• All e-books and audiobooks on The New Life Mission website are free
  • Explore multilingual sermons in global languages
  • Two new revised editions in English have been released
  • Check out our website translated into 27 languages
Search

Sermons

4-тема: Күнүмдүк күнөөлөрдү чечүү

[4-1] Күнөөлөрдөн Куткарылуу Жакшы Кабары (Жакан 13:1-17)

Күнөөлөрдөн Куткарылуу Жакшы Кабары(Жакан 13:1-17)
«Пасха майрамынын алды эле, Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчү. Ал бул дүйнөдөгү Өзүнүн адамдарын сүйдү. Кечки тамак убагы болчу. Шайтан Буга чейин эле Шымон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Ыйсага чыккынчылык кылуу каалоосун салып койгон. Ыйса Атасынын бардык нерсесин Өзүнө бергендигин, Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып бараарын билчү. Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сүлгү байлады. Андан кийин чылапчынга суу куйуп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады. 
Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Теңир сен менин бутумду жууйсуңбу?» Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң». Петир Ага: «Мен Сага бутумду эч качан жуудуртпайм!»—деди. «Эгерде мен Сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң»,—деп жооп берди Ыйса. Ошондо Шымон Петир Ага: 
«Теңир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!»—деди. Ыйса ага: Жуулган адамдын бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес»,—деди. Анткени Ыйса кимдин чыккынчылык кылаарын билген, ошондуктан.
«Баарыңар эмес», - деди. Ыйса шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырткы кийимин кийип, дасторконго кайра отургандан кийин, мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? Мени «Устат», «Теңир»,—дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун. Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. 
Демек, силер да бири—бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коеюн, кул өз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жиберүүчүдөн жогору эмес. Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар.»
 

Эмне үчүн Ыйса Пасах майрамына бир күн калганда Петирдин бутун жууду? Анын бутун жуурдун алдында Ал мындай деди «Силер азыр түшүнбөй жатасынар, бирок мындан кийин билесиңер» Петир Ыйсанын шакирттеринин арасынан эң мыктысы болгон. Ал Ыйсанын Кудайдын уулу экендигине ишенген жана Ыйса Машаяк экендигин күбөлөндүргөн. Ыйса анын бутун жууганга бир жакшы себеп болгондур. Качан Петир Ыйсанын Машаяк экендигин далилдегенде бул анын Ыйса бардык күнөөдөн аны куткар ала турган Куткаруучу экендигине ишенгендигин билдирген. 
 
Эмне үчүн Ыйса өлөөр алдында шакирттеринин бутун жууган?
Себеби Ал анын жеткилең куткарылууну түшүнүүнү каалаган.
 
Эмне үчүн Ал Петирдин бутун жууду? Ыйса Петирдин үч жолу Аны танаарын билген жана келечекте деле күнөө жасаарын билген. 
Эгерде Ыйса асманга кеткенден кийин, Петирдин жүрөгүндө күнөө калса, ал Ыйса менен бириккенге күчү жетмек эмес. Бирок Ыйса Өзүнүн бардык шакирттеринин алсыз жактарын билген жана алардын күнөөлөрү Ыйса менен шакирттеринин ортосунда болушун каалаган эмес. Ошентсе да ал алардын күнөөлөрү эчак эле жуулгандыгын үйрөтүш керек болгон. Бул Ыйсанын шакирттеринин буттарын жуугандыгынын себеби болгон. Ыйса өлөөрү жана алардан кетээр алдында, алардын Анын чөмүлүүсү аркылуу болгон жакшы кабарында бекем болуусун каалап жана дагы алардын калган жашоосундагы күнөөлөрдүн толук талкаланышын каалаган. 
Жакан 13 бөлүмдө Ыйса Өзүнүн шакирттерине жеткилең куткарылуу даярдап койгондугу жөнүндө айтылат. Буттарын жууп жатып Анын чөмүлүүсү аркылуу бардык адамдар өзүлөрүнүн булганычтарынан жуулушу мүмкүн болгон жакшы кабар жөнүндө акылмандуулукту айтып берди. 
«Келечекте шайтанга алдабагыла. Мен Иордан дарыясындагы өзүмдүн чөмүлүүм аркылуу силердин баардык күнөөлөрүңөрдү алып кеттим жана айкаш жыгачта мен ошол бардык күнөөлөр үчүн соттолом. Анан Мен өлгөндөрдүн арасынан тирилип жана силердин баардыгыңар үчүн кайрадан төрөлүүгө мүмкүн болгон куткарылууну толуктаймын. Силерге келечектеги күнөөлөрүңөрдү дагы жууп кеткендигим жөнүндө окутуш үчүн, күнөөлөрдөн кутуулуу үчүн чыныгы жакшы кабарды окутуш үчүн өлөөрүмдүн алдында силердин буттарыңарды жууп жатам. Бул кайра төрөлүүнүн жакшы кабарынын сыры. Силер бардыгыңар ишенишиңер керек». 
Ыйса шакирттеринин буттарын жуугандыгынын себебин билишибиз керек жана Ал эмне үчүн «Менин эмне кылып жаткандыгымды азыр түшүнбөйсүңөр, кийин түшүнөсүңөр» деп айткандыгын билишибиз керек. Ушундан кийин гана кайрадан төрөлүүнүн жакшы кабарына ишенип кайрадан төрөлөбүз. 
 
 
Жакан 13:12 де Ал мындай деп айткан
 
Мыйзамсыздыктар деген эмне?
Алар—биздин алсыздыгыбыздан кетирген күнүмдүк күнөөлөрүбүз.

Айкаш жыгачта өлөөр алдында Ыйса өзүнүн шакирттери менен Пасах майрамында болду жана Өзүнүн колу менен алардын буттарын жуу аркылуу күнөөлөрдөн бошонуу жакшы кабарына ишендирди.
«Ыйса Атасынын бардык нерсени Өзүнө бергендигин, Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып бараарын билчү. Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сүлгү байлады. Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады. Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Теңир Сен менин бутумду жууйсуңбу?» Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң»» (Жакан 13:3-7).
Ал Өзүнүн шакирттерине чөмүлүүнүн жана Анын чөмүлүүсү аркылуу күнөөлөрдөн куткарылуу жакшы кабарын окутту. 
Ыйсага ишеними бекем болгон Петир ошол убакта Ыйса Теңир анын бутун эмне үчүн жууп жаткандыгын түшүнүнө алган жок. Качан Петир Ыйсанын ал үчүн эмне кылгандыгын чыныгы түшүнгөндө анын Ыйсага болгон ишеними өзгөрдү. Ыйса ага күнөөлөрдөн кутулуу, Анын чөмүлүүсү аркылуу болгон куткарылуу жөнүндө окутту. 
Ыйса Петир өзүнүн келечектеги күнөөлөрү үчүн Ага келе албай калбасын деп муну кылды, башкача айтканда анын келечектеги денелик күнөөлөрүнүн айынан Ага келе албай калбасын муну кылды. Шайтан шакирттердин ишенимин уурдап алганга күчү жетпеш үчүн Ыйса алардын буттарын жууду. Кийин Петир себебин түшүндү. 
Ыйса Анын чөмүлүүсүнө жана канына ишенген ар бир Адам Ага келе алышы үчүн жол даярдады. 
Жакан 13—бөлүмдө Ыйса шакирттеринин бутун жууп жаткан убактагы айткан сөздөрү жазылган. Бул сөздөр бир гана кайрадан төрөлгөн Адам түшүнө алгыдай ушунчалык маанилүү сөздөр. 
Ыйсанын Пасах майрамынан кийин шакирттеринин бутун жуугандыгынын себеби алардын бүткүл өмүрүндөгү күнөөлөрүн Ыйса эбакта эле алып кеткендигин түшүнүүгө жардам берүү үчүн болгон. Ыйса «Эмне үчүн мен силердин бутуңарды жууп жаткандыгымды силер азыр түшүнбөйсүңөр, бирок кийин билесиңер» деп айтты. Петирге карата айтылган бул сөздөр Анда болгон түбөлүк куткарылуунун чындыгын камтып турган. 
Биз баардыгыбыз биздин баардык күнөөлөрүбүздү жана бузуктуктарыбызды жууп кеткен Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө билип ага ишенишибиз керек. Иордан дарыясындагы Ыйсанын чөмүлүүсү кол койуу аркылуу күнөөлөрдүн Ага өтүп кетиши жөнүндө жакшы кабары. Ыйсанын сөздөрүнө бардыгыбыз ишенишибиз керек. Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн Ал алып кетти жана алар үчүн жазаланды. Өзүнүн айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу күнөөлөрдөн кутулууну ишке ашырды. Ыйса бардык адамдарды күнөөнүн кишенинен бошотуш үчүн чөмүлдүрүлдү.
 
 

Биздин Жашообуздагы Мыйзамсыздыктарыбыздын Кечирилүүсү Ыйсанын Чөмүлүүсү жана Каны аркылуу толукталды

 
Шайтандын адилеттүүлөргө каршы кандай тузагы бар?
Шайтан адилеттүү адамдарды алдап аларды кайрадан күнөөкөр кылгысы келет.

Ал өлүп, кайра тирилип жана Асманга көтөрүлүп кеткенден кийин шайтан жана жалган жакшы кабарды жайылтуучулар келип шакирттерди алдаарын Ыйса жакшы билген. Бул нерсени Петирдин «Сен Машайяксын, тирүү Кудайдын Уулусуң» деген күбөлөндүрүүсүнөн анын Ыйсага ишенгенин билсек болот. Бирок Ыйса кайрадан күнөөлөрдөн кечирилүүнүн жакшы кабарын эсине тутуусун эскертти. Жакшы кабар дүйнөнү күнөөлөрүн алып кеткен Ыйсанын чөмүлүүсү болгон. Ал бул нерсени Петирге, шакирттерине жада калса кийин келчү, бүгүнкү күндө бизге да үйрөткүсү келген. «Мен эмне кылып жаткандыгымды азыр түшүнбөйсүңөр, бирок кийин билесиңер». 
Качан Ыйсанын шакирттери күнөө кетирип алышканда, шайтан келип аларга «Карачы! Сен ушул убакытка чейин күнөө кетирсең да кантип күнөөм жок деп айтып жатасың? Сен куткарылган эмессиң.» Сен күнөөкөрсүң. Ушул сыяктуу таасирдин алдын алыш үчүн Ыйса аларга Анын чөмүлүүсүнө ишенүү аркылуу алардын азыркы убактагы, келечектеги жана өткөндөгү күнөөлөрү жуулгандыгын айткан. 
«Силер баарыңар Менин чөмүлдүрүлгөнүмдү билесиңер! Иордан дарыясындагы Менин чөмүлүүмдүн себеби силердин бүтүндөй жашооңордогу күнөөлөрүңөрдү, ошондой эле адамдардын өзгөчө күнөөлөрүн жуу үчүн болгон. Силер эми Менин эмне үчүн чөмүлгөнүмдүн жана айкаш жыгачта азап чегип эмне үчүн өлүшүм керек болгонун түшүндүңөрбү?» Ыйса өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу алардын күнүмдүк күнөөлөрүн алып кетээрин жана айкаш жыгачта жазаны өзүнө алаарын көрсөтүш үчүн шакирттеринин бутун жууду. 
Ал эми азыр силер жана мен да күнөөлөрдөн кечирим алганга мүмкүндүк берген Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны жөнүндөгү жакшы кабарга болгон ишенимибиз аркылуу куткарылып жатабыз. Ыйса биз үчүн чөмүлдүрүлүп жана курман болду. Ал Өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү жууп кетти. Күнөөлөрдөн куткарылуу жакшы кабарын билип жана ишенген ар бир адам баардык күнөөлөрүнөн куткарылды. 
Демек кайрадан төрөлгөн Адам куткарылгандан кийин эмне кылышы керек? Алар күнүмдүк күнөөлөрүн моюндарына алып жана Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны аркылуу куткарылуусуна жана бардык күнөөлөрүнөн кечирилүү жакшы кабарына ишениши керек. Күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарын биз—кайрадан төрөлгөндөр эсибизге тутушубуз керек. 
Кайрадан күнөөгө батсаңар кайрадан күнөөкөр экениңерди түшүндүрөбү? Жок. Ыйсанын бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткендигин билип туруп биз кантип кайрадан күнөөкөр болобуз? Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны биздин бардык күнөөлөрүбүздөн кечирилгендигибиз жөнүндөгү жакшы кабар болгон. «Адилеттүү адам» деген гана куткарылбастан күнөөлөрдөн кечирилүү жөнүндөгү жеткилең жакшы кабарга ишенген ар бир адам кайрадан төрөлө алат.
 
 

Адил Адам Эч Качан Кайрадан Күнөөкөр Болбойт

 
Эмне үчүн адил адамдар кайрадан күнөөкөр болушпайт?
Себеби Ыйса алардын жашоосундагы бүт күнөөлөрдү кечирген.
 
Эгер сен суу, Рух аркылуу күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарына ишенсең, бирок дагы эле өзүңдүн күнүмдүк мыйзамсыздыктарың үчүн өзүңдү күнөөлүүмүн деп эсептесең, анда сен Ыйса сенин күнөөлөрүңдү алып кетиш үчүн чөмүлдүрүлгөн Иордан дарыясына барышың керек. Эгер сен күнөөлөрдөн кечирилүү алгандан кийин деле кайрадан күнөөкөр болсоң, анда Ыйса кайрадан чөмүлүдүрүлүшү керек. Сенде Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндөгү жакшы кабардагы күнөөлөрдөн кечирилүүгө ишенимиң болушу керек. Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу сенин бардык күнөөлөрүңдү бир эле убакта алып кеткендигин эсиңден чыгарбашың керек. 
Ыйсага сенин Куткаруучуң катары тайыбас ишенимиң болушу керек. Ыйсага куткаруучу катары ишенүү сенин бүт жашооңдогу күнөөлөрүңдү алып кеткен Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишенүүңдү билдирет. Эгерде сен Анын чөмүлүүсүнө, айкаш жыгачка, өлүмүнө жана Ыйсанын кайрадан тирилгендигине чындап ишенсең, кандай гана күнөө жазасаң да, сен эч качан кайрадан күнөөкөр боло албайсың. Ишенимиң аркылуу бүт жашооңдогу баардык күнөөлөрүңөн куткарылгансың.
Биз денелик алсыздыгыбыздан кетирген күнөөлөрүбүзгө карабастан, Ыйса Машаяк биз келечекте кетире турган күнөөлөрүбүздү да жууп кеткен. Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилегенден баштап, Анын чөмүлүүсү аркылуу болгон күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарынын символу катары Ал Өзүнүн шакирттеринин буттарын суу менен жууду. Ыйса Кудайдын бардык күнөөлөрдөн кечирилүү жана бүтүндөй адамзатты куткарыш үчүн берген убадасын аткарыш үчүн чөмүлдүрүлүп, курман болду, кайрадан тирилди жана Асманга көтөрүлүп кетти. Жыйынтыгында Анын шакирттери күнөөлөрдөн кечирилүү, Ыйсанын чөмүлүүсү, айкаш жыгач жана кайрадан тирилилүүсү жөнүндө жакшы кабарды өмүрүнүн акырына чейин таратуу осуятын алышты. 
 
 
Петирдин Денелик Алсыздыктары
 
Петир эмне үчүн Ыйсадан баш тартып кетти?
Себеби ал алсыз болгон.

