• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-17] Биз Ыйык Рухта Ишенимге жана Үмүткө Ээ Болушубуз Зарыл (Рим 8:16-25)

2021.05.01 219
Биз Ыйык Рухта Ишенимге жана Үмүткө Ээ Болушубуз Зарыл(Рим 8:16-25)
“Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат. Эгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз. Келечектеги даңк. Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм. Анткени жаратылгандын бардыгы Кудайдын балдарынын айкын болуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен. Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз деген үмүтү бар. Анткени жаратылгандын бардыгы ушул убакка чейин чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатканын билебиз. Жаратылгандын бардыгы эле эмес, биз да Рухтун баштапкы жемишине ээ болгонубуз менен, ичибизден онтоп, Кудайдын бала кылып алуусун жана күнөөкөр табиятыбыздан куткарылууну күтүп жатабыз. Анткени биз үмүт менен куткарылдык. Бирок үмүттөнгөн нерсебизди көрүп турсак, үмүтүбүз үмүт болуудан калат. Үмүттөнгөн нерсесин көргөн адам эмнеге үмүттөнмөк эле? Эгерде биз көрүнбөгөн нерсеге үмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтөбүз.”
 
 

Азыр үмүтсүздүк убагы

 
“Эмне үчүн адилеттүү адам Ыйык Рухта үмүткө ээ болот?
Себеби биз жогорудан төрөлгөн машайакчылар жаңы асман жана жаңы жерге ээ болобуз, ал эми жогорудан төрөлбөгөндөр бул дүйнө менен кошо өлүшөт.
 
Азыр дүйнөдө үмүт барбы? Жок, үмүт жок. Үмүт Ыйсада гана. Азыр кооптонуунун жана үмүтсүздүктүн убагы. Бардыгы тездик менен күн сайын өзгөрүп жатат, жана адамдар ошол өзгөрүүлөргө жетишүүгө абдан аракет кылышууда. Аларда руханий чындыкж жок же руханий бакыт жок. Алар ийгиликсиз адам болуп болуп калбайлы деп бул дүйнөнүн кулу болуп жашап жүрүшөт.
Жаңы жумуштар пайда болот да эски жумуштар жок болот. Ошол сыяктуу эле, адамдар дагы өзгөрүлүп жатышат. Ошондуктан алар санаада жана түйшүктө жашашат. Анан акырындап, алардын бул дүйнөгө болгон үмүтү жок болот. Мунун бирден бир себеби, алардын жашоосунда келечек үчүн гарантия жок. Биз ушундай туруксуз жашоодо жашайбыз.
 
 

Биз Ыйык Рухта түбөлүк өмүргө үмүттөнүп жашашыбыз керек

 
Канткенде биз чыныгы үмүткө ээ боло алабыз? Биз аны суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу ала алабыз. Ыйык Рухту алган адамдардын үмүтү жерде эмес, алардын үмүтү асманда. Апостол Пабыл асмандагы чыныгы үмүт жөнүндө айткан. Биз Ыйык Рухту алгандар асмандагы нерселерге үмүттөнөбүз. Биздин андай кылышыбыздын себеби, биз Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны менен биздин күнөөбүздү алып бизди куткарган Ыйса Машайакка ишенебиз. Күнөөлөрдөн кечирим берүүчү жакшы кабарга ишенгендерге Теңир асмандан келген үмүттү берген.
Римдиктер 8:19-21 аяттарда жазылган, “Анткени жаратылгандын бардыгы Кудайдын балдарынын айкын болуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен. Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз деген үмүтү бар.” Бүткүл табият өлүмдүн жана бузуктуктун кишендеринен куткарылабыз деп үмүттөнөт. 
Бул дүйнөдөгү бардык нерселер жеткилеңсиз, ошондуктан алар онтойт жана Кудайдын балдары келет деп үмүттөнүшөт. Алар дагы өлүмдүн жана бузуктуктун кишендеринен куткарылабыз деп үмүттөнүп, түбөлүк жашагылары келет. Бүткүл жаратылыш бардыгы түбөлүк жашап, эч нерсе эч качан чирибей турган күндү күтүп жатат. 
Бир күнү Кудайдын бардык жаратылышы жаңыланат. Бул дүйнөдө күлдөр куурап, чирисе да жаңы дүйнөдө түбөлүккө жашап гүлдөп турат. Ичибизде Ыйык Рух жашагандар биз ошол жаңы дүйнөнү көрөбүз. 
Ыйса Машайак кайра келем жана ичинде Ыйык Рух жашагандарды тирилтем, ар бирине чирибес жана өлбөс жаңы дене жана түбөлүк өмүр берем деп убада кылган. Дагы алар асманда Кудай менен түбөлүк жашайт деген. Бүткүл жаратылыш ошол күндү күтүп жатат. Алар дагы ошол күн келгенде биз менен, Кудайдын уулдары менен түбөлүк жашайт.
 

