(Жакан 20:21-23)“Ыйса аларга дагы бир жолу: ‘Силерге тынчтык болсун! – деп айтты да, – Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем’, – деди. Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: ‘Ыйык Рухту кабыл алгыла! Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт, – деди.’”
Адилетүүлөргө Кудай кандай бийлик берген?
Суу жана Рух жакшы кабары аркылуу күнөөлөрдү кечирүүгө бийлик берген.
Жакан 20 бөлүмдө Ыйсанын тирилүүсү тууралуу жазылган. Биздин Теңир тирилгенден кийин Өз шакирттерине айтты, “Ыйык Рухту кабыл алгыла.” Ыйсанын шакирттери Ыйык Рухту Анын белеги катары кабыл алышты. Ыйса Ыйык Рухту жана түбөлүк өмүрдү Ыйса чөмүлүүсү жана каны аркылуу күнөөлөрдү алып кеткендигине ишенгендерге берди. Ыйык Жазуу Ыйсанын чөмүлүүсү куткарылуубузга себеп деп айтып жатат, башкача айтканда, Анын чөмүлүүсү бардык адамзатты күнөөлөрүнөн куткарды (1 Петир 3:21).
Ыйса эмне үчүн чөмүлдү?
Ыйса Жакан аркылуу эмне үчүн чөмүлдү? Бул суроого жооп Матай 3:15 аятта жазылган, “Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек.” Бул, “анткени” деген сөздүн мааниси Ыйса чөмүлгөндө дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти дегенди билдирет. Ыйсанын чөмүлүүсү Эски ОСуяттагы курмандыктын башына кол койууга окшош өткөн. Анын чөмүлүүсүнүн мааниси дүйнөнүн күнөөсүн Ыйсага жүктөө болгон.
“Ар бир адилетүү иш” деген эмне? “Аткаруубуз керек” деп Ал эмне үчүн айтты? “Ар бир адилетүү иш” деген Ыйса чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөсүн алып кетиши керек болчу. Ал эми “аткаруубуз керек” деген сөздүн мааниси булардын баары Кудайдын көз карашы боюнча туура келген.
Ыйса чөмүлүүсү аркылуу адамзаттын күнөөсүн алып Өзүнө ишенгендерди тазалады. Ыйса алардын күнөөлөрү үчүн чөмүлүп жана соттолуп, айкаш жыгачка кадалды. Бул күнөөлөрдөн кечирим алуу жакшы кабары. Кудайдын адилеттиги бардык күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн жок кылды.
Эгерде адамдар Матай 3:13-17 аяттарындагы Ыйсанын чөмүлүүсүнүн сырын билишсе, алар күнөөлөрүнөн кечирим алып Ыйык Рухка ээ болушмак. Ыйса Өз кызматында кандай иштерди кылган —Анын чөмүлүүсү, айкаш жыгачка кадалуусу жана тирилүүсү — бизди адилетүү кылып куткаруу берүү үчүн болду, бул Кудай аркылуу алдын ала пландалган. Ушундай кылуу менен, Ыйса бардык күнөөкөрлөрдүн чыныгы Куткаруучусу болуп калды. Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарылуу келип, биздин күнөөлөрдү жууп кетти.
Адамдар качан Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенгенде гана Ыйык Рухту ала алышат. Себеби Ыйса чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүнө алып жана бардык күнөөлөр Ага өткөн. Анын адамзат үчүн болгон айкаш жыгачтагы өлүмү менин өлүмүм жана Анын тирилүүсү менин тирилүүм болгон. Ошондой эле, Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны күнөөлөрдүн кечирилишин жана Ыйык Рухту алууну билдирет.
Мен сени Ыйсанын чөмүлүүсүнүн маанисин түшүнүп жана жакшы кабарга ишенип калат деп үмүттөнөм. Ошондо, сенин күнөөлөрүң жок болот жана сен Ыйык Рухту аласың. Эмне үчүн Ыйса чөмүлүү алды? Бул бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүнө жүктөө үчүн болду. “ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек” (Matthew 3:15). Оомийин, Аллилуйя!