Ыйык Жазуу бизге Петирге, Каиафанын кызматчылары, улуу дин кызматкерлери каршы чыгып аны Ыйсаны ээрчигендиги үчүн камамак болгондо, ал эки жолу «Жок, мен бул Адамды тааныбаймын» деп жооп бергендиги жөнүндө айтылат. Үчүнчү жолу да ал карганып ант берди. 
Матай 26:69 ту окуп көрөлү. «Сыртта короодо отурган Петирдин жанына бир күң келип: «Сен да Галилеялык Ыйса менен чоогу жүрбөдүң беле»,—деди. Бирок Петир баарынын алдында: «Сен эмнени айтып жаткандыгыңды билбейм»,—деп танып койду. Дарбазадан чыкканда, аны башка бир күң көрүп ошол жерде тургандарга: «Бул да Назареттик Ыйса менен чогуу жүргөн болчу»,—деди. Бирок Петир карганып: «Ал Адамды тааныбайм»,—деп дагы танып койду. Бир аз убакыттан кийин, ошол жерде тургандар Петирге келип: «Чын эле, сен да ошолордон экенсиң. Сүйлөгөнүнөн эле билинип турат»,—дешти. Петир ого бетер карганып: «Ал Адамды тааныбайм»,—деди. Ошол маалда корооз кыйкырды. Ыйсанын «Короз кыйкырганга чейин сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзү Петирдин эсине түштү. Ошондо ал сыртка чыгып, өксөп ыйлады» (Матай 26:69-75).
Петир чындыгында эле Ыйсага ишенген жана Аны ишеним менен ээрчиген. Петир Ыйсанын Теңир, Куткаруучусу жана келе турган «Пайгамбар» экендигине ишенген. Бирок Ыйсаны Пилаттын сотуна алып кеткенде ал үчүн Ыйса менен мамилесин жакындатышка коркунучтуу болуп калгандыктан, Петир Аны танып алардын алдында жамандады. Петир Ыйсаны танаарын билген жок, бирок Ыйса билген. 
Ыйса Петирдин алсыздыгын алдын ала билген. Ошого карабастан Ыйса Петирдин бутун жууп, анын эсине куткарылуу жана жакшы кабарды калтырды, Жакан 13 чү бөлүмдө жазылгандай «Силер келечекте күнөө кетиресиңер, бирок мен силерди келечектеги бардык күнөөлөрүңөрдү эчак эле жууп кеткем».
Петир чын эле, коркуп турганда Ыйсадан баш тартты, бирок аны бул нерсеге мажбурлаган анын денесинин алсыздыгы болгон. Ошентсе да Ыйса шакирттеринин келечекте кетире турган мыйзамсыздыктарын куткарыш үчүн алардын буттарын жууду. 
«Мен силердин келечектеги күнөөлөрүңөрдү да кечирем. Мен силердин бардык күнөөлөрүңөрдү алыш үчүн чөмүлүдүрүлүп курман болушум керек, Мен силерге чыныгы Куткаруучу болушум үчүн баарын төлөйм. Мен силердин Кудайыңармын. Мен силердин бардык күнөөлөрүңөр үчүн төлөйм жана Өзүмдүн чөмүлүүм жана каным аркылуу силерге Кайтаруучу болом. Мен силердин куткарылгандардын Кайтаруучусумун». 
Алардын жүрөктөрүнө бул сөздөрдү бекем өстүрүш үчүн Ыйса Пасах майрамынан кийин алардын буттарын жууду. Бул жакшы кабардын чындыгы. 
Себеби биздин денебиз, биз жогорудан төрөлгөндөн кийин деле алсыз, биз кайрадан күнөө кетире беребиз. Албетте, биз күнөө кетирбешибиз керек, бирок Петир сыяктуу кырдаалдарга туш келип калганда, биз атайын күнөө жасайлы дебесек да күнөөгө тартылабыз. Биз денеде жашайбыз, демек кээ бирде күнөөлөрүбүз аркылуу кандайдыр бир кыйроого учурайбыз. Биз бул дүйнөлүк жашоо менен жашап турганда биздин денебиз күнөө кетире берет, Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны аркылуу бул күнөөлөрдөн бизди куткарган. Биз Ыйсанын биздин Куткаруучубуз экендигин тана албайбыз. 
Бирок, биз денеде жашап турган убакта Кудайдын каалоосуна каршы күнөөлөрдү жасай беребиз. Бул нерсенин себеби биз денеде төрөлгөнбүз. 
Биз денеде жашап туруп күнөөгө жол берээрибизди Ыйса билген, ошол себептен өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу күнөөлөр үчүн кун төлөп биздин Куткаруучубуз болду. Анын куткаруусуна жана тирилүүсүнө ишенген адамдардын бардыгын күнөөдөн бошотту. 
Ошондуктан бардык төрт жакшы кабар Жакан чөмүлдүрүүчүнүн Ыйсаны чөмүлдүрүлгөнүнөн башталды. Анын адамдык жашоосунун максаты кайрадан төрөлүү жана куткарылуу жакшы кабарын аткарыш болгон.
 
Денеде биз качанкыга чейин күнөө кетиребиз?
Биз өмүр бою өлгөнгө чейин күнөө кетиребиз.

Петир Ыйсаны бир жолу эмес, эки жолу эмес, короз кыйкырганча үч жолу танганда анын жүрөгүн бул канчалык өйүттү экен! Ал кандай гана уялды экен! Ал Ыйсанын алдында Аны эч качан Сенден баш тартпайм деп карганган. Ал денелик алсыздыгынан күнөө кетирген, бирок өзүнүн денесинин алсыздыгынын курмандыгы болуп жана Ыйсаны бир эле жолу эмес үч жолу танганда ал канчалык өзүн алсыз сезди. Ыйса аны дагы бир жолу аянычтуу караганда, ал өзүн өзү жоготту? 
Бирок Ыйса бул нерселердин бардыгын жана мындан да көбүн билген. Ошентсе да Ал: «Силердин кайра кайра күнөө кетирээриңерди Мен билем. Бирок силердин күнөөлөрүңөр силерди жашоодо аксатып жана кайрадан күнөөгө тартпаш үчүн, Мага жолду таппай калбашыңар үчүн Өзүмдүн чөмүлүүм аркылуу ошол бардык күнөөлөрүңөрдү алып кеткем». Силердин бардык күнөөлөрүңөр үчүн чөмүлдүрүлүп жана жазаланып Мен силердин жеткилең Куткаруучуңар болдум. Мен силердин Кудайыңар, Койчуңар болдум. Өзүңөрдүн күнөөлөрүңөрдөн кечирилүү жөнүндөгү жакшы кабарга ишенгиле. Силер денелик күнөөлөрдү кетиргенди уланта берсеңер да мен силерди сүйүүнү токтотпоймун. Силердин бардык бузуктуктарыңарды эчак эле жууп кеткем. Күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабары түбөлүк таасирдүү болуп келет. Силерге болгон менин сүйүүм түбөлүктүү». 
Ыйса Петирге жана шакирттерине «Эгерде силер бири бириңердин буттарыңарды жуубасаңар анда Мага тиешелүү эмессиңер». Жакан 13 бул жакшы кабар жөнүндө Анын айтканынын себеби бул адамдарга суу жана Рух аркылуу кайра төрөлүшү үчүн өтө маанилүү болгондугунда. Сен бул нерсеге ишенесиңби?
Жакан 13:9 «Ошондо Шымон Петир Ага: «Теңир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да башымды да жуу!» Ыйса ага: «Жуулган адамдын бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес»,—деди.
Кымбаттуу досторум, силер келечекте «денелик» күнөөлөрдү кетиресиңерби же кетирбейсиңерби? Силер албетте кетиресиңер. Бирок Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу алардын денелеринен келечекте кетирчү күнөөлөрүн, бузуктуктарын жууп кеткендигин жана өлөөр алдында чындыктын сөзүн, куткарылуунун жакшы кабарын айтты. 
Себеби биз өзүбүздүн алсыз денебизде жашап жатабыз, биз өзүбүзгө жардам бере албайбыз бирок күнөө кетиребиз. Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн жууп кетти. Ал биздин башыбызды жана денебизди гана жууган жок, бирок бутубузду да жууду, ал биздин келечекте кетирчү күнөөлөрүбүз болчу. Бул кайрадан төрөлүүнүн, Ыйсанын чөмүлүүсүнүн жакшы кабары. 
Ыйсаны чөмүлдүргөндөн кийин Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул—Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат». (Жакан 1:29) 
Ал чөмүлүү алганда дүйнөнүн күнөөлөрүн Ыйса өзүнө алгандыгы менен Ага өткөндүгүнө биз ишенишибиз керек. Бул күнөөлүү дүйнөдө жашап жүрүп, биз каалабасак да күнөө кетиребиз. Бул факт. Биздин денебиздин алсыздыгы аркылуу күнөө кетиргенде, биз куткарылуунун жакшы кабары жана Ыйса Өзүнүн каны менен алар үчүн кун төлөнгөндүгү аркылуу жууп кеткендигин эстешибиз керек. Жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн Ага ыраазычылык келтиришибиз керек. 
Ишеним менен Ыйса биздин Куткаруучубуз жана Кудайбыз экендигин түшүнөлү. Теңирди даңктагыла. Бул дүйнөдө ар бир адам каалабаса да бирок денеси менен күнөө кетирет. Адамдар денеси менен күнөө кетире беришет жана ошол жашоонун агымындагы күнөөлөрү үчүн өлүшөт.
 
 
Адамдын жүрөгүндөгү жаман ойлор
 
Адамды эмне бузат?
Ар кандай күнөөнүн түрлөрү жана жаман ойлор.

Матай 15:19-20 Ыйса мындай деп айтат: «Анткени жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак сыяктуу нерселер жүрөктө пайда болот. Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт». Себеби адамдын жүрөгүндөгү күнөөнүн ар кандай түрлөрү адамды арам кылат. 
 

Ар Ким Өзүнүн Бузулган Табиятын Билүүсү керек
 
Ар бир адамдын жүрөгүндө эмне бар?
Он эки түрлүү күнөө бар. (Марк 7:21-23)

Биз айтабыз, «Адамдардын жүрөгүндө он эки түрлүү күнөө бар. Менин жүрөгүмдө ушул күнөөнүн баары бар. Библияда жазылгандай менин ичимде он эки түрлүү күнөө бар.» Биз Суудан жана Рухтан кайрадан төрөлө элекке чейин, биздин жүрөгүбүздө жаңыдан пайда болгон күнөөлөр болот. Биз толук күнөөкөр экенибизди Кудайдын алдында танбашыбыз керек, бирок биз Анын осуяттарын дагы такай аткарбайбыз. Көптөр биздин күнөөлөрүбүз үчүн кечирим суроого муктажсыңар, деп айтышат «мен бул жөнүндө жүрөгүмдө ойлогон эмесмин, Жана ошого ишенип аз эле жерден, адашып кала жаздагам.»
Бирок Ыйса пенделик жөнүндө эмне деп айткан? Ал адамдын жүрөгүнөн чыккан жамандыгын ачык көрсөткөн. Ал бизге адамдардын ичинде жаман ой жашаары жөнүндө айткан. Сен кандай ойлойсуң? Сен өзүңдү жакшы деп ойлойсуңбу же жаман деп ойлойсуңбу? Ар бир адамдын жаман ою бар экендигин билесиңби? Ооба ар бир адамдын ойлору жаман. 
Мындан көп жыл мурун, Сеул шаарындагы зор дүкөн бир заматтын ортосунда эле жоюлуп кетти. Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр терең кайгыда отурушту, бирок көптөгөн адамдар ал жакка кайгырып отурган адамдарды көрүп рахаттанууга келишкен. 
Кээ бирөөлөр «канча адам өлүптүр? 200?—деп айтышты. Жок, бул аз. Мүмкүн 300? Жакшы, бул кызыктуурак жана эгерде олгон адамдын саны миңдей болсо.» Адамдардын жүрөгү ушундай арам болот. Биз буга макулбуз. Жакындарынын өлүмүнө кайгырып отургандарды сыйлабастык! Үй-бүлө үчүн бул кандай жоготуу болду! Кээ бирөөлөр акчаларынан айрылышты.
Кээ бир күбөлөр анча боорукер эмес болушкан. «Эгерде андан да көбүрөөк өлүм болсо, бул кызыктуураак болмок! Эгерде бул нерсе көп адамдар менен болсо эмне болмок? Миңдеген адам урандылардын астында калса. Алар үчүн кызыктуураак болмок эмеспи? Ооба! Бул мындан дагы кызыктуураак болмок!» Кээ бирөөлөр ушул сыяктуу ойлошот. Ушундай эле нерсе авто кырсыгына учурагандарга да болот. Адамга кырсык болуп жатса көрүүчүлөр кандын аз эле төгүлүп калганына нааразы болушат. 
Биз баарыбыз кээде кандай жаман болуп калаарыбызды билебиз. Албетте, биз мындай жаман ойлорду эч качан үн чыгарып айтпайбыз. Биз мындай капыстан көргөн кырсыктарды, жүрөгүбүзгө сактап, жана көбүрөөк көрүш үчүн узакка турабыз. Биз кокунучтуу фильмдерди, трагедияларды көргөндү жакшы көрөбүз, кайсы жерде миңдеген адам өлгөн болсо, ал нерселер жөнүндө көбүрөөк уккубуз келип көпкө чейин биздин кызыгыбыз тарабайт. Бул адамдын жүрөгү. Биз кайрадан төрөлгөнгө чейин, бизге ушул сыяктуу нерселер жагат. 
 

Ар Бир Адамдын Жүрөгүндөгү Адам Өлтүрүүчүлүк
 
Эмне үчүн биз күнөө кылабыз?
Анткени биздин ичибизде, жүрөгүбүздө жаман ойлор бар.

Кудай бизге ар бир адамдын ички дүйнөсүндө адам өлтүрүүчүлүк жашайт деп айтат. Бирок көптөгөн адамдар буга кошулбай Кудайга айтуулары мүмкүн. «Кудай Сен муну кантип айтып жатасың! Менин жүрөгүмдө арамдык жөнүндө ой жок! Сен кантип мени ушундай адам деп эсептейсиң!» Алардын жүрөгүндө арамдык бар экендигин эч качан ойлошпойт. Алар киши өлтүргүчтөрдү өзүлөрүнөн башкача адамдар деп ойлошот.
«Күндө жаңылыктардагы киши өлтүргүчтөр, адамдарды өлтүрүп жана өрттөгөн бандалардын жүрөгүндө арамдык бар! Алар башкача түрдөгү адамдар. Мен аларды эч качан жакшы көрбөйм! Алар алдамчылар! Киши өлтүргүчтөр!» Алар киши өлтүргүчтөр деп ачууланышат, кыйкырышат, «Ушул киши өлтүргүч болуп төрөлгөндөр жер үстүнөн тазаланышсын! Алар өлүм жазасына тартылышсын!» 
Бирок өкүнүчтүүсү, арам ой, ачуулу болуу адамдардын жана киши өлтүргүчтөрдүн жүрөгүндө. Кудай бизге айткан, бардык адамдардын жүрөгүндө арамдык бар. Биз Кудайдын Сөзүн кабыл алышыбыз керек, анткени Ал биздин оюбузда катылып жаткан нерселерди билип турат. Ушинтип биз, «Мен жүрөгүмдө арамдык бар болгон күнөөкөрмүн» дешибиз керек. 
Ооба бизге Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө арамдык менен бирге жаман ой бар деп айткан. Келгиле Кудайдын Сөзүн кабыл алабыз. Азыркы муундагы адамдар бузулуп бара жатышат, өзүн өзү коргоо жабдыктардын баарысы киши өлтүрүүгө болгон курал болуп калды. Бул тыянак биздин жүрөгүбүздөгү арамдык болуп саналат. Силер корккондон же ачуулангандан өлтүрүшүңөр мүмкүн. Мен, ар бир адам башкаларды чындыгында эле өлтүрүп жатат деп айтып жаткан жокмун, бирок биз өзүбүздүн жүрөгүбүздө ушул жөнүндө ойлойбуз.
Биз баарыбыз жүрөгүбүздө жаман ой бар болуп төрөлгөнбүз. Кээ бирөөлөр чындыгында эле ошол ойлорунун жыйынтыгы аркылуу адам өлтүрүшөт, алар атайын киши өлтүргүч болуп төрөлүшпөйт, бирок биз бардыгыбыз эле киши өлтүргүч болуп калышыбыз мүмкүн боло турган нерсе. Кудай бизге, биздин жүрөгүбүздө жаман ой жана арам ой болоорун айткан. Бул чындык. Бул чындык баарыбызга тең тиешелүү. 
Ошондуктан, биз үчүн туура жол бул Кудайдын Сөзүн кабыл алуу жана Ага баш ийүү. Бул дүйнөдө биз күнөөкөрбүз анткени, биздин жүрөгүбүздө жаман ойлор бар.
 
 
Биздин Жүрөгүбүздөгү Ойноштук Кылуу
 
Кудай бизге айткан, ар бир адамдын жүрөгүндө ойноштук кылуу бар. Сен буга макулсуңбу? Сен өзүңдүн жүрөгүңдө ойноштук кылуу бар экенин билесиңби? Ооба, ойноштук кылуу ар бир адамдын жүрөгүндө бар. 
Ошондуктан денесин саткандар жана жыныстык жактан бузуктук кылуучулар биздин коомдо көбөйүүдө. Бул адамдык тарыхтын ар бир убагында акча табуунун дагы бир жолу болуп келген. Башка иштер экономикалык жактан кризиске учурашы мүмкүн, бирок бул жийиркеничтүү иштер үчүн андай тоскоолдуктар жок, себеби ар бир өзүнчө адамдын жүрөгүндө бузуктук жашап калган. 
 
 
Күнөөкөрлөрдүн Берген Жемиши Бул Күнөө

Адамды эмнеге салыштырсак болот?
Күнөөнүн жемишин гана берүүчү дарак.

Биз эмне сепсек ошону оробуз. Алма багынан алма, алмурут багынан алмурут гана жыйнайбыз. Адамдардын, жүрөгүндө 12 түрлүү күнөөсү бар болуп төрөлгөн. Ыйса адамдын жүрөгүнөн эмне чыкса, ал нерсе ал адамды кандай экенин аныктайт. Сен буга макулсуңбу? 
Биз Ыйсанын гана Сөзүнө макул болушубуз керек. Эгер сен «Кудайдын Сөзүнө макулмун», «Ооба, биз күнөөнүн уюгубуз, жамандык жасоочуларбыз. Ооба, Сеники тура Теңир» деп айтсаң. Кудайдын алдында чындыкка жол берген болобуз. 
Ушул сыяктуу Ыйса Машаяк Кудайга баш ийген, жана биз дагы Кудайдын Сөзүн угуп, Ага баш ийишибиз керек. Бул биздин бардык күнөөлөрүбүз суу жана Рух аркылуу куткарыла алгандыгыбыздын жалгыз гана жолу. Булар Кудайдан берилген белек. Менин өлкөмдө төрт кооз убакыт бар. 
Убакыт өткөн сайын дарактар бизге жемишин берет. Ошол убакта дарактар ар кандай кооз жемиштерди беришет. Ошол эле убакта, биздин жүрөгүбүздө жашаган 12 күнөө бизде сакталат жана күнөөлөрүбүз дайыма биз менен жүрөт. 
Бүгүн биздин жүрөктөрүбүздү ээлеп алган киши өлтүрүү, эртеңки күнү бул ойноштук болушу мүмкүн. Анан, кийинки күнү, жаман ойлор, анан никесиз байланыш, уурулук, жалган күбөлүк. Биз бир жыл, бир ай, күнүнө жана ар бир саат бою күнөөкөр бойдон жүрөбүз. Бир да күндү биз күнөө жасабай өткөрбөйбүз. Биз өзүбүзгө өзүбүз мындан ары күнөө кылбайм деп убада беребиз, бирок биз өзүбүзгө жардам бере албайбыз анткени, биз күнөөкөр болуп төрөлгөнбүз. 
Сен качандыр бир убакта алма дарагы түшүм берүүдөн баш тартканын көрдүң беле? Ал «Мен жемиш бергенди каалбайм!» деп айтканын уктуң беле? Ал жемиш бербейм деп чечкен убакта да, кантип жемиш бербей кое алат? Жаз келгенде гүлдөп баштайт, андан соң алма байлап, күзүндө жемиш бышат. Андан соң биз анын жемиштерин үзүп алып жейбиз. 
Бул табияттын мыйзамы, ошол сыяктуу эле ушул сыяктуу табияттын мыйзамына баш ийет. Күнөөкөр каалабаса да, күнөөнүн жемишин бере берет. 
 