Дүйнө үмүт аркылуу көрүнөт
 
Адил адам үчүн бул кыял качан ишке ашат? Бул качан Теңир келгенде ишке ашат. Биз качан бул дүйнөнү караганда үмүттөнүшүбүз керек. Ыйса айткан жер жерлерде ачкачылыктар, оорулар, жер титирөөлөр болот деп (Maтай 24:7). Бирок бул акыр заман эмес. Дүйнөнүн акырында Теңир келет, ал бардык дүйнөлүк нерселерди жаңыртат жана бизге өлбөс руханий дене берет. Анда өсүмдүктөр жана жаныбарлар дагы өлбөстүктү алышат. Буга ишенүү аркылуу, биз дүйнөнү жаңы үмүт менен көрүшүбүз керек.
Бул дүйнөдө, ал эмес ичинде Ыйык Рух барлар дагы бардык жаратылыш менен кошо онтоп, Анын балдары катары дененин куткарылышын күтүп жатабыз. Биз дүйнөнү үмүт менен карайбыз себеби Теңир келгенде бизди Өзүнүн чирибес жана өлбөс балдары кылып алат.
Дүйнө бир күнү талкаланса да, Теңир кайра келгенде бардыгы жаңырат. Биз буга ишенип үмүт менен жашашыбыз керек. Жаңы дүйнө сен жомоктордон окуган кубанычка толгон кереметтүү дүйнөгө окшош болот. Ушундай дүйнөдө миң жыл жашоону элестетип көрчү. Качан Асман Падышалыгына киргенде биз дагы анын балдары катары түбөлүк өмүргө ээ болобуз. Биз ошондой үмүт менен жашашыбыз керек.
Сен бул дүйнөдөн үмүт көрүп жатасыңбы? Жок. Адамдар бул дүйнөдөн үмүтү жок болгондуктан шапар тееп жашашат. Ал эми кечирим алып жана адил болуп калгандарга Теңир асмандан келген үмүттү берген. “Биз ушул үмүттө куткарылдык, бирок көрүнгөн үмүт үмүт эмес; көрүнгөн нерсеге адам эмнеге үмүт кылмак эле? Бирок биз көрүнбөгөн нерсеге үмүт кылсак, биз аны чыдамдуулук менен күтөбүз.” Мунун мааниси биз Кудайдын сөзүнө ишенип калуу аркылуу куткарылып калгандыктан чыдамдуу болушубуз керек дегенди билдирет.
Биз күнөөдөн куткарылгандыктан, биздин ичибизде Ыйык Рух жашайт. Башкача айтканда, Ыйсадан кечирим алгандардын жүрөгүндө күнөө ордуна Ыйык Рух жашайт. А биздин денебизчи? Биздин алсыз денебиз дагы тирилет, жана өлбөс жаңы өмүр алат. Ыйса келгенде биз Кудай менен түбөлүк жашайбыз. Жалгыз гана кайрадан төрөлгөндөр ушундай үмүткө ээ, ошондуктан биздин рух жана дене жеткилеңдүү. Биздин дене түбөлүктүү болуп калат жана биз эч качан оорубайбыз. Биздин дүйнөлүк денебиз алсыз, ошондуктан биз үчүн жеткилең жашоо мүмкүн эмес. Ошондо биз жеткилең жашоодо жашайбыз. Келгиле Теңирдин Экинчи Келишин карап көрөлү. Жалгыз гана ичинде Ыйык Рух жашагандар ушундай үмүткө жана өмүргө ээ боло алат.
