(1 Петир 3:20-22)«Алар качандыр бир убакта, Нухтун убагында, кеме курулуп бүткүчөктү Кудай чыдап күтсө да, баш ийбей койгондор эле. Ошол кемеде аз эле Адам, тактар айтканда, сегиз гана жан суу аркылуу аман калган. Ошол сыяктуу эле азыр да бизди чөмүлдүрүү Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүүрүү - дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада беру. Асманга көтөрүлүп кеткен Машаяк Тенирдин оң жагында отурат. Ага периштелер да, күчтөр да бийликтер да багындырылган».
Биз эмне аркылуу акталабыз?
Кудайдын ырайымы аркылуу.
Кудай бизди жер жүзүнө төрөлө электен мурда эле билчү. Биздин күнөөгө батарыбызды жана дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн алып кеткен Анын чөмүлүүсүнө ишенимибиз аркылуу куткарылаарыбыз жөнүндө билген. Ал бардык ишенген адамдарды Өзүнүн эли кылып тандап алды.
Мунун бардыгы Кудайдын ырайымы аркылуу болот. Забур 8:4 тө айтылгандай «Сен унутпагыдай Адам ким?» Ал эми куткарылгандар болсо Анын өзгөчө сүйүүсүнүн кучагында.
Жана алар Анын балдары. Биз Кудайдын балдары, чындык жана Анын куткаруусуна ээ болгонго чейин жана Аны Ата деп айтууга укук алганга чейин Анын чөмүлүүсүнө жана Анын Рухуна гана ишенсек биз ким болмок элек? Алар Анын балдары. Кудайдын балдары болгонго, биз акталып жана Аны Ата деп айтканга укук алганга чейин Анын канына жана Рухка гана ишенип жүргөн биз ким болмокпуз? Биз күнөөкөрбүз, эгер ден соолугубуз чын болсо, биз 70-80 жыл жашасак да күнөөкөр болмокпуз.
Биз өзүбүздүн күнөөлөрүбүздөн жуулганга чейин Ыйсанын канынын жана чөмүлүүсүнүн жакшы кабарына ээ болгондон мурда өспөгөн, өлүмгө бара жаткан адам болмокпуз.
Ыйык элчи Пабыл Анын турпатына жана Анын ырайымына эле биз карызбыз. Биз Анын ырайымы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жараткан Теңир бул дүйнөгө келип, бизди куткарып алды жана Өзүнүн балдары жана Өз эли кылып алды.. Суу жана Рух аркылуу куткарылуу берген, Анын ырайымына ыраазыбыз.
Ал бизди оңдоп, балдары кылып алганга жол ачып бергендигинин себеби эмнеде? Биздин сулуулугубуз үчүнбү? Же биз, ушунчалык жакшы бекенбизби? Келгиле ушул жөнүндө ойлонуп, бул нерселер эмне себебинен болуп жатса анда ошол үчүн ыраазычылык келтиребиз.
Мунун себеби Кудай бизди Өзүнүн эли кылып, Асман Падышачылыгында Аны менен бирге жашаш үчүн бизди жараткан. Кудай бизге Өзү менен бирге түбөлүк жашаш үчүн Өзүнүн эли кылып тандап алды. Бул Кудай бизге түбөлүк өмүр болгон батасын бергендигинин жалгыз гана себеби. Ал бизди биз сулуулугубуз үчүн эмес, же татыктуу болгондугубуздан эмес же Анын башка жараткан нерселерине караганда биз коозураак жашаш үчүн бизди Өзүнүн эли кылып тандап алган жок. Жалгыз гана себеби Ал бизди сүйөт.
Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүүурүү (дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү), Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат (1 Петир 3:21). «Аз эле, сегиз гана жан суудан аман калды» (1 Петир 3:20).
Бир шаардан аз эле киши жана бир үй бүлөөдөн эки эле киши куткарылды. Демек биз башкалардан жакшыраакбызбы? Биз алардан эч нерсебиз артык эмес. Биз андай өзгөчө эмесбиз, бирок биз бары бир сууга жана Рухка ишенимибиз аркылуу куткарылдык.
Бул биз куткарылган кереметтен да өткөн керемет жана Кудай бизге Аны Ата, Тенир деп атаганга укук алганбыз жана бул биз үчүн болгон эң чоң бата. Бул бизден эч талап кылбастан берилген белек.
