(Tит 3:1-8)“Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун, эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын. Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек. Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо, Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды. Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн, Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү. Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу.”
Кантип биз Ыйык Рухка толуп жашасак болот?
Биз Кудайдын эркин билип ошого жараша жакшы кабар таратышыбыз керек.
Ыйсага ишенип жана Ыйык Рухка ээ болгондор Ыйык Рухка толуп жашоолору зарыл. Кудай машайакчылардын Ыйык Рухка толуп жашашын талап кылат. Биз Анын буйруктарын аткарышыбыз керек. Анда кантип биз Ыйык Рухка толуп жашайбыз? Бул жөнүндө апостол Пабыл эмне айткандыгына көңүл буралы.
Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн эмне кылуу керек?
Тит 3:1 аятта Пабыл айтат, “Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун.” Ал бизге бийликтегилерге жана башкаруучуларга баш ийгиле деген жана жакшы иштерди кылууга даяр болгула деген. Муну менен ал дүйнөнүн мыйзамдарына баш ийбесек, Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашай албайбыз деген. Албетте, эгерде бул дүйнөнүн башкаруучулары чындыкка каршы чыкса биз аларга баш ийбешибиз керек. Бирок мыйзамдар бизди ишенимибизди бузбаса, биз аларга баш ийип жакшы кабарга кызмат кыла беришибиз керек.
Биз Ыйык Рухту алгандарбыз. Эгерде дүйнөнүн мыйзамдарын бузсак кантип Ыйык Рухка толуп жашайбыз? Ошондуктан, Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн дүйнөнүн мыйзамдарын аткаруубуз керек. Ыйык Рухту алгандар социалдык нормаларды аткарып жашоолору керек. Биз Кудай менен жашап жана дүйнөнүн мыйзамдарын аткара алабыз.
Жыйынга келе жатып бирөө кылмыш кылып койсо. Ал Теңирге тынч кызмат кыла алабы? Эгерде дүйнөнүн мыйзамын аткарбаса, ал кантип Теңирдин окутуусу менен жашай алат? Рухта жүрүү менен бирге коомдук мыйзамдарды аткаруу да керек. Мыйзамды бузуудан эч бир жакшылык жок. Мыйзамга баш ийүү менен тынчтыкты сакташыбыз керек. Жакшы кабарды таратуу менен бирге түз жүрүшүбүз зарыл. Ыйык Рухка толуп жашоо менен коомдун мыйзамдарын аткарып жашоо акылмандуулукка жатат.
Биз жүрөгүбүздөн момун болушубуз керек
Пабыл айткан, “Эч кимге жаман сүйлөбөө, тынчтыкта болуу, сылык болуп, бардык адамдарга момундук көрсөткүлө.” Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн биз эч кимге жаман сүйлөбөшүбүз керек, тынчтыкта болуп, сылык болуп, бардык адамдарга момундук көрсөтүшүбүз зарыл.
Жогорудан төрөлгөндөрдүн жүрөгүндө, момундук, өзүн-өзү башкара билүү жана сылыктык болот. Бул ичибизде Ыйык Рух жашагандыктан мүмкүн болот. Пабыл биз бири бирибиз менен урушуп жакшы кабарга урмат көрсөтпөй койбошубуз керек дейт. Албетте, коомдук мыйзамдар жакшы кабарга каршы болсо күрөшүүгө туура келет. Бирок андай болбосо тынч жашашыбыз керек. Башкалар биз жөнүндө минтип ойлошу керек, “Ал керек болгондо арыстандай ажаан болсо дагы, негизи көгүчкөндөй момун экен. Мүмкүн ал ишенип калып, сылык жана сезимтал адам болуп калаар.”
Дене кумарында сылыктык да момундук да жок. Бирок Теңир бизди күнөөлөрдөн куткаргандыктан жана Ыйык Рух ичибизде жашагандыктан биз башкаларга сылык боло алабыз. Мага жамандык жасаган адамды кечирүү жана ага момундук менен мамиле кылуу бул чыныгы кечирим. Башка бирөөлөрдү жек көрүп бирок өзүмдү боорукер кылып көрсөтүп жатсам бул момундук эмес. Жогорудан төрөлгөн машайакчынын жүрөгүндө кечирим жана момундук болот.
