• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-16] Ыйык Рухту Кабыл Алгандардын Бардыгынын Тапшырмасы (Ышайак 61:1-11)

2021.05.01 171
Ыйык Рухту Кабыл Алгандардын Бардыгынын Тапшырмасы(Ышайак 61:1-11)
“Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга толук боштондук жарыя кылууга, Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга, Сиондогу кайгыргандарга күл ордуна жасалга, ый ордуна кубаныч майын, кайгылуу рух ордуна даңктын кийими берилерин жарыя кылууга жиберди. Аларды адилеттүүлүгү менен улуу жана Теңир Өзү даңкталыш үчүн отургузган көчөт деп аташат. Ошондо кылымдар бою жаткан урандыларды кайра курушат, байыркы урандыларды калыбына келтиришет, байыркы уруулардан калган, бүлүнүп-таланган шаарларды кайра курушат. Бөтөн жерликтер келип, силердин малыңарды багат, чет өлкөлүктөрдүн уулдары силердин дыйканыңар, жүзүмчүңөр болот. Силер болсо Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары деп аталасыңар, силерди Кудайыбыздын кызматчылары деп аташат. Силер элдин энчисинен пайдаланасыңар, алардын атак-даңкы менен даңкталасыңар. Маскара болгонуңар үчүн, силерге эки эсе болот. Кордук көргөнүңөр үчүн, энчиңерге сүйүнөсүңөр, анткени өз жериңерде эки эсе аласыңар. Силерде түбөлүк кубаныч болот. Анткени Мен, Теңир, акыйкаттыкты жакшы көрөм, талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту жек көрөм. Аларга чындык боюнча сыйлык берем, алар менен түбөлүк келишим түзөм. Ошондо алардын тукуму элдер арасында белгилүү болот, алардын укум-тукуму уруулардын арасында белгилүү болот. Аларды көргөндөрдүн баары алардын Теңирден бата алган тукум экенин таанып билишет.” Теңир жөнүндө кубанам, Кудайым жөнүндө жаным кубанат. Анткени Ал мага куткаруу чапанын кийгизди, чындыктын кийимин кийинтти. Ал мага күйөөгө таажы кийгизгенсип таажы кийгизди, Ал мени колуктуну жасалгалар менен жасалгалагансып жасалгалады. Анткени жер өзүнүн өсүмдөктөрүн өстүрүп чыгаргандай, бак себилген уруктарды өндүргөндөй, Кудай-Теңир да бардык элдердин алдында акыйкаттык менен даңкты көрсөтөт.”
 

Ыйык Рухту алгандардын тапшырамасы кандай?
Суу жана Рух жакшы кабарын дүйнө жүзүнө жарыялоо.
 
Ыйык Рухту кабыл алган адам эмне кылуусу керек? Ал суу жана Рух жакшы кабарын бардык адамдарга таратышы керек. Кудай Ыйык Рухту алган адамдарга суу жана Рух керемет жакшы кабарын таратууну ишенип тапшырган. Кудайдын алдында кимдин күнөөсү кечирилсе алар Ыйык Рухту ала алышат. Эмне үчүн Кудай Ыйык Рухту аларга берет деп ойлойсуңар?
Ал аларды өзүнүн балдары кылып алгандыгынын гарантиясы катары, Ал аларга Ыйык Рухту берет. Ал аларга шайтанды жеңгенге жардам берүүнү каалайт. Ал күнөөсү кечирилип Ыйык Рухту алгандардын төмөнкүлөрдү кылуусун каалайт: 
 
 

Ал аларга жакырларга жакшы кабар тараттырат

 
Жакырлар үчүн жакшы кабар деген бул эмне? Бул суу жана Рух жакшы кабары. Ыйык Рухту кабыл алгадарга Кудай жакырларга жакшы кабар тараткыла деп буюрган. Ыйык Рухту кабыл алгандардын үмүтү асманда болгондуктан, алар жердеги нерселер менен канаатанышпайт. 
Кудай суу жана Рух жакшы кабарын жакырларга берип алардын күнөөлөрүн кечирген. Анан Ал аларга Ыйык Рухту берип, жана аларды түбөлүктүү дүйнөгө киргизет. Кудай адилеттүүлөргө, жакырларга жакшы кабар таратууну буюрган. Ал дагы аларга Кудайга жана Ыйсага болгон ишенимди тараткыла деген. Кудайдын бизге Ыйык Рухту бергенинин максаты кереметтүү кабарды дүйнөдөгү жакырларга тараткыла деген.
 