Бүгүнкү күндө, кээ бир адамдар тилдерде сүйлөө Ыйык Рухту алуунун далили деп ишенишет. Бирок, чыныгы далил Ыйык Рухту алгандардын жүрөктөрүнө жазылып калган керемет жакшы кабарга ишенүү.
Теңир адил адамдарга күнөөлөрдү кечирүү бийлигин берген
Теңир Өз шакирттерине күнөөлөрдү кечирүү бийлигин берген, “Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт” (Жакан 20:23). Мунун мааниси качан шакирттер суу жана Рух жакшы кабарын таратканда угуп ишенгендердин бардыгы жана кечирим алышкан. Бирок алар суу жана Рух жакшы кабарына ишенишсе дагы башкалардын күнөөсүн кечире алышпайт.
Ыйсанын шакирттери суу жана Рух жакшы кабары аркылуу кандай күнөө болбосун кечире алышат. Ошондуктан, эгерде алар жазылган нерселерди окутушса, биз ага ишенишибиз керек. Сен Ыйса Машайак күнөөлөрүңдөн тазалаш үчүн суу жана Рух жакшы кабарын берген. Ошондо гана сен күнөөлөрүңдөн кечирим алып Ыйык Рухка ээ болосуң. Ыйса бизге суу жана Рух жакшы кабарын таратуу менен бардык элдердин күнөөлөрүн кечирүү бийлигин берген.
Бул дүйнөнүн төрөсүнүн бийлиги
Мурун, мен жашаган жерде, аңгыл дөңгүл жолдордо автобус менен жүрөт элек. Кээде адамдар автобустан түшүп дөңгө автобусту түртүп чыгарышчу. Бир жолу, Кореянын президенти жылуулук электростанциясынын ачылышына ошол жол менен келди. Адамдар муну укканда жолдорду шыпырып тазалап жолдун жээктерине дарактарды коюп тосушту. Ошол күн келгенде, алдыга мотоциклдар түшүп артта президенттин машинасы келе жатты. Көптөгөн адамдар колдоруна улуттук желекти кармап алышып тосуп чыгышты. Ошондо президент мындай деп айткан экен, “Бул жол өтө начар экен, муну оңдош керек.” Бир нече күндөн кийин, жолду асфальттап оңдошту.
Эмне болду? Президенттин бир эле сөзү, жолдун абалын өзгөртүп койду. Президенттин буйругунда кандай гана күч бар. Бирок, Машайак бизге берген суу жана Рух жакшы кабарынын күчү андан да чоң. Бул жакшы кабардын бизди бардык күнөөлөрүбүздөн тазалай ала турган күчү бар экендигине биз ишенишибиз керек.
Күнөөнү кечире ала турган чыныгы бийлик
“Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт.” Ыйсанын шакирттери бардык күнөөлөр кечирилди деп жакшы кабар айтышкан. Алар адамдарга айткан, “Ыйса Өз чөмүлүүсү жана каны менен дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн жок кылды. Эми эч нерсе жөнүндө санаа тартыштын кереги жок. Келечекте күнөө кыла турган болсоң дагы, Ыйса сенин күнөөлөрүңдүн бардыгын алып Жакан аркылуу чөмүлгөндө алган күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта кан төккөн. Ыйса сени куткарды! Сен буга ишенишиң керек!”
Күнөөкөрлөргө куткарылуу суу жана Рух жакшы кабарын Ыйсанын шакиртеринен угуп куткарылуу мүмкүнчүлүгү берилген. Ыйса шакирттерине суу жана Рух жакшы кабары аркылуу күнөөлөрдү кечирүүгө бийлик берген. Ишенгендер күнөөлөрдөн куткарылуу алышсын үчүн, Ыйсанын шакирттери дүйнөгө суу жана Рух жакшы кабарын таратышкан. Бул белек менен кошо Ыйса күнөөлөрдү кечирүү бийлигин берген.
Мен жакында чыгарган бул китепти адамдар окушуп, аны окушкандан кийин күнөөлөрүнөн куткарылышты. Кээ бирлери Ыйса бул дүйнөнүн күнөөсүн чөмүлүү аркылуу алып ошонун натыйжасында айкаш жыгачка керилгенин эми билгендигин айтып мындай деп жатышты жатышты, “Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык” (Ышайа 53:5).