 

‘Ыйсанын Чөмүлүүсү жана Айкаш Жыгач’ Биздин Күнөөлөрдү Жок Кылуу үчүн болгон

 
Ыйса аркылуу кечирилүү деген эмне?
Бул Ыйсанын чөмүлүүсү, Каны жана Руху аркылуу күн төлөөнүүсү.
 
Келгиле Библиядан Кудайдын алдында күнөөкөрлөрдүн кантип күнөөлөрүнөн, жаман ойлорунан кечирилип жана алардын бактылуу жашап калуусун окуйбуз. 
Бул Лебилер 4—бөлүмдө жазылган. «Элдин ичинен бир адам жаңылыштык менен күнөө кылса жана Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо, анда ал күнөө кылганын билгенден кийин, күнөөсү үчүн кемчилиги жок эчкини курмандыкка алып келсин. Анан күнөөсү үчүн алып келген курмандыктын башына колун коюп, күнөөсү үчүн чалынуучу эчкини бүтүндөй өртөлүүчү курмандыктар сойулуучу жерде сойсун. Анан ыйык кызмат кылуучу анын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өртөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын. Анын майынын баарын тынчтык курмандыгынын майын бөлүп алгандай кылып бөлүп алсын. Анан ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберсин. Бул—жыты Теңирге жаккан курмандык. Ыйык кызмат кылуучу аны ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет» (Лебилер 4:27-31).
Эски осуятта адамдар кантип күнөөлөрүнөн кечирилишкен? Алар курмандыкка чалынган малдын башына колдорун койуу аркылуу күнөөлөрүнөн тазаланат. 
Бул жөнүндө Лебилерде жазылган. «Силердин араңардан кимдир бирөө Теңирге арнап малдан курмандык чалгысы келсе, анда бодо малдан же майда малдан курмандык чалсын. Эгерде ал бүтүндөй курмандыкка бодо малдан чала турган болсо, кемчилиги жок эркек мал чалсын. Теңирден ырайым табыш үчүн, ал аны жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келсин. Анан колун бүтүндөй өртөлүүчү курмандыктын башына койсун, ошондо ал ырайым таап, күнөөлөрүнөн тазаланат» (Лебилер 1:2-4).
Байыркы замандагы адамдар качан жүрөгүндөгү күнөөлөрүн моюндарына алганда, ал күнөөлөрүнөн тазаланыш үчүн курмандыкка мал даярдайт. Ал күнөөлөрүнөн тазаланыш үчүн курмандыкка чалынган малдын башына колдорун коёт. Ибадатканын ичинде курмандыктар өртөлүүчү ыйык жай болгон. Бул коробкага окшогон текче болгон жана ал текченин төрт бурчунда төрт мүзйүзчө бар болгон. Ысрайыл эли күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн курмандыкка мал даярдап, бүтүндөй өртөлүүчү курмандыктын башына кол койуп жана аны курмандык чалуучу жайга алып барып өрттөп жиберишет. 
Лебилерге Кудай айткан: «Курмандыкка чалуу аркылуу өзүнүн каалоосу менен күнөөлөрүнөн тазаланып, Теңирдин ырайымын табышсын.» Курмандыкка чалынуучу малдын башына кол койуп, алардын күнөөлөрү тазаланды, андан кийин күнөөкөр ал малды мууздап андан кийин бүтүндөй өртөлүүчү курмандыкты анын канын курмандык чалынуучу жайга төгүп салган. 
Андан кийин, денесинин ички органдары тазаланат, жана анын эти бөлүктөргө бөлүнүп, бүтүндөй өртөлүүчү жайда өрттөлөт. Бул - жыты Теңирге жаккан курмандык. Ыйык кызмат кылуучу аны ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет. Бул алардын күнүмдүк күнөөлөрүнүн кечирилиши болгон. 
Кудай алардын күнүмдүк күнөөлөрүнөн тазаланыш үчүн башка курмандык чалган. Бул күнүмдүк күнөөлөрдөн кечирилишинен айырмаланып турган. Ошол убакта, биринчи ыйык кызмат кылуучу бардык Ысрайылдын күнөөсүнүн атынан курмандыктын башына колун коюп, ал малдын канын ыйык жайдын чыгыш тарабына жети жолу чачкан. Ушундай нерсе ар бир жылдын жетинчи айынын онунчу күнүндө Ысрайыл элдеринин алдында тирүү эчкинин башына анын колун койуп турган (Лебилер 16:5-27).
 
Эски осуятта күнөөлөр үчүн болгон курмандык кимди чагылдырат?
Ыйса Машаяк.

Азыр, келгиле Жаңы Осуятта курмандыкка чалуу системасынын кандай өзгөргөндүгүнүн карайбыз. 
Эмне үчүн Ыйса айкаш жыгачта өлүшү керек болгон? Ал жер үстүндө Кудай Уулунун айкаш жыгачта кыйналуусуна жол бергендей Ыйса эмне туура эмес иш кылды эле? Аны айкаш жыгачта өлүүгө ким мажбур кылган? Дүйнөдөгү бардык күнөөкөрлөр күнөөгө бата башташканда Ыйса бизди куткарыш үчүн бул дүйнөгө келген. 
Ал Иордан дарыясында Жакан аркылуу чөмүлдүрүлгөн жана адамдардын атынан бардык күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта кыйналган. Ыйсанын жолу чөмүлдүрүү болгон жана Ал айкаш жыгачта курман болуп куткаруусу, кан төгүүсү Эски Осуяттагы курмандыкка колун койуп жана анын кан төгүсүүнүн чагылуусу болгон. 
Мындай жол Эски Осуятта жазылган. Күнөөкөр курмандыктын башына колун коюп, жана анын күнөөлөрүн айтып, «Теңир мен күнөөкөрмүн. Мен киши өлтүргүчмүн жана ойноштук кыламын» деп айткандан кийин анын күнөөлөрү курмандыкка өтүп кетет. 
Андан кийин күнөөкөр курмандыкка чалынчу малды Кудайдын алдында кекиртегинен мууздайт. Ыйса да ушул сыяктуу биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн курмандыкка чалынган. Ыйса бизди куткарыш үчүн айкаш жыгачта канын төккөн жана чөмүлдүрүлгөн жана Анын курмандыгы аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүз кечирилген. 
Ыйса биз үчүн өлгөн. Биз бул жөнүндө ойлосок, биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн кемтиксиз малдардын курмандыкка чалынып жатканы эмнени билдирет? Күнөө деген эмне ошол малдар билишеби? Малдар күнөөнү билишпейт. Аларда күнөөнүн тагы жок. 
Ыйса дагы ошол мал сыяктуу эле бир да күнөөнүн тагы жок, күнөөсүз, таза болгон. Ал ыйык Кудай, Кудайдын Уулу жана эч качан күнөө кылган эмес. Ал 30 жашка келгенде Иордан дарыясында чөмүлдүрүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүздү алган.
Ыйса бизден алган күнөөлөр үчүн айкаш жыгачта өлгөн. Бул бардык адамзаттын күнөөлөрүн жууп кеткен Анын кызматы болгон.
 

Күнөөлөрдөн Куткарылуу Жакшы Кабарынын Башталышы
 
Ыйса эмне үчүн Иордан дарыясында Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөн?
Баардык адилеттиктин аткарылышы үчүн.

Бул жөнүндө Матай 3—бөлүмдө жазылган, «Ошондо Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүү үчүн Галилеядан Иорданга келди. Жакан Аны токтотуп: «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?»—деди. Бирок Ыйса ага: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек»,—деп жооп берди» (Матай 3:13-15). 
Биз Ыйса эмне үчүн 30 жашка келгенде чөмүлдүрүлгөнүн билебиз жана түшүнөбүз. Ал бардык адамдардын күнөөсүн кечириш үчүн жана Кудайдын адилеттүүлүгүн аткарыш үчүн чөмүлдүрүлгөн. Бардык элди алардын күнөөсүнөн куткаруу үчүн, бир да күнөөнүн тагы жок Ыйса Машаяк Жакан тарабынан чөмүлдүрүлгөн. 
Ошентип адамзаттын күнөөлөрүн кечирүү үчүн, Өзүн курмандыкка чалып, Ал дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткен. Күнөөлөрдөн куткарылыш үчүн, биз бардык чындыкты билишибиз керек жана биз буга ишенишибиз керек. Биз Ага ишенсек куткарылабыз. 
Ыйсанын чөмүлдүрүүсү деген эмнени түшүндүрөт? Бул Эски Осуяттагыдай колдорун коюуу. Эски Осуятта, бардык элдин күнөөлөрү Жогорку Ыйык кызматчынын колун курмандыкка чалынуучу малдын башына койууда күнөөлөр Ага өтүп кеткен. Жаны Осуятта, Ыйса дүйнөнү күнөөлөрүн Анын Ыйыктыгынын курмандыгы жана Жакан тарабынан чөмүлдүрүлгөндүгү аркылуу алып кеткен. 
Ыйык Элчи Жакан бардык адамдардын арасынан ыйык Адам болгон, адамзаттын өкүлү Кудай тарабынан тандалган адамзаттын өкүлү Ыйык кызматчы катары, ал Ыйсага колун коюп, жана дүйнөдөгү бардык күнөөлөрдү Ага өткөргөн. «Чөмүлүү» күнөөлөрдөн жуулуу дегенди билдирет. 
Сен эмне үчүн Ыйса бул дүйнөгө келгенин жана Жакан тарабынан чөмүлдүрүлгөнүн билесиңби? Ыйсанын чөмүлүүсү деген эмнени түшүндүрөөрүн билип туруп, Ага ишенесиңби? Ыйса чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткен, күнөөлөр бул бизбиз Жакан Ыйсаны биздин бардык күнөөлөрүбүз кечирилиш үчүн жана чыныгы Жакшы Кабарды аткарыш үчүн чөмүлдүргөн.
Матай 3:13-17, «Андан кийин,» жана бул Ыйсанын чөмүлдүрүлгөн убактысын белгилейт, ошол убакта бардык күнөөлөр Ага өтүп кеткен. 
«Андан кийин,» Ыйса адамдык күнөөлөрдү алып кеткен, үч жылдан кийин Айкаш Жыгачта өлгөн, жана үчүнчү күнү чөмүлдүрүлгөн. Дүйнөнүн бардык күнөөсүн жууш үчүн Ал бир ирээт чөмүлдүрүлдү жана баардыгы үчүн Айкаш Жыгачта өлдү, жана баардыгы үчүн өлгөндөн кийин тирилди. Ушундан кийин ким Кудайдын алдында алардын күнөөсү кечирилишин каалабайт. 
Ал дүйнөдөгү бардык күнөөлөрдү алган жана бардыгын куткарды. Ыйса эмне үчүн чөмүлдүрүлгөн? Ал эмне үчүн кылмышкер каракчы катары башына тикенден таажы кийип, Пилаттын сотунда соттолгон? Ал эмне үчүн Айкаш Жыгачта жан бергиче канын төгүп курман болгонго мажбур болгон? Мунун бардыгынын себеби, Ал дүйнөдөгү бардык күнөөлөрдү алып кеткен, сенин күнөөңдү жана менин күнөөмдү, Анын чөмүлүүсү аркылуу.
Себеби Ал дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн, cенин жана менин күнөөлөрүмдү Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу Өзүнө алды. Биздин күнөөлөрүбүз үчүн Ал айкаш жыгачта өлүшү керек болгон. Кудай бизди куткаргандыгы жөнүндөгү куткарылуу сөзүнө ишенишибиз керек жана Ага ыраазычылык келтиришибиз керек. Ыйсанын чөмүлүүсүсүз, Анын айкаш жыгачысыз жана Анын кайра тирилүүсүсүз биз үчүн куткарылуу болмок эмес. 
Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетиш үчүн Жакандан чөмүлүү алганда, Ал Анын куткарылуу жакшы кабарына ишенген адамдардын күнөөлөрүн да алып кетти. «Ыйса өзгөчө күнөөлөрүңдү гана алып кетти, ушундай эмеспи?» деп ойлогон адамдар бар. 
Бирок алар жаңылып жатышат. Библияда Ыйса чөмүлүү алганда дүйнөнүн күнөөлөрүнүн бирин жана бардыгын алып кеткендиги түшүнүктүү жазылган. Биздин бардык күнөөлөрүбүз, өзгөчө күнөөлөрүбүз дагы, жуулган. Матай 3:15 те Ыйса мындай дейт: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек». Адилеттүү ишти аткаруу деген бардык күнөөлөр бизден алынып кеткендигин билдирет. 
Ыйса биздин бүт жашообуздагы күнөөлөрдү да алып кеттиби? Ооба, алып кетти. Бул сөздөрдүн күбөлөндүрүүсүн Лебилер китебинен тапсак болот. Бул жерде бизге Улуу Сот жана күнөөлөргө курмандык чалынуучу күн жөнүндө айтылат.
 

Бардык Жүйүттөрдүн күнөөлөрү үчүн Болгон Курмандык
 
Ысрайыл эли курмандык чалуу аркылуу бардык күнөөлөрдөн тазалана алуусу мүмкүн беле?
Эч качан.

«Арун күнөө үчүн чалынуучу курмандыка бир букачар чалып, өзүн да, үйүндөгүлөрүн да күнөөдөн тазалансын. Анан эки текени алып, аларды жыйын чатырынын эшигинин алдында, Теңирдин алдына койсун. Анан Арун эки теке үчүн өкчөмө таш ыргытсын: бирин Теңир үчүн, экинчисин чөлгө коё берүү үчүн. Теңир үчүн түшкөн текени Арун жетелеп келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалынат. Ал эми чөлгө кое берүү үчүн түшкөн текени элдин күнөөлөрүнөн тазалаш үчүн, чөлгө кое берүү үчүн, Теңирдин алдына тирүү алып келет Анан Арун эки теке үчүн өкчөмө таш ыргытсын: бирин Теңир үчүн, экинчисин чөлгө кое берүү үчүн. Теңир үчүн түшкөн текени Арун жетелеп келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалат. Ал эми чөлгө кое берүү үчүн түшкөн текени элди күнөөлөрүнөн тазалаш үчүн, чөлгө кое берүү үчүн, Теңирдин алдына тирүү алып келет» (Лебилер 16:6-10). Бул жерде Арун Ысрайыл элинин ар бир жылдык күнөөлөрү үчүн курмандык чалууга чатырдын оозундагы эки эчкини алды. 
«Анан Арун эки теке үчүн өкчөмө таш ыргытсын: бирин Теңир үчүн, экинчисин чөлгө кое бериш үчүн». 
Курмандык жандык (мал) күнүмдүк күнөөлөрдөн мыйзамдуу түрдө кутулуу катары керек болгон жана курмандык малдын башына кол коюп сыйынуу менен күнөөкөрдүн күнөөлөрү ага өтүп кетээрин билдирген. Бирок Ысрайыл элинин жылдык күнөөлөрү үчүн Жогорку Сот адамдарына жеңил болуу максатында жылдык күнөөлөр үчүн курмандык чалуу расмисин ар бир жылдын жетинчи айынын онунчу күнүндө өткөргөн. 
Лебилер16:29-31де жазылган: «Жетинчи айдын онунчу күнү өзүңөрдү орозо кармап жоошуткула, эч кандай жумуш кылбагыла, жергиликтүү тургун да, араңардагы келгин да ошентсин. Анткени ушул күнү ыйык кызмат кылуучу силерди бардык күнөөлөрдөн тазалаш үчүн, Теңир алдында таза болушуңар үчүн күнөөңөрдөн тазалайт. Бул—силер үчүн эс алуучу ишемби күн, орозо кармап, өзүңөрдү жоошуткула, бул түбөлүк көрсөтмө» (Лебилер 16:29-31).
Эски Осуятта Ысрайыл эли күнүмдүк күнөөлөрү үчүн курмандык катары тартууланган малды алып келип, анын башына колун коюп, күнөөлөрүн мойнуна алып: «Теңир, мен мындай күнөөлөрдү кетирдим. Суранам мени кечирчи». Андан кийин ал күнөөлөргө арналган эчкини союп, канын ыйык кызматчыга берген, үйүнө барып, эми күнөөдөн бош экендигин сезген. Ушуну менен күнөөгө арналган мал өзүнүн башына күнөөкөрдүн күнөөсүн алып өлгөн. Курмандык мал күнөөкөр үчүн өлтүрүлгөн. Эски Осуятта Кудай аныктап койгон күнөөнүн ордуна берилчү курмандык мал эчки, козу, торпок же болбосо бука болгон. 
Кудай Өзүнүн чексиз ырайымынын негизинде күнөөкөр адамдын өлүмүнүн ордуна, малдын өлүмүн кабыл алганга уруксат берген. Эски Осуятта ушул жол менен күнөөкөрлөр курмандык чалуу жолу менен күнөөлөрүнөн кечирим алганга мүмкүн болгон. 
Күнөөкөрдүн бузукчулуктары курмандыка чалынуучу малдын башына кол койуу аркылуу ага өтүп, жана анын каны күнөөдөн жууган расми катары ыйык кызматчысына берилген. Ошентсе да күнөөлөрдөн күнүгө кечирилүү алуу мүмкүн эмес болгон. Демек, Кудай Ыйык кызматчыга жыл бою, ар бир жылдын жетиничи айынын онунчу күнү, Ысрайыл элине жеңил болушу үчүн күнөөлөрдөн кечирилүү берүүгө уруксат берген. 
Демек күнөөлөрдөн кечирилүү алуучу күндө Ыйык Кызматчынын иши ушундай болгонбу? Биринчи, ыйык кызматчы Арун курмандыка чалынуучу малдын башына колун койуп, адамдардын күнөөсүн мойнуна алдырып: «Теңир, Ысрайыл эли мындай, мындай күнөөлөрдү кетирди, киши өлтүрүү, ойноштук кылуу, ойноштук уурулук, жалган күбөлүк, арамзалык».
Андан соң ал курмандык малды мууздап, анын канын алып, Ыйык Жайдын кечирим алуу ордуна жети жолу канды чачкан. (Библияда жети деген сан жеткилең сан катары саналат). 
Ар жылы күнөөкөр адамдарга жеңилдик максатында алардын күнөөлөрүн курмандык малдын башына өткөрүп, жана курмандык малды күнөө ордуна тапшыруу анын милдети болгон. 
Себеби Кудай адилеттүү, адамдарды күнөөдөн куткарыш үчүн ал курмандык малды адамдардын ордуна өлүүсүнө уруксат берди. Кудай чынында эле мээримдүү болгондуктан, Ал адамдарга Өзүнүн ордуна курмандык малдын жашоосун бергенге уруксат берди. Жогорку ыйык кызматчы кечирим күнүндө жетинчи айдын онунчу күнү Ыйык жайдын кечирим бөлүмүнө канды чачып, өткөн жылдагы адамдардын жасаган күнөөлөрү үчүн кечирим алган. 
 
