(Марк 7:20-23)«Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат. Анткени ичтен адамдын жүрөгүнөн; жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү, уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат. Мына ушул жамандыктын баары адамдын ичинен чыгып аны арам кылат деди».
Адамдар Адашып Өз түшүнүктөрү менен Жашашат.
Кимдин куткарылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар?
Эң күнөөкөрмүн деп ойлогон адам.
Биринчи мен сага мындай деп суроо берейин. Сен өзүңдү кандай көз караш менен карайсың? Сен өзүңдү жакшы адам деп ойлойсуңбу же жаман адам деп ойлойсуңбу? Сен кандай деп ойлойсуң?
Бардык адамдардын өзүнчө түшүнүгү бар. Сен өзүң ойлогончолук жаман болбошуң мүмкүн же өзүң ойлогондой жакшы да болбошуң мүмкүн.
Анда кимдин жашоосу жана ишеними туура? Өзү жөнүндө жакшы деп ойлогон адамбы? Же өзүн жаман деп ойлогон адамбы?
Мен сага дагы бир башка суроо берейин. Кимдин куткарылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар? Аз күнөө кетирген адамбы же көп күнөө кетирген адамбы?
Эсепсиз күнөө кетирдим деп ким ишенсе ошол адамдын куткарылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар, себеби ал адам өзүнүн тозоко баруучу күнөөкөр экендигин мойнуна алып жатат. Мындай адам куткарылуу Сөзүн жана Ыйса аркылуу ага даярдалган куткарылуу жакшыраак кабыл алат.
Качан биз өзүбүздү чындык менен караганда сөзсүз түрдө күнөөгө толгонубузду көрөбүз.
Адам баласы ким? Адам бул «жамандык кылуунун үрөнү». Ышайа 59 бөлүмдө адамдын жүрөгү канчалык бузулгандыгын көрсөтөт. Ошондуктан биз күнөөгө толгонбуз айкын. Бирок биз адамдын күнөөгө толгондугун аныктаган күндө да көптөрү буга макул болбойт. Бирок адамдын «жамандык кылуунун үрөнү» экендигин аныктасак бул туура аныктама. Эгерде биз өзүбүздү чындык көз караш менен карасак биз өзүбүздүн бузулган экенибизди көрөбүз. Эгерде кимде ким өзүн чындык көз караш менен караса ал адам анда ушундай деген тыянака келет.
Бирок көптөгөн адамдар бул нерсени моюндарына алууну каалашпайт. Көптөрү өздөрүн алдап жашашат, себеби алар өздөрүн күнөөкөр деп эсептешпейт. Биз баардыгыбыз жамандык кылуучулар болгондуктан биз күнөөлүү цивилизация түздүк. Эгерде бул туура эмес болсо, дүйнө күнөө жазагандан уялмак. Көбүнчө биз күнөө жазагандан уялбайбыз. Бирок ошондой болсо адамдын абийри бул күнөө экендигин билет.
Ар бир адамдын ичинде, мунун уят экендигин айтып турган абийир жашайт. «Адам менен Обо күнөө кетирген соң бактардын арасына жашынып калышкан». Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар өздөрүн маданият пардасынын артына жашынышат — күнөө маданияты. Кудайдын Сотунан качып, алар күнөөкөр досторунун арасына жашынышат.
Адамдар өздөрүнүн көз караштары менен өзүлөрүн алдап жүрүшөт. Көптөрү мен башкаларга караганда жакшыраакмын деп ойлошот. Качан алар жаман кабар укканда, каарданып кыйкырышат. «Кантип адамдын ушундай ишке колу барды»? Кантип эле адам баласы мындай нерселерди жазасын? Кантип уулу өз ата-энесине мындай нерселерди кылат? Алар биз мындай нерсеге барбайт элек деп айтышат.
Кымбаттуу достор, силердин өзүңөрдү түшүнүү¾өр абдан кыйынга турат. Өзүбүздү билиш үчүн биринчиден күнөөлөрдөн эркиндик алышыбыз керек. Өзүбүздүн адамдык табиятыбызды билүү үчүн көп убакыт керек. Көбүнчөбүз бул чындыкты өлгөнгө чейин билбей кала беребиз.
Өзүңдү Бил.
Өзүн билбегендер кантип жашашат?
Өзүнүн күнөөкөрдүгүн жашырып эки жүздүүлүк кылышат.