Тирилгенден кийин, Ыйса шакирттерине айткан, “Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: Ыйык Рухту кабыл алгыла! Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт, – деди” (Жакан 20:22-23). Ыйса аларга адамдардын күнөөлөрүн кечирүү бийлигин берген.
Биз чындыкка ишенгенге чейин баш аламандыкта, боштукта жүргөнбүз. Бирок, азыр бизде Ыйсанын чөмүлүүсү жана канына болгон ишеним бар жана күнөөдөн эркинбиз, биз башкаларга жакшы кабарды таратуучуларбыз. Биздин Теңир Өз шакирттерине тынчтык берет. Биздин Теңир тынчтык, жана Ыйык Рух батасын дагы берет. Кудайдан тынчтык жана Ыйык Рухту алуу үчүн, биз Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төккөн канына ишенип күнөөлөрдөн кечирим алабыз.
Бизди күнөөдөн эркин кыла турган бул суу жана Рух жакшы кабары. Асмандын баталарына жеткире турган руханий ишеним ушул. Бирок адамдын өз ою жана өз ишеними аны талкаланууга алып барат. Биз куткарылууну суу жана Рух жакшы кабары менен алып Ыйык Рухка ээ болушубуз зарыл. Мындай ишенимге ээ болуу үчүн биз жер жөнүндө ойлогонду токтотуп, суу жана Рух жакшы кабарына бурулушубуз керек.
Ыйык Рухту алуу үчүн Ыйса биз үчүн чөмүлгөн жана айкаш жыгачка кадалган деген ишеним керек. Теңир бизге, суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендерге күнөөлөрдөн кечирим, тынчтык жана Ыйык Рухту берди. Ал Өз шакирттерине Ыйык Рухту берип жана суу жана Рух жакшы кабарга ишенгендердин күнөөлөрүн кечирүүгө бийлик берди.
Биз дагы ушул жакшы кабарга ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алдык. Суу жана Рух жакшы кабары башкаларга дагы ушундай жардам берди. Качан биз жакшы кабарды жакындарыбызга жана дүйнөгө айтканда, жүрөгү менен кабыл алгандар Ыйык Рухту алат. Эгерде биз айткан жакшы кабар адамдарга Ыйык Рухту бере албаса, анда бул чыныгы жакшы кабар эмес. Эгерде биз тараткан жакшы кабар Ыйык Рухту бере алса ал чыныгы жакшы кабар.
Ушундай жакшы кабарга ээ болгонубуз үчүн биз кандай бактылуубуз. Сен жана мен тараткан жакшы кабар ушунчалык жеткилең жакшы кабар. Бирок тилекке каршы, бул жакшы кабарга чындап ишенген жана билген адамды таабуу кыйын. Ошондуктан биз бул жакшы кабарды дүйнөгө таратышыбыз керек. Биз адамдарга Ыйык Рухту алууга жардам беришибиз зарыл.
Шайтанга алданып суу жана Рух жакшы кабарынан баш тарткандар
Биз Ыйсага ишенип калган адамдарга да жардам беребиз. Алардын көбү Ыйсага ишенсе дагы, Ыйык Рухту алыша элек. Ошондуктан биз аларга жакшы кабар таратуу аркылуу Ыйык Рухту алууга жардам беребиз.
Эгерде адам Ыйсага ишенсе дагы Ыйык Рухту ала элек болсо, алардын ишениминде шек бар. Ыйык Рухту алгандар гана чыныгы ишенмдеги адамдар деп эсептелинет. Ошондуктан бардыгыбыз Ыйык Рухту бере турган чыныгы ишенимде жүрүшүбүз керек. Биз суу жана Рух жакшы кабарын билишибиз зарыл, себеби жакшы кабардын чындыгы гана Ыйык Рухту алууга жардам берет.
Башкалар Ыйык Рухту алышы үчүн биз суу жана Рух жакшы кабарын таратабыз. Бирок, жакшы кабарды таратуучулардын көптөгөн кыйынчылыктар менен беттешүүсү күтүлөт. Кээ бир машайакчылар көп убакыт күч жумшоо аркылуу Ыйык Рухту алышат. Алар Ыйык Рухту алууга окшошпогон көптөгөн нерселер аркылуу өтүшөт. Көбүнчө алардын көзүн суу жана Рух жакшы кабарына ачуу үчүн курмандык талап кылынат.
