• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

1-тема: Күнөө

[1-1] Куткарылуу үчүн биринчи биз өз күнөөлөрүбүз жөнүндө билүүбүз керек (Марк 7:8-9, 20-23)

Куткарылуу үчүн биринчи биз өз күнөөлөрүбүз жөнүндө билүүбүз керек(Марк 7:8-9)
«Кудайдын осуяттарын четке таштап коюп сен адамдык салттарды кармайсың—идиштерди, чөөгүндү жуу жана ушул сыяктуу сен жасап жаткан көптөгөн нерселер бар. Жана Ал аларга айтты «Силер Кудайдын осуяттарын четке кагып өз үрп-адаттарыңарды кармайсыңар». 
 
(Марк 7:20-23)
«Жана дагы Ал мындай деп айтты «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат. Анткени ичтен адамдын жүрөгүнөн; жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү, уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик акылсыздык чыгат. Мына ушул жамандыктын баары адамдын ичинен чыгып, аны арам кылат деди». 
 

Биринчиден мен күнөө деген эмне экендигин силерге аныктап берейин. Адам күнөө деп эсептеген жана Кудай күнөө деп эсептеген күнөөнүн эки түрү бар. Байыркы Грек тилиндеги ‘hamartia’ деген сөздүн мааниси бутадан жаңылуу, же туура эмес бир нерсе кылуу дегенди түшүндүрөт. Кудайдын осуятына тил албоо бул күнөө. Келгиле адегенде күнөөгө болгон адамдын көз карашын карап көрөлү. 
 
Күнөө деген эмне?
Кудайдын осуяттарына баш ийбестик.
 
Күнөөнү биз өз абийрибиз менен тааныйбыз. Кандай болсо да, адамдын көз карашы анын социалдык чөйрөсүнө, менталитетине, абалына жана абийрине байланыштуу ар түрдүү болот. 
Ошондуктан ар түрдүү адамдардын көз карашы боюнча күнөөгө берилген аныктама ар башкача. Кандайдыр бир иш бир адамдын көз карашы боюнча күнөө деп эсептелинбейт, ал эми дагы бирөө үчүн ошол эле иш күнөө деп эсептелиши мүмкүн. Ошондуктан адам күнөөнүн толук стандартын билиши үчүн Кудай бизге 613 түрдүү мыйзам иштерин берген. 
Төмөндөгү диаграмма адам баласынын күнөөсүн чагылдырат. 

Кудайдын мыйзамы.
Адамдын абийри, адеби жана социалдык нормасы.
Улуттук жана граждандык мыйзамдар.
 
Биз эч качан өз абийирибиз же социалдык норманын негизинде күнөөгө стандарт койбошубуз керек. 
Биздин абийирибиз боюнча биз күнөө деп эсептеген нерселер Кудай күнөө деп эсептеген нерселерге туура келе бербейт. Ошондуктан биз өз абийирибизди укпастан Кудайдын осуяттары эмнени күнөө десе ошону угушубуз зарыл. 
Ар бирибиздин күнөө жөнүндө өзүнчө ар башка түшүнүгүбүз бар. Кээ бир иштерди адам өзүнүн кемчилиги катары эсептесе, башка бирөө үчүн таптакыр эле бузулгандык болуп эсептелет. 
Мисалы үчүн Кореяда адамдар өз ата—энелеринин күмбөзүн чөп менен жаап коет жана ал чөп соолуганга чейин ал чөп үчүн кам көрөт. Бирок Папуа Жаңы Гвинеядагы кичине уруулардын бири, маркумга урмат көрсөтүү үчүн үй—бүлөнүн баардык мүчөлөрү чоогу отуруп алышып маркумдун этин жешет. (Алар бышырабы же чийки бойдон жешеби мен так билбейм). Себеби алар маркумдун денесин курттартын жеөсүнө ыраа көрбөйт болуш керек деп ойлойм. Алардын бул үрп-адаты адам баласынын күнөөгө болгон көз карашы ар башкача экендигине эң жакшы мисал боло алат. 
Кандайдыр бир маданиятта жакшы иш деп эсептелген нерсе башка маданиятта таптакыр келесоолук болуп көрүнүшү мүмкүн. Эмнеси болсо дагы Библия күнөө бул Кудайдын осуяттарына баш ийбөө деп айтат. «Анткени силер Кудайдын осуятын таштап, адамдык салттарды; кумура менен чөйчөктөрдү жуу жана башка ушул сыяктуу салттарды кармайсыңар. Ал аларга дагы мындай деди; Өзүңөрдүн салтыңарды кармоо үчүн, Кудайдын салттарын четке кагып жатканыңар жакшыбы?» (Марк 7:8-9). Биздин физикалык көрүнүшүбүз Кудайга маанилүү эмес себеби Кудай биздин жүрөгүбүздүн тереңин карайт. 
 

