• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-13] Ыйык Рухтун Иштери жана Белектери (Жакан 16:5-11)

2021.05.01 170
Ыйык Рухтун Иштери жана Белектери(Жакан 16:5-11)
“Азыр болсо Мен Мени Жибергенге бара жатам. Бирок эч кимиңер Менден: ‘Кайда бара жатасың?’ – деп сураган жоксуңар. Айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөр кайгыга толду. Бирок силерге чындыкты айтып коёюн, Менин кеткеним силер үчүн жакшы! Эгерде кетпесем, силерге Сооротуучу келбейт. Эгерде кетсем, Аны силерге жиберем. Ал келип, бул дүйнөнүн күнөөсүн ашкере кылат, адилдик жана келечектеги сот жөнүндө билдирет. Бул дүйнөнүн күнөөсү – Мага ишенбегендиги. Адилдик – Менин Атама бараткандыгым. Мындан ары силер Мени көрбөйсүңөр. Ал эми сот – бул дүйнөнүн төрөсү шайтандын соттолгондугу.”
 

Ыйык Рухтун иштери кайсылар?
Ал дүйнөнүң күнөөсүн ашкере кылат,адилеттүүлүгүн аныктайт жана соттойт.
 
Башталыш 1:2 аятта жазылган, “Жер болсо көрксүз, ээн болчу, түпсүз туңгуюкту караңгылык каптап турчу. Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүрчү.” Бул аяттан биз Ыйык Рух баш аламандыкка толгон жүрөктө эмес, керемет жакшы кабарга ишенген адамдардын жүрөктөрүндө жашай тургандыгын билебиз. Бирок, көптөгөн адамдар баш аламандыкка кабылышып фанат ишенимдерине кирип алышып жүрөгүндө күнөө болсо деле Ыйык Рухту алууну каалашат.
Экстаз абалында алган рух бул Ыйык Рух эмес. Фанат болуп ишенген мыйзамсыз ишенүүчүлөр аркылуу шайтан иштейт, жана фанат адамдар бат эле алардын бийлигине, таасирине кирип алданып калышат. Бирок Ыйык Рух бул акылдуу Инсан, Анда эмоция бар жана эрк бар. Ал Кудай Ата жана Ыйса Машайак Уул менен чоогу дүйнөнү жараткан. Азыр Ыйык Рух бул дүйнөдө кандай иш кылгандыгын карайбыз.
 
 

Ыйык Рух дүйнөнүн күнөөлөрүн айыптайт

 
Ыйык Рух кыла турган эң биринчи иш кайсыл? Ал дүйнөнү күнөөлөрү үчүн айыптайт. Айыптоого кабылган адамдар бул Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү менен Анын айкаш жыгачта төккөн канына ишенбей койгондор. Ал бардык күнөөкөрлөрдү жана суу жана Рух жакшы кабарына ишенбегендерди айыптайт.
 
 

Ал дүйнөнү Кудайдын адилеттиги менен соттойт

 
Ыйык Рух аткара турган экинчи иш кайсы? Ал Кудайдын адилеттигин жана Ыйсанын күнөөкөрлөрдү куткаргандыгын күбөлөндүрөт. Жакан 16:10 айтат, “Адилдик – Менин Атама бараткандыгым. Мындан ары силер Мени көрбөйсүңөр.” Биз Ыйык Жазуу боюнча Кудайдын адилеттиги эмне экендигин билишибиз керек. Мунун мааниси Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү менен бүткүл дүйнөнүн күнөөсүн алгандыгы жана ага ишенгендердин Кудайдын ырайымы аркылуу адилеттүү болуп калгандыгы. Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп анан айкаш жыгачка кадалып кан төккөн жана тирилип бардык күнөөкөрлөрдүн Куткаруучусу болуп калган. Бул Кудай бизге берген керемет жакшы кабар. Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү менен жана айкаш жыгачта төккөн канны менен дүйнөнүн күнөөсүн Өзүнө алып биздин өмүрүбүздүн Кожоюну болуп калган.
Ыйык Рух Ыйсанын Жакан алган чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенген адамдарга жардам берет, Ал аларга күнөөлөрүнөн кечирим алууга жардам берет. Сен Үч Бирдиктүү Кудайдын иштери жеткилең экендигин билишиң керек. Ыйык Рух жакшы кабар үчүн иштеп, адамдарды Кудайдын сүйүүсүнө ишендирет. Ал дагы суу жана Рух жакшы кабарынын чындык экендигине гарантия берет.
 