Биз муну эч качан тана албайбыз. Биз азыркыга чейин күнөөкөр болсок Аны Ата же Теңир деп кантип атамак элек? Качан биз куткарылгандыгыбызды ойлогондо, Кудай бизди эч кандай шарты жок эле сүйөөрүн билебиз. Биз Ага ыраазы болбойбузбу?
Анын батасы жана сүйүүсү үчүн жаралбаганда, биз төрөлүп жана капалуу жашоону жашап өткөндөн кийин өлүп, аягын тозокто өткөрмөкбүз. Анын алдында Анын балдары болууга татыктуу кылган Анын сүйүүсү жана батасы үчүн кайра кайра ыраазычылык айтабыз.
Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу берилген кымбат баалуу куткарылуу.
Эмне үчүн Нух пайгамбардын убагындагы адамдар өлүшкөн?
Себеби алар сууга (Ыйсанын чөмүлүүсүнө) ишенишкен жок.
«Бизди коргоп турган «чөмүлүү» аттуу себеп бар». Петир 1 мындай деп жазылат суу аркылуу сегиз гана жан куткарылган. Нух пайгамбардын убагында канча адам болгон? Биз муну эч качан тактай албайбыз, бирок миллионго жакын адамды мисал кылып көрөлү. Нух пайгамбардын үй—бүлөөсүнөн сегиз гана адам миллиондун ичинен куткарылып калган.
Бул сан бүгүнкү күндө ушундай бойдон эле кала берет. Айтсак жер жүзүндө азыркы убакта алты миллиарддан ашык адам жашайт. Бүгүнкү күндө Ыйсага ишенген адамдардын арасынан канчасынын күнөөлөрү жуулду? Эгерде биз бир эле өлкөнү карап көрсөк анда ал жерден өтө эле аз адам куткарылат.
Менин өлкөмдө 250.000 адам жашайт, алардын арасынан канчасы куткарылган? Мумкун 200? Бул нерсени коэффициент деп атасак болобу? Бул нерсе миң адамдын арасынан куткарылуу батасына бир проценттен да аз адам ээ болгондугун көрсөтөт.
Кореяда католиктерди кошкондо 12 миллион христиандар бар экендиги эсептелинген. Мындан сырткары алардын ичинен канчасы сууда жана рухта кайра төрөлүшкөн? Нух пайгамбардын убагында жер жүзүндөгү адамдардын ичинен сегиз гана адам куткарылгандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу бизди куткаргандыгына ишенген адамдардын бардыгынын күнөөсүн Ыйса жууп кеткендигин биз билишибиз жана ага ишенишибиз керек.
Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны менен бизди куткаргандыгына ишенген адамдар аз. «Ыйсанын тирилүүсү» деген белгилүү сүрөттү карап көргүлө. Канча тирилген Адам сүрөттө көрсөтүлөт? Силер алардын Иерусалим чебинен ылдыйды көздөй колдорун кенен жайып келе жаткан Ыйсаны көздөй келе жаткандарын көрөсүздөр. Элестетип көргүлө алардын канчасы теологдор жана жыйын кызматчылары, бүгүнкү күндө дүйнөдө көптөгөн теологдор бар, бирок куткарылуунун негизги чындыгы катары Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенгендер аз.
Кээ бир теологдор Ыйсанын чөмүлүүсүнүн себебин Анын жөнөкөйлүгүндө деп, кээ бирлери Ыйса адамдык табиятта болуш үчүн Ыйса чөмүлүү алган деп түшүндүрүшөт. Бирок Библияда бардык апостолдор Петир жана Жакан да Ыйсанын чөмүлүүсүндө биздин жаныбыз Ага өтүп кетээри жазылган жана биз да ушинтип ишенебиз.
Ыйык Жазууда апостолдор биздин күнөөлөрүбүз Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу Ага өтүп кеткенин күбөлөндүрүшөт. Биз ишенип койуу аркылуу эле куткарыла тургандыгыбыз, Кудайдын ырайымы жөнүндөгү кандай гана кереметтүү күбөлүк.
Куткарылуу чөмүлүүсүндө «мүмкүн» деген түшүнүк болбоосу керек
Кудайдын чексиз сүйүүсүнө ким ээ болот?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана Анын канына ишенгендер.