Кимдир бирөөнүн Кудайдын алдындагы өзүнчө күнөө ченемдүүлүгү.

Эң олуттуу күнөө деген эмне?
Бул Кудайдын Сөзүн четке кагуубу?
 
Анын эрки менен жашабагандыктын өзү бул күнөө. Бул Анын сөзүнө ишенбегендике барабар. Кудай айткандай, Фарисейлер сыяктуу Кудайдын осуяттарын четке кагып өз салт-санааларын окутууну, аларды биринчи орунга коюп жашоо бул күнөө. Ыйса фарисейлерди эки жүздүүлөр деп эсептеген.
Сен кайсы Кудайга ишенесиң? Сен чын эле Мага ишенип Мени даңктайсыңбы? Сен менин атым менен мактанысың. Бирок сен чын эле мени урматтайсыңбы? Адамдар жөн гана үстүртөн карап Анын Сөзүн четке кагышат. Эң олуттуу күнөө бул Анын сөзүн четке кагуу. Сен бул нерселер жөнүндө билесиңби? 
Биздин колубуздан келбегендиктин натыйжасынан келип чыккан мыйзамсыздык иштерибиз биздин алсыздыгыбыз. Бүгүнкү күндө жеткилең эмес болгондуктан кылган биздин каталарыбыз жана туура эмес кылган иштерибиз биринчи күнөөгө байланыштуу эмес, алар жөн гана туура эмес иштер. Кудай күнөө менен адам баласынын туура эмес иштерин айырмалайт. Кимде ким туура эмес иштери жок болсо да, Анын Сөзүн четке какса ал адам чоң күнөөкөр. Ошол себептен Ыйса фарисейлерди айыптаган. 
Мусанын беш китебинде Башталыш китебинен баштап Мыйзам кайталоо китебине чейин, биз эмнени кылышыбыз керек жана эмнени жасабашыбыз керектиги жөнүндө жазылган. Ооба, мунун баардыгы тең Кудайдын Сөзү болсо да биз аларды 100% сактай албайбыз, ошентсе да биз Анын сөздөрүн Кудайдын осуятары катары кабыл алышыбыз керек. Ал Өз сөздөрүн башында эле бергендиктен аларды биз Кудайдын Сөзү катары кабыл алышыбыз зарыл. 
Башталышта «Сөз болчу жана Сөз Кудай менен болчу жана Кудай Өзү Сөз болчу» Ал бардыгын жараткан. Андан соң ал Мыйзамды орнотту. 
«Жана Сөз дене болду жана Ал биздин арабызда жашады» (Жакан 1:1, 14). Анда Кудай бизге Өзүн кандайча көрсөтөт? Ал Өзүн Өз Осуяттары аркылуу көрсөтө алат? Себеби Кудай Өзү Сөз жана жана Рух. Ошондуктан биз Библияны кандай деп атайбыз? Библияны биз Кудайдын Сөзү деп атайбыз. 
«Ошондуктан Кудайдын осуяттарын четке кагып адамдык үрп—адаттарды кармайсыңар.» Мыйзамда биз аткарыш керек болгон 613 мыйзам бар. Муну кыл жана муну кылба, ата—энеңди сыйла. Лебилер китебинде үй жаныбары чуңкурга түшүп кеткен учурда аял киши, эркек киши да эмне кылуусу керектиги жазылган. Ушул сыяктуу нерселердин Мыйзамда 613 түрү жазылган. Булар адамдык сөздөр болбогондуктан биз бул сөздөр жөнүндө кайра кайра ойлонуубуз керек. Биз Ал берген Осуяттардын бардыгын аткара албасак да, аларды барктап жана аларды аткарышыбыз керек. 
Кудайдын Сөзүндө туура эмес болгон бир сөз барбы? Фарисейлер Кудайдын Осуяттарын четке кагып адамдык үрп адаттарды Анын осуяттарынан да жогору коюп алышкан. Алардын карыларынын арасындагы сөздөр Кудайдын Сөздөрүнөн да жогору болуп калган. Ыйса жер үстүндө жүргөн кезде Ал адамдардын Кудайдын Сөздөрүн четке какканын күбөлөндүргөн жана бул үчүн Анын жүрөгү жараланган. 
Кудай биз Өз күнөөбүздү түшүнүүбүз үчүн жана Кудайдын чындык экендигин жана биздин Ыйык Кудайыбыз экендигин түшүнүүбүз үчүн 613 мыйзам эрежелерин берди. Биз бардыгыбыз Анын алдында күнөөкөр болгондуктан, бизди сүйгөндүктөн жерге жиберилген Ыйсага болгон ишеним менен жашашыбыз керек. 
Кимде ким Анын Сөздөрүн четке какса жана ага ишенбесе ал адам күнөөкөр. Анын Сөздөрүн аткара албаган адам да күнөөкөр. Бирок Анын сөзүн барктабастык мындан дагы чоң күнөө. Ал эми кимде бул чоң күнөөлөр бар болсо алар тозоко тийешелүү адамдар. Анын сөзүнө ишенбестик Кудайдын алдында зор күнөө. 
 
