(Матай 3:13-17)«Ошондо Ыйса сууга Жакан тарабынан чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди. Жакан Аны токтотуп: «Сен мени чөмүлдүрүшүң керек. Сен болсо мага келе жатасыңбы»? деди. Ошондо Ыйса «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек» деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди. Чөмүлдүрүлөөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда Жакан асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшкөнүн көрдү. Ошондо асмандан: «Бул Менин сүйүүктүү уулум, Мен Ага ыраазымын», деген үн угулду.»
Күнөөдөн Азап Тартандар Дагы эле Барбы?
Биз күнөөнүн туткунунан куткарылдык беле?
Ооба.
Биздин Теңир баарыбыздан күнөөнүн кишендерин үзүп таштаган. Ким күнөөдөн кыйналса алар дагы эле күнөөнүн кулчулугунда жүрүшөт. Бирок Кудай аларды Өз куткарылуусу менен күнөөдөн таптакыр куткарган. Ал биздин баардык күнөөлөрүбүздү алган. Дагы эле күнөөлөрү үчүн кыйналып жүргөн адамдар барбы?
Биз болсо биздин күнөөгө каршы күрөшүбүз бүткөнүн түшүнүшүбүз зарыл. Биз күнөөдөн кайрадан азап тартпашыбыз керек. Качан Ыйса Өз чөмүлүүсү жана каны менен куткарганда биз күнөөнүн кишендеринен толугу менен куткарылганбыз. Биздин күнөөбүз ошондо, ошол жерде аяктаган. Уул биздин бардык күнөөлөрүбүздү алды. Кудай биздин күнөөлөрүбүз үчүн Ыйса аркылуу төлөп, бизди түбөлүккө азат кылды.
Канчалаган адамдар күнөөлөрүнөн кыйналып жүргөнүн билесиңби? Бул Адам менен Обонун убагында эле башталган. Адам баласы Адамдан мураска алган күнөөлөрүнүн айынан азап тартып келе жатат.
Бирок Кудай мындай келишим түзгөн. Ал келишим Башталыш 3:15 те жазылган. Ал келишимде Кудай баардык күнөөлөрдөн куткарам деген. Ал келишимде адамзат Ыйса Машаяктын суу жана кан аркылуу болгон курмандыгы аркылуу адамдар күнөөлөрүнөн куткарылат деген. Убактысы келгенде Кудай биздин Куткаруучубуз Ыйса Машаякты жиберди.
Кудай дагы Жакан чөмүлдүрүүчүнү Ыйсанын алдында жиберүүнү убада кылган. Ал Өз убадасын аткарды.
Марк 1:1-8 «Кудайдын Уулу Ыйса Машаяктын жакшы кабарынын башталышы. Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына Мен Сенин алдыңдан Өзүмдүн Периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт». «Теңирге жол даярдагыла. Ал үчүн жолдорду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат» деп жазылгандай. Чөмүлдүрүүчү Жакан келип, ээн талаада сууга чөмүлдүрүп, мындай деп жар салды: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн тобо кылгыла, сууга чөмүлдүрүлгүлө». Ошондо бүт жүйүт эли жана иерусалимдиктер ага келип, күнөөлөрүн моюндарына алып ачык айтышты. Жакан аларды Иордан суусуна чөмүлдүрдү. Жакан төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Ал чегиртке менен жапайы бал жечү. Жакан элге мындай деп жар салды: «Менин артыман менден Күчтүү келе жатат. Мен эңкейип, Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын. Мен силерди сууга чөмүлдүрдүм, Ал болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрөт».
Жакан Чөмүлдүрүүчү, Күбө жана Жакшы Кабардын Алдына Келүүчү. Жакан Чөмүлдүрүүчү.
Жакан чөмүлдүрүүчү ким?
Акыркы Башкы Кызматчы жана адамзаттын өкүлү.
Чөмүлүү деген Грек тилинде, «baptizo», «чумкуу» же «жуу» көмүлүү, өткөрүү дегенди түшүндүрөт. Качан Ыйса чөмүлгөндө, Кудайдын адилеттиги аткарылган. Адилдик деген сөз Грек тилинде «dikaiosune» мааниси такыбаа, эң жеткилең, эң адал же адилетүү абал дегенди билдирет. Ыйса эң туура жол менен Куткаруучу болуп калуу үчүн чөмүлүү алды. Ошондуктан ким Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачка ишенсе, ал адам куткарылууну белекке алат.
Жаңы Осуятта, Жакан, Эски Осуяттын эң акыркы Башчы Ыйык Кызматчысы. Келгиле Матай 11:10–11 ди карап көрөлү. Ыйык Жазуу Жакан Жакан адамзаттын өкүлү жана ыйык кызматчы деп жазылган. Ал адамзаттын күнөөлөрүн Ыйсага жүктөгөн; бул Эски Осуяттагы ыйык кызматчынын кызматы болгон.
Ыйса Өзү Жакан чөмүлдүрүүчү жөнүндө күбөлөндүрөт, Матай 11:13–14. «Баардык пайгамбарлар Жаканга чейин эле пайгамбарчылык кылышкан. Эгерде аны кабыл алсаң Ал келе турган Илияс.» Ошондуктан Жакан чөмүлдүрүүчү Ыйык Кызматчы Арунду тукуму болгон жана эң акыркы Башкы Ыйык Кызматчы болгон. Ыйык Жазуу да Жакан Арундун тукуму экендигин далилдейт. (Лука 1:5, 1 Жылнаама 24:10).
Анда Жакан эмне үчүн чөлдө жалгыз жашаган жана төөнүн жүнүнөн кийим кийген? Бул анын ыйык кызматчы экендигин көрсөткөн. Бардык адамдардын өкүлү катары ал адамдардын арасында жашай алган эмес. Ал адамдарга кыйкырган «Тобо кылгыла, жылан тукумдары!» Ал адамдарды күнөөлөрүнөн куткара турган Ыйсага кайра жиберүү үчүн, аларды сууга чөмүлдүргөн. Маанилүүсү Жакан чөмүлдүрүүчү Ыйсанын башына кол койуу менен биздин күнөөлөрдү Ыйсага жүктөдү.
Чөмүлүүнүн Эки Түрү
Жакан эмне үчүн адамдарды чөмүлдүрдү?
Адамдарды тобо кылууга чакырып, жана Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу куткарылууга ишенсин деп.
Жакан адамдарды чөмүлдүрүп андан кийин гана Ыйсаны чөмүлдүрдү. Биринчиси бул тобоо кылуу чөмүлдүрүүсү болуп, элди Кудайга кайрылууга чакырган. Көптөгөн адамдар Жакандын сөздөрүн укканда буркандарды ташташып Кудайга келишкен.
Экинчи чөмүлүү болсо, Ыйсанын чөмүлүүсү. Дүйнөнүн күнөөлөрүн Ага жүктөш үчүн болгон чөмүлүү. Жакан Ыйсаны Кудайдын адилеттигин аткаруу үчүн чөмүлдүрдү. Башкача айтканда Ыйса биздин баардыгыбызды күнөөлөрүбүздөн куткаруу үчүн чөмүлдү. (Матай 3:15).
Эмне үчүн Ыйсаны Жакан чөмүлдүрүүсү керек эле? Ага ишенгендер куткарылып калуусу үчүн, дүйнөнүн күнөөсүн Ага жүктөш үчүн Кудай Жаканды колдонду. Жакан чөмүлдүрүүчү Кудайдын кызматчысы болгон, анын иши дүйнөнүн күнөөсүн чөмүлдүрүү аркылуу Ыйсага жүктөө, адамзат тобо кылып, куткарылуу жакшы кабарына ишенип, күнөөлөрүнөн куткарылуусу үчүн, Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүү болгон.
Ошондуктан Жакан чөлдө жалгыз жашады. Жакандык убагында Ысрайыл эли абдан бузулуп, тамырына чейин чирип кеткен болчу.
Эски Осуятта Малахия 4:5–6 да Кудай мындай деп айткан. «Мына Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү келээрдин алдында Мен силерге Илияс пайгамбарды жиберем. Мен келип жер жүзүн каргыш менен жазалабаш үчүн, ал аталарынын жүрөгүн уулдарына, уулдарынын жүрөктөрүн аталарына бурат».
Кудайдын көз карашы боюнча Ысрайыл элиндеги Жакабага табынгандардын бардыгы бузулуп кеткен. Анын алдында адилетүү бирөө да жок болчу. Дин жетекчилери, ыйык кызматчылар, мыйзам окутуучулар баары тең бузулуп, тамырына чейин чирик болуп кетишкен. Ысрайыл Кудайдын мыйзамы боюнча туура курмандык алып келбей калышкан.
Дин кызматчылары Кудай аларды күнөөдөн тазалоо үчүн берген кол койууну жана кан курмандыктарын алып келбей калышкан.
Малахиянын убагындагы дин кызматчылары Кудай алар күнөөдөн тазалоо үчүн берген кол койуу жана кан курмандыктарын алып келбей калышкандыгы жазылат.
Ошондуктан Жакан чөмүлдүрүүчү алардын арасында жашай алган эмес. Ал чөлгө барып кыйкырган. Ал эмне деп айтты эле?
Марк 1:2-3, Ал Ышаянын сөздөрүн айтты: «Мына Мен Сенин алдыңда Өз чабарманымды жиберем, Ал Сага жол даярдайт. Анын чөлдөн кыйкырган үнү угулат. «Теңирге жол даярдагыла, ийри жолдор түзөтүлсүн».
Анын үнү адамдарды тобоо кылуу чөмүлдүрүүсүнө чакырып кыйкырып жатты. Ыйык Жазууда тобоо кылуу чөмүлдүрүүсү жөнүндө эмне айтылат? Бул Жакан кыйкырып элди чакырып жаткан чөмүлдүрүү. Бул Ыйсага кайрылууга чакырган чакырык. Ал аларды Кудайга кайрадан кайруу үчүн кыйкырып элди чакырып жатты.
“Тобо кыл жана чөмүл. Биздин Куткаруучу Ыйса дагы күнөөлөрдү алуу үчүн чөмүлүү алат”. Жакандын кыйкырып жатканы, Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн алып, айкаш жыгачта азап тартып, биз Кудайга кайтып келе алуубуз үчүн бардык адамды куткарат, деп айткысы келген.
«Мен силерди сууга чөмүлдүрөм, Ал силерди Ыйык Рухка чөмүлдүрөт». «Ыйык Рухка чөмүлдүрөт» дегендин мааниси силердин күнөөңөрдү жууйт дегенди түшүндүрөт. Чөмүлүүнүн мааниси “жуу” дегенди түшүндүрөт. Ыйсанын Иордандагы чөмүлдүрүүсү биздин күнөөлөрдү Өзүнө алып куткаруу үчүн болгон.
Ошондуктан биз күнөөлөрүбүздөн бурулуп Ага кайрылуубуз керек. Ал дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткен Кудайдын Козусу. Жакан чөмүлдүрүүчү күбөлөндүргөн куткарылуу жакшы кабары ушул.
Башкы Ыйык Кызматчынын Тапшырмасы Күнөөлөрдөн Куткаруу.
Куткарылуу жолун ким даярдады?
Жакан чөмүлдүрүүчү.
Ышайа пайгамбар мындай деп пайгамбарчылык кылган, «Иерусалимдин жүрөгүнө айткыла, ага анын кызмат кылуу мезгили аяктаганын жарыя кылгыла, анын күнөөсү кечирилгенин кабарлагыла, анткени ал Теңирдин колунан эки эсе жаза алды». (Ышайа 40:2).
Ыйса Машайак Өз чөмүлүүсү менен бир да күнөө калтырбай алган; биздин өткөн, азыркы жана келечектеги күнөөлөрүбүздүн баары Анын чөмүлүүсү аркылуу жуулуп кеткен. Ал бардыгыбызды куткарды. Биз Кудайдын куткаруусун билишибиз керек.