Адилеттүүнүн үмүтү жалгыз эле асмандан эмес жер үстүндө дагы ишке ашат. Улуу кайгыдан кийин бул дүйнө талкаланып, Теңир кайра келет дейт Ыйык Жазуу. Ал сөзсүз келет. Качан ал биринчи келгенде, Ал күнөөкөрлөр үчүн чөмүлүү алган, айкаш жыгачта аларды адилеттүү кылуу үчүн өлгөн, жана асманга көтөрүлүп кеткен. Эми Теңирдин кайра келе турган убагы келди. 
Ошол кезде ал бардык Ыйсага ишенип Ыйык Рухту алып уктап жаткан ыйыктарды ойготот жана чирүүнүн туткунунан аларды бошотот. Ал аларга жаңы эч качан оорубаган жана чирибеген асмандык дене берет. Алар булуттарда Аны менен жолугуу үчүн көтөрүлүп кетет жана абада жолугат жана Ал бардыгын жаңы жаратат. 
Андан кийин, биз, Ыйса Теңир менен бирге, чоогу жашап жана жакшы кабарга кызмат кылганыбыз үчүн падышачылык кылабыз. Бул асманга баруучулар үчүн даярдык. Бул асманга жана чындыкка болгон үмүт. Ошол кезде, бардык жеткилең эмес нерселер жеткилең болот, жана чирий турган нерслере эч качан чирибес болот. “Өлгөндөрдүн тирилүүсү да ушундай болот: топуракка көмүлгөн дене чирийт, тирилген дене эч качан чирибейт” (1 Кор 15:42), деген сөз ошол убакта Ыйса Машайак аркылуу аткарылат.
Келгиле Ыйык Рухка ээ болгондор үмүт менен жашайлы! Бардык нерселер алсыз жана жок болууга бара жатса дагы бул аягы эмес экендигин унутпооң керек. Биз биздин Теңир бүткүл дүйнөнү жаңы жаратат деген үмүтүбүздү үзбөшүбүз зарыл. Биз жаңы асман жана жаңы жерге үмүт кылып жашашыбыз керек. Бул үмүткө ээ болгондо, биз жакшы кабар айта алабыз. 
Биз бул дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарылгандыктан, бизде Ыйык Рух жашайт. Ошол сыяктуу эле, биздин ичибиздеги Ыйык Рух да Теңирдин келишин күтүп жатат. Ал биз үчүн Кудай Атага арачы болуп сыйынып үмүт жана ишеним менен жашап жүрөгүбүздө капачылык жашабоосун өтүнөт.
 

Биз Ыйык Рухта үмүт менен жашашыбыз керек
 
Адилеттүүлүк жери кайда? [5]Миң жылдыкта Теңир жерди жана Асман Падышалыгын кайра курат. Ошондуктан, биз ошол күндү чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек. Качан бул дүйнө жок болгондо Теңир биздин денебизди жеткилең кыла тургандыгына ишенишибиз зарыл. Биздин эртеңки даңкка болгон үмүтүбүз болушу керек. 
 
