(1 Жакан 5:1-12)«Ыйсанын Машаяк экендигине ишенген адам Кудайдан туулган. Ким Кудайды сүйсө, ал Кудайдан туулгандарды да сүйөт. Эгерде Кудайды сүйүп, Анын осуяттарын аткарып жатсак, анда Кудайдын балдарын сүйүп жатканыбызды билебиз. Кудайдын сүйүү деген—Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес. Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнү жеңген күч-бул биздин ишенимибиз. Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким дүйнөнү жеңе алат? Суу жана кан менен келген бул—Ыйса Машаяк. Ал суу менен гана эмес, суу жана кан менен келди. Ал жөнүндө Рух күбөлөндүрөт, анткени Рух—чындык. Ошентип асманда үчөө күбөлөндүрөт Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Бул үчөө бир. Жерде үчөө күбөлөндүрөт: рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлүгү бир. Адамдардын күбөлүгүн кабыл алып жатабыз, бирок Кудайдын күбөлүгү жогору. Анткени бул Кудайдын күбөлүгү, Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн, Кудайдын күбөлүгү. Кудай Уулуна ишенген адамдын күбөлүгү өз ичинде. Ал эми Кудайга ишенбеген адам Кудайды жалганчы кылган болот. Анткени Ал Өз Уулу жөнүндө күбөлөнүргөн Кудайдын күбөлүгүнө ишенген жок. Кудайдын күбөлүгү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди. Ал өмүр Анын Уулунда. Ким Кудайдын Уулуна ээ болсо, ал өмүргө ээ. Ким Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо ал өмүргө да ээ эмес.»
Ыйса эмне аркылуу келди?
Суу, Кан жана Рух.
Ыйса суу аркылуу келдиби? Ооба. Ал чөмүлүү аркылуу келди. Суу бул Ыйсанын чөмүлүүсүн түшүндүрөт. Бул чөмүлүү аркылуу Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү Өзүнө алды.
«Мен адамдын жана периштелердин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун. Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо анда мен эч ким эмесмин. Эгерде мал-мүлкүмдү таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо пайдасыз» (1 Корунтуктар 13:1-3).
Сүйүү деген бул Ыйсанын суу, кан жана Рух аркылуу келүүсү. Ыйык жазууда «сүйүү» деген сөз дайыма «чындыкты сүйүү дегенди түшүндүрөт» (Тессалоникалыктар 2:10). Кудайдын сүйүүсү Өзүнүн жалгыз Уулу аркылуу көрсөтүлгөн (1 Жакан 4:9).
Суу менен Канга ишенгендер гана Дүйнөнү жеңе алышат.
Ким дүйнөнү жеңе алат?
Суу, Кан жана Рухка Ишенгендер.
1 Жакан 5:5-6, «Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким дүйнөнү жеңе алат? Суу жана Кан менен келген бул Ыйса Машаяк.»
Машаякчылар, шайтанды жеңген жалгыз Ыйса болгон. Ким суу, кан жана Рухтун сөзүнө ишенсе алар дагы дүйнөнү жеңе алышат. Ыйса дүйнөнү кантип жеңди? Суу, кан жана Рух аркылуу.
Ыйык Жазууда «суу» бул «Ыйсанын чөмүлүүсүн» түшүндүрөт (1 Петир 3:21). Ыйса бул дүйнөгө денеде келди. Ал дүйнөдөгү күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн келди; Ал бардык күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн алыш үчүн чөмүлүп, ал күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта өлдү.
Айкаш жыгачта Ал төккөн кан Анын адамдын денесинде келгенин түшүндүрөт. Алар күнөөкөр адамдын денесине окшош денеде адамзатты куткаруу үчүн келди жана сууга чөмүлдү. Ошондуктан Ыйса суу жана кан аркылуу келди. Башкача айтканда Ал бардык күнөөлөрдү чөмүлүү суусу менен жана өлүп кан төгүү аркылуу алып кетти.
Шайтан кантип бул дүйнөнү башкарган? Шайтан адамга Кудайдын Сөзүнө карата болгон шектенүү салат жана баш ийбестиктин үрөнүн анын жүрөгүнө себет. Шайтан адамдарды Кудайдын Сөзүнө баш ийбөөгө азгырып, аларды өзүнүн кызматчылары кылып алат.
Ошондой болсо да Ыйса жерге келип чөмүлүү суусу менен жана айкаш жыгачта төккөн каны менен бардык күнөөлөрдү жок кылды; дүйнөнүн күнөөлөрүн жок кылуу аркылуу ал шайтанды жеңди.
Ал күнөөкөрлөрдүн Куткаруучусу болгондуктан, ушундай болду. Ал суу жана Кан менен келгендиктен биздин куткаруучу болуп калды.
Ыйса Дүйнөдөгү бардык Күнөөлөрдү Өзүнүн Чөмүлүүсү аркылуу алып кетти
Ыйса дүйнөнү жеңди дегенди кандай түшүнсөк болот?
Ал дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетти.
Ал бардык күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн алыш үчүн чөмүлүп, ал күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта жазаланды. Ал бизди күнөөлөрдөн куткара алды. Себеби Ал адамзаттын өкүлү болгон Жакан аркылуу Иордандан чөмүлүү алуу менен күнөөлөрдүн бардыгын Өзүнө жүктөп алды. Алар үчүн айкаш жыгачта жазаланып өлүп тирилүүсү аркылуу шайтанды жеңди.
Ыйса Күнөөкөрлөргө Чөмүлүү Суусу жана Айкаш жыгачтагы Каны аркылуу келди.
Ал шайтандын күчүн кантип жеңди?
Чөмулүү, Кан жана Рух аркылуу.
Аптостол Жакан айткандай куткарылуу бул суу гана эмес, куткарылуу бул, суу жана кан. Ыйса бул дүйнөгө келип, биздин күнөөбүздү эле албастан, Ал айкашкан жыгачта алар үчүн азап чегип төлөдү. Ал бардык күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн алыш үчүн чөмүлүп, ал күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта жазаланды. «Күнөөнүн жазасы өлүм» (Римдиктер 6:23).
Дүйнөнү жеңүү деген менен Ыйса эмне айткысы келди? Дүйнөнү жеңе турган ишеним, бардык күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн алыш үчүн чөмүлүп, ал күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта кадалганына ишенүү.
Ыйса шайтандын аты менен аталган бул дүйнөнү жеңди. Байыркы убакта шакирттер Рим империясынын жана бул дүйнөнүн азгырыктарынын алдында азап тартып өлүп жатышса да ишенимде бек турушкан.
Бул алардын суу, Кан жана Рух аркылуу келген Ыйсага болгон ишениминин натыйжасы болду. (Ал биздин күнөөлөрүбүздү алып кетиш үчүн чөмүлдүрүлгөн) (Ал Өзүнүн өлүмү аркылуу биздин күнөөлөрүбүз үчүн кун төлөдү).
Ыйса Рухта (Ал Адам келбетинде келген) жана биз да бул дүйнөнү Ал сыяктуу жеңиш үчүн Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачта төгүлгөн каны аркылуу күнөөкөрлөрдүн күнөөсүн алып кетиш үчүн келген.
«Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдурүү, Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат». 1 Петир 3:21
Куткарылуунун негизи эмне?
Ыйсанын чөмүлүүсү.
1 Петир 3:21 аяттарында мындай деп айтылат: «Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү, Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү - дененин Кирин жууп кетирүү эмес, Кудайдын алдында таза абийир менен жашоого убада берүү.» Ыйык элчи Петир Ыйсанын куткаруучу экендигин жана Ал Суу жана кан аркылуу келгенин далилдеген.
Ошондуктан биз Ыйсага ишенишибиз керек. Биз Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу куткарылганыбызды билишибиз керек. Апостол Петир чөмүлүү «суу» «кан» жана «Рух» бизди куткара турган негиздер экендигин айткан.
Ыйсанын шакирттери Ыйсанын кайра тирилүүсү аркылуу айкаш жыгачтагы канга ишенип калышты. Канга ишенүү чындыктын жарымына гана ишенүү болуп саналат. Жарым же толук эмес чындыка ишенүү убакыт өткөн сайын соолуйт жана өчөт.
Ал эми суу, кан жана Рух аркылуу тараган жакшы кабарга ишенген адамдардын ишеними убакыт өткөн сайын күч алат.
Акыркы убактарда кан аркылуу менен гана куткарыласың деген кабар үзгүлтүксүз дүйнөгө тарап келе жатат.
Мунун себеби эмне? Адамдар чындыктын Сөзүн, суу жана Рух аркылуу күнөөлөрдөн арылуу келээрин билишпейт, ошондуктан алар кайрадан төрөлүп, өмүргө ээ боло алышпайт.