Адамдар Ыйсага ишенүү аркылуу гана куткарылып калабыз деп ишенишет. Бардык Ыйсага ишенгендер өз ишенимдери менен куткарылаарына ишенишет жана алардын көптөрү Ыйсанын чөмүлүүсүн жалпы машаякчылыктагы жөнөкөй эле догмасы деп ойлошот. Бирок бул чындык эмес. Мен окуган миңдеген китептин арасынан бир дагы Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу куткарылганыбызды жана күнөөлөрүбүз Ага жүктөлгөндүгү жөнүндө таба алган жокмун. Нух пайгамбардын убагында сегиз адам гана куткарылган. Азыркы күндө канча адам куткарылгандыгын билбейм, бирок көп эмес деп ойлойм. Бирок кимде ким Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенсе ал адам куткарылды. Көптөгөн жыйындарга барып жүрүп мен чыныгы жакшы кабар болгон Ыйсанын чөмүлүүсүнүн жакшы кабарын тараткандар аз экендигин билдим. Жыйынга канчалык чын жүрөктөн барсак да чөмүлүү жана Ыйсанын каны аркылуу куткарылууга ишенбесек биз дагы эле күнөөкөрбүз жана куткарыла элекбиз. Өмүр бою биз жыйынга барсак дагы биз дагы эле күнөөкөр бойдон кала беребиз.
Биз элүү жыл бою жыйынга барсак да бирок жүрөгүбүздө күнөө жашаса элүү жылдык ишеним эч нерсеге тете эмес. Мындан көрө бир эле күндүк чыныгы ишеним бар болгон жакшы. Ыйсага ишенгендердин арасынан Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана Анын канынын маанисине туура ишенгендер гана асман падышачылыгына кире алышат. Чыныгы ишеним бул Кудайдын Уулу жерге түшүп дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетиш үчүн чөмүлүү алгандыгына ишенүү. Бул бизди асман падышачылыгына жетелеген ишеним, биз Ыйсанын айкаш жыгачта мен үчүн жана сен үчүн кансырап өлгөндүгүнө ишенишибиз керек. Биз бул нерсени Кудайга ыраазычылык билдирип жана Аны даңкташ үчүн билишибиз керек.
Биз кимбиз? Биз Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын каны аркылуу куткарылган аял менен эркектин балдарыбыз. Биз Ага кантип ыраазычылык билдиребиз? Ыйса Иордан жергесинде бизди куткарыш үчүн 30 жашында чөмүлүү алган. Бул аркылуу биздин күнөөлөрүбүздүн бардыгын алып жана биз үчүн айкаш жыгычта жазаны Өзүнө алган. Биз качан бул нерсени ойлогондо биз айласыздан жөнөкөй гана ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул дүйнөдө Ыйса жасаган нерселердин бардыгы биздин куткарылуубуз үчүн болгондугун билишибиз керек. Эң биринчиден Ал бул дүйнөгө келип чөмүлүү алды, айкаш жыгачта курман болду. Үчүнчү күнү өлгөндөрдүн арасынан тирилди жана ушул убакта Кудайдын оң жагында отурат.
Кудайдын куткарылуусу бардыгыбыз жана ар бирибиз үчүн. Ыйсанын куткаруусу мен үчүн жана сен үчүн. Кудайды Анын сүйүүсү жана батасы үчүн даңктайбыз жана Ага даңктоо ырын ырдайбыз.
«Дүйнөдөгү көптөгөн адамдардын арасынан мен да Анын сүйүүсүнө жана куткаруусуна ээ болгом. Анын сүйүүсү кандай укмуш! Анын мага болгон сүйүүсү кандай укмуш! Анын сүйүүсү мен үчүн, Анын сүйүүсү мен үчүн. Бул кандай керемет. Ал Өзү үчүн куткарган жана Ага тиешелүү болгон бул дүйнөдөгү адамдардын арасында мен да бармын. Бизде анын сүйүүсү бар. Оо Кудайдын сүйүүсү, Кудайдын ырайымы. Анын сүйүүсү кандай сонун! Анын сүйүүсү мен үчүн».
Ыйса жер үстүнө сени жана мени куткаруу үчүн чөмүлүүгө жана башка нерселерди биз үчүн жасаганы келген. Анын жакшы кабары жомок эмес, бул чындык жана Ал биздин тозок жашообуздан асман падышачылыгына өткөрдү. Биз Кудайдын жана биздин ортобузда ишеним мамиле бар экендигин эч качан унутпашыбыз керек. Ал бизди күнөөлөрүбүздөн Анын чөмүлдүрүүсү аркылуу жана айкаш жыгачта аккан каны менен биздин күнөөлөрүбүздү жууш үчүн жана куткарыш үчүн бул дүйнөгө келген.