Эски Осуят боюнча курмандык Козу ким?
Кемчилиги жок Ыйса.

Жогорку Сот күнөөлөрдөн кечирилүү күнү Ысрайыл элине эки эчкини сунушташ керек болгон. Алардын бирөөсү күнөөлөр үчүн курмандык эчки деп аталган, бул «бошонуу» дегенди билдирет ошол эле сыяктуу, Жаңы Осуяттагы күнөөлөрдүн эчкиси бул Ыйса. «Кудай дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн Ал Өзүнүн жалгыз Уулун берген, жана Ага ишенген ар бир Адам өлбөй бирок түбөлүк өмүргө ээ болсун деди» (Жакан 3:16). 
Кудай бизге жалгыз Уулун курмандык Козу катары берди. Бүтүндөй адамзат үчүн берилген курмандык Козу, Ал Жакан Чөмүлдүрүүчү аркылуу чөмүлдүрүлүп жана биздин Куткаруучубуз, дүйнөнүн Машаягы болуп калды. Ыйса «Куткаруучу» дегенди билдирет, «Машаяк» деген «Майланган Падыша» дегенди билдирет. 
Демек, Ыйса Машаяк «бизди куткаруу үчүн келген Кудайдын уулу» дегенди билдирет. 
Эски Осуятта адамдардын бир жылдык күнөөлөрү Күнөөлөрдөн Кечирим алуу Күнүндө кечирилген, Ыйса Машаяк, мындан 2000 жыл мурун, бул дүйнөгө келип, чөмүлдүрүлүп жана айкаш жыгачта канын төгүп, бардык күнөөлөр үчүн кечирим алуу жакшы кабарын аткарды. 
Бул нерсеге тиешелүү, Лебилер китебин карап көрөсөк. «Арун эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысрайыл уулдарынын бардык мыйзамсыздыктарын, кылмыштарын, күнөөлөрүн ачык айтып, аларды текенин башына жүктөп, дайындалган бир Адам менен чөлгө кетирет. Теке алардын бардык мыйзамсыздыктарын өзүнө жүктөп, Адам бара алгыс жерге алып кетет. Ал текени ошентип чөлгө кое берет» (Лебилер 16:21-22). 
Бардык Ысрайыл элинин күнөөлөрү эчкинин башына жүктөлгөн жана бул жөнүндө. Лебилер 1 де жазылган. «Алардын бардык мыйзамсыздыктары» денеде жана жүрөктө кетирген күнөөлөрү «Алардын бардык мыйзамсыздыктары» курмандыкка чалына турган малдын Ыйык кызматчынын колуна берилгендиги аркылуу кечирилет.
 
 
Кудайдын Мыйзамы Аркылуу Бизге Баардык Күнөөлөрүбүз Жөнүндө Түшүнүү Берилди
 
Кудай бизге мыйзамды эмне үчүн берген?
бизге күнөө жөнүндө түшүндүрүү үчүн.
 
Кудайдын Мыйзамы 613 эрежелерден турат. Чынында, биз бул жөнүндө ойлонгондо Ал жаса деген нерселерин жасабайбыз, жасаба деген нерселерин жасайбыз. 
Ошондуктан биз күнөөкөрбүз. Библияда Кудай биздин күнөөлөрүбүздү кечириш үчүн Өзүнүн осуяттарын берген (Римдиктерге 3:20). Анын осуяттары жана мыйзамы аркылуу биз өзүбүздүн күнөөкөр экендигибизди билебиз. Ал бизди ошол мыйзам менен жашашсын деп берген жок, бирок биздин күнөөлөрүбүздөн куткарылуубуз ишке ашуу үчүн берилди.
Кудай Өзүнүн осуяттарын биз аларды сактап жашообуз үчүн берген жок. Сен итти адам сыяктуу жашата албайсын. Ушул сыяктуу эле биз эч качан Кудайдын мыйзамын сактап жашай албайбыз, бирок жөн гана Анын мыйзамдарындагы осуяттарына жараша күнөөлөрүбүздү аныктай алабыз. 
Биз күнөөнүн чордону болгондуктан Кудай бизге мыйзамдарды берди, бирок биз бул нерсени түшүнбөйбүз. «Силер Адам өлтүргүчсүңөр, ойноштук кылуучусуңар, жамандык кылуучусуңар» деп Кудай бизге осуяттары аркылуу айтып жатат. Ал бизге киши өлтүрбөгүлө деп айткан, бирок ошентсе да биз өзүбүздүн жүрөгүбүздө жана кээ бир убакта биздин денебиз менен да өлтүрүп жатабыз. 
Бирок ошондой болгон күндө да, биз киши өлтүрбөшүбүз керек, бул жөнүндө мыйзамда жазылган, биз киши өлтүргүч экенибизди билип туруп, айтабыз. «Эх, мен туура эмес кылдым. Мен күнөөкөрмүн анткени мен кылбай нерсени кылдым. Мен күнөөкөр болдум». 
Ысрайыл элин күнөөдөн куткарыш үчүн, Эски Осуятта Кудай Арунга эки текени курмандыкка чалууга уруксат берген, жана элдер үчүн жылына бир жолу курмандыкка чалып туруучу Арун болгон. 
Эски Осуятта, Кудайдын алдында куткарылуу күнүндө эки теке курмандыкка чалынып турган. Бир теке Кудайдын алдында курмандыкка чалынган, ал эми экинчи теке болсо элдин, ал текенин башына колун койуу аркылуу күнөөлөр ага өтүп кеткенден кийин ал чөлгө кое берилген. Курмандыкка чалынуучу текени чөлгө кое берилгенге чейин жогорку кызматчы тирүү текенин башына колун койуу аркылуу Ысрайыл элинин күнөөлөрүн ага өткөргөн. «Теңир, адамдар киши өлтүргүч, ойноштук кылуучулар, ууру жана буттарга сыйынуучулар болуп бара жатышат. Биз Сага чейин күнөөкөр болчубуз.» 
Палестина жергеси киши жашабаган чөл. Теке түбү жана акыркы жок чөлдө өлүмгө дуушар болуш үчүн кое берилген. Теке кое берилгенден кийин Ысрайыл эли текени алардын күнөөлөрү жоголуп, анын карааны көрүнбөй калгычакты карап турушат. Адамдар ушундай жол менен жан дүйнөсүнүн тынчтыгы үчүн кун төлөшөт, жана чөлгө бардык элдин жыл сайын кылган күнөөлөрү үчүн кое берилген теке өлгөн.
Ушул жол менен Кудай Өзүнүн Козусу, Ыйса Машаяк, аркылуу биздин күнөөлөрүбүздүн бардыгына кечирим берген. Биздин бардык күнөөлөрүбүз Ыйсанын чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны менен толук жуулду. 
Ыйса Кудай жана биздин Куткаруучубуз. Бүтүндөй адамзатты күнөөдөн куткаруу үчүн келген Кудайдын Уулу. Ал бизди Өзүндөй кылып жасаган, жараткан жана бизди күнөөдөн куткарыш үчүн бул дүйнөгө келди. 
Ыйсага биздин күнүмдүк денебиз менен кетирген күнөөлөрүбүздү гана Өзүнө жүктөбөстөн, бирок биздин келечектеги денебиз жана оюбуз менен кетире турган күнөөлөрүбүздү да алып кетти. 
Ушундай жол менен Ал Жакан тарабынан Кудайдын чындыгын аткарыш үчүн жана дүйнөдөгү күнөөлөрдү кечириш үчүн чөмүлдүрүлгөн. Ыйса өлөөрүнө үч жыл калганда, Ал биринчи миссиясын баштады, 
Иордан дарыясында Жакан чөмүлдүрүүчүдөн чөмүлүү алып дүйнөнүн күнөөсүн алып кетти. Бардык күнөөлөрдөн кечирилүү аркылуу бүтүндөй адамзаттын куткарылышы Анын чөмүлүүсүнөн башталды. Иордан дарыясында, белге чейин терең болгон сууга. Жакан Чөмүлдүрүүчү өзүнүн колдорун Ыйсанын башына койуп Аны суунун ичине киргизди. Бул чөмүлдүрүүдө Жакан Эски Осуяттагыдай Ыйсанын башына колун койгон, жана баардык күнөөлөрдү Ага жүктөгөн. 
Суунун ичине кирүү өлүп жана көмүлүүнү түшүндүрөт, жана кайра суудан чыгуу кайрадан тирилүү дегенди түшүндүрөт. Ыйса Жакан аркылуу чөмүлдүрүлүп Өзүнүн миссиясындагы үч кадамды аткарды: күнөөлөрдү алып кетүү, курман болуу, жана кайра тирилүү. 
Биз Ыйсанын бизди күнөөлөрдөн куткаруу сөзүнө баш ийсек куткарыла алабыз. Кудай Ыйса аркылуу бизди куткарышты чечкен жана ушуну Ал Эски Осуяттагы келишим аркылуу аткарды. Ушул иш аркылуу, Ыйсанын мойнундагы биздин бардык күнөөлөрүбүз менен Ал Айкаш Жыгачка өлдү. 

Ыйса аркылуу биздин баардык күнөөлөрүбүз кечирилгенден кийин, биздин милдетибиз эмне?
Биздин милдет бул Кудайдын Сөзүнө ишенүү.
 
Жакан 1:29, мындай жазылган: «Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул-Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат» Жакан Чөмүлдүрүүчү күбөлөндүрөт, «Мына! Дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетүүчү Кудайдын Козусу!» адамзаттын бардык күнөөлөрү Ыйса Иордан дарыясында чөмүлүү алганда Ага өткөн. Бул нерсеге ишенгиле! Ошондо силерге күнөөлүрүңөрдөн кечирим берилет. 
Бизде Кудайдын сөзүнө болгон ишеним болуш керек. Өзүбүздүн ойлорубузду жана тежиктигибизди таштап туруп Кудайдын Сөзүнө тил алчаактык менен ишенишибиз керек. Биз жөн гана дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн алып кеткен Ыйсанын чындыгына ишенишибиз керек. 
Ыйса дүйнөнүн бардык күнөөлөрүн алып кеткендиги жана биздин күнөөлөр үчүн кечирим берилүү аркылуу Кудайдын адилетүүлүктү аткаргандыгы жөнүндө айтуу бул ошол эле нерсе. 
Колдорду башына койуу жана чөмүлүү да ошол эле нерсени түшүндүрөт. Биз «баары», «бардык нерсе», «бүтүндөй» деп ар бирин бөлүп айткан менен бул сөздөрдүн мааниси бирдей. Сөздүн мааниси, Эски Осуяттагы «кол койуу» Жаңы Осуятта да калган, мындан башка сөз, күнөөлөрдүн кечирилүүсү деген сөздүн ордуна «чөмүлдүрүү» деген сөз колдонулат. 
Бул Ыйсанын бардык чөмүлүүсү, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Айкаш Жыгачта соттолушу жөнөкөй чындыкты алып келет. Биз бул чыныгы Жакшы Кабарга ишенгенде гана биз куткарыла алабыз. 
Качан Библияда Ыйса «дүйнөнүн күнөөлөрүн» (Жакан 1:29) алып кеткендиги жөнүндө айтылганда дүйнөнүн күнөөлөрү деген эмнени билдирет? Бул бардык күнөөлөрдүн арам ойлордон, бузуктук кылуу, ач көздүк, ачуу, арамдык, өзүн көтөрүү сыяктуу биздин акылыбызда калып калган күнөөлөр биз менен чогуу төрөлгөндүгүн билдирет. Бул бардык күнөөлөрдөн арам ойлордон, бузуктук кылуу, ач коздук, арамдык, өзүн көтөрүү сыяктуу биздин акылыбызда калып калган күнөөлөр биз менен чогуу төрөлгөндүгүн билдирет. Бул нерсе биз жүрөгүбүз жана денебиз менен кетирген бузуктуктар жана мыйзамсыздыктар. 
«Анткени күнөө үчүн жаза өлүм, ал эми Кудайдын белеги—Теңирибиз Машаяк Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Римдиктерге 6:23). «жана кан төгүлмөйүнчө күнөө кечирилбейт» (Эврейлерге 9:22). Ошондой эле бул аяттарда бардык күнөөлөр үчүн кун төлөнүшү керектиги жөнүндө айтылат. Ыйса Машаяк бүт адамзатты күнөөдөн куткарыш үчүн Өзүнүн жашоосун тартуулап жана күнөөлөр үчүн бир жолу түбөлүккө кун төлөдү. 
Ошентсе да баардык күнөөлөрдөн куткарылыш үчүн Ыйсанын чөмүлүүсү, Анын каны жана Анын жеткилеңдиги жөнүндөгү жакшы кабарга ишенүү биз үчүн жазачу жалгыз гана нерсе.
 

Эртенки Күнкү Күнөөлөрдөн Кечирилүү
 
Мындан кийин биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандык керекпи?
Эч качан.