Көптөгөн убактар мурун Чыгыштагы ишенүүчүлөр туура эмес жакшы кабарды кабыл алышып, пайдасыз ишеними кабыл алышты. Аларга кандайдыр бир убакытка чейин баары жакшы болуп жаткандай сезилди, бирок шайтандын кызматчылары алардын ишенимин бат эле шаманизмге буруп кетишкен.
Шаманизм бул айкаш жыгачты кагазга тартып же жыгачтан жасаса шайтан качып кетээрине жана эгерде кимдир бирөө Ыйсанын канында ишенээрин жарыяласа жин оорулуу адамдардын ичинен жинди кубалап чыгарууга мүмкүн болооруна ишенүү десек болот. Жана башка ушул сыяктуу башка шамандык ишенимдер аркылуу шайтан адамдарды Ыйсанын канына гана ишенүүгө түртүп, алдап келе жатат. Шайтан Анын айкаш жыгачка кагылуусу аркылуу төгүлгөн канынан корккондой түр көрсөтөт. Ошентсе да, Петир жана башка көптөгөн шакирттер жакшы кабардын, Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы кандын чындыгын күбөлөндүрүшкөн. Бирок азыркы күндө машаякчылар эмнени күбөлөндүрүп жатышат? Алар Ыйсанын канын гана күбөлөндүрүп жатышат.
Биз болсо Ыйык Жазууда жазылган сөздөргө жана Рух менен Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу келе турган куткарылууга ишенишибиз керек.
Эгер биз Ыйсанын чөмүлүүсүн жокко чыгарсак жана жөн гана Ыйсанын биз үчүн айкаш жыгачта өлгөндүгүн күбөлөндүрсөк биздин куткарылуубуз толук болбойт.
Кудайдын Суу аркылуу келген куткарылуусунун «Күбөлүк Сөзү»
Кудай бизди куткаргандыгынын далили эмнеде?
Суу, Кан жана Рух.
1 Жакан 5:8. Теңир мындай дейт «Жерде үчөө күбөлөндүрөт. Биринчиси бул Рух, экинчиси суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.» Ыйса бул дүйнөгө бизди бардык күнөөлөрүбүздөн куткарыш үчүн келди. Ал куткарылууну чөмүлүү кан жана Рух аркылуу аткарды.
«Жерде үч нерсе күбөлөндүрөт.» Кудай бизди куткарып алгандыгын үч нерсе күбөлөндүрүп турат. Бул күбөлөндүрүү Ыйсанын чөмүлүүсү, Каны жана Рух. Бул үч нерсе Ыйсанын бул дүйнөдө биз үчүн эмне жасагандыгын көрсөтөт. Эгерде бул үч нерсенин бирөөнү эле кошпосок куткарылуу толук болбойт.
«үчөө күбөлөндүрөт.» Рух, суу жана бизге адам келбетинде келген Ыйсанын айкаш жыгачтагы каны.
Ыйса бул Кудай, Рух жана Уул. Ал бул жерге адамдык дене менен Рухта келген. Жана дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетиш үчүн чөмүлүү алган. Ал күнөөлөрдүн бардыгын Өзүнүн адамдык денеси менен алып айкаш жыгачта кансырап бизди, күнөөкөрлөрдү куткарды. Биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн Ал толугу менен кун төлөдү. Бул суу, кан жана Рух аркылуу куткарылуунун жакшы кабары.
Эгерде ушул үч нерсенин бирөөнү гана кошпосок, бизди бардык күнөөдөн куткарган Кудайдын куткарылуусунан баш тарткандык болот.
Эгер бүгүнкү күндө биз ишенгендердин көпчүлүгү менен макул болсок, анда биз «жерде экөө күбөлөндүрөт» кан жана Рух деп айтмакпыз.
Бирок элчи Жакан жерде үчөө күбөлөндүрөт деп айткан: бул Ыйсанын чөмүлүүсү, айкаш жыгачта төгүлгөн Ыйсанын каны жана Рух. Ыйык элчи Жакан өзүнүн күбөлөндүрүүсүндө бул нерсени өтө айкын көрсөткөн.
Күнөөкөрдү ишеним Рухка, сууга жана канга болгон ишеним гана куткарат. Бул дүйнөнү жеңиш үчүн адамга кандай ишеним керек? Жана биз андай ишенимди каяктан табабыз? Бул суроолорго жоопту биз Ыйык Жазуудан табабыз. Бул суроолорго жооп Суу, кан жана Рух аркылуу келген Ыйсага ишенүү керек. Куткарылууга жана түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн ушуга ишен.
Кудайдын куткарылуусу Ыйсанын чөмүлүүсүсүз эле жеткиленби?
Жок.
Көп убакыт мурда мен кайрадан төрөлгөнгө чейин, мен дагы айкаш жыгачта төгүлгөн канга жана Рухка гана ишенген машаякчы болчумун. Мен Анын Рух келбетинде келип айкаш жыгачта мени күнөөлөрүмдөн куткарыш үчүн келгендигине ишенчүмүн. Мен бул эки нерсеге гана ишенип аны бардык адамдарга жеткирүү үчүн мен өтө аракет кылдым.
Мен миссионер болуш үчүн теология илимин окуп Ыйсага окшошуп бардык куткарылбай калган жандар үчүн кызмат кылууну максат кылдым. Мен андан башка дагы көптөгөн чоң иштерди аткарууну максат кылып койдум.
Бирок, мен эки нерсеге гана ишенгендиктен, менин жүрөгүмдө, ар дайым күнөө жашап турду.
Мен дүйнөнү жеңе алган жокмун. Мен күнөөдөн да бошоно албадым.
Канга жана Рухка гана ишенип жүргөнүмдө менин жүрөгүмдө дагы эле күнөө жашай берди.
Ыйсага ишенсем да менин жүрөгүмдө күнөөнүн жашап тургандыгынын себеби менин Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө билбегендигим болду. Мен Ыйсанын чөмүлүүсү, кан жана Рухка болгон ишенимим толук болмойунча менин куткарылуум да толук эмес болчу.
Мен денелик күнөөлөрдү жеңүүгө кудуретим жеткен жок, себеби мен Ыйсанын чөмүлүүсүнүн маанилүүлүгүн билчү эмесмин. Азыркы убакта деле Ыйсага ишенген көптөгөн адамдар денелери менен күнөө жасашат.
Алардын жүрөктөрүндө дагы деле күнөө жашаса да алар Ыйсага болгон биринчи отту калыбына келтирүүгө аракет жасашат. Алар өзүлөрүнүн күнөөлөрүнүн Ыйса чөмүлүү алганда Ага өткөндүгүн билишпегендиктен алар өзүлөрүнүн ишеними тайгандан кийин калыбына келтире алышпайт.
Мен бул нерселерди силердин бардыгыңарга айкын кылгым келет. Биз Ыйсага ишенүү менен жашап, дүйнөнү жеңе алабыз. Биз жеткилең эмес экендигибизге карабастан, бул дүйнөдө канча ирет күнөөгө жол берсек да, бизди күнөөдөн толугу менен бошоткон Анын чөмүлүүсү жана канынын төгүлүүсүн билип, Ыйсаны куткаруучу катары кабыл алгандан баштап биз жеңишке ээ болобуз.
Ошентсе да биз Ыйсага, Анын чөмүлүүсүн кабыл албастан ишенсек, анда биз куткарылбай калабыз.
Ыйык элчи Жакан бизге мындай деп айткан, дүйнөнү жеңе ала турган ишеним бул чөмүлүү, кан жана Рух аркылуу болгон Ыйсага ишеним. Чөмүлүүгө жана Анын канына ишенген адамдарды куткарыш үчүн Кудай Өзүнүн жалгыз Уулун жиберди.
Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетти. Ыйса бул адамдык денеде Рух аркылуу келген Кудайдын уулу.
Жана күнөөлөрдүн баарына кун төлөш үчүн айкаш жыгачта кан төккөн. Ушул аркылуу Ыйса бардык адамдардын күнөөлөрүн алды. Дүйнөнү жеңүү үчүн бизди жетелеп бараткан ишеним бул, Ыйсанын бизди толугу менен күнөөдөн куткарган суу, кан жана Рух аркылуу келген чындыктан келет. Эгер чөмүлүү, суу жана айкаш жыгачта төгүлгөн Ыйсанын каны болбосо анда куткарылуу да болмок эмес. Бул үчөөнүн бирөө эле жок болсо биз чыныгы куткарылууга ээ боло албайбыз. Чыныгы куткарылууга суу, кан жана Рухсуз ээ болууга мүмкүн эмес. Ошондуктан биз сууга, канга жана Рухка ишенишибиз зарыл. Муну бил, ошондо сен ишенимге ээ болосуң.