Адамдар бизге жамандык кылса дагы биз аларга сылык мамиле кылышыбыз керек. Эгерде алар жакшы кабарга тоскоолдук келтирбесе биз бардыгына сылык болушубуз керек. Бирок алар тоскоолдук кылышса, биз сылыктыктын жарыгынын ордуна, чындыктын жарыгын көрсөтүп койсок болот. Момундук Кудайдын чындыгында гана бар, ал эми каршы чыккандар, Кудайдын сөзүн бурмалагандар сылык мамилеге татыктуу эмес.
Кудай Ага каршы чыккандарды кечирбейт, Ал аларга баасын төлөтөт. Кудай Ыбарайымга айткан, “Мен сага бата бергендерге бата берем, каргыштагандарды каргыштайм” (Башталыш 12:3). Чындыктын жакшы кабарына каршы чыккандар үчүн куткарылууга жол жок. Алар жашоосун гана эмес үчүнчү тукумуна чейин баса турган балаадан эч жакка качып кутула алышпайт.
Эмне үчүн биз чыдамдуу жана момун болушубуз керек? Тит 3:3 аятта жазылган, “Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек.” Биз дагы жогорудан төрөлө электе ошондой адамдар элек. Ошондуктан биз аларды кечирип жана аларга чыдашыбыз керек, себеби бир убакта биз дагы ошондой болчубуз.
Тит 3:4-8, аяттар мындай дейт, “Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо, Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды. Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн, Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү. Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу.”
Ыйык Жазуу биздин жакшы иштерибиз үчүн Кудай бизди куткарган жок дейт. Ал бизди сүйгөндүктөн жана боору ооругандыктан бизге бул батаны берди. Башкача айтканда, Ыйса Машайак бул дүйнөгө келди, чөмүлдү, айкаш жыгачта өлдү, тирилди жана биздин күнөөлөрдү жууп кетти. Ыйса тирилген жана азыр Кудайдын оң жагында отурат. Өлгөндөрдүн арасынан тирилүү аркылуу, дүйнөдөгү бардык жеткилең эмес нерселердин бардыгы жеткилең болуп калды.
Кудай Ыйса Машайак биздин Куткаруучубуз аркылуу бизге Ыйык Рухту бата кылып берди. Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн алуу үчүн Жакан аркылуу чөмүлдү жана күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн айкаш жыгачта өлдү. Биз куткарылып адилет болуп калдык.
Ыйык Жазууда дагы айтылат, “Түбөлүк өмүрдүн үмүтү менен биз дагы мурасчылар болуп калдык дейт.” Мунун мааниси биз Кудайдын мурасчыларыбыз, биз Анын бардык байлыгын жана даңкынын мурасчыларыбыз. Ушундай баталуу жашоодо жашоо үчүн биз Ыйык Рухка толуп жашашыбыз керек. Сен күнөөлөрүңдөн кечирим алуу үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ишенип жана башкаларга жакшы кабар айтышың абзел.
Ошондуктан, күнөөлөрүбүздөн кечирим алып, башкалардын пайдасы үчүн иштешибиш керек, биз дүйнөнүн мыйзамдарын сактап жана Кудайды издегендерге жакшы кабарды айтабыз. Бизге туура эмес мамиле кылган адамдарды кечирип алар жакшы кабар тартууга тоскоол болбошу үчүн момундук менен мамиле кылабыз. “Бул нерселер жакшы жана адамга пайдалуу.” Эгерде Ыйык Рухка толууну кааласаң, Пабылдын бизге айткан сөзүн эстешибиз керек. Бул өзгөчө эмес адаттагыдай эле нерсе болуп көрүнүшү мүмкүн бирок бул абдан маанилүү.
Биз бул дүйнөдө жашап жаткандан кийин, дүйнөнүн мыйзамдарына баш ийбей келишпестикте болсок Ыйык Рухка толо албайбыз. Ошондуктан Кудайдын сөзүнө каршы чыкпаса бизге мыйзамга баш ийишибиз керек. Биз бул дүйнөнүн мыйзамдарына баш ийишибиз керек. Бизде ишеним бар болсо дагы, Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн мыйзамга баш ийүү жакшы чечим болот. Биз бул дүйнөнүн мыйзамдарын аткарып, жакшы иштерди кылып, жана жакындарыбыз менен ынтымакта жашообуз зарыл.
Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашоону каалайсыңбы?