5Өзү убада кылгандай Теңир бул дүйнөгө экинчи жолу келгенде, Ал асмандан түшөт, анан биринчи Ыйсада өлгөндөрдү тирилтет. Андан кийин, Ал бардык ыйыктарга чирибес жана өлбөс дене берет, анан ал бардык ыйыктарды Теңир менен абада жолугууга булуттардын үстүнө алып кетет (1 Тесалоникалыктар 4:16-17, 1 Корунтуктар 15:51-53). 
Калган күнөөкөрлөргө жети табак каарын төккөндөн кийин Ал бардыгын жаңы жаратат. Ал жаңы жерге өзүнүн падышачылыгын орнотот, жана биринчи тирилүүгө катышкандар менен миң жыл падышачылык кылат (Аян 20:4-5). Миң жылдыктан кийин, Ал бардык өлгөндөрдү соттойт, анан аларды күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытат (Аян 20:11-15). Анан Ал бардык Өз элин асмандагы шаарга, жаңы Иерусалимге жетелейт жана алар менен түбөлүк жашайт (Аян 21:1-4).
 
Ыйык Рухка ээ болгондугу үчүн, Пабылда да бизде болгон үмүт болгон. Биз дагы акылыбызда миң жылдыкка жана Асман Падышачылыгына үмүттөнүп күтүп жашайбыз. Жогорудан төрөлбөгөндөр бул дүйнө менен кошо жок болот, бирок биз кайрадан төрөлгөн машайакчылар жаңы жер жана жаңы асманга ээ болобуз. Бул үмүт сөзсүз аткарылат. Биздин денебиз жеткилең болуп калат жана биз Ыйса менен бирге жаңы дүйнөдө падышачылык кылабыз. Ошол күндү карап, биз үмүт менен коркпой жашасак болот.
Ошондуктан чыдамдуу болуп күтөлү. Биз өмүрдө чарчасак да, биз Кудайга ишенгендиктен биздин үмүт ишке ашат. Үмүтү жок адамдар өлгөн адамдарга окшош. Үмүттөн жана Кудайдын сөздөрүнө ишенүү аркылуу кыялдан.
Биздин кечирим алганыбыз кандай чындык болсо, биздин денебиздин өзгөрүлө тургандыгы жана бүт жаратылыш түбөлүк жашай тургандыгы дагы чындык. Биздин үмүт чындык. Ишенгениң аткарылаарына ишен. Кимде үмүт бар болсо ал бактылуу жана сонун. Адамдарда үмүт жок болсо алар бактысыз болуп калышат. Кыялы жок адамдар бактысыз. Бизде жаңы асман, жаңы жер миң жылдык падышачылыкка үмүтүбүз бар болгондуктан биз бактылуу жашасак болот. 
Адил адамда үмүт бар болуш керек жана ал үмүтүн Ыйык Рухта башкаларга айтышы керек. Биз биздин жакшы кабар бүткүл дүйнөгө тарайт деп үмүттөнүшүбүз керек. Эгерде сенде бекем ишеним бар болсо, сен бул дүйнөнүн анча чоң эмес экендигин көрөсүң. Эгерде бизде үмүт бар болсо, биз жакшы кабарды бүткүл дүйнөгө тарата алабыз. Биз Пабыл кандай ишенсе ошондой ишенишибиз керек.
Кимде үмүт бар болсо ал жакшы кабар тараттуу ишине ишенимдүү болот. Биз жакшы кабар бул үмүтсүз дүйнөгө тарайт деп үмүттөнүшүбүз керек. Биз керемет жакшы кабарды чарчагандарга, үмүтсүздөргө, жакырларга жана момундарга таратышыбыз керек. Биз жалаң гана суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим алгандар гана жашай турган Асман Падышачылыгы тууралуу айтуу менен аларды караңгычылыктан куткарышыбыз керек. Биз аларды ушул кыйынчылык заманда Кудай ууру сыяктуу келет деп үмүткө шыктандырышыбыз керек. 
Жогорудан төрөлгөн кызматчылар жана ыйыктар, жакшы кабарды дүйнөнүн ар бир бурчуна тараткыла, асманга болгон үмүтүңөрдү жоготпогула. Бул дүйнө канчалык тез жок болсо дагы, үмүтү барлар эч качан жок болбойт себеби бул жердеги жашоосунун артында аларды күтүп турган нерсе бар. Аларга Теңир экинчи өмүрдү берген.