Суу, Кан жана Рухтун Күбөлөндүрүүсү болбосо Бул Чыныгы Куткарылуу эмес.
Куткарылууга куболондуруу алып келген үч элемент кайсылар?
Суу, Кан жана Рух.
Кээ бир адамдар мындайча ойлошу мүмкүн. «Ыйса менин куткаруучум. Мен айкаш жыгачта Ал мен үчүн кан төккөнүнө ишенем жана мен Ал үчүн жанымды берүүнү каалайм. Менин жүрөгүмдө күнөө болгондугуна карабастан мен Ыйсага ишенем. Ар күнү Мен тобо кылам жана жакшы нерселерди жасаш үчүн жана өзүмдүн жүрүш турушумда боорукер болууга жана туура жүрүүгө аракет кылам. Мен бүт жашоомду жана колумда болгонун Ага берем. Ага өмүрүмдү арнап өмүр бою үйлөнбөйүн деп да чечтим. Ыйса мен үчүн айкаш жыгачта өлгөн.
Биздин Кудай Адам келбетинде жерге түшүп айкаш жыгачта биз үчүн өлгөн. Мен Ага ишененгенмин, өзүмдү сага курмандыкка бердим, жасаган ишимди Ал үчүн аткардым. Балким мен татыксызмын жана менин жүрөгүмдө дагы эле күнөөлөр бар болсо да Ыйса мени ушул үчүн тозокко жибермек беле. Жок, жибербейт.» Ушул сыяктуу ойлогон адамдар абдан көп. Ыйса бүт дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетиш үчүн чөмүлдүрүлгөнүнө ишенишпейт. Ыйсага ишенген, бирок дагы эле күнөөлөрү бар машаякчылар өлгөндө кайда барышат? Алар тозокко кетишет. Алар күнөөсү бар адамдар!
Алар өзүлөрү эмне ойлосо Кудай да ошондой ойлойт деп ойлошот, ал эми андай адамдар тозокко барышат.
Мындан тышкары, кээ бирөөлөр Ыйса айкаш жыгачта курман болуп күнөөлөрүбүздү алып кеткендиктен дүйнөдө күнөө жашабайт деп эсептешет. Бул адамдарды толук күнөөдөн бошотулууга алып бара жаткан ишеним эмес. Биз Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткенине, Ал биз үчүн айкаш жыгачта жазаланып өлгөнүнө жана Ал өлгөндөн кийин үчүнчү күнү кайрадан тирилгендигине ишенишибиз керек. Бул ишеним бизде болбосо, күнөөлөрүбүздөн куткарыла албайбыз. Ыйса Машаяк чөмүлдүрүлгөн, айкаш жыгачта өлгөн жана кайра тирилген.
Ыйса Машаяк Суу, Кан жана Рух аркылуу келген. Ал дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алып кеткен. Жер үстүндө Анын куткаруусунун күбөлөндүргөн үчөө бар, алар: Суу, Кан жана Рух. Биринчи Ыйык Рух, Ыйсанын Кудай экендигин жана Ал адам денесинде келгендигин күбөлөндүрөт. Экинчи, Суу Ыйсанын Иордан дарыясындагы Жакандан чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүз Ага өткөндүгүн күбөлөндүрөт. Биздин бардык күнөөлөрүбүз Анын чөмүлүүсү аркылуу Ага өткөн (Матай 3:15).
Ал эми үчүнчүсү, Кан Анын, биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн Ал соттолгондугу жөнүндө күбөлөндүрөт. Ыйса Атасынын биз үчүн даярдаган жазасын өзүнө алып өлгөн жана Ал Атасынын буйругу менен бизге жаңы өмүр берүү үчүн үчүнчү күнү Ал кайрадан тирилген.
Кудай Ата Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенгендердин бардыгынын жүрөгүнө куткарылуусун күбөлөндүрүү үчүн Өз Рухун берет. Кайрадан төрөлгөндөрдүн ичинде Кудайдын Сөзү жашайт, аны менен алар дүйнөнү жеңишет.
Куткарылгандар шайтанды жеңишет, жалган пайгамбарлардын калпын жана аларга тынымсыз сокку урган дүйнөнүн тоскоолодуктарын, басымдарын жеңишет. Бизде күч бар болгондугунун себеби биздин жүрөгүбүздө үч күбө бар: Ыйсанын суусу, Анын каны жана Рух.
Дүйнөнү жана шайтанды кантип жеңебиз?
Үч күбөлүкө ишенүү аркылуу.
Биз Рухка, сууга жана канга болгон ишенимибиз менен шайтанды жана дүйнөнү жеңе алабыз. Чөмүлүүгө жана Ыйсанын канына ишенген адамдар жалган пайгамбарлардын калпын жеңгенге күчү жетет. Жеңгенге күчү бар биздин ишеним сууда, канда жана Рухта жатат. Сен бул нерсеге ишенесинби?
Ыйсанын чөмүлүүсү, Анын каны аркылуу куткарылууга ээ болооруна жана Ыйса Кудайдын Уулу жана Куткаруучу экендигине болгон ишеними жок сен кайрадан төрөлө да албайсын, дүйнөнү да жене албайсын. Сенин жүрөгүңдө ушундай ишеним барбы?
Сенин жүрөгүңдө Рух жана суу барбы? Биздин бардык кунөөлөрүбүз Ыйсага өткөндүгүнө ишенесиңби? Сенин жүрөгүңдө айкаш жыгачта төгүлгөн кан барбы?
Сенин жүрөгүңдө Ыйсанын суусуна жана канына болгон ишеним бар болсо сен дүйнөнү жеңесиң. Эгер сен Ыйсанын сен үчүн айкаш жыгачта өлгөндүгүнө жана жазаны өзүнө алгандыгына ишенсең сен жеңишке ээ болосуң.
Ыйык элчи Жакан жүрөгүндө ушул үч маанилүү нерселер бар болгондуктан дүйнөнү жеңген. Ал бардык бир туугандарына да куткарылуу жөнүндө айткан жана бул нерсе алардын кылган жумушундагы тоскоолодуктарды, коркунучтарды жеңүүгө түрткү болгон. Ал мындай деп күбөлөндүргөн Ал дүйнөнү жеңген соң ишеними күчтүү адам да дүйнөнү жеңгенге кудурети жетет. Бул дүйнөнү жеңиш үчүн жалгыз жол.
1 Жакан 5:8, айтылат: «Жерде үчөө күбөлөндүрөт: Рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.» Көптөгөн адамдар ушул тапка чейин кан жана Рух жөнүндө сүйлөшүп, ошол эле убакта Ыйсанын чөмүлүүсүн жокко чыгарышат. Эгер алар «сууну» алып ташташса анда аларды дагы эле шайтан алдап жатат. Алар өзүлөрүн алдап жаткан нерседен ачыка чыгып тобо кылуулары керек; алар Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу гана кайра төрөлөөрүнө ишенүүлөрү керек.
Бир да Адам Ыйсанын каны жана чөмүлүүсүнө болгон ишеними жок болсо дүйнөнү жеңе албайт. Мен силерге дагы айтам бир да адам дүйнөнү жеңе албайт. Дүйнөнү жеңиш үчүн Ыйсанын канын жана чөмүлүүсүн күчтүү курал катары колдонуп күрөшүүбүз керек. Анын Сөзү Рухтун жана жарыктын кылычы.
Ыйсанын чөмүлүүсү бардык күнөөлөрүн жууп кеткендигине ишенбеген адамдар дагы эле абадан көп. Качан Ыйса аларга «тургула жана жарык болгула» деп айтканда, алар жарык боло алышпайт. Алардын жүрөктөрүндө дагы деле болсо күнөө жашайт. Алардын Ыйсага ишенерине карабастан тозокто күнү бүтөт.
Ыйсанын Чөмүлүүсүнүн жана Канынын Жакшы Кабары адамдар угуп, ишенип жана куткарылыш үчүн айкын күбөлөндүрүлүшү керек
Анын чөмүлүүсүнө ишенүү дагы бир окутуунун бирине киреби?
Жок окутуу эмес. Бул чындык.
Биз качан жакшы кабарды күбөлөндүрүп жатканда, ал ачык айкын болушу керек. Ыйса Рух, чөмүлүү (ал аркылуу биздин күнөөлөрүбүз жуулган) жана кан (бардык күнөөлөр үчүн кун төлөгөн) аркылуу келген. Биз бул үч нерсенин баарына тең ишенишибиз керек.
Эгерде биз ишенбесек, анда биз жакшы кабарды тараткан жокпуз, бирок жөн эле бир дин боюнча маалымат берип жатканга барабар болот. Бүгүнкү күндө көптөгөн машаякчылар, машаякчылыкты дин катары кабыл алышат, машаякчылык дин катары бааланбайт. Бул чындыктын негизинде курулган куткарылуунун ишеними, жогору жакты, Кудайды карап турган ишеним. Машаякчылык бул дин боло албайт.
