• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-11] Өмүрүңдү Ыйык Рухка Толтуруп Тур (Эфестиктерге 5:6-18)

Өмүрүңдү Ыйык Рухка Толтуруп Тур(Эфестиктерге 5:6-18)
“Эч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат. Ошондуктан аларга шерик болбогула. Жарыкта жүргүлө. Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла. Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык. Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле. Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла, анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт. Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык. Ошондуктан Ыйык Жазууда: “Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат”, – деп айтылган. Ошентип, кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман. Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле. Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула.”
 

Өмүрүбүздү Рухка толтуруп туру үчүн эмне кылуу керек?
Биз өзүбүздөн баш тартып, айкаш жыгачты алып, жаман ойлорду четке кагып, өзүбүздү жакшы кабарды таратууга арнашыбыз керек.
 
“Ыйык Рухка толуп жашоо,” биз өзүбүздү жакшы кабар таратууга арнашыбыз керек. Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашоо үчүн биринчи биз жүрөгүбүзгө Ыйык Рухту алышыбыз керек. Ыйык Рухту алуу үчүн биринчи Кудай бизге берген суу жана Рух жакшы кабарына ишенишибиз керек. Ага ишенүү аркылуу, Ыйык Рухту алып батага ээ болобуз. 
Ичинде Ыйык Рух жашагандар Ыйык Рухка толгон жашоону каалашабы? Албетте каалашат. Бирок эмне үчүн кээ бирлер андай жашоо менен жашай алышпайт? Себеби алар өзүлөрүнүн проблемаларын, Кудайдын ишинен жогору коюшат, алар Кудай менен жүрө алышпайт. Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн, биз Кудайдын сөзүн окуп жана Ага ишенишибиз керек. Кандай жашоо менен жашоо керектигин билип алуу үчүн келгиле Ыйык Жазууну карап көрөлү.
 
 

Кээ бир адамдардын Ыйык Рухка толуп жашай албагандыгынын себеби эмне?

 
Биринчиден алар өздөрүнөн баш тарта алган жок деп айтсак болот. Ыйык Жазуу өзүнөн баш тарткандар гана Теңир менен жашай алышат дейт. Ыйык Рухка биз өз күчүбүз менен толо албайбыз, ар бир адам Ыйык Рухка толуу үчүн өзүнөн баш тартуусу керек. Ичинде Ыйык Рух жашагандар адамдар үчүн дагы Асман Падышачылыгы жөнүндө ойлонмоюнча өзүнөн баш тартуу абдан кыйын. Ыйык Рухка толуу үчүн биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүбүз керек. Ошондо гана адам адилеттүүлүктүн кызматчысы катары өзүнөн баш тарта алат. 
Матай 16:24-26, “Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: ‘Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. Ким өрз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат. Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?’”
Жогорудан төрөлгөн адамдардын Ыйык Рухка толуп жашай албагандыгынын себеби, алар дене кумарларынан баш тарта алышпайт. Ал эмес ичинде Ыйык Рух жашаган адамдар дагы өз денелеринин кумарларын таштаганда гана Ыйык Рух менен жашай алышат. Теңирди ээрчип жашоо үчүн жашоодо биз таштай турган дененин кумарлары бар. Теңир айтат, “Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.”
Дене жөнүндө ой жүгүрткөндөр үчүн өлүм, руханий тууралуу ой жүгүрткөндөргө өмүр жана тынчтык. Ыйык Рухта жүрүүнү каалаган адамдар дене менен жашоону токтотуулары керек. Ушундай курмандыкка барган адамдар гана Ыйык Рухка толуп жүрө алышат. Бул Ыйык Рухка толу чындыгы. 
Сен кайсынысын тандайсың, Теңирдиби же дүйнөнүбү? Сенин тандооң боюнча болот, Ыйык Рухка толу же дене кумарлары. Эгерде Ыйык Рухка толуп жашоону кааласаң, ал өзүңдүң тандооң. Кудай бизди бардык күнөөлөрүбүздөн куткарып Ыйык Рухка толгон жашоо берди. Бирок Ыйык Рухка толуп жашоо бул сенин тандооң. Башкача айтканда, Ыйык Рух бул адам Ыйык Рухка толуп жашайт деп алдын ала маңдайыңа жазып койбойт. Ыйык Рухка толуп жашаган жашоо өзүңдүн суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү жана ишенбөөнү тандап алууңдан. 
 