 

Ал бизди жүрөгү жаралангандарды айыктырууга жөнөтөт

 
Теңир биздин акылыбызды кантип айыктырат? Ал биздин жараланган жүрөгүбүздү суу жана Рух жакшы кабары менен айыктырат. Жүрөгү жараланган адамдар абдан көп. Алар үчүн жашоонун кызыгы жок жана алардын өздөрүнүн адилеттиги жарабайт. Алар өзүлөрүнүн күнөөлөрүнүн айынан оор жашоодо жашашат. Ошондуктан, алар жашоосунда болгон шектенүүлөрдөн азап чегишет. Бардык адамдар ырайымда жашап денеде жана рухта жетишип жашагылары келет, бирок ууру келип үйүндөгү бардык байлыгын уурдап кеткенде оңой менен ошондой жашоо кыйын. 
Ошол сыяктуу эле, жүрөгүндө күнөөсү барлар ар дайым өзүнүн адилеттигин уурдатат, жана акыры түбү күнөөлөрүнүн айынан тозокко кетишет. Ошондуктан Теңир, жүрөгү жаралангандарга боор ооруйт, жана аларга кереметтүү жакшы кабарды тараткыла деп бизге буйрук берген. Кайсыл сөз менен Теңир аларды айыктырат? Ал суу жана Рух керемет жакшы кабары менен айыктырат. Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырып аларга түбөлүк өмүр берет.
 
 

Ал күнөөнүн туткунунда жүргөндөргө эркиндик жарыялайт

 
Ал туткундарга эркиндик берет. Мунун мааниси кандай? Мунун мааниси Кудай адамдардын жанын бул дүйнөдөгү күнөөдөн куткарды дегенди түшүндүрөт. Ал Ыйык Рухту алгандарга башкаларды күнөөдөн куткаруу тапшырмасын берген.
Адам дене жана жандан турат. Анын денеси жана жаны, мыйзам жана күнөөнүн каргышына байланып жашайт. Ал Кудайга ишенсе да ишенбесе да колунан эч нерсе келбей күнөөнүн туткуну болуп жашайт. Ал күнөө менен төрөлгөн, ал күнөө кылбай коё албайт. Ошондуктан, ал өмүр бою туткун болуп жашайт. Ал өмүр бою ушундай жашоодо жашайт жана аягында талкаланууга барат.
Кудай Ыйык Рухту күнөө кылууну токтото албай жана өлүмгө өкүм болгондорго кереметтүү жакшы кабарды таратсын жана күнөөнүн туткунунан бошонсу деп жиберген. 
 