Дин бул адамдар тарабынан чыгарылган нерсе, ал эми ишеним болсо Кудай бизге белек кылып берген жогору жактан келген куткарылуу. Эгер сен бул чындыкты жокко чыгарсаң, сен машаякчылыкка жөн гана дин катары мамиле жасап, морал, этикага жата турган нерсе катары жакшы кабар таратасын.
Ыйса Машаяк бул дүйнөгө дин куруш үчүн келген жок. Ал эч качан машаякчылык дини деп аталган дин орноткон эмес. Эмне үчүн сен буга дин катары ишенесиң? Эгерде диндердин айырмасы жок болсо, анда эмне үчүн мунун ордуна буддизм динине ишенбейсин? Бул нерселерди айтып жатып мени жаңылышып жатат деп ойлосуңбу? Кээ бир адамдар Ыйсага дин катары ишенишет, жана аягында ойлошот
«Булардын кандай айырмасы бар? Асман, Нирвана, бейиш.... Булардын бардыгы бир эле нерсени билдирет, алар жөн гана башкача аталат. Бары бир баарыбыздын күнүбүз бир жерден бүтөт.» машаякчы жаштар ишенимибизде бек турушубуз керек.
Машаячылар биз «жарык болушубуз керек жана чындыкта бекем турушубуз керек». Биз күмөн санабастан чындыкты айтыш үчүн кубатуу болушубуз керек. Бирөө «Бул асманга барчу жалгыз жол болушу мүмкүн эмес,» деп айтканда сен, «Жок! Жалгыз гана жол бар. Сен суу, кан жана Рух аркылуу келген Ыйса Машаяка ишенүү аркылуу гана асманга бара аласың.» деп айтышың керек.
Сен жарык болуу аркылуу, башка жандар, Сөздү укканга зар болуп, кайрадан төрөлүп асманга барышы керек.
Туура ишенимде жүргүлө: Ыйсанын сүйүктүүлөрү. Ким Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарылууну билбесе өлөт.
Ыйсанын чөмүлүүсүнө Ишенбегендер?
Ыйсага ишенсе да кимдер өлөт.
Жөн гана Ыйсага ишенем деп айтып, Ыйсага болгон талапсыз сүйүүгө ээ болсоң, Ыйсага ишенген динчил болуп калуунун эң кыска жолу.
Тынч океанында кеме өтүп бара жатып кыйрап сууга чөгөт жана алардын арасынан кеменин калдыктарына жабышып аз эле адам куткарылат. SOS сигналын жиберишкенде деңиздин каардуу толкундары башка кемелердин келишине да тоскоол болуп жатты. Андан кийин вертолет учуп келип төмөндү көздөй жип түшүрдү. Эгерде бир адам жипти денесин айланта курчабастан колдору менен жипке асылса, бул Ыйсаны сүйүп жана Кудай ыраазы болбогудай ишенимге окшош болмок. Андай адамдар азыркыга чейин куткарылыша элек, бирок «Мен ишенемин, Сен мени куткарып кал. Мен куткарылам деп ойлойм» деп жатат.
Ыйсанын чөмүлүүсүнүн жана кан жөнүндөгү чындыкты түшүнбөгөн адам жипке асылсам куткарылам деп ишенет.
Бирок ал киши жип менен өйдө тартылганда анын колдорунун кетет. Ал өзүнүн күчү менен гана жипти кармап турган болот. Жээке чейин жипти кармап баруу үчүн жээк алыс.
Качан анын күчү кеткенде колдору каруусун жоготот да ал океанга кулайт. Ыйсанын каны аркылуу куткарылам деп ойлоп жүргөн адамдар ушуга окшош. Көптөгөн адамдар алар Кудайга жана Ыйсага ишенээри жөнүндө айтышы мүмкүн; Алар Ыйса Рух аркылуу келгендигине ишенээри жөнүндө айтышат, бирок бул бүтүндөй куткарылуунун бир гана бөлүгү.
Алар же чыныгы ишенимге ээ боло алышат же болбосо толук эмес жакшы кабарда токтоп калышат, ошондуктан алар кунуго озулоруно Ага ишенээри жөнүндө кайталашат.
Ишенүү жана ишенүүгө аракет кылуу эки башка нерсе. Алар Ыйсаны акырына чейин ээрчий тургандыгын айтышат, бирок алар акыркы күнү алардын жүрөгүндө күнөө жашап тургандыгына байланыштуу тозокко ыргытылышат.
Алар Ыйсаны Анын чөмүлүүсү, каны жана Рух аркылуу келгендигин билбестен куткарылдык деп сүйүшөт. Ыйсанын биз үчүн төккөн каны үчүн эле сүйүшсө анда алар тозокко барышат.
Өзүңөрдүн жүрөгүңөрдү жакшы кабардын, суунун жана кандын жакшы кабарынын арканы менен катуу байлагыла. Качан Ыйса куткарылуунун арканын ылдый ыргытканда өзүлөрүн суу, кан жана Рух менен байлагандар куткарылышат. Вертолеттогу куткаруучу мегафон менен кыйкырды «Мени кунт коюп уккула, качан мен ылдыйды көздөй арканды ыргытканда белиңерге арканды орогула».
Андан кийин өзүңөрдүн калыбынарда эле тура бергиле. Колдоруңар менен арканга асылбагыла. Арканды жөн гана белиңерге орогула да, денеңерди бош таштагыла. Ошондо силер куткарыласынар.
Биринчи киши айткан инструкцияларды так аткарды жана өзүн аркан менен байлап куткарылды. Бирок башка адамдар «Сарсанаа болбой эле кой. Мен абдан күчтүүмүн. Мен Ден—соолукту чындооо боюнча клубга катышчумун. Карачы! Менин булчундарымды көрдүңбү? Мен узун аралыка асылып бара алам» дейт. Аркан өйдөнү көздөй көтөрүлө баштаганда ал колдору менен арканга оролду. Башында эки адам тең өйдөнү көздөй тартыла баштады.
Бирок инструкцияны туура аткарган адам арканды белине курчап, өйдөнү көздөй жулкунуп көтөрүлгөн жок. Өйдөнү көздөй көтөрүлүп жатканда ал эсин жоготуп койду, бирок ошого карабастан ал көтөрүлүп кетти.
Ал эми өз күчүнө ишенген адамдын акыры күчү кеткендиктен тең салмактуулугун жоготту. Ал инструкцияларды укпай аларга көнүл бөлбөгөндүктөн курман болду.
Толук куткарылууга ээ болуш үчүн адам күнөөдөн бардык жанды куткарган Анын чөмүлүүсүнө жана күнөөлөр үчүн төгүлгөн каны аркылуу куткарылууга ишениши керек. Сөзгө бүткүл жүрөгү менен ишенгенге күчү жеткендер гана куткарылууга ээ болушат: «Мен сени өзүмдүн чөмүлүүм жана айкаш жыгачта канымды төгүп толугу менен куткардым».
Жалгыз Ыйсанын биз үчүн төккөн каны аркылуу куткарылууга ишенген адам «Кам санаба, мен ишенемин. Өмүрүмдүн аягына чейин Ыйсанын каны үчүн ыраазымын. Ыйсаны акырына чейин ээрчиймин жана менин канга гана болгон ишенимим дүйнөнү жана менин калган жашоомдогу күнөөлөрдү жеңгенге жетет» деп эсептейт. Ошентсе да бул ишеним биздин куткарылуубуз үчүн жетишпейт. Кудай өзүнүн эли болгонго уруксат берген адамдар бул үч күбөгө тең ишенгендер болуп эсептелет:
Ыйса Рух аркылуу келгендиги жана Анын чөмүлдүрүлгөнү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн кун төлөп айкаш жыгачта курман болгондугу, жана үчүнчү күнү өлгөндөрдүн арасынан тирилгендигине ишенгендер.
Рух бардык үч нерсеге ишенген жана аларды күбөлөндүргөн адамдарга гана келет. «Ооба мен Сенин куткаруучуңмун. Мен сени суу жана кан аркылуу куткардым, мен Сенин Кудайыңмын» дейт.
Үч нерсенин бардыгына тең ишенбеген адамдарга Кудай куткаруу бербейт. Эгерде бирөөнөн гана баш тартса эле Кудай «Жок сен куткарлган жоксуң» деп айтат. Анын бардык шакирттери үч нерсенин баарына ишенген. Ыйса Өз чөмүүлүсү куткарылуунун негизи, жана Анын каны бул биздин жаза деп айтат.
