
(Жакан 8:1-12)
«Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти. Эртең менен кайра ибадатканага келди. Бүт эл Анын жанына чогулду. Ыйса отуруп алып аларды окутту. Ошол убакта мыйзам окутуучулар менен фарисейлер ойноштуктан кармалган бир аялды алып келишти. «Устат бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!» Тооратта Муса мындайларды таш бараңга алууну осуят кылган. Ал эми Сен эмне дейсиң? Ыйсаны айыптоого шылтоо табыш үчүн алар Аны сынап сурашты. Бирок Ыйса аларга көңүл бөлбөстөн, эңкейип, жерге сөөмөйү менен бир нерсени жаза баштады. Алар кайра кайра сурай беришендиктен, башын көтөрүп: «Араңарда кимиңердин күнөөңөр жок болсо, ошол биринчи таш ыргытсын». деди да кайра энкейип жазганын улантты. Муну укканда алардын абийири ашкереленип, адегенде башчылары, андан кийин калгандары, биринин артынан бири кете башташты. Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды. Ошондо Ыйса башын көтөрүп, аялдан башка эч ким жок экенин көрдү да: «Аял, сени айптагандар кайда? Эч ким сени айыптаган жокпу?» деп сурады. Аял Ага «Эч ким Теңир», деди. «Мен да сени айыптабайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба» деди Ыйса. Ыйса аларга дагы мындай деп сүйлөдү «Мен дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчип жүргөн адам караңгыда жүрбөй, өмүр жарыгына ээ болот».
Ыйса күнөөнү канчасын алып кетти?
Бүт дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти.
Ыйса бизге түбөлүк куткарылуу берди. Эгерде Ыйсаны Куткаруучу деп ишенсе, бул дүйнөдө куткарылбай турган адам жок. Ал баарыбызды куткарды. Эгерде күнөөкөр өз күнөөсү үчүн кыйналып жаткан болсо, анда ал адам Ыйсанын Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачка кадалуу аркылуу куткаргандыгын туура эмес түшүнөт.
Биз бардыгыбыз куткарылуунун сырына ишенип аны билишибиз керек. Ыйса күнөөлөрүбүздүн бардыгын Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу алып, алар үчүн айкаш жыгачта соттолгон. Сен суу жана Рух жакшы кабарына ишенишиң керек; ал бардык күнөөлөрдөн түбөлүк куткарат. Сени адилеттүү кылып койгон Анын улуу сүйүүсүнө ишен. Сени куткарыш үчүн Анын Иордан дарыясында жана айкаш жыгачта кылган ишине ишен.
Ыйса биздин бардык жашырын күнөөлөрүбүздү да билген. Кээ бир адамдар күнөө жөнүңдө туура эмес түшүнүктө жашашат. Алар, кээ бир күнөөлөрдөн куткарылуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Ал эми Ыйса ар бир күнөөнү жок кылган.
Бул дүйнөдө Ал калтырып койгон бир дагы күнөө жок. Ал дүйнөдөгү бардык күнөөнү жок кылган, чындыкты айтсам, бул дүйнөдө күнөөкөр жок. Жакшы кабар күнөөңдөн, ал тургай келечек күнөөлөрүңдөн дагы куткаргандыгын түшүнүп жатасыңбы? Буга ишен жана куткарыл, бардык даңкты Кудайга бер.
Ойноштукта Кармалган Аял.
Бул дүйнөдө канча адам ойноштук кылат?
Бардыгы.
Жакан 8 бөлүмдө ойноштуктан кармалган аял жөнүндө жана кантип аны Ыйса куткаргандыгы жөнүндө айтылат. Ага көрсөтүлгөн ыраймды биз да алышыбыз керек. Дүйнөдөгү ар бир адам жашоосунда ойноштук кылат деп айтсак аша чапкандык болбойт.
Эгер сен бул сөзгө кошулбасаң, сен ойноштукту абдан көп кылгандыктан аны байкабай калгансың. Эмне үчүн? Биз жашообузда көптөгөн ойноштуктарды жазайбыз.
Жакан 8 бөлүмдө жазылган аялды карасак, мен эч качан арабызда ойноштук кетирген адам барбы деген суроону бербейм. Ойноштукта кармалган аял сыяктуу эле, арабызда ойноштук кетирбеген адам жок. Бардыгыбыз кылганбиз жана өзүбүздү ойноштук кылбаган адамдардай көрсөтүүнү каалайбыз.
Мен эмне, туура эмес айтып жатамбы? Жок! Жакшылап байкагыла. Жер үстүндө жашаган ар бир адам ойноштук кылат. Адамдарды карасаңар көчөдө кетип бара жатса да кайда жүрсө да аялдарды кароо менен, ойлорунда иштери менен ар убакта, бардык жерде ойноштук кылышат.
Алар жөн гана муну өзүлөрү байкашпайт. Алар өлгөндөн кийин гана өмүр бою сан жетпеген көп ойноштук кетирип жашашкандыгын билишет. Кармалгандар гана эмес баарыбыз эч качан кармалбасак да ойноштук кылуучуларбыз. Адамдар ойлору, иштери менен ойноштук кылышат. Бул биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калган туурабы?
Бул сөздөргө ачууңуз келип жатабы? Бирок бул чындык. Биз уялгандыктан бул нерселерди жашырабыз. Чынында адамдар өмүр бою ойноштук кетирип жашашат. Бирок өзүлөрү муну билишпейт.
Алар жандары менен да ойноштук кылышат. Биз Кудайдын жаратылышы, жер үстүндө жашап жүрүп рухий ойноштук кылаарыбызды билбейбиз. Башка кудайларга табынуу бул ойноштукка барабар себеби Кудай адамзаттын жалгыз Күйөөсү.
Ойноштукта кармалган аял да биз сыяктуу эле адам болгон жана ал дагы куткарылгандар сыяктуу эле Кудайдын ырайымын алды. Бирок эки жүздүү фарисейлер аны ортого алып алышып аны соттошту жана таш бараңга алууну каалашты. Алар эч качан ойноштук кылбаган, өзүлөрү таза, эч качан ойноштук кылбаган адамдардан бетер аны соттоп, тилдөөнү каалашты.
Урматтуу ишенүүчүлөр, өздөрүнүн күнөөкөр экендигин билишкендер башкаларды соттой алышпайт. Бирок алар да өмүр бою ойноштук кылаарын билишип бизди, баарыбызды куткаруучу ырайымды кабыл алышат.
Кимде ким өзүнүн Кудайдын алдында күнөөкөр экенин, ойноштук кылганын билип, жараксыз деп тапса ошолор гана куткарылышат.
Кудайдын Ырайымына Кимдер Ээ Боло Алышат?
Кудайдын ырайымына кимдер ээ боло алышат?
Татыксыздар.
Ким таза жашап ойноштук кетирбесе ошолор Анын ырайымына ээ боло алышабы же Кудайдын алдында татыксыз күнөөкөр экенин билип Анын ырайымына муктаж болгондор гана Анын ырайымына ээ боло алышабы? Ким Анын ырайымына муктаж болсо ошолор ашып ташыган ырайымы аркылуу куткарылууга ээ болушат.
