(Maтай 27:45-54)“Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду. Тогузунчу саат чамасында Ыйса: ‘Эли, Эли, лама шабактани?’ – деп, катуу кыйкырды. Бул ‘Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?’ деп которулат. Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: ‘Ал Илиясты чакырып жатат’, – дешти. Алардын бири дароо жүгүрүп барып, соргуч алып келди. Аны ачуу ичимдикке малып, таяктын учуна илип, Ыйсанын оозуна жакындатты. Кээ бирөөлөр болсо: ‘Коё тур, Илияс келип, Аны куткарар бекен, көрөлү’, – деп жатышты. Ыйса дагы бир ирет үнүн катуу чыгарып, жан берди. Ошол учурда ийбадаткананын көшөгөсү жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды. Жер титиреп, аскалар жарылды. Мүрзөлөр ачылып, ыйык маркумдар тирилишти. Алар мүрзөлөрүнөн чыгып, Ыйса тирилгенден кийин, ыйык шаарга кирип, көп адамдарга көрүнүштү. Жүз башы менен бирге Ыйсаны күзөткөн аскерлер жер титирөөнү, болуп жаткан окуяларды көрүшкөндө, үрөйлөрү учуп: ‘Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу, – дешти.’”
Ыйса жан бергенде эмне үчүн ибадаткананын көшөгөсү айрылды?
Себеби Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачка кадалганына ишенгендерге Кудайдын Падышачылыгы ачылды.
Бул керемет жакшы кабардын чындыгын түшүнүү үчүн, Эски Осуяттагы күнөөлөр кечирилиши үчүн курмандык алып келүү системасын түшүнүү керек. Сен төмөнкү чындыкты билишиң керек жана түшүнүшүң керек.
Байыркы күнөөлөр үчүн курмандык чалууда, Эски Осуятта Лебилер 16 аятта жазылгандай, ыйык кызматчы курмандык эчкисине кол койуу аркылуу элдин бир жылдык чогулган күнөөсү эчкиге жүктөгөн. Анан Ысрайылдыктар үчүн курмандыкты мууздашып жана ыйык кызматчы ырайым тактысына кан чачкан. Ушул аркылуу бүткүл Ысрайылдын күнөөсү кечирилген. Ошондо, кол койууга, канга жана Кудайдын сөзүнө ишенгендер ыйык жайга Кире алышкан.
Ыйык кызматчылар осуят чатырынын биринчи бөлмөсүнө гана кирип кызмат кылышчу. Бирок Ыйыктардын Ыйыгы деп аталган экинчи бөлүмүнө, башкы ыйык кызматчы гана жылына бир жолу өзү үчүн жана эл үчүн чалган курмандыктын каны менен кирчү (Эвр 9:6-7). Ал эмес башкы ыйык кызматчы дагы, Ыйыктардын Ыйыгына ишеним менен кол койулуп даярдалган курмандыктын канысыз кире алчу эмес.
Жаңы Осуятта айтылгандай Ыйса Машайак биз үчүн Курмандык болгон
Жаңы Осуят бизге Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенген адам гана Кудайдын Падышачылыгына кире алат деп айтат. Качан ибадаткананын пардасы башынан аягына чейин айрылган? Качан Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп айкаш жыгачка кадалганда.
Мунун себеби эмне? Ыйса бул дүйнөгө курмандык катары келген, Анын аты Кудайдын Козусу болгон, Ал Жакандан чөмүлүү алуу менен дүйнөнүн күнөөсүн алып, адамзаттын күнөөсүн тазалоо үчүн айкаш жыгачка керилген. Көшөгөнүн айрылышы Ыйсанын каны жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу адамзаттын Кудайдан бөлүп турган күнөөсүнүн тазаланганын билдирет.
Ыйса Өзү бул тоскоолдукту күнөө үчүн өлүмү менен төлөп талкалаган. Ошол себептен ибадаткананын көшөгөсү экиге бөлүнүп айрылган. Ыйык кызматчы кол койууга болгон ишеним менен осуят чатырына кирген сыяктуу эле, биз дагы Асман Падышалыгына Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенүү аркылуу кире алабыз.