Ыйык элчилер Пабыл жана Петир Ыйсанын чөмүлүүсүн жана канын күбөлөндүрүшкөн
Ыйсанын шакирттери эмнени күбөлөндүрүшкөн?
Ыйсанын чөмүлүүсүн жана канын.
Ыйык элчи Пабыл Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө эмнелерди айткан? Ал Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө көп жолу айткандыгын карап көрөлү. Римдиктерге 6:3 «Же силер Машаяк Ыйсага чөмүлдүрүлгөн биз—баарыбыз Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлгөнүбүздү билбейсинерби?» дейт. 6:5 аяттарда, «Аныкындай өлүм аркылуу Аны менен бириксек, анда Аныкындай тирилүү аркылуу Ага окшошобуз.»
Галаттыктарга 3:27 «Анткени силер, бардыгынар, Машаяктын урматына чөмүлдүрүлүп, Машаяктын бейнесин кийдинер.» Ыйсанын шакирттеринин баардыгы Ыйсанын чөмүлүүсүн күбөлөндүрүшкөн. «Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат» (1 Петир 3:21).
Теңирдин күнөөлөрдөн куткаруусу Ыйсанын суусу жана каны аркылуу келген
Кудай кимдерди адилеттүү деп атайт?
Жүрөктөрүндө күнөө жашабаган адамдарды.
Адамдардын үстүнө Ыйса алып келген куткарылуу Ыйсанын чөмүлүүсү жана анын айкаш жыгачта төккөн каны аркылуу ишке ашкан. Ушул куткарылуу аркылуу биз жарык болобуз. Кантип? Ушул үч нерсенин күбөлөндүрүүсү аркылуу.
«Тур, жаркыра; Анткени Сенин жарыгын келди! Жана Теңирдин данкы Сенин үстүңдөн чыкты!» (Ышайа 60:1). Кудай биздин үстүбүздөн жаркырайт жана бизге да жарык болгула дейт. Кудайдын бул буйругуна тил алышыбыз керек.
Биз болгон күчүбүз менен жакшы кабар таратып келдик. Бирок ушул убакка чейин адамдардын уккулары келбейт.
Эгерде сенин жүрөгүңдө дагы эле күнөө бар болсо сен дагы деле адлеттүү боло элексиң. Сен дүйнөнүн күнөөлөрүн жеңе элексиң. Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенбесең, сен жүрөгүңдөн күнөөлөрдөн эч качан кутула албайсын. Ыйсанын канына ишенбесең сен эч качан соттон кутула албайсын. Рух аркылуу келген Ыйса Машаякка ишенбенсең сен эч качан куткарылбайсың. Күбөлөндүрүп жаткан үч нерсеге ишенбесең сен эч качан толугу менен акталбайсың.
Эгерде, кимдир бирөө ушул убакытка чейин күнөө жасап, бирок өзүн адилеттүү адам деп эсептесе, ал адам Ыйсада эмес.
Кээ бир адамдар ушул күндө «адилеттүүлүк» деп аталган нерсе аркылуу куткарылууну кармоого аракет кылышат. Алар бир тема боюнча керексиз макалаларды жазышты.
Кудай жүрөгүндө дагы эле күнөөлүү адамдарды күнөөкөр эмес деп атайбы? Ал антпейт. Ал көргөн нерсесин айтат. Ал кудуреттүү бирок эч качан алдабайт. Адамдар адилеттүүлүктүн чыныгы маанисин түшүнүшпөйт. Биз таза деп бир нерсе таза болсо айтабыз. Бирок күнөөсү бар адамды адилеттүү деп эч качан айтпайбыз.
Силердин жүрөгүңдөрдө дагы деле күнөө бар болсо да Ыйса аркылуу адилетүү болдук деп ойлойсуңар. Бирок бул туура эмес.
Биз Ыйсага Рух, суу жана кан (ал Адамдык дене менен келип биз үчүн өлгөн) аркылуу келген экендигине ишенгендигибиз үчүн Ыйса бизди адилеттүү деп атайт.
Машаякчылар «адилеттүүлүк» деп аталган нерсе кан жана суу жакшы кабарына тиешеси жок. «адилеттүүлүк» же «адилеттүү аталуу» адам тарабынан чыгарылган окутуу. Сенин жүрөгүңдө күнөө бар болсо Кудай сени адилеттүү деп атайбы? Кудай адамдын жүрөгүндө күнөө бар болсо ал канчалык Ыйсага ишенээрине карабастан аны адилеттүү деп атабайт. Ыйса эч качан алдай албайт.
Сен азыркыга чейин жүрөгүндө күнөөсү бар адамды Кудай адилеттүү деп атаарына ишенесиңби? Бул адамдар ойлогон нерсе, бирок Кудай андай деп ойлобойт. Кудай калпты жек көрөт. Сен Рухка жана канга гана ишенсең, сени Кудай адилеттүү деп атайбы? Эч качан. Кудай адилеттүү деп атай турган адамдардын бир гана түрү бар. Алар жүрөктөрүндө эч күнөөсү жок адамдар.
Ал Ыйсанын Кудай экендигине, Ал адамдык дене менен жерге келип, Иордан дарыясында чөмүлдүрүлүп жана айкаш жыгачта биздин күнөөлөрүбүздү жууш үчүн канын төккөндүгүнө ишенген адамдарды гана кабыл алат. Куткарылуунун жакшы кабарына ишенген адамдар гана Кудай тарабынан адилеттүү деп табылат. Бул туура ишенимди тапкан адамдар. Алар анын биз үчүн жасаган үч нерсесине толугу менен ишенген адамдар.
Алар Ыйсанын келип, биздин күнөөлөрүбүздү алып кетиш үчүн чөмүлдүрүлүп, айкаш жыгачта курман болуусу менен бизге болгон сотту өзүнө алып жана өлгөндөрдүн арасынан тирилгенине ишенгендер. Бул нерсенин бардыгы Кудайдын сүйүүсүнөн болгон нерселер. Ыйса асмандан келип мындай деди:
«Чарчап-чаалыккандар Жана түйшүк тарткандар, Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем» (Матай 11:28). Бул нерсени Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү алуу менен жасады.
Кудай Ыйсанын канына гана ишенгендерди кабыл албайт. Ыйсанын канына гана ишенгендердин жүрөгүндө азыркыга чейин күнөө жашайт. Ыйса кимдерди куткарылгандар деп эсептейт?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө, Анын канына жана Анын Кудай экендигине ишенгендерди. «Мен бул дүйнөгө келип жана Жакан чөмүлдүрүүчүдөн чөмүлүү алганда силердин бардык күнөөлөрүңөрдү алып кеттим. Мен күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта кун төлөдүм мен силерди ушинтип куткардым».
Бул бардык үч нерсеге ишенгендер үчүн Ыйса айткан: «Ооба, силер куткарылгансыңар. Силер чындыксыңар жана Кудайдын балдарынысыңар». Ыйсанын чөмүлүүсүнө, канына жана Руху менен бирге ишенгендер силер дагы куткарылуу алдыңар.
Ким бир гана канга жана Рухка ишенсе, анда алардын жүрөгүндө дагы эле күнөө бар.
Асман Падышачылыгында бир гана чындык бар. Ал жакта адилеттүүлүк, чынчылдык, сүйүү жана боорукерлик бар. Ал жерде жалгандын бир дагы бөлүгү жок. Калп жана жалган Асман Падышачылыгында болбойт.
Мыйзамсыз иш кылган Адам ким?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенбеген Адам.
«Ошол күнү көп адамдар Мага». «Теңир, Теңир, Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымын менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?»—дешет (Матай 7:22).
Теңир аларды Анын Падышачылыгына кабыл албайт. Ошондо Мен аларга: «Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле мыйзамсыз иш кылуучулар»,—деп айтам (Матай 7:23).
«Мен Сага эки үй курмандыкка бердим. Мен Сага жашоомду арнадым. Сен мени көргөн жоксуңбу? Мен өмүрүмдүн акырында Сенден баш тарткан жокмун. Сен мени көргөн жоксуңбу?»
«Сенин жүрөгүңдө күнөө барбы?»
«Ооба, Теңир кичине бар.»
«Анда Менин жанымдан кет! Бул жакка эч бир күнөөкөр кире албайт.»
«Бирок Мен Теңир Сен үчүн, ишеним үчүн азап тартып өлгөм!»