Куткарылышыбыз үчүн биз Жакандын Анын башына кол койуу менен чөмүлүү аркылуу Ага күнөөлөрдү жүктөгөнүнө ишенишибиз керек. «Кудай бизди сүйгөндүктөн, жүрөгүбүздө күнөө бар болсо деле, Ыйсанын Өзүнө ишенүү аркылуу эле Асман Падышалыгына кирсек болот» деп өзүбүздү алдабашыбыз керек.
Бардык күнөөлөрүбүздөн куткарылыш үчүн биз Жакан күнөөлөрдүн бардыгын Ага жүктөгөн Анын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачка ишенишибиз керек. “Суу аркылуу” Жакан чөмүлдүрүү Ыйсага дүйнөнүн күнөөсүн жүктөгөн.
Бизди куткарыш үчүн Кудай биринчи Жаканды бул дүйнөгө жиберген. Кудайдын, Падышанын чабарманы жана элчиси катары Жакан жерге келип, чөмүлүү аркылуу Ыйсага биздин күнөөлөрдү жүктөдү. Ал бардык адамзаттын башкы ыйык кызматчысы катары ушундай кызматты аткарды.
Кудай бизге Өз чабарманын Жаканды жиберем деп айткан. «Мен Сенин алдыңда Өз чабарманымды жиберем». Сенин алдыңда дегени, Ыйсанын алдында дегенди түшүндүрөт. Кудай эмне үчүн Жаканды Ыйсанын алдында жиберди? Дүйнөнүн күнөөсүн Анын чөмүлүүсү аркылуу Ыйсага жүктөш үчүн жиберди. «Ал Сага жол даярдайт». Бул аяттын мааниси ушундай.
Биз куткарылып, асманга барышыбыз үчүн жол даярдаган ким? Жакан чөмүлдүрүүчү. «Сенин» деп Кудай Ыйсаны «Менин» деп Өзүн айтып жатат. Качан Ал «Мен Сенин алдыңда Өз чабарманымды жиберем, ал Сага жол даярдайт» дегегдин мааниси эмне?
Биз Асманга барыш үчүн бизге ким жол даярдайт? Жакан чөмүлдүрүүчү бардык күнөөлөрдү Ыйсага жүктөдү, буга ишенүү аркылуу биз асманга бара алабыз; анын тапшырмасы Ыйсаны чөмүлдүрүү аркылуу, Ага күнөөлөрдү жүктөө болгон. Ыйса менен Жакан бизге чындыкка ишенүүгө жана куткарылууга мүмкүнчүлүк берди.
Биздин куткарылуубуз кандайча ишке ашат? Биз Ыйсанын адилеттик ишти аткарганына жана Кудайдын элчиси Жакандын дүйнөнүн күнөөсүн Ага жүктөгөнүнө ишенсек, анан куткарылабыз. Күнөөлөрдөн куткарылуу жакшы кабарын билишибиз зарыл. Кудай Ата Өз кабарчысын алдын ала жөнөттү. Ал Анын Уулун, адамзаттын өкүлү катары чөмүлдүрмөк. Ушундай жол менен ал биздин куткарылууну ишке ашырды.
Кудай Өз кызматчысы Жакан чөмүлдүрүүчүнү, Ыйсага ишенгендер куткарылууну алуулары үчүн жол даярдоого жиберди. Ошол себептен Жакан Ыйсаны чөмүлдүрдү. Ыйсанын Жакан аркылуу алган чөмүлүүсү, Ыйсага ишенгендер асманга баруулалры үчүн болгон куткарылуунун аткарылышы болгон.
Ал тургай келечектеги адамзаттын да күнөөлөрү Анын чөмүлүүсү аркылуу Ыйсанын мойнуна жүктөлдү. Ыйса жана Жакан экөө тең биз Асманга барышыбыз үчүн бизге жол даярдады. Куткарылуунун сырын Кудай бизге Жакан чөмүлдүрүүчү аркылуу ачып берди.
Адамзаттын өкүлү катары Жакан биз Асманга баруубуз үчүн Ыйсаны чөмүлдүрдү. Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу ал баардык күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү. Бул эң кубанычтуу жакшы кабар.
Жакан Чөмүлдүрүүчү Эмне үчүн Төрөлдү?
Ким аркылуу биз Ыйсага ишене алабыз?
Жакан чөмүдүрүүчү.
Малахия 3:1, «Мына мен Өзүмдүн периштемди жиберип жатам, ал Менин алдымда жол даярдап коет, силер издеген Теңир Өз ибадатканасына күтүлбөгөн жерден келет, силер каалаган келишимдин периштеси келет. Мына, Ал келе жатат,—дейт Себайот Теңир.» Ыйык Жазууга көнүл коюп окугула. Эмне үчүн Кудай Өз элчисин Ыйсанын алдында жиберди? Эмне үчүн Жакан Ыйсадан 6 ай мурун төрөлдү?
Ыйык Китеп эмне жөнүндө экендигин түшүнүшүбүз керек. Эски Осуят башкы ыйык кызматчы Арундун кызматын көрсөтөт. Арун Мусанын улуу агасы болгон. Кудай аны жана анын балдарын кызматчылар кылып майлаган. Башка лебилер болсо алардын алдында иштешкен. Арундун балдары курмандык чалынуучу жайдын ичинде курмандык алып келишкен.
Арундун балдары аларга жумушту тең бөлүп берип турушкан, бирок курмандык чалынуучу күнү, жетинчи айдын онунчу күнү, өз элинин бир жылдык күнөөсү үчүн Башкы ыйык кызматчы жалгыз курмандык алып келген.
Лука 1:5 те Жакандын санжырасы бар. Ыйсаны туура түшүнүш үчүн биз Андан жиберилген элчини туура түшүнүшүбүз керек. Биз Ыйсаны түшүнгүбүз келет, бирок Анын алдында келген Жаканды көбүнчө четке кагып коёбуз. Муну түшүнүүгө силерге жардам бергим келет.
«Кудайдын Уулу Машаяктын Жакшы Кабарынын башталышы. Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына мен Сенин алдыңда Өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт». (Марк 1:1-2). Асмандан болгон жакшы кабар дайыма Жакан менен башталат.
Качан биз Жакан жөнүндө толук түшүнгөндө гана Ыйсанын куткаруусун түшүнө алабыз. Бул дүйнөдөгү элдерде болуп жаткан кырдаалды түшүнүү үчүн, элчилерге кулак төшөгөнгө окшош. Ошондой эле качан биз Жакан чөмүлдүрүүчүнү түшүнгөндө, Кудайдын куткарылуусун абдан жакшы түшүнөбүз.
Бүгүнкү күндө көптөгөн машаякчылар Жакандын кандай маанилүү экендигин түшүнө албай жаткандары кандай өкүнүчтүү. Кудай Жаканды кылаарга иши жоктугунан жиберген жок. Бардык жакшы кабарларда Ыйсанын куткарылуусу жөнүндө айтаардан мурда, Жакан жөнүндө айтылат.
Бирок бүгүнкү күндө жакшы кабар таратуучулар Жаканды айтпастан, Ыйсага ишенсең эле куткарыласың деп айтышат. Алар албетте адамдардын күнөөсү мойундарында калып калуусуна жана алардын тозокко кетишине жол берип жатышат. Эгерде машаякчылар Ыйсага гана ишенип Жакандын маанисин түшүнүшпөсө машаякчылык дүйнөдөгү дагы бир дин болуп кала берет. Сен чындыкты билбесең, кайдан куткарылмак элең? Бул мүмкүн эмес.
Көп адамдар, биз куткарылдык себеби айкаш жыгачка кадалган Ыйсага ишендик деп ойлошот. Сен күнөөлөрдүн кандайча Ыйсага жүктөлгөнүн билбей эле, Ыйсанын айкаш жыгачка кадалганына гана ишенсең, ишенимиң канчалык күчтүү болгон күнү да, куткарыла албайсың.
Кудай Жаканды келечекте аткарыла турган куткарылуу жөнүндө дүйнөгө жарыялоо үчүн жана Ыйса күнөөнү кантип ала тургандыгын айтууга жибереген.
Качан гана биз чындыкты толук түшүнгөндө гана, Ыйсанын биздин күнөөлөрдү алып кеткен Кудайдын Уулу экендигин түшүнө алабыз. Жакан бизге куткарылуу жөнүндөгү чындыкты айтат. Ал бизге Ыйсанын чыныгы Кудай жана жарык экендигин күбөлөндүрөт. Жакан бизге жарык жөнүндө күбөлөндүргөн, ал мен жарык эмесмин, бирок жарыкты күбөлөндүрөм деп айткан. Биз эч качан Ыйсаны көргөн эмеспиз. Дагы Жакан 1 бөлүмдө, ал Ыйсаны чөмүлдүрүү аркылуу Ага жол даярдаганы келгендигин айтат.
Эгерде Жакандын күбөлүгү болбосо, кантип биз Ыйсага ишене алабыз? Биз ар кандай маданияттан, динден келгендиктен, Жакабанын Кудай экендигине биз кантип ишене алабыз?
Дүйнөдөгү ар түрдүү диндерге ишенген адамдар Ыйсаны кантип билишет? Биз кантип Ыйса чын эле, күнөөлөрүбүздү алуу аркылуу бизди куткарган Кудайдын уулу экендигин билебиз?
Ыйсанын Куткаруучу экендигин билиш үчүн Эски Осуяттагы куткарылуу жөнүндөгү сөздөрдүн баардыгын окуп чыгышыбыз керек. Туура ишенимге жетиш үчүн биз туура билим алышыбыз керек. Чыныгы билимди алмайынча биз эч нерсе кыла албайбыз. Ыйсага ишениш үчүн жана куткарылууга ээ болуу үчүн Жакан окуткан куткарылууга ишенип жана анын ролун түшүнүшүбүз керек. Ыйсадагы жеткилең ишенимге ээ болуш үчүн биз чындыкты билишибиз керек.
Ошондуктан Ыйса айткан, «Силер чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эрктү кылат». Биз Ыйсадагы чыныгы куткарылууну билишибиз керек.
Ыйык Жазуудагы Далилдер
Төрт жакшы кабар эмнеден башталат?
Жакандык биринчи келишинен.
Келгиле азыр Ыйык Жазуудагы баардык куткарылуу жөнүндөгү далилдерди карап чыгалы да төрт жакшы кабар Жакан чөмүлдүрүүчү жөнүндө эмне айтат экендигин, анын ким болгондугун жана эмне үчүн ал адамзаттын өкүлү же Башкы Ыйык Кызматчы деп аталганын көрөлү.
Биз төрт жакшы кабар тең Жакан чөмүлдүрүүчүдөн башталаарына көңүл бурушубуз керек. Жакан 1:6 жакшы кабарлардагы эң бир маанилүү фактыларды бири. Бул аят дүйнөнүн күнөөсүн Ыйсага ким жүктөгөндүгүн айтат. «Кудай жиберген бир адам болгон, анын аты Жакан эле. Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калуу үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген» (Жакан 1:6-7).
«Баары ал аркылуу ишенип калуу үчүн» жана «Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген», дейт Ыйык Жазуу. Жарык бул Ыйса Машаяк. Демек адамдар ал аркылуу Ага ишениш үчүн Жакан Жарыкты күбөлөндүргөн. Азыр Матай 3 бөлүмдү карап көрөлү.
Матай 3:13–17. «Ошондо Ыйса сууга Жакан тарабынан чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди. Жакан Аны токтотуп: «Сен мени чөмүлдүрүшүң керек. Сен болсо мага келе жатасыңбы»? деди. Ошондо Ыйса «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек» деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди. Чөмүлдүрүлөөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда Жакан асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшкөнүн көрдү. Ошондо асмандан: «Бул Менин сүйүүктүү уулум, Мен Ага ыраазымын», деген үн угулду».
Эмне үчүн биз Жакандын санжырасын билишибиз керек?
Себеби Ыйык Жазуу Жакан баардык адамзаттын Башкы Ыйык Кызматчысы деп жатат.