Ал ыйлагандарды сооротот
 
Кудай ыйлагандарга эмне берген? Кудай аларга кечирим жакшы кабарын берген, Кудай дүйнөдөгү бардык ыйлагандарды сооротот. Ал Ыйса Машайакты адамзаттын күнөөсүн кечирүү үчүн жиберген. Жана дүйнөнүн күнөөсүн Ага жүктөө үчүн Аны Жакан аркылуу чөмүлдүргөн жана Ал айкаш жыгачта өлгөн. Ушундай жол менен Кудай биздин бардык күнөөлөрүбүздү тазалаган. Ушундай кылуу менен Кудай бизди дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарган. 
Биздин Теңир кайгыргандарды суу жана Рух керемет жакшы кабарын билдирүү менен сооротот. Ал ушундайча толук эмес ишенимден азап тарткандарга бата берет. Ыйык Рухту алгандарды Ал жүрөгү жаралангандарды сооротуу үчүн жана күнөөнүн туткунунда жүргөндөрдү бошотуу үчүн жакшы кабары айтууга жетектейт.
Биздин бул жашоону жашап жатканыбыздын себеби Теңирден кечирим алуу жана күнөөнүн туткунунда жүргөндөргө жана сооротууга муктаждарга суу жана Рух жакшы кабарын айтып берип күнөөдөн куткаруу. Кудай биздин жашообуз кыска болсо дагы ал татыктуу дейт. Ошондуктан Кудай күнөөдөн кечирим алуу батасын даярдап койгон. 
Биздин Теңир кайгыргандарга даңктын таажысын берет. Мунун мааниси Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу күнөөдөн куткарылып Асман Падышачылыгына кирет. Эгерде бирөө күнөөсүнөн кечирим алса, анын акыл эси жаңырып жана батага ыраазы болот. Жана биздин Теңир ага даңктын таажысын берет. Ал күнөөкөрлөргө суу жана Рух жакшы кабарын берип, ага ишенгендерди Өз балдары кылып алган. Бул керемет жакшы кабарына ишенгендер кайгы ордуна кубанычка бөлөнүшөт.
Бардык адамдар ый менен төрөлүп ый менен өлгөн сыяктуу эле, кубаныч дагы көз ачып жумганча, көбүнчө алар кайгыга батып жүрүшөт. Бирок, Кудай аларга жолугуп жана аларды кайрадан төрөлтүп үмүткө жана кубанычка бөлөдү. Ошол сыяктуу эле кереметтүү жакшы кабарга ишенгендер жаңы өмүргө жана жаңы ишке ээ болушат. Дагы алар Кудай эмнени кааласа ошону жасай алышат, бул дүйнөдөгү күнөөкөрлөргө суу жана Рух жакшы кабарын айтуу, алардын жүрөгүндөгү кайгыны айдап чыгарып бакытка жана кубанычка бөлөө. 
Кудай кимдин күнөөсүн кечирсе алар Кудайды даңкташат. Ал адилеттүү адамдарга жакшы кабар айтууну буюрган. Ал Өзүнүн ким экендигин, бизге кандай жакшы кабар бергендигин, биз үчүн Асман Падышачылыгы кандай даңктуу экендигин айтууну буюрган. Биз Кудайдын даңкын кечирим алган адамдардан көрсөк болот. Ыйык Рухка толгонго чейин кайгырып жүргөн адамдар азыр бакытка жана кубанычка толгон, күнөөнүн туткунунда жүргөндөр азыр ыраазычылыкта жана эркин, мурун татыксыз жашоодо жашап жүргөндөр азыр адилеттүү жашоодо жашап жүрүшөт. Мунун бары Кудайдын даңкынын чагылышы. Эски урандыларды кайра кургандарды, ээн калган жерлерди тургузгандарды, талкаланган шаарларды оңдогондорду Кудай адилеттүүлөр деп атайт. 
Бул кереметтүү суу жана Рух жакшы кабары биринчи жыйындагы апостолдор аркылуу таратылган. Ыйса бул дүйнөгө эки миңдей жыл мурун жөнөтүлгөн. Кереметтүү жакшы кабар бул дүйнөдө б.з 300 жылдарга чейин таратылган. Бүгүнкү күндө таратылып жаткан адилеттүү жакшы кабар, ошол убактагы апостолдор тараткан жакшы кабар болгон. 4-кылымдын башында Рим империясы Машайакчылыкты мамлекеттик дин катары кабыл алганда жана атуулдарга дин эркиндигин бергенде, Ыйсанын суу жакшы кабары булганып калган жана акырындап жоголуп да кеткен. Машайакчылык мамлекеттик дин болгондон кийин ал өсө баштаган да чыныгы жакшы кабар тараткан адамдар жоголуп кеткен.