«Азап тартып өлүү деген эмне? Сен бир гана өзүңдүн тежиктигиңден өлдүң. Сен менин чөмүлүүм жана каным жөнүндө далилдей аласыңбы? Сенин жүрөгүңдө Менин балам экениңди күбөлөндүрө аласыңбы? Сен Менин чөмүлүүмө эч качан ишенген эмессиң жана Мен сени эч качан менин балам экениңди күбөлөндүргөн эмесмин, сен дагы эле өзүңдүн ишенимиңден чыга алган жоксун жана сен ушул үчүн өлдүң. Мен сени бир жолу күбөлөндүрдүм беле? Сен бул жөнүндө өзүңө алгансың. Силер бир гана өзүңөрдүн күчүңөр менен күнөөлөрүңөрдөн тазаланууга аракет кылдыңар. Түшүндүңбү? Эми өз жолуңа түш.»
Ыйса бизге айткан: «жаркырагыла». Куткарылган адамдар жалганда жүргөн машаякчылар жана жалган пайгамбарлардын алдында кысымга алынышы мүмкүн жана жаркырап күйүүдөн алысташы мүмкүн! Бирок кичинекей очок чоң отту жаратат. Эгерде адам акылмандуулукта бекем туруп жана чындыкты күбөлөндүрсө анда бүтүндөй дүйнө жаркырайт.
Ышайа 60:1-2: «Тур, жаркыра; анткени сенин жарыгын келди, Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты. Анткени мына, жерди караңгылык, элдерди коюу караңгылык каптпганы жатат. Ал эми сенин үстүндөн Теңир жаркырайт, Анын даңкы сенин үстүңө келет.»
Кудай бизге мындай деп буйрук берген, силер көрүнүшүңөр жана жаркырашыңар керек, анткени чындык эмес караңгылык башкача айтканда тура эмес айтылган жакшы кабар бүткүл дүйнөнү каптап кеткен. Кудай ким Ыйсага ишенсе, ошону гана сүйөт. Куткарууга ээ болбогондор эч качан Ыйсаны сүйө албайт. Алар кандай болушат? Алар сүйүү жөнүндө гана айтышат, бирок алар Аны эч качан чын сүйө алышпайт, анткени алар толук чындыкка ишенишпейт.
Күнөөкөрлөрдүн куткарылуусунун күбөлөндүрүүсүндө үч нерсе бар
Биздин жүрөгүбүздөгү куткарылуунун күбөлүгү деген эмне?
Ыйсанын чөмүлдүрүүсү.
«Жерде үчөө күбөлөндүрүлөт: Рух, Суу жана Кан, бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.» Ыйса жер үстүнө келген жана Ал бизди Суу жана Кан аркылуу куткарган.
«Адамдын күбөлөндүрүүсүн деле кабыл алып жатпайбызбы, адамдардын күбөлөндүрүүсүнөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү жогору эмеспи. Анткени бул—Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү. Кудай Уулуна ишенген адамдын күбөлөндүрүүсү өз ичинде. Ал эми Кудайга ишенбеген Адам Кудайды жалганчы кылат. Анткени ал Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсүнө ишенген жок. Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүрдү берди. Ал өмүр Анын Уулунда. «Кудай Уулуна ээ болсо, ал өмүргө ээ; Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо ал өмүргө ээ эмес» (1 Жакан 5: 9-12).
Жаңы төрөлгөн—адамдык күбөлөндүрүүнү кабыл алат. Биз чындык сыяктуу кабыл алганбыз. Кайрадан төрөлгөн, ишенген адам куткарылуу жөнүндө чындыкты айтканда, адамдар бул жөнүндө эч нерсе деп айта алышпайт. Алар бул жөнүндө кабыл алышат. Алар, биз туура ишенебиз, биздин ишенимибиз туура деп айтышат. Эгерде биз аларга кантип кайрадан төрөлгөнүбүз жөнүндө айтсак, жакшы кабардын чындыгына күбө болуп турсак, бир да адам каршы тура алышпайт. Алар биз туурабыз деп айтышат. Биздин күбөлөндүрүүбүз өз ичибизде.
Адамдык күбөлөндүрүүнү биз кабыл алабыз. «Кудайдын күбөлөндүрүүсү жогору; Бул Кудайдын күбөлөндүрүүсү үчүн.» Бул Кудайдын күбөлөндүрүүсү Анын Уулунда экендиги жөнүндө айтылат. Туурабы? Кудайдын Уулунун күбөлөндүрүүсү деген эмне? Күбөлөндүрүү—бул, Ыйсанын Рух, сууга чөмүлдүрүүсү жана айкаш жыгачтагы каны аркылуу келип, Кудайдын бизди куткаруусу. Кудайдын күбөлөндүрүүсү Анын бизди куткаруу жолу, жана биз Анын адамдарыбыз анткени биз бул нерсеге ишенебиз.
«Кудайдын Уулуна ишенгендер Анын күбөлөндүрүүсүнө ээ болот; Ал эми Кудайга ишенбегендер Аны жалганчы кылат, анткени ал Кудай Анын Уулуна берген күбөлөндүрүүгө ишенбейт.»
Бул үзүндүдө бизге айкын түрдө куткарылууга кимдер жеткендиги айтылат. Бул Кудайдын Уулуна ишенген, күбөлөндүрүүсү өзүндө болгон адамдарга айтылат. Сенин жүрөгүндө күбөлөндүрүү барбы? Ал сенде да жана менде да бар. Ыйса жер үстүнө биз үчүн келген. (Ал Улуу Рух аркылуу, Мариямдын денеси аркылуу келген. Ал 30 жаш кезинде, биздин күнөөлөрүбүздү өзүнө алыш үчүн чөмүлүдүрүлгөн. Ал эми үчүнчү күнү бизге түбөлүк өмүр бериш үчүн Ал кайрадан тирилди. Ушуну менен Ыйса бизди куткарды.
Ал кайрадан тирилбесе сени менен эмне болмок? Мүрзөдө мен үчүн Ал кантип күбөлөндүрмөк? Ошондуктан Ал менин Куткаруучум. Бул биз ишенген нерсе.
Ал Өзү айткандай Ал Өз чөмүлүүсү жана каны аркылуу бизди куткарды. Бул нерсенин себеби биз Ага ишенгенбиз, сен экөөбүз куткарылганбыз. Күбөлөндүрүү сенин жана менин ичимде. Куткарылгандар Анын чөмүлүүсүн эч качан тана албайт. Бизди куткарыш үчүн Ал жасаган нерселерди эч качан жокко чыгарбайбыз.
«Азыр ушундай кылууга жол Берген, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек» (Матай 3:15). Жакан чөмүлдүрүүчү Иордан дарыясынын суусунда Ыйсаны чөмүлдүргөндө биз күнөөлөрүбүздөн куткарылгандыгыбызды биз эч качан танбайбыз. Куткарылгандар Ыйсанын чөмүлүүсүн «сууну» эч качан тана албайт.
Ишенгендер, бирок куткарыла электер акырына чейин Ыйсанын чөмүлүүсүнөн баш тартышат
Кудайды ким алдамчы кылат?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенбегендер.
Ыйык элчи Жакан төмөнкүлөрдү айтканда ал кандай так болгон: «Кудайга ишенбеген Адам Анын атын алдамчы кылды.» Эгерде ыйык элчи ушул жерде жана ушул убакта жашаса бүгүнкү машаякчыларга Ал эмне деп айтмак? Ал айтмак Ыйса чөмүлдүрүлгөндө биздин күнөөлөрүбүздү алып кетти.
Жакан чөмүлдүрүүчү өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу Ыйса бизди куткаргандыгы тууралуу жакшы кабарды күбөлөндүрмөк эмес беле? «Силердин күнөөлөрүңөр Ыйсага өткөн эмес беле жана мен Аны чөмүлдүргөндө силердин күнөөлөрүңөр Анын мойнуна жүктөлгөн эмес беле?» Бул нерсе аркылуу ал бизге Ыйсанын бизди куткарыш үчүн чөмүлдүрүлгөндүгүн айкын күбөлөндүрөт (Жакан 1:29, 1 Жакан 5:4-8).
Кудайга ишенбегендер, башкача айтканда Ал бизди куткарыш үчүн жасаган нерселерине ишенбегендер, Аны алдамчы кылышат. Биздин бардык күнөөлөрүбүздү Ыйса алып кеткендиги жөнүндө айтканда алар «О Кудай! Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткен эмес! Ал биздин өзгөчө күнөөлөрүбүздү алып кеткен, демек биздин күнүмдүк күнөөлөрүбүз дагы эле бар».
Демек алар куткарылуу максатында өзүлөрүнүн күнүмдүк күнөөлөрү үчүн өкүнүп сыйынып туруш керек деген ойго катуу турушат. Бул алар ишенген нерсе. Ал эми сен да ушундай ойлойсуңбу? Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу биз күнөөлөрүбүздөн жуулгандыгыбызга ишенбегендер Кудайды алдамчы кылышат.
Ыйса Өзүнүнүн чөмүлүүсү аркылуу жана айкаш жыгачта кан төгүп бизди бир жолу жана түбөлүккө куткарды
Ким алдап жатат?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенбеген адам.
