, биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуңар менен бирге болсун! Оомийин!” Пабыл Ыйсанын жараатын денесинде алып жүргөн. Ал Рухта жүрүү үчүн өзүнүн ден-соолугун да аяган эмес. Анын көзү начарлап калгандыктан өзү жаза албай дагы калган. Ошондуктан Пабылдын бир нече каты жанындагы Тертий деген сыяктуу жардамчылары аркылуу жазылган. Анын денеси алсыз болсо дагы, ал Рухта кубанып жүргөн жана айткан, “Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда” (2 Корунтуктар 4:16).
Пабыл бизге Рухта жүргөн адамдар болгула деп кеңеш берет. Ал дагы айтат, “Рухта жүрүү бул жакшы кабар үчүн жашоо.” Рухта жүрүүнүн маанисин сен жана мен акылыбызга түйүп коюшубуз керек. Биз куру бекер иштерди кылбай жакшы кабар үчүн жашап кызмат кылышыбыз зарыл. Келгиле өмүрүбүздүн аягына чейин ишеним менен Рухта жүрөлү.
Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу биздин жүрөктөрүбүздө чыныгы Рух жашайт. Жакшы кабар менен сыйынсак Кудай кубаныч менен жооп берет. Рухтун жемишин берүү бул Рухта жүрүп жандарды куткаруу. Сен сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү деген жемиштерди жакшы кабар үчүн жашап, Рухта жүрсөң бере аласың. Суу жана Рух жакшы кабарын таратуу үчүн биз азап тартсак да чыдамдуу болуп боорукердик менен жоголгондорго жакшылык кылышыбыз керек.
Ыйык Рухтун жемишин жоголгондорго жакшы кабар таратып, Ыйык Рухту алууга жардам бергендер бере алат. Рухта жүрүү үчүн жана Ыйык Рухтун жемиштерин берүү үчүн ушундай кылуу керек.