Эгер ушул жакшы кабар аркылуу гана Ыйык Рухту алууга мүмкүн деп ар бир адам ойлонсо ким жакшы кабарды кабыл албай коймок? Чынгы жакшы кабар келгенге чейин шайтан адамдарды ар түрдүү жакшы кабарлар менен алдады. Мындай адамдар Ыйсанын жакшы кабарына ишенип жаткандан кийин дагы кандай нерсеге ишенишим керек дешет. Ошондуктан алар суу жана Рух жакшы кабарын четке кагышат.
Шайтан сокур кылып таштагандандыктан көптөгөн адамдар бүгүнкү күндө суу жана Рух жакшы кабарын кабыл алуудан баш тартышат. Алар Ыйсага ишенүүнү жөнөкөй гана тапшырма сыяктуу карашат. Бирок, чыныгы жакшы кабарды түшүнүү оңой эмес. Чыныгы жакшы кабар болгон суу жана Рух жакшы кабары жалган жакшы кабар менен жабылып калган.
Адамдар Ыйсага ишенем деп айтып анан жыйынга бара берсек эле Асман Падышачылыгына кире алабыз деп ойлошот. Көптөгөн адамдар Ыйык Рухту сыйынуу жана орозо кармоо сыяктуу иш аракеттер менен алабыз деп ойлошот. Бирок, мындай ишенимдер Ыйык Рухту алуунун чыныгы жолунан алыс. Алар тилдерде сүйлөө жана башка кереметтер Ыйык Рухту алуунун белгиси деп ойлошот.
Ошондуктан алар Ыйык Рухту алуу үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү керек экендигин зорго түшүнүшөт. Бирок, Ыйык Жазуунун айтканы боюнча Кудайдын Сөзүнө ишенүү аркылуу гана Ыйык Рухту алууга мүмкүн. Кудай Өз сөзү аркылуу Ыйык Рухту алуунун сырларын ачып берди.
Ыйык Рухту алууну каалагандар
Чоогу иштешкендер менен бир жолу Тайванга барып калдым. Ал жактагы адамдар Ыйык Рух жөнүндөгү китептерди сурашты. Россия жана Японияда да ошондой болду. Ушунчалык көп адамдардын Ыйык Рух жөнүндөгү китептерди сурагандыгынын себеби, адамдар бүгүн Ыйык Рухту алууну абдан каалашат. Көп адамдар Ыйсага ишенишет бирок Ыйык Рухту алгандыгын же албагандыгын так билишпейт, себеби алардын ичинде Ыйык Рух жашабайт.
Көптөгөн адамдар Ыйсага ишенишет жана алар Ыйык Рухту алганбыз деп айтышат. Бирок, Ыйык Рухту бир отоло алган адамдар абдан аз. Ыйсага ишенсе дагы Ыйык Рухту көптөгөн адамдар ала албай келишет, ошондуктан алар алууга умтулушат.
Дүйнөдөгү машайакчылардын арасында көптөгөн адамадар Ыйык Рухту алдык деп эсептешет. Кээ бирлери Ыйса менен түшүндө жолукканын айтат, кээ бирлери Ыйык Рух менде жашайт себеби мен жиндерди кубалагам дейт. Ошол сыяктуу эле адамдардын ишенимдери ушундай нерселерге негизделген. Бирок суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алган адамдар абдан аз.
Бир жолу мен бул дүйнөдө суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алуу жөнүндө жазылган китеп бул дүйнөдө жок экендиги тууралуу ойлондум. Көптөгөн адамдар Ыйык Рухту алгандыгы тууралуу сүйлөшүшөт бирок эмне үчүн Ыйык Рухту алуу тууралуу китептер жок? Дүйнө жүзүн кыдырсаң да мындай китептерди табу кыйын.