Ыйса чөмүлдүрүлдү жана бизди күнөөлөрүбүздү бир жолу жана түбөлүккө алды. Кудай Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенгендерди куткарат, бирок ишенбегендерден да үмүттөнөт. Алар тозоко бара жатышат. Ошентсе да биздин куткарылганыбыз же куткарыла электигибиз биз эмнеге ишенгендигибизге жараша болот. Ыйса дүйнөнү бардык күнөөлөрүнөн куткарды. Ишенгендер куткарылды, ал эми дагы эле ишене электер куткарыла элек, анткени алар Кудайды жалганчы кылышты. Адамдар тозоко алсыз болгонунан барышпайт, тескерисинче алар Ыйсага ишенбегендиктен барышат.
Эгер адамдар ага ишенсе, алар өзүлөрүнүн күнөөлөрү үчүн тозокко кетишпейт. «Ким Кудайга ишенбесе, ал Аны алдамчы кылат» (1 Жакан 5:10). Ыйса Машаяк алардын бардык күнөөлөрүн алып кеткенине ишенишпесе, алардын жүрөгүндө күнөөлөр болсо, алар эч качан күнөөлүү эмеспис деп айта алышпайт.
Бир жолу, мен бир дяконго жолугуп: «Дякон сен Ыйса Машаякка ишенгенде сенин бардык күнөөлөрүңдөн арылдың беле?»
деп сурадым, анда ал минтип жооп берди: «Ооба албетте алып кеткен, Ыйса Машаяк бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткен жана Ал айкаш жыгачта «аткарылды» деп айтканда эле бардыгы бүткөн, мен ошол аркылуу куткарылгам» деп жооп берди.
Анда мен суроо узаттым «Демек сенде күнөө жок экен да»?
«Ооба менин күнөөм жок».
«Эгер сенин кайрадан күнөө жасасаң эмне болот?»
«Биз баарыбыз пендебиз, кантип биз кайрадан такыр эле күнөө кылбай жашайбыз? Бирок күнөө кылып алганда биз кылган күнөөлөрүбүздү күн сайын тазаланып турушубуз керек» деп жооп берди.
Бул дякондун дагы эле анын жүрөгүндө күнөө бар, анткени анын күнөөлөрү алынгандыгы жөнүндө толук чындыкты ал билбейт.
Ага окшогондор Кудайды шылдыңдагандар жана Аны жалганчы кылгандар. Ыйса Кудай болуп туруп дүйнөнүн күнөөлөрүнөн куткарууда жеңилип калдыбы? Мындай көрүнүштөрдүн бүгүнкү күндө болуп жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Эгер Ыйса Машаяк бардык күнөөлөрдү алып кетпесе, ал кантип Куткаруучу жана Кудай боло алмак эле? Ыйса Машаяк кантип бизге, Мага ишенгиле деп айта алмак эле?
Кудайды силер жалганчы кылып жатасыңарбы? Мен силерге айтаарым, Кудайды жалганчы кылбагыла. Биз Аны сүйбөйбүз.
Жакан ыйык элчи бизге куткарылуу жөнүндө Ыйык Жазууда айткан. Ошондой болсо да көптөгөн адамдар Ыйса Машаяктын биз үчүн жасаган нерселерине жана Анын Суу, Кан жана Рух аркылуу келгенине ишенишкен эмес.
Машаякчылар эки топко бөлүнүшөт: Алардын бири Инжилде айтылгандай күнөөлөрүн мойундарына алышып «Мен күнөөлүүмүн» деп айтышат. Ал эми экинчиси Ыйса Машаяктын бизге жасаган нерселерине жана анын Суу, Кан жана Рух аркылуу келгенине таянып өзүлөрүн «Мен такыбаамын» деп санашат. Бул эки топтун кайсынысы чындыкты айтып жатышат?
Кудайдын бардык жасаган иштерине ишенбегендер, башкача айтканда, Суу, Кан жана Рух аркылуу келгенине ишенбегендер жалганчылар. Алардын ишеними да жалган. Алар өзүлөрүнүн ишенбестиктери менен Кудайды жалганчы кылышат.
Аны жалганчы кылбагыла. Ыйса Машаяк Иордан дарыясына келип, ошол жерден чөмүлдүрүлүп, бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алып салыш үчүн акылмандуулукту толуктады.
Ишенбегендер Ыйсанын Чөмүлдүрүүсүн жана Анын Ыйыктыгын танышат
Ибилис Шайтан эмнени танат?
Ыйсанын чөмүлүүсүн.
Анын Уулуна ишенгендердин ичинде күбөлүк бар. Кайрадан төрөлгөндөр Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү куткарганына ишенишет жана алардын күнөөсү Ыйсанын Суусу жана Каны аркылуу жуулган. Жогорудан төрөлгөн машаякчылар Ыйса Машаяктын бул дүйнөгө Мариямдын денеси аркылуу төрөлгөнүнө, ал айкаш жыгачта кыйналганга чейин Иордан дарыясында чөмүлдүрүлгөнүнө жана Ал кайра тирилип келгенине ишенишет.
Адил адамдын жүрөгүндө күбөлүгү бар. Биздин куткарылгандыгыбыздын далили, биздин Суу, Кан жана Рух менен келген Ыйсага болгон ишеним. Күбөлүк силердин ичиңерде. Ичиңерде күбөлүк болсун деп кеңеш берем. Чынын силерге айтамын. Эгерде күбөлүк жок болсо бул куткарылуу эмес, куткарылуунун далили силердин ичиңерде.
Элчи Жакан айткан «Кудай Уулуна ишенген адамдын күбөлөндүрүүсү оз ичинде.» (1 Жакан 5:10). Ыйсанын айкаш жыгачтагы төккөн канына гана ишенгендерде күбөлөндүрүү болобу? Же күбөлүктү алуу үчүн Ыйса Машаяктын Суу, Кан жана Рух аркылуу келгенине ишениш керекпи же Рух жана Кан эмес Суу аркылуу келгенине ишениш керекпи? Кудай силерди кабыл алуусу үчүн бул үчөөнө тең ишенишиңер керек.
Андан кийин Ыйса Машаяк силердин куткарылгандыгыңарды силер үчүн күбөлөндүрөт. Силер, эгер үчөөнүн экөөнө эле ишенсеңер бизде күбөлөндүрүү болот деп ойлойсуңарбы? Бул силер өзүңөрдүн жолуңар менен гана Кудайга ишенүү болуп саналат. Бул өзүңөрдүн адамдык гана күбөлөндүрүү.
Дүйнөдө үчөөнүн экөөнө гана ишенген адамдар көп. Алар куткарылгандыгын күбөлөндүрүп китепке жазып жатышат. Алар кандай гана шамдагай! Бул абдан таң калыштуу. Алар өздөрү. «Жакшы кабарчылар» деп аталышат. Алар өздөрүн жөн гана жакшы кабарчылар эмес динчил да сезишет. Алар суу, кан жана Рухка ишенбестен куткарылганбыз деп мактанышат. Алардын сүйлөгөн сөздөрү акылга туура келген сыяктуу сезилсе да, алардын ичинде күбөлүгү жок.
Муну биз кантип куткарылуу деп атайбыз? Жалгыз гана суу, кан жана Рух аркылуу куткарылууга ишенгендердин ичинде Кудайдын жана адамдын күбөлүгү жашайт.
Апостол Пабыл айткан: «Себеби биз силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, күч менен, Ыйык Рух менен жана бекем ишеним менен жеткирдик» (1 Тессалоникалыктар 1:5). Шайтан адамдардын Ыйса Машаяктын канына гана ишенгендерине, Оо силер мага алдандыңар ха—ха! деп табаа кылат. Көптөгөн адамдар Ыйса Машаяктын каны даңктасак эле шайтан качып кетет деп ишенишет. Алар шайтан айкаш жыгачтан коркот деп ойлошот.
Бирок эсиңде болсун бул Шайтандын амалы гана, анткени анын колунан баары келет. Биз шайтанга алданбашыбыз керек. Шайтан адамдын ичине кирип адамдын оозунан көбүк чыгарып жаткандан кийин, ал баарын жазай алат. Кудай шайтанга биздин жаныбызды алуудан башка бардык күчтү берген, Шайтандын ал күчтүү кандай пайдаланууга акылы жетет. Жин адамды бактын жалбырагындай титиретип, ачуу кыйкыртып жана оозунан көбүк чыгара да алат.