Кээде биз өздөрүн такыр билбеген адамдарды жолуктурабыз. Сократ мындай деп айткан экен: «Өзүңдү бил». Көбүнчө биз өз жүрөгүбүздү билбейбиз: адам өлтүрүү, уурулук, ич күйдүүлүк, бузулгандык, алдамчылык, көрө албастык, жаман көз.
Өзүн билбегендердин тилинде жыландын уусу бар, бирок алардын ооздору жакшы сөздөрдү сүйлөшөт. Себеби алар күнөөкөр болуп төрөлүшкөндүгүн өздөрү билишпейт.
Бул дүйнөдө өздөрүнүн күнөөкөр табиятын билбеген көптөгөн адамдар бар. Алар алданышты жана өзүлөрүн өзүлөрү алдап, өмүр бою жалганда жашап өтүшөт, өзүлөрүн өзүлөрү тозоко ыргытып жаткандыктарын билишпейт.
Адамдар Өмүр бою Күнөө Бөлүп чыгарып жашашат.
Эмне үчүн алар тозоко барышат?
Анткени алар өзүлөрүн билишпейт.
Келгиле Марк 7:21-23 аятты карап көрөлү. «Анткени ичтен адамдын жүрөгүнөн: жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү, уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик акылсыздык чыгат. Мына ушул жамандыктын баары адамдын ичинен чыгып, аны арам кылат». Адамдын жүрөгү энесинин ичинде жатканда эле жамандыка толгон.
Келгиле адамдын жүрөгүн ичине күнөө деп аталган сасык суюктук куюлган айнек идишке салыштырып көрөлү. Ал адам ары бери кыймылдаса эмне болот? Албетте сасык суюктук (күнөө) сөзсүз түрдө ар кай жака төгүлөт. Ошол сыяктуу эле адам басса да, турса да, андан күнөө ашып ташып төгүлө берет.
Биз күнөөгө толгондуктан, өмүр бою ушундай жашоо менен жашайбыз. Кайда барсак да биз күнөөнү төгө беребиз. Бизде күнөө толтура болгондуктан, өмүр бою күнөөнү төгө беребиз.
Биз күнөөгө толгонбуз же башкача сөз менен айтканда биз күнөөнүн үрөнү экенибизди билбейбиз. Биздин жүрөгүбүз күнөөгө толгон жана бул биз төрөлгөндөн эле келе жаткан нерсе.
Биз күнөөгө толгонбуз ошондуктан кайда барсак да күнөө бизден ашып төгүлүп турат. Ошентсе да адамдар чын эле тукумдан тукумга өтүп келе жаткан күнөөкөр экендигине ишенишпейт. Аларды кимдир бирөө күнөөгө түрткөндүктөн алар күнөө кылабыз жана башкалар күнөөлү ал эми мен жакшымын деп ойлошот.
Күнөө кетирип жаткан убакта да адамдар күнөө кетирдим жана күнөөмдү кайра жууп койсом болот деп ишенишет. Алар күнөө кетирген сайын дайыма сүрүнүп сүртүнүп, бул менин күнөөм эмес деп айтышат. Биз ар дайым кетирген күнөөлөрдөн ошентип тазаланып кайра күнөө кетирип жашоо туурабы? Ал үчүн биз кайра кайра сүртүнүп турушубуз керек.
Ошол сыяктуу эле идиште толтура күнөө тургандан кийин ал төгүлө берет. Анын сыртын сүрүүдөн пайда жок. Идиште күнөө тургандан кийин, биз өзүбүздүн жакшы иштерибиз менен стакандын сыртын тазалай бергенден пайда болбойт.
Биз күнөөбүз ушунчалык көп болуп төрөлгөндүктөн, күнөөбүз күнүгө төгүлсө да биздин жүрөгүбүз эч качан бош калбайт. Ошондуктан биз өмүр бою күнөө кетирип жашайбыз.
Өзүнүн күнөөкөр табиятын түшүнбөгөн адам өзүнүн күнөөкөр табиятын жашырат. Бардык адамдардын жүрөктөрүндө күнөө жашайт идиштин сыртын тазалап жууган менен жүрөк тазарып калбайт. Биз күнөөнү төгүп аны чүпүрөк менен аарчыйбыз, дагы төгүп алганда швабра менен сүртүп баштайбыз. Андан кийин сүлгү, килем..... Сүртүп тазалап турсам, тазаланып калышым мүмкүн деп үмүттөнөбүз, бирок күнөө төгүлгөнүн токтотпойт.