Өзүнө жардам бере албаган алсыз байкуштар гана куткарылууну кабыл алышат. Мындайлар үчүн ырайым көрсөтүлөт.
Ким күнөөм жок десе алар үчүн куткарылуу эшиги жабык. Эч нерседен куткарылууга муктаждыгы жок адамга куткарылуунун эмне кереги бар?
Мыйзам окутуучулар жана Фарисейлер ойноштуктан кармалган аялды Ыйсанын алдына алып келишип, аны ортого коюшуп, Ыйсадан сурашты:
«Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды. Сен буга эмне дейсиң?» Ал аялды Ага эмне үчүн алып келип Аны эмне үчүн сынашты?
Себеби алар өздөрү көп жолу ойноштук кылышса да Ыйсанын колу менен аны өлтүрүшүп, күнөөнү Ыйсага жүктөгөндү каалашкан.
Ыйса алардын оюн жана аял жөнүндө билип мындай деп айтты.
«Кимдин күнөөсү жок болсо ошол биринчи таш ыргытсын». Ошондо дин окутуучулары да Фарисейлер да, карысы да жашы да жылып кетип калышты да, Ыйса менен аял гана калды.
Кетип калгандар дин окутуучулары жана фарисейлер, диний жетекчилер болчу. Алар өзлөрүнүн күнөөсү жоктон бетер ойноштуктан кармалган аялды соттогонду каалашты.
Ыйса бул дүйнөгө Өз сүйүүсүн жарыялады. Ал сүйүүнүн булагы болду. Ыйса адамдарды тоюндурду, өлгөндөрдү тирилтти, жесир аялдын баласын да тирилтти, Бетаниялык Лазарды тирилтти, пес оорулууларды айыктырды жана жакырларга керемет көрсөттү.
Ал күнөөкөрлөрдүн күнөөсүнүн баарын өзүнө алып аларга куткарылуу берди.
Ыйса бизди сүйөт. Ал колунан бардыгы келген Кудуреттүү. Бирок дин окутуучулары жана фарисейлер Аны душман катары кабыл алышты. Ошондуктан аялды алып келип Аны сынашты.
Алар Андан сурашты: «Устат Мусанын мыйзамы мындайларды таш бараңга алыш керек деп айтат. А Сен эмне дейсиң?» Алар Андан таш бараңга алгыла деген сөздү күтүштү. Эмне үчүн? Эгерде биз Мыйзам боюнча соттосок анда ойноштук кылгандардын бардыгын таш менен өлтүрүүбүз керек эле.
Бардыгы таш бараңга жана өлүп тозоко кеткенге татыктуу. Себеби күнөөнүн жазасы өлүм. Бирок Ыйса аларга таш бараңга алгыла деп айткан жок. Анын ордуна Ал мындай деди: «Араңарда кимдин күнөөсү жок болсо ошол биринчи болуп таш ыргытсын» деди.
Эмне үчүн Кудай бизге 613 түрлүү мыйзамдарды берген?
Бизге күнөөнү таанытыш үчүн.
Мыйзам каарды алып келет. Кудай ыйык жана Анын мыйзамы да ыйык. Бизге берген Мыйзамда 613 бөлүк бар. 613 эрежени бизге бергендигинин себеби, бул аркылуу биз күнөөкөр жана жеткилең эмес экендигибизди билдирүүнү каалаган. Бул аркылуу биз куткарылуу үчүн Кудайдын ырайымына муктаж болуубуз керектигин үйрөнсөк болот. Эгер муну билбей биз Мыйзамда жазылган жөнүндө ойлонсок, ойноштуктан кармалган аял сыяктуу биз таш бараңга алынып өлүшүбүз керек болот эле.
Чындыкты билбеген дин окутуучулары, аялды жана бизди да таш бараңга алып өлтүрүшү мүмкүн эле. Бирок ошол аялга эле окшогон күнөөкөрлөрдүн ал аялга таш ыргытканга диттери барган жок. Ал ойноштук убагында кармалса да бул дүйнөдө ага таш ыргытканга татыктуу эч ким болмок эмес.
Эгерде аял жана биз дагы мыйзам менен соттолсок, анда биз абдан чоң сот менен соттолмокпуз. Бирок Ыйса бизди адилеттүү жазадан жана күнөөбүздөн куткарды. Эгерде мыйзам менен соттолсок арабыздан ким тирүү калат? Анда бардыгыбыз тозокко кетмекпиз.
Бирок мыйзам окутуучулар менен фарисейлер мыйзам кандай жазылса ошол бойдон кабыл алышкан. Анда мыйзамдын негизинде алар дагы өлүшү керек болчу. Мыйзам адамга алар өз күнөөлөрүн билүүсү үчүн берилген. Бирок алар муну түшүнүшпөгөндүктөн жана туура эмес колдонушкандыктан, бүгүнкү күнгө чейин азап тартып келе жатышат.
Бүгүнкү күндөгү фарисейлер деле Ыйык Жазуудагы фарисейлерге окшош. Алар мыйзамды жазылган боюнча гана түшүнүшөт. Алар куткарылуу алуулары үчүн, аларга Кудайдын ырайымын түшүндүрүү зарыл.
Фарисейлер айтышты, «Мыйзам мындайларды таш бараңга алгыла деген. А Сен эмне дейсиң?»
Алар бул суроону колдоруна таш кармап туруп сурашты. Ошол убакта алар Ыйса эч нерсе айта албай калышат деп бекем ишеништи. Алар Ыйса өзүлөрү койгон тузакка түшөт деп күтүп жатышты.
Эгерде Ыйса мыйзам боюнча жооп берсе, алар Аны дагы таш бараңга алышмак. Алардын максаты экөөнү тең таш бараңга алуу болгон. Эгерде Ыйса таш бараңга албагыла десе анда алар Мыйзамды бузуп, Кудайга баш ийбегендиги үчүн таш бараңга алынмак.
Бирок Ыйса аларга жооп бербестен колу менен жерге жаза баштады. Бирок алар андан кайра—кайра сурай беришти.
«Сен эмне дейсиң? Эмнени эле жерге жазып жатасың?» Биздин сурообузга жооп бер. Алар сөөмөйлөрүн Ыйсага такап Аны көкүтүп жатышты.
Ошондо Ыйса ордунан туруп кимдин күнөөсү жок болсо ошол биринчи болуп таш ыргытсын деп айтты. Ошондон кийин кайра отуруп жерге жаза баштады. Муну укканда алардын абийирлери соттоп биринин артынан бири, карысынан баштап жашына чейин кете башташты. Акырында ал аял менен Ыйса жалгыз калышты.
«Араңарда Кимиңердин Күүнөөңөр Жок болсо Ошол биринчи болуп Таш Ыргытсын»
Күнөөлөр кайсыл жерге жазылат?
Жүрөгүбүздүн такталарына жана Иштер Китебине.
Ал: «Араңарда кимдин күнөөсү жок болсо ошол биринчи болуп таш ыргытсын» деди жерге жазганды уланта берди. Ал жактагы улуурак жана көбүрөөк күнөө кетирген фарисейлер биринчи кете башташса керек. Ыйса биздин арабызда турат жана ойнотук кетирген аял биздин ортобузда турат деп элестетсек. Жана Ыйса биздин арабыздан бирөөңөр биринчи таш ыргыткыла десе. Анда биз эмне кылмак элек?