 

Ал дүйнөнү сотто айыптайт

 
Ыйык Рухтун үчүнчү тапшырмасы кандай? Ал шайтандын ишин талкалайт. Шайтан адамдардын кулагына шыбырап мындай дейт, “Сен Ыйсага ишене бер, бирок машайакчылык жер жүзүндөгү диндердин бири экендигин билип кой.” Шайтан адамдар Ыйсага ишенишсе дагы, ал адамдардын суу жана Рух жакшы кабарына ишенип күнөөлөрүнөн кечирим алуусуна тоскоол кылат. Себеби шайтан машайакчылыкты кадимки эле дин катары көрсөтүүнү каалайт, көптөгөн адамдар Ыйсага ишенүү бул жакшы киши болу деген калпына алданышат. Бирок Ыйсага ишенүүнү максаты бул адилеттүү адам болуу.
Сенде жалган ишеним болбошу керек. Ыйсага канчалык ишенсең дагы жалган ишеним сени ыйыктай албайт. Эгерде сенде жалган ишеним бар болсо сен Ыйсаны так биле албайсың жана көрө албайсың. Суу жана Рух керемет жакшы кабарына ишенип калгандардын куткарылуусуна Ыйык Рух гарантия болуп бере алат. Жүрөгүндө күнөөсү барлардын ишеними пайдасыз. 
Ыйык Рух керемет жакшы кабардын чындыгын күбөлөндүрөт. Ыйса бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетүү үчүн чөмүлүү алган жана биздин күнөөлөр үчүн төлөп айкаш жыгачка кадалган. Ыйык Рух ушул чындыкты күбөлөндүрөт. Ыйык Рух дүйнөдөгү бардык адамдарга чыныгы жакшы кабарга ишенип күнөөлөрдөн тазалангыла деп кеңеш берет. Бирок, Ыйык Рух жүрөгүндө керемет жакшы кабар жокторду соттойт жана айыптайт биз ушуну эсибизге тутуп коюшубуз керек. 
 

Бардыгы баталуу ишенимге ээ болуулары керек
 
Баталуу ишеним деген эмне? Бул бизди Ыйык Рухту алууга жетелей турган ишеним. Бирок, биз бул дүйнөдө көптөгөн көп жылдан бери Ыйсага ишенип жүрсө да машайакчылардын жүрөктөрүндө күнөө бар экендигин көрөбүз. Алар канчалык Ыйсага көп ишенген сайын алардын жүрөгүндөгү күнөөсү көбөйө берет. Алардын Ыйык Рухту алуусуна болуп жаткан эң чоң тоскоолдук бул, алардын тилде сүйлөө менен аяндарды көрүү Ыйык Рухту алгандыктын далили деп ойлогондору. Алар күнөөлөрү үчүн Кудайдын сотуна кабыла тургандыгын билишпейт.
Бул дүйнөдөгү көп адамдар Ыйык Рух менен шайтандын иштерин айырмалап биле алышпайт. Шайтандын иштери адамдарга жалган ишенимдерди берип аларды талкаланууга жетелейт. Кудайга каршы чыгуу менен шайтан ушуга жетишүүнү каалайт. Шайтан адамдарды куру ишенимге жетелеп жана өзүнүн кулу кылат. Шайтан алардын ичине жышаан кереметтерди көрүүгө болгон каалоону салып коёт аларга керемет жакшы кабаргы ишенип Ыйык Рухту алуудан дагы ошол нерселер баалуу болуп калат.
Ыйык Рух Сөз аркылуу бул дүйнөнү көрсөтөт. Ыйык Рух аркылуу алар Кудай адамды жаратканын жана Кудай аларды сүйөөрүн жана Кудай аларды куткарууну каалай тургандыгын көрсөтөт. Анын күнөөкөрлөр үчүн болгон планы адамдарды суу жана Рух жакшы кабары аркылуу аларды куткарып жана Анын сүйүүсүндө ишеним менен жашоого чакыруу.
1 Петир 3:21 айтат, “Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат.” Дагы, 1 Петир 1:23 айтат, “Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр.”
Ыйык Рухтун иши адамдын күнөөгө көзүн ачат, адилеттикти жана боло турган сотту көрсөтүү менен аларды чындыкка ишендирет. Ыйык Рух алар Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу куткарылып калуулары үчүн Кудайдын соту тууралуу билүүлөрүн каалайт. Ыйык Рух эгерде алар суу жана Рух жакшы кабарына ишенсе Ал келип алардын ичине жашай тургандыгын үйрөтөт.
Азыр биз Ыйык Рухтун иштерин карап чыктык. Дүйнөдөгү бардык адамдар качан гана алар суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим алып жана Ыйык Рух менен Кудайдын сүйүүсүнө ээ боло алышат.
 