Жакан Чөмүлдүрүүчү Ыйсаны Ага бүткүл дүйнөнүн күнөөсүн жүктөө үчүн чөмүлдүрдү. Ыйсанын Жакан аркылуу болгон чөмүлдүрүүсү биздин куткарылуубуз үчүн эң маанилүү кадам болгон. Бирок майда чүйдөсүнө чейин, бүт баардыгын билиш үчүн Жакан чөмүлдүрүүчүнүн ким экенин билишибиз керек.
Лука 1:1-14 аяттарда жазылган, «Урматуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза баштады. Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айткан эле. Ошондуктан баардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым. Бул аркылуу сен Анан Ор тоосунда Эдом жеринин чек арасында Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты: «Арун өз элине барып кошулсун, анткени Мериба суусунун жанында менин буйруктарыма баш ийбейкойгонуңар үчүн, ал Мен Ысрайыл уулдарына берген жерге кирбейт. Арунду уулу Элазар менен кошо Ор тоосуна алып чык. Анан Арундун кийиминен чечип, уулу Элазарга кийгиз. Анан Арун четке чыгып, ошол жерде көз жумсун».
Муса Теңир буйургандай кылды. Алар бүт жамаатын көзүнчө Ор тоосуна чыгышты. Анан Муса Арундун кийимин чечип, аларды уулу Элазарга кийгизди. Арун Ор тоосунун чокусунда көз жумду. Муса менен Элазар болсо Ор тоосунан түшүп келишти. Арундун көз жумганын бүт жамаат билди. Бүткүл Ысрайыл эли Арунду жоктоп, отуз күн ыйлашты.
Чыгуу китебинде Мыйзам жазылып Арун Башкы Ыйык Кызматчы болот деп айтылган жана анын балдары анын кызматын мураска алат деп айтылган. Качан алар 30 жашка чыкканда кызматын башташкан. Чыгуу 28:1–5 «Менин Ыйык Кызмат кылуучуларым болуш үчүн Ысрайыл уулдарынын ичинен бир тууганың Арунду жана анын уулдары: Надапты, Абыйутту, Элазарды жана Итамарды өзүңө ал.
Бир тууганың Арунга сый жана жарашык үчүн кийим даярда. Мен акылмандык рухуна толтурган даанышман адамдардын баардыгына айт. Алар Арунга Мага ыйык кызмат кылганда кие турган кийим даярдап беришсин. Алар даярдай турган өзүңө үйрөтүлгөн ошол окутуунун бекем негизин билип каласың. Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария деген ыйык кызмат кылуучу бар эле. Анын Арун уруусунан чыккан Элизабет деген аялы бар эле. Экөө тең Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашашчу. Элизабет төрөбөс болгондуктан, алардын балдары жок болчу. Экөө тең карып калышкан эле. Бир күнү Захария өз кезеги боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда, ыйык кызмат кылуучулардын салты боюнча өкчөмө таш ыргытылып, ага Теңирдин ибадатканасына кирип жыпар жытуу зат түтөтүү кызматы тийди. Жыпар жыттуу зат түтөтүлүп жаткан учурда, көп эл сыртта сыйынып турду. Ошондо ага Теңирдин периштеси көрүндү. Периште жыпар жыттуу зат түтөтүлчү жайдын оң жагында турду Захария аны көргөндө, селт эте түштү. Аны коркунуч басты. Периште болсо ага мындай деди: «Коркпо Захария! Анткени сенин сыйынууң угулду. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, анын ысмын Жакан коесуң. Сен кубанычка, шаттыка бөлөнөсүң, анын төрөлгөнүнө көптөр сүйүнүшөт. Анткени ал Теңирдин алдында улуу адам болот. Шарап да, күчтүү ичкилик да ичпейт. Энесинин ичинде жатканда эле Ыйык Рухка толот. Ысрайыл элдеринин көпчүлүгүн Кудай—Теңирге бурат. Аталарынын жүрөгүн балдарына, баш ийбегендерди адил адамдардын ойлонуу жолуна буруп, даярдаган элдерди Теңирге алып келүү үчүн, ал Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен Анын алдына келет».
Бул жерде Лука Ыйсанын шакирти Жакан чөмүлдүрүүчүнүн санжырасы жөнүндө айтып жатат. Ал Жакандын санжырасын башынан бери айтып берет. Лука жакшы кабарды Теопил деген башка маданияттан келген жана Кудайды тааныбаган адамга окутат.
Күнөөлөрдөн Куткаруучу Ыйса жөнүндө окутуудан мурун ал Теопилге Жакандын санжырасын айтуудан баштады. Бутпарастар жана ар кайсы уруудан келген адамдар катары биз дагы атайы ар бир кадамды түшүндүрмөйүнчө Ыйсанын куткарылуусун түшүнө албайбыз.
Лука 1:5–9 аяттар мындай дейт «Урматуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза баштады. Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айткан эле. Ошондуктан баардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым. Бул аркылуу сен өзүңө үйрөтүлгөн ошол окутуунун бекем негизин билип каласың. Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария деген ыйык кызмат кылуучу бар эле. Анын Арун уруусунан чыккан Элизабет деген аялы бар эле. Экөө тең Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашашчу. Элизабет төрөбөс болгондуктан, алардын балдары жок болчу. Экөө тең карып калышкан эле. Бир күнү Захария өз милдети боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда, ыйык кызмат кылуучулардын салты боюнча өкчөмө таш ыргытылып, ага Теңирдин ибадатканасына кирип жыпар жытуу зат түтөтүү кызматы тийди».
Ыйык Кызматчылык салт боюнча Захария Кудайга кызмат кылып жатканда мындай окуя болду. Лука Захариянын чыныда эле Арундун тукумунан болгондугун күбөлөндүрөт. Андай болбосо Захариянын кайсы кезеги жөнүндө айтылып жатат? Бул абдан маанилүү.
Ал мындай деп түшүндүрөт, “Бир күнү Захария өз милдети боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда”, Лука Захарияны жакшы билгендиктен ал жакшы кабарды Захария жана Элизабет жөнүндө айтуу менен баштады.
Жакан Захария жана Арундун кызы Элизабеттен төрөлдү. Эми Жакандын атасы Захариянын санжырасын карап көрөлү.
Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн Санжырасы.
Жакан чөмүлдүрүүчү кимдин тукуму?
Башкы Ыйык Кызматчы Арундун.
Жакан чөмүлдүрүүчүнүн санжырасын түшүнүү үчүн биз Эски Осуятты окуп чыгышыбыз керек. 1 Жылнаама 24:1-19.
«Арундун уулдары мындай бөлүндү: Арундун уулдары: Надаб, Абыйут, Элазар жана Итамар. Надаб менен Абыйут атасынан мурун каза болушту, алардын уулдары болгон эмес. Ошондуктан Элазар менен Итамар ыйык кызмат кылышты. Дөөт аларды кызматка бөлүштүрдү—Элазардын уулдары Садокту, Итамардын уулдарынан Акимелекти кызматы боюнча бөлдү. Итамардын уулдарына караганда, Элазардын уулдарынын башчылары көбүрөөк болуп чыкты. Ошондуктан ал буларды мындай бөлдү: Элазар уулдарынан он алты уруу башчы, Итамардын уулдарынан сегиз уруу башчы. Аларды өкчөмө таш ыргытып бөлдү, анткени Элазардын уулдарынан да, Итамардын уулдарынан да ыйык жайда жана Кудайдын алдында башчы болуп турушту. Аларды лебилерден катчы болгон Натанаелдин уулу Шемая падыша менен төрөлөөрдүн алдында, ыйык кызмат кылуучу Садоктун алдында жана Абыятардын уулу Акимелектин алдында, лебилер менен ыйык кызмат кылуучулар тукумунун башчыларынын алдында тизмеге жазды. Өкчөмө таш ыргытканда, Элазар уруусунан бир үй—бүлөнү, Итамар уруусунан бир үй—бүлөнү алышты. Биринчи өкчөмө таш Жейойарипке, экинчи таш Жедаяга түштү. үчүнчүсү Харимге, төртүнчүсү Сейоримге, бешинчиси Малкияга, алтынчысы Мияминге, жетинчиси Акоско, сегизинчиси Абияга, тогузунчусу Жешуяга, онунчусу Шеханияга, он биринчиси Элийашипке, он экинчиси Жакимге, он үчүнчүсү Хупага, он төртүнчүсү Жешебапка, он бешинчиси Билгага, он алтынчысы Имерге, он жетинчиси Хейзирге, он сегизинчиси Апитсеске, он тогузунчусу Петахияга, жыйырманчысы Хискияга, жыйырма биринчиси Жахинге, жыйырма экинчиси Гахулга, жыйырма үчүнчүсү Делаяга, жыйырма төртүнчүсү Мазияга түштү. Ысрайылдин Кудай Теңиринин алардын атасы Арунга берген буйругу боюнча алардын кызмат кылардагы, Теңирдин үйүнө кирердеги тартиби ушундай.»
Келгиле 10—аятты кайра окуп көрөлү, «жетинчиси Акоско, сегизинчиси Абияга». Дөөт падышанын убагында, абдан көп ыйык кызмат кылуучулар болушкан жана алардын баарын диний кызматка орноштуруш керек болгон. Ошондуктан баардыгы иреетүү болуш үчүн Дөөт таш ыргытуу аркылуу кызматтарды бөлүштүргөн. (Баарыбыз билгендей эле Арун Мусанын улуу агасы болгон. Кудай Мусаны Башкы пайгамбар жана Арунду Башкы ыйык кызматчы кылып койгон).
Башка лебилер болсо ыйык кызматчылардын жана Арундун алдында болушкан. Арун жана анын балдары Кудайга курмандык алып келип туруу милдетин алышкан. Дөөт аларга таш ыргытуу жолу менен кызматтарды бөлүп бергенге чейин, Арундун балдары кайра кайра таш ыргытышып көп убара болушкан.
Ошондуктан Дөөт ар бирине өз милдеттерин бөлүштүрүп берген. Арундун балдарын бөлүнгөн 24 милдет бар болчу. Алардын арасынан 8 милдет Абияга тийген. Ошондуктан: «Абия тобунда Захария деген ыйык кызмат кылуучу бар эле» деп жазылган. Демек Захария Абия тобундагы ыйык кызматчы болгон жана ал экөө тең Арундун балдары болушкан. Ал эми Жакан чөмүлдүрүүчү алардын балдары болгон. Алардын балдары бири биринин тукумдары менен гана үйлөнүшкөн.
Ошондуктан Жакып өз тайкесинин кызын алган. Бул санжыранын кандай маанилүү экендигин көрсөтөт. «Абия тобунда Захария деген ыйык кызмат кылуучу бар эле». Мындан биз Захария чын эле Арундун тукумунан болгонун көрө алабыз. Захария ким? Жакан чөмүлдүрүүчүнүн атасы. Жакан чөмүлдүрүүчүнүн дүйнөнүн күнөөсүн Ыйсанын мойнуна жүктөгөн кызматын жана Ыйсанын бул дүйнөгө алып келген кызматын түшүндүрүү үчүн бул эң маанилүү нерсе.
Арундун Балдары Гана Ыйык Кызматчы Боло Алышат.
Эски осуятта башкы ыйык кызматчынын кызматын кимдер аткара алган?
Арун жана анын майланган балдары.
Анда Ыйык Жазуунун кайсы жеринде Арундун балдары гана ыйык кызматчы боло алат деп айтылган.