Кудайга ишенген Анын батасына ээ болот жана Аны Ата деп айта алат! Биз Ыйсаны куткаруучу деп ишенип, ошол ишеним менен күнөөлөрүбүздөн кантип куткарыла алабыз? Бул Анын бизге болгон чексиз сүйүүсү аркылуу мүмкүн болот. Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн биз Ал аркылуу куткарылганбыз.
Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү түбөлүккө жууду
Биз түбөлүккө куткарылдыкпы же убактылуу куткарылдыкпы?
Биз түбөлүккө куткарылдык.
«Себеби Машаяк да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты» (1 Петир 3:18). Ыйса бизди куткарыш үчүн чөмүлдүрүлгөн жана Ал сени жана мени куткарыш үчүн айкаш жыгачта өлгөн.
Кудайдын сотунан бизди сактап калыш үчүн Ал бул жер үстүндө бир ирет өлдү. Биз эми Асман падышачылыгында Кудайдын алдында түбөлүк жашай алышыбыз үчүн Ал денеде келип, Өз чөмүлүүсү, айкаш жыгачтагы өлүмү жана тирилүүсү аркылуу бардык күнөөлөр үчүн төлөдү.
Сен Ыйса чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу биздин күнөөлөрүбүздөн куткарганына ишенесиңби? Эгерде сен Анын чөмүлдүрүүсү жана каны менен күнөөлөрүбүздү алганына ишенбесең, анда сен куткарылбайсың. Биз алсыз болгондуктан Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны менен бардык күнөөлөрүбүздү түбөлүккө жууганына ишенбесек, биз кайрадан төрөлө албайбыз.
Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү алып кетиш үчүн чөмүлдүрүлгөн жана биз үчүн айкаш жыгачта жазаланган. Ал күнөөкөрлөрдүн күнөөсүн Өзүнүн чөмүлүүсү жана каны менен жууган.
Күнөө кылган сайын кечирим сурап турган, дайыма жакшы жүргөн жана жыйынга көп нерсе берүү менен эле адамдын куткарылуусу мүмкүн эмес.
Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана айкаш жыгачта төгүлгөн канына ишеним аркылуу гана куткарыла алабыз. Жана биз Анын чөмүлүүсүнө жана канына ишенишибиз керек. Жакшы иштер менен Кудайга келүү биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилишине эч кандай пайдасы жок.
Силердин куткарылууңар үчүн кедейлерге жардам берип, аларга баалуу буюм сатып берип же даамдуу тамак жазап бергениңер куткарылууга жардам бербейт. Ыйса Анын чөмүлүүсүнө жана канына ишенгендерди гана куткарат. Эгерде биз Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны менен бизди түбөлүккө куткарганына ишенсек, анда биз куткарылганбыз.
Кээ бир адамдар Кудай ыйык китепте бул жөнүндө айтса деле, бул жөнүндө дагы ой жүгүртүү керек деп ойлошот. Бул алардын өзүнөн, бирок биз Ыйык Жазууда кандай жазылса, так ошондой ишенишибиз керек.
Эврейлер 10:1-10, Ал бизди бардыгыбызды куткарып алгандыгы жөнүндө жазылган. Бизди бардыгыбызды Анын чөмүлүүсү жана каны менен куткаргандыгы, Ага ишенген адамдар үчүн чындык. Биз дагы буга ишенишибиз керек: «♫Ыйса бизди бардыгыбызды куткарыш үчүн өлгөн. Оо бир туугандар ишенгиле жана күнөөңөрдөн арылгыла. Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу жүгүңөрдөн арылгыла♫». Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздөн бир гана жолу чөмүлүү жана канын төгүү менен куткарды.
«Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты» (1 Петир 3:18). Ыйса бул күнөөсү жок Кудай, Ал эч качан күнөө жасаган эмес. Адамдарды алардын күнөөсүнөн куткарыш үчүн, Ал адам денеси менен түшүп келген. Ал чөмүлдүрүлүп биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кетти.
Ал бизди бардык күнөөлөрүбүздөн куткарып актанууга мүмкүн болбогон нерседен сактап калды. Ыйса чөмүлдүрүлгөндө адамдардын төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейинки бардык күнөөлөрү Ыйсага өткөн жана Ыйса айкаш жыгачта кансырап өлгөндө биз бардыгыбыз куткарылганбыз.