Эфестиктер 5:8-11 аяттар айтат, “Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла. Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык. Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле. Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла.” Бул аят бизге жарыктын балдары катары жүрүп жана Рухтун жемиштерин бергиле дейт.
Эфестиктер 5:12-13 аяттар айтат, “анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт. Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.” Пабыл бардык нерселер жарык аркылуу ашкереленет дейт. Эгерде адилеттүү адам адил жашоо менен жашабаса, аны Кудай ашкерелейт же өзүн өзү ашкере кылат. Эгерде адам караңгынын иштерин жасап жатып, жарык аркылуу ашкереленсе эмне болот? Катасын мойнуна алгандан кийин, анын жүрөгү Кайрадан Кудай менен беттешкенден кийин анын жүрөгү жарык болот. “Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.” Жарык аркылуу ашкереленген жакшы. Ошондо биз күнөөбүздү мойунга алып Кудайга кайрылсак болот.
Эгерде биз чын эле Ыйык Рухка толуп жашоону кааласак, биздин жүрөгүбүздө боорукердик болушу керек. Эгерде бирөөнүн жүрөгүндө күнөө жок болсо дагы, ал боорукер болуп калат дегендик эмес. Биз жүрөктөн адил жана боорукер болуп жашашыбыз керек. Адамдар түшүнүп жана күнөөлөрүнөн кечирим алып калуулары үчүн суу жана Рух жакшы кабарын билбегендеге жакшы кабарды айтып алар үчүн сыйынышыбыз керек. Башкаларга зыян келтирбеш керек. Жеп жатсак да, уктап жатсак да башкаларды куткаруу үчүн кызмат кылышыбыз зарыл.
Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашоо үчүн акылдуу адамдар катары биз убакыттын маанилүү экендигин билип жакшы кабарга кызмат кылышыбыз зарыл. Качан биз дүйнөнү сүйгөндө, анда биз караңгылыкта болуп Кудай ишин кылбай калабыз. Ошондуктан, биз Теңирди карап Ал эмне кааласа ошону кылабыз. Кудай бизге берген куткарылууга ишенип, дайыма көздү ачып жүрүш абзел. Рухтун адамы, акылдуу болуп, дүйнөнү караңгылык каптай электе, жакшы кабарды таратуусу керек.
Теңирдин эркин түшүн
Биз Кудайга эмне жакса ошону билишибиз зарыл. Биз Ал Өз жыйыны жана сөзү аркылуу эмне кылышты каалап жаткандыгын билишибиз керек. Биз Анын эркин билип, жана Ага жагуу үчүн эмне кылышыбыз керектигин да билишибиз зарыл.
Күнөөсүнөн кечирим алган адам жогорудан төрөлөт жана ким жогорудан төрөлсө анда Ыйык Рух жашайт. Ичинде Ыйык Рух жашаган адам чыныгы ыйык жана Кудайдын баласы. Алар Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашашат. Бардык ыйыктардын милдети ушул. Биз өзүбүздүн жөндөмдүүлүктөрүбүздү жана энергиябызды өзүбүз үчүн коротпошубуз керек, ошол сыяктуу эле башкалардын муктаждыгы үчүн дагы коротууга болбойт. Убакытты коротуп Кудайдын ишине тоскоол болу жакшы эмес.
Эгерде биз ыйыкталып жана Кудайдын сүйүүсү аркылуу кайрадан төрөлсөк, Анын ишин аткаруу үчүн жакшы адамдар бололу. Ага ишенүү аркылуу Кудайдын балдары болуп калган болсок, анда жакшы адамдар бололу.
Кудайдын балдары болсок дагы денебиз жеткилең эмес, бирок Кудай ыраазы; эгерде Кудайдын эркин аткарып жана жакшы иштерди кылсак. Эгерде өзүлөрү үчүн гана жашашса жогорудан төрөлгөндөр дагы жамандык кылышы мүмкүн. “Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула” (Эфестик 5:18) мунун мааниси биз дене кумарларына масс болбой жакшы иштерди кылышыбыз зарыл дегени.
Эфестиктерге Пабыл айтат 5:19-21, “бири-бириңерге забурларды, даңктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Теңирди чын жүрөгүңөр менен даңктап ырдагыла; Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле; Кудайдан коркуу менен бири-бириңерге баш ийгиле.” Эгерде Ыйык Рухка толуп жашоону кааласаңар, жакшы кабарга ишенип жана жакшы кабар аркылуу Кудай кылган иштерди жарыялагыла.