Ыйса айкаш жыгачка кадалды, Ал катуу кыйкырып мындай деди, “Эли, Эли, лама шабактани?” мунун мааниси, “Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?” (Maтай 27:46) Ал жан бергенде мындай деди, “Аткарылды!” (Жакан 19:30) Ыйсаны Атасы айкаш жыгачта таштап кетти, себеби ал дүйнөнүн күнөөсүн Өзүнүн Иордан дарыясындагы чөмүлүүсү аркылуу алган эле.
Ал адамзаттын куткарылуусу үчүн өлдү. Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенген ар бир адам куткарылды. Себеби биз күнөөкөр болуп төрөлүп, айыптуу болгонбуз, Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетүү үчүн чөмүлдү.
Ыйса бардык күнөөлөрүбүздү тазалаганга чейин, Асман Падышачылыгынын дарбазасы бекем жабылуу эле. Качан Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп, айкаш жыгачта өлгөндө, Кудайдын Ибадатканасындагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды, эми керемет жакшы кабарга ишенген ар ким асмандагы Кудайдын Ибадатканасына кире алат.
Мен суу жана Рух жакшы кабарына ишенип калгандыгым үчүн Теңирге ырахмат айтам. Эми Ыйса чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу аткарган жакшы кабарга ишенүү акрылуу мен Асман Падышачылыгына кире алам. Мен куткарылууга өзүм күчүм аракетим менен жете албайм.
Асман Падышалыгы батасын алуу үчүн жөн гана сыйынып койуу, же каражат курмандык кылуу жетишпейт. Ким болбосун күнөөдөн куткарылуу үчүн Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенүүсү керек. Асман Падышачылыгына керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу гана кирсе болот. Ыйса Асмандын дарбазасы. Ыйсада башка ишенимдин кереги жок. Асманга баруу үчү эч нерсе төлөй албайсың, жакшы иштериң менен дагы кире албайсың. Ишенгендер Асман Падышачылыгына кирүү үчүн керек болгон нерсе бул Ыйсанын Иордан дарыясынан алган чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачта төккөн каны.
Сууга (Ыйсанын Иордан дарыясынан алган чөмүлүүсү) жана Анын канына (айкаш жыгач) ишенүү сени Асман Падышачылыгына жетелейт. Жүрөгүнө күнөө бар адам, Ыйсага ишенсе дагы, дагы бир нерсеге ишенүүсү керек: суу жана Рух жакшы кабар. “Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат” (Жакан 8:32).
Биз качан өлө турагныбызды билбейбиз, бирок Ыйса барын билет. Ал биздин күнөөкөр табиятыбызды жакшы билгендиктен, эки миң жыл мурун Өз чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу күнөөлөрүбүздү жууп кеткен.
Кудайдын Ибадатканасынын көшөгөсүн айрыган керемет жакшы кабар
Куткаруучу адамзатты күнөөсүнөн куткаруу үчүн таза кыздан төрөлдү. Бул Ал 30 жашка чыкканда Иордан дарыясынан чөмүлүп, Ыйсанын бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетүүсү аркылуу болгон. Ыйса аркылуу дүйнөнүн алсыздыктарынан улам кеткен күнөөлөрдүн бардыгы кечирилген. Анын чөмүлүүсү жана каны бардык адамзаттын куткарылуусу үчүн болгон ачкыч. Ыйса чөмүлүп айкаш жыгачта кан төккөн буга ишенгендердин бардыгы Асман Падышачылыгына кире алат.
Ыйса айкаш жыгачта жан бергенде Кудайдын Ибадатканасындагы көшөгө экиге бөлүнүп айрылган. Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө Кудайдын ибадатканасындагы көшөгө кантип айрылды? Мунун себеби бул керемет жакшы кабар ишке ашаары менен адамзатты куткарылуусу аткарылган.
Эски Осуяттан биз Ысрайылдын осуят чатыры тууралуу үйрөнсөк болот. Ал жакта бүтүндөй өртөлүүчү курмандык чалынуучу жай жана жуунгуч бар эле. Жуунгучтан өткөндөн кийин, осуя чатыры, анын ичинде көшөгө менен тосулган осуя сандыгы болгон, ал жакта Кудайдын катышуусу болуп турган. Көшөгө ушунчалык сапаттуу жасалгандыктан, төрт ат төрт тарапка тартса дагы аны айыра алмак эмес эле. Сулайман Падыша осуят чатырын, ибадаткана кылып алмаштырса дагы, анын негизи өзгөрүлгөн эмес жана көшөгө дагы эле Ыйыктырдын Ыйыгын тосуп турган. Бирок, Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп калган. Бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу аткарылган жакшы кабардын канчалык жеткилең экендигин көрсөтөт.