Ыйса жерге эмне деп жазып жатты эле? Бизди жараткан Кудай биздин күнөөлөрүбүздү эки жерге жазат.
Биринчи Ал биздин жүрөктөрүбүздүн такталарына жазат. «Иуданын күнөөлөрү темир кескич менен алмаздын мизи менен алардын жүрөк такталарына жана курмандык чалынуучу жайларынын мүйүздөрүнө жазылган» (Жеремия 17:1).
Иуда бул бизди түшүндүргөн адам. Адамдын күнөөлөрү темир кескич менен жана алмаздын мийизи менен жазылат. Алар биздин жүрөгүбүздүн такталарына жазылат. Ыйса жерге баардык адамдар күнөөкөр деп жазып жатты. Кудай биздин күнөө кылганыбызды билет жана аларды жүрөгүбүздүн такталарына жазат. Биринчи Ал биздин иштерибизди, кетирген күнөөлөрүбүздү жазат.
Качан күнөөлөр биздин жүрөгүбүзгө жазылгандан кийин мыйзамды карап күнөөкөр экенибизди билебиз. Ал биздин жүрөгүбүзгө жана абийирибизге жазып койгондон кийин биз Анын алдында күнөөкөр экенибизди билебиз. Ыйса отуруп экинчи жолу кайра жерге жазып баштады. Ыйык Жазуу биздин күнөөлөр Иштер Китебине жазылат дейт (Аян 20:12).
Ар бир күнөөкөрдүн аты жана анын күнөөлөрү Китепте жазылган. Ошондуктан алар Ыйсанын алдында эч нерсе деп айта алышпайт. Аялды таш бараңга алганды каалагандар Анын сөзүнө эч нерсе деп жооп бере алышкан жок.
Качан биздин эки жерге жазылган күнөөлөрүбүз өчүрүлөт?
Качан биз суу жана Ыйсанын каны аркылуу болгон куткарылууну кабыл алганда.
Качан биз Анын куткарылуусун кабыл алганда күнөөлөрүбүз Иштер Китебинен өчүрүлүп Өмүр Китебине жазылат. Кимдин аты Өмүр Китебине жазылса алар Асманга барат. Алардын жакшы иштери, Кудай Падышалыгы үчүн жер үстүндө жасаган иштери жана алардын адилеттиги да Өмүр китебине жазылат. Алар бейишке кабыл алынгандар. Кимде ким күнөөлөрүнөн куткарылса алар Асманга барышат.
Эсиңерде болсун адамдын баардык күнөөлөрү эки жерге жазылат. Ошондуктан эч ким эч качан Кудайды алдай албайт. Бул дүйнөдө жүрөгүнөн күнөө кылбаган же ойноштук кылбаган эч ким жок. Бардык адамдар күнөөкөр жана жеткилең эмес.
Ким Ыйсанын куткарылуусун жүрөгүнө кабыл албаса өз күнөөлөрү үчүн азап тартат. Аларда ишеним жок. Алар Кудайдан жана башкалардан күнөөлөрү үчүн коркушат. Бирок качан, ал адам суу жана Рух аркылуу болгон куткарылууну кабыл алганда, жүрөгүндөгү жана Иштер Китебиндеги күнөөлөрү толугу менен өчүрүлөт. Алар баардык күнөөлөрүнөн куткарылат.
Асманда Өмү китеби да бар. Суу жана Рух жакшы кабарына ишенгендер Асмандагы Өмүр Китебине жазылып баардык күнөөлөрүнөн куткарылышат жана Асманга киришет. Алар жер үстүндө күнөө кетирбей жашагандыктан эмес, суу жана Рух жакшы кабарына ишенип күнөөлөрүнөн куткарылып калгандыктан Асманга киришет. Бул ишенимдин мыйзамы деп аталат. (Рим 3:27).
Машаякчылар, дин окутуучулары жана фарисейлер дагы ойноштуктан кармалган аял сыяктуу эле күнөөкөрлөр болушкан.
Чынында алар андан да көп күнөө кетиришкен. Себеби алар өздөрүн күнөөбүз жок деп эсептешип, өздөрүн өздөрү алдашкан. Диний башчылар чынында алар уурулар болушкан. Алар башка адамдардын жандарын жана өмүрлөрүн уурдашкан. Алар өздөрү куткарылбаган болсо да башкаларды бийлик менен окутушкан.
Мыйзам боюнча бир да күнөөсү жок адам жок. Адам күнөө кетирбей койсо эле адилет болуп калбайт. Бирок ким күнөөлөрүнөн куткарылса ошолор адилетүү болушат. Андай адам Асмандагы Өмүр Китебине жазылат. Эң маанилүү нерсе бул адамдын Өмүр Китебине жазылуусу же жазылбагандыгы. Адамдар күнөө кетирбей жашай алышпагандыктан, китепте жазылган күнөөлөрүнөн куткарылуулары керек.
Асманга кабыл алынуу үчүн чыныгы жакшы кабарга ишенүү абдан маанилүү. Кудайдын ырайымын алуу деген бул Ыйса берген куткарылуусуна ишенүү. Ойноштукта кармалган аял менен эмне болду? Ошол убакта ал өлөөрүн билип көзүн жумуп бүк түшүп калса керек. Ошол кезде ал өкүнүү менен ыйлап жатса керек. Адамдар качан өлүм менен беттешкенде чынчыл болуп калышат.
«О, Кудай, мен өлүшүм керек. Мен жанымды Сенин колуңа тапшырам. Бирок мага ырайым кыл Ыйса». Ошондо Ал Ыйсадан сүйүү менен куткарууну суранды. «Кудай эгер сен мени соттосоң мен соттолом. Эгер Сен менин күнөөм жок деп айтсаң күнөөлөрүмдөн кутулам. Бардыгы Сенден Теңир» деп сыйынып турса керек. Ал ушуларды айтып жатса керек. Мүмкүн бардыгы Ыйсанын колунда экендигин мойнуна алса керек. Ыйсанын алдына алып келгенде, ал аял «Мен күнөө кылдым, менин ойноштук кылганымды кечир» деп айткан жок. Ал «Мени күнөөлөрүмдөн куткар. Эгер Сен мени күнөөлөрүмдөн куткарсаң мен куткарылам. Эгер Сен куткарбасаң мен тозокко кетем. Мага Сенин куткарылууң керек. Мага Кудайдын сүйүүсү керек. Мага ырайым кыл» деди. Ал көзүн жумуп өз күнөөкөрдүгүн мойнуна алды.
Ошондо Ыйса андан сурады. «Сени айыптагандар кана? Сени эч айыптаган жокпу?» Ал «Эч кимТеңир» деп жооп берди.
«Мен да сени айыптабайм» деп жооп берди. Ыйса ал аялды айыптаган жок себеби ал Иордан дарыясында чөмүлүү аркылуу анын күнөөлөрүн алып кеткен эле. Ошондуктан ал аял күнөөсү үчүн айыпталган жок. Ал аял эмес, эми Ыйса ошол күнөө үчүн соттолуш керек эле.
Ал, «Мен да Сени Айыптабайм» Деди
Ыйса аялды айыптадыбы?
Жок.