Качан биз сыйынганда, аны гимндер, забурлар менен даңтап ырдаганда Кудай бизге бата берет. Ошондуктан Аны даңтап жашайлы. Биз бири бирибиз үчүн жана куткарыла электер үчүн сыйынсак Ыйык Рухка толуп баталуу жашайбыз. Биз чын жүрөктөн Кудайга ыраазычылык келтирип жана бизди куткарган Ыйсаны урматтап жашашыбыз керек. Жүрөгүбүздө ушундай ойлор жашаса биз каталарыбызды мойнубузга алып, күнөөлөрдөн тазаланып жана Ага баш ийип жашай алабыз. Ыйык Рухка толуп жашоо деген ушул.
Өмүрүбүз өткөнчө керемет жакшы кабарга кызмат кылуубуз керек
Биз жакшы иштерди кылууну пландап жана керемет жакшы кабардын даңкы үчүн иштешибиз зарыл. Кудайдын жыйынына кошулуп, чоогу сыйынып Кудай башкалардын жандарын куткарсын үчүн Кудайга кайрылышыбыз керек. Кудайды издеп жүрүшсө дагы, керемет жакшы кабарды билбей, жогорудан төрөлбөгөн адамдар абдан көп. Биз бул адамдар үчүн сыйынып айтышыбыз керек “Кудай, аларды дагы куткар.” Өзүмчүл болуп жашабастан биз колубузда болгон мүлкүбүз менен дагы жакшы кабар үчүн, жоголгон жандарды куткаруу үчүн кызмат кылуубуз зарыл. Жоголгон жандар үчүн жана Кудайдын Падышачылыгынын кеңейиши үчүн жашоо бул жакшы иштерди кылуу деп аталат.
Мындай жашоо менен жашоо, Ыйык Рухка толуп жашоо деп аталат. Ыйык Рухка толуп жашоо бул тилдерде сүйлөп, кереметтерди жасап жашоо эмес, бул Кудайга жаккан жашоо. Бул Кудай берген куткарылууга ишенүү, Кудайды ырлар, забурлар менен даңктоо. Кудайды бүт жүрөктөн даңктоо жана денебизди адилеттикти куралдары катары колдонуп кызмат кылуу. Анын буйруктарын аткаруу бул Ыйык Рухка толуп жашоо.
Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн биз бири бирибизге баш ийип жашайлы. Эгерде бирөө бизге кеңеш берсе биз аны угушубуз керек. Ошол сыяктуу эле, эгерде мен ага кеңеш берсем, ал макул эмес болсо дагы мени угушу керек. Ошол сыяктуу эле, биз бири бирибизге баш ийип жана Кудайдын ишин аткарып жашайлы.
Ыйык Рухка толуп жашоо бул Ыйса Машайакты даңтоо
Ыйык Рухка толуп жашоо бул Ыйсанын осуяттарын аткаруу. Келгиле Эфестиктерге жазылган каттар мунун мааниси кандай экендигин карап көрөлү Эфестиктер 6:10-13. “Акырында айтарым, Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алгыла. Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле, анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз. Ошондуктан кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла.”
Ыйык Рухка толуп жашоо деген эмне? Бул Анын күчүнө ишенип Теңирде күчтүү болуу. Өз эркибиз менен жашабастан ичибизде жашаган Ыйык Рухтун күчү менен жашоо. Бул дагы сыйынууда болуп жашоо. Сыйынуу аркылуу биз, чарчабастан Кудайдан жөндөмдүүлүктөрдү алып жана бата алып жашайбыз. Мындай жашоо менен жашоо Кудайдын куралдарын алуу деп аталат. Биз алсыз болгондуктан, Анын сөзүнө бекем карманбасак Аны менен жашап, Ага баш ийип жана кызмат кыла албайбыз.
Кудайдын сөзүнө ишенүү биздин руханий күчүбүздү көбөйтүү үчүн абдан маанилүү. Бизде ишеним бар болс дагы, биз Кудайдын куралдарын алышыбыз керек. Ошондо Ыйык Рухка толгон жашоо менен жашай алабыз.
