• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

8-тема: Ыйык Рух

[8-18] Ыйык Рухтун Сенин Ичиңде Жашашына Себеп Болгон Чындык (Жашыя 4:23)

Ыйык Рухтун Сенин Ичиңде Жашашына Себеп Болгон Чындык(Жашыя 4:23)
“Биз өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер Кызыл деңиздин ортосун биздин көз алдыбызда кургаткандай эле, силер өтүп бүткөнчө, Кудай-Тењириңер силер үчүн Иордан суусунун ортосун кургаткан.”
 

Иордан дарыясында Болгон окуядан эмне үйрөнсөк болот?
Ыйса адамга күнөөсү үчүн сот катары берилген өлмүмдү жок кылды.
 
Бизге Ыйык Рухту алганга жардам берген чындык жөнүндө айтып берейин. Муса өлгөндөн кийин, Кудай Жашыяны Ысрайылга жетекчи кылып шайлаган. Муса Эски Осуяттын мыйзамынын өкүлү болгон. Эгерде Муса Иордан дарыясынан өтүп Ханаанга кирсе, анда Жашыянын жетеки болуусунун зарылчылыгы жок болмок. Бирок, Кудай Мусаны Ханаандын маңдайына чейин алып келип бирок ал жакка кирүүсүнө жол берген жок.
 
 

Биздин Теңир бизге Мусаны жана Жашыяны берген

 
Муса, Эски Осуяттагы мыйзамдын өкүлү болгон, ал Ысрайыл элин Ханаанга алып кире алган эмес. Эгерде мыйзам менен жүрүп кирсе, бул Кудайдын бизди куткаруу планына каршы болмок. Кудайдын мыйзамынын алдында эч ким күнөөсүз боло албайт себеби эч ким мыйзамды кармай албайт. Себеби мыйзам күнөө таанылышы үчүн берилген (Рим 3:20).
Кудай мыйзамды адам күнөөнү таанышы жана ошол аркылуу Машайакка жетеленип, ишеним аркылуу акталышы үчүн берген (Галат 3:24). Мыйзам жөн гана Ыйсага болгон жетек болгон, адамдар Ыйсага муктаж болгон, ошондуктан Ыйса бул дүйнөгө келиши керек болгон. Кудай Жашыяны ал Ысрайыл элине Ханаан жерине кириши үчүн Иордандан өтүүгө буйрук берүүгө жетелеген.
Муса өлгөндөн кийин Кудай аларды жаңы башчы Жашыя менен Ханаан жерине жетелеген. Жашыя эл башчыларына айткан, “Станды аралап, элге мындай буйрук бергиле: ‘Жолуңарга азык камдагыла, анткени үч күндөн кийин, ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге мурас кылып берген жерди алганы барыш үчүн, Иордандын ары жагына өтөсүңөр’” (Жашыя 1:11).
Кудай Муса аркылуу мүмкүн болбой калгандыктан Жашыяны Ханаанга кир деп буйрук берген. Кудай Жашыяга мындай буйрук берген, “Сен болсо келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп буйрук бер: ‘Иорданга кирериңер менен, Иорданда токтоп тургула.’ Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: ‘Бул жакка келгиле, Кудай-Теңириңердин сөзүнө кулак салгыла.’ Жашыя дагы мындай деди: ‘Канаандыктарды да, хеттиктерди да, хибиликтерди да, периздиктерди да, гиргештиктерди да, аморлуктарды да, жебустуктарды да силердин алдыңардан кууп чыга турган тирүү Кудай араңарда экенин мындан билесиңер’” (Жашыя 3:8-10).
Муса өлгөндөн кийин, Кудай Жашыяны Ысрайылдын жетекчиси кылып койгон жана Ысрайыл эли менен Ханаанга киришин буйрук кылган. Жашыя деген аттын мааниси “Куткаруучу,” “Ыйса” же “Ошуя” деген аттын синоними. Кудайдын кызматчысы, ыйык кызматчыларга Теңирдин Осуят Сандыгын Иордан дарыясынан көтөрүп өткүлө дейт. Качан ыйык кызматчылар Осуят Сандыгын көтөрүп буттарын сууга малганда (түшүм жыйноо убагында Иордан дарыясы жээгине чейин ашып ташып турат), суулар көтөрүлүп Заретан шаарындагы Адамд деген жерге чейин созулуп алыс туруп калды. Араб деңизине, Туздуу деңизге кеткен суулар токтоп элдер Иерихондун маңдайынан өтүш үчүн суу экиге бөлүнүп калды (Жашыя 3:15-16). 
Бул окуя аркылуу, Кудай күнөөнүн себебинен адамга сот катары келген күнөөнү жок кылгандыгын көрсөттү. Башкача айтканда, Ыйса Машайак биздин Куткаруучу адамзаттын бардык күнөөлөрүн Жакандан алган чөмүлүүсү аркылуу алып жана айкаш жыгачка кадалган. Ушундай жол менен, Ал адамзатты күнөөлөрүнөн куткарып Асман Падышачылыгын түшүндүргөн Ханаанга киргизген.
 