Ыйык Рухтун инсандыгы
 
Ыйык Рух бул Кудуреттүү Кудай. Анын инсандыгында акыл, сезим жана эрк бар. Ыйык Рухта акыл бар болгондуктан, Ал Кудайдын тереңдигин жана адамдын жүрөгүн биле алат (1 Корунтуктар 2:10). 
Ыйык Рухта сезим бар болгондуктан, Ал Кудайдын сөзүнө ишенгендерге ыраазы болот, бирок ишенбегендерди көрүп үшкүрөт. Дагы, адилеттүү Ыйык Рух аркылуу Кудайдын сүйүүсүн сезе алат.
Ыйык рух “Сооротуучу” деп аталат. Мунун мааниси Ыйык Рух адилеттүүлөр кыйынчылыктан өтүп жатканда жардам берет, жана аларга душмандары менен күрөшүүдө жеңиш берет. Анда адамдыкы сыяктуу эле акыл, сезим жана эрк бар, Ал суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендердин ичинде жашайт.
 

Ыйык Рухтун иштери төмөндөгүдөй
 
Ыйык Рух адамдардын чындыкты билип калуусун жана ичинде жашоону каалайт. Анын иши Ыйсанын адамдардын күнөөсүн Өз чөмүлүүсү жана каны аркылуу алып кеткендигин жөнүндөгү чындыкты күбөлөндүрүү (1 Жакан 5:6-8). Ал Өзүнүн кызматчыларын жана ыйыктарды кыйынчылык келгенде кайра турууга күч берип жана сооротот. Алар эмне үчүн сыйынаарын билбей турушканда Ал Өзү арачылык кылып сыйынат (Рим 8:26). Ал Кудайдын жыйынындагы адилеттүүлөргө тынчтык берип Сөздүн молдугуна жетелейт (Забур 22).
 

Ыйык Рухтун иши Ыйык Жазууга байланыштуу
 
Ыйык Рух адилеттүүлөрдү чындыкка ишенүүгө жана аны башкаларга айтууга жетектейт. “Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу” (2 Тиметей 3:16).
“Теңирдин китебинен издеп таап окугула. Алардын бири да болбой койбойт, бири экинчиси менен алмаштырылбайт, анткени Теңир Өз оозу менен буйрук кылган, аларды Анын Руху Өзү чогултат” (Ышайа 34:16).
“Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.” (2 Петир 1:20-21).
Ыйык Жазуу Кудайдын кызматчыларын биз окушубуз үчүн китеп жазууга шыктандырган. Ал элдерге суу жана Рух жакшы кабарын тааныштырат жана аны дүйнөгө таратууга жетектейт. Ошондуктан адилеттүү адамдар ар кандай сыноолор аркылуу азап тартышат, адилеттүүлөр аларды Ыйык Рухтун күчү менен жеңишет.
 