 

Ыйык Рухка толуп жашоо өзүңдүн эркиң

 
Эгерде сенде Ыйык Рухка толуп жашоого эрк бар болсо, Кудай ага жол берет. Ал сага жардам берип батасын берет. Эгерде сен аны каалабасаң, анда Ыйык Рухка толуп жашаган өмүрдөн үмүтүңдү үзүшүң керек. 
Ыйык Рухка толгон жашоо бул өз каалооң аркылуу эмес, суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу келет. Бирок Ыйык Рухка толуп жашоо же жашабоо бул сенин эркиң. 
Ошондуктан, эгерде Ыйык Рухка толуп жашоону кааласаң, өз эркиңди текшерип көрүп Кудайдан жардам сура. Эгерде чын эле Ыйык Рухка толуп жашоону кааласак, Кудай бизге батасын берет жана биздин каалообузду аткарат. Бирок максатыбызга жетүү үчүн, биз дене кумарларынан баш тартуубуз керек. 
Экинчи, Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн, биз айкаш жыгачыбызды алышыбыз керек. Кыйынчылык убактарда дагы Кудайдын эркинен чыкпай жашашыбыз зарыл. Ыйык Рухка толгон адилет жашоо деген ушул. 
Үчүнчүдөн Теңир дагы мындай дейт, “Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат. Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?” Теңирди ээрчип жашоо биз үчүн жакшы. Эгерде аны ээрчүүнү кааласак, биздин рух жана денеге жакшы болот бирок биз Аны ээрчибесек жана өзүбүз үчүн жашасак биздин рух жана дене өлөт. 
Эмне үчүн биз жашообузда Ыйык Рухка толуп жашай албайбыз? Себеби биз дене кумарлары деп аталган өз ойлорубуздан баш тарта албайбыз. Качан биз Ыйсаны ээрчигенде, Рух бизге ичибизден күч берип бизге көбүрөөк күч берет. 
Эфестиктер 5:11-13 аяттарда жазылган, “Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла, анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт. Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.” Машайакчылар караңгылыктын иштери менен байланышпоосу зарыл. Биз өзүбүзгө караңгылыктын иштери менен байланышууга жол берсек, Кудай аларды ашкерелегиле дейт. Караңгылыктын иштерине катышкан адамды тилдөө керек, себеби алардын жашыруун кылып жаткан иштерин айтууга ооз барбайт. Бирок ашкереленген иштер жарык болот. 
Мындай уяттуу нерселерди ким ашкерелеп жана алар жөнүндө сүйлөшө алат? Эгерде башкалар, сенин бир туугандарың, Кудайдын кызматчылары ашкерелей алышпаса, сен аларды өзүң ашкерелешиң керек. Себеби бардык ашкереленген иштер жарыкка чыгат деп айтылган. Ошондуктан караңгылыктын иштерин өзүбүз же жетекчилерибиз аркылуу ашкерелешибиз керек. 
Бул дүйнөдө ашкереленген иштер соттолот, бирок Кудайдын дүйнөсүндө ашкереленген иштер жарык кылынат, ачык кылынган нерселердин бардыгы жарык. Биз жеткилең эмес болгондуктан, бул дүйнөдө жашап жүрүп көптөгөн күнөөлөрдү кетиребиз. Бирок качан Кудайдын сөзүнүн жарыгын өзүбүзгө төксөк, күнөөлөргө көзүбүз ачылып аларды мойнубузга алабыз. Анан түбөлүккө Кудайды даңктап калабыз.
Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү Иордан дарыясында чөмүлгөндө алып кеткенде, Кудайдын бардык адилеттиги аткарылган, эми биз Кудайдын адилеттиги аркылуу жарык көрсөтүүчүлөр боло алабыз. Жакан Ыйсаны чөмүлдүргөндө адам баласы кетирген миллиардтаган күнөөлөр Ага жүктөлгөн. Ал дүйнөнүн күнөөсүн алып кеткен, айкаш жыгачта алар үчүн соттолгон жана тирилген Кудайдын Козусу. Ыйса, “Аткарылды” (Жакан 19:30), деп айтканда бардык адамзаттын күнөөлөрүн кечирген, бардык адамзат куткарылган. Биз Ыйса Машайак кылган нерсеге ишенүү аркылуу куткарылып калдык. Биздин күнөөлөрүбүз кечирилгенден кийин, биз кайрадан жарыкка келип адилет болуп Кудайды ээрчисек болот. 
 