 

Кудайдын бизге мыйзамды берүүсүнүн себеби.


Кудай бизге мыйзамды эмне үчүн берген?
Биз өз күнөөбүздү жана алар үчүн болгон жазаны түшүнүү.

Кудай бизге мыйзамды эмне себептен берди? Кудай биз өзүбүздүн күнөөкөр экендигибизди билип Ага кайрылуубузду каалаган. Ал бизге 613 түрдүү мыйзамды, биз өз күнөөлөрүбүзду көрүүбүз үчүн жана Ыйса Машаяк аркылуу куткарылып калуубузду каалагандыктан берди. Ошол себептен Кудай бизге мыйзамды берген. 
Рим 3:20 айтылгандай «Мыйзам аркылуу күнөө таанылат». Бул аркылуу Кудай бизди мыйзам аркылуу жашоого зордоо үчүн берген эместигин билебиз. 
Мындай болсо биз мыйзамдан эмнени үйрөнөбүз? Биз Мыйзымды толугу менен аткаруу үчүн ушунчалык алсызбыз жана Мыйзамды аткара албаган чоң күнөөкөрлөрбүз. Бирок Кудай бизге берген Мыйзамдын 613 түрүнөн эмнени үйрөнө алабыз? Биз өзүбүздүн алсыз экендигибизди жана Мыйзамды аткара албаздыгыбызды үйрөнөбүз. Жана биз өзүбүз Кудайдын жараткандары болуп туруп Анын эркин аткара албагандыгыбыз жана Анын алдында күнөөкөр экендигибизди билебиз. Кудайдын Мыйзамы боюнча биз баардыгыбыз тозоко кетишибиз керек болчу. 
Качан биз өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди жана Анын Мыйзамдарын аткара албастыгыбызды билгенден кийин биз эмне кылабыз? Биз жеткилең болгонго аракет кылабызбы? Жок. 
Биз жөн гана өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди мойнубузга алышыбыз керек жана Ыйсага ишенип Анын суу жана Рух аркылуу болгон куткарылуусуна ишенип Ага ырахмат айтуубуз керек. Ал Өз Мыйзамын бизге, биздин өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди түшүнүшүбүз үчүн жана күнөөнүн жазасын билишибиз үчүн берген. 
Эгерде биз Ыйсага өз Куткаруучубуз катары ишенсек биз анда куткарылабыз. Кудай бизге Мыйзамды бергенинине себеби бизди ошол Мыйзам аркылуу Ыйса Теңирге жол көрсөткүсү келген. 
Кудай бизге Мыйзамды бергенинин себеби Ал биздин канчалык күнөөкөр экенибизди биздин билүүбүздү каалаган жана биздин жаныбызды ошондой күнөөдөн куткарууну каалаган. Ал бизге Мыйзамды берди жана Өзүнүн жалгыз Уулун жиберди, Ыйса биздин баардык күнөөлөрүбүздү алуу менен бизди Өз чөмүлүүсү аркылуу куткарды. Ага ишенүү аркылуу биз куткарылууга ээ боло алабыз. 
Ал эми биз болсо күнөөбүздөн куткарылуу үчүн Ыйсага ишенүү керек болгон, күнөөлөрүбүздөн куткарылууга жана Анын балдары болууга муктаж үмүтсүз күнөөкөрлөрбүз. 
Биз Анын сөздөрү аркылуу ойлонуубуз жана Анын сөздөрүн түшүнүүбүз зарыл. Анткени баардык чындык жалгыз гана Андан келет. Дагы биз Анын Сөздөрү аркылуу келе турган куткарылууну түшүнүүбүз өтө зарыл. Бул болсо Анын туура жана чындык Сөзү. 

