• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-14] Ыйык Рухту Кабыл Алууга Себеп Болгон Чыныгы Тобо Кылуу Кандай? (Эл иш 2:38)

Ыйык Рухту Кабыл Алууга Себеп Болгон Чыныгы Тобо Кылуу Кандай?(Эл иш 2:38)
“Петир аларга: ‘Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат.’”
 

Ыйык Рухту алуу үчүн кандай тобо кылуу керек?
Суу жана Рух жакшы кабарына кайрылып Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү керек.
 
Ыйык Жазуу Элчилердин иштеринде Петирдин сөзү элдерге терең жетип алар өз күнөөлөрүнөн тобо кылышты дейт. Алардын жүрөктөрү канап Петирге жана башка апостолдорго айтышты, “Биз эмне кылышыбыз керек?” Анда Петир жооп берди, “Петир аларга: Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат.” (Эл иш 2:38). 
Петирдин сөзү керемет суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү Ыйык Рухту алуу үчүн зарыл экенин жана чыныгы тобо кылуу эмне экендигин көрсөтө тургандыгын баяндайт. Биз Ыйык Жазууну терең карап жана суу жана Рух деген керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу күнөөлөрдөн кечирим жана Ыйык Рухту ала тургандыгыбызды билишибиз керек.
Ыйык Рухту алуу үчүн биринчи биз Ыйык Жазуудагы тобо кылууга ишенишибиз керек. Бирок абайлап тобо кылууну өкүнүч менен чаташтырып албоо зарыл. Тобо кылуу деген бул Ыйса Машайакка болгон ишеним. Ыйык Жазуудан биз адамдар өкүнүү аркылуу Теңирди айкаш жыгачка кадагандарын көрөбүз. Петир аларга тобо кылгыла деп айтса дагы алар өкүнүч менен эмне кылабыз деп сурашты. Биз Петир айтып жаткан тобо кылуу күнөө үчүн өкүнүү же аны моюнга алуу эмес экендигин, бирок Ал бизге берген керемет жакшы кабарына ишенип, Ыйсаны жүрөккө Куткаруучу катары кабыл алуу экенин көрөбүз. Чыныгы тобо кылуу ушул.
Ыйса Машайактын сүйүүсү биздин жүрөгүбүздө күнөө үчүн өкүнүч жокто эле келген. Мунун мааниси Ыйса Иордан дарыясынан чөмүлүү алып, айкаш жыгачтта өлгөндө эле биздин күнөөбүздү алган жана кайрадан өлгөндөн тирилген. Ушундай кылуу менен Ал, бизди бардык күнөөбүздөн тазалаган. 
Чыныгы тобо кылуу бул ушул чындыкка ишенүү. Биз күнөөбүз үчүн өкүнүп, алар үчүн кечирим сурап койсок эле күнөөбүз түбөлүккө кетип калат деп ойлойсуңбу? Бул чыныгы тобо кылуу эмес. Чыныгы тобо кылуунун мааниси Ыйсанын чөмүлүүсү жана канына ишенүү аркылуу күнөөлөрдөн тазалануу. Ыйык Жазууда биз тобо кылуу аркылуу күнөөлөрүбүздөн арылышыбыз керек деп жазылган. Ошол сыяктуу эле күнөөлөрүбүздөн толук кечирим алуу үчүн биз Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенишибиз керек.
Петир Ыйсага ишенип калгандарды “Ыйса Машайактын ысымынан” сууга чөмүлдүргөн. Ыйса бардык адамзаттын күнөөсүн Өзүнө алуу үчүн чөмүлгөн. Анын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы өлүмү ишенгендерге Ыйык Рухту берүүчү керемет жакшы кабарынын аткарылышы болгон (Матай 3:15-17). Адам баласы Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу ыйыктала алат. Кыскача айтканда, ким жакшы кабарга ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн тазаланса, ал Ыйык Рухту алды.
 
 

Сыйынуу аркылуу Ыйык Рухту алса болобу?