Ал аял Ыйсада куткарылуу батасына ээ болду. Ал баардык күнөөлөрүнөн куткарылган. Ыйса Теңир биздин баардык күнөөлөрүңөрдү алдым эми бардыгыңар адилеттүүсүңөр дейт.
Ал Ыйык Жазууда бизге ушундай деп айтат. Ал айкаш жыгачта, Өзүнө Иордан дарыясында чөмүлүү аркылуу алган биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөдү. Ал биздин күнөөлөрүбүздү чөмүлүүсү аркылуу Өзүнө алып алар жана алар үчүн айкашкан жыгачта төлөгөндүгүн ачык айтат. Биз Ыйсанын жазылган сөздөрүнө муктажбыз жана Анын сөздөрүнөн чыкпашыбыз керек. Ошондо биз куткарыла алабыз.
«Кудай, менин ичимде жакшылык жашабастыгын мен мойнума аламын. Менин күнөөлүрүмдөн башка сага көрсөтөөр эч нерсем жок». Бирок Ыйса менин Куткаруучу Теңирим экендигине ишенем. Ал баардык күнөөлөрүмдү Иордан дарыясында өзүнө алып, айкаш жыгачта алар үчүн төлөгөндүгүнө ишенем. Ал баардык күнөөлөрүмдү Өз каны жана чөмүлүүсү аркылуу алды. Мен Сага ишенем.
Ушундай кылуу аркылуу сен куткарыла аласың. Ыйса бизди айыптабайт. Ал бизге Кудайдын балдары болууга бийлик берди. Ким суу жана Рух жакшы кабарына ишенсе алардын күнөөсү жок жана Ал аларды адилеттүү кылды.
Кымбатуу достор! Аял куткарылды. Ойноштук кылып жатып кармалган аялга Ыйса Теңирдин куткарылуусу бата катары берилди. Биз да ошол сыяктуу эле бата алсак болот. Кимде ким өз күнөөсүн билип, суу жана Рух аркылуу болгон жакшы кабарга ишенсе ал Кудайдан куткарылуу батасын ала алат. Ким Кудайдын алдында күнөөсүн мойнуна алса ал адам куткарылат, ал эми ким Кудайдын алдында күнөөкөр экендигин мойнуна албаса ал адам куткарылуу батасына ээ боло албайт.
Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти. (Жакан 1:29). Дүйнөдөгү ар бир күнөөкөр Ыйсага ишенсе анда ал куткарылат. Ыйса аялга «Мен да сени күнөөлөбөйм» деп айтты. Анын аялды айыптабайм деп айтканынын себеби, Ал өз чөмүлүүсү аркылуу анын күнөөсүн Өзү алган эле.
Биз Ыйсанын алдында Куткарылышыбыз Керек.
Кудайдын Соту улуубу же сүйүүсүбү?
Кудайдын сүйүүсү.
Бүгүнкү күндө деле колуна таш кармаган фарисейлер жана мыйзам окутуучулар мыйзамды тамга менен талкуулашат. Алар, мыйзам ойноштук кылба деп жаткандыктан, ойноштук кылгандарды таш бараңга алыш керек деп ойлошот. Алар өзүлөрү ойноштук кылбагансып аялга жаман көздөрү менен карашат. Мындай адамдардын куткарылышпайт. Фарисейлер менен дин окутуучулары бул дүйнөдө адеп-ахлакты үйрөткөн адамдар болушкан. Ал адамдарды Ыйса чакырган эмес. Ал адамдар Анын “Мен да сени айыптабайм” деп айтканын эч качан угушкан эмес.
Жалгыз гана ойноштукта кармалган аял «Мен да сени айыптабайм» деген кубанычтуу сөздөрдү укту. Эгер сен Кудайдын алдында чынчыл болсоң сен да ал аял сыяктуу батага ээ болосуң. «Кудай менин колумдан эч нерсе келбейт. Бирок мен өмүрүм өткөнгө чейин ойноштук кыла берем. Мен көп ойноштук кылгандыктан, аны байкабай да калам. Мен мындай күнөөнү бир күндүн ичинде эле бир нече жолу кылам». Качан биз мыйзамды кабыл алып жана тозоко татыктуу күнөөкөр экенибизди мойнубузга алып, Кудайга айтсак, “Теңир мен ушундаймын, мени куткар” анда Анын батасына ээ болуп куткарылабыз.
Кудайдын сүйүүсү жана суу жана Рух жакшы кабары Кудайдын сотунан да жогору. «Мен да сени айыптабайм.» Ал бизди айыптабайт. Ал «Сен куткарылдың» деп айтат. Биздин Теңир Ыйса боорукер Кудай. Ал бизди бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарган.
Биздин Кудай адилеттүүлүктүн жана сүйүүнүн Кудайы. Суу жана Рухтун сүйүүсү Анын сотунан да жогору.
Анын Сүйүүсү Анын Адилетүүлүгүнөн Жогору.
Ал бизди эмне үчүн куткарды?
Себеби Анын сүйүүсү Анын адилеттигинен жогору.
Эгерде Кудай адилеттигин кылып бизди соттосо анда бардык күнөөкөрлөр соттолуп тозокко барышмак. Бирок Ыйсанын сүйүүсү жогору болгондуктан Кудай Өзүнүн жалгыз уулун берди. Ал биздин баардык күнөөлөрүбүздү Өзүнө алып бардыгыбыз үчүн жазаланды. Азыр кимде ким Ага Куткаруучу катары ишенсе Кудайдын баласы болуп адилетүү болуп калат.
Ал бизди сүйгөндүктөн бизди куткарды. Кудай бизди Өз адилеттиги менен соттобогондугу үчүн Ага ырахмат айтышыбыз керек. Бир жолу Ыйса фарисейлерге жана шакирттерине: «Мен курмандыкты эмес ырайымды каалайм» деп айтылган сөздүн маанисин үйрөнгүлө деп айтты. «Анткени мен адилетүүлөрдү эмес, күнөөкөрлөрдү тобоо кылууга чакырыш үчүн келдим деп айтты» (Матай 9:13). Кээ бир адамдар Кудайдын алдына козу курмандыка алып келип «Кудай менин күнүмдүк күнөөлөрүмдү кечир» деп сыйынса. Кудай биздин курмандыктарды каалабайт. Тескерисинче суу жана Рух жакшы кабарына ишенүүбүздү каалайт. Ал биздин куткарылышыбызды гана каалайт. Ал бизге сүйүүсүн берип, ишенимибизди кабыл алгысы келет. Муну көрүп жатасыңарбы? Ыйса бизге эң сонун куткарылуу берди.
Ыйса күнөөнү жек көрөт, бирок Кудайдын бейнесинде жаратылган адам үчүн анын күйүп жанган сүйүүсү бар. Ал бизди жер жарала электе эле бизди балдары кылууну тандап алган жана суу жана Рух аркылуу бардык күнөөлөрдү жок кылган. Кудай бизди кайра куткарып, Ыйсага кийинтип Өз балдары кылып алуу үчүн жаратты. Анын Өзү жараткандары үчүн болгон сүйүүсү ушул.
