(Жакан 8:31-36)“Ыйса Өзүнө ишенип калган жүйүттөргө мындай деди: ‘Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат.’ Алар Ага: ‘Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, ‘эркин болосуңар дегениң кандай?’ – дешти. Ыйса аларга мындай деп жооп берди: ‘Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган адам – күнөөнүн кулу. Бирок кул үйдө түбөлүккө калбайт, уул калат. Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар.”
Ыйык Рухту алуу үчүн биз эмне кылышыбыз керек?
Биз суу жана Рух керемет жакшы кабарына ишенп жана ишенимде жашашыбыз керек.
Чындык эмне экенин билесиңби? Ыйса айткан, “Мен Чындыкмын” (Жакан 14:6). Ыйсаны таануу бул чындыкты таануу. Кереметтүү жакшы кабарга болгон ишенимиң аркылуу Ыйык Рух сенин ичиңде жашап жатабы? Сен Ыйсанын чөмүлүүсү менен Анын айкаш жыгачта төккөн каны керемет жакшы кабардын аткарылышы экендигин билишиң жана ага ишенишиң зарыл.
Бүгүнкү күндө адамдар ‘кайрадан төрөлүү’ деген сөздү абдан көп колдонушат. “Адамдар кайра төрөлүүсү керек. Саясатчылар кайра төрөлүүлөрү керек. Дин кайра төрөлүшү керек.” Бул сөздү алар ‘жакшыртуу’ деген сөздүн синонимии катары колдонушат. Бирок, кайрадан төрөлүү деген бул дененин жакшырып калуусу эмес. Кайрадан төрөлүү деген бул суу жана Рух керемет жакшы кабарын угуп, ишенип Ыйык Рухту алуу.
Биздин Кайрадан Төрөлүүбүзгө Шарт Түзгөн Чындык Сөзү Кайсыл?
Адам эмне үчүн кайрадан төрөлүшү керек? Адам баласы Ыйык Рухту алып Кудайдын баласы катары кайра төрөлүүгө татыксыз. Биз Ыйсага ишенсе дагы ичинде Ыйык Рух жашабаган көптөгөн адамдарды көрөбүз. Никодим Жүйүттөрдүн башчысы болгон. Никодим, жөнүндө Жакандан болгон жакшы кабар 3-бөлүмдө жазылат, ал Кудай берген мыйзамды аткарууга аракет кылып жашаган Иудаизм жетекчиси болчу. Ал ичинде Ыйык Рухтун жашаган же жашабаганын билбеген адам болгон жана ошондой адамдардын жетекчиси болгон.
Ыйык Рухту алуу үчүн биз суу жана Ыйык Рух керемет жакшы кабарына ишенип жана ишеним менен жашашыбыз керек. Адам качан гана суу жана Рух болгон керемет жакшы кабардын сөздөрүнө ишенгенде гана Ыйык Рухту ала алат. Ыйса айткан, “Мен силерге жердеги нерселер жөнүндө айтсам ишенбейсиңер, анан асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенесиңер?” (Жакан 3:12).
Суу жана Рух керемет жакшы кабары төмөндөгүдөй. Биздин Теңир бул дүйнөдө төрөлгөн, 30 жашында Жакан аркылуу чөмүлгөн, үч жылдан кийин айкаш жыгачта өлгөн, тирилген жана бизди күнөөлөрүбүздөн куткарган. Ыйса Өзүнүн Жакан аркылуу чөмүлгөнүнө жана өлгөндөн кайра тирилгенине ишенген адамдын Куткаруучусу болот. Бул керемет жакшы кабарга ишенген адамга ал күнөөлөрдөн кечиримди жана Ыйык Рухту белекке берди.
Жүрөгүндө күнөөсү бар адамдар Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим алуулары керек. Адам Кудайдын алдында күнөө жасабай коё албайт ошондоуктан ал Ыйсаны Куткаруучу катары кабыл алышы керек. Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн суу жана Рух керемет жакшы кабары менен жууп кетти. Бирдык күнөөкөрлөр суу жана Рух керемет жакшы кабарын угуу аркылуу жана ишенүү аркылуу куткарыла алышат. Бул керемет жакшы кабарга ишенген ар ким Ыйык Рух менен баталанат.
“Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш” (Жакан 3:14). Эски Осуятта, Ысрайыл эли күнөө кетирип, чөлдөн уулу жыландар аларды чаккан, алардын көптөрү өлүшкөн, ал эми шарт боюнча илинген жез жыланды карагандар тирүү калышкан.
Ошол сыяктуу эле, биздин ичибизде Ыйык Рух жашайт. Бул керемет жакшы кабарга ким ишенсе Ыйса ага Ыйык Рухту берет. Шайтан биздин суу жана Рух жакшы кабарын билип калышыбызга тоскоол кылат жана чындыктын Рухун алуубузду каалабайт. Бирок Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны болгон жакшы кабарга ишенсек Кудай бизге кечирим жана Ыйык Рух батасын берет.
Эгерде сен бул керемет жакшы кабарга ишенсең Ыйык Рухту аласың. Бул керемет жакшы кабарды Кудайдын чыныгы жакшы кабары деп тааныйсыңбы? Бул чындык жакшы кабарга ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алаарыңа ишенесиңби?
Теңир бизге күнөөлөрүбүздөн куткара ала турган чындыкты тааныгыла деген. “Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат” (Жакан 8:32). Сен керемет жакшы кабар бизди куткараарына жана бизге Ыйык Рухту бере турганына ишенесиңби? Эгерде сен бул жакшы кабарды кабыл алсаң, анда сен сөзсүз Ыйык Рухту кабыл аласың.