(Лука 10:25-30 )
«Ыйсаны сынамакчы болгон бир мыйзам окутуучу ордунан туруп, Андан: «Устат түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн эмне кылышым керек?» деп сурады. Ыйса ага «Тоорат» китебинде эмне деп жазылып турат? Андан кандай сөздөрдү окуп жүрөсүң деп сурады. Кудай Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй өзүңдү кандай сүйсөң жакыныңды ошондой сүй» деп жооп берди. Ыйса ага «сен туура жооп бердиң, ушундай кыл ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң» деди. Бирок ал өзүн актамакчы болуп Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» деп сурады. Ыйсага ага муну айтып берди: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет.»
Адам баласынын эң чоң кыйынчылыгы эмне?
Алар көптөгөн өздөрүнүн жалган түшүнүктөрү менен жашашат.
Лука 10:28, «Муну кылсаң түбөлүк өмүргө ээ болосуң.»
Адамдар жалган түшүнүктөрүнө алданып жашашат. Алар өздөрүн акылдуу сезишип, өздөрүнүн жаман жактарын көрбөй алданып калышат. Биз өзүбүздү билбей төрөлдүк жана өзүбүздү билгендей көрсөтүп жашап келе жатабыз. Адамдар өздөрүн билбегендиктен, Библия биздин күнөөкөр экенибизди кайталап айтат.
Адамдар өздөрүндө күнөө бар экендиги жөнүндө сүйлөшөт. Адамдар жакшылык кыла алышпайт экен дейт да, бирок өздөрүн жакшы кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Алар күнөөкөрмүн деп ооздору менен айтып жатса да жакшы иштери менен мактанышат. Алар өздөрүнүн ичинде жакшы нерсе жана жакшылык да жашабасын билишпейт.
Алар башкаларды алдашат жана өзүлөрүн алдашат. «Кантип эле таптакыр жаман болуп калалы. Биздин ичибизде жок дегенде кичине жакшылык жашаар».
Натыйжада, башкаларды карап алышып айтышат: «Ай ай ай, тигил адам ушундай ишке барбай эле койсо болмок, андай кылбай эле койсо болмок экен. Бул адам ушинтип сүйлөбөй эле койсо болмок экен. Ал жакшы кабарды мындай айтса жакшы болмок. Бул адам менден мурда куткарылыптыр, ошондуктан куткарылган адамдай иш кылса жакшыраак болмок. Мен жаңы эле куткарылдым көбүрөөк үйрөнгөндөн кийин мен андан да көп иш кылам.
Алардын жүрөктөрү жараланган сайын жүрөктөрүндөгү бычактарын курчутушат. «Шашпай тургула. Мен силерге окшош эмесмин, баарыңарга ким экенимди көрсөтөм. Өзүңөрдү менден өйдөмүн деп ойлоп жатасыңарбы, шашпай тургула. Библияда ким акыркы болсо ошолорду биринчи кылам айтылган. Мен билем бул мага тиешелүү. Шашпагыла мен силерге көрсөтөм». Адамдар өзүлөрүн өзүлөрү алдашат.
Бирок ошол соттоп жаткан адамдар ал адамдын ордуна өзүлөрү болсо деле ошондой кылышмак. Насаат айтканы элдин алдына чыгып алып ал деле буттары титиреп сүрдөмөк. Адам жакшылык кыла алабы деп сураганда көптөгөн адамдар ооздору менен «жок» деп жооп беришет. Бирок жүрөктөрүндө, биз жасай алабыз деп ойлошот. Андай адамдар өлгөнгө чейин жакшы болууга аракет кылып жашап жүрө беришет.
Алар биз жакшы боло алабыз, биздин жүрөгүбүздө жакшы нерсе кылуу жөндөмдүүлүгү жашайт деп ойлошот. Алар өздөрүн дагы татыктуу деп эсептешет. Качантан бери динчил болуп жүргөндүгүнө карабастан, өзгөчө жыйында кандайдыр бир кызмат кылып көтөрүлүп калгандар «Мен муну Теңир үчүн жасайм» деп ойлошот.
Ал эми Теңирди биздин жашообуздан алып салса, биз жакшы нерсе кыла алабызбы? Адам баласында жакшылык жашайбы? Биз жакшы иш кылып жашай алабызбы? Адам баласында жакшылык кылуу жөндөмдүүлүгү жок. Качан өз күчү менен бир нерсе жасоого аракет кылганда, ошол нерсе аларга күнөө болот. Кээ бири Ыйсаны кабыл алгандан кийин, Ыйсаны четке кагып коюп өздөрүнчө жакшы болууга аракет кылышат. Биздин ичибизде жамандыктан башка эч нерсе жашабайт, ошондуктан дайыма жамандык кылабыз. Өзүбүздүн (ал эмес куткарылгандар да) күчүбүзгө таянуу менен биз күнөө гана кылабыз. Биздин денени чындык көз менен караганда ушундай.
Биз дайыма жакшылык жасайбызбы же жамандыкпы?
Жамандык.
Биздин “Ыйсанын атына даңк” деп аталган рухий ырлар китебибизде “♪Ыйсасыз биз мүдүрүлөбүз, биз капитаны жок эле деңизде жүргөн кемедейбиз♪” деген ыр бар. Ыйсасыз биздин күнөө кылган гана колубуздан келет, себеби биз бузулган жандарбыз. Ал эми жакшы иштерди кылуу жөндөмдүүлүгү куткарылгандан кийин гана келет.