Кудай бардык адамзатка түбөлүк өмүр жана күнөөлөрдүн кечирилиши батасын берип, керемет жакшы кабарга бөлөйт. Ыйса курмандык катары, качан Жакан аркылуу чөмүлгөндө жана айкаш жыгачта өлгөндө күнөөлөр үчүн төлөгөн. Ыйык Жазуу айтат, “Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм” (Рим 6:23). Эски Осуяттын убагы сыяктуу эле, ким Кудадын Ибадатканасына курмандыктын каны менен кирип күнөөлөрдөн кечирим алса, биз дагы күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн Кудайга Ыйса деген курмандык аркылуу кире алабыз. Бул чындык. Жана “Күнөө үчүн жаза – өлүм” деген сөз, бул керемет жакшы кабардын канчалык жеткилең экендигин көрсөтөт.
Асманга баруучу жол бул керемет жакшы кабарга ишенүү. Көшөгөнүн экиге бөлүнүшү Кудайдын Падышачылыгынын ачылышын билдирет. Качан биз бул жакшы кабарды билип жана ишенип, “Oо, Ыйса менин күнөөлөрүмдү алды. Oо, Ыйса айкаш жыгачта бардык күнөөлөрүм үчүн төлөдү!” дегенде, биз үчүн асмандын дарбазалары ачылат. Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу келген куткарылууга ишенгендер үчүн асман азыр ачык. Ыйсанын каны күнөөкөрлөрдү куткарды жана Анын чөмүлүүсү адамзаттын күнөөлөрүн алуу үчүн болгон.
Ыйса айкаш жыгачта жан бергенде жер титиреп, таштар жарылган. Ошондо, Анын каны жерге тамып ылдыйды көздөй ага баштаган. Качан Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө, адамзаттын бардык күнөөлөрү тазаланган, ошондо керемет жакшы кабар аткарылып бардык ишенүүчүлөр Асман Падышалыгына кирүүгө укук алышкан. Бул жогорудан төрөлүү жөнүңдөгү чындык.
Көптөгөн окумуштуулар Ыйсаны инсан катары жок болгон деп изилдөөлөрдү өткөрүшөт. Бирок алар Анын бар болгондугун далилдеген көптөгөн тарыхий далилдерди тана алышпайт. Аларды көптөрү ошону көрүп, изилдөөлөрүн токтотуп Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны жакшы кабарына ишенип калышты. Алар Ыйсанын чын эле бар болгондугун тануу мүмкүн эмес экендигин көрүштү. Качан алар керемет жакшы кабарды билип жана ишенип калышкандан кийин алар аны кабыл алышты, ал жакшы кабар, Анын төрөлүшү, чөмүлүүсү, өлүмү, тирилүүсү, көтөрүлүшп кетиши жана Экинчи Келиши.
Биз Ыйсанын чөмүлүүсүнө күбө эмеспиз. Биз 2000 жыл мурун муну өз көзүбүз менен көргөн жокпуз. Бирок, жазылган нерселер аркылуу ар бир эле адам керемет жакшы кабар менен беттеше алат. Ыйса адам менен Кудайдын ортосунда болуп турган күнөө деген тоскоолдукту, Өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу жок кылды, ошондуктан Кудайдын Падышачылыгын тосуп турган көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылып калды.
Азыр ким бул, Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу аткарылган керемет жакшы кабарга ишенсе, Асман Падышачылыгына кире алат. Сен кереметтүү жакшы кабар болгон Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны Асман Падышачылыгынын ачкычы экенине ишенесиңби?
Бир убакта мен өзүм күнөөкөр болчумун, ал кезде мен Ыйсага ишенсем дагы керемет жакшы кабарды билчү эмесмин. Бирок, бир жолу мен Ыйык Жазуудан Анын шартсыз сүйүүсү тууралуу окудум. Мен Анын мен үчүн чөмүлгөнүн, айкаш жыгачта өлгөнүн жана тирилгенин билип калдым. Ыйса Иордандан чөмүлүү аркылуу бизди куткарып жана бизди сүйгөндүктөн күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта төлөдү. Биз Асман Падышачылыгына керемет жакшы кабар аркылуу кире алабыз.