Ким үчүн ушундай жашоо менен жашоо кыйын болуп жатат? Анда Ыйык Жазуудагы сөздөрдү эсте дагы Кудайдын курал жарагын ал. Кудай Өзү бизге Менин курал жарактарымды алгыла дейт. Кудайдын сөзүн жүрөгүңө терең алсаң Кудайдын курал жарагы эмне экенин түшүнөсүң. Чөйрөдөгү адамдар эмне айтса дагы биз Кудайдын сөзүн карманышыбыз керек. Ошондой кылуу менен Ыйык Рухка толуп жашай алабыз.
Бул ишенимди биз каяктан алабыз? Аян 3:22 айтат, “Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун.” Биз Рухтун жыйындарга эмне деп айтканын угушубуз керек. Ыйык Рух ким аркылуу сүйлөйт? Кудай ыйыктырга жана дүйнөдөгү бардык элге Өзүнүң жыйындагы кызматчылары аркылуу сүйлөйт.
Ошондуктан Кудайдын жыйынындагы окутуулар Кудайдын сөзүнө негизделген деп ишенишиң керек. Ушундай ой менен жыйындагы окутууларды кабыл алышың маанилүү. Эгерде насаатчынын ичинде Ыйык Рух жашабаган болсо, ал өз ойлорун окутуусу мүмкүн эмес. Ичинде Ыйык Рух жашаган насаатчы, Ыйык Рухтун жетегинде Кудайдын сөзүн айтат. Эгерде ал Ыйык Жазуунун негизинде эмес сөздөрдү сүйлөп баштаса, анын ичинде Ыйык Рух жашагандыктан, Ыйык Рух аны токтотуп коёт.
Ыйык Рух бул Кудай. Кудайдын кызматчыларынын бийлиги зор, себеби Кудай алардын ичинде жашайт. Жаңы Осуятта, Ыйса Петирге айтат “Сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем.” (Матай 16:19). Асмандын ачкычы бул суу жана Рух жакшы кабары. Башкача айтканда, бул жакшы кабар Асманга кирүүчү ачкыч. Кудай жакшы кабар таратуу бийлигин жалгыз гана Петирге берген жок, Ал жогорудан төрөлгөн жана ичинде Ыйык Рух жашаган ар бир ыйыкка берди.
Ыйык Рухка толуп жашоо үчүн, биз Кудайдын курал жарактарын алышыбыз керек. Эгерде бизде ишеним жок болсо, биз жыйындагы сабактарды ар дайым эсибизге тутуп жана жыйын менен Кудайдын кызматчыларынын бийлигине ишенишибиз керек. Эгерде сен бүгүн угуп жаткан сөздөр сенин жашооңо түзмө түз байланышы жок болсо дагы, сен аны угуп жүрөгүңө кабыл алышың керек. Күнүмдүк жаооңо керектүү сөздөрдү Ыйык Жазуудан тап. Аларды карман. Ошондо, ишенимдин адамы боло аласың. Ошондо Ыйык Рухка толуп, бул дүйнөдөгү караңгынын күчтөрүнө каршы күрөшүп Кудай менен жашай аласың.
Бул дүйнөдөгү караңгынын күчтөрү менен күрөш деп кайра бул дүйнөнүн башкаруучуларына жана мыйзамдарга бай ий деп айтканыма түшүнбөй жаткандырсың. Рим империясынын убагында, император өзүн кудай деп атаган жана бардык адамдар ага кудай катары мамиле кылсын деген мыйзам чыккан. Муну машайакчылар кыла алган эмес, себеби бул Кудайдын сөзүнө каршы болгон. Ошондуктан ошол убакта жашаган машайакчылар айла жоктон Рим императоруна каршы күрөшүш керек болгон.
Шайтанга каршы күрөшүү үчүн биз Кудайдын сөзүн карманышыбыз керек. Эгерде биз Кудайдын сөзү боюнча жашасак, биз Анын батасына ээ болобуз жана шайтанды жеңе алабыз. Кудайдын сөзүн карманбасак, жогорудан төрөлсөк да шайтан менен болгон күрөштө жеңилип калабыз. Кудай бизди эскертет, “Эстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт” (1 Петир 5:8). Кудайдын сөзүнө ишенбеген адамга шайтан оңой кол салат.
Кудайдын сөзү менен болбосо Ыйса дагы шайтанды жеңе алмак эмес. “Ыйса ага: ‘Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт, – деп, Ыйык Жазууда жазылып турат, – деп жооп берди’” (Maтай 4:4). Ал жазылган сөзгө болгон ишеним менен шайтанды кубалап жиберди. А бизчи? Ыйсага салыштырмалуу биздин акылыбыз абдан эле аз. Ошондуктан, биз Кудайдын сөзүнө бекемирээк карманышыбыз керек.