 

Иордан дарыясы адамзат тазаланган жер 

 
Иордан дарыясын курчап турган тарихый окуялар, Эски Осуятта жана Жаңы Осуятта да жазылган, алар адамзаттын соттон жана каргыштан куткарылгандыгы тууралуу маанилүү окуялар.
Иордан дарыясы өлүмдүн дарыясы катары белгилүү, ал Өлүк деңизине барып куят. Иордан дегендин мааниси бул “төмөн өлүмгө карай кулай турган дарыя” же “чумкунуу, ылдый түшүү” дегенди да билдирет. Ал адамдын күнөөсүнүн тарыхын так көрсөтөт. Бул дарыяда, Ыйса, Өз чөмүлүүсү аркылуу адамдар өздөрү куткарыла албаган күнөөлөрдү Өзүнө алган, жана күнөөлөрдү Өзүнө алгандыктан адамдын ордуна күнөөлөр үчүн соттолуп айкаш жыгачта өлгөн. 
Адам менен Обо эненин тукуму кайда бара жатат? Бардык адамдар күнөөдө төрөлүшкөндүктөн жана андан кийин дагы күнөөлөрдү кетиришкендиктен, алар өлүмгө бара жатышат, анткени күнөө үчүн жаза өлүм. Тарыхтагы адамдардын бардыгы дагы төрөлгөндөн баштап эле өлүмгө бара жатышат. Адамдар өздөрүнүн күнөөлүү табиятын жеңүүгө аракет кылышат бирок андай кылуу алардын колунан келбейт. Ошондуктан алар күнөөсү үчүн соттолууга бара жатышат.
Кудай алардын күнөөлөрүн жок кылып соттон куткарды. Кудай Жашыяга Ысрайыл элин Иордан дарыясынан өткөрүп Ханаанга алып кирүүнү тапшырды. Кудайдын эрки ушундай болчу. Жогоруда айтылгандардын бардыгы бизге күнөө үчүн жаза өлүм, Асман Падышачылыгына кирүү үчүн ошол жаза үчүн төлөш керектигин айтты. 
Эски Осуятта агым токтоп кургак жерге айланган, качан Осуят Сандыгын көтөрүп келе жаткан ыйык кызматчылар Иордан дарыясына буттарын салганда. Ысрайыл эли өтүп кеттүү үчүн жол ачылган. Ошол сыяктуу эле ким керемет жакшы кабарга ишенсе ошолорго күнөөдөн кечирим берилген. Бул суу жана Рух жакшы кабары, биз ушул жакшы кабарга ишенүү аркылуу Ыйык Рухка ээ болдук. 
 
 

Аскер башчы Нееман.