Ал күнөөкөрлөр үчүн чөмүлдүрүлгөн жана алардын ордуна өлгөн. Бул Анын чөмүлүүсү аркылуу куткаруусу. Ыйса күнөөкөр болгон бизди, бардыгыбызды күнөөдөн бир жолу жана түбөлүк куткарды. Биз канчалык алсызбыз! Ыйса биздин төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки бардык күнөөлөрүбүздөн куткарып, айкаш жыгачтагы жазаны Өзүнө алды. Ошондуктан биз Ыйсага болгон ишенимибиз менен кошо Анын бир эле жолку чөмүлүүсү жана бир эле жолку кан төгүүсү менен бизди түбөлүк куткаргандыгына ишенишибиз керек.
Биз алсызбыз, бирок Ыйса алсыз эмес. Биздин ишенимибиз күчтүү эмес, бирок Ыйсанын ишеними күчтүү. Кудай бизди бир эле жолу жана түбөлүк куткарды. «Кудай бизди ушунчалык сүйгөндүктөн Ал бизге жалгыз Уулун берди жана Ага ишенген ар бир Адам өлбөсүн бирок түбөлүк өмүргө ээ болсун деди» (Жакан 3:16). Кудай бизге жалгыз Уулун берди. Бардык адамдар күнөөдөн акталуу үчүн жана бул дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн Ага жүктөш үчүн Ал Өзүнүн жалгыз Уулун чөмүлдүрдү.
Бул кандай гана кереметүү куткарылуу! Бул кандай гана кереметүү сүйүү! Биз Кудайга Анын сүйүүсү жана куткарылуусу үчүн ыраазыбыз. Кудай Ыйсанын чөмүлүүсү жана канына ишенген адамдарды куткарат: чөмүлүү жана Ыйсанын кан төгүүсү жана Ыйса Кудайдын Уулу экендиги факт.
Ыйсага ишенген адамдар Ыйсанын чөмүлүүсүнүн жана канынын чындыгына ишенүү менен куткарылып жана түбөлүк өмүргө ээ боло алышат. Биз Буга ишенишибиз керек.
Бизди Ким куткарды? Бул биздин Куткаруучу Кудайбы, же Ал жараткан нерселердин бириби? Бизди куткарган Ыйса, Ал Кудай. Биз Кудайдын кечиримине ишенгендигибиз үчүн куткарылдык, ал эми бул куткарылуу кечирими.
Ыйса куткарылуунун Теңири
«Машаяк» деген сөздүн мааниси эмне?
Ыйык кызматчы, Падыша жана пайгамбар.
Ыйса Машаяк бул Кудай. Ыйса бул куткаруучу дегенди билдирет жана Машаяк бул майланган дегенди билдирет. Эски Осуятта Шемуел Шаулду майлаган сыяктуу, падышалар, ыйык кызматчылар жана пайгамбарлар кызмат үчүн майлануулары керек болчу.
Ыйса бул дүйнөгө келгенде Ал үч нерсе үчүн майланыш керек болгон: ыйык кызматчылык үчүн, падышалык үчүн жана пайгамбарлык үчүн. Бардык адамдардын күнөөлөрүн алыш үчүн Ал Асман кызматчысы катары чөмүлдүрүлгөн.
Өзүнүн Атасына тил алчаак болуп Ал Өзүн Атасына күнөөкөр катары курмандыкка берди. «Мен жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо Атама эч ким бара албайт». Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү жана өлүмү аркылуу алардын бардык күнөөлөрүн алып кеткенине ишенгендердин бардыгын куткарылды.
«Дененин өмүрү, канда» (Лебилер 17:11). Ыйса чөмүлүүсүнөн кийин айкаш жыгачта кан төккөн; ушул аркылуу биз куткарылышыбыз үчүн Кудайдын алдында биздин күнөөлөрүбүз үчүн кун төлөгөн.
Айкаш жыгачта өлүп жана зындандагы рухтарга жакшы кабар таратып үчүнчү күнү тирилди. Азыр руханий камакта отурган адамдарга Ыйса чындыктын, суунун жана Рухтун жакшы кабарын таратат. Кудай бизди куткарыш үчүн суунун жана Рухтун жакшы кабарын берди. Буга ишенгендердин баардыгы кайрадан төрөлөт.
Ыйсанын Чөмүлүүсү жана Каны Күнөөкөрлөрдү куткарат.
Кудайдын алдында кантип таза абийирдүү болобуз?
Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына болгон ишеним аркылуу.
Ыйса Машаяк биздин Куткаруучубуз жана бул 1 Петир 3:21 де жазылган. «Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү (дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү), Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат.» Күнөөкөрдүн куткарылуусу үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү эң маанилүү нерсе.
Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу Ал күнөөлөрдү Өзүнө алуу менен Ыйса бардык күнөөкөрлөрдүн болгон күнөөлөрүн жууп салды. Сен Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенесиңби? Анын чөмүлүүсү аркылуу биздин күнөөлөр жууларына ишенесиңби? Анын чөмүлүүсүнө ишенесиңби?
Биздин жүрөгүбүздөгү бардык күнөөлөр жуулса да, биздин денебизде дагы эле күнөө бар. Жаңы төрөлгөн адамдар кайрадан күнөө кетирбейт деп ойлоодон алыс болуу керек. Биз кайра төрөлсөк деле кайрадан күнөө кыла беребиз, бирок биздин жүрөгүбүздөгү күнөөлөрүбүз жуулган анткени биздин ишенимибиз Анын чөмүлүүсүндө. «Дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү» (1 Петир 3:21).
Ыйса менин күнөөлөрүмдү жууп, менин күнөөлөрүм үчүн кун төлөсө анан мен кантип Ага ишенбейм? Кудай биз үчүн жаза тарткан, анан кантип мен Ага ишенбейм? Ыйсанын, Кудайдын ким экенин, Анын чөмүлүүсү жана каны аркылуу мени куткаргандыгын билип туруп, кантип мен ага ишенбейм? Биз куткарылдык жана азыр биздин абийирибиз жуулду. Биз мындан ары: Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү жууган эмес жана Кудай бизди сүйбөйт деп айта албайбыз.
Кайрадан төрөлгөндөн кийин биздин абийирибиз сезимтал болуп калат да, биз туура эмес кылганда, бизге айтып турат. Биздин абийирибиз бизди кичине эле айыптап баштаса, Ыйсанын чөмүлүүсүнүн күчүнө кирбесек биз күнөөлөрүбүздөн толук арыла албайбыз. Бул абийирди таза сактоонун жалгыз гана жолу. Биздин абийирибиз тынчсыз болсо, анда бул ишенбестик болуп саналат. Ыйсанын суудан чөмүлдүрүүсү аркылуу биздин абийирибиз тазаланган.
Биз буга чындап ишенсек, биздин абийирибиз жуулат. Биздин чөмүлдүрүүгө жана канга ишенүүбүз аркылуу. Ар бир адамдын төрөлгөндөн эле абийири бузуку жана кир болот, бирок эгер биздин бардык күнөөлөрүбүз Ыйсага өтүп кеткенине ишенсек, анда биздин күнөөлөрүбүздүн тактары кетет. Бул кайрадан төрөлүүнүн ишеними деп эсептелет. Сенин абийириң жуулганбы?
Жуулган болсо силер жакшы жашоодо жашаганыңар үчүн жуулду беле же сенин Ага ишенгениң үчүн же болбосо сенин бардык күнөөң Ыйсага өтүп кеткендиги үчүнбү? Бул, бир гана ишеним аркылуу сен таза абийирдүү боло аласың.
Өмүр берүүчү сөздөр жана өмүр бербей турган сөздөр бар. Бардык адамдардын абийирлери кантип тазаланат?
Биз такыбаа болуу үчүн Ыйсанын чөмүлдүрүүсүнө таза абийир менен ишенүүгө бир гана жол бар. Анын чөмүлдүрүүсүнө ишенүү бизди жарык кылат, бул биздин денебиздеги кирди кетирүү үчүн эмес, бирок биздин Кудайга менен болгон мамилебизде абийирибиз таза болот.
Ал келген, чөмүлдүрүлгөн, айкаш жыгачта биз үчүн өлгөн жана өлгөндөн кийин кайра тирилип азыр Кудайдын оң жагында отурат. Качан убакыт келгенде Ал бул дүйнөгө кайра келет.
«Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машаяк Өзүн бир ирет курмандыкка берди, ал эми экинчи ирет күнөөнү тазалоо үчүн эмес, Өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет» (Эврей 9:28).
Аны чыдамсыздык менен күтүп жаткандарды жана Анын чөмүлүүсүнө жана канына ишенүү аркылуу күнөөсү жок болуп калгандарды, Ал алып кетиш үчүн келээрине ишенебиз.