Биздин эртеңки, бүрсүгүнкү, жана өлгөнгө чейинки биз кетирүүчү күнөөлөрүбүз дагы «дүйнөнүн күнөөлөрүнө» жана бүгүнкү, кечээ күнкү, мурда күнкү күнөөлөрүн да «дүйнөнүн күнөөлөрүнө» камтылат. Адамдар төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейинки күнөөлөрү «дүйнөнүн күнөөлөрүнүн» бөлүгү, жана ушул күнөөлөр ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу Ыйсага өтүп кеткен. Биз өлгөн күнгө чейин кетирчү күнөөлөр эчак эле бизден алынып кеткен.
Биз жөн гана жеткилең жакшы кабарга, Кудайдын жазылган сөзүнө ишенип жана куткарылаарыбыз жөнүндөгү чындыка тил алышыбыз керек. Биз өзүбүздүн оюбузда баардык күнөөлөрдөн куткарылаарыбызды билишибиз керек. Мүмкүн силер сурайсыңар «Кетириле элек күнөөлөрдү Ал кантип алып кетсин?» Анда мен силерден кайра сурайт элем: «Ыйса бул дүйнөгө биз күнөө кетирген сайын келип канын кайра кайра төгүшү керекпи?» 
Кайра төрөлүү жакшы кабарына тиешелүү күнөөлөрдөн кечирим алуу мыйзамы бар. «жана кан төгүлбөсө кечирим жок» (Эврейлерге 9:22). Эски Осуяттагыдай кимдир бирөө күнүгө өзүнүн күнөөлөрүнөн арылгысы келсе, текенин башына колун койуу аркылуу күнөөсүнөн куткарылууга ээ болот, жана теке анын күнөөсү үчүн өлөт. 
Ушундай жол менен, Кудайдын Уулу бул дүйнөгө келип, бардык адамзатты куткарды. Ал биздин күнөөлөрүбүздү алып кетиш үчүн чөмүлдүрүлгөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн кун төлөш үчүн Айкаш Жыгачта кан төккөн, жана Айкаш Жыгачта «Аткарылды» деп айтып өлгөн. Үчүнчү күнү өлгөндөрдүн арасынан кайра тирилди жана азыр Кудайдын оң жагында отурат. Ошону менен Ал биздин куткаруучу болуп калды. 
Биздин күнөөлөрүбүздөн толук куткарылыш үчүн биз түптөлүп калган ойлорубуздан жана күнүгө сыйынып күнөөлөрдү мойунга алуу жөнүндө айткан диний окутууларды ташташыбыз керек. Себеби Адамзаттын күнөөлөрдөн кечирилиш үчүн, бир жолу жана түбөлүккө курмандык чалынган. Кудай дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүнүн Уулуна Анын чөмүлүүсү аркылуу Ага жүктөп, биз үчүн Аны курмандыкка берди. Анын өлүмдөн кайра тирилүүсү аркылуу биздин куткарылуубуз толукталды.
«Бирок Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти. Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды, биз болсо Аны Кудай урду, жазалады жана кемсинтти деп ойлодук.» Ышайа 53 чү бөлүмдө бүтүндөй дүйнөнүн жана бүткүл адамзаттын бузукчулуктары жана мыйзамсыздыктары Ыйса Машаякка өткөндүгү жөнүндө айтылат. 
Жаңы Осуятта Эфестиктерге 1:4 тө жазылат: «Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машаяк аркылуу тандап алып...» Бул аятта бизге Ал бизди Өзүнө дүйнө жарала электен мурун эле тандап алгандыгы айтылат. Дүйнөнү жарата электен мурун Кудай бизди өзүнүн эли кылып алууну чечти, Ыйсада адилеттүү кемчиликсиз биз буга чейин эмнени ойлосок да азыр Кудайдын Сөзүнө, суунун, кандын жана Рухтун сөзүнө ишенип жана тил алышыбыз керек. 
Кудай Анын Козусу, Ыйса Машаяк дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетип жана бүтүндөй адамзатка кечирим алып бергендигин айтты. Эврейлер 10 бөлүмдө жазылган: «Мыйзам—келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана. Ошондуктан ал жыл сайын Кудайга ошол эле курмандыктарды алып келгендерди эч качан жеткилең кыла албайт» (Эврейлерге 10:1). 
Бул аятта алар жыл сайын алып келген ошол эле курмандыктарды эч качан жеткилең кылбаары айтылат. Мыйзам бул келе турган жакшы нерселердин көлөкөсү, чыныгы нерселердин өзү эмес. Ыйса Машаяк, келе турчу Мессия биздин күнөөлөрдүн баарына кечирим алып бериш үчүн, чөмүлдүрүлүп жана курман болуп бизди бир жолу жана өмүр бою жеткилең кылды (Ысрайыл элинин жылдык күнөөлөрүнө кечирим берилгендиги сыяктуу). 
Ошондуктан Ыйса Эврейлер 10 бөлүмдө айтат: «Андан кийин мындай деп кошумчалады, Мына, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым. Экинчисин күчүнө киргизүү үчүн, биринчисин алып таштайт. Биз Кудайдын ушул эрки боюнча Ыйса Машаяктын бир ирет курмандыкка алып келген денеси аркылуу ыйыкталдык. Ар бир ыйык кызмат кылуучу ошол эле курмандыктарды кайра кайра алып келип, күн сайын кызматта турат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү жок кыла албайт. Ал эми Машаяк күнөөлөр үчүн бир гана жолу курмандык алып келип түбөлүкө Кудайдын оң жагына отурду. Ал бардык душмандарынын Өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп жатат. Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды. Ыйык Рух да бизге бул жөнүндө күбөлөндүрөт. Анткени Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «ошол күндөрдөн кийин алар менен түзө турган келишимим бул,—дейт Теңир,—мыйзамдарды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам. Ошондон кийин алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын эстебейм. Ал эми күнөөлүүлөр кечирилгенден кийин, күнөө үчүн курмандык алып келүүнүн кереги жок» (Эврейлерге 10:9-18). 
Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү жана айкаш жыгачтагы каны аркылуу бизди дүйнөнүн баардык күнөөлөрүнөн кутаргындыгына биз ишенебиз. 
 
 
Суудан жана Рухтан кайра Төрөлүү Аркылуу Куткарылуу Биздин Жүрөктөрүбүзгө жана Акылдарыбызга Жазылган
 
Биз күнөө жазабагандыгыбыз үчүн адилеттүү болуп калдыкпы?
Жок. Биз Ыйсанын бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткендиги үчүн жана Ага ишенгендигибиз үчүн адилеттүүбүз.

Анын жеткилең куткаруусуна силер баарыңар ишенесиңерби? Оомийн! Ыйса Машаяк бизди куткарыш үчүн Өзү чөмүлдүрүлүп жана айкаш жыгачта канын төккөн деген Кудайдын Сөздөрүнө тил алчаактык менен ишенсиңби? Биз кайрадан төрөлүшүбүз үчүн Анын Сөзүнө ишенимибиз болуш керек. Эгер биз Ыйса Машаяктын куткарылуу жакшы кабары аркылуу дүйнөнүн күнөөлөрүнүн ичинен биздин күнөөлөрүбүздү да жууп кеткендигине ишенсек биз куткарылууга ээ боло алабыз. 
Кудайдын Мыйзамына тил алчаактык кылсак эч качан күнөөсүз боло албайбыз, бирок Анын жасаган ишине ишеним аркылуу жеткилең боло алабыз. Ыйса Машаяк Иордан дарыясындагы Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткен, жазаланып жана Айкаш Жыгачта өлдү. Бул Жакшы Кабарга бүт жүрөгүбүз менен бирге, биз баардык күнөөлөрүбүздөн арыла алабыз жана адилетүү боло алабыз. Силер буга ишенесиңерби?
Ыйсанын чөмүлүүсү, Анын курман болушу жана кайра тирилиши бардык адамзаттын күнөөлөрү үчүн болгон чекчиз жана эч кандай шарт түзүлбөгөн Кудайдын сүйүүсүнө негизделген кечирим жана куткарылуунун мыйзамы. 
Кудай биз кандай болсок ошондой сүйөт жана Ал адилеттүү, ошондуктан Ал бизди биринчилилерден адилеттүү кылды. Ал бизди Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу Ага күнөөлөрдү өткөрүп, ошону менен бизди адилеттүү кылды. Бизди баардык күнөөлөрүбүздөн жууш үчүн Ал Өзүнүн жалгыз Уулун, Ыйсаны, биз үчүн бул дүйнөгө жиберди. Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн Ыйса аркылуу алып кеткенге Ал жол берди жана биздин бардык күнөөлөрүбүз үчүн болчу жазаны Өзүнүн Уулуна өткөрдү. 
Суу жана кан аркылуу куткарылуу аркылуу Ал бизди Өзүнүн адилеттүү балдары кылып алды. Эврейлерге 10:16 мындай жазылган: «Мыйзамдарымды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам.» 
Кудайдын алдында биздин жүрөктөрүбүздө жана акыл эсибиз менен адилеттүүбүзбү же күнөөкөрбүзбү? Эгер бизде Кудайдын Сөзүнө болгон ишеним болсо анда адилеттүүбүз. Ыйса Машаяк биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткен жана алар үчүн соттолгон. Ыйса Машаяк биздин куткаруучубуз. Сен ойлошуң мүмкүн, «Анткени күн сайын күнөө кылабыз, анан кантип биз адилеттүү боло алабыз? Биз анык күнөөкөрбүз.» Бирок качан биз Ыйса Машаяк Атасына тил алгандай, Кудайдын Сөзүнө ишенсек, анда биз адилеттүүбүз. 
Албетте, мен мурун айтып кеткендей, биз кайра тирилгенге чейин жүрөктөрүбүздө күнөө кетирчүбүз. Биздин жүрөктөрүбүзгө күнөөлөрдөн кечирим жөнүндөгү жакшы кабарды алагандан кийин, биз өзүбүздүн бардык күнөөлөрүбүздөн куткарылдык. Жакшы кабарды биле элек кезде биз күнөөкөр болчубуз. Бирок Ыйсанын куткарылуусуна ишене баштаганда, биз адилеттүү болдук, биз Кудайдын балдары болуп калдык. Бул Пабыл айтып жүргөн адилеттүү болууга ишеним. Кечирилүү жакшы кабарына болгон ишеним бизди «адилеттүү» кылды. 
Ыйык элчи Пабыл да, Ыбрайым да, ишеними бек болгон ата бабалар да өзүлөрүнүн иши менен акталган эмес, бирок Кудайдын Сөзүнө, күнөөлөрдөн акталууга берген Анын батасына болгон ишеними аркылуу. 
Эврейлерге 10:18: «Ал эми күнөөлөр кечирилгенден кийин, күнөө үчүн курмандык алып келүүнүн кереги жок.» Ыйык Жазууда жазылгандай Кудай бизди өзүбүздүн күнөөлөрүбүз үчүн өлбөш үчүн куткарды. Сен бул нерсеге ишенесинби? Оомийн! 
Филиптиктер 2 бөлүмдө мындай деп жазылат: «Анткени силердин ой жүгүртүүңөр Машаяк Ыйсаныкындай болуш керек. Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок бул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн өзү басынтты. Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору ысым берди. Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, «Ыйса Машаяк—Теңир, Кудай Атанын даңкы» деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды» (Филипиликтерге 2:5-11). 
Ыйса Машаяк Анын даңкынын жарыгы жана Анын табиятынын так өкүлчүлүгү, Өзүн эч кандай мансапка (Эврейлерге 1:3). тескерисинче, Ал Өзүн жөнөкөй кызматчы катары көргөзүп, адамга окшош болуп келген. Ал Өзүн жөнөкөйлөткөн жана бизди куткарыш үчүн өлүмгө даяр болууга тил алчаак болуп келди. Ошондуктан, биз Ыйсаны даңктайбыз «Ал биздин Кудайыбыз, Куткаруучу жана Падыша.» Кудайды даңктап жана Ыйсаны мактаганыбыздын себеби.
Ыйса акырына чейин Атасынын эркине баш ийип, тил алчаак болуп келди. Эгерде Ал тил алчаак болбогондо азыр биз Кудайдын Уулун даңктамак эмеспиз. Бирок Кудайдын Уулу Өзүнүн Атасынын эркине өлүмгө чейин тил алчаак болгондуктан, бул жердеги бардык жандыктар жана бардык элдер Аны даңктап жатышат, жана түбөлүкө даңктай бермекчи. 
Ыйса Машаяк дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетчү Кудайдын Козусу болду, жана Ал күнөөлөрдү Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу алып кеткендиги жазылган. Азыр, дүйнөнүн күнөөлөрүн Ал алганына 2000 жылдай болду. Сен экөөбүз төрөлгөндөн баштап ушул дүйнөдө жашап келдик, жана биздин бардык күнөөлөрүбүз да дүйнөнүн күнөөлөрүнө кирет. 
 
Эгерде эртенки күнү күнөө кетирсек биз күнөөкөр болуп калабызбы?
Жок, себеби Ыйса биздин өткөндөгү, азыркы жана келечектеги күнөөлөрүбүздү алып кеткен.
 
Өзгөчө күнөөлөрдөн биздин жашоонун бузукучулуктарын бөлүп койгондо төрөлгөндөп баштап эле күнөөгө баткан жокпузбу? —Ооба, баттык.— 
Ыйса биздин төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин күнөө кылаарыбызды билген, ошондуктан биздин бардык күнөөлөрүбүздү Ал алдын ала алып кеткен. Азыр бул нерсе сага түшүнүктүү болдубу? Эгерде биз 70 жашка чейин жашасак биздин күнөөлөрүбүз жүз самосвал менен ташыгыдай болмок. 
Бирок Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып айкаш жыгачта Өзүнө алды. Эгерде Ыйса биздин өзгөчө күнөөлөрүбүздү гана алып кеткенде биз баарыбыз өлүп тозокко бармакпыз. 
Бул дүйнөдө биз канча күнөө кетиребиз? Биз кетирген күнөөлөр дүйнөнүн күнөөлөрүнүн катарына кирет. 
Ыйса Жаканды Өзүн чөмүлдүрүп койууну сураганда Ал эмнени ойлосо ошону айткан. Ыйса Өзүн өзү биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып кеткендигин күбөлөндүргөн. Кудай Ыйсанын алдында Өзүнүн кызматчысмын Аны чөмүлдүрүш үчүн жиберди. Адамзаттын өкүлү Жакан аркылуу чөмүлүү алып, чөмүлүү алыш үчүн Өзүнүн башын төмөн кылып, Ыйса адамзаттын баардык күнөөлөрүн алып кетти. 
биздин 20 жаштан 30 га чейинки, 30дан 40 ка чейинки күнөөлөрүбүз, жадагалса биздин балдарыбыздын күнөөлөрү, Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу алып кеткен дүйнөнүн күнөөлөрүнө кирет. 
Дүйнөдө дагы эле күнөө бар деп ким айта алат? Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткен, жана биз бардыгыбыз чын жүрөгүбүз менен ишенсек бардыгыбыз куткарыла алабыз, Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн куткарылуу бергендигине эч кандай күмөн саноо шектенгендин көлөкөсү да жок. Ыйса бизди күнөөлөрүбүздөн куткаруу үчүн эмнелерди жасаган: Анын чөмүлүүсү жана Анын байлыгын таратуусу. 
Көптөгөн адамдар өздөрүнүн жашоосун эң керектүү сыяктуу айтуу менен мунарык жашоодо жашап өзүлөрүнүн ойлорун жашыруу менен жашап жатышууда. Бирок кээ бир адамдар кыйынчылык жашоодо жашап жатышат. Мен да кайрадан төрөлгөнгө чейин ушундай жашоодо жашагам. Сен кантип түшүнбөйсүң же болбосо Жакшы Кабарда Ыйсанын чөмүлүүсүнүн жана Анын канынын куткаруусуна ээ боло албайсын? 
 
 
Күнөөкөрлөрдүн Куткарылуусу Толукталды
 
Эмне үчүн Ыйса Петирдин бутун жууду?
Анткени Ал Петирдин күчтүү ишенимди алышын каалаган чынында Анын чөмүлдүрүүсү аркылуу Ал бардык боло турган күнөөлөрүнөн кечирилген.

Жакан 19 бөлүмдү окуп көрөлү: «Ыйса Өзүнүн айкаш жыгачын көтөрүп, «Баш сөөгү» деп аталган жерге жөнөдү. Бул жердин эврейче аталышы—Голгофа. Анын ошол жерде айкаш жыгачка кадашты. Ыйсанын эки жагына дагы эки Адам дагы айкаш жыгачка кадалды. Пилат тактайча жасатып, анын бетине: «Назареттик Ыйса—жүйүттөрдүн Падышасы»,—деп жаздырды да, айкаш жыгачтын өйдө жагына илдиртип койду. Бул жазууну жүйүттөрдүн көпчүлүгү окушту, анткени Ыйса айкаш жыгачка кадалган жер Иерусалим шаарынан алыс эмес болчу. Жазуу эврей, латын жана грек тилдеринде жазылган эле.» (Жакан 19:17-20). 
Кымбаттуу досторум! Ыйса Машаяк дүйнөнүн баардык күнөөлөрүн Өзүнө алып Пилаттын сотунда курман болуш үчүн өлүмгө жаза алган. Азыр ошол көрүнүштү чогуу элестетип көрөлү. 
28—аят: «Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип, Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду». Ыйса Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн биздин баардык күнөөлөрүбүздү алып кетти. «Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип: «Суусадым»,—деди. Ошол жерде ачуу ичимдик куюлган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып, аны иссоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашты. Ыйса аны таткандан кийин: «Аткарылды!»—деди. Анан Анын башы шылк Дей түштү. Ошентип, Ал жан берди.» (Жакан 19:28-30). 
Ыйса «Аткарылды!» деп айтты да курман болду. Үчүнчү күнү Ал өлгөндөрдүн арасынан тирилип асманга көтөрүлүп кетти. 
Жакан чөмүлдүрүүчү аркылуу алган Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачтагы өлүмү бири бири менен тыгыз байланышта; бирөөнүн жашоосу бирөөсү жок маанилүү эмес. 
Ошондуктан келгиле Теңир Ыйсаны Өзүнүн күнөөлөрдөн кечирилүү берген жакшы кабары аркылуу бизди куткаргындыгы үчүн даңктайлы. Адамзаттын денеси денелик муктаждыктарды талап кылат, ошондуктан биз каалабасак да биздин денебиз күнөө кетирет. 
Ыйса Машаяк Өзүнүн чөмүлүүсүн жана канын бизге берип бизди денелик күнөөлөрдөн куткарып алды. Ал Өзүнүн жакшы кабары аркылуу бизди денелик күнөөлөрдөн куткарып алды. Күнөөлөрдөн толук кечирилүү алган адамдар Бетлеемде төрөлгөн
Иорданда чөмүлдүрүлгөн, айкаш жыгачта курман болгон жана үчүнчү күнү кайра тирилген Ыйсага ишеними аркылуу Асман Падышачылыгына ар дайым кире алышат. Биз Теңирди даңктайбыз жана Анын атын түбөлүкө мактайбыз. Жакандын аяккы бөлүмүндө Ыйса өлгөндөрдүн арасынан тирилгенден кийин Галилеяга келет. Ал Петирге барып мындай дейт: 
«Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга Караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» Анда Петир Ага жооп берди: “Ооба Эгем, Сени сүйөөрүмдү Өзүң билесиң». Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар» деди. 
Петир Ыйсанын чөмүлүүсүнүн жана Анын канынын жакшы кабарын, күнөөлөрдөн кечирилүү алуунун маанисин түшүндү. Азыр, кандын жана суунун жакшы кабарына ишенүү ага күнөөлөрдөн кечирилүү алып келди жана Ыйса анын бутун эмне үчүн жуугандыгын түшүнгөндө анын Ыйсага болгон ишеними күчтүү болду. 
Жакан 21:15 ти дагы бир жолу окуп көрөлү: «Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Шымон Петирден: Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга Караганда көбүрөөк сүйөсүңбү? Анда Петир Ага жооп берди: «Ооба Теңир, Сени сүйөөрүмдү Өзүң билесиң.» Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар»—деди. Ал Өзүнүн козуларын Петирге ишенгендигинин себеби Петир толук куткарылган Анын шакирти болгон жана Петир Кудайга адилеттүү жана жеткилең кызматчы болуп калган. 
Эгерде Петир күнүгө күнүмдүк күнөөлөргө батса, анда Ыйса ага күнөөлөрдөн кечирилүү жөнүндөгү жакшы кабарды айтмак эмес, себеби ал жана башка шакирттер каалабаса да күнүгө денелик күнөөлөрдү кетиришмек. Ошондуктан Ыйсанын чөмүлүүсү жана Анын айкаш жыгачтагы канына болгон ишеним аркылуу алардын бардык күнөөлөрүн жоготкон жакшы кабарды, күнөөлөрдөн кечирим алуу жөнүндөгү жакшы кабарды таратууну айтты.
 