Келгиле Сандар 20:22–29 ту карап көрөлү. «Анан Ысрайыл уулдары Кадештен чыгышты. Бүт жамаат Ор тоосуна келди. Анан Ор тоосунда Эдом жеринин чек арасында Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты: «Арун өз элине барып кошулсун, анткени Мериба суусунун жанында менин буйруктарыма баш ийбейкойгонуңар үчүн, ал Мен Ысрайыл уулдарына берген жерге кирбейт. Арунду уулу Элазар менен кошо Ор тоосуна алып чык. Анан Арундун кийиминен чечип, уулу Элазарга кийгиз. Анан Арун четке чыгып, ошол жерде көз жумсун». Муса Теңир буйургандай кылды. Алар бүт жамаатын көзүнчө Ор тоосуна чыгышты. Анан Муса Арундун кийимин чечип, аларды уулу Элазарга кийгизди. Арун Ор тоосунун чокусунда көз жумду. Муса менен Элазар болсо Ор тоосунан түшүп келишти. Арундун көз жумганын бүт жамаат билди. Бүткүл Ысрайыл эли Арунду жоктоп, отуз күн ыйлашты.»
Чыгуу китебинде Мыйзам жазылып Арун Башкы Ыйык Кызматчы болот деп айтылган жана анын балдары анын кызматын мураска алат деп айтылган. Качан алар 30 жашка чыкканда кызматын башташкан.
Чыгуу 28:1–5 аяттарда мындай дейт «Менин Ыйык Кызмат кылуучуларым болуш үчүн Ысрайыл уулдарынын ичинен бир тууганың Арунду жана анын уулдары: Надапты, Абыйутту, Элазарды жана Итамарды өзүңө ал.»
Бир тууганың Арунга сый жана жарашык үчүн кийим даярда. Мен акылмандык рухуна толтурган даанышман адамдардын баардыгына айт. Алар Арунга Мага ыйык кызмат кылганда кие турган кийим даярдап беришсин. Алар даярдай турган кийимдер булар: төш чөнтөк, алжапкыч, сырткы чапан, токлган узун көйнөк, кидар жана бел курчоо. Алар бир тууганың Арунга жана анын балдарына Мага ыйык кызмат кылганга кие турган кийим даярдап беришсин.
Кудай бул жерде ачыктан ачык эле Мусанын агасы Арунду ыйык кызматчыга майлады. Ар бир эле адам ыйык кызматчы боло албайт. Биз Кудайдын Сөзүн эч качан унутпашыбыз керек.
Чыгуу 29:1–9, «мага ыйык кызмат кылуулары үчүн, аларды ыйыктоодо мындай кылуу керек: бир букачар, кемчилиги жок эки кочкор, ошондой эле буудай унунан жазалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулган тузсуз нан, үстүнө зайтун майы сүйкөлгөн тузсуз нан алып, аларды себетке салып, себети менен алып кел, алар менен кошо букачарды, эки кочкорду ала кел. Арундун уулдары менен жыйын чатырынын эшигинин алдына келип, сууга жуунт. Анан Арунга узун көйнөктү, сырткы чапанды, төш чөнтөктү, алжапкычты кийгизип, алжапкычтын сыртынан бел курчоо менен курча. Башына кидарды кийгизип, ага ыйык таажыны так. Анан майлоочу майды алып, башына куй. Анын уулдарын да алып келип, аларга узун көйнөк кийгиз. Арунга, анын уулдарына бел курчоо курчап, баштарына баш кийим кийгиз, ошондо ыйык кызмат мыйзам боюнча түбөлүккө аларга таандык болот. Арунга жана анын уулдарына ыйык кызмат кылуучунун укугун бер».
Арун жана анын балдарына баш кийим кийгизгиле Ыйык кызматчылылк алардын милдети болот Арун жана анын балдарын майлагыла.
Кудай жалгыза Арунду жана анын тукумун ыйык кызматчылыка майлаган. Качан ал «түбөлүк милдет» деп айтканда Кудай ыйык кызматчылык Ыйса келгенден кийин деле күчүн жоготпойт деп айткысы келген.
Лука Захария Ыйык Кызматчы Арундун тукумунан болгонун айтат. Качан Захария Кудайдын ибадатканасында кызмат кылып жатканда, Кудайдын периштеси ага келип сыйынууң угулду, ошондуктан аялың Элизабетта кош бойлуу болуп, уулду болосуң деп айтты. Захария ишенбей мындай деп айтты, «Менин аялым карып калды, ал кантип төрөйт?»
Ал шектенгендиги үчүн Кудайдын сөздөрү чындык экендигин көрсөтүү үчүн, аны бир нече убакытка чейин сүйлөй албас кылып койду.
Захариянын аялы боюнда болгондон кийин бир нече убакыттан кийин, Мариям да кош бойлуу болду. Кудай эки инсанды тең биздин куткарылуубуз үчүн Кудайдын ишине даярданып жатты. Ал Жаканды жана өзүнүн жалгыз уулун бул дүйнөгө жибериш керек болгон. Ошондуктан Ал, буга ишенгендер куткарылсын деп, Өз Уулун биринчи Жакан аркылуу чөмүлүүдөн өткөрүп андан кийин, дүйнөнүн күнөөлөрүн Ага жүктөгөн.
Кудайдын Өзгөчө Даярдыгы
Ыйса куткарылууну ишке ашырыш үчүн Ага ким жол даярдаган?
Жакан чөмүлдүрүүчү.
Ыйса кыз Мариямдардын денеси аркылуу төрөлгөн адамзаттын куткаруучусу. Жүйүттүн тукумунан болгон Жусуп деген адам менен Мариям нике алдындагы убадалашууга турушкан. Кудайдын Осуяттын аткарыш үчүн Ыйса Жүйүттүн тукумунан болгон үй—бүлөдө туулган. Кудай атайы Жакан чөмүлдүрүүчүнү Ыйсадан биринчи бул дүйнөгө алып келди. Жакан Ыйсаны чөмүлдүрүш үчүн жана дүйнөнүн күнөөлөрүн Ыйсага жүктөш үчүн төрөлдү.
Ыйык Кызматчынын тукуму Кудайдын Осуяттын аткарыш үчүн Ыйсаны чөмүлдүрүп, бул дүйнөнүн күнөөсүн Ыйсага жүктөдү. Мисирден чыгуу китебинде Кудай Ысрайыл элине Өз Осуяттарын жана курмандык алып келүү жолдорун берген.
Ал эми Арун жана анын тукумун түбөлүккө ыйык кызматчылык милдетке майлаган. Жалгыз гана Арундун тукуму гана курмандык алып келгенге укугу бар жана ыйык кызматчылар Арундун тукумунан гана чыгат.
Эмне үчүн мындай болуп калганы сизге эми түшүнүктүү болдубу? Арундун көптөгөн балдарынын арасынан Кудай Захария жана анын аялы Элизабетти тандап алды.
«Мына, Мен Өзүмдүн элчимди Сенин алдыңда жиберем» Качан Кудай Захарияга Элизабет уул төрөйт жана анын аты Жакан болот деп айтканда, Захария абдан таң калды жана уул төрөлгөнгө чейин сүйлөбөс дудук болуп калды. Чынында эле уул төрөлдү. Салт боюнча балага атасынын атын же туугандырынын атын коюш керек эле.
«Элизабеттин төрөөр маалы келип уул төрөдү. Теңирдин ага улуу ырайым көрсөткөнүн уккан анын коңшулары менен туугандары аны менен бирге кубанышты. Сегизинчи күнү баланы сүннөткө отургузууга келишти. Ага атасы Захариянын ысмын коймок болушту. Бирок баланын энеси: «Жок, анын атын Жакан коебуз» деди. Ошондо: «Сенин урууңда мындай ат жок» дешти. Анан баланын атасынан баланын атын кандай коебуз деп жаңдап сурашты.» Ал такта талап кылып «Анын аты—Жакан» деп жазды. Баардыгы таң калышты. Ошол замат Захарияга тил кирип Кудайды даңктай баштады. Алардын тегерегинде жашагандардын баардыгын чоң коркунуч басты. Бул жөнүндө тоолу жүйүт аймагынын бүт жерине сөз тарады. Уккандардын баардыгы муну көкүрөгүнө түйүп: «Бул бала ким болоор экен?» дешти. Аны Кудай Өзү колдоп жүрдү» (Лука 1:57-66).
Захария уулу төрөлгөндөн кийин деле дудук бойдон кала берди. Балага ат кое турган убак келгенде туугандары баланын атын Захария коелу деп сунуш кылышты. Бирок баланын энеси баланы атын Жакан коебуз деди. Ошондо туугандары бала атасынын ысмынан койулуш керек деди. Элизабет макул болбогондуктан алар Захариядан суроону чечишти. Захария сүйлөй албагандыктан такта сурап ага «Жакан» деп жазды. Туугандардын баары бул өзгөчө атка абдан таң калышты. Бирок балага ат койулаары менен Захария сүйлөй баштады. Ал Ыйык Рухка толуп пайгамбарчылык айтып баштады. «Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария деген ыйык кызмат кылуучу бар эле».
Өзгөчө милдетти аткаруучу, адамзаттын өкүлү Жакан Арунду тукуму Захариядан төрөлдү. Жакан жана Ыйса аркылуу Кудай адамзаттын куткаруусун ишке ашырды. Биз Жакан жана Ыйса ишке ашырган куткарылууга ишенүү аркылуу күнөөлөрүбүздөн куткарылдык.
Ыйсанын Чөмүлүүсү
Эмне үчүн Ыйса Жакан аркылуу чөмүлдү?
Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүү үчүн.
Жакан Ыйса Кудайдын Уулу экендигин жана дүйнөнүн күнөөлөрүн алаарын күбөлөндүрдү.
Бирок бул Кудай Өзү эле Өзүнүн Куткаруучу экенин айта албагандыктан эмес. Кудай Өз жамаатындагы Өз кызматчылары аркылуу иштейт жана адамдардын оозу аркылуу сүйлөйт. «Иерусалимдин жүрөгүнө айткыла, ага анын кызмат кыла турган мезгили аяктагандыгын жарыя кылгыла, анын күнөөсү кечирилгенин кабарлагыла, анткени ал Теңирдин колунан өзүнүн квнөөсү үчүн эки эсе жаза алды». Ээн талаада жар салган адамдын үнү: «Теңирге жол даярдагыла, талаага биздин Кудайга түз жол жазагыла. Ар бир өрөөн толсун, ар бир тоо, ар бир дөң түзөтүлсүн, кыйшык жерлер түздөлсүн, өңгүл—дөңгүл жолдор түздөтүлсүн. Ошондо Теңирдин даңкы келет, ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт, анткени муну Теңир Өз оозу менен айтты». Үн мындай дейт: «Кабарла»! Мен: «Эмнени кабарлайын»? деп сурадым. Ар бир адам чөп, анын сулуулугу талаа гүлдөрү сыяктуу. Чөп куурайт, гүл соолуйт, ал эми биздин Кудайыбыздын сөзү түбөлүк калат.» (Ышайа 40:2, 8).
Кудай Ыйса төрөлө электен мурун жети жүз жыл мурун эле убада кылган. «Силер мындан ары күнөөкөр эмессиңер, силердин күнөө менен болгон күрөшүңөр бүткөн. Качан биз Жакан чөмүлдүрүүчүнүн ишин жана Анын дүйнөнүн күнөөсүн Ыйсанын үстүнө жүктөгөнүн түшүнгөндө, биз баардык күнөөлөрүбүздөн тазаланабыз. Баардык төрт жакшы кабар тең, эски осуяттагы эң акыркы пайгамбар Малахия да бизге Жакан чөмүлдүрүүчү Ыйсага жол даярдаган кызматчы болгондугу жөнүндө айтат.
Ал эмес Жаңы Осуят да Жакандын төрөлүшүн жана дүйнөнүн күнөөлөрүн Ыйсага өткөргөндүгү менен башталат. Анда биз эмне үчүн аны Жакан чөмүлдүрүүчү деп атайбыз? Себеби ал Ыйсаны чөмүлдүргөн.
Чөмүлүүнүн мааниси кандай? Жуу, көмүү, өткөрүү. Кол койуу менен мааниси абдан окшош. Кол койуу дагы эски осуятта бул «өткөрүү» дегенди түшүндүргөн. Ошондуктан «кол койуу» жана «чөмүлүү» экөөнүн мааниси окшош.