 
Адамдар канчалык катуу сыйынса дагы күнөөдөн кечирим жана Ыйык Рухту ала алышпайт. Ыйык Рухту алуу үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төгүлгөн каны аркылуу ишке ашкан жакшы кабарга ишенүү зарыл. Кудайдын Ыйык Руху толугу менен жуулган адамга гана берилет.
Жакшы кабарга ишенүү деген бул Ыйса Машайакты Куткаруучу катары кабыл алуу. Эл иштери 2:38 аятта жазылган, “Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат.” Апостол Петир, туура тобо кылуу менен күнөөлөрүнөн кечирим алгандарга гана Ыйык Рух берилет дейт. 
Ыйык Жазуу айтат, “Петир аларга: Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат. Анткени Кудайдын убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана алыстагылардын бардыгына, Кудай-Теңирибиз чакырган ар бир адамга тиешелүү, – деп жооп берди” (Эл иш 2:38-39).
Жүрөгүндө күнөө жок болуп ыйыкталгандар гана Ыйык Рухту ала алышат. Ошондуктан, биз Ыйса Машайак бизге берген жакшы кабарга ишенишибиз керек. Ыйса чөмүлгөндө дүйнөнүн күнөөсүн жууп кеткен деп жарыялаган жакшы кабарга ишенгенден кийин кечирим алып ыйыкталабыз. Ошондо гана биз Ыйык Рухту ала алабыз. Ыйык Рухтун адамдын ичинде жашашы бул Кудайдын эрки. “Кудайдын каалоосу – силердин ыйыкталышыңар” (1 Тесалоникалыктар 4:3). 
Кечирим адамдардын иш аракетинин, курмандыгынын же жакшы болгонунун негизинде берилбейт, бирок ал Үч бирдиктүү Кудай Жакан Чөмүлдүрүүчү аркылуу аткарган керемет жакшы кабар аркылуу берилет. Ыйык Үч Бирдик Кудай, керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу кечирим алгандарга Ыйык Рухту берет.
Элүүнчү күнү Петир айткан сөздөрдү угуп көптөгөн элдердин жүрөктөрү канады. Алар айтышты, “Биз эмне кылышыбыз керек?” (Эл иш 2:37) Бул аркылуу биз алар оюн өзгөртүп Ыйсага Куткаруучу катары ишенип калгандыгын көрөбүз. Алар дагы Петир айткан чыныгы тобо кылууга ишенип куткарылып калышкан. Күнөөдөн болгон кечирим Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенген ар бир адамга берилген. 
Ыйсанын чөмүлүүсүнүн максаты бул дүйнөнүн күнөөлөрүн алуу болгон. Буга ишенгендер Ыйык Рухту алышат. Ыйсанын чөмүлүүсүнө негизделген чындыкка чындыкка ким ишенсе ал Ыйык Рухту алат. “Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү” (Матай 3:16). Элүүнчү күндөгү Ыйык Рухтун келиши апостолдордун кереметтүү жакшы кабарга болгон ишеними менен өзгөчө байланышы бар: Ыйсанын чөмүлүүсү, Анын айкаш жыгачтагы өлүмү жана тирилүүсү.
Элчилердин иштеринде адамдар Ыйсанын ысымынын урматына чөмүлүшкөн жана Ыйык Рухту алышкан. Биз Ыйык Рух Кудайдан болгон өзгөчө белек экендигине ишенишибиз керек. Ыйык Рух белегин алуу үчүн биздин күнөөлөр Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төгүлгөн канга ишенүү аркылуу жуулушу керек. 
Элчилердин иштери боюнча элдер, Петирдин “Бул бузулган муундан сактангыла” (Эл иш 2:40), деген сөзүн угуп чөмүлүү алышкан. Апостолдор биринчи жыйындын убагында Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алгандыгын Ыйык Жазуудан көрөбүз. Ыйык Рухту алууда бул негизги ролду ойнойт. Күнөөдөн кечирим алуу үчүн Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана Анын айкаш жыгачта кан төккөнүнө ишенүү маанилүү.
 