Эгер анте турган болсоңор күнөөнүн төгүлгөнү канча убакытка чейин созулат? Албетте өмүр бою. Адамдар өмүрүнүн акырна чейин күнөөкөр болуп кала беришет. Ошондуктан куткарылуу үчүн биз Ыйсага ишенишибиз керек. Ал эми куткарылуу үчүн биз өзүбүздү билишибиз керек.
Ыйсанын сүйүүсүн ким ыраазычылык менен кабыл алат?
Көп жаман иш кылган Күнөөкөр.
Келгиле эки адамды эки стаканга салыштырып көрөлү. Ал стакандарда сасык суюктук же күнөө толтурулган. Бирөөсү өзүн өзү карап «О! Мен кандай күнөөкөрмүн» деп мага ким жардам бере алат деп жардам издеп жөнөптүр.
Ал эми экинчиси өзүн жаман киши деп такыр ойлобойт. Ал өзүнүн ичиндеги толтура жамандыкты көрбөстөн, өтө деле күнөөкөр эмесмин деп ойлойт. Ошондуктан өзүнөн төгүлүп жаткан күнөөлөрдү чүпүрөк менен өмүр бою ары айланып бери айланып тазаланып жүрө берет. Ал бир жерин аарчыйт, экинчи жерин аарчыйт, ошентип айланып тегеренип тазаланат.
Көптөгөн адамдар колдон келишинче бир да күнөө кетирбей жашаганга, булганбаганга аракет кылышат. Бирок алардын жүрөгүндө жамандык жашап жаткандан кийин, кантип жакшылык кыла алышат? Алардын этияттыгы бейишке бир карыш да жакындатпайт, тескерисинче аларга тозоктун жолун табышка жардам берет.
Урматтуу достор этият болуу бизди тозокко гана жетелейт. Бул сабакты биз жүрөгүбүзгө бекем түйүп алуубуз керек. Алардын этияттыгы мүмкүн кичине тазараак жашаганга жардам берээр, бирок алар ошондой болгон күндө да баары бир күнөөкөр.
Адам баласынын жүрөгүндө эмне бар? Күнөө? Бузуктук? Ооба! Жаман ойлор? Ооба! Уурулук барбы? Ооба. Кекирейгендик? Ооба!
Биздин колубуздан эч нерсе келбейт, бирок биз өзүбүздүн күнөөгө толгондугубузду унутпашыбыз керек, өзгөчө биз жамандыкты бизге эч ким үйрөтпөсө да жазап жатканыбызда.
Ал эми биздин жашыбыз өтө баштагандачы? Биздин жаш кезибизде мүмкүн бизге билинбейт.
Бирок биз чоңоюп мектеп, техникумдан окуп баштаганда биздин ичибизде күнөө бар экенин көрө баштайбыз. Эмне бул чындык эсеспи? Эгер чынын айтсак биз өзүбүздүн күнөөкөр табиятыбызды жашыра албайбыз. Туурабы? Биз каалабасак да күнөөнү төгө беребиз. Күнөө кылабыз да андан кийин «Мен муну кылбашым керек болчу» деп өкүнүп калабыз. Биз үчүн толугу менен өзгөрүү мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Анткени ар бирибиз күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз.
Күнөө кетирбөөгө аракет кылып жашоо аркылуу эле биз таза болуп калбайбыз. Куткарылыш үчүн биз күнөөкөр болуп төрөлгөнүбүздү билишибиз керек.
Ыйсанын биз үчүн даярдаган куткарылуусуна ыраазычылык келтирип кабыл алган күнөөкөр гана куткарылат. «Мен эч жамандык жасаган жокмун же жасадым» деп ойлогондор, Ыйсага ишенишпейт жана тозоко барышат. Биз баардыгыбыз күнөөкөр болуп төрөлгөндүктөн биздин ичибизде күнөө жашайт.
Эгерде кимдир бирөө «мен эч жамандык жасаган жокмун, менин күнөөлөрүм кичинекей эле» деп ойлосо ал адам куткарыла алабы? Жок мындай болушу мүмкүн эмес.
Куткарыла турган адам күнөөгө толгонун билет. Ал Ыйса Иордан дарыясына чөмүлүп жана биздин күнөөлөр үчүн төлөгөп өлгөндүгүнө ишенет.
Куткарылсак да, куткарылбасак да, биз элестер менен жашап жүрөбүз. Биз күнөөгө толгонбуз. Биз ошондойбуз. Качан Ыйса күнөөлөрүбүздү алып кеткендигине ишенгенде гана куткарыла алабыз.
Кудай Кичине Эле Күнөөсү Барларды Куткарган Эмес.