Ал эми Ыйсанын чөмүлүүсүнүн мааниси кандай? Жалгыз гана Анын чөмүлүүсү аркылуу биз күнөөлөрүбүздөн кутулдук. Эски осуятта Кудай курмандыкка кол койуу аркылуу күнөөлөрдөн тазалаган.
Курмандык мууздалгандан кийин, ыйык кызматчылар анын канын, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сүйкөгөн. Бул күнүмдүк күнөөлөрдөн арылуу күнү болгон. Ал эми бир жылдык күнөөлөрдөн кантип арылышкан? Ал үчүн Башкы Ыйык Кызматчы, баардык элдер үчүн курмандык чалган.
Жакан чөмүлдүрүүчү Арундун тукуму болгондуктан, ал ыйык кызматчынын кызматын аткарууга акысы бар болчу. Ошондуктан Кудай аны акыркы Башкы Ыйык Кызматчы кылып койду.
Жакан чөмүлдүрүүчү баардык адамзаттын өкүлү жана акырыкы башкы ыйык кызматчы болуп калды.
Жакан чөмүлдүрүүчү дүйнөнүн күнөөлөрүн Ыйсага жүктөгөндүктөн, биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу куткарыла алабыз. Кудайдын планын аткаруу үчүн жана баарык күнөөлөрдөн бизди куткарыш үчүн, Кудайдын козусу болуп калды.
Ыйса дагы бизге Жакан акыркы пайгамбар жана дүйнөнүн күнөөлөрүн Ага жүктөй турган акыркы Башкы Ыйык Кызматчы экендигин айткан.
Эмне үчүн Ыйса бул нерсенин баарын Өзү эле жазап койгон жок?
Эмне үчүн Ага Жакан чөмүлдүрүүчү керек болду? Жакандын Ыйсадан мурун алты ай төрөлгөнүнө себеп бар. Бул Эски Осуятта айтылган сөздү аткарыш үчүн керек болгон. Ыйса кыз Мариямдан төрөлгөн, ал эми Жакан болсо, төрөбөгөн аял Элизабеттен төрөлгөн.
Бул Кудайдын иши жана Анын күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн болгон планы. Бизди күнөө менен болгон күрөштөн жана күнөөдөн тарткан азаптан куткаруу үчүн, Ал өз кызматчысы Жаканды андан кийин Өз Уулу Ыйсаны жиберди. Жакан чөмүлдүрүүчү адамзаттын өкүлү жана акыркы башкы ыйык кызматчы болуп калды.
Аялдан Улуу Адам Төрөлдү.
Жердеги эң улуу адам ким болгон?
Жакан чөмүлдүрүүчү.
Келгиле Матай 11:7-14 окуп көрөлү. «Жакандын шакирттери кеткенден кийин, Ыйса элге Жакан жөнүндө айта баштады. «Чөлгө эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы? Деги силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымат баалуу кийим кийинген адамдыбы? Кымбат баалу кийим кийингендер, Хандын сарайында болот эмеспи! Деги силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коеюн, ал пайгамбардан да чоң. Анткени «Мына Мен Сенин алдыңда периштемди жиберип жатам. Ал Сенин алдыңда жолуңду даярдайт» деген сөз ошол жөнүндө жазылган болчу. Силерге чындыкты айтып коеюн, аял затынан төрөлгөндөрдүн арасында чөмүлдүрүүчү Жакандан чоңу болгон эмес. Бирок Асман Падышалыгындагылардын кичинеси андан чоң. Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышалыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар ээ болушат. Анткени пайгамбарлардын китептеринде жана мыйзамда Жаканга чейин эле алдын ала айтылып келген. Эгерде кабыл алгыңар келсе, келиши керек болгон Илияс ошол».
Элдер чөлгө “жылан тукумдары, тобо кылгыла” деп кыйкырып жаткан Жакан чөмүлдүрүүчүнү көрүүгө барды. Ыйса айтты, «Чөлгө эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы? Деги силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымат баалуу кийим кийинген адамдыбы? Кымбат баалу кийим кийингендер, Хандын сарайында болот эмеспи!” Ыйса Өзү Жакандын улуулугун күбөлөндүрдү. «Эмнени көрүү үчүн бардыңар эле? Төөнүн жүнүнөн кийим кийген жана үнүнүн бардыгынча кыйкырган жапай адамдыбы? Анын төөнүн жүнүнөн кийген кийими жыртылып калса керек. Эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат кийим кийген адамдыбы? Кымбат баалуу кийим кийгендер падышалардын сарайында болот эмеспи. Бирок ал падышадан да жогору» деп Ыйса Жакан жөнүндө күбөлөндүрдү. «Деги силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коеюн, ал пайгамбардан да чоң.»
Ошол убакта пайгамбарлар падышалардан да жогору эсептелишчү. Жакан падышадан да, пайгамбардан да чоң болчу. Ал Эски Осуяттагы баардык пайгамбарлардан да чоң болчу.
Ыйсадан башка адамзаттын өкүлү ким? Ыйсадан башка жер үстүндөгү улуу адам ким? Жакан чөмүлдүрүүчү.
«Мен силерге айтам ал пайгамбардан да чоң. Мына Мен өз элчимди Сенин алдыңда жиберем, Ал Сага жол даярдайт».
Жакан айтты «Мына дүйнөнүн күнөөсүн алып кете турган Кудайдын козусу!». Бул Ыйсанын дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетээрин күбөлүндүргөн Жакан Чөмүлдүрүүчү болчу.
Матай 11:11, «Чынын силерге айтамын, Жакан Чөмүлдүрүүчүдөй аялдан төрөлө элек.»
Аялдан төрөлгөндөрдүн арасынан Жакан чөмүлдүрүүчүдөн чоңу барбы?
«Аялдан төрөлгөндөр» деген эмнени түшүндүрөт? Бул бардык адамзат дегенди түшүндүрөт.
Себеби Адам менен Ободон башка адамдардын бардыгы аялдан төрөлгөн. Ооба, аялдан төрөлгөндөрдүн арасында Жакан Чөмүлдүрүүчүдөн чоңу жок. Ошондуктан ал акыркы Ыйык Кызматчы жана бардык адамзаттын атынан келген өкүл.
Жакан чөмүлдүрүүчү Жогорку Ыйык Кызматчы, пайгамбар жана бардык адамзаттын өкүлү болгон.
Эски осуятта Арун жана анын уулдары Кудайга түбөлүк кызмат кылууга шайланышкан. Бардык күнөөлөрдүн бардыгы Арун жана анын уулдары аркылуу жуулган.
Мунун бардыгы Кудайдын буйругу боюнча болгон. Лебилердин башкалары келип Ыйыктардын Ыйыгы бөлмөсүнө киргенде алар өлүп калышуучу. Алардын милдети курмандык чалынуучу жайга отун чогултуу, курмандыкка чалынган малдын терилерин, майларын, ичегилерин тазалоо болгон.
Эгерде алар Ыйык Кызматчынын иштерин аткарыууга аракет кылышса алар өлүп калышаар эле. Кудайдын мыйзамы ошондой болгон. Алар бул Кудай койгон эрежелерди бузбоого тийиш эле.
Адамзаттын куткарылуусу качан Жакан чөмүлдүрүүчү Ыйсаны чөмүлдүрүп бүтүп кайра Ыйса айкаш жыгачка керилгенде аткарылган. Ал эми ким Ыйсага ишенсе алар түбөлүк Кудай Падышалыгына киришет. Анткени алар ишеним аркылуу акталып калышты.
Келгиле азыр Жакандын атасы өз уулу жөнүндө эмне деп күбөлөндүгөндүгүн көрөлү.
Жакандык атасы Захариянын уулу жөнүндөгү күбөлүгү
Захария өз уулу жөнүндө эмне деп пайгамбарчылык кылды?
Жакан Теңирге жол даярдайт жана элге куткарылуу жолун көрсөтөт.
Келгиле төмөнкү аятты окуп көрөлү Лука 1:67-80. «Анын атасы Захария Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарчылык кылды: «Ысрайылдын Кудайына алкыш! Анткени Ал Өз элине келип кун төлөп куткарып алды. Байыртадан бери Өзүнүн ыйык пайгамбарлары айтып келгендей, Өз кулу Дөөттүн тукумунан бизге куткаруучу берди. Ал бизди душмандарыбыздан, бизди жек көргөндөрдүн колунан куткарды. Биздин ата бабаларыбызга ырайым кылып, Өзунүн Ыйык Келишимин эстеди. Өмүрүбүз өткөнчө Анын алдында, Ага ыйыктык жана адилеттик менен, коркпостон кызмат кылышыбыз үчүн, Ал атабыз Ыбрайымга бизди душмандарыбыздын колунан куткарууну убада кылган. Сен да, наристе, Бардыгынан Жогорунун пайгамбары деп аталасың. Анткени сен Теңирге жол даярдаш үчүн, Кудайдын Улуу Боорукердиги боюнча күнөөлөрү кечирилип, куткарылаарын эл түшүнүш үчүн, Анын алдында келесиң. Ошол улуу боорукердик боюнча биздиТынчтыктын жолуна салуу үчүн, караңгычылыкта жана өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык берүү үчүн, жогорудан бизге жарык келет». Бала болсо чоңоюп руху бекемделип жатты. Жакан өзүнүн элине келгенге чейин чөлдө жашады.»
Захария эки нерсени пайгамбарчылык кылды. Ал бардык адамдардын падышасы келет деп пайгамбарчылык кылды. 68–73 аятка чейин, ал кубаныч менен пайгамбарчылык кылды да Кудай Өзүнүн Ыбрайымга берген убадасын унутпастан душмандардан куткаруу үчүн Ыйсаны кыз Мариямдан төрөлүүсү аркылуу бергендигине кубанды.
74 аятта ал, «коркпостон кызмат кылышыбыз үчүн, Ал атабыз Ыбрайымга бизди душмандарыбыздын колунан куткарууну убада кылган.» дейт. Бул аркылуу ал Кудайдын Ысрайылга жана Ыбрайымга берген убадасын эстеп жатат. «коркпостон кызмат кылышыбыз үчүн, Ал атабыз Ыбрайымга бизди душмандарыбыздын колунан куткарууну убада кылган.»
76, аяттан баштап ал өз уулу жөнүндө пайгамбарчылык кылат. «Сен да, наристе, Бардыгынан Жогорунун пайгамбары деп аталасың. Анткени сен Теңирге жол даярдаш үчүн, Кудайдын Улуу Боорукердиги боюнча күнөөлөрү кечирилип, куткарылаарын эл түшүнүш үчүн, Анын алдында келесиң. Ошол улуу боорукердик боюнча биздиТынчтыктын жолуна салуу үчүн, караңгычылыкта жана өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык берүү үчүн, жогорудан бизге жарык келет.»
Бул жерде, «күнөөлөрү кечирилип, куткарылаарын эл түшүнүш үчүн.» дейт. Куткарылууну эл ким аркылуу түшүнгөн? Жакан чөмүлдүрүүчү. Көрдүңөрбү? Жакан чөмүлдүрүүчү биз Ыйсанын Кудайдын Уулу жана бул дүйнөнүн күнөөсүн алып кетээрин түшүнүшүбүз үчүн келген.
Келгиле Марк 1–бөлүмдү карап көрөлү. «Кудайдын Уулу Ыйса Машаяктын Жакшы Кабарынын башталышы. Пайгамбарлардын китептеринде: Мына, Мен сенин алдыңда периштемди жиберип жатам, ал Сага жол даярдайт. Теңирге жол даярдагыла. Ал үчүн жолдорду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», деп жазылгандай, чөмүлдүрүүчү Жакан келип ээн талаада сууга чөмүлдүрүп, мындай деп жар салды; «Күнөөңөр кечирилиш үчүн сууга чөмүлүп, тобо кылгыла» Ошондо бүт жүйүт эли жана бардык Иерусалимдиктер Ага келип күнөөлөрүн моюдарына алып, ачык айтышты. Жакан аларды Иордан суусуна чөмүлдүрдү» (Марк 1:1-5).