Ыйык Рухту алдык деп жалган айткандар Ыйсанын өзүнө жолуктук, Асман Падышачылыгына барып келдик жана тозокту көрдүк деп айтышат. Алар Ыйса мындай деп айтты деп ынандырышат, “Сен эрте келип алыптырсың. Дүйнөдө сен аткара турган көп иш калды, ошондуктан кайт.” Мындай нерсенин болушу мүмкүн эмес. Бирок, алар жолуккан Ыйса чыныгы Ыйсабы? Алардын жүрөгүндө күнөө бар болсо деле Ыйса аларга жолуга береби? Ыйса күнөөкөрлөрдүн ичинде жашайбы?
Ыйсага ишенсе дагы көптөгөн машайакчылардын ичинде Ыйык жашабастыгы чын. Ошондуктан биз, ичинде Ыйык Рух жашагандар, башкаларды ушул белекти алууга жетелеген жакшы кабарды таратышыбыз керек. Ар бир адам Ыйык Рухту кабыл алышы зарыл, андай кылуу үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү маанилүү. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу гана Ыйык Рухту ала алабыз. Чындыктын жакшы кабары аркылуу гана биз Ыйык Рухту ала ала турганыбызды билебиз.
Биз Теңирге суу жана Рух жакшы кабарын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирүүбүз керек. Бул китепти жазуу керек дегенимде мага Ыйык Рухтун кубанычы келди. Качан бул китеп чыкканда, көптөгөн адамдар суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу Ыйык Рухту алышат. “Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?” (Эл иш 19:2) деп Пабыл Эфестеги шакирттерден сурашты.
Биз барыбыз Ыйык Рухту алышыбыз керек. Дүйнөдөгү машайакчылар, өзгөчө Ыйык Рухту алууну каалагандар абдан тынчсыздануу менен өмүрүн өткөрүп жатышат. Мен Ыйык Рухтун жетеги менен Ыйык Рухту алуунун Ыйык Жазууга туура келген жолун айтып жатамын. Канаатануу менен жашоо үчүн, биз Ыйык Рухту бере ала турган чындык менен жашашыбыз зарыл. Себеби бул Ыйык Рухту жүрөгүңө алуу үчүн болгон акыркы мүмкүнчүлүк.
Мен жакшы адамдарга Ыйык Рухту алууга жардам берүүчү жакшы кабарды таратышым керек экендигин сезем себеби Ыйса Машайак мага суу жана Рух жакшы кабарын берди жана мага Ыйык Рухту белек кылды.
Бутпарастар дагы суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүлөрү керек
Ыйык Жазууда Ыйсанын шакирттери башкаларды Ыйык Рухту алууга жетектегендиги тууралуу жазылган. Ыйык Рухту алуу үчүн ал эмес бутпарастар дагы шакирттер ишенген ишеним менен эле ишенишкен. Кудайдын дүйнөсүнө кирүү үчүн бутпарастар деле шакирттер ишенген ишенимге ишенүүлөрү керек болгон. Ошондуктан биз, бутпарастар дагы Ыйык Рухту алуу үчүн чыныгы жакшы кабарга ишенүүбүз керек. Кудай Петирди Корнилийге жиберди, ал анын көзүн Ыйык Рухту алуу үчүн суу жана Рух жакшы кабарына ачуу үчүн жиберди.
Жүйүт машайакчылар бутпарастардын дагы суу жана Рух жакшы кабарга ишенгендерин угуп таң болушту. Качан Петир суу жана Рух жакшы кабарын тараткандан кийин Иерусалимге кайтып келгенде, сүннөткө отургандар аны кысымга алышты. “Эмнеге сен сүннөткө отургузулбагандарга барып, алар менен бирге тамак ичтиң!” (Эл иш 11:3) Бирок Петир аларга башынан баштап болгон окуяны төкпөй чачпай айтып берди.