Ишенимди иш жүзүндө изилдөө
Биз Ыйсанын чөмүлдүрүүсүсүз куткарыла алмак белек?
Эч качан.
Биз Деожон жыйынынан иш жүзүндө изилдөө өткөрдүк.
Деожон жыйынындагы Парк бул дүйнөдөгү Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенгендердин арасында эч кандай күнөөлөр жок деп айткан. Бир үй—бүлө мындай дейт. Күйөөм башка жыйындардан насаат сөз айтылып жаткан убагында уктачу. Себеби башка үйрөтүүчүлөр Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу куткарылууну четке кагышкан жана анын күндө тобо кылып туруусун талап кылышкан.
Бирок азыр биздин Деожон жыйыныбызда, ал эки көзүн ачып насаат угат жана анын бардык күнөөсү Ыйсага өтүп кеткендиги жөнүндө сүйлөйт. Андан соң анын аялы үчүн күйөөсү менен чогуу жыйынга барууга да оңой болуп калды.
Бир күнү ал жыйында отуруп Римдиктерге 8:1 ди укту «Ошентип, азыр Машаяк Ыйсанын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт.» Ошондон кийин ага ой келди «Демек эгер кимдир бирөө Ыйсага ишенсе ал күнөөкөр эмес экен. Мен Ыйсага ишениип баштагандан тартып менде да күнөө жок турбайбы.»
Ошондон кийин ал кайын агасына жана көптөгөн досторуна телефон чалып «Сенин жүрөгүңдө күнөө барбы? Анда Сенин ишенимин туура эмес» деп айтты. Ушундан кийин анын жашоосунда жаман нерселер башталды. Күйөөсү Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө билген эмес, бирок ошентсе да ал күнөөм жок деп ишенип калды.
Ошондо бул үй—бүлөөдө проблемалар башталды. Аялы качандыр бир кезде абдан Кудайдан корккон адам болгон, бирок анын күйөөсү анда күнөө жок экендигин айтканда, анын жүрөгүндө дагы эле күнөө жашап турду. Күйөөсү жыйынга аз эле жолу барган.
Бирок аялы алардын экөөндө тең күнөө бар экендигине ишенчү. Алар бул боюнча талашып башташты. Күйөөсү «Ошентип, азыр Машаяк Ыйсанын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт.» Деген аяттын негизинде анда күнөө жок экендигин далилдеп турду.
Аялы болсо анын жүрөгүндө дагы эле күнөө бар экендигин айта берди. Бир күнү аялы бул нерсеге таарынып барып пастордон күйөөсүнүн күнөөлөрүм Ыйсага өтүп кетти деп айтып жатканда, ал туура эмес түшүнүп жаткандыгы жөнүндө суроону чечти. Бир күнү кечки даңктоодон кийин күйөөсүн үйүнө жиберип өзү артта калып пастор Парктандан суроого жооп алыш үчүн калып калды. Ал айтты.
«Мен билем сен бизге маанилүү нерселерди айтыш үчүн аракет кылып жатасың, бирок бул жерде бир маанилүү нерсе катылып турат. Мага айтчы бул эмне?» Анда пастор Парк ага суудан жана Рухтан кайра төрөлүү жөнүндө айтып берди.
Ал акырында Римдиктерге 8:1 де эмне жөнүндө жазылгандыгын түшүнүп баштады. «Ошентип, азыр Машаяк Ыйсанын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт.» Ал ошол замат ишенип жана куткарылды. Биздин бардык күнөөлөрүбүз Ыйсанын чөмүлүү аркылуу Ага өтүп, Ыйсада болгондордун бардыгы соттолбоорун билди. Ал жазылган Сөздү түшүнө баштады.
Куткарылуунун ачкычы Ыйсанын чөмүулүүсүндө экендигин жана Анын чөмүлүүсү аркылуу адилеттүүлүкө ээ болоорубузду акырында түшүндү.
Чындыгында анын күйөөсү кетпестен аны сыртта күтүп турду. Ал анын күнөөлөрү жуулгандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүсүн угуп, анан сурады «Демек азыр сен куткарылдыңбы?».
Бирок пастор анын аялына айтып жаткан нерселерди угуп ачуулана баштады. Ал ушул тапка чейин Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндөгү жакшы кабар жөнүндө буга чейин эч качан уккан эмес. Ал Ыйсанын чөмүлүүсү жок эле күнөөлөрдөн кутулганына ишенчү. Үйгө барганда алар кайрадан талашып башташты.