Кудай бизге убакытты баалагыла деген
 
Пабыл эгерде Ыйык Рухка толуп жашоону кааласаңар убакытты пайдалана билгиле деген. Эфестиктер 5:16-17, “Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман. Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле.” Эгерде биз Ыйык Рухка толуп жашоону кааласак, акылсыз болбой убакытты баалашыбыз керек. Биз Кудайдын эркин билип аны аткарышыбыз керек. Төмөнкүнүн кайсынысы маанилүү экендигин чечим чыгаруу зарыл: денге жакканды жасап жашоо же Кудайга өзүбүздү арноо. 
Биз жогорудан төрөлгөндөн кийин, Ыйык Рух биздин ичибизде жашап калат. Эгерде биздин ичибизде Ыйык Рух жашаса, анда Теңир биздин Кожоюн, Падыша болуп калат. Ал гана биздин Куткаруучу жана биз Ага Кудайыбыз катары баш ийишибиз керек. Ал биздин Кожоюн. Ал Кожоюн мени жараткан, бардык күнөөмдү кечирип мага батасын берген. Ал менин жашоомду да өлүмүмдү да, бата берүүнү же каргыштоону чече турган Падыша. Биз Аны Теңир, Кожоюн катары таанып Ага баш өмүрүбүз өткөнчө баш ийип жашашыбыз керек. 
Келгиле Филиптиктер 2:5-11 аяттар эмне деп айтаарын карап көрөлү “Анткени силердин ой жүгүртүүңөр Машайак Ыйсаныкындай болушу керек. Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты. Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди. Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, “Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы” деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды.” 
Пабыл, “силердин ой жүгүртүүңөр ушундай болсун” деди. Ал бул Ыйсанын жүрөгүнүн каалоосу деди. Пабыл “ой жүгүртүүңөр” Машайак Ыйсаныкындай болсун дейт, анткени Ал Кудай, Жаратуучу болгон жана Ал Өз элин Атанын эрки боюнча куткарууга келген. Теңир бул дүйнөгө келип жана Жакандын чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алып кеткен. Качан Ал айкаш жыгачта дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн өлгөндө, Ал күнөөлөрдү бир отоло жок кылган. Ал үч күндөн кийин тирилип биздин Куткаруучу болуп калган. 
Ыйса Машайак, Жаратуучунун бул дүйнөгө келишинин себеби бизди куткаруу үчүн болгон. Ал Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачы аркылуу Өз сүйүүсүн бизге көрсөткөн. Ал Жаратуучу болсо дагы, Өзүн басынтып жаратылышты сүйгөндүктөн бизге кечирим берүү үчүн келгендиктен, биз Ага тизге бүгүшүбүз керек. Ошондуктан бардык жаратылыш Анын чыныгы Куткаруучу экендигин жарыялашы керек. Ал жөн эле жаратылыштын Кожоюну эмес бирок адилеттүүлүктүн Теңири экендигин бизге жарыялатты. 
Биз Кудайга ишенгендер жана ичинде Ыйык Рух жашагандар, биз ‘Кудай гана биздин Кожоюн’ экендигине ишенүүбүз зарыл жана Ыйсаны чын жүрөктөн сүйүшүбүз керек. Биз өзүбүзгө өзүбүз кожоюн эмес, бирок биздин жараткан жана күнөөлөрдөн куткарган Ыйса Машайак биздин биздин Кожоюнубуз экендигин билишибиз керек. Ал бизге баталуу жаңы өмүр берген жана биз үчүн бардыгын даярдаш үчүн иштеген Теңир. 
Жогорудан төрөлгөндөн кийин кожоюндарын алмаштырууну каалабаган адамдар бар. Көптөгөн адамдар ичинде Ыйык Рух жашаса дагы бирок өз жашоолорун өздөрү башкарууну каалашат. Ыйык Рухка толуп жашоо бул Кудайдын артынан ээрчүү. Мындай жашоого биз бир күндө жете албайбыз бирок качан биз Ыйса Машайак биздин өмүрүбүздүн Кожоюну деп жана бардык ааламдын жана биздин Жаратуучубуз деп ишенгенде гана ошондой жашоого жетише алабыз. Биз бизди куткарган жана бизге түбөлүктүү Асман Падышачылыгын берген Теңир Ыйса, Кудайга ишенишибиз керек. 
Биз акылыбызда чындыкты алып жүрүшүбүз керек. Көптөгөн адамдар өздөрү өз жашоолорунун кожоюну болуп жашашат. Алар өздөрүнүн жашоолорун өздөрү башкарып жана өздөрү коопсуздандырышат. Бирок азыр кожоюнду алмаштыруучу убакыт келди. Биз азыр Теңирди таанып калдык, эми биздин Кожоюн Теңир. 
Бардыгыбыздын жүрөгүбүздө күнөө бар жана бардыгыбыз тозокко кетүүгө өкүм болгонбуз. Бирок биз суу жана Рух жакшы кабары аркылуу Кудайды таптык. Кудай бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, бул дүйнөгө келди жана Жакан аркылуу чөмүлүп биздин бардык күнөөлөрүбүздү алды жана биздин чыныгы Куткаруучу болу үчүн айкаш жыгачка кадалды. Анан Кудайга ишенүү аркылуу биз бардык күнөөлөрүбүздөн куткарылдык. Башкача айтканда, биз Ыйык Рухка ээ болдук. 
Ыйык Жазуу айтат, “Эгерде силердин ичиңерде, чын эле, Кудайдын Руху жашап жатса, анда силер күнөөкөр табиятыњардын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашап жатасыңар. Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес” (Рим 8:9). Качан биз Анын куткарылуусун алганда, же Ыйык Рухка ээ болгондо, биз Кудайдын балдары болуп калдык. Ыйык Рух бул Кудай жана биз Ыйык Рухтун жетегинде Кудайдын адилеттигинин алдында жүрүшүбүз керек. Мындай жашоодо жашоо үчүн, биз өзүбүздүн жашообузга өзүбүз кожоюн болууну токтотуубуз зарыл. Ыйса менен жолугуп жана Ал аркылуу куткарылгандан кийин, биз Аны жалгыз Кожоюн кылып алабыз.
 

