Search

免費印刷書籍、
電子書和有聲讀物

耶穌基督和施洗約翰

Төрт жакшы кабарда жазылган ЫЙСА МАШАЙАК менен ЖАКАН ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮНҮН кызматынын байланышы
  • ISBN9788928209552
  • 頁碼392

吉爾吉斯語 21

Төрт жакшы кабарда жазылган ЫЙСА МАШАЙАК менен ЖАКАН ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮНҮН кызматынын байланышы

Rev. Paul C. Jong

Жаңы Келишим төрт жакшы кабар менен башталат, алар Матайдын, Марктын, Луканын жана Жакандын жакшы кабары. Төрт жакшы кабарда да толугу менен Жакан Чөмүлдүрүүчү жөнүндө жазылган. Себеби анын кызматы абдан маанилүү. Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн кызматын түшүнбөй туруп Ыйса Машайактын кызматын түшүнө албайбыз. 
Эгер биз өзүбүздөн сурасак: “Төрт жакшы кабарда Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн кызматы маанилүү болгонбу?” Жакан Чөмүлдүрүүчү жөнүндө айтуу менен, Ыйса мындай деген: “Эгерде кабыл алгыңар келсе, келиши керек болгон Илияс ошол.” (Maтай 11:14). Мындан Жакан Чөмүлдүрүүчү өзгөчө кызматты аткарыш үчүн бул дүйнөгө төрөлгөнүн билебиз. Ыйса дагы мындай деген: “Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар ээ болушат.” (Maтай 11:12). Бул чындык, себеби Жакан Чөмүлдүрүүчү Ыйсаны чөмүлдүргөндө дүйнөнүн күнөөлөрү Ага өткөрүлгөн. Ошону менен Ыйса дүйнөнүн күнөөлөрүн ала алган. Ушундай болгонго жол бергенден кийин, Теңир Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн жана Ыйсанын кызматына ишенгендерге Асман Падышачылыгына күнөөлөрдөн кечирим алуу менен киргенге мүмкүн кылган. Бул Ыйык Жазуудагы Матайдан жазылган жакшы кабардын 11-бөлүм 12-14- аяттарынын мааниси.
Сен суу жана Рухтун жакшы кабары Чындык экенине ишенесиңби? Эгер ишенсең, бул сенин Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн жана Ыйсанын кызматын толук билериңди билдирет. Бирок көптөгөн машайакчылар Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн кызматын түшүнбөйт жана суу жана Рухтун чындык жакшы кабарын билишпейт жана өз ишеним жашоолорун денелик умтулуулары менен жетектешүүдө. Бул билимсиздик болсо да мындай адамдар төрт жакшы кабарда жазылган Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн кызматын билгенге аракет да кылышпайт. Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн кызматы узак убакыт Ыйсага ишенген машайакчылар аркылуу кабыл алынган эмес. Ошол себептен бүгүнкү күндө Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн кызматына ишенген адамдар көп эмес экенин билип калдым. Ошондуктан адамдар бул темага кызыккандарга таң калып карашат. Себеби көптөгөн адамдар Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн жана Ыйсанын кызматына узак убакка көңүл бурушкан эмес.
電子書下載
PDF EPUB

與該標題相關的書籍