Анын түшүндүрүп берген Эл иштери 11:5-17 аяттарда толук жазылган. “Жапа шаарында сыйынып отурганымда, мен бир көрүнүш көрдүм: асмандан мага төрт бурчунан кармалган чоң дасторконго окшогон бир идиш түштү. Мен анын ичин көз жүгүртүп карап чыгып, жер үстүндөгү төрт аяктуу жаныбарларды, сойлоп жүрүүчөлөрдү жана канаттуу куштарды көрдүм. Анан мен ‘Петир, тур, буларды союп же’ деген үндү уктум. Бирок мен: ‘Жок, Теңир! Мен эч качан арам, таза эмес нерсени жеген эмесмин’, – дедим. Ошондо мага асмандан экинчи жолу үн угулду: ‘Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе.’ Бул үч жолу болду. Андан кийин бардыгы кайрадан асманга көтөрүлүп кетти. Так ошол учурда Кейсареядан мага жиберилген үч киши мен конок болуп турган үйдөн алдына келди. Ошондо Рух мага: ‘Эч шектенбестен, алар менен жөнө’, – деди. Бул алты бир тууган да мени менен бирге жөнөштү. Ошентип, биз ал адамдын үйүнө бардык. Ал бизге өзүнүн үйүнөн периштени кандайча көргөндүгүн, ошол периште ага: ‘Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт. Ал сага өзүңдү да, үйүңдөгүлөрдү да куткара турган сөздөрдү айтып берет’, – деп айтканын айтып берди. Мен сүйлөй баштаганда, мурун биздин үстүбүзгө түшкөндөй болуп, алардын үстүнө да Ыйык Рух түштү. Ошондо мен Теңирдин ‘Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр’ деген сөзүн эстедим. Демек, эгерде Кудай бизге бергенин Теңир Ыйса Машайакка ишенген аларга да берсе, анда Кудайга каршы чыккыдай, мен киммин?”
Петир жөн гана сүннөткө отургузулбагандар менен чоогу тамак ичпестен, Ыйык Рух аларга жакшы кабар айттырганын айтты. Качан алар муну укканда унчукпей калышты жана Корнилийге, анын туугандары, жакын досторуна Кудай тобо кылууну жана өмүр бергени үчүн Кудайды даңташты.
Ыйык Рухту алуу үчүн зарыл болгон апостолдордун жакшы кабары
Апостолдун маанилүү тапшырмасы эмне болгон?
Адамдар Ыйык Рухту алуулары үчүн суу жана Рух жакшы кабарын таратуу.
Апостолдор чын эле суу жана Рух жакшы кабарын таратышты беле? Апостол Петир чын эле суу жана Рух жакшы кабарын тараткандыгын биз Ыйык Жазуудан тактап көрөлү, Петир айтат”Ошол сыяктуу эле азыр да бизди чөмүлдүрүү аркылуу куткарып жатат” (1 Петир 3:21). Апостол Петир качан Ыйса чөмүлүп айкаш жыгачта өлгөндө бардык күнөөкөрлөрдү куткаргандыгына ишенген. Ал дагы качан Ыйса чөмүлгөндө (Maтай 3:15), бардык күнөөлөр Ага өткөндүгүнө жана айкаш жыгачтка кадалып бизди куткаруу үчүн тирилгенине ишенген.
Азыркы күндө дагы Петирге окшош ишенген адамдар бар. Суу жана Рух жакшы кабарын тараткандар Петир тараткан жакшы кабарды тараткан адамадар. Бул чындыкты уккандар Ыйык Рухка ээ болушат.
Петир суу жана Рух жакшы кабарын таратканда көптөгөн адамдар Ыйык Рухту алган сыяктуу эле, биз дагы ошол чындыкты таратканда адамдардын ишенип жана Ыйык Рухту алып жатканын көрөбүз. Адамдар Ыйсаны жөн эле Теңир деп ишенип калу аркылуу Ыйык Рухту алышпайт, алар суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүлөрү керек.
Петир мурун бутпарастарды жерде сойлоп жүргөн курт кумурскалар катары эсептечү. Ыйса чөмүлүп жана айкаш жыгачка кадалып жана тирилгенге чейин мыйзам боюнча алар таза эмес жаныбарларга окшош болгон. Бирок суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу бутпарастар дагы Ыйык Рухту алып батага ээ болушту. Ошондо Петирге үн айтты, “Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе” (Эл иш 10:15).
Биз, бутпарастар катары, эч качан Ыйык Рухка ээ боло албайт элек бирок суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу биз Ыйык Рухка ээ боло алабыз. Качан биз өз ойлоруна таянган адамдарга чыдамдуулук менен жакшы кабар айтканда, аягында алардын суу жана рух жакшы кабарын кабыл алгандарын көрөбүз. Биз алардын келип Ыйсанын чөмүлүүсү жана канына ишенүү аркылуу күнөөсү жок экендигин айтканын да көрөбүз. Ошондо гана Ыйык Рух алардын ичинде жашап баштайт.