Бул жолу алардын абалы таптакыр алмашты. Аялы күйөөсүнүн күнөөсү буга бар же жок экендигин тактап баштады. Аялы андан Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишеними жок ал кантип күнөөсү жок болгондугун сурады. Күйөөсүн өзүнүн аң сезимине терең карап көрүүсүн айтты. Күйөөсүнүн аң сезимин текшерип жатып анын жүрөгүндө дагы эле күнөө бар экендигин билди.
Күйөөсү пастор Паркка барып анын жүрөгүндө күнөө бар экендигин мойнуна алды. Ал сурады «Курмандык малдын башына кол койгондо, мал өлтүрүлгөндөн кийин коёбу же өлө электе коёбу?». Ал буга чейин суунун жана Рухтун жакшы кабары жөнүндө эч качан уккан эмес жана бул нерсени укканда анда суроо толтура болуп турду.
Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрү Ага өтүш үчүн чөмүлүү алыш керек болгон. Ошондон кийин гана Ал айкаш жыгачта өлгөн, себеби күнөө үчүн жаза өлүм.
«Курмандык малдын башына колдорун ал өлтүрүлгөнгө чейин коюшканбы же өлтүрүлгөндөн кийин коюшканбы?». Ал бул нерсени кол койуу жөнүндө айтылган нерсеге ачуусу келгендигинен жана Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө билиш үчүн сурады. Ошентип пастор Ыйсанын чөмүулүүсү аркылуу куткарылуу жөнүндө кененирээк түшүндүрүп берди.
Ошол күнү күйөөсү суунун жана Рухтун жакшы кабары жөнүндө биринчи жолу угуп жана куткарылды. Ал бул жакшы кабарды бир эле жолу угуп куткарылды.
Бул байкоо Ыйсанын чөмүлүүсүн жокко чыгаруу үчүн болгон байкоо болгон. Бизде күнөө жок деп айта алабыз, бирок биздин аң-сезимибизде Ыйсанын чөмүлүүсүсүз күнөө бар экендиги айкын. Адамдар көбүнчө Ыйса бизди күнөөлөрдөн айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу тазалаган деп айтышат, бирок Ыйсанын каны жана чөмүлүүсүнүн чындыгына ишенгендер гана Кудайдын алдында чындыгында аларда күнөө жок деп айтышат.
Пастор Парк ушул үй-бүлөө аркылуу бизге Ыйсанын чөмүлүүсүнө болгон ишеним аркылуу куткарылууга ишенбесек биз толук куткарылууга ээ болбоорубузду далилдеген.
Бизди куткара ала турган бул жалгыз Ыйсанын чөмүлүүсү
Биздин куткарылуубуздун себеби эмне?
Ыйсанын чөмүлүүсү.
«Биздин куткарылуубузга себеп болгон чөмүлүү деген себеп бар». Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү жууп биздин аң сезимибизди кардай аппак кылыш үчүн бул дүйнөгө келген. Биз бардык күнөөлөрдөн тазаландык, себеби Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу күнөөлөрдү Өзүнө алды. Ал бизди Өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарып алды.
Ошондуктан бардык жаралгандар Анын алдында тизе бүгүшү керек. Ыйсага ишенүү бизди коргойт. Биз Кудайдын балдары болдук жана Ыйсага болгон ишенимибиз аркылуу асманга барабыз. Ыйсага ишенимибиз аркылуу акталдык. Биз Падышанын ыйыктарыбыз. Биз Кудайды Ата деп айта алабыз. Биз бул дүйнөдө жашайбыз, бирок биз падышаларбыз.
Кудай суунун жана Рухтун куткарылуусунда болгондорду куткаргандыгына чын эле ишенесиңби? Ыйсанын чөмүлүүсү жок биздин куткарылуу толук болмок эмес. Кудай жана Ыйса чындык деп тапкан ишеним бул бизди толугу менен куткарган Анын чөмүлүүсүнө, Анын айкаш жыгачына жана Рухтун жакшы кабарына болгон ишеним. Бул жалгыз чындык.
Ыйса биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу алганда биз күнөөлөрдөн жуулганбыз жана качан Ал айкаш жыгачта кан төккөндө биздин күнөөлөргө кун төлөнгөн. Машаяк Ыйса суу жана Рух аркылуу куткарды. Ооба! Биз ишенебиз!