Биз айтпашыбыз керек, “Мен сөз туура деп ойлойм, бирок толук ишене албайм.” Бизге сөздү карманышыбыз керек. “Бардык жазылган нерселер чын чыгат.” Ушундай ишеним менен биз Кудайдын курал жарактарын ала алабыз. “Бардыгы Теңир айткандай болот” деп айткан адамдар баталуу адамдар. Эгерде ким Кудайдын сөзүн карманып ага таянса, анын ишеними боюнча ага жакшы болот. Шайтан бизди азгырса да, биз “Мен Кудайдын сөзүнө ишенем” деп айтсак, ал качып кетет. Шайтан менен болгон согушта жеңүүнүн жолу ушул.
Биз Кудайдын сөзүн карманышыбыз керек
“Ошондуктан кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла. Ошентип, чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип, бут кийимиңерди кийип, тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга даяр тургула. Баарынан мурун амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди калкан кылып алгыла. Ошондой эле куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзүн – рухий кылычты алгыла” (Эфестиктер 6:13-17).
Бул аяттагы, “чындык менен белиңерди курчанып,” дегени Кудайдын сөздүн бел курчоо менен салыштырып жатат. Мунун мааниси биз акылыбызды Кудайдын сөзү менен курчашыбыз керек дегенди билдирет. Ал биз Кудай менен бир ойдо болушубуз үчүн чындыкты кармангыла деп жатат. Бел кур денебизди кандай бекем кысып турса, биз дагы Кудайдын сөзүнө ошондой бекем жабышышыбыз керек. Качан биз Кудай менен бир ойдо болгондо, бизде ишеним бар болот жана биз айтабыз, “Мен бардыгы жакшы боло тургандыгына ишенем. Бардыгы Кудай айткандай болоорун билем.”
Дагы, биз адилдикти соот кылып кийишибиз керек. Кудай бизди куткарды деп үйрөткөн суу жана Рух жакшы кабарынын соотун киели. Белди чындык менен курчап, адилдикти соот кылып кийели. Кымбат баалуу таштардан соот киели. Аны биз Кудай бардык күнөөбүздү кечирген деген ишенимге негиздейли. Биз чын жүрөктөн Кудайдын сөзүнө ишенели. Биз дагы тынчтык берүүчү жакшы кабарды тараталы.
Жогорудагы нерселерди аткаргандан кийин, биз, бардык элдерге Кудайдын тынчтыгын бере турган куткарылуу жакшы кабарын дүйнөгө таратуу үчүн бут кийимибизди кийишибиз керек. Эгерде биз күнөөлөрүбүздөн кечирим алсак, анда ишеним жөнүндө сүйлөйбүз. Качан биз күнөө же жаман иш кылсак, Кудай бизди кечирген деп чындык жөнүндө ойлонуу аркылуу алардан арылуубуз керек. Ал муну Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу кылган. Биз Кудайды даңтап жана Ага ыраазычылык билдирип жашайлы. Күнөөлөрдөн куткарыла электерге тынчтык бере турган суу жана Рух жакшы кабарын тараталы.
Ишенимдин калканын алып шайтан менен күрөшөлү. Качан шайткан бизге кол салганда бир колубузга ишеним калканын, экинчи колубузга чындык сөзүн кармап алып күрөшүшүбүз керек.
Андан кийин биз куткарылууну туулга кылып киели. Биз куткарылуу сөзүн кабыл алып, айтышыбыз керек: “Мен суу жана Рух жакшы кабары аркылуу күнөөлөрүмдөн куткарылдым. Ошондуктан Кудай менин күнөөмдү кечирди.” Бул чындыкты биз акылыбыз менен түшүнүүбүз абзел. Биз шайтанга каршы Кудайдын сөзүн куткарылуу туулгасы жана Рухтун кылычын алалы.
Эгерде шайткан бизге кол салса, кылычты алып аны жеңели. “Кудай мындай деген! Мен буга ишенем!” Биз Кудайдын сөзүнө ишенүү аркылуу шайтанды кубалайбыз. Эгерде биз Кудайдын сөзүнө ишенсек жана руханий кылычыбызды алып чыксак, шайтан кыйкырып качат “Оох! Ооруйт экен.” Эгерде Кудайдын сөзүнө ишенсек шайтандык бардык кол салууларынын мизин майтара алабыз.