Качан мындай көрүнүштөр болгондо ишенгендер «Ыйсанын атынан жогол! Жогол!» деп кыйкырышат. Анан качан адам өзүнө келгенде алар айтышат: Бул бизди куткаруучу Ыйсанын канынын күчү. Бирок бул Ыйсанын канынын күчтү эмес, бул шайтандын амалкөйлүгү. Шайтан, Ыйсанын бизди, чөмүлдүрүүсү жана каны аркылуу күнөөлөрүбүздү жууп, айкаш жыгачта кыйналганына жана үчүнчү күнү Ал кайра тирилгенине ишенген адамдардан коркот. Шайтан Ыйсанын чөмүлдүрүүсүнүн жана бизди куткаруу үчүн төккөн канын күбөлөндүрүүчүлөрдүн арасында тура албайт.
Силер билгендей жиндерди кубалаганга католик жыйынынын кызматчылары жиндерди кубалашат. Биз муну кинолордон көрөбүз. Омен деген католик кызматчысы, айкаш жыгачты алып титиретет, бирок ошого карабастан ал баары бир өлүп калат. Кайрадан төрөлгөндөр мындай болуп жеңилип калбас эле.
Жогорудан төрөлгөн адамдар Ыйсанын каны, чөмүлүүсү жөнүндө ишеним менен айта алышат. Качан шайтан аларды кыйноого аракет кылса, алар «Ыйса менин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткенин билесиңби?» деп айтышат. Ошондо шайтан оолак кетет, себеби шайтан, жогорудан төрөлгөндөрдүн жанына жакын жолой албайт. Эгер жогорудан төрөлгөн адилеттүү адам келип отурса шайтан качып кеткенге аракет кылат. Инжилде айтылган Ким кудайга ишенбесе, ал аны алдамчы кылат. Алар Кудайдын Уулунун күбөлөндүрүүсүнө, чөмүлүүсүнө жана канынын күбөлөндүрүүсүнө ишенишпейт.
Кудайдын Уулунун күбөлөндүрүүсү деген эмне?
Бул Анын Рух аркылуу келип суу менен биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткендиги.
Кудайдын Уулунун күбөлүгү эмне? Ал бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүнө алып, биз үчүн айкаш жыгачта кыйналган. Бул Суу, Кан жана Рух аркылуу күнөөлөрдүн жуулусу эмеспи?
Кудайдын алдында адамдар калп айтып жатышат анткени алар суу жана кан менен жуулган күнөөлөрдүн чындык экендигине ишенишпейт. Мындан башка бардык жакшы кабарлар чындык эмес. Алардын айткандары чындык эмес жана бул жалган жакшы кабар жөн гана пайдасыз таралып жатат.
Келгиле 1 Жакан 5 бөлүмдүн 11 чи аятты окуп көрөлүк. «Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди, Ал өмүр Анын Уулунда». Бул аят бизге Кудай бизге түбөлүк өмүр бергендиги жөнүндө айтат жана бул түбөлүк өмүрдү ким кабыл алам деп чечсе ошолор гана ала алышат. Бул өмүр Анын Уулунда.
Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын канына ишеними аркылуу куткарылган бардык адамдар түбөлүк өмүргө ээ болгондор болуп эсептелет. Куткарылгандар түбөлүк өмүргө ээ болуп түбөлүк жашашат. Ал эми сен түбөлүк өмүргө ээ болдуңбу?
12 чи аятта «Ким Уулга ээ болсо ал өмүргө ээ; ал эми ким Кудайдын Уулуна ээ болбосо ал өмүргө ээ эмес» деп айтат. Башкача айтканда Ким Уулдун жерде жасаган иштерине, Анын чөмүлүүсүнө, айкаш жыгачта өлгөндүгүнө жана Анын кайра тирилгендигине ишенсе ал адам түбөлүк өмүргө ээ. Бирок эгерде кимдир бирөө ушул нерселердин бирөөнөн гана баш тартса анда өмүр жок, ал куткарылбайт.
Жакан ыйык элчи Кудайдын элин Ыйса жасаган иштерге ишенимине жараша аныктаган: суу, кан жана Рух. Бул нерсе бизге кимде Сөз бар же жок экендигин айтып турат. Ал Ыйсанын чөмүлүүсү, каны жана Рухка ишеними боюнча куткарылгандарды аныктайт.
Ким кайрадан төрөлбөсө, ал койду эчкиден айырмалай албайт
Ким куткарылгандардын арасынан куткарылбагандарды аныктай алат?
Жогорудан төрөлгөндөр.
Ыйык элчи Жакан, куткарылгандарды эң ачык айкын аныктай алган. Пабылда да ушудай жөндөмдүүлүк бар болгон. Кудайдын кызматчылары кантип кой менен эчкини айырмалай алышат? Алар кантип чыныгы кызматчылар менен жалганчыларды айырмалай алышат? Ыйсанын чөмүлүүсү жана канына болгон ишеними бар адамдар гана куткарылгандарды айырмалай алабыз.
Адам жыйын жетекчиси болобу, жакшы кабар таратуучу болобу, эгер адамдын жогорудан төрөлгөнүн айырмалай албаса же кой менен эчкини айырмалай албаса, анда ал адам жогорудан төрөлгөн адам эмес. Ал эми жогорудан төрөлгөн адам, аларды айырмалай алат. Ал эми Кудайдан түбөлүк өмүр албагандар алардын айырмасын көрө алышпайт.
Биз баарыбыз караңгылыкта жашылды жашыл экенин, актын ак экенин айырмалай албайбыз, жана биз көзүбүздү жумганда да, өңдөрдү айырмалап биле албайбыз. Бирок көзүн ачып жүргөндөр ар түрдүү өңдөрдүн кичинекей эле айырмачылыктарын биле алышат.
Алар кайсы жашыл, кайсы ак экендигин айта алышат. Ушу сыяктуу эле куткарылгандардын жана куткарыла электердин ортосунда айкын айырмачылыктар бар.
Ошондуктан биз куткарылуунун жакшы кабарын, суунун, кандын жана Рухтун жакшы кабарын таратышыбыз керек. Биз жарык болуп жаркырап, адамдарды чогултуп чындыктын ишенимин таратууда өзүбүздүн сөзүбүз менен айтпашыбыз керек, Ыйык Жазууда 1 Жакан 5 чи бөлүмдө бул нерсенин түшүндүрмөсү берилген. Биз баш аламандык болбошу үчүн аларга, акырындык менен түшүндүрүшүбүз керек.
Биз айтып жаткан Ыйсанын чөмүлүүсү, каны жана Руху бул—куткарылуунун жарыгы. Көптөгөн адамдар күнөөлөрү кечирилбей өлүп жатышат жана Кудай буга сүйүнбөйт, ошондуктан адамдарды Ыйсанын чөмүлдүрүүсү жөнүндө ачык, айкын көрсөтүшүбүз керек. Ыйсанын биз үчүн төккөн канын адамдар түшүнүү үчүн биз өзүбүз жарык болуп жаркырап күйүүбүз керек экендигин билдирет. Биз жер жүзүндө, бул чындыкты билбеген бир да адам калбагыдай кылып ачык айкын жарыялашыбыз керек.
Эгерде биз жогорудан төрөлүп жана жарык көрсөтпөсөк, анда көптөгөн адамдар куткарылууга ээ болушпай. Ал эми мындай ишке Кудай кубанбайт. Ал бизди жалкоо кызматчы катары эсептейт.
Биз Ыйсанын каны жана суусу жөнүндөгү жакшы кабарды таратышыбыз керек. Мен бул нерселерди кайра кайра, кайталагандыгымдын себеби биздин куткарылуубуз үчүн, Ыйсанын чөмүлүүсү өтө маанилүү. Биз кичинекей балдар менен сүйлөшүп жатканда ар бир нерсеге кылдаттык менен көңүл буруп, өзүбүздү туура түшүндүрүш үчүн кайра кайра кайталайбыз.
Эгерде биз билими жок адамды үйрөтүүгө аракет кылсак, анда биз мүмкүн алфабиттен баштамакбыз. Андан соң биз аларга алфавитти колдонуп жазганды үйрөтмөкпүз. Качан ал алфавит менен мисалы «жаза» деген сөздү жаза алса, анда биз бул сөз эмнени билдирээрин түшүндүрө баштамакбыз. Бул мисал биз Ыйса жөнүндө айкын түшүнүк алыш үчүн адамдарды кантип окутуу керек экендигин көрсөтөт. Биз Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө айкын түшүндүрүшүбүз керек. Ал бул дүйнөгө суу, кан жана Рух аркылуу келген.
Ыйсага ишенип Аны куткаруучу катары кабыл алып жана куткарылышынар үчүн мен сыйынам. Суудан жана Рухтан келген куткарылуу Ыйсанын чөмүлүүсүнө, айкаш жыгачтагы Анын канына жана Ыйса биздин куткаруучу Кудай экендигине болгон ишенимден келет.