Бул адам баласы үчүн чоң адилеттүүлүк жана тарыхты өзгөртө турган окуя. Анын бардык кызматы – Анын төрөлүүсү, Иордан дарясынан алган чөмүлүүсү, айкаш жыгачтагы өлүмү, тирилүүсү – бизди бардык күнөөлөрүбүздөн куткаруу үчүн болгон. Биз өлгөндөн кийин тозокко кетмекпиз, бирок Ыйса бизге боору ооруп түбөлүк тозокко кетпесин деп, керемет жакшы кабарды берди.
Урматтуу бир туугандар, качан Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө, бир аскер Анын капталын найза менен тешип койду, ошол замат Андан кан жана суу акты. Ыйык Жазууда ушундай деп жазылган. Бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны болгон керемет жакшы кабарды күбөлөндүрөт.
Сен Ыйсанын айкаш жыгачта төккөн каны бардык күнөөлөрүңдөн куткарууга жетиштүү деп ойлойсуңбу? Сен Ыйсанын чөмүлүүсүн маанилүү эмес же кокусунан эле болгон нерсе деп ойлойсуңбу? Эгерде ошондой деп эсептесең, анда тобо кыл. Биз Ыйсанын суу жана кан жакшы кабарына ишенип жана Аны Кудайдын чындыгы катары билишибиз керек.
Бардык күнөөлөрүңдөн тазалангың келеби?
Карыздардан кутулуу үчүн төлөгөн сыяктуу эле, биз күнөөлөрүбүздөн куткарылуу үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны деген жакшы кабарга ишенүүбүз керек. Биз Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны жакшы кабарына ишенбей күнөө кетирбешибиз керек. Биз Ыйсага өзүбүз түзмө түз күнөөбүздү жүктөбөсөк дагы, арачы болгон Жакан чөмүлүдүрүүчү ал ишти биз үчүн аткарган.
Качан Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө, Иерусалимдеги ыйыктардын мүрзөлөрү ачылган, үч күндөн кийин Ал дагы тирилип Галилеяга барган. Бул укмуштуу окуя чындап эле болгон, бирок көптөгөн адамдар буга ишенишпейт.
Биздин Теңир Асман Падышачылыгын бизге, күнөөсүнөн кечирим алган адилеттүүлөргө берген. Биз куткарылып жогорудан төрөлдүк, бирок бул биздин күчүбүз, же аракетибиз аркылуу болгон жок, бирок биздин керемет жакшы кабарга ишенүүбү аркылуу болду. Бул ойдон чыгарылган окуя эмес. Ыйса чөмүлгөндө дүйнөнүн күнөөлөрү ага өткөн. Анда күнөө жок болгон, бирок Ал чөмүлүүсү аркылуу алган күнөөлөрү үчүн төлөш керек болгон.
Качан Ыйса жан бергенде, жер титиреп, таштар жарылган. Качан жүз башы жана Ыйсанын денесин кайтарып турган башка аскерлер жер титирөөнү жана башка болгон нерселерди көрүшкөндө, алар коркуп кетишти жана күбөлөндүрүп, “Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу” (Maтай 27:54).
Ариматаялык Жусуп деген бай адам Ыйсанын денесин алып, Аны таза кепинге ороп жана өз мүрзөсүнө койду. Башкы ыйык кызматчы жана фарисейлер үчүнчү күнгө чейин мүрзөнү кайтаргыла деп буйрук беришти.
Бирок, Ыйса керемет жакшы кабарга ишенгендерге жаңы өмүр берүү үчүн тирилди. Ал айкаш жыгачтка кадалаардан мурун шакирттерине убада кылгандай эле Галилеяга барды. Мунун баары – Анын төрөлүүсү, чөмүлүүсү, айкаш жыгачка кадалуусу, тирилүүсү, көтөрүлүүсү жана экинчи келиши – керемет жакшы кабарга ишенгендер үчүн болгон. Мен дагы Ыйса Кудайды Уулу жана Куткаруучу экендигин күбөлөндүргөн адам болуп калдым.