 
Адам баласынын жүрөгүндө эмне бар? 

Кудайдын алдында биз эмне кылуубуз керек?
Биз күнөөбүздү мойнубузга алып жана бизди куткар деп сыйынуубуз керек.

Ишеним Кудайдын Сөзү менен башталат жана биз Ага Анын Сөзү аркылуу ишенүүбүз керек. Эгерде биз ишенбесек анда биз эң чоң ката кетирген болобуз. Ал эми бул болсо туура эмес жана чыныгы ишенимге жатпайт. 
Качан фарисейлер жана окумуштуулар Ыйсанын жуулбаган колдору менен нан жеп жатканын көргөндө алар Кудайдын Сөзү боюнча иш кылган жок деп аны күнөөлөштү. Бирок Кудайдын Сөзү бизге адамдын ичине кирген нерсе адамды арам кылбайт, себеби ал адамдын ашказанына кирет да адамдын жүрөгүнө таасир бербестен кайра чыгып кетет деп айтат.
Марк 7:20-23, аяттарда айтылгандай «Анан Ыйса сөзүн улап; «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат. Анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн; жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү, уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат».
Ыйса болсо ал адамдарга силер күнөөдө төрөлгөндүктөн күнөөкөрсүңөр деп айтты. Бул аркылуу Ал эмнени айткысы келгенин силер түшүнөсүңөрбү? Биз Адам атанын тукуму болгондуктан күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз. Бирок биз Анын Сөзүнө ишенбегендиктен жана аны кабыл албагандыктан бул нерселерди көрө албайбыз. Анда адамдын жүрөгүнүн ичинде эмне бар? 
Жогорудагы аяттар көрсөткөндөй «Адамдын жүрөгүнөн жаман ойлор, ойноштук, адам өлтүрүү, уурулук, кошомат кылуу, бузулгандык, ачуулануу, куулук, дунүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат.» Адамдын жүрөгүнөн баардык бузулгандык жана жана адамдын жүрөкгүн булгайт. 
Забур китебинде жазылгандай «Мен Сенин колуң жазаган Асманды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарды карап туруп; «Сен унутпагыдай адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?» деп ойлойм (Забур 8:4-5).
Эмне үчүн Кудай бизге Өзү келет? Ал бизди сүйгөндүктөн бизди жараткандыктан жана бизге күнөөкөрлөр катары боору ооругандыктан бизге келет. Ал биздин баардык күнөөлөрүбүздү кечирип жана бизди Өз эли кылып койду «О Теңир, о Теңир, Сенин атың Асмандан жана жерде кандай улуу!» Эски осуятта Дөөт падыша Кудай күнөөкөрлөрдүн Куткаруучусу экенин билгендей Жаңы Осуятта апостол Пабыл ошол эле забурду кайталайт. 
Биз Кудайдын жаратылышы анын балдары болуп калгандыгыбыз кандай таң калыштуу. Муну Ал бизге боору ооругандыктан гана кылды. Бул Кудайдын бизге болгон сүйүүсү. 
Биз анын мыйзамы аркылуу жашаганга аракет кылуубуз бул Кудайдын алдында өз күчүбүз менен адилет боло алабыз дегендик экенин билишибиз керек. Бул дагы биздин Анын улуулугун жана ыйыктыгын четке каккандыгыбыз болуп эсептелет. Биздин Анын сүйүүсүнөн сырткары жашап Анын мыйзамдарын аткаруу үчүн күрөшүп жана ошондой жашоо үчүн сыйынуубуз туура эмес. Биз өзүбүздүн Мыйзам алдында күнөөкөр экендигибизди мойнубузга алып жана Ыйсанын суусу жана каны аркылуу куткарылуусуна ишенүүбүз Кудайдын эрки. 