Биз жүрөгүбүздүн тактысын Ыйсага берүүбүз керек
 
Эгерде өз жашообузга өзүбүз кожоюн болсок Теңирди ээрчип жашай албайбыз. Эгерде биз өзүбүздүн кожоюнубуз өзүбүз эмес болсок, качан Кудай Аны кабыл алгыла деп буйурганда биз “Ооба” дейбиз. Андай болбосо, биз “Эмне үчүн мен муну сен үчүн кылышым керек?” деп айтышыбыз мүмкүн эле. Өз жашоосуна өзү кожоюн болгон адам Кудай айткан сөздү четке кагып ойлошу мүмкүн, “Ал менден муну кылып койчу деп өтүнүч катары сурашы керек.” Мындай адам үчүн Кудайды буйругу түккө турбаган нерсе, бирок куру бекер сөздөр. 
Бирок Ыйык Рухка толуу үчүн биз Анын буйруктарын аткаруубуз зарыл. Биз сойуу үчүн айдалып бара жаткан уйлар эмеспиз, ошондуктан өз ыктыярыбыз менен Кудайды ээрчишибиз керек. Биз Кудайды, Куткаруучубузду ээрчишибиз керек, ал бизди адилет жолго салат. Кудай бул бизди куткарылуу менен баталаган Теңир. Эгерде биз Ага кызмат кылбасак жана Анын буйруктарын аткарбасак, биз Ыйык Рухка толо албайбыз. Эгерде сен жана сенин үй бүлң падышачылыкты Ыйсага тапшырып, Аны баарынан жогору коюп жашасаңар, анда жашооңордо ырайым жана бата болот. 
Силер мүмкүн катуу бороондо бир адам шамалга каршы кайыкта сүзүп бара жаткан жана Ыйса анын артында турган сүрөттү көрсөңөр керек. Качан биз анын ишин кылып кыйынчылыктар менен беттешкенде, чынынды Ыйса Теңир ишти Өзү кылып колубуздан кармап турган болот. Ал биздин жашообузду алдын ала көргөн Кудуреттүү Кудай. Ал бизди куткарды. Ал бизди шайтандан коргойт, бизди жетектейт жана биздин жашообузду башкарат. 
Ал биздин Кожоюн болуп калгандан кийин, ал бизди башкарып жана баталай алат. Бирок биз Аны Кожоюн кылуудан баш тартсак, Ал бул ишти аткара албайт. Себеби Ал инсан, Ал Өз эркине баш ийдирүү үчүн кыйнабайт. Ал Кудуреттүү Кудай болсо дагы, биз Андан жардам сурап, ыктыярыбыз менен кызмат кылбасак, Ал эч нерсе кыла албайт. 
 

Бардыгын Ага тапшыргыла
 
Ал биздин жашообузду башкара алсын үчүн, бардыгын Ага тапшыргыла. Ага кызмат кылып, Аны Кожоюн катары кабыл алгыла. Биз жеткилең эмес болгондуктан, биз бардыгын Ага тапшыруубуз керек, бардык жоопкерчиликтерди Ага бериш керек. Качан биз үй-бүлөбүздү, күнүмдүк түйшүктөрүбүздү, бардыгын Ага бергенде, биз Кудайдын акылмандуулук алабыз жана Ал каалагандай жашай алабыз, ошондо биз бардык көйгөйлөрдү ишеним менен, Кудай бизге берген күч менен чече алабыз.