Кимдер чыныгы жакшы кабарды жарыялашат?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенгендер чыныгы керемет жакшы кабарды жарыя кылышат. Жакшы кабар күнөөлөрүнөн куткарылган адамдардын күбөлүктөрү аркылуу таратылат. Качан адам жакшы кабарга ишенип калуу аркылуу эркиндикке чыкканда, Кудайдын Руху аны башкарып баштайт, жана эркине карабастан өзгөртүп баштайт. Адамдын жанын утуп алуучу жакшы кабар адил адамдыр өзгөртүп жана ага улам күчтүү ишеним берип турат. Анан ал Теңирди даңктайт. Кудайдын сөзү анын ичинде жашайт, жана күн сайын ичинен өзгөрүлөт. Анын өзгөргөнүн көргөн адамдар күбөлөндүрүшөт, “Ал чыныгы куткарылган адам. Ал чыныгы машайакчы жана Кудайдын баласы болуп калыптыр.”
Шайтан дагы ал керемет жакшы кабардан качат. “Мен өлдүм!” дейт ал. “Бул дүйнөдө күнөө жок экендиги чын. Эч кимдин жүрөгүндө күнөө жок.” Ошондуктан шайтан адамдардын акылында иштейт, алардын ишенимдүү жашоосуна кийлигишет. Шайтандын иши жакшы кабар батасын алууга тоскоол кылуу.
Шайтан Ыйсадан толугу менен жеңилген. Шайтан Ыйса айкаш жыгачка керилди деп адамдардын акылына салуу аркылуу ийгиликке жетти. Бирок, Ыйса чөмүлгөндө эле дүйнөнүн күнөөлөрүн алган, ал айкаш жыгачка кадалганда ошол күнөөлөр үчүн төлөгөн. Ошентип ал жакшы кабарга ишенген адамдардын барын куткарган.
Шайтан Кудайдын адамдарды күнөөсүнөн куткаруу планына тоскоолдук кыла алган жок. Ыйса адамзаттын күнөөсү үчүн чөмүлүү жана кан аркылуу аткарылган жакшы кабар менен төлөдү. Эми бул дүйнөдө күнөө жок. Ыйса чөмүлүүсү аркылуу бардык күнөөлөрдү алды жана айкаш жыгачта аларды аягына чыгарып, айтты, “Аткарылды!” (Жакан 19:30) Эми шайтан жакшы кабардагыларды айыптай албайт. Ыйса шайтанды Өзүнүн төрөлүүсү, чөмүлүүсү, айкаш жыгачтагы өлүмү жана тирилүүсү аркылуу жеңди.
Сенин жүрөгүңдө дагы эле күнөө барбы? Жок. Машайакчылар эч кылчактабастан керемет жакшы кабардын негизинде айтса болот, “Менин жүрөгүмдө күнөө жок.” Ыйсанын суу жана Рух керемет жакшы кабарына ишенген адамдын жүрөгүндө кичинекей дагы күнөө жок.
Эми керемет жакшы кабар биздин жүрөгүбүзгө жазылып калды. Эми Кудайдын алдында биз өкүнө турган эч нерсе жок. Бардыгыңар Ыйса бардык күнөөлөрүңөрдү Өзүнүн Иордан дарыясында алган чөмүлүүсү аркылуу алып кеткен деп ишенесиңерби? Эгерде андай болсо, сенин Кудайга болгон ыраазычылыгың жана кубанычың толук болду. Керемет жакшы кабарга ишенүү аркылуу биз ыйыкталып бул дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарылдык. Биз Кудайга ырахмат айтабыз.
“Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди. Биз Анын сүйүктүү Уулу аркылуу, Уулунун каны аркылуу куткарылдык жана күнөөлөрүбүз кечирилди” (Колостуктар 1:13-14). Аллилуйя, Теңирге даңк.
Ыйса керемет жакшы кабар аркылуу куткарылуунун эшигин ачты. Сен дагы Кудайдын Ибадатканасынын көшөгөсү айрылгандай эле жүрөгүңдөгү тоскоолдукту керемет жакшы кабардын күчү менен сындырышың керек. Керемет жакшы кабар сен үчүн жана мен үчүн. Биз Асман Падышачылыгына ушул жакшы кабарга ишенүү аркылуу кирсек болот, бул бизге Ыйык Рухту бере турган жогорку чындык.