Марк 7:20-23, тө жазылгандай «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат. Анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн; жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү, уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат» 
Ыйса Өзү айткандай адамдын жүрөгүнөн чыккан ички күнөөлөрү гана аны булгап коёт. Ал тургай Кудай берип жаткан арам тамактар дагы адамды булгай албайт. Бардык жаратылган нерселердин баардыгы тең таза, бирок адамдын ичинен чыккан нерселер гана адамды арам кыла алат, же башкача сөз менен айтканда күнөө гана адамды арам кыла алат. Биз бардыгыбыз Адамдын тукумубуз. Демек биз эмне аркылуу төрөлдүк? Биз он эки түрдүү күнөө менен төрөлдүк. Бул туура эмеспи? 
Анда биз күнөө кетирбей жашай алабызбы? Биз күнөөдө төрөлгөндүктөн күнөө кетирүүнү уланта беребиз. Биз Мыйзамды жакшы билсек эле күнөө кетирбей калабызбы? Биз Анын бардык осуяттарын аткарып жашай алабызбы? Жок. 
Биз канчалык Мыйзамды аткарып жашоого аракетенген сайын биз ошончолук, аны аткаруу бизге кыйын болот. Биз өзүбүздүн алсыз экенибизди билип биздин мурунку аракеттерибизди токтотобуз. Ошондо биз өз акылыбызда муну түшүнүп Ыйсанын бизди куткара ала турган чөмүлүүсүн жана канын кабыл алабыз. 
Мыйзамдын 613 түрү албетте жакшы жана адилеттүү. Бирок адамдар энесинин ичинде жаткандан баштап эле күнөөкөр болуп төрөлүшөт. Качан биз Кудайдын мыйзамы туура экендигин жана биз күнөөкөр жана өз күчүбүз менен Кудайга жага албастыгыбызды түшүнгөндө, биз Анын ырайымына, Анын суу жана кан аркылуу куткарылуусуна же Анын суу жана Рух аркылуу келген жакшы кабарына муктаж экенибизди түшүнөбүз. 
Качан биз өзүбүздүн алсыздыгыбызды өз күчүбүз менен жакшы боло албастыгыбызты, биз өзүбүздүн күнөөбүз үчүн тозоко бараарыбызды түшүнгөндө, биз Ыйсанын куткарылуусуна таянабыз. 
Биздин куткарылуубуз мүмкүн боло турган нерсе. Бирок биз Кудайдын алдында өз күчүбүз менен адилет же такыбаа боло албастыгыбызды билүүбүз керек. Ошондуктан биз Анын алдында тозоко бара турган күнөөкөр экенибизди мойнубузга алып Аны бизге боору оорусун суранып «О Кудай мени күнөөлөрүмдөн куткар, мага боор оору» деп сыйынуубуз керек. Ошондо Ал сөзсүз түрдө бизди Өз сөзүндө жазылгандай куткарат. Келгиле Дөөттүн сыйынуусун окуп көрөлү» (Забур 51:4). 
Дөөт өзүнүн күнөөкөр экендигин жана тозоко барууга татыктуу экендигин билген. Бирок ошентсе да ал Кудайдын алдында моюн сунуп айткан. «Теңир эгер сен мени күнөөкөр деп жатсаң анда сен күнөөкөрмүн, эгер Сен мени адилетүү деп атап жатсаң анда мен адилеттүүмүн. Эгер Сен мени куткарсаң мен куткарыламын, эгер мени тозокко жиберсең анда мен тозоко барам ». 
Бул туура ишеним жана куткарылуу жолу. Ыйсанын куткаруусуна ишенсек жана үмүтөнсөк анда биз да ушундай болуубуз керек. 
 