Биздин жакшы кабарды таратышыбыздын максаты аны жөн гана башкаларга түшүндүрүү эмес, бирок аларды Ыйык Рухту алууга жетектөө. Суу жана Рух жакшы кабарына адамдардын ишенип калуусу маанилүү. Бирок ошол эле убакта алардын Ыйык Рухту алып калуусу андан да маанилүү. Биз дүйнөдөгү адамдарга жөн гана жакшы кабар таратпайбыз, бирок биз аларды Ыйык Рухту алууга жетелейбиз.
Биз суу жана Рух жакшы кабарын муктаж болгондорго таратышыбыз керек. Эгерде биз жакшы кабарды жөн эле таратып койсок анда эмгегибиз текке кетет. Биз бул жакшы кабар адамдарга Ыйык Рухту алууга жардам бере тургандыгын билишибиз зарыл. Качан биз эсибизге тутуп алып жакшы кабарды таратканыбызда, Ыйык Рухтун жалыны бизди бүткүл дүйнөдө каптап жүрөт.
Качан жакшы кабар тартуучу, жакшы кабар таратуу бул жөн гана адамдарды ишендирүү эмес экендигин билгенден кийин, ал өз кызматын адамдарды жөн эле ынандыруу эмес бирок аларга Ыйык Рухту алууга жардам берип жаткандыгын түшүнөт. Ошондуктан биздин суу жана Рух жакшы кабарын таратуубуз абдан маанилүү.
Кээ бирөөлөр укканда эле жакшы кабарга жүрөгү менен ишенип Ыйык Рухту алып калышат. Биз таратып жаткан жакшы кабардын адамдардын жашоосуна таасири абдан чоң экендиги айкын. Жакшы кабардын күчү бул Кудай берген бийликте.
Петир Жүйүттөргө жакшы кабар айткан, а Пабыл болсо бутпарастарга айткан. Качан Петир үйдүн чатырында сыйынып жатканда, ал асмандын ачылганын көрдү жана чоң идиш ага түштү. Анда Ыйык Жазуу жеөгө тыюу салган ар кандай жаныбарлар бар экен.
Петир эч качан мындай таза эмес нерсени жеген эмес. Бирок, Кудай аларды союп жеөгө буйрук берди. Петир баш тартып, айтты, “Жок, Теңир! Мен эч качан таза эмес нерсе жеген эмесмин!” Ошондо үн ага сүйлөдү, “Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе.” Мунун мааниси эмне? Кудай Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн жууп кетти, бутпарастар да, Ыйса чөмүлүп айкаш жыгачка кадалганда Аны менен кошол өлдү дейт.
Арам жаныбарларды союп же деген буйрукту берүү менен Кудай Петирге бутпарастар дагы Ыйсанын бул дүйнөгө келип бардык күнөөлөрдү чөмүлүүсү менен алып алар соттолуп айкаш жыгачка кадалуусу аркылуу Кудайдын балдары болуп калгандыгын үйрөтүүнү каалаган.
Ыйык Рухту алса дагы Петир руханий көз караш менен карабастан, дагы эле мыйзамдын эрежелерин аткарып жашап жүргөн. Бирок Петир тобо кылып бутпарастардын дагы күнөөлөрү жуулуп кеткендигине ишенди. Петир керемет жакшы кабардын баалуулугу дагы тереңирээк экендигин түшүндү. Ал Кудайдын сөзүн айтып жатканда Ыйык Рухтун угуучулардын үстүнө түшкөнүн көрдү.
Бүгүнкү күндөгү жакшы кабар таратуучулар Ыйык Рухту алгандыгын биз кантип билебиз? Муну суу жана Рух жакшы кабары аркылуу билсек болот. Керемет жакшы кабарга ишенген адам, жакшы кабар таратуучу сүйлөп жатканда Ыйык Рухту алган. Жакшы кабар таратуучунун дагы жүрөгүнө Ыйык Рух келген. Жакшы кабар таратуучу менен угуучу бала чагынан бери дос болгон адамдардай баарлашышат. Алар бири биринин ичинде Ыйык Рухтун жашаганын көрүшөт. Жакшы кабар таратуучу, угуучунун суу жана Рух жакшы кабарын кабыл алуу аркылуу Кудайдын элине кошулганын көрөт.