Ыйык Рухтун белектери жана жемиштери
 
Ыйык Рухтун белектери деген жакшы кабарды таратыш үчүн Кудайдын ыйыктарга берген жөндөмдүүлүктөрү. Ыйыктар ошондуктан Кудай берген жөндөмдүүлүктөр аркылуу өздөрүн Кудайдын ишине арнашат, жана Ыйык Рух аларга Кудайды даңктаганга жардам берет. “Бирок Рухтун жөндөмдүүлүгү жалпынын пайдасы үчүн ар бирине берилет” (1 Корунтуктар 12:7).
Ыйык Рухтун белектеринин максаты ыйыктарды керектүү шаймандар менен камсыз кылуу жана алага жарышта жеңгенге жардам берүү (Эфес 4:11-12). Ыйык Рух Кудайдын кызматчыларына жакшы кабар таратканга жардам берет. Кудайдын жыйыны Ыйса Машайакта ыйыкталган Кудайдын жамааты (1 Корунтуктар 1:2). 
Ыйса Машайак жыйындын башчысы болгондуктан Ыйык Рухту алган ар бир машайакчы өзүнө берилген жоопкерчиликтер боюнча иш кылышы керек. Ал Кудай берген жакшы кабардын даңкын чыгаруу үчүн ушул нерселерди жасайт. Ал айтат, “Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла” (1 Корунтуктар 10:31).
 

Рухтун ар түрдүү белектери 
 
Ыйык Рухтун 12 түрдүү белеги бар. Ыйык Жазуудан биз жөндөмдүүлүктөр ар бир адамга ар түрдүү келе тургандыгын көрөбүз. Жөндөмдүүлүктөрдүн тизмеси Римдиктер 12:6-8, 1 Корунтуктар 12:8-10, жана Эфестиктер 4:11 аяттарда берилген. Төмөкү руханий белектер 1 Корунтуктар 12 бөлүмдө берилген.

1) Билүү сөзү: Бул бизге суу жана Рух жакыш кабарын түшүнүүгө жана керемет жакшы кабарды таратууга шыктандырат. 
2) Акылмандуулук сөзү: Бул адилеттүүлөрдүн жашоосунда келе турган көптөгөн көйгөйлөрдү Кудайдын жазылган сөзү аркылуу чече алуучу жөндөмдүүлүк.
3) Ишеним: Ыйык Рух ыйыктарга адамдардын жанын шайтандан жана күнөөлөрдөн куткаруу кереметин аткаруу үчүн бекем ишеним берет. Адилеттүү адам күнөөсүнөн кечирим алып жана ишенимдин күчү менен руханий баш аламандыктардан айыктырат. 
4) Айыгуулар: Ыйык Рух адилеттүүлөрдү Кудайдын Сөзү жана ишеним аркылуу айыктыруу жөндөмдүүлүгүн берет.
5) Керемет кылуу: Бул белек ыйыктарга Кудайдын сөзүнө ишенүү аркылуу кереметтерди кылуу жөндөмдүүлүгүн берет. Керемет деген ишеним аркылуу табигый мыйзамдардан жана адамдын түшүнүгүнөн жогору турган асмандан болгон нерсе. 
6) Пайгамбарчылык: Жалгыз гана Кудайдын сөзүнө ишенгендер жана баш ийгендер гана жазуу боюнча пайгамбарчылык кыла алышат. Айткан сөздөрү Ыйык Жазуунун негизинде болбогон адамдар туура пайгамбарчылык кыла алышпайт. Ичинде Ыйык Рух жашаган Кудайдын кызматчылары, Кудайдын сөзүн таратып жана Кудайдын денеси болгон жыйын аркылуу адамдарды бекемдеп жана шыктандырат. Бул жөндөмдүлүүктү Ыйык Рух Кудайдын кызматчыларына жана ыйыктарга берет. 
7) Рухтарды айырмалап билүү: Бул бирөөнүн күнөөсүнүн кечирилгендигин аныкташ үчүн берилген жөндөмдүүлүк. Бизде бул белек жок болсо шайтанга азгырылып адашууга кирип кетишибиз мүмкүн. Себеби дүйнө шайтандын бийлигинин алдында, биз бул белекке Кудай бизге, сыноолорду, кыйынчылыктарды, бул дүйнөдөгү бузуктуктарды жеңүү үчүн берген суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу ала алабыз. Адилет адам бул белекти чыныгы жакшы кабарга ишенүү аркылуу ала алат. Ал адам кимдин жүрөгүндө күнөө бар болсо ошону айта алат.
8) Тилдерде сүйлөө: Ыйык Жазуу бизге тилдерде сүйлөө жөнүндө айтат: “Бирок Жыйында ар кандай тилдерде көп сөз айткыча, башкалар насаат алышы үчүн, акылым менен беш сөз айтканым жакшы” (1 Корунтуктар 14:19). Ыйыктар тилдерде сүйлөп бирок аны түшүнбөгөндөн көрө, Кудайдын сөзүнүн чындыгын угуу алда канча маанилүү экендигин билиши керек. Ошондуктан анын тилдерде сүйлөөдөн алыс болгону жакшы.
9) Башка тилдерди чечмелөө: Бул белек биринчи жыйындын убагында жакшы кабарды таратуу үчүн берилген. Азыркы убакта Ыйык Рух жакшы кабарды ар кандай тилдерге которуу аркылуу таратат. Башка тилдердин бардыгын билген адамга котормочунун керекги жок. Бирок, качан бизде тилдер боюнча түшүнбөстүк болгондо, Кудай Өзүнүн ишин котормочулар аркылуу кылат. Кудай баш аламандык же экстаз аркылуу иштебейт. Ыйык Рух керемет жакшы кабарды ар кайсы тилдерге которуу аркылуу иштейт.
 