Кудайды алдагандар кимдер?
Күнүмдүк күнөөлөрү үчүн кечирим сурагандар.
Кудай ‘кичине эле күнөөсү барларды’ куткарбайт. «Кудай менин кичине эле күнөөм бар» дегендерди Кудай жактырбайт. Анын “Кудай, менин күнөөгө толдум. Мен тозокко бара жатам. Мени куткар” дегендерге боору ооруйт. Эгерде кимдир бирөө «Кудай мен күнөөкөрмүн, куткар мени. Эгерде сен куткарсаң мен куткарылам,
мен тобо кылып дагы сыйына албаймын себеби мен кайрадан эле күнөө кетире беремин. Кудай куткар мени” дегендер толук күнөөкөрлөр.
Кудайга ким толугу менен таянса ошол куткарылат. Мен өзүм күнүгө күнөөлөрүм үчүн тобо кылып жатып чарчагам. Бирок менин тобо кылганым мени күнөөлөрүмдөн куткара алган жок. Ошондо мен Кудайдын алдына келип сыйындым: «Кудай мага боор оору жана менин бардык күнөөлөрүмдөн мени куткар». Ушундай сыйынуу менен сыйынгандар куткарылышат. Алар Кудайдын куткарылуусуна, Ыйсанын Жакан чөмүлдүрүүчү аркылуу чөмүлгөнүнө ишенишет. Алар куткарылышат.
Кудай өзүнүн күнөөгө толгонун жана жамандык кылуучунун тукумунан экендигин билгендерди гана куткарат. Эгерде ким мен кичинекей эле күнөө кетирдим ошол күнөөмдү кечир десе Кудай андай адамды куткарбайт ал дагы эле өзүнүн күнөөсүндө кала берет. Ал өзүнүн күнөөгө толгондугун мойнуна алгандарды гана куткарат.
Ышайа 59:1-2, де жазылган. «Куткарыш үчүн Кудайдын колу кыскарып калган жок Анын угуш үчүн кулагын жапкан жок бирок силердин тоң моюндугуңар силерди Андан ажыратты».
Биз күнөөкөр болуп төрөлдүк, Кудай бизди ыраазы болуу менен карай албайт. Кудайдын колу кыскарып, кулагы катуу болуп калган жок, же Ал биздин кечирим сурап жаткандыгыбызды укпай калып жаткан жок, бирок Ал өзү айткандай «Силердин тоң моюндугуңар Менден ажыратты. Ошондуктан мен силерди уккпайм жана силерден жүзүмдү жашырам» дейт.
Биздин жүрөгүбүз күнөөгө толгондуктан, асмандын эшиктерин кенен ачып койсо да, биз ал жакка кире албайбыз.
Биз күнөөгө толгондор, күнөө кетирген сайын эле кечирим сурай берсек, Кудай Өз уулун кайра кайра эле курмандыка чала берүүгө мажбур болмок. Ал муну каалабайт дагы. Күн сайын мага өз күнөөлөрүңөр менен келе бербегиле. Мен Өз уулумду силерди күнөөлөрүңөрдөн куткаруу үчүн бердим. Ал силердин күнөөңөрдү кантип алганын түшүнүшүңөр гана керек, жана чындыкты кабыл алышыңар керек. Анан суу жана Рух жакшы кабарына ишенип куткарылып калууңар керек. Бул менин силерге, Менин жараткандарыма берген чоң сүйүүм деп Кудай айтып жатат.
Ал бизге ушундай деп жатат. “Менин Уулума ишенгиле жана күнөөлөрүңөрдөн кечирим алгыла”. Мен силердин Кудайыңар, силердин күнөөлөрүңөрдү алып кетсин деп Өз жалгыз уулумду жибердим. Менин Уулума ишенгиле да куткарылгыла.”
Ким өзүнүн күнөөкөр экендигин билбесе ал адам ар бир кичине күнөөсү үчүн кечирим сурай берет. Алар өзүлөрүнүн күнөөсү көп экендигин билбей Кудайдын алдына барып сыйынышат, “Кудай менин кичинекей күнөөмдү кечир. Муну экинчи жасабайм”.
Мындай сыйынуулары менен алар Кудайды алдаганга аракет кылып жатышат. Биз бир эле жолу күнөө кылбайбыз, биз токтолбостон өлгөнгө чейин күнөө кылабыз. Биздин дене өлгөнгө чейин күнөөнүн мыйзамын аткара бергендиктен, кечирим сурасак, өмүрүбүздүн аягына чейин кечирим суроого туура келет.