Апостол Пабыл айткан, «Мен кылайын дегенимди кыла албайм, ал эми кылбайын дегенимди кылам» (Римдиктер 7:19). Эгерде Ыйсага ишенген адам болсо эң жакшы, ал эми Ыйсага тиешеси жок адам жакшы иш кылайын десе деле Кудайга жакпайт. Канчалык адам жакшы иш кылууга аракет кылган сайын ошончолук жамандык кылат.
Ал эмес, Дөөт падышанын да табияты ушундай болгон. Качан өлкөдө тынчтык жана токчулук болуп турганда бир күнү кечинде, ал сейилдегени чыгат, ал жактан ал азгырыка дуушар болот. Ал Кудайды унутуп калганда эмне болду? Ал чындап жамандык кылды. Ал Башеба менен ойноштук кылып, анын күйөөсү Урияны өлтүрдү. Бирок ал өзү кылган жамандыкты көргөн жок. Тескерисинче ал кылган күнөөсү үчүн шылтоо тапты.
Бир күнү Натан пайгамбар келип, ага айтты: «Бир шаарда эки адам жашаптыр, бирөө бай экинчиси болсо жакыр болгон экен. Бай адамдын абдан көп малы болуптур. Бирок жакырдын бир козусунан башка эч нерсеси жок болуптур. Бир күнү бай адамдын үйүнө конок келет. Ошондо ал өзүнүн малынан союп бергиси келбей жакыр адамдын козусун алып союп берет» (2 Шемуел 12:1-4).
Ошондо Дөөт мындай деп айтат, «Ал адам өлүм жазасына татыктуу». Анын ачуусу кайнап мындай деди, “Анын колунда бар болчу, ал ошолордун бирин алса деле болмок. Бирок ал жакыр адамдын колунда болгонун тартып алып, коногун сыйлады. Ал өлүшү керек!” Ошондо Натан ага мындай деп айтты: «Ал адам сенсиң». Эгер биз Ыйсаны ээрчибесек жана Аны менен болбосок кайра төрөлгөн адам деле ушул сыяктуу күнөөлөрдү жасайт.
Бардык адамдар ушундай, ишенимдүү адамдар да ушундай. Ыйсасыз биз дайыма жыгылабыз жана күнөө жазайбыз. Ошондуктан биз бүгүн дагы, жамандыгыбызга карабай, Ыйса бизди куткаргандыгы үчүн ага ыраазычылык келтиребиз. Ыр «♪Мен Ыйсанын айкаш жыгачтын көлөкөсүнүн алдында эс алганды каалайм♪». Биздин жүрөктөр Ыйсанын куткаруусунда эс алат. Ал эми биз көлөкөдөн кетип, өзүбүздүн күчүбүзгө таянсак эч качан эс ала албайбыз.
Кудай Мыйзамдын Алдында Ишеним Адилдигин Бизге Берди.
Ишенимди аткарган оңойбу же Мыйзамдыбы?
Ишеним.
Апостол Пабыл Кудай бизге ишеним адилдигин башында эле берген деп айткан. Ал Адам менен Обого, Каин менен Абелге, Сиф менен Энохко, Нухка, Ибраимге, Исаака Жакыпка жана анын он эки баласына берген. Алар мыйзамды аткарбаса деле Анын Сөзүнө ишенүү аркылуу адилет болуп калышкан. Анын Сөзүнө ишенгендиктери үчүн алар бата алып жана тынчтыка ээ болушкан.
Убакыт өтүп Жакыптын тукуму Жусуптун айынан Мисирде 400 жыл кул болушкан. Андан кийин Кудай аларды Муса аркылуу алып чыгып Канаанга киргизген. 400 жылдын ичинде алар ишеним аркылуу акталууну унутуп калышкан.
Андан кийин Кудай керемети менен аларды Кызыл деңизден өткөрүп чөлгө алып келген. Качан алар күнөөнүн чөлүнө келгенде, Синай тоосунан алар Мыйзамды алышкан. Алар он осуятты андан сырткары 613 мыйзам эрежелерин алышты. Ошондо Кудай аларга айтты, «Мен силердин Теңириңер жана Кудайыңармын, Мен Ыбырайымдын, Исаактын, Жакыптын Кудайымын, Муса Синай тоосуна чыксын жана мен ага Мыйзамды берем». Ошонодо Кудай аларга Мыйзамды берди.
Ал аларга мыйзамды«Алар күнөөнү таанысын деп» берди (Рим 3:20). Ал аларга Кудайга эмне жагат, эмне жакпайт, өзүнүн адилеттигин жана Ыйыктыгын көрсөтүш үчүн берди.
400 жыл Мисирде кулчулукта жашаган Израил Кызыл деңизден өттү. Алар эч качан Ибраимдин, Исаактын жана Жакыптын Кудайын таанышкан эмес. Алар Аны билишкен эмес.
400 жыл кулчулукта жашап, алар Кудайдын адилеттигин унутуп калышкан. Ошол убакта алардын жетекчиси жок болчу. Мурда Жакып жана Жусуп алардын жетекчиси болчу. Бирок алар өттүп кетти. Жусуп качан өзүнүн балдарына Манасия жана Ефремге ишенимди улантып кетүүнү тапшыра алган жок.