Ошондо биздин көйгөйлөр биздин Кожоюнубуздун көйгөйлөрү болуп калат, эгеде биз Кудуреттүү Кудай болгон Ыйсаны ээрчисек, Ал биз үчүн жоопкерчилик алат. Биз ошондо Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашап жана Ал берген тынчтыкта жашайбыз. Ишенимдүү машайакчылардай болуп, биз Кудайдын алдында тизе бүгүп, Ага баш ийип жана Ага Кожоюнубуз катары кызмат кылабыз. 
Келгиле Филиптиктер 3:3 аятта Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн кандай ишенимге ээ болуу керектигин карап көрөлү. “Анткени чыныгы сүннөт бизбиз, себеби Кудайдын Руху менен кызмат кылгандарданбыз, Машайак Ыйса менен мактангандарданбыз, денеге таянгандардан эмеспиз.” ‘сүннөт’ дегендин мааниси бул жерде биз Кудайга Рухта табынабыз, Ыйса Машайакта ырахаттанабыз, денеге таянбайбыз дегенди билдирет. 
Сүннөткө отургандай жашайбыз деген, жүрөгүбүздөгү бардык күнөөлөрдү кесип жана Жакан аркылуу чөмүлгөн Ыйса Машайакка өткөрөбүз дегенди билдирет. Рухтун жетегинде жүргөндөр жашоолорун Рухка берген. Алар Кудайга кызмат кылып жана Ыйсада кубанып айтышат, “Ыйса мага даңктуу жашоо берди. Ал мени адилеттүү кылып мага бата берди. Ал Ага кызмат кылуу үчүн мага бардык ырайымды берди.” Биз да ошол сыяктуу жашашыбыз керек. Ыйык Рухка толгон жашоо ушул. Пабыл айткан, “Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунтуктар 10:31).
Филиптиктер 3:13-14 аяттар айтат, “Бир туугандар, мен өзүмдү жеттим деп ойлобойм. Болгону, арттагыны унутуп, алдыга умтулам. Максатыма – Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу бере турган жогорку сыйлыгына умтулуп жатам.” Кудай арттагыны унутуп алдыны карап, алдыга умтулуп жашагыла дейт. Биз максатыбызды көздөй умтулуп жашашыбыз керек. Жакшы иштерди кылсак да, жаман иштерди кылсак да, биз арттагы нерселерди унутуп алдыга карап максатыбызга умтулуп жашашыбыз керек. Бул максат Ыйсаны карманып, Ага ишенип жашоо. 
Биз жеткилең эмеспиз, биз денеге азгырылып күнөө жасайбыз. Бирок Кудайга карап жана Ага ишенип, биз бардык алсыздыктарыбыздан жана күнөөлөрүбүздөн арылсак болот. Качан Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп жана айкаш жыгачта өлгөндө биздин күнөөлөрүбүз Ага өтүп кеткен. Тирилүү аркылуу Ал биздин Куткаруучу болгондон кийин, ага ишенгенибиз үчүн бизге жаңы өмүр берилген. Ошондуктан биз артта калган нерселердин бардыгын унутуп, алдыга, максатыбызга умтулушубуз керек. 
 