Качан Ысрайыл эли Жаканды укканда, алар бутпарастардын буркандардан бурулушуп Жакан аркылуу чөмүлүп жатышты. Бирок Жакан мындай деп күбөлөндүрдү, «Мен силер Кудайга кайрылышыңар үчүн силерди суу менен чөмүлдүрөм. Бирок Кудайдын Уулу келип силердин күнөөңөн Ага өтүшү үчүн мен аркылуу чөмүлдүрүлөт. Жана эгерде силер Анын чөмүлүүсүнө ишенсеңер, силердин бардык күңөөлөрүңөр Эски Осуяттагыдай кол кою менен Ага жүктөлөт. Жакандын күбөлүгү ушундай болгон.
Ыйсанын Иордан дарыясынан чөмүлүүсүнүн мааниси Ал өлүм дарыясына чөмүлдүрүлгөн. Өлүк койгону барганда биз мындай деп ырдайбыз. «Кош бол, кош бол, биз кооз жээктен кайрадан жолугабыз. биз кооз жээктен кайрадан жолугабыз». Качан биз өлгөндө биз Иордан дарыясынан өтөбүз. Иордан дарыясы өлүмдүн дарыясы. Ыйса ушул өлүм деңизинде чөмүлдүрүлгөн жана бардык дүйнөнүн күнөөлөрүн алган.
Бизди Күнөөлөрүбүздөн Куткарган Чөмүлүү
Жаңы Осуятта кол кою эмне?
Ыйсанын чөмүлдүрүүсү.
Матай 3:13-17, «Ошондо Ыйса сууга Жакан тарабынан чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди. Жакан Аны токтотуп «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек. Сен болсо мага келе жатасыңбы?» деди. Бирок Ыйса ага «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилетүү ишти, ушундайча аткаруубуз керек» деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди. Чөмүлдүрүлөөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда асмандаын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү. Ошондо асмандан: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын», деген үн чыкты.»
Ыйса Иорданга барып Жакан Чөмүлдүрүүчү аркылуу чөмүлдүрүлдү. Ал Жаканга «Мени чөмүлдүр» деп буйрук берди. Жакан жооп берди, «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек. Сен болсо мага келе жатасыңбы?» Асмандын жана жердин Башкы Ыйык кызматчылары жолукту.
Эврейлерге жазылган каттын негизинде Ыйса Мелкиседектин наамындагы түбөлүктүү Башкы Ыйык Кызматчы. Башкача айтканда Ыйсанын жер үстүндө санжырасы жок. Ал Арундун тукуму эмес. Ал Кудайдын Уулу. Биздин куткаруучубуз. Ал Өз элин куткаруу үчүн келген Кудай.
Анын жерге түшүп келгенинин себеби, Ал өз элин шайтандын алдоосунда күнөөнүн алдында азап тартып жаткандарды куткаруу үчүн келди. Жакан чөмүлдүрүүчүдөн чөмүлүү алуу аркылуу ал бардык дүйнөнүн күнөөлөрүн Өз мойнуна жүктөдү. «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилетүү ишти, ушундайча аткаруубуз керек. Ошондо ал Ага жол берди.»
«ага Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилетүү ишти, ушундайча аткаруубуз керек.» Жол бер! Адамдардын өкүлүнө Ыйса буйрук берди. Өкүл Ага баш ийип Аны чөмүлдүрдү. Эски Осуятта курмандыка же күнөөкөр же Ыйык Дин башчы кол койуп күнөөлөрдү анын башына жүктөөчү.
Кол койуунун мааниси бул «жүктөө» дегенди түшүндүрөт. Жакан Ыйсаны чөмүлдүргөндө, Эски Осуяттагыдай Анын үстүнө колун койду. «Жүктөө», «көмүү» «жуу» жана «курмандык» деген сөздөрдүн маанилери окшош.
Жаңы Осуят чындык ал эми Эски Осуят анын көлөкөсү гана. Күнөөкөр козунун үстүнө колун койгондон кийин, анын күнөөлөрү козуга өтүп, андан соң козу өлтүрүлчү. Качан козу өлгөндөн кийин, ал козуну көмүп ташташчу. Күнөөлөр козуга өтүп, андан соң козуну өлтүрүш үчүн күнөөкөр анын үстүнө колун койчу. Эгерде күнөөлөр козуга жүктөлсө, курмандык алып келген адам күнөөсүз болуп калабы? Ооба.
Келгиле бул жоолукчаны күнөө деп, ал эми бул микрофонду козу деп элестетели. Качан мен колумду бул микрофондун үстүнө койгондо, күнөөлөр ага өттү, Кудай Өзү ушундай кылууну каалаган экен. «Колуңду кой.» Күнөөлөрдөн куткарылуу үчүн Эски Осуятта кимдир бирөө курмандыктын башынын үстүнө колун кою керек болгон. Ошондон кийин гана ал күнөөлөрүнөн куткарылып күнөөүз болуп калган. Ошол сыяктуу эле Ыйсанын чөмүлүүсү дагы дүйнөнүн күнөөлөрүн жууп, көмүп, жана Ага жүктөш үчүн болгон.
Адилетүү ишти, ушундайча Аткаруу деген эмне?
Күнөөлөрдү Ыйсага жүктөө менен күнөөлөрдөн жуулуу.
Ыйса бардык күнөөлөрдү алуу максатында сууга чөмүлүүсү аркылуу, чын эле күнөөлөр Ага жүктөлдүбү? Дүйнөнүн бардык күнөөлөрү Ыйсага өтүп, бардык адамдар күнөөлөрүнөн куткарылышты. Бул Эски Осуяттагы күнөөлөрдөн кутулууга окшош болчу. Ыйса Галилеядан Иорданга келип, Жаканга айтты, «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилетүү ишти, ушундайча аткаруубуз керек» (Матай 3:15).
Анан Жакан Ыйсаны чөмүлдүрдү. Ал Жаканга «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилетүү ишти, чөмүлүү аркылуу аткаруубуз керек» деди. Мунун мааниси Жакандык Ыйсаны чөмүлдүрүүсү туура экендигин билдирет. Кудай бизди биздин ишенимибиз, Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн канынын негизинде куткарган.
Бардык адамдар күнөөдөн азап чегип жатышат. Ошондуктан, ал адамдардын бардыгы асманга барышы үчүн бардык адамзаттын өкүлү жана Арундун тукумунан болгон, Жакан аркылуу Ыйса бардык адамдар үчүн чөмүлдүрүлүүсү керек болчу. Мен сен аркылуу чөмүлдүрүлөм Жакан жана «ошондо бардык адилеттик аткарылат».
«Мен түшүнөм,» деди Жакан.
Ошентип Жакан Ыйсаны чөмүлдүрдү. Ал колун Ыйсанын башынын үстүнө койду да дүйнөнүн күнөөлөрүн Ага жүктөдү. Ошентип Ыйса бардык күнөөлөрдү жууп кеткен куткаруучу болуп калды. Эми биз Ыйсанын ушул куткаруусуна ишенүү аркылуу күнөөлөрүбүздөн куткарыла алабыз. Сен ишенесиңби?
Иорданда адамзаттын өкүлү аркылуу чөмүлгөндөн кийин Ыйса үч жарым жыл бардык күнөөлөрдү денесинде алып жүрүү менен биринчи жолу элге чыгып жакшы кабар айтты.
Ал ойноштукта кармалган аялга мындай деп айтты, «Мен дагы сени күнөөлөбөймүн.» Ал ойноштук кылган аялды күнөөлөй алган жок, себеби Ыйса анын бардык күнөөлөрүн өзүнө алып, алар үчүн айкаш жыгачта жазаланганы жаткан эле.
Качан Ал Гефсимания багында сыйынып жаткан кезинде, ушул чөйчөк менден өтүп кетсин деп үч жолу сыйынды да аягында, «Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун.» деди.
«Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!»
Ыйса канчалык күнөөлөрдү алды?
Дүйнөнүн бардык Күнөөлөрүн.
Жакан 1:29, «Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!» Жакан Ыйсаны чөмүлдүргөн соң, кийинки күнүң Ыйса ага келди. Ошондо Ал элдерге айтты, «Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!» Бул Кудайдын Уулу келип бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алды деген Жакандын күбөлүгү болчу.
Жакан чөмүлдүрүүчү кайра дагы күбөлөндүрдү. Жакан 1:35-36, «Кайра, кийинки күнү, Жакан эки шакирти менен турганда, Ыйсаны көрүп,айтты “Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!»
Кудайдын козусу деген бул Ыйса чыныгы Эски Осуятта айтылган Ысрайылдын күнөөсү үчүн өлгөн козу экендигин күбөлөндүрөт. Сен үчүн жана мен үчүн, Кудайдын козусу жана биздин Жаратуучубуз жерге түшүп келип бардык күнөөлөрдү алды; Ал дүйнө жаралгандан баштап, акыркы күнгө чейинки күнөөлөрдүн бардыгын алды, Ал биринчи күнөөнү, биздин алсыздыктарды, биздин кемчиликтерибиз менен каталарыбызды да алды. Ал бардыгыбызды Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу куткарды.
Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып, Ага ишенгендерге жеткилең куткарылуу берди. Сен муну түшүнөсүңбү? «Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!»
2000 жыл мурун Ал бул дүйнөгө төрөлүп 30 жылы б. э. биздин бардык күнөөлөрүбүздү алды.Биздин эрадагы биринчи жыл, Ыйса төрөлгөн күн болгон. Ыйса төрөлгөнгө чейинки убакытты биз биздин эрага чейин деп атайбыз. Ыйса бул дүйнөгө келгенине 2000 жыл болду.
30 жылы Жакан Ыйсаны чөмүлдүрдү да кийинки күнү элге күбөлөндүрдү «Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!». Ал элдерге алардын күнөөсүн алып кеткен Ыйсага ишенгиле деп айтты. Ал Ыйса бул биздин күнөөлөрдү алып кеткен Кудайдын козусу деп күбөлөндүрдү.
Ыйса күнөөлөрдү алып кеткен соң, биздин күнөөгө каршы согушубуз аяктады. Кудайдын Уулу күнөөлөрүбүздү алып кеткенден кийин биз эми күнөөсүзбүз. Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетти деп Жакан чөмүлдүрүүчү күбөлөндүрдү. «Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калуусу үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген» (Жакан 1:7).
Жакан күбөлөндүрбөсө Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү алганын биз кайдан билмек элек? Ыйык Жазуу Ыйса биз үчүн өлдү деп айтат, бирок Жакан гана Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткендигин баса белгилейт.
Дүйнөнүн күнөөсү канчалык?
Башынан баштап аягына чейин бардык адамдардын күнөөлөрү.
Көптөрү Ыйса өлгөндөн кийин гана күбөлөндүрүшкөн, бирок Жакан гана Ыйса тирүү кезинде күбөлөндүргөн. Албетте Ыйсанын шакирттери дагы Ыйсанын куткаруусун күбөлөндүрүшкөн, алар Ыйса биздин күнөөлөрдү алып кетти, Ал биздин куткаруучу, деп күбөлөндүрүшкөн.
Ыйса дүйнөнүн күнөөсүн алган. Окурман, сен азыр 100 жашка чыга элексиңби? Ыйса отуз жашында дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткен. Бул диаграмманы кара.

Ыйса келе электен 4,000 жыл мурун биринч адам жаралган. Азыр Ыйсанын келгенине 2000 жылдан кичине өттү. Бул дүйнө дагы канча убак жашайт биз билбейбиз. Ал айтат, «Мен Альфа жана Омегамын, Башталышы жана аягымын, Биринчиси жана акыркысымын» (Аян 22:13).
Бул дүйнөнүн аягы келет. Азыр биз 2009 жылда жашап жатабыз. Ыйса күнөөлөрдү 30 жылы алды да, 3 жылдан кийин айкаш жыгачта өлдү.
«Мына! Дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!» Ал дүйнөнүн күнөөлөрүн алды, сенин жана менин күнөөмдү алды. Ыйса төрөлгөндөн бери 2000 жыл өттү. Биз дагы эле жашап жана күнөө кетиребиз, бирок Ыйса бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетти.