Ошондуктан алар Өз Кудайын кайрадан табууга туура келди, себеби алар Анын адилеттигин унутуп калышкан. Биз эсибизге бир нерсени түйүп алышыбыз керек. Кудай аларга биринчи ишеним аркылуу адилетүүлүктү берди андан кийин гана, алар ишеним аркылуу болгон адилеттикти унутуп калышканда Мыйзамды берди. Ал аларды өзүнө кайтарып келүү үчүн аларга Мыйзамды берди.
Израилди куткарып, аларды өз эли кылыш үчүн аларга Мыйзамды берди жана аларды сүннөткө отургула деди.
Анын аларга мыйзамды берген максаты, аларга өзүнүн бар экенин жана Анын алдында алардын күнөөкөр экендигин көрсөтүүнү каалаган. Кудай алардын Ага келип, Анын курмандык алып келүү системасы аркылуу куткарылгыла деген осуятына баш ийүүсүн каалаган. Ошентип аларды Кудайдын эли кылды.
Израил Мыйзамдагы курмандык алып келүү системасы аркылуу куткарылып, Машаяк келет деп ишенип, күтүп жашап калды. Бирок курмандык алып келүү жолу да убакыт өткөнү жок боло баштады. Келгиле анын качан болгонун карап көрөлү
Лука 10:25 чи аятта бир мыйзам окутуучу жөнүндө айтылган. Ал адам фарисей болгон, ал фарисей өтө консервативтүү болгондуктан, Кудайдын Сөзүн аткарып жашаганга абдан аракет кылган адам эле. Алар биринчи өз өлкөсүн коргоп андан кийин гана Кудайдын Сөзүн аткарууга аракет кылган адамдар болчу. Дагы ал жакта зилоттор болоор эле. Алар Израил Рим Империясынын алдында кыйналып жаткандыгы үчүн, Израилдин көз карандыгы үчүн алар көптөгөн баш аламандыкты уюштурушчу.
Ал эми Ыйса көбүнчө кимдер менен көбүрөөк жүргөн?
Кайтаруучусу жок койлорго окшогон күнөөкөрлөр менен.
Ошолорго окшогон динчил адамдар бүгүнкү күндө да бар. Алар кандайдыр бир кыймылдарды башташат да «Дүйнөдөгү кыйналган адамдарды куткаргыла» деген ураандарды чакырышат.
Алар Ыйса жакырларды жана кыйналгандарды гана куткарыш үчүн келген деп ишенишет. Себеби алар теологиялык семинариядан окуп саясатка аралашышат жана коомдогу кыйналгандарды боштондука чыгарганды каалашат. Бул адамдар “Келгиле баарыбыз ыйык жана ырайымдуу Мыйзам менен жашайлы.... мыйзамды аткаралы, Анын Сөзүн аткаралы” дегендер. Бирок алар мыйзамдын чыныгы маанисин түшүнүшпөйт. Кудайдын мыйзам аркылуу берген ачылыштарын билбей, алар тамга менен жашап жатышат.
Ошондуктан Кудайдын кызматчылары да, пайгамбарлар да Ыйса келгенге чейин 400 жыл бою чыккан эмес деп айтсак болот. Ошондуктан алар кайтаруучусу жок койлордой болуп калышкан.
Алар же мыйзамы жок же чыныгы жетекчиси жок калышкан. Кудай ошол убактагы эки жүздүү дин окутуучулары аркылуу Өзүн ачып берген жок. Өлкө Рим империясынын колониясы болуп калды. Ыйса Өзүн ээрчип жүргөн адамдарды ачка жиберген жок. Ал кайтаруучусу жок койлордой болгон аларга боор ооруп, алар үчүн кам көрдү.
Ал эми ошол убактагы фарисейлер жана башкалар кадыр барк күтүп өздөрүн таза окутуубуз деп эсептешчү. Алар өтө текебер болушкан.
Мыйзам окутуучу Ыйсадан Лука 10:25, «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек»? деп сурайт. Менимче ал Израилде менден артык эч ким жок деп ойлосо керек. Бул куткарылбаган мыйзам окутуучу Ыйсага теңелем ойдо болуп «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эмне кылышым керек?» деп сурады.
Ушул мыйзам окутуучудан да биз өзүбүздү көрсөк болот. Ал Ыйсадан «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эмне кылышым керек?» деп сурады. Ал эми Ыйса мындай деп жооп берди: «Мыйзамда эмне деп жазылган? Жана андан эмнени окудуң эле?».
Андан ал жооп берди, «Кудай Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй өзүңдү кандай сүйсөң жакыныңды ошондой сүй» деп жооп берди.
Ыйса ага «сен туур жооп бердиң, ушундай кыл ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң» деди.
Ал өзүнүн жаман, чоң күнөөкөр экенин билбей, Ыйсага ушундай деди. Ыйса мындай деп жооп берди: «Мыйзамда эмне деп жазылган? Жана андан эмнени окудуң эле?».
Мыйзамда эмне деп жазылган?
Биз мыйзамды аткара албаган күнөөкөрлөрбүз.
«Андан эмнени окудуң эле?» Бул аят аркылуу Ыйса сага да мага да мыйзамды канчалык деңгээлде түшүнөөрүбүз жөнүндө сурап жатат.