Ыйык Рухтун жемиштери деген эмне?
 
Ыйык Рухтун жемиштери боюнча Ыйык Жазуу мындай деп айтат, “Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок” (Галатыктар 5:22-23).

1) Сүйүү: Адил адам үчүн сүйүү бул суу жана Рух жакшы кабарын таратуу аркылуу бардык күнөөкөрлөрдү күнөөлөрүнөн куткаруу. Адилеттүү адам Ыйсанын сүйүүсү болгон керемет жакшы кабарга ээ болгондуктан, алар чыныгы сүйүү жакшы кабарын таратып жана башкаларды чындап сүйөт.
2) Кубаныч: Бул адам жогорудан төрөлгөндө чын жүрөктөн чыккан кубаныч. Бардык күнөөлөрүнөн куткарылган адил адамдын жүрөгүндө кубаныч бар (Филип 4:4). Себеби адилеттүү адамдын жүрөгүндө башкалар менен бөлүшүүчү кубаныч бар болот.
3) Тынчтык: Бул суу жана Рух жакшы кабарына ишенип калган адилеттүү адам үчүн болгон сооротуу. Ыйык Рух адамга тынчтыктын жакшы кабарын тараттырат. Тынчтыктын жакшы кабарын угуп калган адамдар башкаларга күнөөнү жеңүүгө жардам берет жана куткарылууну алууга жетелейт. Кудай менен адамзаттын ортосунда тынчтык түзгөн адил адамдар Кудайдын уулдары деп аталышат (Maтай 5:9) алар башкаларды күнөөлөрүнөн кечирим алууга жетелешет (Накыл сөздөр 12:20). Ыйык Рух адилеттүүлөргө адил жашоо менен жашоого жардам берет жана жакшы кабарды таратуу менен башкаларга тынчтык батасын берет. 
4) Чыдамдуулук: Чыдамдуулук күнөөлөрүнөн куткарылып чыныгы жакшы кабарга ишенген адилетүүлөрдүн жүрөктөрүндө болот. Биз бул жемишти Ыйык Рух менен көп убакытка чейин баарлашуу аркылуу ала алабыз. Чыдамдуулук адилетүүлөрдүн жүрөктөрүндө жашайт.
5) Ак көңүлдүк: Биз күнөөгө толуп жашап жүргөнүбүздө, Кудай бизге ырайым кылган жана күнөөлөрүбүздң Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу куткарган. Ыйса Ага ишенгенибиз үчүн бизге ырайым көрсөтүп күнөөбүздү кечиргендиги үчүн биз дагы башкаларга ырайым кылышыбыз керек. Адилеттүүлөрдө ак көңүлдүк жана жакшы кабардын жемиштери бар.
6) Боорукердик: Боорукердик бул “жакшы сапат.” Адилеттүү адамдардын жүрөгүндө боорукердик жана ишеним бар. 
7) Ишенимдүүлүк: Ишенимдүүлүк качан жүрөгүңө Кудайга болгон ишенимдин бар болуусу. Ишенимдүүлүк ыйыктар Ыйсага ишенимдүү болуп жашаса келет. 
8) Момундук: Бул башкалады түшүнүү жана алардын жүрөк менен жылуу кабыл алуу. Адилеттүү адамдын жүрөгү душмандарын сүйөт жана алардын куткарылышы үчүн сыйынат.
9) Өзүн өзү тыюу: Өзүн өзү тыюу бул өзүн кармана билүү, жаман жашоодон качып өзүн башкарып жашоо.
 