 

Ыйы Рухка толгон жашоо менен жашоо

 
Биз алдыдагы нерселерге умтулуп, бийигирээк максат коюшубуз керек. Эгерде өткөн жашооңдо болгон нерселер сага жүк болуп жаткан болсо, сен аларды тез арада унутуп каласың деп үмүттөнөм. Биздин алсыздыгыбыздан улам көп нерселерди аткара албайбыз, бирок алар эч нерсе эмес анткени маанилүүрөөктөрү алдыда жатат. Келечек маанилүү болгондуктан, биз падышачылыкты ишеним аркылуу Ыйсага берип, Анын жетегинде жашашыбыз керек. Биз келечекте кандай кылабыз Ал чечсин жана Ага жаккан жашоо менен жашайлы.
 

Шакирттер кандай жашаса, биз да ошондой жашашыбыз зарыл
 
Эгерде биз күнөөбүздүн кечирилгенине бекем ишенсек гана Ыйык Рухка толуп жашай алабыз. Бул абдан маанилүү. Келгиле 2 Тиметей 2:1-10 аяттарды карайлы. “Ошентип, уулум, Машайак Ыйсадагы ырайым аркылуу күч алгын. Көп күбөлөрдүн көзүнчө менден укканыңды башкаларды да үйрөтө ала турган, ишенимдүү адамдарга айт. Ыйса Машайактын жакшы жоокериндей болуп кыйынчылыктарга чыда. Эч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт. Мелдешке чыккан адам мелдештин эрежелерин бузса, таажы албайт. Эмгектенген дыйкан алган түшүмүнөн өзү биринчи ооз тийиши керек. Менин айткандарым жөнүндө ойлон, Теңир болсо сага бардыгын түшүнүүгө жардам берет. Дөөттүн тукумунан чыккан, өлүп кайра тирилген Ыйса Машайакты ар дайым эсиңде сакта. Мен тараткан Жакшы Кабарда Ал жөнүндө ушундай айтылат. Мен ошол Жакшы Кабар үчүн азап тартып жатам, атүгүл, кылмышкер сыяктуу кишенделдим, бирок Кудайдын сөзү кишенделбейт. Ошондуктан мен тандалгандар үчүн, алар да Машайак Ыйса аркылуу куткарылышсын деп, бардыгына чыдап жатам. Бул куткарылуу түбөлүк даңк менен коштолот.”
Пабыл Тиметейга айткан сыяктуу эле Ыйык Рух дагы бизге айтып жатат, “Ошентип, уулум, Машайак Ыйсадагы ырайым аркылуу күч алгын. Көп күбөлөрдүн көзүнчө менден укканыңды башкаларды да үйрөтө ала турган, ишенимдүү адамдарга айт.” 
“Ошентип, уулум, Машайак Ыйсадагы ырайым аркылуу күч алгын.” Ырайымда күчтүү болу дегендин мааниси биз суу жана Рух жакшы кабарына болгон ишенимибизди Ага ишенип жана Аны кармануу аркылуу бекемдешибиз керек дегенди түшүндүрөт. Ыйса бул дүйнөгө келип, Өз чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрүн алып, айкаш жыгачта өлүп жана биздин Куткаруучу болуу үчүн чөмүлгөн. Мунун мааниси биз Кудайдын ырайымында бекем болуп Теңирге ыраазычылык билдиришибиз керек дегенди түшүндүрөт. Кудай бизди куткарды ошондуктан биз куткарылууну ишеним аркылуу Кудайдын белеги катары кабыл алышыбыз керек. Бул күнөөлөрдөн куткарылуу деп аталат. Бул эртең менен сыйынууга, жыйын курулушуна акча курман кылууга тиешеси жок. Бул нерселер куткарылууну алууга жардам берүүнүн ордуна, тоскоолдук кылат. 