Бүгүнкү күндө жашаган башка адамдар сыяктуу эле бул дин окутуучу да, Кудай мыйзамды аткаруу үчүн берген деп ойлоп алган. Ошондуктан ал ушундай деп жооп берди.
«Кудай Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй өзүңдү кандай сүйсөң жакыныңды ошондой сүй.»
Мыйзамда эч кандай кынтык жок. Ал бизге жеткилең мыйзам берген. Ал бизге Кудай Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй деп жана өзүңдү кандай сүйсөң жакыныңды ошондой сүй деп айтты. Биздин Кудай Теңирди бүт жүрөгүбүз менен сүйүшүбүз туура, бирок бул ыйык осуяттарды биз эч качан аткара албайбыз.
«Мыйзамда эмне деп жазылган? Жана андан эмнени окудуң эле?» деген суроонун мааниси “мыйзам жеткилең, бирок аны сен кандай түшүнөсүң?”, дегенди билдирет. Мыйзам окутуучу, мыйзам биз аны сактоо үчүн берилген деп ойлогон. Бирок Кудай мыйзамды, биз өз алсыздыгыбызды түшүнүшүбүз үчүн, күнөөкөр экенибизди билишибиз үчүн берген. “Сен күнөө кылдың. Мен өлтүрбө десем, сен өлтүрдүң. Эмне үчүң Мага баш ийген жоксуң?”.
Мыйзам адамдардын жүрөгүндөгү күнөөсүн ачыкка чыгарат. Мен бул жакка келе жатып жолдон бышкан коон көрдүм деп коёлу. Кудайдын мыйзамы «Бул коонду үзбө!» деп айтып жатат. Сенин аларды үзгөнүң Мени уят кылат. «Мен, ооба Ата”, “Бул жер мырза баланчага тиешелүү. Ошондуктан сен үзбөшүң керек”. “Ооба, Ата”.
Бирок мен аны үзбөшүм керектигин уккандан кийин аны үзгм келип баштайт. Эгер биз пружинаны ылдый бассак ал кайрадан артка тебет. Адамдардын күнөөсү да ошол сыяктуу.
Кудай бизди жамандык кылба деп айтат. Кудай минтип айтканга акысы бар, себеби ал ыйык, жеткилең жана Ал муну кыла алат. Биз болсо эч качан күнөө кылбай коё албайбыз, жана эч качан жакшы боло албайбыз. Эч качан биздин жүрөгүбүздө жакшылык жашабайт. Мыйзам “эч качан” деген сөздү алдын ала көргөн. Эмне үчүн? Себеби биздин жүрөктөрдө, кумар жашайт. Биз өз кумарларыбыз боюнча иш кылабыз, жана андай кылбай койуу колубуздан келбейт. Биздин жүрөктөрдө ойноштук жашагандыктан, биз ойноштук кылабыз.
Биз Ыйык Жазууну маани берип окушубуз керек. Качан мен биринчи жолу Ыйык Жазууну изилдеп окуганда, Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөнүн окуп, көзүмдөн жаш токтобой ыйлап жаттым. Мен ушунчалык жаман адам болгондуктан Анын мен үчүн айкаш жыгачта өлүүсүнө туура келди. Ошондо менин жүрөгүм ушунчалык катуу ооруп мен ага ишенип калдым. Ошондо, «Эгер мен ишенсем анда Жазуунун негизинде гана ишенем деген чечимге келдим».
Качан мен Чыгуу китеби 20-чы бөлүмдө окуганда «Сенин Менин алдымда башка кудайларың болбосун» деген жазууну көрдүм. Мен бул аят боюнча тобо кылдым. Мурун башка кудайларым бар болгонун, башка кудайлардын алдында тизе бүккөнүмдү, Анын атын бекер чакырдымбы? деген суроо берип, алар үчүн тобо кылдым. Ата бабаларга урмат көрсөтүү ритуалдарын аткаруу убагында, буркандарга тизе бүккөнүмдү эстедим. Мен буркандарга сыйынгам.
Ошондо мен тобо кылып сыйындым “Теңир мен буркандарга сыйындым. Бул үчүн мен соттолушум керек. Кечир мени мен экинчи андай кылбайм». Биринчи күнөөнү чечип алган соң, Анын атын бекер чакырганымды эстедим. Жаңы Кудайга ишенгенде тамеки тартанымды эстедим. Ошондо менин досум «Сен Кудайднын атын уят кылып жатасың. Машайакчы кантип тамеки тартсын?» деп айткан. Бул Теңирдин атын бекер чакырганга барабар эмеспи? Мен кайра сыйындым, “Теңир кечир мени. Мен сенин атыңды куру бекер чакырдым. Мен мындан ары тамеки тартпайм”. Бирок мен тамеки тартканды бир жылга чейин уланта бердим. Бул мен үчүн абдан кыйын болду. Мен үчүн тамеки таштаган өтө кыйын болду. Бирок акыры тамекини таштадым. Бирок мен дагы башка күнөөлөрүм бар экенин сезип жаттым.
Мен Ишембини сактабаптырмын. Демек мындан ары Жекшемби күндөрү эч нерсе жасабашым керек. Ошентип Жекшембиде иштегенди да токтоттум.