 
2 Падышачылыктардын 5 бөлүмүндө жазылган Нееман, өз элин душмандардан сактаган Сириянын улуу аскер башчысы болгон. Каргыштан улам ал пес оорусу менен ооруп калган жана бардыгынан айрылыш керек болчу, анткени ал каргышка калган. Бирок бир күнү ошол каргыштан куткара ала турган адамдын бар экендиги тууралуу жакшы кабар угат. Ага эгерде Ысрайылда жашаган Кудайдын кызматчысына барса айыга тургандыгын айтышат. Ал жөнүңдө анын үйүнө жалданып иштеген кичинекей кыз айтып берет. Ал айтат: “Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!” (2 Падыша 5:3). 
Нееман ага ишенип Ысрайылга жөнөдү. Качан ал Ысрайылга келгенде Элисейдин үйүнүн жанына токтоду. Ал кулун ага жөнөттү да айтты: “Барып, Иорданга жети жолу жуунгун, ошондо сенин денең айыгып, таза болосуң” деп айттырды. (2 Падыша 5:10). Ошол замат айыгуу алам деп ойлогон Нееман ачууланып үйүнө жөнөмөкчү болду. Бирок кулдарынын суранычын угуп Элисейди угуп, Иордан дарыясына барып денесин Иордан дарыясына жети жолу жууду. Анын денеси жаңырды, териси наристенин денесиндей болуп калды. 
Күнөөлөрдөн кечирим алуу үчүн биз дагы өз ойлорубузду таштап, Ыйык Жазуу эмне десе ошого ишенишибиз керек. Ошондо биз кереметүү батага ээ болобуз. Ким куткарылууну кааласа, Кудайдын сөзүнө баш ийип ага ишениши керек. 
Ыйык Жазуу Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу бүткүл дүйнөнүн күнөөсү жуулуп кеткен деп айтат. Биз Неемандай болуп аны талкуулабашыбыз керек. Биз суу жана Рух жакшы кабарысыз күнөөлөрүбүздөн тазалана албайбыз. Ошондуктан кечирим алуу үчүн биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенишибиз керек. Ушул сыяктуу эле денесин Иорданга жети жолу жуу аркылуу Нееман денесин тазалаган, ошол сыяктуу биз дагы күнөөлөрүбүздөн Ыйсанын чөмүлүүсүнө, айкаш жыгачтагы өлүмүнө жана тирилүүсүнө ишенүү аркылуу кечирим алабыз деп ишенебиз. Биз бул жакшы кабар кандай болсо ошол бойдон ишенишибиз керек. 
Иордан дарыясында болгон керемет Адам менен Обонун бүткүл тукумдарына бата болуп күнөөдөн жана соттон куткарды. Адамдар Эден бакчасынан Адам менен Обо шайтанга азгырылып күнөө кылышкандыктан кубаланып чыгышкан. Иорданда болгон окуя адамзатты Эден бакчасына кайрып келген кабар болду.
 
 
Иордан дарыясында болгон керемет.
 