 

Биз Күнөөлөрүбүз эмне экендигин так билүүбүз керек.

 
Биз баардыгыбыз Адам атанын тукумдары болгондон кийин бардыгыбыз күнөөкөрлөрбүз жана бардыгыбыздын жүрөктөрүбүздө күнөөкөр каалоолор жашайт. Кудай бизге ойноштук кылба деп айтып жатса да биздин жүрөктөрүбүздө ойноштук жашайт. Биздин жүрөгүбүздө адам өлтүрүү жашайт. Бирок Кудай эмне дейт? Кудай бизге адам өлтүрбө деп айтат. Биз жүрөгүбүздө ата-энени сыйлабоо жашайт. Бирок Кудай ата-энени сыйла деп айтат. Биз Анын Сөзү туура жана жакшы экендигин билишибиз керек. Бирок баарыбыздын журөгүбүздө күнөө жашайт. 
Бул туурабы же туура эмеспи? Бул эң туура. Анда биз Кудайдын алдында эмне кылышыбыз керек? Биз Кудайдын алдында күнөөкөр жана үмүтсүз экенибизи моюнга алышыбыз керек. Мен кечээ такыбаа жашадым, бүгүн такыбаа болбой калдым себеби мен бүгүн көп күнөө кетирдим деп айтуу да туура эмес. Биз күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз. Кандай кылсак да биз баары бир күнөөкөрбүз. Биз күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз. Ошондуктан биз Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенүү аркылуу куткарыла алабыз. 
Биз туура эмес иш кылгандыктан, ойноштук кетиргендиктен, адам өлтүргөндүктөн, уурулук кылгандыктан улам күнөөкөр болбойбуз. Биз күнөөкөр болуп төрөлгөндүктөн күнөөкөрбүз. Биз он эки түрдүү күнөө менен төрөлгөнбүз ошондуктан Кудайдын көз алдында күнөөкөрбүз. Өз иштерибиз аркылуу биз эч качан жакшы боло албайбыз. Биз өзүбүздү жакшы кылып көрсөтө алабыз. 
Биз акыл-эсибиз күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз. Демек бул күнөөлөрдү кетирбеген күндө да кантип биз Кудайдын алдында алилет боло алабыз? Биз эч качан өз күчүбүз менен Кудайдын алдында адилеттүү боло албайбыз. Эгер биз адилеттүүбүз деп айтсак биз эки жүздүүлүк кылып жатабыз. Иса дин окутуучуларын жана фарисейлерге мындай деген. «Эки жүздүү дин окутуучулары жана фарисейлер». Адам баласы күнөөкөр болуп төрөлгөн жана адам өмүр бою күнөө кылат. 
Кимде ким өмүрүмдө эч качан урушкан эмесмин, эч кимди чапкан эмесмин, эч качан ийне да уурдаган эмесмин десе ал жалган айтып жатат себеби адамдын баардыгы тең күнөөкөр. Ал адам жалганчы, күнөөкөр жана эки жүздүү. Кудайдын көз карашы боюнча ал адам так ошондой. 
Себеби бардыгы тең күнөөкөр болуп төрөлүшкөн. Сен бир да күнөө кетирбесең деле баары бир тозоко барасың. Мыйзамдын көбүн аткарсаң да сен күнөөкөрсүң жана тозоко бара турган адамсың. 
Анда тозоко барбаш үчүн эмне кылуубуз керек? Биз Кудай бизге ырайым кылып, бизди куткаруусун сурап сыйынышыбыз керек. Эгер Ал бизди куткарбаса биз тозоко барабыз. Бул биздин тагдырыбыз. 
Бирок ким Кудайдын Сөзүнө баш ийип күнөөкөр экендигин мойнуна алса анда ал адам ишеним аркылуу адилеттүү болуп калганын да билет. Демек эң чоң күнөө бул Анын Сөзүн барктабастан четке кагуу. Ким Анын Сөзүн кабыл алса алар мурда күнөөкөр болсо да азыр адилет. Алар Анын Сөзү аркылуу жана ырайымы аркылуу кайра төрөлгөн эң бактылуу адамдар. 
 