Теңир, Мен Сени Сүйөөрүмдү Билесиң
 
Сен кайрадан күнөө кетирсең кайрадан күнөөкөр болуп саналасыңбы?
Жок. Ыйса Иорданда менин келечектеги күнөөлөрүмдү алып кеткен.

Ыйсанын Петирге айткан сөздөрү жөнүндө ойлонуп көрөлү: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү? Анда Петир Ага жооп берди: «Ооба Теңир, Сени сүйөөрүмдү Өзүң билесиң.» Анын сүйөөрү жөнүндөгү айтканы күнөөлөрдөн куткарылуу жөнүндөгү жакшы кабарга болгон ишениминен өсүп чыккан чындык болгон. 
Эгерде Ыйса Петирге жана башка шакирттерине алардын буттарын жуу аркылуу күнөөлөрдөн кечирилүү жөнүндөгү жакшы кабарды үйрөтпөсө, анда алар ошол жол менен сүйүүсүн билгизгенге күчтөрү жетмек эмес. 
Ыйса аларга келип: «Сен Мени башкалардан көбүрөөк сүйөсүңбү?» деп сураганда Петир: «Теңир мен ушундай адилетсиз адаммын. Мен Сени булардан көбүрөөк сүйгүдөй мен күнөөкөрмүн. Суранам, мени жайыма койчу» деп жооп бермек. 
Андан кийин Петир өзүн Ыйсадан жашырып качып кетмек. Бирок Петирдин берген жооптору жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ага күнөөлөрдөн кечирилүү жөнүдөгү жакшы кабар батасы берилген, бүткүл адамзатты куткарган Ыйсанын чөмүлүүсү жана канынын батасы берилген. 
Ошондуктан Петир «Ооба Теңир, Сени сүйөөрүмдү Өзүң билесиң» деп айтканга күчү жетти. Бул анын Ыйсанын кечирүү жакшы кабарына болгон ишениминен чыккан сүйүүнүн далилдөөсү болгон. Петир Ыйса дүйнөнүн баардык күнөөсүн алып кеткен күнөөлөрдөн кечирилүүнүн чынынгы жакшы кабарына ишенген. Бул нерсеге адамдар келечекте да өздөрүнүн денелик алсыздыгынан жана муктаждыктарынан кетирчү күнөөлөрү да камтылган.
Петирдин үй—бүлөсү Жакшы Кабардагы күнөөлөрдүн куткарылуусуна ишенишкен, анткени ал Ыйса Кудайдын козусу экенине ишенген, ал Теңир алдында шексиз жооп берүүгө даяр болгон. Ыйсанын күнөөлөрдөн болгон куткарылуу жакшы кабарына ишенгендиктен Петир өзүнүн күнүмдүк күнүмдүк күнөөлөрүнөн да куткарылган. Петир Ыйса бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кеткендигине ишенген. 
Сен дагы Петирге окшошсуңбу? Өзүнүн каны жана чөмүлүүсү аркылуу биздин күнөөлөрүбүздү алып кеткен Ыйсага ишенип жана Аны сүйөсүңбү? Сен кантип гана Ага ишенбей жана сүйбөй кое аласың? Мындан башка жол жок. 
Эгерде Ыйса биздин азыркы жана өткөн жашообуздагы гана алып келечектеги күнөөлөрүбүздү калтырып койгон болсо, биз Аны азып даңктагандай даңктай алмак эмеспиз. Дагы эгерде ошондой болсо биз түз эле тозокко кетмекпиз. Ошондуктан биз, бизди күнөөлөрдөн бизди куткарган Ыйсанын жакшы кабары гана аркылуу куткарылганыбызды мойнубузга алуубуз керек. 
Ал эми биздин денебиз болсо ар дайым күнөө кылууну гана каалайт, ошондуктан биз дайыма күнөө кетиребиз. Ошондуктан биз Ыйса биз үчүн аткарган суу жана кан аркылуу болгон жакшы кабарга ишенүү аркылуу гана куткарылаарыбызды моюнубузга алуубуз керек. 
Эгерде Ыйсанын суу жана кан аркылуу болгон куткарылуусуна ишенбесе бир да ишенүүчү өмүрүндө кетирген күнөөлөрүнөн куткарыла алмак эмес. Эгерде биз өзүбүздүн күнүмдүк күнөөлөрүбүздөн, күнүмдүк күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурап туруу аркылуу куткарылсак, анда биз баарыбыз өз күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурабай жалкоолук көрсөтүү аркылуу куткарылбай калмакпыз. 
Эгерде биз күнүмдүк күнөөлөрүбүздөн кечирим суроо аркылуу куткарыла турган болсок, биз Ыйсаны азыркыдай деңгээлде сүйө алмак эмеспиз жана Ага жакындай алмак эмеспиз. Анда биз Анын куткарылуусуна ишенип өмүрүбүздүн аягына чейин Аны ээрчий алмак эмеспиз. 
Ыйса бизге күнөөлөрдөн куткарылуу жакшы кабарын жиберип жана ишенгендердин баардыгын куткарды. Ал жеткилең Куткаруучу болду жана биз Аны чындап сүйүш үчүн күнүмдүк бузукучулуктарыбызды жууп кетти. 
Биз ишенгендер каалабайбыз, бирок Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны жөнүндөгү жакшы кабарды күнөөлөрдөн кечирим алуу жакшы кабарын сүйөбүз. Бардык ишенгендер Ыйсаны түбөлүкө сүйө алышат жана Ыйса берген күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабары аркылуу куткарылуу сүйүүсүнүн туткуну болуп калабыз. 
Кымбаттуу менин сүйүктүүлөрүм! Эгерде Ыйса Өзүнүн артынан кичинекей эле күнөө кетирсе силер Ыйсага ишенүү аркылуу түбөлүк өмүр алмак эмессиңер, ошонун менен күнөөлөрдөн кечирилүү жөнүндөгү жакшы кабардын күбөлөндүрүүчүсү да болмок эмессиңер. 
Силер Кудайдын кызматчысы катары иштей алмак эмессиңер. Бирок эгерде силер күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарына ишенсеңер, бардык күнөөлөрүңөрдөн куткарыла аласыңар. Ыйсанын Сөзүндө жазылган кечирим
жакшы кабарын түшүнсөңөр Ал силерге баардык күнөөлөрүңөрдөн куткарылууга жол берет. 
 

«Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?»
 
Ыйсаны бардыгынан көбүрөөк сүйүүгө бизге эмне түрткү болду?
Бизди келечектеги күнөөлөрүбүздөн бери жууп кеткен Анын чөмүлүүсү аркылуу келген Анын сүйүүсү.
 
Кудай Өзүнүн козуларын күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарына ишенген кызматчыларына ишенип берди. Ыйса үч жолу сурады: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» жана Петир кайра жооп берди: «Ооба Теңир, Сени сүйөөрүмдү Өзүң билесиң» Ал эми азыр Петирдин берген жооптору жөнүндө ойлонуп көрөлү. Бул анын каалоосунан чыккан сөздөр болгон эмес, бирок күнөөлөрдөн кечирим алган жакшы кабарга ишенимден чыкты. 
Качан биз бирөөнү сүйгөндө, жана бул сүйүү биздин каалоолорубузга негизделген болсо, анда ал биз алсыз болуп турганда аксап калышы мүмкүн. Бирок эгер сүйүү Кудайдын сүйүүсүнүн күчүнө негизделсе, ал көпкө чейин созулат. Кудайдын сүйүүсү аркылуу болгон биздин күнөөлөрүбүздүн Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу кечирилиши ушундай. 
Биздин жакшы кабарга болгон ишенимибиз биздин сүйүүбүздүн негизи болсо гана Теңир кабыл алат. Эгерде биз Аны өзүбүздүн эркибиз менен гана сүйсөк, эртең биз аксап калышыбыз мүмкүн жана аягы бири бирибизди бузукучулактырыбыз үчүн жек көрүп бүтмөкпүз. Ошондуктан Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү жууп кетти: өзгөчө күнөөлөр, өтүп кеткен күнүмдүк күнөөлөрүбүз, бүгүнкү жана эртеңки күнөөлөрүбүз жана биздин өмүрүбүз бою бизди коштоп турган күнөөлөрдүн баардыгы. Ал куткарылуусунан тышкары эч кимди калтырган жок. 
Бул нерселердин бардыгы чындык. Эгерде биздин сүйүүбүз жана ишенимибиз биздин эркибиз аркылуу ишке аша турган болсо анда биздин ишенимибиз эчак кыйроого учурамак. Бирок биздин сүйүүбүз жана ишенмибиз Ыйса бизге берген жакшы кабар аркылуу гана боло турган болгондуктан, биз Кудайдын балдарыбыз жана такыбаабыз. Биз суу жана Рух аркылуу келе турган куткарылууга ишенгендиктен биздин күнөөбүз жок. 
Биздин куткарылуубуз биздин биз Кудайды издегендиктен же биз Кудайды жана Анын осуяттарын сүйгөндүктөн келген жок. Бирок биз канчалык чоң күнөөкөр болсок да Анда ыйык жана такыбаа болуп калдык. Биз Асман Падышачылыгына кирип жана Кудайды түбөлүк даңктайбыз. Сен Буга ишенесиңби? 
1 Жакан 4:10 «Сүйүү деген мындай, Биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди.» Ыйса бизди суу жана Рух аркылуу, биз Ыйсанын чөмүлүүсү жана Рух аркылуу куткарылууга ишенүүбүз үчүн куткарды. 
Эгерде Ыйса бизди Өзүнүн өлүмү аркылуу куткарбаса, биз куткарыла алмак эмеспиз. Бирок Ыйса биздин жүрөктөрүбүздө жана денебиз менен кетирчү күнөөлөрдүн баардыгын жууп кеткен. 
Биз адилетүү болуубуз үчүн, биз өзүбүздүн Ыйсанын чөмүлүүсү жана Рух аркылуу куткарылуубузга бекем ишенүүбүз керек. Кечирим жакшы кабары чыныгы ишенимдин, куткарылуунун чыныгы негизинин мааниси жана Кудайдын Падышачылыгына кирүүчү ачкыч.
 
 
Биз Өз Ишенимдерибизден Баш Тартуубуз Зарыл.
 
Ишеним кайдан келет?
Бул биздин келечектеги күнөөлөрүбүздү жууп кеткен Теңирди сүйүүдөн келет.

Ишеним же сүйүү адамдын өз эркинен чыгат, эгер булар адамдын өз эркинен чыкпаса анда бул чыныгы сүйүү же ишеним эмес. Бул дүйнөдө көптөгөн адамдар биринчи өз эрки менен Ыйсага ишенип жана өз жүрөгүндөгү күнөөлөрүнөн кыйналгандыктан ишенимин таштап кетип калышкан. 
Бирок биз Ыйса дүйнөнүн бардык күнөөсүн жууп кеткендигин билишибиз керек; ал өзгөчө кемчиликтерди гана эмес, көңүл бурбастыктан кетирген зор күнөөлөрдү да ал жууган. 
Жакан 13 бөлүмдө Ыйса Айкаш жыгачта өлөөр алдында Өз шакирттерине, Анын куткарылуусу кандай гана таасирдүү экендигин окутуу максатында чогултту. Алар менен чоогу тамак ичип жаткан убакта, Ал ордунан туруп, ашып-ташыгы менен болгон куткарылуусунун чындыгын алардын жүрөктөрүндө жазып салуу үчүн алардын буттарын жууду. 
Бирок башында Петир Ыйсага бутун жуудурууга каршы болду. «Сен эч качан менин бутумду жуубайсың!» Бирок бул Петирдин өз эркинен чыккан жана өзүнүн жеке ишеними эеле. Бирок Ыйса ага айтты, «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, бирок муну кийин түшүнөсүң.» 
Ал эми азыр болсо биз суу жана Рух аркылуу келген жакшы кабар аркылуу биз акылыбыз жетпеген Ыйык Жазууну түшүнө алабыз. Бул чындыктын сөзү; суу жана Рух жакшы кабары, күнөөлөрдөн болгон кечирим, бүткүл жүрөгү менен ишенген күнөөкөрдү адилеттүү кыла алат. 
Петир Ыйсага жолукканга чейин эле, башка шакирттер менен балык кармап жүргөн сыяктуу, балык кармаганы жөнөштү. Ошондо Ыйса аларга пайда болуп, аларды чакырды. Ыйса алар үчүн тамак жасап, тамак жеп жаткан убакта Петир Ыйсанын «Мен азыр кылып жатканымды түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң” деген сөзүн түшүндү. Ыйса шакирттеринин бутун жууп жатканда, Ал аны менен эмнени түшүндүргүсү келгенин ал түшүндү. 
«Теңир менин баардык күнөөлөрүмдү жууп кетти. Мен алсыздыктан кетирген бардык күнөөлөрүмдү, ал тургай Ал менин келечектеги күнөөлөрүмдү да алды.» Петирдин өзүнүн эрки жана элестетүүсүнөн келген ишеними жок болду жана Ыйсанын чөмүлүүсү, канына жана күнөөлөрдөн кечирим берүүчү жакшы кабарга бекемделип калды. 
Тамак ичип бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Петирден сурады. «Башкаларга караганда Мени артыгыраак сүйөсүңбү?» Ишенимде бекемделип Ыйсага болгон сүйүүсү жана түшкөн Петир, «Ооба Теңир, Сени сүйөөрүмдү Өзүң билесиң» деди. Ыйса «Мен азыр кылып жатканымды түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң” деген сөз менен эмнени айтып жатканын түшүнгөн Петир ошондой деп жооп берди. 
 
 
Ошондон кийин Ал Кудайдын Чыныгы Кызматчысы Болуп Калды.
 
Ошондон кийин Петир жана башка шакирттер өмүрүнүн акырына чейин жакшы кабарды жарыялап жашашты. Ал эмес машаякчыларды ырайымсыздык менен куугунтуктаган Пабыл да, Рим Империясынын алдында Ыйсаны күбөлөндүрдү. 
 
Канткенде сен түбөлүккө Кудайдын кызматчысы боло аласың?
Баардык күнөөлөрүбүздөн түбөлүк куткарылганыбызга ишенүү аркылуу.
 