Андан кийин Ата—Энени сыйла дегенди окудум. Ата—энемди алыста жүргөндө сыйлачумун. Ошондо «Кудай мен күнөө кылдым, кечир деп сыйындым». Ошондой болсо да жакындаганда ата—энеме жүрөгүмдө ыза бар болчу. “О Кудай, Сенин алдыңда күнөө кылдым. Кечир мени”. Мен тобо кылдым. Бирок ошол убакта алар бул дүйнөдөн өтүп кетишкен эле. Мен эмне кылышым керек? «Теңир мендей татыксыз күнөөкөрдү кечир». Сен айкаш жыгачта мен үчүн өлгөнсүң. Мен кандай ыраазы болдум. Ошентип мен күнөөмдүн ар биринен тазаланып бүттүм деп ойлодум. Бирок башка дагы мыйзамдар бар эле, адам өлтүрбө, ойноштук кылба, көрө албастык кылба...... бул мыйзамдардын бирин дагы сактабагандыгымды түшүнгөнгө чейин, мен күн сайын таң атканча Теңирден кечирим сурам сыйынып жаттым. Билесиңерби кечирим сурап сыйынуу бул ырахат эмес. Келгиле ошол жөнүндө сүйлөшөлү.
Ыйсанын айкаш жыгачта өлгөнүн эстеген сайын мен ал үчүн кандай кыйын болгонун сезип жаттым. Анын мен үчүн өлгөнүн, сүйүүсүн эстеп күнү—түн ойлонуп ыйлап Ага ырахмат айтчумун.
Жыйынга барган биринчи жылым оңой жана жөнөкөй өттү. Андан кийинки эки жылда, мен үчүн тобо кылып ыйлоо абдан кыйын болду. Себеби көзүмдөн жаш чыгаруу үчүн Ал жөнүндө көбүрөөк ойлонушум керек болду.
Күнөөлөрүм үчүн ыйлап чарчап, көзүмдөн жаш чыкпай калганда тоого үч күндөп орозо кармап баштадым. Ошондо кайрадан көз жашым кайра келди.
Көз жашым чууруп, жыйынга келип, жыйында ыйлап жатсам башкалар «Тоого барып сыйынып бизге караганда ыйыгыраак болуп калган турбайсыңбы» деп айтышты. Бирок бир күнү көз жашым кайрадан кургап калды. Үчүнчү жылы мен үчүн ыйлаш өтө кыйын болду. Төртүнчү жылы көзүмдөн кайра жаш чыкпай калды. Менин көзүмдөгү, көз жаш бөлүм чыгаруучу органдар иштебей да калды.
Беш жылы канчалык аракет кылсам дагы такыр ыйлабай калдым. Мурдумдан суу куюлганы эле болбосо көз жаш токтоду. Ошондо мен өзүмдөн өзүм жийиркене баштадым. Ошондо Кудай мени кайрадан Ыйык Жазууга алып келди.
Мыйзам Күнөөнү Таанытуу үчүн Берилген
Мыйзам жөнүндө биз эмне билишибиз керек?
Биз мыйзамды аткара албайбыз.
Рим 3:20, «Мыйзам аркылуу күнөө таанылат» деп жазылган. Мурун мен бул аятты Апостол Пабылга гана жазылган деп ойлочумун жана өзүмө жаккан сөздөргө гана ишенгенге аракет кылчумун.
Бирок качан менин көз жашым кургагандан кийин, мен өзүмдүн динчилдик ишенимимди уланта албай калдым.
Тынымсыз күнөө кыла берип жүрөгүмдө күнөө бар экенин жана мыйзамды аткарып жашоо мүмкүн эмес экендигин билдим. Мыйзамды аткара албайм, аны четке да кага албайм, себеби мен, Кудай мыйзамды адамдар аткаруусу үчүн берген деп ишенүүчүмүн. Акырында мен Жазуудагы дин окутуучусуна окшошуп калдым. Ишенимде жашоо мен үчүн ушунчалык оор болуп калды.
Менде күнөө ушунчалык көп эле, мыйзамды окуп жатып, алардын ар бирин жүрөгүмдөн бузганымды түшүндүм. Ал эми жүрөктөн кетирген күнөө да күнөө, ошентип мен айласыздан, мыйзамчыл ишенүүчү болуп калдым.
Мен мыйзамды аткарганда кубанып калчумун. Ал эми аткара албаган убакта кайгырып, капалуу, ачуулу болуп калам. Акырында таптакыр эле чөгүп кеттим. Мыйзам жөнүңдө мага башынан эле үйрөтүшсө, мен үчүн кандай гана жеңил болмок, “Жок, жок, мыйзамдын башкача дагы мааниси бар. Мыйзам биздин канчалык күнөөкөр экенибизди көрсөтөт; сенин акчаны, башка жыныстагыларды жана сулуу нерселерди сүйөөрүңдү көрсөтөт. Силер Кудайдан да өйдө сүйгөн нерселер бар. Силер дүйнөнүн жолдору менен жашагыңар келет. Мыйзам силерге аны аткарыш үчүн берилген эмес. Бирок өзүңөрдүн күнөөкөр экениңерди жана жүрөгүңөрдө жамандык жашашын билишиңер үчүн берилген”.
Эгерде ошол убакта мага бирөө чындыкты үйрөтсө мен он жыл кыйналмак эмесмин. Мен чындыкты түшүнгүчөктү 10 жыл мыйзамдын алдында жашап келдим.