Ыйык Рухка толуу
 
Ыйык Рухка толгондун натыйжасы эмне? Бул батаны алгандан кийин ыйыктар Ыйсанын шакирти болуп жашай алышат, Кудайдын жыйынына кошулат. Ыйык Рух адилетүү адамды адилеттиктин куралы кылат жана алар өзүлөрүн Машайактын эркин аткарууга арнашат. Адилетүү адамдын эркин Теңирдин эрки башкарат, алар колундагыларын, таланттарын Теңирге арнайт. Ыйык рух адилеттүү адамды күнөөнү жеңип, жеңиш, кубаныч ишеним менен жашаганга жетелейт, алар руханий жакырчылыкта, жеңилүүдө жашашпайт (Рим 7).
“Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Теңир мындай дейт: “Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын” (Эл иш 1:8). Ыйык Рухтун толуктугу адилеттүү адамды жакшы кабар таратууга түртөт. 
Теңир ичинде Ыйык Рух жашагандарга күчтүү ишеним берген. Ыйсанын керемет жакшы кабарына ишенгендерге Кудайдын балдары болуу жана күнөөлөрүнөн кечирим алуу укугун берген (Жакан 1:12). Кудайдын балдары болуп калган адилеттүүлөр бул дүйнөгө жакшы кабарды таратышат. 
Күнөөлөрдөн кечирим берүүчү жакшы кабар аркылуу адилеттүүлөр шайтанды жеңе алышат. Аларда руханий ооруларды айыктыруучу (Maрк 16:18), шайтандын күчтөрүн (Лука 10:19), Асман Падышалыгына кирүүгө бийлик бар (Аян 22:14). Кудайдын сөзүнө ишенүү аркылуу адилеттүүлөр падышалардыкындай бийлик менен жашашат (2 Корунтуктар 6:17-18).
Ыйык Рух адилеттүүлөргө бул дүйнөнүн кумарларын жеңгенге жардам берет. Ал бизге чыныгы жакшы кабарды таратууга жардам берет (Галаттыктар 5:6).
Ыйык Рух адилеттүүлөргө керемет жакшы кабарды окутуп жана ишендирип башкаларга окутууга шыктандырат (1 Tиметей 4:13).
Ыйык Рух адилеттүүлөрдү Кудайдын жамааты караты күн сайын чогултат (Эврейлер 10:25). 
Ыйык Рух адилеттүүлөрдүн жүрөктөрүн чындыкка жана жарыкка толтуруу үчүн күнөөлөрүн моюндарына алдырат (1 Жакан 1:9) (Эфестиктер 5:13).
Ыйык Рух адилеттүүлөрдү туура жол менен жетелейт (Забур 22).
Ыйык Рух адилеттүүлөргө Анын белектерин өчүрбөгүлө деп айтат (1 Tесалоникалыктар 5:19).
Ыйык Рух керемет жакшы кабар аркылуу улуу иштерди кылат (Maрк 16:17-18).
Ыйык Рух адилеттүүлөрдү Теңирдин шакирттери сыяктуу Кудайдын жыйынына кошулуп жашаганга жетелейт. Ал адилеттүүлөрдү Рухка толуп жакшы кабарды таратып жашоого жетелейт. Бул керемет жакшы кабар аркылуу Ыйык Рухтун кылган иши (1 Петир 2:9).
Азыр дагы Ал ыйыктардын жүрөктөрүндө иштеп жатат. Аллилуйя!