Эгер Кудай бизди, күнөөкөрлөрдү Өз адилетүүлүгү менен соттосо бардыгыбыз өлүшүбүз керек эле. Бирок Ал бизди Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта өлүүсү менен куткарды. Сен буга ишенесиңби? Келгиле, муну Эски Осуят аркылуу далилдейли.
Аруун Колун Курмандык Эчкинин үстүнө Койду.
Израилдин өкүлү катары курмандык эчкинин башына ким кол койгон?
Ыйык Кызматчы.
Эски осуятта күнөөлөр ыйык кызматчынын курмандык эчкисинин үстүнө кол койуусу жана Жаңы Осуяттагы чөмүлүү аркылуу тазаланган. Эски Осуятта Ысрайылдын бир жылдык күнөөсү, кемтиги жок эчкинин үстүнө ыйык кызматчынын колунун койуусу аркылуу тазаланган.
«Арун эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысраыл элинин баардык мыйзамсыздыктарын, кылмыштарын, күнөөлөрүн ачык айтып, аларды текенин башына жүктөп, чабарман кошуп чөлгө жөнөтөт» (Лебилер 16:21).
Күнөөлөрдөн кутулуу үчүн эски осуятта ушундай кылышкан. Күнүмдүк күнөөлөрдөн куткарылуу үчүн алар эч айыбы жок козу же эчки алып келишкен да, курмандык чалынуучу жайда курмандыкка беришкен. Курмандыктын үстүнө кол койгондо алардын күнөөлөрүнүн бардыгы курмандыкка өткөн. Курмандыкты сойушуп, анын канын курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сүйкөшкөн.
Курмандык чалынуучу жайдын төрт бурчунда тең мүйүздөр бар болчу. Ал мүйүздөр Аян 20:12 де жазылган Иштер Китебин түшүндүрөт. Курмандыктын калган каны жерге да чачылган. Жер болсо адамдын жүрөгүн түшүндүрөт, себеби адам топурактан жаратылган. Адамдар күнүмдүук күнөөлөрүнөн ушундай жол менен тазаланып турушкан.
Алар күн сайын курмандык алып келе алышмак эмес, ошондуктан Кудай аларга жылына бир жолу курмандык алып келүүгө уруксат берген. Бул жетинчи айдын онунчу күнү, Курмандык алып келүү күнү аткарылып турган. Ысрайыл элинин өкүлү болгон ыйык кызматчы эки эчкини алып келип аларга колун койуп Ысрайылдын күнөөлөрүн аларга өткөргөн.
«Арун эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысрайыл элинин баардык мыйзамсыздыктарын, кылмыштарын, күнөөлөрүн ачык айтып, аларды текенин башына жүктөп, чабарман кошуп чөлгө жөнөтөт».
Кудай Арунду Ысрайыл элинин Башкы Дин Кызматчысы жана өкүлү кылып дайындаган. Ал бардык адамдардын өкүлү катары ар бир адам эмес жалгыз өзү, бир жылдык күнөөлөрдөн куткарылуу үчүн курмандыка колун койгон.
Ал элдин күнөөсүн айтып сыйынган, «О Кудай, сенин балдарың Ысрайыл күнөө кылды. Мыйзамды бузду, буттарга табынды, Атыңды бекер чакырышты, буттарды Сенден да көбүрөөк сүйүштү. Ишембини ыйык кармаган жок, ата—энелерин сыйлаган жок, адам өлтүрүштү жана уурулук кылышты».
Ал бардык күнөөлөрдү санап берген. «О Кудай мыйзамды мен дагы сенин элиң Ысрайыл дагы аткара лаган жок. Ошол күнөөлөрдүн баарынан куткарылышы үчүн, мен колумду бул эчкинин башына коёмун». Бардык элдин күнөөсүн эчкиге жүктөө үчүн ыйык кызматчы колун анын үстүнө койгон. Кол койуу дегендин мааниси бул «өткөрүү» дегенди түшүндүрөт. Лебилер (1:1-4, 16:20-21).
Эски осуятта күнөөлөрдөн кутулуу кандайча болгон?
Күнөө үчүн келген курмандыкка кол койуу аркылуу.
Мындай күнөөдөн кутулуу жолун Кудай Ысрайыл эли күнөөлөрүн эчкиге өткөрүп тазаланышы үчүн берген. Күнөө кетирген адамдын ордуна ал алып келген кемчиликсиз курмандык өлүшү керек болгон. Күнөөкөр адам ушундайча тазаланган.
Күнөөдөн тазалануу күнүндө, курмандык чалынгандан кийин, анын каны Ыйык Жайга алып кирип, ырайым тактысына жети жолу чачылган. Ысрайыл эли бир жылдык күнөөлөрүнөн жетинчи айдын онунчу күнү, күнөөдөн тазалануу күнү тазаланышкан.
Ыйык кызматчы курмандыкты чалыш үчүн Ыйык Жайга жалгыз кирген. Ошол убакта адамдар эшикке чогулуп алышып Ыйык Кызматчынын кийимине байланган конгуроонун үчүн тыңшап турушкан. Качан ал ырайым ордуна жети жолу кан чачканда алтын коңгуроонун үнү жети жолу чыккан. Ошондо адамдар алардын күнөөлөрүнөн кечирим алгандарына кубанышкан. Ал коңгуроонун үнү бул кубанычтуу жакшы кабарды түшүндүрөт.
Ыйса өзүнө жаккан кээ бир эле адамдарды куткарат деген бул чындык эмес. Ыйса чөмүлгөндө эле баардык дүйнөнүн күнөөсүн өзүнө алган. Ал биздин баардыгыбызды куткарганды каалайт. Биздин күнөөлөр бир жолу кечирилгендиктен, алар үчүн күнүгө кечирим алууга муктаж эмеспиз.
Эски осуятта күнөөлөр курмандыкка кол койуу жана анын каны аркылуу кечирилген. Арун адамдардын алдында тирүү эчкинин башына кол койуп, алар бир жылдын ичинде кетирген бардык күнөөлөрүн санап чыккан. Бардык ысрайылдыктардын көзүнчө күнөөлөрдү эчкиге жүктөгөн. Ыйык кызматчы эчкинин башына кол койгондо Ысрайылдын күнөөсү кайда кеткен? Алар эчкиге жүктөлгөн.
Андан кийин чабармандын коштоосунда эчки алынып кеткен. Ал эчки суу жана чөп жок ээн чөлгө алынып барып, күндүн ысыгынан ачкадан өлгөн. Ал эчки Ысрайыл элинин күнөөлөрү үчүн өлгөн.
Бул Кудайдын сүйүүсү жана Кудайдын бизге берген куткаруусу. Бирок биз азыр Жаңы Осуяттын убагында жашап жатабыз. Ыйсанын биздин дүйнөгө келгенине 2000 ден ашык жыл болду. Ал келип Эски Осуятта бизге берген убадасын аткарып кетти. Ал келип бизди бардыгыбызды күнөөлөрүбүздөн куткарды.
Баарыбызды Куткарыш үчүн.
Ыйса деген аттын мааниси эмне?
Өз элин күнөөдөн куткара турган Куткаруучу.
Келгиле Матай 1:20-21. «Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп Дөөттүн урпагы! Мариямды аялдыка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан. Ал Уул төрөйт, ысмын Ыйса деп кой. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат». (Матай 1:20-21).