Чыныгы машайакчылык жана чыныгы жакшы кабар эмне үчүн өзгөрүп кеткен? Машайакчылык Рим империясынын мамлекеттик дини болуп калгандан кийин, машайакчылар ар кандай тыюулардан бошотулуп римдик атуулдар ырахаттанып колдонгон нерселерди алар да колдонуп башташкан. Машайакчылар римдин атуулдарына үйлөнүүгө укук алышкан жана мамлекеттик кызматка кабыл алына башташкан. Бул артыкчылыктын себебинен, алардын ишеними кадимки динге айланып калган. Ошол убактан баштап суу жана Рух кереметтүү жакшы кабары жоголуп кеткен да дүйнө менен биригип кеткен машайакчылык өсө баштаган. 
Акыркы күндөгү машайакчыларга Кудай урандыга айланган суу жана Рух жакшы кабарына кайтып келүүгө жана аны таратууга жана адамзатты күнөөдөн куткарууга чакырып жатат. Ал апостолдордун убагында жарыяланган суу жана Рух керемет жакшы кабарын кайрадан ойготот. Апостолдордун убагында айтылган жакшы кабар бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн канны деген жакшы кабар болгон. Ал бизди талкаланган шаарды кайра тургузууга чакырып жатат. Ал бизге суу жана Рух жакшы кабарын үйрөтүп, бизди ишендирип жана өзүнүн жүзүмзарын кароочу кылып койду.
Кудай апостолдорго кандай тапшырма берсе бизге дагы ошондой тапшырма берди. Ал сага жана мага ушул суу жана Рух жакшы кабарын тараттырып койду. “Теңирдин Руху менде, анткени Ал мени жакырларга жакшы кабар таратууга дайындады.” Кудай Ыйык Рухту алгандарды жакшы кабар таратууга жана Ыйык Рухту берүүгө чакырды.
Кудай бизге гүлдөн таажы жасап берди, бардык кайгылардан арылтты, жана бизге кубаныч берип даңктуу кийим менен кийинтти. Жүрөгүндө Ыйык Рух жашагандар башкалар кабыл алышы үчүн алардын жүрөктөрүнө үрөн септи. Анан алар дагы Теңир берген жакшы кабарды кабыл алат, кечирим алат, жана Ыйык Рухту кабыл алышат.
Биз Кудайдын кызматчылары болуп калдык. Сен жана Мен Асман Падышалыгынын даңкына бөлөндүк. Бирок, Кудай Ыйык Рухка ээ болбогондорду бул керемет жакшы кабарды билбесин, көрбөсүн, түшүнбөсүн деп сокур кылды. Алар башкаларды Ыйсага жалган жол менен ишендире алат, бирок эч качан Ыйык Рухту бере албайт.
Ыйык Рухка ээ болгондор аркылуу Теңир төмөнкү нерселерди жасаган. Ал алар аркылуу жакырларга жана жүрөгү жаралангандарга суу жана Рух жакшы кабарын тараткан. Ал дагы күнөөнүн туткуну болгондорго куткарылуу болгон чыныгы эркиндикти берип аларды суу жана Рух жакшы кабары менен соороткон. Алсыз болушкандыктан күнөөнүн туткуну болуп жүргөндөрдү ал эркиндикке чыгарды, аларга асмандан келген үмүт жана кубанычты берди.
Анын натыйжасында, биздин ичибизде жашаган Ыйык Рух бизди суу жана Рух жакшы кабарын бардык адамдарга айттырат. Ыйса Машайак бардык кечирим жана Ыйык Рухту алгандарга бардык күнөөкөрлөрдү күнөөлөрүнөн куткаргыла деди. Теңир Ыйык Рухту алгандарга Анын пландарын аткарууга күч берет. Ал бардык адилеттүү адамдарды Өз ишин аткартат. Биз анын кызматчыларыбыз, биз анын жүзүмзарын, Кудайдын жыйынын кароо үчүн коюлганбыз. Биз Анын кызматчыларыбыз. Кудай бизге кереметтүү бата берген. 
Биз денебизди карап өзүбүздүн алсыз экенибизди билебиз, бирок Кудай бизде иштегендиктен, биз Ага ишенип жана ишеним аркылуу Анын кызматчылары болуп калабыз. Биз Кудай биз аркылуу улуу иштерди кылат деп ишенебиз жана биздин үстүбүздөн болгон бийлигин күчөтөт.
Кудай талкаланган шаардагы Өзүнүн ээн калган ак сарайын кайра курууну чечти. Ал ээн калган жерлерди көтөрүүгө, талкаланган шаарларды оңдоого убада берди. Мен дүйнө жүзүндө дагы бир жолу ойгонуу болот деп ишенем! 
Бирок бул менин эрким эмес. Мен ишенем Кудай ушундай болот деп айткан. Биздин Теңир Ыйык Руху бар адамдарды бүткүл дүйнөгө жакшы кабар таратууга чакырды. Ал Өз уулун бул дүйнөгө жиберди жана жакшы кабарды ишке ашырды, жана мен Ал ичинде Ыйык Рух жашагандар аркылуу Өз эркин аткарып жатат деп ишенем. Бул керемет жакшы кабарга ишенген ар ким Кудайдын даңкын көрөт. Аллелуя!