Ыйык Жазууда Ыйса Иордан дарыясында бардык адамдардын күнөөлөрүн жууп кетти деген жакшы кабар жазылган. “Бирок Ыйса ага: Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттєє ишти ушундайча аткарышыбыз керек, – деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди” (Матай 3:15). Ыйык Жазуу Ал Иордандан чөмүүү алганда бардык күнөөлөр Ыйсага өткөн дейт. Башкача айтканда Ыйса Өз чөмүлүүсү менен адамды кармап турагн күнөөнүн кишендерин бузду. Ыйса күнөөнү жок кылып бизге айкаш жыгачтагы каны менен бизге куткарылуу берди. 
Иордан биздин күнөөлөрүбүздү жууп кеткен чөмүлүү дарыясы болуп калды. Бизде Кудайдын мыйзамын аткарууга мүмкүнчүлүк пайда болду “Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм,...” (Рим 6:23) Ыйса өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу биздин күнөөлөр үчүн төлөп койгон. Теңир адамга берген керемет жакшы кабар ушул. 
Күнөө агымы адамзатка Адамдан баштап келген, бирок Ыйса аны өзүнүн Иордандагы чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны аркылуу токтотту. Ыйса чөмүлгөндүктөн бир дагы күнөө калган жок. Бул кабар кандай кереметтүү. Бул керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу биз бизди каптап турган күнөөлөрдөн куткарылып, мыйзамсыздыктарыбыздан тазаланып Кудайдын мыйзамынын алдында адилеттүү болуп калдык. Ушундай кылуу менен Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын каны бизди куткарды. Биз буга чын жүрөктөн ишенишибиз керек. “Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе – күнөө” дейт Теңир (Рим 14:23). Ошол сыяктуу эле биз качан керемет жакшы кабарга ишенгенде гана батага ээ болобуз. 
Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүү алып биздин бардык күнөөлөрүбүздү алса деле жүрөгүңдө күнөө жашайбы? Ыйса бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алган. Ыйык Жазууда эмне жазылса ошонун барын кабыл алуу керек. Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны гана бизди өлүмдөн жана каргыштан куткарат. Чөмүлүүнүн мааниси бул “жуунуу, чумкунуу, көмүлүү, өткөрүү.” 
дегенди түшүндүрөт. Ыйса берген керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу бардык адамзат күнөөдөн кечирим алса болот. Ошондуктан Өзүн “Асман Падышачылыгына Жолмун” деген. Ага ишенүү аркылуу биз Асман Падышачылыгына кире алабыз жана түбөлүк өмүргө ээ болобуз. Ал бизге Ыйык Рухту белекке берген Теңир. 
Анын чөмүлүүсүнө жана канына ишенүү аркылуу биз күнөөбүз үчүн болгон соттон куткарылабыз. Каргыш кетти, дарыянын агымы токтоду, себеби Осуят сандыгын көтөрүп жүргөн ыйык кызматчылар сууга буттарын салышты. Бул Ыйсанын чөмүлүүсү менен каны аркылуу аткарыла турган Кудайдын планы болгон. Кандай гана керемет жакшы кабар. Куткарылуу мыйзамы ушундай болгондуктан, ансыз биздин куткарылуубуз мүмкүн эмес болчу. Бул керемет жакшы кабарга ишенгендер, Иордан дарыясынан өтүп Ханаан жерине кире алат. Суунун соолуп калышы, дүйнөнүн күнөөсү Ыйсага өткөндүгүн жана Ал биздин ордубузга соттолгондугун түшүндүрөт. Бизге Ыйык Рухту берген жакшы кабар ушундай. 
Кудай адамды жараткан анын акылынын деңгээли IQ 110 дон 130 балга чейин жетээрин билет. Ошондуктан ал Ыйык Рухту алуунун жолун татаал кылбайт. Кудай Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны аркылуу адамдардын бардык күнөөлөрүн жууп кетти. Ал Ыйык Рухту алууга бардык ишенүүчүлөр үчүн мүмкүнчүлүк түздү жана алар муну билүүлөрү керек. Бул керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу силер Ыйык Рухту алсаңар болот. 
Ыйык Жазууда жазылгандай биз жөн гана тобо кылып сыйынып койуу аркылуу Ыйык Рухка толо албайбыз. Адамдар Ыйык Рухту көпкө сыйынуу аркылуу ала алабыз деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Ыйык Рух жакшы кабарга ишенгендерге келет. Бул ишенгендерди кудайдын балдары кылуу үчүн абдан зарыл. Ыйык Рухка толуу адамдын Кудайдын баласы болуусу үчүн зарыл. Ишенгендер Кудайдын баласы болуп калгандыгына бекем ишенүүлөрү үчүн, Кудай аларга Ыйык Рухту берет. 
Эгерде адам Ыйсага ишенип туруп, жакшы кабарды билбесе же ишенбесе анда ал адам күнөөлөрү Ыйсага өткөндүгүнө ишене албайт. Ошондуктан бардыгы Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны бизди күнөөлөрүбүздөн тазалай тургандыгын билүүлөрү керек. 
Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн өзүнө алгандыгын бизге ким күбөлөндүрөт? Жакан чөмүлдүрүүчү. Асмандагы атабыз Ыйсаны сууга чөмүлдүрүү аркылуу дүйнөнүн күнөөсүн Ага жүктөөнү чечкен (Лебилер 4:13-21, 16:1-30). Анын планын ким ишке ашырды? Ыйса. Бул пландын аткарылышына ким гарантия берди? Ыйык Рух. Үч Бирдиктүү Кудай бизди балдары кылып алуу үчүн күнөөлөрдүн кечирилишин Ыйсаны чөмүлүдүрүү жана Анын айкаш жыгачта кан төгүүсү аркылуу аткарды. Ыйса Кудайдын планын аткаргандыгы үчүн, Ыйык Рух бизде болуп турат жана биздин күнөөлөрүбүз кечирилгендине гарантия берет. 
Бул дүйнөдө болуп жаткан нерселер силерге татаал көрүнөбү? Биздин акылдарыбыз кандай тынчсызданат? Өз ойлорунан кутулмайынча эч ким керемет жакшы кабарга ишене албайт. Бүгүнкү күндөгү машайакчылар ‘биринчи күнөө кечирилген, бирок күнүмдүк күнөөлөр кечирилиши үчүн тобо кылып сыйынуу керек’ деп ишенишет. Бирок бул толук чындыктан алыс; бул жалган жакшы кабар. Эгерде сен буга ишенсең, сен Ыйык Жазууну башынан аягына чейин түшүнбөйсүң жана убакыт өткөн сайын Ыйсаны ээрчү улам улам кыйындай баштайт. Ошондуктан машайакчылардын арасында ар башка жакшы кабарга жана башка Кудайларга ишенгендер бар. 
Кээ бир адамдар сыйынуу аркылуу Ыйык Рухту алабыз деп ойлошот. Бул туура сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок Ыйык Жазууда Ыйык Рух Ыйсанын үстүнө көгүчкөн сыяктуу качан чөмүлүп суудан чыкканда түшкөн деп жазылган. Бул чыныгы жакшы кабар жана Ыйык Рух бул жакшы кабарга ишенгендерге келет.
Кээ бир адамдар тобо кылып сыйынуу аркылуу Ыйык Рухту ал деп айтышат. Качан адамдар кечирим сурап сыйынып койсо эле Ыйык Рух аларга келип калабы? Кудай адилеттүү. Ыйык Рух аларга боору ооругандыктан гана келип калбайт. Адамдар канчалык ыйлап сыйынышса дагы, Ыйык Рух аларга келбейт. Ал Кудай аларды куткаруу үчүн түзгөн планын аткаргандыгына ишенгендерге гана келет. Кудайга канчалык каттуу ыйлап сыйынсаң дагы Ыйык Рухту ала албай тургандыгыңа ишенишиң керек. Ыйык Рух адамдын эркине көз каранды эмес.
Адамдын тарыхтагы чечимдери өзгөрүшү мүмкүн, бирок керемет жакшы кабар жана анын мыйзамы эч качан өзгөрбөйт. Эгерде адамдар жакшы кабарды түшүнбөсө, алар чыныгы ишеним менен жашай алышпайт. Ошондуктан адамдар Ыйык Рухту ала алышпайт. Ыйсага ишенип туруп керемет жакшы кабарды билбей өлүмгө дуушар болгонуң кандай гана өкүнүчтүү? Ыйык Жазуу Ыйсанын жакшы кабары кээ бир адамдар үчүн мүдүрүлүүчү таш деп айтат.
Эгерде сен Ыйсанын Жакан аркылуу чөмүлгөн чөмүлүүсүнүң сырын түшүнсөң, сен дагы күнөөлөрүңдөн кечирим алып жана Ыйык Рухка ээ болосуң. Ал чөмүлүү, айкаш жыгачта өлүү жана тирилүү аркылуу бардык күнөөкөрлөрдү куткарган. Ал күнөөкөрлөрдүн чыныгы Куткаруучусу болуп калды жана Ыйык Рухтун биздин ичибизде жашай турганын тактады. 
 