Биздин куткарылуубуз Ыйса биздин иштерибизге карабастан, биздин күнөөлөр үчүн чөмүлүп күнөөлөрдү жок кылуу үчүн айкаш жыгачтагы өлмү аркылуу келген. Ал бизди бардык күнөөлөрдөн куткаруу үчүн тирилген. Пастор дагы катардагы адам сыяктуу эле жакшы кабардын чын экендигине ишенүү аркылуу кечирим алган. Ким Ыйсага чын жүрөгүнөн ишенсе күнөөлөрүнөн кечирим алат. Ошондуктан биз ишенимибизди бекемдей турган ырайымга ишенсек болот. 
Эгерде Ыйык Рухка толуп жашоону кааласак, биздин суу жана Рух жакшы кабарына болгон ишенимибиз бекем болушу керек. Жашообузда биздин алсыз жактарыбыз да бар. Ошондуктан биз ырайым аркылуу куткарылууда бекем болушубуз керек. Ар бир жолу жыгылганда, өзүбүзгө мындай деп айтуубуз зарыл, “Кудай мени суу жана Рух жакшы кабары аркылуу куткарды. Ыйса суу жана Рух жакшы кабары аркылуу бардык күнөөлөрүмдү кечирди.” Биз жакшы кабарга ишенүү аркылуу адилеттүү болуп калдык жана ичибизде жашаган Ыйык Рух бизди бекемдейт. Биз күнөөлөрүбүздөн суу жана Рух жакшы кабары аркылуу куткарылдык. Ишеним аркылуу биз баталуу адамдар болуп калдык.
Пабыл айтат, “Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунтуктар 10:31). Бул абдан маанилүү. Биз жашообузду Кудайга арнообуз керек, Анын ишин кылууда күчтүү болуубуз абзел. Жакшы кабарды таратуу үчүн жакшы тамактанып, ден-соолукту жакшы кароо зарыл.
“Эч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт” (2 Tиметей 2:4). Жакшы кабарды таратуу үчүн Ыйык Рухка толуп жашоо керек. Жакшы кабарды таратуу үчүн жашасак, биз Кудайга ишенимдүү болуп жашайбыз. Кудайга ишенимдүү болуп жашаган адамдар Ыйык Рухка толуп жашашат. Эмгектенип тапкан курмандык акчаң дагы жакшы кабар үчүн колдонулушу зарыл.
Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн, өзүңдү Теңирге арнап жашап, Анын кызматын кылып, каражатыңды жакшы кабар үчүн жумшап жана кубаныч кайгыңды Кудай менен бөлүш. Эгерде биз ушундай жашоо менен жашоону кааласак, ишеним менен жана өз эркибизден Теңирге кызмат кылып жашайлы. 
Азыркыга чейин көптөгөн адамдар жашоосун өздөрү башкарып жашап келишти. Алар дубал тосуп, өзүлөрү үчүн мүлк жыйнап аларга кожоюн болуп алды. Бирок, азыр биз Кудай үчүн жашашыбыз зарыл. Биз Кудайдын өзүбүздүн жалгыз Кожоюнубуз катары кабыл алалы. Теңир айтат, “Эч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт.” Жакшы аскер катары жашоо үчүн эрежелерди аткарып жашоо зарыл. Анын ишенимдүү аскери катары жашасак, Теңир биздин көйгөйлөрдү чечип берет, бизди коргойт жана жетектейт. Ал бизге биринчи Кудайдын Падышалыгын жана Анын адилеттигин издегиле деп айтат (Maтай 6:33).