Сен ушундай руханий жашоо менен жашап мындай деп айтышың керек, “Менин денем алсыз, бирок мен куткарылуу алган адаммын. Мен Кудай айткан сөздөрдү карманып жашайм.” Эгерде бизде ушундай ишеним болсо, качан шайтан биз ишенимдүү кызмат кылып жатканда бизди азгырууга аракет кылганда, биз чындыктын кылычы менен шайтанды кубалап таштай алабыз. Эгерде биз өзүбүздүн сөзүбүз менен эле шайтанга каршы чыксак, шайтан дың этип да койбойт. Ошондуктан биз, “Кудай ушундай деп айткан” деген сөздөр менен күрөшүшүбүз керек.
Эгерде Ыйык Рухка толуп жашоону кааласак, жыйын, бардык ыйыктар жана Кудайдын кызматчылары жакшы кабар таратууга өзүлөрүн арнашсын деп сыйынуубуз керек. Ушундай сыйынуу менен сыйынсак жана айтсак, “Мен жакшы кабардын сырларын эр жүрөктүүлүк менен көрсөтөйүн,” анда жакшы кабарга кызмат кылып жатабыз. Бул Ыйык Рухка толуп жашоо. Ыйык Рухка толуп жашоо ар бир ыйык үчүн маанилүү. Эгерде биз чын эле ыйыктар болсок, анда Ыйык Рухка толуп жашашыбыз керек. Мындай жашоо бардык ыйыктар үчүн күнөөлөрдөн кечирим алуу кандай зарыл болсо ошого эле барабар зарыл. Бул Кудайдын буйругу.
Күнөөлөрүнөн куткарылып бирок, ишенимдүү жашоодо кантип жашоону билбегендер, Ыйык Рухка толуп жашоолору керек. Кудайдын каалоосу ушул. Ыйыктар Кудайдын эрки болгон, Ыйык Рухка толуп жашоолору керек. Ыйык Рухка толуп жашоо, ыйыктарга жакшы кабар таратууга түрткү берет. Алар жакшы кабар таратууну, сыйынууну, Кудайдын сөзүнө ишенип, карманууну сүйүшөт. Биз куткарылуу туулгасын кийип, адилеттүүлүктү соот кылып кийип жана, “Мен ар дайым адилеттүүмүн” деп айтуу менен шайтанды кубалайлы.
Ыйыктардын ичинде Ыйык Рух жашагандыктан, алар Рухта жүрүп жана Ыйык Рухтун күчүн ала алышат. Алар ишеним менен сыйынуу аркылуу алган Кудайдын батасы аркылуу Анын ишин кылып жатышат. Алар шайтанды жеңип Кудайдын алдына келгенге чейин Рухта жүрүүлөрү керек. Кудайдын курал жарагын ала ала турган адамдар бул Ыйык Рухка толгон жана жогорудан төрөлгөн машайакчылар.
“анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз” (Эфес 6:12). Жогорудан төрөлгөндөрдүн күрөшү дене жана канга каршы күрөш эмес. Биздин күрөш, руханий күрөш жана биз жамандыкка жана бизди ишенимизден тайыткан жана жакшы кабарга кызмат кылбай бизди азгыргандарга каршы.
Качан биз Теңирдин жакшы кабары үчүн күрөшкө чыкканда, биз Рухтун курал жарактарын жана туулгасын алуубуз зарыл. Эгерде согуш убагында биз кадимки кийимди кийсек, анда биз жаракат алабыз. Ошондуктан, биз курал жарак алышыбыз керек. Бизге кылыч, калкан жана туулга керек. Согушта жеңиш үчүн, биз жакшы даярданышыбыз зарыл. Биз сооту кийип, белибизди курчап жана эки бутубузга тең бут кийим кийишибиз керек. Анан, кылыч менен же кол менен душманды жеңүү керек. Бул Рухка толгон жашоо.