 
Өз иштери аркылуу куткарылууга аракет кылгандар күнөөкөр бойдон кала беришет.

Кимдер Ыйсага ишенгенден кийин деле күнөөкөр болуп кала беришет?
Ким өз иштери аркылуу куткарылууга аракет кылса.
 
Келгиле Галатыктарга 3:10 жана 11. окуйлу. «Ал эми мыйзамга таянгандардын баардыгы каргыш астында. Анткени Ыйык Жазууда; «Тооратта жазылган мыйзамды толук аткарбаган адамга каргыш» деп жазылган. Мыйзам аркылуу Кудайдын алдында эч ким акталбастыгы белгилүү. Анткени адил адам ишеним аркылуу тирүү болот деп жазылган.»
Ыйсага ишенип туруп, дагы эле иштери менен куткарылам деп жүргөндөр каргышка калгандар. Өз иштери менен куткарылууга аракет кылып жүргөндүн бардыгы кайда? Алардын Кудайдын каргышында. 
Кудай бизге Мыйзамды эмне үчүн берген? Ал биз өз күнөөлөрүбүздү түшүнүшүбүз үчүн берген (Рим 3:20). Дагы Ал, биз тозоко кетүүчү толук күнөөкөр экенибизди билишибиз үчүн берген. Ыйсанын, Кудайдын Уулунун чөмүлүүсүнө ишенип суудан жана Рухтан кайрадан төрөл. Ошондо сен өз күнөөлөрүңдөн кутуласың да адилетүү болуп түбөлүк өмүргө ээ болуп, бейишке барасың. Буга болгон ишеним жүрөгүбүздө жашасын. 
 

Дүйнөдөгү Эң Чоң Күнөө

Дүйнөдөгү эң чоң күнөө эмне?
Мыйзамды аткарып жашоого аракет кылуу.
 
Биз Ага ишенип калгандыгыбыз үчүн абдан бактылуубуз. Кудай Өзүнүн Сөзүнө ишенгендерди куткарат. 
Бирок бүгүнкү күндө ишенгендердин арасында Мыйзам менен жашаганга аракет кылгандар абдан көп. Мыйзам менен жашаган күндө да аны аткарууга мүмкүнбү? 
Мыйзам менен акталууга аракет кылуу бул кандай акылсыздык. Себеби качалык биз мыйзам менен жашоого аракет кылган сайын ошончолук бул биз үчүн кыйын болуп баштайт. «Ишеним уккандан жана угуу бул Кудайдын сөзүнөн» Куткарылыуу үчүн биз өзүбүздүн текеберигибизди ташташыбыз керек. 
 
 

Биз Куткарылууга Болгон Өз Көз Караштарыбызды Ташташыбыз Керек.


Биз куткарылуу үчүн эмне кылуубуз керек?
Биз өз көз караштарыбызды ташташыбыз керек.
 