 

Тобо кылуу аркылуу Ыйык Рухту алууга себеп болгон ишеним 

 
Келгиле Эл иштери 3:19 аятты карап көрөлү. “Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла.” Тобо кылууга биз кандай аныктама беребиз? Келгиле бул жөнүндө ойлонуп көрөлү.
Ыйык Жазууда, тобо кылуунун мааниси куткарылуу ишенимине кайрылып келүү. Ошол күндөрү, адамдар өздөрү каалаган иштерди кылып жана Кудай жараткан нерселерге табынып башташкан. Бирок качан Ыйса Машайак аларды суу жана Өзүнүн канны менен күнөөлөрүнөн куткаргандыгын билишкенден кийин ишенип калышкан. Бул Ыйык Жазуунун негизиндеги тобо кылуу. Чыныгы тобо кылуу бул суу жана Рух керемет жакшы кабарына кайрылуу.
Ыйык Рухту алуу үчүн кантип туура тобо кылуу керек? Ал үчүн Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү керек. “Теңирдин катышуусунан жаңылануу келет.” Эгерде адамдар буга ишенсе, алардын күнөөлөрү кечирилет жана Ыйык Рухту алышат. Себеби Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн канны аркылуу бардык күнөөкөрлөрдү ыйыктаган, биз ушул керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу Ыйык Рухту жана куткарылууну алышыбыз зарыл. 
Ыйсага ишенип Ыйык Рухту алуу үчүн, Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүү аркылуу күнөөлөрдү Ыйсага жүктөө керек. Биз Ыйсанын бардык күнөөлөрдү Өзүнө алып жана айкаш жыгачта биздин күнөөлөр үчүн соттолгонуна ишенишибиз керек. Бул бизге Ыйык Рухту алууга жардам берген туура ишеним жана чыныгы тобо кылуу.
Ыйык Рух бардык күнөөлөрүнөн кечирим алган адамдарга келет. Эмне үчүн Кудай куткарылгандарга Ыйык Рухту белекке берет? Себеби Ыйык Рух алардын ичинде жашап, аларды Өз балдары катары мөөрлөгөндү каалайт.
Ыйык Рух бул Кудай. Ата, Уул, жана Ыйык Рух бир Кудай. Алар үч Инсан, бирок Ыйсага ишенгендер үчүн алар бир Кудай. Атанын бизди күнөөлөрдөн куткаруу планы болгон ошондуктан Уул, Ыйса бул дүйнөгө келди, дүйнөнүн күнөөсүн алуу үчүн Жакан аркылуу чөмүлдү, айкаш жыгачта өлдү, үчүнчү күнү тирилди жана асманга көтөрүлүп кетти. Ыйык Рух бизди бул керемет жакшы кабарга ишенүүгө жетелейт жана Ыйсанын чөмүлүүсүн жана айкаш жыгачта төккөн канын күбөлөндүрөт. 
Кудай Ыйык Рух аркылуу куткарылып калгандарды мөөрлөп коёт. Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти деген жакшы кабарга ишенгендерге Теңир Ыйык Рухту берет. Кудай Ыйык Рухту өзүнүн балдары катары мөөрлөп койуу үчүн берди. Ыйык Рух керемет жакшы кабарга ишенгендердин куткарылгандыгына далил катары берилет.
Ыйык Руху бар адамдар Кудайдын балдары. Ичинде Ыйык Рух жашаган адамдар ар дайым жаңыланып турушат. Аларда Кудайдын сөзүнө, Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына болгон бекем ишеним бар. Алар чыныгы бактылуулар. Туура тобо кылгандардын жүрөгүндө жүрөгүндө күнөө жок жана Ыйык Рух алардын ичинде жашайт.
Ыйык Жазуу күнөөлөрдөн кечирим бере алуучу тобо кылуу бар дейт. Сен ушундайча тобо кылдың беле? Эгерде сен тобо кылып туура ишеним менен ишенсеңсен дагы керемет жакшы кабарды ала аласың. Мен сага тобо кылып, Ыйык Рухту ал деп кеңеш берем. Сен тобо кылып Ыйык Рухту алууга себеп боло турган керемет жакшы кабарга ишенүүгө даярсыңбы?