Качан биз жакшы кабар таратканда, суу жана Рух жакшы кабарына ишенип калгандардын Ыйык Рухту алгандарын көрөбүз. Биздин куткарылуу ошондон. Ошондуктан биз суу жана Рух жакшы кабарын таратышыбыз керек. Биз тараткан жакшы кабар башкаларды Ыйык Рухту алууга жетелейт.
Ичинде Ыйык Рух жашагандар булар Кудайдын балдары. Суу жана Рух жакшы кабары деноминациянын доктриналары эмес, ошондуктан качан биз аны башкаларга таратканда алар Ыйык Рухту алып Кудайдын балдары болуп калышат. Бул кандай чоң бата! Кандай гана керемет жакшы кабар! Анын иштери кандай керемет! Суу жана Рух жакшы кабарын тараткандар Кудайдын Падышачылыгын курууга жардам беришет. Биз жөн гана жакшы кабар таратабыз, ал эми алар Ыйык Рухту кабыл алышат.
Кээ бир адамдар Ыйсага ишенүү бөлөк, Ыйык Рухту алуу бөлөк деп ойлошот. Ошондуктан, машайакчылар Ыйык Рухту сурап сыйынышат. Бирок Ыйык Жазуу, Ыйык Рух Анын кызматчылары тараткан жакшы кабарды угуп ишенүүдөн келет деп айтышат. Дүйнөдөгү адамдар Ыйык Рухка суусап келишет. Биз тараткан жакшы кабар алардын суусунун кандырат. Ошондуктан биз жакшы кабарды бүт дүйнөгө таратууга жоопкерчиликтүүбүз. Биз Атанын балдары жана Анын мурасчыларыбыз, биз Анын Улуу Тапшырмасына ишенимдүүбүз.
Биздин максат адамдарга Ыйык Рухту алууга жардам берүү экендигин эске тутуп, жакшы кабарды таратуубуз зарыл. Суу жана Рух жакшы кабарына жакшы кабарчы башкаларга таратуудан мурун өзү ишениши керек. Ошондо анын угуучулары жакшы кабарга ишенип Ыйык Рухту кабыл алышат. Ошондо биз жакшы кабарга ишенгендерге өмүрдүн демин бере алабыз. Биздин максат аларды караңгынын күчүнөн бошотуп жана Кудайдын Падышачылыгына багыттоо. Жакшы кабар таратуучу караңгынын күчтөрүнүн алдында жүргөн күнөөкөрдү Кудайдын Уулунун Падышачылыгына жетектей алат. Күнөөкөрлөрдү Кудайдын уулдарына айлантуу абдан маанилүү иш.
Көптөгөн адамдар Ыйык Рухту алуунун ачкычын билишпейт жана өз күчү менен Ыйык Рухту алууга аракет кылышат. Бирок бул куру бекер аракет. Жалгыз гана жакшы кабарга болгон ишеним керек, себеби ишеним бардык күнөөлөрдөн эркин кылат.
Ыйык Рухту кантип кабыл алдың? Сыйынуу аркылуубу? Же кол койуу аркылуубу? Жок, бул туура эмес жол. Биз качан гана суу жана Рух жакшы кабарына ишенгенде Ыйык Рухту ала алабыз. Дүйнөдөгү адамдар Ыйык Рухту алуулары үчүн биз сыйынып жана жакшы кабар айтышыбыз керек.
“Апостол” деген сөздүн мааниси “Кудай жиберген” дегенди түшүндүрөт. Апостолдор эмне кылышат? Адамдар Ыйык Рухту алуулары үчүн суу жана Рух жакшы кабарын таратышат. Сен дагы биз менен чоогу ушул ишке катышууну каалайсыңбы? Ичибизде Ыйык Рух жашагандар баарыбыз тең жакшы кабарды бардык адамдарга таратуубуз керек. Аллилуйя! Теңир бизге Ыйык Рухту берүүсүнө жол ачкан жакшы кабардын чындыгын даңктагыла!