Кудайдын сөзүндө жалган жок. Эгерде биз Аны ээрчисек, биз Анын сөзүнүн чындык экенин көрөбүз. Бирок биринчи жүрөгүңө Ыйык Рухту кабыл кылышың керек. Жүрөгүндө Ыйык Рух жок адам тактысын Кудайга бере албайт. Ичинде Ыйык Рух жашаган адам тактысын Кудайга бере алат жана Ыйык Рухка толуп жана жүрөгүндө тынчтык жана бакытка ээ болуп жашайт.
Ыйык Рух качан сен суу жана Рух жакшы кабарын түшүнгөндө жана ишенгенде сага келет. Эгерде сен Ыйык Рухка толуп жашап жана бактылуу жашаганды кааласаң, сен Кудайга Падышаң катары кызмат кылып жана Анын падышачылыгы үчүн жаша. Ошондо сен Ыйык Рухка толосуң жана сенин жүрөгүң, жашооң гүлдөйт жана Падышачылыктын бактылуу баласы болосуң. 
Мен куткарылууну жана Ыйык Рухту алган адамдар Теңирге ишенип жана Ыйык Рухка толуп жашоолору үчүн бул кабарды айта кеттим. Мен Ыйык Рухка толгон жашоо эмне экенин жана ал жашоону кантип карманып калуу керектиги тууралуу айттым. Мен дагы Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн ишеним аркылуу тактыңды Теңирге берип Ага кызмат кылуу керек деп айттым.
Кайрадан, ичинде Ыйык Рух жашаган адам жогорудан төрөлүү менен эле бүтпөйт. Ал жашоосун Ыйык Рухка толуп жашоосу керек. Биз рух жана дене ушундай жашоо аркылуу гана батага ээ боло ала тургандыгын билишибиз керек.
Мындай жашоо кокустан эле келип калбайт. Биз ага Теңир жана Кожоюн катары ишенип жүрөгүбүздөгү урматтуу орунду бергенде гана келет. Кудай бизди куткарып жана Рухка толгон жашоону берген, ал жашоо жакшы кабарга кызмат кылган жашоо. Ал бизге Ыйык Рухка толуп жашообуз үчүн дагы кызмат берди.
Сен Ага өзүңдү арнап жана Ал үчүн жашашың керек. Ага бул керемет жакшы кабарды таратуу менен кызмат кыл. Ошондо сенин жүрөгүң Ыйык Рухка толот, ошондо батыт жана ырайым сенден булак болуп агат. Ал кайрылып келгенде, анын алдында байге алып сыймык менен тура аласың. Сен экөөбүз Ыйык Рухка толгон жашоо менен ырахаттанып жашашыбыз зарыл. Ишенимибиз аркылуу ушундай жашоо менен жашоого аракет кылалы. Ошондо Ыйык Рухка толо алабыз.
Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн, тактыңды Ыйсага бошотуп бердиң беле? Ал сенин жүрөгүңдөгү урматуу жерден орун алды деп үмүттөнөм. Сен Ыйык Рухка толуп жашоону каалашың керек. Ошондо сен батага ээ болосуң жана Ыйык Рухка толуп жашайсың.