Биз төрөлгөндөн бери эле күнөө кетирип жашап келе жатабыз. Биз төрөлгөндөн бери эле күнөө кылып келе жатабыз, туурабы? - туура. Биз төрөлгөндөн баштап 10 жашка чыкканга чейин биз күнөө кетиребизби же жокпу? – Кетиребиз - Анан, ошол күнөөлөр Ыйсага өттүбү же жокру? - Өттү - Демек бардык күнөөлөр Ыйсага өткөндөн кийин Ал биздин Куткаруучубуз. Эгерде өтпөсө, Ал кантип биздин куткаруучубуз боло алмак эле? Бардык күнөөлөрүбүз Ыйсага өткөн.
11 жашыбыздан 20, жашыбызга чейин, биз күнөө кылабызбы же кылбайбызбы? Биз жүрөгүбүз менен жана ишибиз менен дагы күнөө кылабыз. Бизди күнөө кылба деп үйрөтүшкөн, бирок биз денебизди башкара албайбыз.
Кудай биздин күнөөлөрүбүздүн бардыгы Ыйсага өткөн деп айтып жатат. Ал биздин күнөө кетирээрибизди билген ошондуктан Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү алдын ала алып койгон.
Биз жер үстүндө канча жыл жашайбыз? Келгиле 70 жыл жашайбыз деп коелу. 70 жылдын ичинде биз канчалаган күнөөлөрдү кетиребиз, эгерде ошол күнөөлөрдүн бардыгын кошсок кандай гана оор жүк болмок? Эгерде биз күнөөлөрүбүздү 8 тонналык машиналарга жүктөсөк 100 чоң машинага батмак.
Өмүрүбүздө биз канчалаган күнөө кетирээрибизди элестетип көргүлө. Ошол күнөөлөр дагы, дүйнөнүн күнөөлөрүнө тиешелүүбү? Алар дагы дүйнөнүн күнөөлөрүнүн бир бөлүгү. Биз төрөлгөндөн баштап 10 жашка чейин 10 жаштан кийин 20 жашка чейин 20 жаштан 30 жашка чейин... өлгөнгө чейин күнөө кетире беребиз. Бирок бул күнөөлөрдүн бардыгы дүйнөнүн күнөөлөрүнө кошулган, жана дүйнөнүн бардык күнөөлөрү Ыйса Машаяка Анын чөмүлүүсү аркылуу жүктөлүп, Ага өтүп кеткен.
Адамзаттын Куткаруучусу, Ыйса Машаяк
Ыйса канча күнөөнү Өзүнө алды?
Ата бабалардын, биздин жана укум тукумубуздун жана дүйнөнүн аягына чейинки күнөөлөрдү алган.
Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү алып кетүү үчүн денеде келген. Бирок Ыйса Өзүн Өзү чөмүлдүрө алмак эмес, ошондуктан Кудай Өзүнүн кызматчысы Жаканды алдын ала жиберди. Жазууда жазылгандай, «Анын аты Кереметүү Кеңешчи, Кудуретүү Кудай». Ал Өзүнүн кудуретүүлүгү менен адамзаттын өкүлү кылып Өз кызматчысын жиберди.
Кандай гана кереметтүү. Жакан чөмүлдүрүүчү аркылуу чөмүлдүрүлүп, ал бардык адамзаттын күнөөлөрүн жууп кетти алар үчүн айкаш жыгачта жазаланды. Ал бардыгыбызды куткарды. Бул жөнүндө ой жүгүртүп көргүлө.
20 дан 30, 30 тан 40, 40 тан 60, тан 70, тен 100, жашка чейинки күнөөлөрүбүздүн жана балдарыбыздын дагы күнөөлөрүнүн бардыгын карап көрөлү. Ал бардык күнөөлөрдөн тазаладыбы же жокпу? Ооба, Ал тазалады.
Ал Ыйса Машаяк, адамзаттын куткаруучусу.
Жакан чөмүлдүрүүчү бардык күнөөлөрдү Ыйсага жүктөгөндөн кийин, биз буга ишенүү аркылуу гана куткарыла алабыз. Сен жана мен экөөбүз күнөөкөрлөрбүзбү? Бардык күнөөлөр Ыйсага өттү беле же жокпу? —Биз мындан ары күнөөкөрлөр эмеспиз, себеби биздин күнөөлөр, Ыйсага өтүп кеткен.
Бул дүйнөдө күнөө бар деп ким айта алат?
Ыйса дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн Өзүнө алган. Ал биздин дагы күнөө кетирээрибизди билгендиктен, биздин келечектеги күнөөлөрүбүздү дагы алган. Ал биздин күнөөлөрүбүздү алып айкаш жыгачта, «Аткарылды» деди. Ал үчүнчү күнү тирилип асманга көтөрүлүп кеткен. Ал азыр түбөлүктүктө жашайт. Азыр Ал ар бирибизди карап турат.
Бирөө, «О, Кудай, Мен ушунча көп күнөө кетирдим» деп айтышы мүмкүн. Мен 20 эле жашка чыксам дагы, мен абдан көп күнөө кетирдим, Мен абдан көп күнөө кетирдим. «Мен 30 жашка гана чыксам дагы абдан көп күнөө кетирдим.Эми кантип күнөөлөрүмдөн кутулам?» Бирок Кудай жогоруда туруп айтат,
«Менин күлкүмдү келтирбе. Мен сенин азыркыга чейинки эле күнөөлөрүңдөн куткарган эмесмин, мен сенин ата бабаларыңдын жана сенин келечектеги укум тукумуңдун күнөөлөрүн да алгам.»
Сен буга ишенесиңби? Ишен жана сага белек катары берилген куткарылууну кабыл ал. Асман Падышалыгына кир.
Өз ойлоруңа алданбастан Кудайдын Сөзүнө ишен. «Биз ушундайча бардык адилеттикти аткарышыбыз керек.» Дүйнөнүн күнөөсүн алып кеткен Кудайдын козусу, бизди адилетүү кылып койгон. Ыйса дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алып кеткен. Алды беле же алган жок беле? Алган.
Ыйсанын айкаш жыгачтагы акыркы сөзү кандай болгон?
Аткарылды.
Ыйса Машаяк дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу алып кеткен жана Понтий Пилат аркылуу соттолуп айкаш жыгачта кадалган.
«Ыйса Өүнүн айкаш жыгачын көтөрүп, «Баш Сөөгү» деп аталган жерге келди. Бул жердин эврейче аталышы—Голгофа. Аны ошол жерде айкаш жыгачка кадашты. Ыйсанын эки жагына дагы эки адам айкаш жыгачка кадалды. Пилат тактайча жасаттырып, анын бетине: «Назатеттик Ыйса Жүйүттөрдүн Падышасы»,—ддеп жазыдырды да айкаш жыгачтын өйдө жагына илдирип койду. Бул жазууну жүйүттордүн көпчүлүгү окушту, анткени Ыйса айкаш жыгачка кадалган жер Иерусалим шаарынан алыс эмес болчу. Жазуу эврей, латын жана грек тилдеринде жазылган эле.» (Жакан 19:17-20).
Келгиле Ал айкаш жыгачка кадалгандан кийин эмне болгондугун карап көрөлү. «Ошондон Ыйса баары аткарылгандыгын билип «Суусадым» деди. Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол жерде ачуу ичимдик куюлган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып,аны исоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашыты. Ыйса аны татып көргөндөн кийин «Аткарылды» деди. Анан Анын башы шылк дей түштү. Ошентип Ал жан берди» (Жакан 19:28-30).
Ал ачуу ичимдикти татып көрүп «Аткарылды» деди да жан берди. Ал чын эле өлдү да үчүнчү күнү тирилип, асманга көтөрүлүп кетти.
Келгиле Эврейлер 10:1-9. карайлы «Мыйзам келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана. Ошондуктан ал жыл сайын Кудайга ошол эле курмандыктарды алып келгендеди эч качан жеткилең кыла албайт. Андай болсо адамдар Кудайга курманыдк алып келүүнү токтотуп коюшмак, анткени бир жолу курмандык алып келүү менен биротоло тазаланып калышса анда алар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезишмек эмес. Бирок жыл сайын курсандыктар аркылуу күнөөлөр эске салынып турат. Анткени торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт. Ошондуктан Машаяк бул дүйнөгө келгенде мындай деген эле: «Сен курмандыктарды тартууларды каалаган жоксуң, бирок Сен Мага дене даярдап койдуң». Бүтүндөй өртөлүүчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыктар Сага жакпайт. Ошондо Сен мындай дедим: «Мына түрмөк китепте Мен жөнүндө жазылгандай Сен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам Кудайым». Машаяк адегенде: «Курмандыктарды, тартууларды, бүтүндөй өртөлүүчү курманыдктарды жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды Сен каалаган жоксуң жана аларга ыраазы болгон жоксуң», деди. Булар болсо мыйызам боюнча алынып келинүүчү курмандыктар эле. Андан кийин мындай деп кошумчалады: «Мына, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым». Экинчисин күчүнө киргизүү үчүн, биринчисин алып таштайт.»
Түбөлүк куткарылуу
Ыйсага ишенгенден кийин күнүмдүк күнөөлөрдү эмне кылабыз?
Ыйса ал күнөөлөрдү да алып кеткендигине ишенүү керек.
Мыйзам келе турган жакшы нерселердин көлөкөсү гана болгон. Эски осуяттагы курмандыктар Ыйса Машаяк келип биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетээрин гана күбөлөндүрүшкөн.
Эски Осуяттагы бардык адамдар, Дөөт, Ыбрайым жана башкалар курмандык алып келүүнүн маанисин жакшы билишкен. Курмандык алып келүү Машаяк Ыйса (Майланган Падыша) күнөөлөрдөн куткаруу үчүн келээрин көрсөткөн. Алар өздөрүнүн куткарылаарына ишенүү аркылуу куткарылып калышкан.
Мыйзам келе турган жакшы нерселердин көлөкөсү гана болгон. Жыл сайын чалынган курмандыктар аларды толугу менен куткара алган эмес. Ошондуктан айыпсыз Кудайдын Уулу жердин үстүнө келди. Ыйса Атасынын эркин аткарганы келгендигин айткан.
Ыйса биздин күнөөбүздү Өзүнө алгандыктан жана буга биз ишенип калгандыктан бардык күнөөлөрүбүздөн куткарылдык.
Эврейлер 10:10. «Ыйса Машаяктын денеси бир жолу жана бардыгы үчүн курмандыкка берилүүсү аркылуу ыйыкталып калдык.» Ыйса Машаяктын денеси бир жолу жана бардыгы үчүн курмандыкка берилүүсү аркылуу ыйыкталып калдык Биз ыйыкталдыкпы же ыйыкталган жокпузбу? Ыйыкталдык.
Ыйыкталуу деген эмне? Кудай Ата Өзүнүн Уулун жиберип, Анын чөмүлүүсү арылуу биздин бардык күнөөлөрүбүз Ага жүктөлдү. Ал күнөөлөрдү Өзүнө жүктөп айкаш жыгачта алар үчүн төлөдү. Бул аркылуу бардыгыбызды күнөөдөн азап тартуудан куткарды. Бул Кудайдын эрки болчу. Бизди куткаруу үчүн Ыйса өзүн түбөлүк курмандык катары бардыгы үчүн бир жолу берди. Бул аркылуу биз ыйыкталып калдык.
Эски Осуятта күнүмдүк күнөөлөр үчүн күнүгө курмандык чалынып турчу.
Ыйсанын Петирдин бутун жууганынын руханий мааниси
Биз тобо кыла турган башка күнөөлөр калдыбы?
Жок.