Анда адам баласы кантип куткарыла алат? Адам баласы өзүн күнөөкөр экендигин мойнуна алуусу аркылуу гана куткарыла алат? Бүгүнкү күндө өздөрүнүн туура эмес ишенгендигине байланыштуу куткарыла элек адамдар абдан көп. 
Кудай кимде ким Мыйзам аркылуу куткарыла алам деп өз күчүнө таянса ал адам каргышка калган деп айтат. Кимде ким Ыйсага ишенгенден кийин акырындык менен ыйык болом деп ишенсе анда ал адам каргышка калган адам. Алар Кудайга ишенсе дагы алар дагы эле куткарылуу үчүн мыйзам менен жашообуз керек деп ишенишет.
Кымбаттуу достор биз өз иштерибиз аркылуу актала алабызбы? Биз Ыйсанын Сөзүнө ишенүү аркылуу гана адилет боло алабыз жана ушундай кылуу аркылуу гана куткарыла алабыз. Ыйсанын Чөмүлүүсү, Анын канына жана Анын Кудай экендигине ишенүү аркылуу гана куткарыла алабыз. 
Ошондуктан Кудай бизге ишеним мыйзамын даярдап койгон. Суу жана Рух аркылуу куткарылуу бул адамдардын иши аркылуу келбейт, бирок Кудайдын Сөзүнө ишенүү аркылуу келет. Кудай бизди ишеним мыйзамы аркылуу куткарууну даярдады жана жана ушул жол менен биздин куткарылуубуздун аягына чыгат. 
Эмне үчүн адамдар Ыйсага ишенип алып деле куткарылбай калышы мүмкүн? 
Себеби алар суу жана Рух аркылуу болгон куткарылууну кабыл алган эмес. Биз биз ошол адамдар сыяктуу эле жеткилең эмес болсок да биздин Кудайдын Сөзүнө болгон ишенимибиз аркылуу куткарылабыз. 
Эгерде эки адам жаргылчак тартып жаткан болсо бирөө калып калып иштей берет, ал эми экинчиси болсо көтөрүлүп кеткен болот. Калып калгандары бул куткарыла элек адамдар. Эмне үчүн бирөө көтөрүлүп экинчиси калып калды?
Себеби биринчиси угуп Кудайдын Сөзүнө ишенди, ал эми калгандары болсо Мыйзамды кармап аракет кылып Кудай үчүн иштеген күндө да тозоко кетишти. Ал адам Кудайды көздөй жөрмөлөп жөнөдү бирок Кудай аларды Өзүнөн алыс кийиминде жөргөлөп жүргөн коңузду силккенсип силкип таштады. Мыйзамды аткаруу менен куткарылам деп ишенген адам сөзсүз түрдө тозокко кетет. 
Ошондуктан биз суу жанан Рух аркылуу болгон куткарылууга ишенүүбүз керек. 
«Ал эми мыйзамга таянгандардын баардыгы каргыш астында, Анткени Ыйык Жазууда; «Тооратта жазылгандардын баардыгын аткарбаган адам каргышка калсын» деп жазылган. Мыйзам аркылуу эч ким Кудайдын алдында эч ким акталбастыгы белгилүү. «Анткени адил адам ишеним аркылуу тирүү болот» Ыйык Жазууда «Адил адам ишеним менен тирүү болот»—деп жазылгандай. Жакшы Кабарда Кудайдын адилеттиги ишеним аркылуу ачылып, ишенимге жеткирет. » 
Кудайдын Сөзүнө ишенбөө бул күнөө. Жана Кудайдын Сөзүн четке кагып өз көз карашы менен кароо дагы күнөө. Биз адам болгондуктан Анын Мыйзамын аткарып жашай албайбыз, себеби биз төрөлгөндө эле күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз жана өмүрүбүздүн аягына чейин күнөө кылбай жашай албайбыз. Бир жерден кичине жана башка жерден дагы кичине күнөө кетиребиз. Ошондуктан биз денеге баш ийип жашайбыз жана күнөө кылмайынча жашай албастыгыбызды түшүнүшүбүз керек. 
Адам баласы бул чакага толтурулган кык сыяктуу. Эгерде чакага толтурулган кыкты көтөрүп алып ары бери баса баштасак ал чөйрөнүн баарына чачырап булгап баштайт. Биз да ошол сыяктуубуз. Каякка барбасак да айланага күнөө чачабыз. Муну элесте аласыңбы? 
Дагы эле ыйык болумуш болуп жашайсыңбы? 
Эгерде бул нерсени түшүнсөң анда калп эле ыйык болууга аракеттенбестен Ыйсанын суу жана Рух аркылуу болгон жакшы кабарына ишенет элең. 
Жогорудан төрөлбөгөндөрдүн баардыгы өзүлөрүнүн тоң моюндугун таштап Кудайдын алдында өлө турган күнөөкөр экендигин мойнуна алуулары керек. Ошондон кийин алар Анын Сөзүнө кайрылып Кудай аларды суу жана Рух менен куткаргандыгын билишет.