Ыйсанын он эки шакиртинин ичинен Жүйүт, Ыйсаны сатып кеткен жана аягында асынып өлгөн. Жана анын ордун кийин элчи Пабыл ээлеген. Ал эми шакирттер болсо өздөрү Матайды тандап алышыты. Бирок Кудай Жүйүттүн ордуна Пабылды тандаган. Ошентип Пабыл Ыйсанын элчиси болуп башка шакирттер менен бирге күнөөлөрдөн кечирим алуу жакшы кабарын тараткан.
Ыйсанын шакирттеринин көбү азап тартып өлүшкөн. Алар өлүм коркунучу туулуп турганда да ишенимден баш тартышкан эмес, тескерисинче жакшы кабарды таратууну уланта берген. 
Алар Кудайдын сөзүн мындайча айтышса керек: «Ыйса Машаяк биздин баардык денелик күнөөлөрүбүздү өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу жууп кеткен. Ыйса өзүнүн чөмүлүүсү менен Сенин бардык күнөөлөрүңдү алып кеткен. Исанын чөмүлүүсү жана каны жөнүндөгү бул жакшы кабарга ишенип куткарылуу ал.» 
Чыныгы жакшы кабарды угуп жана ишенип калуу аркылуу көптөгөн адамдар куткарылып калышты. Бул Исанын чөмүлүүсү, Анын каны жана Руху аркылуу келген Жакшы кабардын күчү. 
Шакирттер Суу жана Рух жакшы кабарын айтышып, «Ыйса бул Кудай жана Куткаруучу» дешкен. Себеби алар бүгүнкү күндө сен жана мен угуп жаткан, жана биздин куткарылуубуз катары Ыйсанын канын жана суу, Рух жакшы кабарын айтышкан. Себеби Кудайдын чексиз сүйүүсү жана Ыйсанын толук куткарылуусу аркылуу, биз бардыгыбыз Ыйсанын шакирттери болуп калганбыз. 
Силер бардыгыңар буга ишенесиңерби? Ыйса бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, бизге суу жана Рух жакшы кабарын, күнөөлөрдөн куткарылууну берип бизди Исанын адилетүү шакирттери кылып койгон. Кечиримдин чыныгы жакшы кабарын окутуш учун Ыйса өзүнүн шакирттеринин буттарын жууган. 
Ыйса Шакирттердин буттарын жууганда, бүткүл дүйнөнүн күнөөсү, биздин өмүр бою кетирген күнөөбүз, Ыйса чөмүлгөндө жана айкаш жыгачка кадалганда жуулуп кеткендиги тууралуу шакирттерди үйрөтүүнү каалаган. Биз Ыйсага Анын күнөөлөрдөн куткара турган жакшы кабары үчүн рахмат айтабыз. 
Шакирттеринин бутун жуу аркылуу Ыйса бизге эки нерсе үйрөткөн. Биринчи Ал Өзү айткандай, «Менин эмне кылып жатканымды азыр түшүнбөйсүңөр, бирок кийин түшүнүп каласыңар,» мунун мааниси биздин күнөөлөрүбүз Ыйсанын каны жана чөмүлүүсү аркылуу күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарын түшүндүрөт. 
Экинчиси болсо күнөөкөрлөрдү куткаруу жана аларды ыйык кылуу үчүн Өзүн басынткандыгын түшүндүрөт, биз, жогорудан төрөлгөндөр, күнөөлөрдөн кечирилүү жолун башкаларга айтып берүү менен аларга кызмат кылышыбыз зарыл. Биз биринчи болуп калгандыктан кийин келгендерге кызмат кылсак туура болот. 
Пасах күнү Ыйсанын шакирттердин бутун жууган эки себептин мааниси ачык айкын жана бүгүнкү күндө да Анын жыйында бар. 
Шакирт эч качан устатынан жогору боло албайт. Ошондуктан биз Ыйсага кызмат кылып жаткан сыяктуу дүйнөгө жакшы кабар айтабыз. Биз биринчи куткарылып калгандар, бизден кийин келген адамдарга кызмат кылуубуз керек. Ушул нерсени окутуш учун Ыйса шакирттердин буттарын жууду. Дагы ага кошумча, Ал Петирдин бутун жууп берүү менен, биз шайтанга кайрадан алданып калбашыбыз үчүн, бизге Өзүн жеткилең Куткаруучу катары көрсөттү. 
Суу жана Рух аркылуу күнөөлөрдөн кечирилүү жакшы кабарына ишенүү аркылуу бардыгыңар куткарылууга ээ боло аласыңар. Ыйса чөмүлүү, айкаш жыгачка кадалуу жана тирилүү аркылуу бардык күнөөлөрүбүздү жууп кеткен. Анын жакшы кабарына ишенгендер гана дүйнөнүн күнөөлөрүнөн түбөлүк куткарыла алат. 
 
 
Биздин Бардык Күнүмдүк Күнөөлөрүбүздү Алып Кеткен Жакшы Кабарга Ишенгиле
 
Суу жана Рух жакшы кабарына ишенүү аркылуу шайтандын бардык жалгандарынан куткарыла алабыз. Адамдар шайтандын жалган сөздөрүнө абдан бат ишенишет, шайтан тынбастан жалганды алардын кулактарына шыбырап турат. Адамдардын денеси, токтоосуз күнөө кетирип жаткандыгын билип туруп, кантип адамдар күнөөбүз жок деп айта алышат? Бардык адамдар күнөөкөр. 
Ал эми биз бул суроонун жообун билебиз. «Ыйса чөмүлүүсү аркылуу, биздин дененин күнөөлөрүн алып кеткендигин билип туруп, ишенген адамда күнөө бар деп кантип айта алабыз? Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн толук бааны төлөгөн? Анда биз кайсы күнөөлөрүбүздөн куткарылуу үчүн сыйынып жатабыз?» 
Эгерде биз суу жана Рух жакшы кабарына ишенбесек шайтандын сөзүндө чындык бар. Эгерде, биз жакшы кабарга ишенсек, анда бизде Кудайдын Сөзүнүн чындыгына эч качан сокулдабаган ишеним бар. 
Биз суудан жана Рухтан төрөлүү жакшы кабарына ишенишибиз керек. Чыныгы ишеним бул Ыйсанын чөмүлүүсүнө, канына, айкаш жыгачка, Анын өлүмүнө жана тирилүүсүнө ишенүү. 
Силер Ыйык Чатырдын сүрөтүн көрдүңөр беле? Бул экиге бөлүнгөн кичинекей чатырча болуп да, ичинде Ыйыктардын Ыйыгы деген бөлмө жайгашкан. 
Ал жерде 60 түркүк жана 48 тактай жайгашкан. Кудайдын Сөзүнүн маанисин түшүнүү үчүн, ал Ыйык Чатырдын сүрөтүн элестетишибиз керек.
 

Ал Чатырдын Дарбазасы Эмнеден Жасалган?
 
Ал чатырдын дарбазасы эмнеден жазалган?
Ачык көк материалдан түйүлүп жазалган.

Короонун дарбазасы Чыгуу китеби 27:16 аятта сүрөттөрлүп жазылган. «ачык көк, ачык көк жана кочкул кызыл жана ак жүндөн ийрилип, чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жазалсын. Булардын бардыгы абдан уздук менен токулуп жана ар түрдүү түстөрдөн турган.» Осуят чатырынын короосунун дарбазасы үчүн колдонулган материал ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак жиптерден өрүлүп жазалган. Ал кылдаттык менен өрүлүп абдан түстүү болгон.
Кудай Мусага дарбазаны көк, сыя көк, кочкул кызыл өң менен жасоого буйрук бергендигинин себеби, кирүү жолун тапканга адамдарга оңой болсун деген. Дарбаза ачык көк, ачык көк жана кочкул кызыл жана ак өңдөрдөң жазалып төрт мамыга байланып илинип турган. 
Бул төрт материал Кудайдын Уулу Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына ишенгендерди куткаруучу, Кудайдын куткаруу ишин жана Анын Кудай экендигин түшүндүргөн. 
Чатырды курууда колдонулган материалдардын ар бири өзгөчө мааниге ээ болуп Кудайдын Сөзүн жана адамзатты Ыйса аркылуу куткаруу үчүн болгон Кудайдын планын түшүндүргөн. 
Эми, чатырдын короосунун дарбазасын курууда канча түрдүү материал колдонулган? Дарбаза ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак жиптерден өрүлүп жазалган. Бул төртөө куткарылууда биздин ишенимибизди бекемдөөгө абдан чоң жардам бере ала турган өңдөр. Эгерде бул маанилүү болбогондо булар Ыйык Жазууга жазылып калбайт эле. 
Дарбаза токулган бул төрт өң тең, биздин куткарылуубузга мааниси чоң. Ошондуктан Кудай Мусага дарбаза так ушундай болсун деп буйрук берген. 
 
 
Ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак өң эмнени түшүндүрөт?
 
Чатыр үчүн колдонулган материалдар эмнени түшүндүргөн?
Ыйсанын каны жана чөмүлүүсү аркылуу келүүчү куткарылууну.

Чатырдын ичиндеги Ыйыктардын Ыйыгын бөлүп турган көшөгө да ушул төрт түс колдонулуп жазалган. Ыйыктардын Ыйыгына жылына бир жолу кирип туруучу Башкы Ыйык кызматчынын да кийиминде ушул эле материал колдонулган. 
Көк бул Ыйсанын чөмүлүүсүн түшүндүрөт. 1 Петир 3:21, аятта Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машаяктын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат деп жазылган. Петир Ыйса Машаяк чөмүлүүсү аркылуу дүйнөнүн күнөөсүн алгандыгын бекемдеп жатат. Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрүбүз Ыйсага өтүп кетти. Ошондуктан көк түс, Ыйсанын чөмүлүүсү Куткарылуунун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири. 
Кочкул кызыл өң Ыйсанын канын түшүндүрөт. Ачык кызыл өң Анын Кудайлык табиятын, Падышалыгын жана Кудайлыгын түшүндүрөт. Ыйык Кызматчы кийген кийим «эфод» деп аталган. Эфодтун өңү көк болгон. 
Ыйык Кызматчы башына турбан кийип жүргөн. Ал турбанда табакка салынган таза алтын көк түстөгү боо менен байланып, ТЕҢИРГЕ ЫЙЫКТЫК дегенди түшүндүргөн.
 

Кудайдын жакшы кабарында ачык көк түс эмнени түшүндүрөт?
 
Ачык көк түс эмнени түшүндүрөт?
Ыйсанын чөмүлүүсүн.

Ачык көк түс өңдүн маанисин Ыйык Жазуудан карап көрдүм. Көк түс жөнүндө библияда эмне айтылган? 
Ачык көк түс бул «сууну,» же «Ыйсанын чөмүлүүсүн» түшүндүрөт. Ыйса Машаяк Жакан Чөмүлдүрүүчү аркылуу чөмүлүп бул дүйнөнүн күнөөсүн алып кеткен (Матай 3:15). 
Эгерде Ыйса Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу биздин бардык күнөөлөрдү алып кетпесе, биз Кудайдын алдында ыйыктала алмак эмеспиз. Ошондуктан Ыйса Машаяк бул дүйнөгө келип Жакан чөмүлдүрүүчү аркылуу Иордан дарыясынан чөмүлүүсү керек болгон.
Чатырдын дарбазасында ачык көк түс Ыйсанын чөмүлүүсү болбосо биз ыйыктала алмак эмеспиз дегенди түшүндүрөт. Кочкул кызыл түс, Анын канын түшүндүрөт. 
Ачык кызыл түс Ыйсанын Өзүн «Падышалардын падышасын, Кудайлардын Кудайын» түшүндүрөт. (1 Тиметей 6:15). 
Кочкул кызыл чындыкты Ыйсанын чөмүлүү аркылуу бардык адамзаттын күнөөлөрүн мойнуна алып айкаш жыгачта кан төгүп жазаланганын түшүндүрөт. Ыйса Машайак бул дүйнөгө денеде келип өз чөмүлүүсү аркылуу адамзаттын күнөөлөрүн өзүнө алып, өзүн айкаш жыгачта курмандыкка алып келип күнөөнүн кунун төлөгөн. Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны эски осуятагы ар кандай түстөр аркылуу дагы пайгамбарчылык кылынып айтылып келген. 
Осуят чатырындагы мамылар акация жыгачынан жазалып таканчыктары жез менен кооздолуп жана күмүш чынжырлар менен бириктирилген. 
Бардык күнөөкөрлөр өз күнөөлөрү үчүн өлүм жазасын алышкан. Себеби күнөө үчүн жаза өлүм. 
Эски Осуятта ар бир адам Кудайдан бата алып жаңы өмүргө ээ болуу үчүн, алар өз күнөөлөрү үчүн Кудайга курмандык алып келүүлөрү керек болгон. 
Ыйык чатырдагы көк түстүн мааниси Жаңы Осуяттагы Ыйсанын бизди күнөөдөн куткаруу үчүн чөмүлүүсү болчу. Ыйса биздин күнөөбүздү алып айкаш жыгачта кан төгүп, биздин күнөөлөр үчүн соттолгон. Күнөөдөн куткаруу жакшы кабарына ишенген ар бир адамды Ал куткарган. Ал падышалардын Падышасы, ыйык Кудай. 
Сүйүктүү машаякчылар, Ыйсанын чөмүлүүсү бул Ыйсанын биздин бардык күнөөлөрүбүздөн куткаруусу. Ыйса, Өзү Кудай болуп туруп адамдын денесинде жерге келген. (ачык кызыл өң); Ал бардык дүйнөнүн күнөөлөрүн алып кетүү үчүн чөмүлгөн (ачык көк түс); Ал биздин ордубузга соттолуу үчүн, айкаш жыгачка кадалган. (кочкул кызыл түс). Ыйсанын чөмүлүүсү эч шексиз, Ыйсанын бул дүйнөнүн куткаруучусу экендигин окутат. 
Бул нерселерди биз Ыйык Чатырдын дарбазасындагы түстөрдөн да көрө алабыз. 
Ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак жиптерден өрүлүп жазалган дарбаза Кудайдын куткарылуусунун чындыгы жөнүндө айтат. Ак түс Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздөн, бирин да калтырбай актагандыгын түшүндүрөт. Күнөөлөрдөн кечирим алуу үчүн бул абдан зарыл болгон. Ыйык чатырдын дарбазасын жасоо үчүн колдонулган материалдардан биз, Ыйса бизди куткараарда, кокусунан эле, планы жок куткарып албагандыгын көрө алабыз. Ал Кудайдын майда-чүйдөсүнө чейин түзүлгөн планына толук баш ийип, чөмүлүү алып, айкаш жыгачка кадалып, адамзатты толук куткаруу үчүн өлгөндөн тирилген. Ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак өңдөр аркылуу Кудай Ыйсанын куткаруусуна кимдер ишенсе ошолордун бардыгын куткарган. 
 
 
Эски Осуятта күмүш Жаңы осуяттагы чөмүлүүнү түшүндүрөт
 
Эмне үчүн Ыйык Кызматчы ыйык жайга кирээр алдында колдорун жана буттарын жууган?
Анткени ал Кудайдын алдында күнөөсүз туруусу керек болгон.

Таканчыктары да жез менен жазалган. Күмүш Ыйса биз үчүн айкаш жыгачта азап тарткан сотту түшүндүрөт. Дагарага куюлган суу, биздин бардык күнөөлөрүбүз жуулуп кеткендигин түшүндүргөн жакшы кабар. 
Ал бизге, биздин күнүмдүк күнөөлөрүбүз жууп кетүү кандайча ишке ашканын көрсөтөт. Адамзаттын күнүмдүк күнөөлөрү Ыйсанын чөмүлүүсүнө ишеним аркылуу жуулуп кетип турат. 
Курмандык чалынуучу жай сотту түшүндүрөт. Ыйсанын сууга чөмүлүүсү, көк түстө болуп, күнөөлөрдөн куткаруу жакшы кабары, башкача айтканда, Ыйсанын Жакан чөмүлдүрүүчүдөн алган чөмүлүүсү. (Матай 3:15, 1 Жакан 5:5-10). Бул Ыйса бизди куткаргандыгы тууралуу Жакшы Кабарды күбөлөндүргөн сөз. 
1 Жакан 5, бөлүмдө жазылган, «Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигине ишенген адам гана дүйнөнү жеңе алат—биздин ишеним гана дүйнөнү жеңе алат. Жерде үчөө күбөлөндүрөт, рух, суу жана кан.» Бул үчөөнүн күбөлүгү бир. Ал дагы ким Кудай Уулуна ишенсе анын ичинде суу, кан жана рух күбөлөндүрөт дейт. 
Кудай биз ишеним аркылуу акталып ыйык келишим чатырына кирүүгө жол ачты. Ошондуктан биз азыр Кудайдын сөзү менен тамактанып, Кудайдан бата алып, адилеттүү болуп, ишенимде жашасак болот. Кудайдын эли болуу деген бул ишеним аркылуу куткарылып, ыйык чатырдын ичинде жашоо дегенди түшүндүрөт. Көптөгөн адамдар ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөрдүн маанисин ойлонбостон эле ишенсек болот деп ойлошот. Эгерде кимдир бирөө бул нерселерди түшүнбөй туруп эле Ыйсага ишенсе, анын ишеними чыныгы ишеним эмес, себеби анын күнөөсү дагы эле анын жүрөгүндө калат. 
Эгерде кимдир бирөөнө тааныбаган бирөө жөнүндө айтып бер деп суранса, жана ал адам, «Мен бул адамга ишенем, Албетте мен бул адамды тааныбасам да, бул адамга ишенем» деп айтса. Ушул сөз ал адамга жагат деп ойлойсуңбу? Мүмкүн силердин кээ бирөөңөргө мындай сөздөр жагышы мүмкүн. 
Бирок мындай сөздөр Кудайга жакпашы шексиз. Кудай бизди Өзүнүн Уулунун куткарылуусуна, көк түскө, чөмүлүүсүнө, ачык кызыл (Анын Кудайлыгы), жана кочкул кызыл (Ыйсанын канына) ишенүүбүздү каалайт. Ыйсага ишенээрден биринчи биз, Ал бизди суу аркылуу (Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу), каны (Анын өлүмү) аркылуу, Руху (Ыйсанын каны) аркылуу кантип куткаргандыгын билишибиз керек. Бул чындыктарды билбесек биздин ишеним эч качан толук болбойт. Чыныгы ишеним Ыйсанын куткаруусунун күбөлүгүн угуу аркылуу гана келет. Кандай ишеним Ыйсаны шылдыңдай турган ишеним? Келгиле ушуну карап көрөлү.
 