Сенин кичинекей күнөөңдүн кечирилгени күнөө проблемасын чече албайт, себеби биз күн сайын сансыз күнөө кетиребиз. Жалгыз гана күнөөдөн куткарылуу жолу, биз өз күнөөлөрүбүздү Ыйсага жүктөп беришибиз керек.
Адамдын табияты кандай?
Күнөөгө толгон.
Ыйык Жазуу ал эмес адамдын күнөөлөрүн санап берет. «Сенин колуң кан менен булганган, манжаларыңда эамандык, ооздоруң жалганды сүйлөйт, Эч ким адилеттикти, чындыкты издебейт. Куру сөздөргө ишенишет жана жалган сүйлөшөт алардын боюна жамандык бүтөт, кыянат иштерди төрөшөт. Уу жыландын жумурткасын чыгарышат, жөргөмүштүн желелерин токушат. Алардын жумурткасын жеген адам өлөт, эгерде жарса ичинен жылан чыгат. Алардын желелери кийимге жарабайт, өзүлөрү чыгарган нерселер менен жамына алышпайт. Алардын иштери адилетсиз иштер, зордук—зомбулук алардын колунда. Алардын буттары кыянаттыка жүгүрөт, жазыксыз кан төгүүгө ашыгышат. Алардын ойлору адилетсиз ойлор, кыруу жана кыйратуу алардын жолунда. Алар тынчтыктын жолдорун билишпейт. Алардын жолдору кыйшык. Ал жол менен бараткандар тынтчык дегенди билишпейт» (Ышайа 59:3-8).
Адамдардын колдору жамандыкка толгон жана бардык өмүр бою эмне кылса дагы күнөөлүү нерселерди кылышат. Алар жасаган иштердин баары жаман. Жана биздин тил калпты сүйлөйт. Оозубуздан чыккан сөздүн баары жалган.
«Качан шайтан жалган сүйлөгөндө ал өз булагынан чыккан калп болчу.» (Жакан 8:44). Кайрадан төрөлө элек адамдар “Мен чындыкты айтып жатам.... бул чын. Мен чындыкты айттым” дешет. Бирок алардын ар бир сөзү жалган. Мындай деп жазылган “Качан шайтан жалган сүйлөгөндө, ал аны өз табиятынан сүйлөйт”. Адамдар куру сөздөргө ишенишет жана жалган айтышат. Адамдар төрөлгөндөн эле жаман жана ошол жамандыкты чагылдырып жашашат. Алар жыландын жумурткасын чыгарып, жөргөмүштүн желесин түйүшөт. “Качан шайтан жалган сүйлөгөндө, ал аны өз табиятынан сүйлөйт”. Ал сенин жүрөгүңдө жыландын жумурткасы жашайт дейт. Жыландын жумурткасы! Сенин жүрөгүңдө жамандык жашайт. Ошондуктан биз суу жана Кан жакшы кабарына ишениүү аркылуу куткарылуубуз керек.
Мен качан Кудай жөнүндө сүйлөп баштаганда «Ой мага Кудай жөнүндө айтпачы, качан мен бир нерсе кылайын десем эле менден күнөө өзү эле чыга калат. Менден күнөө агып турат. Мен күнөө кылбай бир да кадам жасай албайм. Кылбай койуу менин колумдан келбейт. Менде үмүт жок. Мени менен Ыйык Кудай жөнүндө сүйлөшпө».
Бул адам өзүнүн күнөөгө толгонун билет, бирок Кудай аны Өзүнүн сүйүү жакшы кабары аркылуу куткарып койгондугун билбейт. Өзүнүн күнөөгө толгонун билген адам гана куткарыла алат.
Чынында бардыгы ушундай. Ар бир адам кайда барса дагы күнөө андан төгүлүп турат. Күнөөнүн ашып ташып тургандыгынын себеби, бардыгы күнөөгө толгон. Мындай күнөөдөн биз Кудайдын күчү аркылуу гана куткарыла алабыз. Кандай гана сонун туурабы? Ал эми ким ачуусу келип турганда, кубанып турганда жана өзүн жакшы сезип турганда күнөө кетирсе, алар баары бир Ыйса Машаяк аркылуу гана куткарыла алышат. Ыйса бизди куткаруу үчүн келди.
Ал сенин күнөөлөрүңдү толугу менен жок кылды. Сен өзүңдүн эч нерсеге жарабаган күнөөкөр экениңди мойнуңа ал жана куткарыл.