Биз керемет жакшы кабарды карманышыбыз керек
Пабыл айткан, “Сага ишенип тапшырылганды ичибизде жашаган Ыйык Рухтун жардамы менен сакта” (2 Tиметей 1:14). Жакшы гарантия кайсыл? Бул бизди күнөөбүздөн куткарган суу жана Рух жакшы кабары. Тит 3:5 аятта жазылган, “Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды.” Теңир биз бул дүйнөдө кетирген күнөөлөрдүн бардыгын жууду, айкаш жыгачта өлдү жана тирилди. Биз керемет жакшы кабарды кармашыбыз керек. Биз куткаруу туулгасын кийип жана адилет соотун тагып белибизди чындык менен курчайлы. Келгиле суу жана Рух жакшы кабарына ишенели.
Ушундайча куралдангандан кийин, шайтанга каршы күрөшөлү. Ошондо биз жеңишке жетип жана башкалар менен дагы бөлүшө алабыз. Биз шайтанга каршы руханий согуш менен согушуп, биздин мурасыбыз болгон Теңирдин Падышачылыгы келгенче көп жеңишке жетишсек болот. Качалык душманыбызды көбүрөөк жеңсек, кийинки күрөш ошончолук жеңил болот. Бардыгыбыз Анын Падышачылыгы гүлдөп жана өссүн деп сыйынууга милдеттүүбүз. Ошондо Ыйык Рухка толгон жашоодо жашай алабыз.
Биз күнөөбүздүн кечирилгендигине гана ыраазы болбостон, Ыйык Рухка толгон жашоодо жашашыбыз зарыл. Биз Кудайдын сөзүнө ишенип, жакшы кабар таратып жакшы иштерди кылалы. Ыйык Рухтун жетегинде Кудайдын сөзүн аткарып жана ага ишенип жашасак шайтан менен болгон күрөштө жеңилип талкаланууга учурабайбыз.
Сен мени түшүндүңбү? Ошондо гана Ыйык Рухка толуп жашай алабыз. Мен сен дагы суу жана Рух жакшы кабарына кызмат кылып, Кудайдын сөзүнө көз каранды болуп жашайт деп үмүттөнөм. Келгиле бардыгыбыз шайтандан жандарды куткаруу ишин кылалы. Теңир келгенге чейин Ыйык Рухка толуп жашасак болот. Ыйык Рухка толуу бул Кудай бизге берген экинчи осуят. Ага ырахмат айткыла. Жүрөгүбүздөгү күнөөлөр кечирилиши үчүн Ыйык Рухту алалы. Эгерде ичибизде Ыйык Рух жашабаса, анда Ыйык Рухка толгон жашоодо жашай албайбыз. Кудай бизди Ыйык Рухка толтуруп жашатып жаткандыгы үчүн ага ырахмат айтамын.
Ыйык Рухту ала алаарыңа ишенесиңби? Күнөөлөрдөн кечирим алгандарда Ыйык Рух бар. Ал эми күнөөлөрүнөн кечирим ала электерде Ыйык Рух жок. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенбеген адамдарда Ыйык Рух жок. Дүйнөдөгү Ыйык Руху жок адамдардын бардыгы тозокко ыргытылышат.
Жүрөгүбүздө күнөө жок болсо, ичибизде Ыйык Рух жашайт. Ыйык Рух жүрөгүбүздө жашаса, Ыйык Рухка толуп жашай алабыз. Ыйык Рухка ээ болгон биз, Рухтун эркин аткарып, Ыйык Рухка толуп жашашыбыз керек. Канчалык Рухтун эркин көп аткарсак, анда форма кийген жоокер сыяктанып ишенимибиз ошончолук көп күчкө толот. Эгерде биз Рухка баш ийбесек, анда соот кийимибизди чечип таштаганга барабар.
Келгиле Ыйык Рухтун сөздөрү аркылуу өсөлү жана ишенимдин адамдары бололу. Качан биз Ыйык Рухту уксак, ишенимибиз өсөт, себеби Кудай айтат “Демек, ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз – Кудайдын сөзү” (Рим 10:17). Ошондуктан шайтан бизге кол салса дагы, бул сөздөргө ишенүү аркылуу биз коопсузбуз. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу ишеним калканын алып алган адамга шайтан кол сала албайт. Ишенимдүү адамдар өз ишенимдери менен шайтандын кол салуусунун мизин майтара алат.
Келгиле ишеним менен Ыйык Рухка толуп жашайлы. Ыйык Рухка толуп жашоо деген бул, суу жана Рух жакшы кабарын дүйнөгө таратып жашоо. Ыйык Рухка толгон жашоо ушул.