Дүйнөнү күнөөлөрүнөн куткарууга Уулун жиберүү үчүн биздин Кудай атабыз кыз Мариямдын денесин колдонгон. Ал Мариямга периште жиберип ага айтты, «Мына кош бойлуу болуп Уул төрөйсүң. Жана Анын атын Ыйса деп кой». Бул Мариям аркылуу төрөлө турган бала Куткаруучу болот дегенди билдирет. Ыйса Машаяк деген бул Өз элин Куткаруучу дегенди түшүндүрөт.
Анда Ыйса бизди күнөөлөрүбүздөн кантип куткарды? Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн Иордандагы Өз чөмүлдүрүүсү аркылуу алып кетти. Качан Жакан чөмүлдүрүүчү Аны чөмүлдүргөндө, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү Анын мойнуна жүктөлдү. Келгиле Матай 3:13–17 окуп көрөлү.
«Ошондо Ыйса сууга Жакан тарабынан чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди. Жакан Аны токтотуп «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек. Сен болсо мага келе жатасыңбы?» деди. Бирок Ыйса ага: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү иште ушундайча аткарышыбыз керек» деди. Чөмүлдүрүлөөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда Жакан асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү. Ошондо асмандан: «Бул Менин Сүйүүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үн угулду.»
Ыйса Жаканга бизди бардык күнөөлөрүбүздөн арылтуу үчүн барды. Ал сууга кирип башын Жаканга ийди. Жакан мени азыр чөмүлдүр. Биз бардык адилеттүүлүктү аткарышыбыз керек. Мен чөмүлүү аркылуу бул дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетишим керек. Мени чөмүлдүр! Жол бер! Бул адилеттүүлүктү аткаруу болуп эсептелет. Качан Ыйса Жакан аркылуу сууга чөмүлгөндө, Кудайдын бардык адилеттүүлүгү аткарылды.
Ыйса ушундай жол менен күнөөлөрдү алып кетти. Сенин дагы күнөөлөрүң Ага жүктөлдү. Түшүнүктүүбү? Ыйсанын суу жана Рух аркылуу болгон куткарылуусуна ишен да куткарыл.
Бардык адилеттик кантип аткарылды?
Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу.
Кудай Ысрайылга дүйнөнүн күнөөсү курмандык чалуу жана ага кол койуу аркылуу тазаланат деп убада берген. Ошондой болсо да, бардыгы келип курмандыкка кол койуусу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан Кудай Арунду Башкы Ыйык Кызматчы катары бардык адамдар үчүн курмандык алып келүүчү кылып дайындаган. Ал алардын бир жылдык күнөөсүн курмандыктын башына кол койуу аркылуу курмандыкка жүктөгөн. Бул Анын бизге берген куткарылуусунун Акылмандылуугу жана Күчү болгон. Кудайдын акылмандуулугу таң калычтуу.
Ал Өз Уулу Ыйсаны бүткүл дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди. Ал Өзү Курмандык болчу бирок адам баласынан бир өкүл керек болчу. Ал өкүл Курмандыктын башына колун коюшу керек болгон жана бүткүл дүйнөнүн күнөөсүн Ага жүктөш керек болгон. Бул өкүл Жакан чөмүлдүрүүчү болгон. Ыйык Жазууда Ыйсанын алдында Кудай адамдардын өкүлү жиберилет деп айтылган.
Бул Жакан чөмүлдүрүүчү, адамдардан чыккан акыркы башкы ыйык кызматчы болчу. Матай 11:11 де мындай деп жазылган. «Аялдан төрөлгөндөрдүн арасынан Жакандан улуусу болгон эмес». Ал жалгыз гана адамзаттын өкүлү. Кудай Жаканды Ыйсанын башына колун койуп дүйнөнүн күнөөсүн Ага жүктөш үчүн жиберген.
Эгерде алты миллиард адам келип өз колдорун Ыйсанын башына койсо, Ыйсанын башы эмне болмок? Бул биринчиден жакшы көрүнүш болмок эмес. Кээ бир өтө сезимтал адамдар Анын башын күч менен ылдый басып чачын түшүрүп салышмак. Кудай Өз акылмандуулугу менен Жаканды адамзаттын өкүлү кылып тандап алган.
Матай 3:13, «Ошондо Ыйса Галилеядан Жакан аркылуу Иордандан чөмүлүш үчүн келди» Бул Ыйса 30 жашка чыккан кези болчу. Ал төрөлгөндөн кийин 8 күндөн кийин сүннөткө отургузулган. Ошол жашы менен 30 жашка чыкканга чейин Анын жашоосу жөнүндө бир нече нерселер жазылган.
Ыйса 30 жашка чыккандан кийин гана кызмат кылып баштаган себеби мыйзам жана эски осуят боюнча Ал Асмандык Ыйык Кызматчы болуп калды. Мыйзам кайталоо китебинде Кудай Мусага Ыйык Кызматчы кызмат кылып баштаганда 30 жашта болуусу керек деп айткан. Ыйса Асмандык Башкы Ыйык Кызматчы болгон. Сен буга ишенесиңби?
Жаңы Осуятта 3:13-14, «Ошондо Ыйса Галилеядан Жакан аркылуу Иордандан чөмүлүш үчүн келди. Ошондо Жакан Аны токтотуп, Мен Сен аркылуу чөмүлүшүм керек.» Адам баласынын өкүлү ким? Жакан чөмүлдүрүүчү. Анда Асмандан келген Өкүл ким? Ыйса Машаяк. Жер менен Асмандын өкүлдөрү жолугушту. Ал экөөнүн кимиси жогору? Албетте Асмандан келген өкүл.
Ошондо эч коркпостон фарисейлерге «Жылан тукумдары! Тобо кылгыла!» деп кыйкырып жаткан Жакан Ыйсанын алдында жоошуй түштү.
«Мен Сен аркылуу чөмүлүшүм керек. Ыйса айтты ушундай болушуна жол бер, себеби баардык адилеттик ушундайча аткарылышы керек». Ыйса бул дүйнөгө Кудайдын адилеттигин орнотуш үчүн келген жана Жакан Аны чөмүлдүргөндө бул аткарылды.
«Чөмүлдүрүлөөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда Жакан асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү. Ошондо асмандан: «Бул Менин Сүйүүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үн угулду.»
Качан Ал Жакан аркылуу чөмүлдүрүлүп дүйнөнүн күнөөсүн алганда Асмандын дарбазалары ачылды. «Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакытка чейин Асман Падышалыгы күч менен алынып келе жатат, Ага күч жумшагандар ээ болушат». Баардык пайгамбарлар жана Кудайдын Мыйзамы да Жакан жөнүндө пайгамбарчылык кылышкан.
«Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакытка чейин Асман Падышалыгы күч менен алынып келе жатат, Ага күч жумшагандар ээ болушат». Кимде ким Анын чөмүлүүсүнө ишенсе алар Асман Падышалыгына эч тоскоолсуз кире алышат.
«Мен да Сени Айыптабайм»
Ыйса эмне үчүн айкаш жыгачта жазаланды?
Себеби Ал баардык күнөөлөрүбүздү алган.