Төртүнчү осуят болсо «Ишембини ыйык тут» деп айтат. Демек биз Ишемби күнү иштебешибиз керек. Эгерде бир жакка бара турган болсок машинага түшпөй жөө басышыбыз керек деп үйрөтүшөт. Мен Кудайдын Сөзүн айта турган жерге жөө барган сыймык деп ойлочумун. Анан мыйзам жөнүндө сөз айтчумун. Мен эмне жөнүндө айтсам ошону аткаруум керек деп эсептечүмүн. Бул ушунчалык кыйын болгондуктан, мен бардыгын таштоого даяр болуп калгам.
Жазууда жазылгандай “Андан эмнени окуп жүрөсүң?”. Мен бул суроону түшүнбөй 10 жыл азап тарттым. Мыйзам окутуучу дагы муну туура эмес түшүндү. Ал дагы эгерде мыйзамга баш ийип аны аткарса, Кудайдын батасына ээ болом деп ойлоду. Бирок Ыйса айтты “Андан эмнени окуп жүрөсүң?” Ал адам өзүнүн мыйзамчыл ишениминин негизинде жооп берди. Анан Ал айтты, “Ооба сен туура жооп бердиң; сен жазылган бойдон жооп берип жатасың. Аракет кылып аны карма. Эгер кармасаң жашайсың, кармабасаң өлөсүң. Күнөөнүн жазасы өлүм. Эгер кармабасаң өлөсүң”. (Өмүрдүн карама каршысы өлүм эмеспи, туурабы?) Бирок мыйзам окутуучу дагы эле түшүнгөн жок. Ошол мыйзам окутуучу ар бирибизге окшош. Мен теологияны он жыл окудум. Мен бардыгын кылууга аракет кылдым, бардыгын окудум жана кылдым: орозо кармадым, аяндарды көрдүм, тилдерде сүйлөдүм...... Ыйык китепти он жыл окуп, бир нерсеге жетем деп күттүм. Бирок руханий жактан мен дагы эле сокур адам болчумун.
Ошондуктан күнөөкөр адам көзүн ача турган бир инсан менен жолугушу керек. Ал инсан Ыйса Машайак. Ошондо ал түшүнөт “Аа, биз мыйзамды эч качан кармай албайт турбайбызбы. Канчалык мыйзамды кармоого аракет кылсак да, аракет кылып жатып өлүп калат экенбиз. Бирок Ыйса суу жана Рух менен куткарууга келген! Аллелуя!” Суу жана Рух бизди куткара алат. Бул ырайым Кудайдын белеги. Ошондуктан биз Теңирди даңктайбыз.
Мыйзамдын үмүтсүз жолдорун да окуп чыкканым жакшы болду. Бирок кээ бир адамдар өмүр бою пайдасы жок теологияны окушуп, анан чындыкты билбей өлүп калышат. Кээ бир адамдар ондогон жылдар бою, муундан муунга ишенип келишсе да, куткарылуу алышкан эмес.
Күнөөкөр болуудан биз мыйзамды эч качан кармай албай турганыбызды үйрөнөбүз, ошондо Ыйсанын алдына келип суу жана Рух жакшы кабарын угабыз. Ыйсага жолукканда биз бардык каргыштардан жана соттон куткарылабыз. Биз эң жаман күнөөкөрлөр болгонбуз, бирок ал бизди суу жана кан аркылуу куткаргандыктан биз куткарылдык.
Ыйса биздин эч качан Анын эркин аткара албай тургандыгыбызды айткан. Ал мыйзам окутуучуга да айтканда ал түшүнгөн жок. Ошондуктан ага түшүндүрүү үчүн Ыйса окуя айтып берди.
Адам ишенимдеги жашоодон жаңылуусуна эмне себеп болот?
Күнөө.
«Бир адам Иерусалимден Иерихонго бара жатып каракчыларга жолугат. Алар анын кийимин тоноп анын жарым жан кылып сабап кетишет» (Лука 10:30).
Ыйса бул окуяны дин окутуучунун ал өмүр бою кыйналып келген көйгөйүнө көзүн ачыш үчүн айтып берди. Ошол адам каракчылардан токмок жеп өлүп кала жаздаган сыяктуу дин окутуучуну ал адамга салыштырды.
Ал адам Иерусалимден Иерихонго бара жатты. Иерихон бул дүйнөнү түшүндүрөт. Ал эми Иерусалим болсо ыйык шаар, ишенимдин шаары жана ал жакта мыйзамга таянып, аны менен мактанып жашагандардын шаары. Бул окуядан эгерде биз Ыйсага ишенип туруп дагы эле динчилдик жашоо менен жашап жатсак анда биз өлө турганыбызды билебиз.
«Бир адам Иерусалимден Иерихонго бара жатып каракчыларга жолугат. Алар анын кийимин тоноп анын жарым жан кылып сабап кетишет.» Иерусалим бул чоң шаар болгон жана ал шаарда көптөгөн адамдар жашаган. Ал жакта ыйык кызматчылар, лебилер жана башка динчил адамдар жашаган. Ал жакта мыйзамды жакшы билген адамдар көп болгон. Алар мыйзамды аткарып жашаганга аракет кылышкан. Бирок канчалык мыйзам боюнча жашаганга аракет кылышса да ал аракеттери ишке ашкан эмес. Ошондо алар Иерихон шаарына аттанышкан. Алар кайра кайра дүйнөгө (Иерихон) карай жыгылышты жана кайра кайра каракчыларга жолугуп турушту.
Ал эми Ыйса айтып берген окуядагы адам да каракчыларга жолукту. Каракчылар анын кийимин айрып сабап кетишти. Кийим айрылганы анын динчил адилеттиги айрылды дегенди түшүндүрүөт. Мыйзам жашоо бизге мүмкүн эмес. Апостол Пабыл римдиктерге жазган катында мындай деген 7:19-20, «Мен өзүм каалаганды жазабайм, бирок эмнени каалабасам ошону жазайм. Эгерде мен каалабаганымды жазап жатсам анда аны менин ичимдеги күнөө жазап жатат».
Мен Анын Сөздөрүн аткарып жашаганды каалайт элем. Бирок адамдын жүрөгүндө жаман ойлор, ойноштук, адам өлтүрүү, уурулук, бузулгандык, алдамчылык, Кудайга акаарат келтирүү, текебердик жана акылсыздык жашайт (Марк 7:21-23).
Себеби алар биздин жүрөктөрүбүздө жашайт жана азыр да, башка убакта да чыгып турат, анан биз эмнени кылбаш керек болсо ошону кылабыз жана эмнени кылыш керек болсо аны кылбайбыз. Биз жүрөгүбүздө ошол жамандыктарды кайталай беребиз. Шайтан бизге кичине эле күнөөгө түрткү берип коет.
Күнөө Баардык Адамзаттын Жүрөгүндө Жашайт.
Биз мыйзамды аткарып жашай алабызбы?
Жок.
Марк 7, де жазылган «Адамдын ичине кирген эч нерсе аны арам кылбайт, бирок адамдын ичинен чыккан нерсе адамды арам кылат.»
Бирок Ыйса адамдын жүрөгүндө жаман ойлор, ойноштук, адам өлтүрүү, уурулук, бузулгандык, алдамчылык, Кудайга акаарат келтир³³, текебердик жана акылсыздык жашайт деп айтып жатат.
Биздин бардыгыбыздын жүрөгүбүздө адам өлтүрүү жашайт. Адам өлтүрбөгөн бирөө да жок. Эне өз балдарына кыйкырат. «Муну жасаба. Келесоо, мен сага жасаба деп айтпадымбы. Кайра кайра эле айта беремби. Дагы жасасаң сени өлтүрөм». Бул адам өлтүрүүчүлүк. Ойлонбой сүйлөгөн сөздөрүбүз менен өз акылыбызда балдарыбызды өлтүрөбүз. Балдарыбыз бат баттан качып кеткендиктен эле тирүү жүрүшөт. Биздин ачуубуз келип турганда аларды кармап алсак өлтүрүп салуубуз мүмкүн. Кээде «Оо Кудай эмне кылып жибердим» деп чочуп кетебиз. Кээде балдарыбызды сабагандан кийин алардын жараатарын көрүп, баланы ушунча сабап мен келесоо болдум деп өзүбүздү тилдейбиз. Биздин жүрөгүбүздө адам өлтүрүү жашагандыктан каалабасак да ошондой кылабыз. Демек «биз өзүбүз каалабаганды жазайбыз, себеби биз жаманбыз. Шайтан үчүн бизди күнөөгө азгыруу абдан оңой.
Келгиле куткарылбаган адам үйдөн чыкпай дубалды карап Корей Улуу монахы Сункол сыяктуу 10 жыл отурду дейли. Бетин дубалды каратып отурган убакта эч нерсе эмес. Бирок ага тамак алып келип бергенге, заарасын кайра алып кеткен киши керек. Ал башкалар менен байланышта болот. Ал эркек болсо эч нерсе эмес, бирок сулуу аял киши деп коелу. Эгер ал аны кокустан көрүп калса анын дубал тиктеп отурган убактысы бекер кетет.
Ал ичинен ойлойт, “Мен ойноштук кылбашым керек: ал менин ичимде жашайт бирок мен аны чыгарбашым керек. Мен аны кубалап чыгарам. Жок менин оюмдан кет!”
Бирок ал аялды көргөндө, анын ниеттери куру бекер болуп калат. Аял кеткенден кийин ал жүрөгүн карайт. Анын беш жыл каалоолорун четке кагып жашаганы бекер болуп калат.
Адамдын адилеттигин алып коюу шайтан үчүн абдан оңой. Шайтан үчүн кичине түрткү берип коюшу жетиштүү. Куткарылбаган адамдын күнөө жасабоо үчүн күрөшсө да, ал адам кайра кайра жыгыла берет. Ал адам ар бир чогулушка барганда ондугун калтырбай берип жатса да, кырк к³н орозо кармаса да, жүз күндүк сыйынууга чыкса да шайтан аны жашоодогу жакшы нерселер менен алдайт. «Мен сага абдан жакшы жумуш берем. А бирок сен Жекшемби күндөрү иштебейсиң да, туурабы? Бирок, бул деген абдан жакшы жумуш. Мүмкүн 3 Жекшемби иштейсиң анан анан жыйынга айына бир эле жолу барарсың? Ошондо көп акча ала баштайсың. Кандай дейсиң?». Мындай азгырыкка мүмкүн 100 дүн ичинен 100 адам макул болмок болсо керек.
Ал эми бул ишке ашпаса шайтан башка нерсе ойлоп чыгат. Ал аялга болгон лаззатты колдонуу менен бат эле капканга түшүрүп коет. Аялды алып келип эркектин алдына койсо ал ошол замат Кудайды унутуп лаззатты ойлоп калат. Ошондой болуп адамды адилеттиги айрылып—тытылып калат.
Эгер биз мыйзам менен жашаганга аракет кылсак анда күнөөдөн жаракат, оору, жакырчылыкты алып өз адилетигибизди жоготуп алабыз.
«Бир адам Иерусалимден Иерихонго бара жатып каракчыларга жолугат. Алар анын кийимин тоноп анын жарым жан кылып сабап кетишет.»
Ошондуктан биз Иерусалимде калып мыйзам менен жашаганга аракет кылсак алсыздыгыбыз менен чалынып жыгылабыз жана аягында талкаланабыз.
Кудайдын алдына келип тобо кылсак да: «Теңир мени кечир, мен күнөө кылдым. Экинчи кылбайм. Бул акыркы жолу деп Сага убада берем. Бир эле жолу мени кечирип койчу» деп сыйынышың мүмкүн.
Бирок бул эч качан акыркысы болбойт. Анткени адам бул дүйнөдө күнөөсүз жашай албайт. Мүмкүн бир же эки жолу күнөө жасабай коюшу мүмкүн. Бирок адам күнөө кетирбей жашай албайт.
Биз алсыз болгондуктан тынымсыз күнөө кыла беребиз. «Теңир мени кечир» эгер дайым эле ушинтип жашасак, бир күнү андан тажап жыйынга келбей Кудайдан алыстап акыры тозоко кетебиз.
Иерихонго кет³³ деген бул Иерусалимден алыстап дүйнөгө кетүү дегенди түшүндүрөт. Башында Иерусалим жакыныраак көрүнөт, а бирок качан кайра кайра тобо кылуу жана күнөө кылуу улантыла бергенде биз өзүбүздүн Иерихондун борборуна жетип жыгылып калганыбызды көрөбүз.
Кимдер куткарылат?
Өз адилеттигин койбогондор.
Ал адам Иерихонго кетип бара жатканда кимге жолукту? Ал каракчыларга жолукту. Түшүнбөстөн мыйзам менен жашап келген адам бул ээси таштап кеткен итке окшош. Ал адам ичип жеп, уктап, көрүнгөн жерге заара кылып жүрө берет. Эртең менен кайра ойгонуп кайра ичип жейт. Ээсинен адашкан ит өз богун ичип жейт. Ошондуктан мындай адамды биз ит деп атасак болот. Ал адам ичпеш керек деп билет, бирок ошого карабастан ал тобо кылып кайра эле ичип жеп жүрө берет. Бул адам жолдон каракчыларга жолуккан адамга окшош. Ал артта калган жана жараланган адам. Ал адамдын жүрөгүндө жалгыз гана күнөө бар. Адам баласы деген ушул.
Ыйсага ишенген жана Иерусалимдеги мыйзамды аткарууга аракет кылган адамдар динчил коом, алардын жүрөгүндө күнөө гана жашайт.
Алар динчил жашоосу аркылуу күнөө жарааттарын гана көрсөтө алышат. Жүрөгүндө күнөө жашаган адамдар аягында тозоко кетишет. Алар өзүлөрүнүн тозоко бара жаткандарын билишет бирок ал нерседен кантип кутулууну билишпейт. Сен жана мен дагы мындай динчил шаарда болгонбуз туурабы? Ооба. Ал жакта биз баарыбыз окшош болчубуз.
Мыйзамды туура эмес түшүнгөн дин окутуучу өмүр бою кыйналган жана тозоко кеткен. Ал сен экөөбүзгө окшогон эле адам болгон.
Ыйса гана бизди куткара алат. Биздин арабызда көптөгөн билимдүү адамдар бар алар ар дайым өз билими менен мактана беришет.
Алар өзүлөрүн дайыма мыйзам менен жашагандай көрсөтүүгө аракет кылышат жана өзүлөрүн өзүлөрү алдашат. Алар чынчыл эмес, бирок ишенимдүү көрүнүш үчүн алар ар дайым сырткы кебетелерин жазашат.
Алардын арасында Иерихонго кетип бара жаткан күнөөкөрлөр бар. Биз Кудайдын алдында кандай жийиркеничтүү экенибизди билишибиз керек.
Биз Кудайдын алдында баардыгын мойнубузга алышыбыз керек. «Теңир мен тозоко бара жаткан адаммын. Эгерде Сен мени куткарбасаң анда эч ким мени куткара албайт. Мени куткар. Сен кай жакка кааласаң мен ошол жакка барам. Мен чыныгы жакшы кабарды уксам гана. Эгерде мени таштап кетсең мен тозокко барам. Суранам мени куткар».
Ким тозоко бара жатканын билсе жана өз күчүнө таянбай калса ошолор куткарылышат. Биз өз аракетибиз менен куткарыла албайбыз.
Биз каракчылардын колуна түшүп калган адамдарга окшош экенибизди түшүнүшүбүз керек.