Ыйсаны шылдың кыла турган ишеним
 
Ишеним үчүн эмне зарыл?
Ыйсанын чөмүлүүсү жөнүндө так билим.

Эгерде сен «Ыйсага ишенүү абдан кыйын экен, бирок Ал Кудай жана Кудайдын Уулу болгондуктан гана Ага ишенем» деп айтсаң, сен Ыйсаны шылдыңдап жаткан болосуң. Эгерде сен чын эле жогорудан төрөлүүнү каалап жатсаң, сен Ыйсанын чөмүлүүсүнө жана канына жана күнөөлөрдөн куткарылууга ишенишиң керек. 
Ыйсанын күнөөлөрдөн куткарганын билбей туруп Ыйсага ишенүүдөн көрө, таптакыр ишенбей коюу жеңилирээк болмок. Ыйсанын каны аркылуу гана куткарылууну жарыялоо, бул чындыкты билбей туруп бекерден бекер эмгектенүү. 
Ыйса адамдардын чыныгы Жакшы Кабарды билбей туруп Ал жөнүндө Жакшы Кабар айтканыбызды каалабайт. Качан биз Ыйсага ишенгенде биз Ыйсанын бизди күнөөлөрдөн Өзүнүн чөмүлүүсү аркылуу жана каны аркылуу куткаргандыгын моюнубузга алуубуз зарыл. 
Качан биз Ыйсага ишенгенде күнөөлөрдөн кечирим берүүчү жакшы кабар бул Ыйсанын чөмүлүүсү жана каны экендигин мойнубузга алышыбыз керек. Качан биз Ыйсага ишенгенде, күнөөлөрдөн кечирим берүүчү жакшы кабарды Анын Сөзү аркылуу түшүнүп, Ал биздин күнөөлөрдү кандайча жууп кеткендигин так билишибиз зарыл. 
Дагы биз ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөр эмне жөнүндө экендигин да билишибиз керек. Ошондо биз түбөлүккө созула турган чыныгы ишенимге ээ болобуз. 
 
 
Ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөрдү түшүнбөстөн Ыйсага ишенсек эч качан жогорудан төрөлө албайбыз
 
Ыйык кызматчылар ыйык жайга кирээр алдында эмне кылышчу эле?
Алар жез дагарадагы суу менен колдорун жана буттарын жуушкан.

Биздин Ыйса Теңир бизди куткарды. Куткарылуу өзүбүздүн колубуздан келбесе да, бизди куткаргандыгы үчүн Теңирди даңктайбыз. Ыйык чатырды карагыла. Ыйык чатырдагы ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөр аркылуу, күнөөлөрдөн куткарылуу сөзүн берип, бизди чатырдын ичине киргизип куткарып калган. Биз Теңирге рахмат айтып, даңктайбыз. 
Күнөөкөрлөр ыйык жайга, коркунучтуу соттон өтмөйүнчө кире алышчу эмес. Күнөөсү үчүн соттолбой туруп, ыйык жайга ким кире алат? Мындай болуусу мүмкүн эмес. Мындай адам тыюу салынган жерге кирсе ошол эле жерден өлтүрүлгөн. Күнөөкөр ыйык жайга кирген күнү да тирүү калган эмес. Биздин Теңир, ыйык жайдын дарбазасында катылган сыр аркылуу бизди куткарып калды. 
Ал бизди ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөр менен куткарып калды. Булар аркылуу Ал Өзүнүн куткарылуусунун сырларын ачып берди. 
Мен жана сен ушул жол аркылуу куткарылдык беле? Эгерде биз ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөргө же күнөөлөрдөн куткарылууга ишенбесек анда куткарыла албайбыз. Көк түс бул Кудайды түшүндүрбөйт; бул Ыйсанын чөмүлүүсүн гана түшүндүрөт. Бул биздин күнөөлөрүбүздү алып кеткен Ыйсанын чөмүлүүсү. 
Көк түскө ишенбей туруп, бирөө курмандык чалынуучу жайга чейин кириши мүмкүн. Бирок ал, Кудайдын катышуусу болгон ыйык жайга чейин эч качан кире албайт. 
Ошондуктан дарбазага кирээр алдында, көк түскө (Ыйсанын чөмүлүүсүнө), кочкул түскө (Ыйсанын канына), ачык кызыл түс (Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигине) ишенишибиз керек. Качан Кудай бизди кабыл алгандыгын түшүнгөндө гана Ыйыктардын Ыйыгынын көшөгөсүнөн өтө алабыз. 
Кээ бир адамдар сырткы короого кирип алышып эле, чатырдын ичиндемин деп ойлошот. Бирок бул куткарылуу эмес. Анда куткарылуу үчүн кай жакка чейин жетишибиз керек? Биз Ыйыктардын Ыйыгына киришибиз керек. 
Ал кириш үчүн биз жез дагарадан өтүшүбүз зарыл. Жез дагара бул Ыйсанын чөмүлүүсүн түшүндүрөт жана ошондуктан ыйык жайга кирүү үчүн биз да тазаланып, күнүмдүк күнөөлөрүбүздөн тазаланышыбыз керек. 
Эски Осуятта ыйык кызматчылар ыйык жайга кирээрде жуунуп тазаланышчу, ал эми Жаңы Осуятта Ыйса шакирттеринин буттарын жуу аркылуу алардын күнөөлөрдөн тазалангандыгын түшүндүргөн. 
Кудайдын мыйзамы мындай дейт, «күнөөнүн жазасы өлүм, бирок Кудайдын белеги Ыйса Машаяктагы түбөлүк өмүр» (Римдиктер 6:23). Кудай күнөөнү жазасыз калтырбайт. Бирок биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн Уулуна жүктөп Өз Уулун жазалады. Бул Кудайдын сүйүүсү, Анын куткаруусу. Чыныгы куткарылуу качан гана биз Ыйсанын чөмүлүүсү, каны, өлүмү жана тирилүүсү аркылуу келе турган күнөөлөрдөн куткарылууга ишенгенде гана ишке ашат.
 

Жогорудан Төрөлүү үчүн Ыйык Жазуудагы Күнөөлөрдөн кутулуу Чындыктарды четке какпоосу керек
 
Биз эмне кылуубуз керек?
Жакшы Кабарга жана Кудайдын Сөзүнө ишенүүбүз керек.
 
Мен башка адамдардан эч качан жүзүмдү бурбайм. Качан башка адамдар мага мен түшүнбөгөн нерселерди айтып жатканда мен сылык гана түшүндүрүп берүүсүн сурайм. Бирок качан мен ыйык чатыр жөнүндө сураганымда менин суроомо эч ким жооп бере алган жок. 
Ошондо мен эмне кылдым? Ыйык Жазууну ачтым. Ыйык Жазуунун каягында осуят чатыры жөнүндө жазылган? Чыгуу китебинде абдан жакшы сүрөттөлүп жазылган. Эгерде бул китепти көңүл коюп окуп чыкса, ар бир адам Кудайдын жазылган сөзүнүн маанисин түшүнөт. 
Кымбаттуу достор, Ыйсанын кылганын түшүнбөстөн эле ишенип кою менен эле куткарыла албайсыңар. Жыйынды калтырбай баруу аркылуу дагы куткарылууга ээ боло албайсыңар. Ыйсанын Никодимге эмне деп айтканын билебиз. «Чынын чынын сага айтайын, кимде ким суудан жана рухтан төрөлбөсө, Кудайдын падышалыгына кире албайт. Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп, ушуну билбейсиңби?» (Жакан 3:5, 10) 
Бардык Ыйсага ишенген адам көк түскө (дүйнөнүн бардык күнөөлөрү Ыйса сууга чөмүлгөндө Ага өткөн), кочкул кызыл түскө (бардыгыбыздын күнөөлөрүбүз үчүн Ыйсанын өлүмү), жана ачык кызыл (Ыйса Куткаруучу, Кудай, жана Кудай уулу) экендигине да ишенүүсү зарыл. 
Биз Ыйсанын дүйнөдөгү бардык күнөөкөрлөрдүн Куткаруучусу экендигине ишенүүбүз керек. Буга ишенбей туруп эч ким эч качан жогорудан төрөлө албайт жана Кудайдын Падышалыгы болгон Ыйык Жайга кире албайт. Ансыз бул дүйнөдө да эч ким ишенимдүү жашай албайт. 
Ыйсага жөн гана ишенип коюу аркылуу куткарылуу оңойроок болот беле? —Ооба— «♫Сен куткарылдың. Мен куткарылдым. Биз бардыгыбыз куткарылдык♫». Кандай керемет! Бирок «жогорудан төрөлбөй» туруп Ыйсага ишенген адамдар абдан көп. 
Биз Ыйык Китептеги чындыкты билип, ошол эле убакта Ыйсага ишенишибиз керек. Дагы биз ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстүн мааниси жана Ыйык Китептеги күнөөлөрдөн куткарылууга ишенип, ишеним аркылуу Кудай менен бир болушубуз керек. Ишенимдин чатырынын ичинде, Ыйса кайра келип бизди Өз падышалыгына алып кеткенге чейин биз бактылуу жашайбыз. Биздин Ыйсага туура ишенүүбүз өтө зарыл. 
 

Чыныгы Жакшы Кабар Көк Түс Аркылуу Акталууну Үйрөтөт
 
Айкаш жыгачтан сырткары биздин куткарылуубуз үчүн маанилүү болгон эмне?
Ыйсанын чөмүлүүсү.

Адамдар такыр ката кетирбей жашай алабыз деп ойлошот. Канчалык жакшы жашоого аракет кылган сайын, алар өзүлөрүнүн алсыздыктарын сезе башташат. Адам баласы ушунчалык алсыз болгондуктан алар күнөө кетирбей жашай алышпайт. Ыйса бизди ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөр аркылуу куткаргандыгына байланыштуу, биз ошол жол менен гана ыйыкталып Кудайдын ыйык жайына кире алабыз.
Эгерде Кудай ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөр аркылуу куткарбаганда, биз өзүбүз эч качан ыйык жайга кире албайт элек. Ал эми мунун себеби эмнеде? Эгерде ал жакка денеде ыйык жашаган адамдар гана кире алса. Анда ал жакка кирүүгө эч ким татыктуу боло алмак эмес. Эгерде кимдир бирөө чыныгы жакшы кабарды билбей туруп Ыйсага ишенсе, ал өзүнүн жүрөгүнө көбүрөөк күнөө кошкондон башка пайда таппайт. 
Ыйса бизди өзүнүн так түзүлгөн планы аркылуу куткарып калды; бул куткарылуу ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түс аркылуу болду. Ал биздин бардык күнөөлөрдү жууп кетти. Сен буга ишенесиңби? —Ооба— Сенин жүрөгүңдө күнөөлөрдөн куткарылуу жана анын күбөлүгү барбы? —Ооба— 
Качан сенде бул күбөлүк болгондо гана чекеңе «ТЕҢИРГЕ ЫЙЫКТЫК» деген алтын табакты кое аласың жана падышалык ыйык кызматчыларга кошула аласың (1 Петир 2:9). Ошондо гана адамдардын алдына туруп, Кудайдын кызматчысымын жана падышанын ыйык кызматчысымын деп айта аласың. 
Ыйык Кызматчынын башына кийген турбанына, алтын табак көк боо менен бекитилген. Эмне үчүн көк? Себеби Ыйса бизди Өзүнүн Жакшы Кабары менен куткарып, биздин бардык күнөөлөрүбүздү алып, өз чөмүлүүсү менен бизди күнөөсүз кылып тазалап койгон. 
Жаңы Осуяттагы чөмүлүү бул эски осуяттагы кол коюга окшош. Канчалык ишенимдүүлүк менен аракет кылсак да, «ТЕҢИРГЕ ЫЙЫКТЫК» деген табакка татыктуу боло албайбыз. 
Анда кандайча биз акталдык? Матай 3:15, жазылган «Биз бул адилдикти аткарышыбыз керек.» Ыйса чөмүлүүсү аркылуу бизди дүйнөдөгү бардык күнөөлөрүбүздөн куткарды. Өз чөмүлүүсү аркылуу Ал биздин бардык күнөөлөрүбүздү алды, ошол аркылуу биз ишенгендер адилетүү болуп калдык. 
Эгерде Ыйсанын чөмүлүүсү болбосо биз кантип күнөөбүз жок айта алмакпыз? Биз Ыйсага ишенип Анын өлүмүн ойлоп ыйласак да, бул дүйнөдөгү көз жаштардын бардыгы чогулуп биздин күнөөбүздү жууй алмак эмес. Жок. Канчалык ыйлап тобо кылсак да күнөөбүз баары бир тазаланмак эмес. 
«ТЕҢИРГЕ ЫЙЫКТЫК». Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү өзүнүн чөмүлүүсү жана каны аркылуу алып кеткендигине байланыштуу, Кудай биздин бардык күнөөлөрүбүздү Ага жүктөдү жана куткарылуу сөзү Ыйык Жазууга жазылып калгандыктан, ишеним аркылуу биз акталдык да бардык алсыздыктарыбыздан жана ооруларыбыздан куткарылдык. 
Ошондуктан азыр Кудайдын алдына бара алабыз. Биз эми ыйык жашай алабыз жана дүйнөгө жакшы кабар тарата алабыз. «Мен куткарылдым. Сен куткарылдың. Биз куткарылдык.» Биз Кудайдын ырайымы менен түзгөн планы аркылуу куткарылганбыз. 
Күнөөлөрдөн кутулуу жакшы кабары сенин жүрөгүңдө жашамайынча, сен куткарылууга ээ эмессиң. Бул Кореяда абдан белгилүү бир ырга окшош. «Ой, менин жүрөгүм себепсиз катуулап согот аны көргөндө, анын жанына келгенде, Мен канаатанбаган сүйүүгө толом.» Менин жүрөгүм согот, бирок кыздын жүрөгү соккон жок. Менин сүйүүмө ал жооп берген жок. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да ошол ырдагыдай канааттанбаган сүйүү менен жашашат. 
Адамдар куткарылуу ар кимге ар түрдүү жол менен келет деп ойлошот. Алар сурашат, «Эмне үчүн биз чөмүлүү жакшы кабары аркылуу эле куткарылышыбыз керек?» Бирок Ыйсанын чөмүлүүсү болбосо башка чөмүлүү жакшы кабары да толук эмес. Кудайдын алдында бизди адилет кылып күнөөбүздөн тазалай турган жалгыз жол ушул. 
 

Ыйса Бизге Берген Куткарылуунун Көк Түсү эмне?
 
Бизди эмне адилетүү кылды?
Ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстөр.

Ачык көк, кочкул кызыл, ачык кызыл жана ак түстүн жакшы кабары Кудайдын адамдар үчүн берген белеги. Бул белек аркылуу биз ыйык чатырга кирип тынчтыкта жашаганга жол ачты. Бул аркылуу биз адилеттикке ээ болдук жана жыйынга келип жыйын аркылуу Ыйык Жазууну үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк алдык. 
Качан биз Кудайга сыйынууга келгенде, жакшы кабар аркылуу Анын сүйүүсүнө ээ болобуз. Ошол себептен куткарылуу биз үчүн баалуу. Ыйса бизге ишенимиңерди таш үстүнө кургула деген. Таш деген бул Анын чөмүлүү жакшы кабары. Биз бардыгыбыз куткарылып. 
Асманга барып, түбөлүк өмүргө ээ болуп Кудайдын балдары болушубуз керек. Кымбаттуу достор, күнөөлөрдөн куткарылуу жакшы кабары аркылуу биз ыйык чатырга ишеним менен кире алабыз. Биздин күнөөлөрүбүз жуулуп кеткендигине байланыштуу (Ыйсанын чөмүлүүсү аркылуу) жана.
Анын айкашкан жыгачта биз үчүн жазалангандыгы аркылуу биз Анын чөмүлүүсүнө ишенип куткарылып калдык. Биздин күнөөбүз үчүн Ыйса айкаш жыгачта өлүү аркылуу жана анын төккөн каны аркылуу төлөнгөн. Сен буга ишенесиңби? Чыныгы Жакшы Кабар бул биздин күнөөбүздөн куткарган жогорудан келген Жакшы Кабар. 
Бул Жакшы Кабарга ишенип калуу аркылуу биз жогорудан төрөлдүк. Ыйса биз үчүн күнөөлөрү аркылуу биздин күнүмдүк жана келечектеги күнөөлөрүбүздөн да куткарылдык. Кудайга даңк. Аллелуя! 
Суу жана Рух жакшы кабары (суу жана кан жакшы кабары) бул Ыйса аркылуу аткарылган жана Ыйса жарыя кылган чыныгы жакшы кабар. Бул китеп Ыйсанын жакшы кабарынын, суу жана Рух жакшы кабарынын сырларын ачып берүү үчүн жазылды. 
Көптөгөн адамдар чындыкты толук билбей туруп Ыйсага ишенишет жана машайакчылык теологиясында фундаменталист, диний плюралист болгондугу (философиялык теология) менен мактанышат. Кыскасы алар адашып жалган окутууда жүрүшөт. Ошондуктан биз чыныгы жакшы кабарга кайрылышыбыз керек. Азыр да убакыт бар, кеч эмес. 
Суудан жана Рухтан төрөлүү жөнүндө суроосу бар адамдар үчүн кийинки китебимде кеңириреек жазып кетем.