Ыйса Жакан аркылуу чөмүлүп дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн алып кетти. Кийинчерээк Ал ойноштуктан кармалган аялга «Мен да сени айыптабайм» деп айтты. Ал аялды айыптаган жок, себеби Ал дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн өзүнө алган жана ал аялдын күнөөлөрү үчүн Ал Өзү жазаланыш керек болчу.
Ал бүт дүйнөнүн күнөөлөрүн алды. Ал айкаш жыгачтагы өлүмдөн кандай коркконун биз көрө алабыз. Себеби күнөөнүн жазасы өлүм. Ал үч жолу тоого чыгып жазаны Андан алып салуусун сурап сыйынды. Ыйса кан жана дене болгон. Ошондуктан ал келе жаткан кыйынчылыктан корккон.
Эски осуяттагы курмандык кандай кансыраса Ал да так ошондой канга боёлуп кансырамак. Ал айкаш жыгачта курмандыкка чалыныш керек болгон. Ал бардык күнөөлөрдү Өз өлүмүнө чейин эле алган. Ал Кудайдын алдында соттолоорун билген.
Ыйсанын жүрөгүндө күнөө болгон эмес. Бирок дүйнөнүн күнөөлөрү чөмүлүү аркылуу Ага өткөн, эми Кудай Өз Уулун соттош керек болгон. Ушундай жол менен биринчи Кудайдын адилеттиги аткарылган, экинчиден Ал өз сүйүүсүн биздин үстүбүзгө төккөн. Ошондуктан Ыйса биздин күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта жазаланыш керек болгон.
«Мен да сени айыптабайм жана соттобойм». Биздин баардык билип жана билбей кетирген күнөөлөрүбүздүн баардыгы үчүн Кудай соттош керек болчу.
Бирок Кудай бизди соттогон жок. Кудай Ыйсаны жазалады. Себеби Ал Өз чөмүлүүсү аркылуу күнөөлөрдү Өзүнө алды. Кудай бизди сүйгөндүктөн жана боору ооругандыктан бизди жазалаган жок. Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачтагы өлүмү Анын бизге болгон сүйүүсүнүн натыйжасы. «Кудай дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Ага ишенген ар ким өлбөсүн, бирок түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»
Ыйса ойноштук кетирген аялды соттогон жок. Ал аял өзүнүн күнөөкөр экендигин билген. Себеби ал ойноштук кылып жаткан жеринен кармалган. Ал жүрөгүндө гана күнөө кылбастан, денеде да ойноштук кылган. Ал өз күнөөсүн тана алган эмес. Бирок ал Ыйсага ишенип калгандыгы үчүн куткарылды. Эгерде биз Ыйсанын куткарылуусуна ишенсек, биз куткарылабыз. Буга ишен! Бул биздин өзүбүз үчүн эле жакшы.
Эң бактылуу кимдер?
Күнөөсү жоктор.
Баардык адамдар күнөө кетиришет. Бардык адамдар ойноштук кетиришет. Бирок ошол адамдардын баардыгы тең ал күнөөлөрү үчүн соттолушкан жок. Биз бардыгыбыз күнөө кетиргенбиз. Бирок ким Ыйсанын куткарганына ишенсе алардын жүрөктөрүндө күнөө жок. Ким Ыйсанын куткарганына ишенсе ал эң бактылуу адам. Кимдин күнөөлөрү кечирилсе ал эң бактылуу адам. Алар азыр Кудайдын алдында адилеттүү адамдар.
Рим 4:7 бизге бакыт жөнүндө айтат. «Кимдин күнөөсү кечирилсе жана тазаланса алар бактылуу». Биз өлгөнгө чейин күнөө жасай беребиз. Биз Кудайдын алдында мыйзамсыз жана жеткилеңсизбиз. Биз Анын мыйзамдарын билген күндө да күнөө кыла беребиз. Биз абдан алсызбыз.
Бирок Ал бизди Өз жалгыз Уулунун чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарган. Жана Ал бизге мындай деп айтат, Сен мындан ары күнөөкөр эмессиң жана Кудайдын алдында адилеттүүбүз. Силер мындан ары Менин балдарымсыңар.
Суу жана Рух жакшы кабары бул түбөлүк куткарылуунун жакшы кабары. Сен буга ишенесиңби? Ким буга ишенсе Кудайдын алдында адилеттүү деп аталат. Дүйнөдөгү эң бактылуу адам ким? Чыныгы жакшы кабарга ишенип куткарылып калгандар. А сен куткарылдың беле?
Ыйса сенин күнөөлөрүңдүн жарымын эле алып кетти беле? Жок, Ал чөмүлүүсү аркылуу бардык күнөөлөрдү алып кеткен. Буга ишен. Ишен жана сен баардык күнөөлөрүңдөн арыласың. Келгиле Жакан 1:29 окуп көрөлү.
Шыпыргы менен Тазалагандай.
Ыйса күнөөлөрүн канчасын алып кетти?
Бардык дүйнөнүн күнөөлөрүн.
«Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп айтты, «Мына дүйнөнүн күнөөсүн алып кете турган Кудайдын Козусу»». (Жакан 1:29)
«Мына дүйнөнүн күнөөсүн алып кете турган Кудайдын Козусу».
Иордан дарыясында Жакан бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн Ыйсага жүктөдү. Кийинки күнү, ал Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу экендигин күбөлөндүрдү. Ал мойнуна дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн алды.
Жаратылыштан дүйнөнүн акырына чейин адамзат жасаган ар бир күнөөнү Ал Өзүнө алды. 2000 жыл мурун Ал баардык күнөөнү алып бизди куткарды. Кудайдын Козусу катары Ал бардык күнөөлөрүбүздү алып, биздин ордубузга соттолду. Биздин ордубузга Ал Өзү соттолду.
Адам баласы жасаган ар бир күнөө Ыйсанын мойнуна жүктөлдү. Ал дүйнөнүн күнөөсүн алып кеткен Кудайдын Козусу болуп калды.
Ыйса бул дүйнөгө, бардык күнөөкөрлөрдү куткаруучу момун адам катары келди. Биз алсыз, бузулган, акылсыз, жеткилең эмес болгондуктан күнөө кетиребиз. Биз атабыз Адамдан күнөөнү мураска алгандыктан күнөө кылабыз. Ал эми Ыйса чөмүлүү аркылуу баардык күнөөбүздү Өз мойнуна алды да айкаш жыгачта ал күнөөлөр үчүн өлдү. Ал мүрзөгө коюлуп Кудай Аны үчүнчү күнү өлгөндөрдүн арасынан тирилтти.
Ал тирилгенде баардык күнөөкөрлөрдүн Куткаруучусу, Жеңүүчү, Сот жана Кудайдын оң жагына отуруучу болуп тирилди. Анын эми бизди кайра кайра куткарышынын кажети жок. Биз Анын бизди куткарганына гана ишенишибиз керек. Ким ишенсе түбөлүк өмүргө ээ болот. Ким ишенбесе аларды түбөлүк жаза күтүп жатат. Мындан башка жол жок.
Ыйса бардыгыңарды куткарды. Силер жер үстүндөгү эң бактылуу адамдарсыңар. Келечекте алсыздыгыңардан улам, силер сөзсүз күнөө кетиресиңер. Бирок ал бардык күнөөлөрдү алды.