Эгер сен ишенсең гана!
 
Эски Осуятта качан ыйык кызматчылар буттарын Иорданга малганда, дарыя курганк жерге айланды. Бул керемет болгон, бирок дагы башка кереметтер алдыда эле. Бул окуя Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн жакшы кабары аркылуу боло турган Кудайдын куткаруусунун гарантиясы катары болгон. Кургак жер бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу боло турган кечиримди көрсөткөн жол болгон. Бардык күнөөлөр Адамдан башталып бардык адамзатка өткөн, бирок каргыш жана сот Ыйсанын чөмүлүүсү менен аяктаган. Эми биз күнөөлөрдөн кечирим алып Ыйык Рухка ээ болушубуз керек. Сен Ыйса Иордандан чөмүлүү аркылуу күнөөлөрдү алып кетти деген чындыкка ишенесиңби? 
Ыйса бүт дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүү үчүн чөмүлгөндүгүнө сен ишенишиң керек. Анын чөмүлүүсүнүн кандай маанилүү экендигин дагы билишиң керек. Эгерде ыйык кызматчы Иордан дарыясына кирбесе, Ысрайыл эли Ханаан жерине ийгиликтүү кире алышмак эмес. Ханаан жерине кирүү үчүн биринчи кадам Иордан дарыясынан өтүү болгон. Ошондуктан, качан гана биз Осуят Сандыгы менен Иордан дарыясынан өтүшкөндө гана Ханаан жерине кире алабыз. Бул бизге суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу күнөөлөрдөн кечирим алууга мүмкүн экендигин көрсөтөт. 
Ыйык Жазуу бизге Ыйсанын чөмүлүүсү Кудайдын иши экендигин көрсөтөт. Ыйык кызматчылар менен дагы ошондой болгон. Качан ыйык кызматчылар буттарын Иордан дарыясына малганда суу токтогон жана дүйнөнүн адамдары ушул жакшы кабарга ишенүү аркылуу күнөөлөрүнөн кечирим ала алышат. 
Керемет жакшы кабрга ишенгендерге гана Ыйык Рух берилет. Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны бизге күнөөлөрдөн кечирим алып берип жана Ыйык Рухка ээ кылат. Ыйык Рухту алуу үчүн бул керемет жакшы кабар зарыл.