Жакан 13,—бөлүмдө Ыйса Петирдин бутун жуугандыгы жөнүндө жазылган. Анын Петирдин бутун жууганынын себеби, эгерде Петир келечекте күнөө кетирсе анын күнөөлөрүн Өзү жууп кеткендигин үйрөтүү үчүн кылган. Петир келечекте күнөө кылгаарын Ыйса билген. Ыйса ошондуктан дагарага суу куюп Петирдин бутун жуумак болду.
Ошондо Петир тоскоол болууга аракет кылды, бирок Ыйса мындай деди, «Эмне кылып жатканымды азыр түшүнбөйсүң, бирок кийин түшүнөсүң.» Бул аркылуу Ыйса Петирге, сен күнөө кыласың, сен менден баш тартасың, Мен көтөрүлүп кеткенден кийин дагы күнөө кыласың. Мен сенин бутуңду шайтанга сени сынабаш үчүн эскертүү катары жууймун. Себеби Мен сенин келечектеги күнөөлөрүң үчүн дагы өлгөнмүн деп айткысы келген.
Ыйса Петирдин бутун, биз күнүгө тобоо кылып турушубуз керек экендигин үйрөтүү үчүн жууду деп ойлойсуңбу? Жок. Эгерде биз күнүгө тобоо кылуу аркылуу куткарылсак, анда Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү алып кеткен жок.
Бирок Ыйса бизди биротоло ыйыктадым деп айтып жатат. Эгерде биз күнүгө тобо кылышыбыз керек болсо, анда Эски Осуятта жашап жатабыз. Андай болсо ким адилетүү боло алат? Ким толугу менен куткарыла алат? Биз Кудайга ишенсек дагы ким күнөөсүз жашай алат?
Тобо кылуу аркылуу ким ыйыктала алат? Биз күнүгө тынымсыз күнөө кылабыз. Анда кантип ар бир күнөөбүз үчүн кечирим сурай алабыз? Биз ар бир кетирген күнөөлөрүбүздү унутуп калабыз жана бардыгын эстей албайбыз. Биз бардык күнөөлөрүбүз үчүн тобоо кыла албайбыз. Бул мүмкүн эмес.
Ошондуктан, Ыйса бир жолу чөмүлүп Өзүн айкаш жыгачта өлүп бардыгыбызды бир жолу жана түбөлүккө ыйыктаган. Силер муну түшүнөсүңөрбү? Биз бардык күнөөлөрүбүздөн куткарылганбыз. Биз тобо кылган сайын куткарылып турбайбыз.
Биз Ыйса биздин күнөөбүздү алып кеткендигине ишенүү аркылуу куткарылабыз.
«Ар бир ыйык кызмат кылуучу ошол эле курмандыктарды кайра—кайра алып келип күн сайын кызматта турат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөдү жок кыла албайт. Ал эми Машаяк күнөөлө үчүн бир гана курмандык алып келип түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду. Ал бардык душмандардынын Өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп турат. Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир курмандык аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды. Ыйык Рух да бизге бул жөнүндө күбөлөндүрөт. Анткени Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Ошол күндөрдөн кийин алар менен түзө турган келишимими бул, дейт Теңир: мыйзамдарымды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам. Ошондон кийин аладын күнөөлөрүн жана мыйзамсыздыктарын эстебейм». Ал эми күнөөлөр кечирилген жерде күнөө үчүн курманыдк алып келүүнүн кереги жок.» (Эврейлер 10:11-18).
Муну кандай түшүнсөк болот? Кудай бардык күнөөлөрдү жок кылган. Буга сен ишенесиңби? «Ал эми күнөөлөр кечирилген жерде күнөө үчүн курманыдк алып келүүнүн кереги жок.»
Буга чейин айтылгандарды кыскача кайталай кетели. Эгерде Жакан Ыйсанын үстүнө колун койбосо же чөмүлдүрбөсө, биз куткарылууга ээ боло алмак белек? Жок, Таптакыр жок! Эгерде Ыйса Жаканды тандап алып ал аркылуу биздин күнөөбүздү Өзүнө албаса биз куткарыла алмак белек? Жок.
Кудайдын мыйзамы адилетүү болгондуктан Ал жөн гана силердин күнөөңөрдү кечирдим деп айтып кое алмак эмес. Ал бизди күнөөлөрүбүздөн иш жүзүндө куткарышы керек болчу. Эмне үчүн Ыйса, Кудай адамдын денесинде келген? Ал Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүздү Өзүнө алуу үчүн келген. Ал келип курман болбосо биз эч качан жүрөктөрүбүздөгү күнөөлөрүбүздөн кутула албастыгыбысты билген.
Эгерде Ыйса чөмүлбөсө биздин күнөөбүз өзүбүздө калмак. Биринчи биздин күнөөлөрүбүздү албай туруп айкаш жыгачта өлсө, Анын айкашкан жыгачта өлгөнүнөн эч кандай пайда болмок эмес.
Ал Өзүнүн кызматын баштаганда 30 жашында Иордан дарыясына барып Жакан аркылуу чөмүлүү алган. Анын кызматы 30 жашында башталып 33 жашында бүткөн. Ал 30 жашында Жакан аркылуу чөмүлүү үчүн Иордан дарыясына барган. «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адам күнөөлөрүнөн кутулуп адилетүү болуп калуулары үчүн ушундай кылуу керек. Эми чөмүлдүр мени». Ооба, Ыйса бардык адамдарды куткаруу үчүн чөмүлдү.
Биздин бардык күнөөлөрүбүз Жакандын колу аркылуу Ыйсага жүктөлгөндүктөн, Кудай Өзү Ыйсадан, Ал айкашкан жыгачта асылып турганда тескери бурулуп кетти. Ыйса Өзүнүн жалгыз Уулу болсо да, Ал жалгыз Уулун курмандыкка берди. Кудай сүйүү.
Ошондо үч саат бою караңгылык каптап калды. Ыйса өлөөр алдында, «Илой, Илой, лама сабактани?» деп кыйкырды. Анын мааниси, «Кудайым, Кудайым эмне үчүн Мени таштап кеттиң?» Ыйса бардык биздин күнөөлөрүбүздү алып айкаш жыгачта катуу азап чекти. Ошентип Ал бардыгыбызды куткарды. Ал чөмүлбөсө, Анын өлгөнүнүн деле пайдасы жок болмок.
Сен күнөөкөрсүңбү же адилетүүсүңбү?
Жүрөгүмдө күнөө жок Адилетүүмүн.
Эгерде Ыйса чөмүлүү аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү албай туруп эле айкаш жыгачта өлгөн болсо, Анын өлүмү куткарылууну ишке ашырмак эмес. Бизди толугу менен куткаруу үчүн Ыйса, адамзаттын өкүлү болгон Жакан аркылуу чөмүлүү алды жана Ага ишенгендердин бардыгы куткарылуу алуулары үчүн айкаш жыгачта соттолгон.
Ошондуктан, Жакан чөмүлдүрүүчүнүн убагынан баштап азыркы убакка чейин Асман Падышалыгында азап тартуу көп. Жакан чөмүлдүрүүчү күнөөлөрдү Ыйсага жүктөгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз жок болду. Эми биз Кудайды Ата деп атай алабыз жана Кудайдын Падышалыгына кире алабыз.
Эврейлер 10:18, «Ал эми күнөөлөр кечирилген жерде күнөө үчүн курманыдк алып келүүнүн кереги жок.» Сен дагы эле күнөөкөрсүңбү? Ыйса сенин бардык карыздарыңды төлөп койсо деле, сен карыздарыңды дагы эле төлөшүң керекпи?
Ичкиликти көп ичип карызга батып калган бир адам болгон экен. Бир күнү анын баласы атасынан болгон карыздарын төлөп коет. Эми анын атасынын таптакыр карызы жок.
Ыйса дагы бизге ушундай кылды. Ал ашып ташыгы менен биздин күнөөлөрүбүз үчүн алдын ала төлөдү. Биздин өмүр бою кетире турган күнөөлөрүбүз үчүн эле эмес, бүткүл дүйнөнүн күнөөсү үчүн дагы төлөдү. Бул күнөөлөрдүн бардыгы Анын чөмүлүүсү аркылуу Ага өттү. Демек, сенде дагы эле күнөө бар бекен? Жок.
Бул жакшы кабарды башында эле билгенибизде, биздин Ыйсага ишенүүбүз кандай жеңил болоор эле. Азыр бул жакшы кабар жаңы сыяктуу сезилип адамдар таң калып жатышат.
Бул бул жаңы нерсе эмес. Бул адамдын тарыхы башталгандан баштап эле келе жатат. Биз жөн гана бул жөнүндө мурда билген эмеспиз. Суу жана Рух жакшы кабары, ар дайым Жазууда жазылуу болгон жана дайыма иш жүзүндө иштеп келген. Ал дайыма жазылуу болгон. Сен жана мен төрөлө электе эле, бул Ыйык Китепте бар болгон. Ал тургай жер жаралгандан бери эле бул жакшы кабар бар болгон.
Түбөлүк Куткарылуу Жакшы Кабары
Эми Кудайдын алдында эмне кылышыбыз керек?
Түбөлүк куткарылуу жакшы кабарына ишенишибиз керек.
Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү жууп кеткен. Бул сен жана мен төрөлө электе эле болгон. Ал бардык күнөөлөрдү алган. Сенде дагы эле күнөө барбы? —Жок.— Сен эртең кетире турган күнөөлөрчү? Алар дагы дүйнөнүн күнөөлөрүнө кошулуп алынып кеткен.
Келгиле эртеңки күнөөлөрдөн азыр кутулалы. Биз азыркыга чейин кетирген күнөөлөрүбүз дагы дүйнөнүн күнөөлөрү менен кошо кеткен, туурабы? Алар дагы Ыйсага жүктөлгөнбү же жокпу? Ооба, алар жүктөлгөн.
Анда эртеңки кыла турган күнөөлөрүбүз да Ага жүктөлгөнбү? Ооба, Ал бардык күнөөлөрдү алган, Ал бир дагы күнөө калтырбай бардыгын алган. Ыйык Китеп Ыйса биздин күнөөбүздү алып кеткендигине, бир эле жолу бардык күнөөлөр үчүн төлөгөндүгүнө бүт жүрөгүңөр менен ишенгиле дейт.
«Кудайдын Уулу Ыйса Машаяктын жакшы кабарынын башталышы.» (Марк 1:1). Асмандан келген Жакшы кабар кубанычтуу кабар, Ал бизден сурайт «Мен сенин бардык күнөөлөрүңдү алдым, Мен сенин куткаруучуңмун. Мага ишенесиңби?» Көптөгөн адамдардын ичинен, аз эле адамдар, «Ооба, Мен ишенем. Сенин айтканыңа ишенем. Мен оңой эле түшүндүм.» деп жооп беришет. Ким ишенсе алар Ыбрайымдай адилетүү болуп калышат.
Башкалары айтышат, «Мен ишене албайм.»
Анан Ал сурайт, «Мага айт, Мен сенин күнөөлөрүңдү алдымбы же жокпу?»
«Мага Адамдан келе жаткан эле күнөөнү алдың, бирок менин күнүмдүк күнөөлөрүмдү алган жоксуң деп окутушкан.»
«Жөнө тозокко, Менин сага айта турган эч нерсем жок.»
Анын толук куткарылуусуна ишенүү гана бизди куткарды. Ким күнөөм бар десе алардын бардыгы тозокко кетишет. Куткарылуу Жакшы кабары Жакандын күбөлүгүнөн башталат. Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү жууп кеткендиктен, биз ишенүү аркылуу акталып калдык.
Жазган каттарында Апостол Пабыл Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө көп жазат. Качан Ыйса чөмүлгөндө биздин бардык күнөөлөрүбүз Ага өтүп, биз толугу менен тазаланганбыз.
1 Петир 3:21, «Ошол сыяктуу азыр да бизди сууга чөмүлдурүү, Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат.»
Жалгыз гана Жакандын күбөлүгүнө, Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына, ишенгендер, жогорудан куткарылууну ала алат.
Ыйсанын чөмүлүүсү сенин куткарылууңа себеп болгонуна ишен да, куткарылып кал.