Силердин жүрөгүңөрдө кандайдыр бир күнөө калдыбы? —Жок.—
Ыйса баардык күнөөлөрдү алдыбы? —Ооба! Ал баардык күнөөлөрдү алды.—
Бардык адамдар окшош. Эч ким биринен бири ыйыгыраак эмес. Бирок көбүнчө адамдар эки жүздүү болушкандыктан алар күнөөбүз жок деп эсептешет. Бул дүйнө күнөө өстүрүп жаткан айнек үйгө окшош.
Качан аял киши үйүнөн чыгып бара жатканда, оозуна помада коет, бетине упа жабат, чачын тармалдатат, эң кооз кийимин киет, бийик такалуу бут кийим киет..... Эркектер да чач тарачка барып чачтарын тегиздетишет, таза көйнөгүн киет, эң модалуу галстукту тагынышат, бут кийимин жалтыратып тазалашат.
Сыртынан канзаадага окшоп турганы менен алар ичинен ушунчалык бузулган.
Адамды акча бактылуу кыла алабы? Ден соолук адамды бактылуу кыла алабы? Жок. Күнөөлөрдөн болгон кечирим жана түбөлүк куткарылуу гана адамды бактылуу кыла алат. Сыртынан канчалык бактылуу көрүнүшкөн менен алардын жүрөгүндө тынчтык жок. Мындай адам соттон коркуп жашайт.
Куткарылган адам арстандай эр жүрөк. Себеби анын жүрөгүндө күнөө жок. «Кудай мендей күнөөкөрдү куткарганыңа рахмат». Сен бардык күнөөмдү кечирдиң. Мен Сенин сүйүүңө татыктуу эмес экенимди билем. Бирок мени куткарганыңа чоң рахмат. Мен түбөлүккө күнөөлөрүмдөн куткарылдым. Кудайга даңк!
Куткарылган адам чыныгы бактылуу адам. Анын куткарылуу ырайымына ээ болгон адам чыныгы бактылуу адам. Себеби «Кудайдын Козусу дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти».
Ал биздин баардык күнөөлөрүбүздү алып кетти жана биздин күнөөбүз жок. Ал биз үчүн бардыгын айкаш жыгачта «аткарып» койгон. Дүйнөнүн күнөөсү менен сенин да менин да күнөөлөрүм Ага жүктөлгөн. Ошондуктан бардыгыбыз куткарылганбыз.
Кудайдын Эрки менен.
Ыйсада биз жүрөгүбүз менен күнөө кылабызбы?
Жок.
Кымбаттуу достор, ойноштуктан кармалган аял Ыйсанын сөздөрүнө ишенди жана куткарылды. Бул окуянын Ыйык Жазууга жазылып калган себеби ал аял түбөлүк өмүргө ээ болуп калгандыктан болду. Ал эми эки жүздүү фарисейлер жана дин окутуучулары Ыйсадан качып кетишти.
Эгерде сен Ыйсага ишенсең, сени бейиш күтүп турат. Ал эми эгерде Ыйсаны четке каксаң тозоко барасың. Эгерде Анын адилет иштерине ишенсең бул бейиш, эгерде Анын кылган иштерине ишенбесең бул тозок сыяктуу. Куткарылуу бул ар бир адамдын аракети эмес, бирок куткарылуу Ыйсада гана.
Келгиле Эврейлерге 10-бөлүмдү окуп көрөлү. «Мыйзам келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана. Ошондуктан ал жыл сайын Кудайга ошол эле курмандыктарды алып келгендерди эч качан жеткилең кыла албайт. Андай болсо адамдар Кудайга курмандык алып келүүнү токтотуп коюшмак, анткени бир жолу курмандык алып келүү менен тазаланып калышса, анда алар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезишмек эмес. Бирок жыл сайын курмандыктар аркылуу күнөөлөр эске салынып турат. Анткени торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт. Ошондуктан Машаяк бул дүйнөгө келгенде мындай деген эле: «Сен курмандык, тартууларды каалаган жоксуң, бирок Сен Мага дене даярдап койду».
Мен түбөлүккө күнөөлөрүмдөн куткарылдым. Кудайга даңк! Куткарылган адам чыныгы бактылуу адам. Себеби «Кудайдын Козусу дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти» Ал биздин баардык күнөөлөрүбүздү. Бүтүндөй өртөлүүчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыктар Сага жакпайт. Ошондо Мен мындай дедим: «Мына түрмөк китепте Мен жөнүндө жазылгандай, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам Кудайым». Машаяк адегенде: «Курмандыктарды, тартууларды, бүтүндөй өртөлүүчү курмандыктарды жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды Сен каалаган жоксуң», деди. Булар болсо мыйзам үчүн алынып келүүчү курмандыктар эле. Андан кийин мындай деп кошумчалады: «Мына Мен Сенини эркиңди аткаруу үчүн бара жатам Кудайым». Экинчисин күчүнө киргизүү үчүн, биринчисин алып таштайт. Биз Кудайдын ушул эрки боюнча ыйыкталдык, анткени Ыйса Машаяк Өз денесин бир ирет курмандыкка алып келди» (Эвр. 10:1-10).
«Кудайдын эрки мененl» Ыйса Өзүнүн Өмүрүн бизге берип биротоло биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнө алган, соттолгон жана тирилген.
Ошондуктан Ал биз үчүн курмандык болгон. «Курмандыкка алып келди» (Эвр. 10:10). Мунун мааниси биздин куткарылуу толугу менен аткарылды дегенди түшүндүрөт. Сен курмандыка Өзүңдү бердиң.
«Ар бир ыйык кызмат кылуучу ошол эле курмандыктарды кайра—кайра алып келип, күн сайын кызматта турат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү жок кыла албайт. Ал эми Машаяк күнөөлөр үчүн бир гана курмандык алып келип, түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду. Ал баардык душмандарынын бутунун алдына жыгылышын күтүп турат. Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир курмандык аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды» (Эвр. 10:11-14).
Силер бардыгыңар эртеңки күнөөңөр үчүн да түбөлүккө ыйыкталдыңар. Ал эми эртең кайра күнөө кетирсеңер кайрадан күнөөкөр болуп каласыңарбы? Ыйса ал күнөөлөрдү да алган эмес беле? Ал биздин келечектеги күнөөлөрдү алып кеткен.
«Ыйык Рух да бизге бул жөнүндө күбөлөндүрөт. Анткени Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Ошол күндөрдөн кийин алар менен түзө турган келишимим бул, дейт Теңир: Мыйзамдарды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам. Ошондон кийин алардын күнөөлөрүн жана мыйзамсыздыктарын эстебейм. Ал эми күнөөлөр кечирилген жерде, күнөө үчүн курмандык алып келүүнүн кереги жок». (Эврейлер 10:15-18).
«Күнөөлөрү кечирилген» дегендин мааниси Ал бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алды дегенди түшүндүрөт. Ыйса биздин Куткаруучу Ал менин да сенин да Куткаруучуң. Бизди Ыйсага болгон ишеним куткарды. Бул Ыйсанын куткаруусу, эң улуу ырайым жана Кудайдын катышуусу. Сен жана мен, күнөөсү түбөлүк кечирилгендер дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар!